Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#2301 08 Январь 2015 - 01:39
Осьминогдун көп колу эле эмес, ага жараша үч жүрөгү бар.
Адам тамак жебегенге караганда уктабагандан тез өлөт.
Япония ресторандарында "чаевые" калтырууга болбойт.
Белгилүү видео-портал "Ютубдагы" бардык видеолорду көрүп чыгуу үчүн 1000 жыл убакыт керек болот.
#2302 08 Январь 2015 - 01:41
"Barefoot" компанисы чыгарган байпактарды бут кийим ордуна кийүүгө болот. Анын курамы - 8% спандекс, 10% пахта, 32% полиэстер жана 50% чыныгы кевлар. Мындан сырткары, таманы ламинаттын бир түрү менен жасалган. Бирок аны көп эле катуу жерлерге мисалы; айнек же учтуу таштардын үстүнөн басууга жарабайт.
Ошентсе да бул байпакка кызыккан болсоңуз, баасы - 78 долларды түзөт.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 08 Январь 2015 - 01:42
#2304 08 Январь 2015 - 08:05
#2305 08 Январь 2015 - 08:21
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
#2306 11 Январь 2015 - 17:29
Швейцарияда унаасына отун жаккан кадимки мешти коюп алган айдоочу атактуу болду. Цюрих шаарында жергиликтүү тургун өзүнүн унаасына буржуй меш орнотуп алган.
Мурдагы машинист Паскаль Прокоп кышкысын унаасынын салонун кантип жылытуунун жеңил жолун тапкан. Бир аз отун жагып койсо болду! Унаанын ичи ысып чыгат. Меш жагып алган унаасы менен жолдо түтүнүн бургуйлатып эркин жүрөт.
"Мен ар кандай майрамдарды жана ичкенди жакшы көрөм. Бирок бирөөнүн үйүнө конокко бара албайсың. Кышкысын унаага уктоого туура келип калса, кыйындык жаралат, анткени Швейцариянын мыйзамы боюнча кызуу болсоң, моторду өчүрүп ачкычты алып коюшуң керек. Ошентип бул мешти коюп алуу идеясы пайда болду," -дейт Паскаль.
Азыр аны бул жердеги жол полициялары жакшы таанышат. Мындай унаага уруксат алыш үчүн ал баарынын "нервине тийип" чыккан. Эми уруксат алгандан кийин меш жагып алган унаасы менен жолдо түтүнүн бургуйлатып эркин жүрөт. (видеосун жүктөй албай койдум).
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 11 Январь 2015 - 17:29
#2307 11 Январь 2015 - 17:31
Кытайда маңзат менен кармалган Жеки Чандын уулу 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 9-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Пекин шаардык прокуратурасы 32 жаштагы Жейси Чанга "баңгизатты мыйзамсыз сактап, уюк уюштурган" деп айып тагып, кылмыш ишин декабрь айында сотко жөнөткөн. Бир жарым саатка созулган соттук процессте ал 6 айга эркинен ажыратылып, дагы 320 доллар айып пул салынды.
Жейси Чан өткөн жылы сентябрь айында досу, тайвандык актёр Кэ Чженьдун менен колго түшүрүлгөн. Текшерүүдө экөөнүн тең баңги колдонгону аныкталган. Ал эми Жейси Чандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, 100 грамм марихуана табылган.
Кытайда баңгизаты менен күрөшкөн коомдук активист катары саналган актёр интернеттеги социалдык тармак аркылуу уулунун кармалганы боюнча элден кечирим сураган.

#2308 11 Январь 2015 - 17:32
7-январда АКШнын абройлуу деп саналган басылмаларынын бири Кыргызстанга байланыштуу макаласында биздин мамлекетти "Кырзбекистан" деп атап койгон. Бул катаны байкап калган башка америкалык басылмалар жана интернет-колдонуучулар басылманы мазактап башташкан.
Сынга алынган соң ката кетирген маалымат каражаты интернет-версиясында Кыргызстандын аталышын тууралап, тактоо киргизип, "Кырзбекистан деген мамлекет жок" деп кошумча маалымат тараткан.
Айта кетсек, аталган макала 2000-жылы Памир-Алай тоосунда согушчандардын туткунуна алынган альпинистке арналган.

#2309 11 Январь 2015 - 17:34
Анын себеби, тиешелүү мыйзам Евразиялык экономикалык бирикмеде 1-январдан баштап күчүнө кирди. Ал эми Кыргызстан уюмга быйыл май айында толук кандуу кошулуусу күтүлүүдө.
Эске салсак, ЕАЭСтин жаңы регламентине ылайык, ошондой эле, сезондук шиналарды өз маалында салбаган айдоочулар айыпка тартылат.

#2310 11 Январь 2015 - 17:35
Шумдугуң кургур.
Кымбат машына айбашка туура келет экен да эээ???
Билдирүүнү түзөткөн: Deesmond: 11 Январь 2015 - 17:37
#2311 11 Январь 2015 - 17:36
Электр энергиясын иштеп чыгууга кадимки буудай унунан жасалган кесмени пайдаланышууда.
Япониянын Такамацу шаарындагы жыл сайын 180 миң квт. саат электр энергиясын иштеп чыга турган электр станциясы электр энергиянын булагы катары кадимки буудай унунун камырынан жасалган кесмени пайдаланууда.
Алынган электр энергиясы 50 үй-бүлөнү камсыздоого жетет. Шаарда кесме чыгара турган Япониядагы эң үлкөн завод иштейт. Сапат көзөмөлүнөн жараксыз деп табылган кесмени электр станциясына беришет.
Мындан тышкары отун катары шаардагы жаңы тамактарды берген 800 мекемеден ашып калган кесме дагы колдонулат.
Буга чейин 150 миң тонна кесме жөндөн-жөн эле таштандыга чыгарыла турган. Эми аны этанолго айландырышып, андан метан жана башка газдарды алып, мындан кийин бул заттардан электр энергиясын иштетип чыгышууда. Булардын баарынан калган калдыктарды буудайды өстүрүүгө колдоно турган жер семирткич кылышат. Кыскасы ашык баш кесмеден эч нерсе артпай калганга чейин иштетишүүдө.

#2312 11 Январь 2015 - 17:39
Бул тууралуу “Вести” маалымдайт. 1-январдан баштап Бажы бирикмесиндеги өлкөлөрдө жаңы техникалык регламент күчүнө кирди. Ага ылайык, декабрдан мартка чейин кышкы шинасыз унаа башкарган айдоочулар, кыргызстандык валюта менен санаганда, 5 миң сом айыпка тартылат. Ушундай эле жаза, жайкы маалда кышкы дөңгөлөктөр менен жүргөндөрдү күтөт. Ошол эле кезде Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко белгилеп кеткендей, азырынча бул регламент Кыргызстанга тиешелүү эмес, анткени өлкө Бажы бирикмесине толук кандуу кире элек.

#2313 11 Январь 2015 - 17:41
Аларда намаз үчүн коңгуроо бар. Бул түзүм колдонуучуга беш маал шыңгырап, намазга убакыт келгенин эскертип турат. Телефон исламга мүнөздүү үч түстө чыгарылган: Жашыл, кызгылт жана кара. Корпус чыгыш стилинде оймо-чиймелер менен кооздолгон. Мындан тышкары, телефондо араб жана орус тилинде куран камтылган. Баасы - 2 миң рубль.

#2314 11 Январь 2015 - 17:42
Бириккен Улуттар Уюму дүйнөнү коркуткан Эбола тумоосу 2015-жылы жок болоорун билдиришүүдө.
Дүйнөнү коркуткан Эбола тумоосу 2015-жылы жок болот. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Эбола тумоосу менен күрөшүү миссиясынын башчысы Тони Бэнбери билдиргенин mixnews.ru булагы жазууда.
Маалыматка ылайык 2014-жылы февраль айында Батыш Африкада жайылган Эбола вирусун дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюму дүйнөлүк деңгээлдеги коркунуч деп жарыялап, илдетке кабылган адамдардын жана алар менен байланышкандардын жер которуусуна тыюу салуу сыяктуу бир катар чараларды киргизген. Эң соңку саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына караганда Эбола тумоосунун курмандыктарынын саны 7.373 кө жетип, ооруну жуктурап алгандардын саны 19 031 кишиден ашты. Батыш Африкадагы негизги оорулуулар Сьерра-Леоне, Либерия жана Гвинеяда катталган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Эбола тумоосу менен күрөшүү миссиясынын башчысы Тони Бэнбери кызматынын мөөнөтү бүтүп жатып, Гана мамлекеттинде басма сөз жыйынын өткөрүп, дүйнө коомчулугу тумоону токтотуу үчүн жетишсиз аракеттер кылгандыгын белгиледи. Эбола тумоосу 2014-жылы февраль айында Батыш Африкада чыккан. Батыш Африкадан тышкары эбола тумоосу Испания, АКШ, Сенегал жана Малиде катталды. Азырынча ооруга каршы дары табыла элек, вирусту жуктургандардын 90 пайызы өмүр менен кош айтышууда. Адистердин айтымында, илдет кан жана организмдеги башка суюктуктар аркылуу адамдан адамга жугат.

#2315 11 Январь 2015 - 17:44
Орусиянын президенти Путин чет өлкөнүн жарандарын Орусиянын армиясында кызмат өтөөсүнө уруксаат берди. Бул тууралуу жарлыкка ал жыл башында кол койду. Жарлыкта айтылгандай, чет өлкөлүк жарандар аскердик мөөнөттү кадимкидей өтөйт. Ошондой эле эл аралык аскер укуктары жана Орусиянын мыйзамдарынын негизинде буйруктар аткарылат. Ал эми аскерлер аскердик конфликттер чыккан аймактарга да жиберилет. Орусиянын чет элдиктерди аскерге кабыл алуусунун дагы бир шарты - орус тилин сөзсүз билүү. Орус тилин билбесе контракт түзүлбөйт. Ошондой эле соттолгон же иши сотто болгондор да аскерге бара албайт.

#2316 11 Январь 2015 - 17:45
Бул ачылышты Улуу Британиянын окумуштуулары чыгарышты. Сиз видео тартып жаткан учурда кыймылыныздын баары, манжа издеринизди калтыргандай, сиздин ким экенинизди аныктап бере алат. Видео тартып жаткан учурда ары-бери баскан кыймылдын баары, ким аркылуу тартылып жаткандыгын бир нече секундта эле таап коюу мүмкүн экендигин окумуштуулар далилдешти.

#2317 11 Январь 2015 - 17:47
Бул тууралуу Азаттык социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевге таянып билдирет. Маалыматка ылайык, акыркы бир жылда жөлөк пул алуу үчүн арыз жазгандардын саны азайган. Жыл башында жөлөк пул алгандардын саны 330 миңге жетсе, учурда алар 300 миңдин тегереги болуп калды. Базарбаев белгилеп кеткендей, бул атайылап, кыскартылган жок, жөлөк пул алуу үчүн арыз жазгандардын саны өзүнөн өзү кыскарды, - деп билдирди ведомство башчысы.

#2318 11 Январь 2015 - 17:49
Анда дүйнө таанымды “реалдуу оптимизмге” өзгөртүңүз. Тайвандык окумуштуулардын айтымында, оптимисттер пессимисттерге караганда бактылуу экени эчак далилденген. А бирок оптимисттер өз ара экиге бөлүнөөрү көпчүлүк үчүн жаңылык болушу мүмкүн. Алсак, накта оптимисттер ашыра кыялкеч келип, өздөрүнүн чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн туура баалай албайт. Ал эми “реалисттик оптимисттер” ар дайым жакшылыкка ишенгени менен, терс жана оң жактарды акылга салып, туура ажыратат. Бул адамдар тагдырга дагы, өздөрүнө дагы бирдей ишенет. Андыктан дал ушул категориядагы адамдар баарынан бактылуу, дешет окумуштуулар.

#2319 11 Январь 2015 - 17:50
Бишкекте мас адам өз туугандарын бычак менен сайып, күч колдонгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Алдын ала берилген маалыматка таянсак, 4-январь күнү кечинде шаардагы ооруканалардын бирине жарадар болгон эки аял жеткирилген. Алардын үйүнө конокко эжесинин күйөөсү келгени аныкталды. Катуу кызып калган эркек үй-бүлө мүчөлөрүн сабап, ашкана бычагы менен аялдарга кол салган.
Учурда бул кылмышты жасаган 1959-жылы туулган жаран кармалды.

#2320 11 Январь 2015 - 17:51
Бул тууралуу даарыгерлер айтып чыгышты. Алардын пикиринде, суукта баш кийимсиз жүрүү чачтын өсүшүн начарлатат. Аба ырайынын муздашы чачка бир топ зыян алып келет. Чачты муздак сууга жуубаган сыяктуу эле, сууктун күнү баш кийимди чечпеш керек экендигин даарыгерлер эскертет.
