Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#241 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 19:39

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Кытай тургуну өзүнө үйлөндү. Кызыгы, үлпөт тоюу кадимкидей шарт менен өттү.

Пенопласстан күйөө баланын сөлөкөтү дайындалып, ага анын сүрөтү да тартылган. Мындай өзгөчө тойго 100дөн ашык коноктор чакырылган. 40 жашка чукулдап калган Кытай тургуну, муну менен ал өзүн толук кандуу адам катары сезе алгандыгын белгилейт. Анткени аны өзүндөй эч ким түшүнө албайт.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28130_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#242 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 19:49

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Ал эми япондуктар беш бурчтуу апельсин өстүрүштү.

Ферманын жумушчулары кичинекей мөмөлөрдү алып, тиешелүү формадагы бөлүмдөргө бекитчү. Натыйжада өсүп чыккан апельсиндер беш бурчтуу болуп калды. Мындай укмуштуу мөмөлөр экзамен тапшыра турган студенттерге тартууланды. Себеби, жаңы сорттун аталышы япон тилинен которгондо, “экзамендеги ийгиликтин жыпар жыты” деп чечмеленет.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28108_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#243 Пользователь офлайн   vankuver   21 Февраль 2014 - 20:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Кытайлыктын озуно уйлонгону кызык экен. Анык жинди деп ушуну айтсА болот
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#244 Пользователь офлайн   m_u_s_u   21 Февраль 2014 - 20:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 12 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 02:09
  • Жынысы:Эркек

ввАААййй кИтайОзааалАр таН каЛтыРганЫн кОююююШпаДыгоООй
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#245 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 20:16

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Үй кожейкелер үчүн сонун жаңылык.

Булганбай турган футболка чыгарылды. Өндүрүүчүлөр түшүндүргөндөй, Silic аттуу кийим кандайдыр бир химиялык заттарга чыланган эмес. Себеби, мындай нерсе адамга зыян. Кептин баары нанотехнологияларда. Футболканын кездемесине кварцтын миллиарддаган бөлүкчөлөрү камтылган. Алар кийимдин чүпүрөгү менен суюуктук ортосуна аба толтурат. Андыктан, мисалы, кофе төгүлүп кетсе, ал футболкага жукпастан, кездеменин сыртынан агып кетет. Өндүрүүчүлөрдүн айтымында, кийим жада калса 80 ирет жуулгандан кийин жаңы бойдон кала берет.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28107_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#246 Пользователь офлайн   infiniti   21 Февраль 2014 - 20:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 390
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2014 17:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Карышкырлар мекени.

Просмотр сообщения solnyshko (05 Сентябрь 2012 - 10:07) жазган:

байкууууш

мобу жактыСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#247 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 20:18

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Кызыктуу фактыларга көз чаптырсак.

Сиз билесизби, бүркүттүн канатынын бир талы түшүп кетсе, ал сөзсүз түрдө экинчи канатынан да бир тал түшүрөт. Анткени бул бүркүт учуп жатканда туруктуулукту жана аэродинамикалык салмакты сактоого жардам берет. Окумуштуулар далилдегендей, ар бир дельфиндин өзүнүн аты бар. Аларга ат адамдар сыяктуу эле, жарыкка келгенде коюлат. Анткени, дельфин чыграган үндөрдү жаздырып, кайра койгондо бир эле үнгө бир эле дельфин жооп кайтаргандыгы аныкталды.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28102_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#248 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 20:21

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

АКШда операция маалында соо бөйрөк кокустан таштандыга ыргытылды.

Орган оорулуу адамга алмаштырылмак. Хирургдар жоготууну, бейтаптын жабыркаган бөйрөгүн алып салышкандан кийин байкады. Органды издөөгө бир нече саат талап кылынган. Көрсө, мээрман айым адашып, аны таштанды челегине ыргытып салыптыр. Бөйрөк 2 саат калыбына келтирилди. Бирок акыры дарыгерлер тообокелге салуудан баш тартып, жаңы донор алууну чечкен.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28070_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#249 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 20:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Каргашалуу, бирок ошол эле кезде күлкүлүү окуя Иракта катталды.

Тероррчу Кай Рахайет почта аркылуу бомба салып жиберүүнү көздөп, бирок посылкага марка чаптоого акчасы жетпей калган. Андыктан почта кызматкерлери аны жаратпай, кайра жөнөтүүчүгө кайтарып берген. Баштыгын тааныбай калган террорчу, аны дароо ача коюп, натыйжада бечара кылмышкер үйү менен кошо жарылып кетти.


"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#250 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 20:37

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Күтүлгүс жана күлкүлүү окуя АКШда болду.

Аял ашканага кирип, жолдошу электрчайнегин кармап, титиреп жатканын көрөт. Күйөөсүн электртогу уруп жатат деген ойдо айым, жолдошун электрбулактан бөлүп алуу максатында, аны жыгач швабра менен ургулап баштайт. Натыйжада эркек эки жерден колун сындырып алды. Көрсө, ал электр тогу алдында калбай эле, артты карап алып, аудиоплеерде сүйүктүү музыкасын угуп жаткан экен.


"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#251 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 20:40

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Россияда ачкерге чакырылган жаш жигит итин кошо ала кетти.

Ал кичине кезинен эле тартып итине жакын болуп өскөн. Кызмат өтөө убакытка аны менен ажырашууну каалабаган жигит итти жанына алып алууну суранган. Жыйынтыгында, ал атайын кинолог бөлүмүндө кызмат өтөйт.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27990_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#252 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 20:41

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Украинада математик ит пайда болду.

Лорд аттуу ротвейлер экинчи класстагы окуучу менен тең тайлаша алат. Ит кемиткенди, көбөйткөндү жана бөлгөндү билет. Бир кесим сыр үчүн ит каалаган математикалык сурооңузга жооп бере алат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27986_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#253 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 20:44

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Сыра ичкен адамдар акылынан кемийт.

Лондон окумуштуулары 20 жыл бою миңдеген мамлекеттик кызматкерлерге байкоо жүргүзгөн. Натыйжада аныкталгандай, күнүнө бир литр сыра ичкендердин эс тутуму кескин начарлап, пенсияга чыккан маалда мээ 6 жылга эрте карыйт. Математикалык жана сүйлөө кебинин деңгээлин төмөндөтөт. Ал эми алкоголдон жок дегенде бир айга толук баш тартуу, организмди бир топ жашарткан. Мындан тышкары, холестерин, кандагы канттын көрсөткүчү жана боордогу майлар азаяры белгилүү болду.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27984_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#254 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 20:47

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Чымчыктардын заңы Шотландиялык зергерди байытты.

Френсис Джонс өзгөчө болууну каалаган кардарларына куштардын заңы түрүндө брошторду сатууда. Зээр буюмдун формасы, түсү жана көлөмү көгүчкөндөр кийимге таштап кеткен “жагымсыз белекти” элестетет. Броштор алмаз, сапфир, турмалин, ак бермет жана башка баалуу таштардан жасалат. Баасы – 4 миң доллар. Бул жасалга гана эмес, ошондой эле, тумар десе болот. Анткени ишенимдер боюнча, куштардын кийимди булгап кетиши – бакыт жана байлыкка алып келет, дейт зергер.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27982_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#255 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 20:50

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Россиянын депутаты Владимир Жириновский толук депутат жана чиновниктерди кызматтан кетирүүнү сунуштады.

Анын пикири боюнча, 80 килограммдан ашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан кетиши керек. Мен өзүм жакында эле 20 килограммга арыктадым, жыл аягына чейин дагы арыктайм дейт, Жириновский.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27972_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#256 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 20:52

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Кытайда тургун 21 мүнөт ичинде төрт унаа шиналарын мурду менен үйлөдү.

63 жаштагы Не Юнбин мурундун таноолоруна резина шлангын тыгып, абаны өпкөсүнөн чыгарган. Бул дагы акыркысы эмес. Сыноону андан ары татаалдантуу үчүн ар бир шинага экиден адам отуруп алган. Белгилеп кетсек, Не Юнбин ден-соолугун чыңдоо үчүн дарыгердин кеңеши боюнча алгач мурду менен шариктерди үйлөп баштаган. Кийин машыгуулар шиналарга өттү.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27965_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#257 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 20:54

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Кыргызстандыктардын аты космоско чейин жетет.

“РБКнын” маалыматына ылайык, 15-февралдан тартып, ар бир каалоочу planety.org. сайтына арыз жазып калтырып койсо болот. Кийин алардын аттары 2016-жылы Бенну астероидин изилдөөгө бет ала турган жаңы космостук аппараттын чиптерине чегилет. Космосто ал 500 күн болуп, кайра Жерге кайтып келет. Ал эми сиздин атыңыз аны жандап жүрөт.


"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#258 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 20:56

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Париждин жашоочусу парламент алдына 20 тонна кык төгүп кетти.

Мындай жол менен тургун каршылыгын билдирди. Атуул аракеттеги бийликтин иштеп жатканына нааразы. Белгилеп кетсем, Франциянын парламенти бир нече жума ичинде экинчи ирет мал сарайына айланып отурат. Буга чейин нааразы адамдар анын алдына жүздөгөн тоокторду кое берген. Анда куштар аянттын баарын булгап кеткен.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27948_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#259 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 20:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Швецияда Рождество алдында пенсионер өз өлүмү жөнүндө гезиттен жарыя окуду.

81 жаштагы Свен-Олаф-Свенссон буга чейин ооруканага түшкөн. Анын 90 жаштагы эжеси дарыгерлерди туура эмес түшүнүп, иниси дүйнө салды деп чечкен. Байбиче бул жөнүндө некролог жазып, жергиликтүү гезитке жөнөттү. Муну окуган тамашакөй пенсионер, жазуучу Марк Твендин атактуу сөзүн кайталады: “Менин өлүп калганым жөнүндө ушактар бир аз апыртылма ” деди карыя.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27946_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#260 Пользователь офлайн   Gasu   21 Февраль 2014 - 21:01

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

1972-жылы белгилүү Джон Леннонго бир бала акча сурап кат жазган.

Ал катында акча дүйнө жүзүн кыдырууга керек экенин билдирген. Кызыгы, улуу музыкант ага жооп кайтарып, анда “Медитация кыл, ошондо сен элестетүү менен эле дүйнө жүзүн кыдырып чыккан болосуң” - деп жазган. 1995-жылы бала чынында эле дүйнө жүзүн кыдырып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Буга каражатты ал Леннондун катын аукциондон сатып алды.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 27929_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 04:37

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: