Аскер тазалыкты тастыкташ үчүн даараткананы тили менен жалады
.
Кытайда сержантка даараткананын тазалыгын тастыкташ үчүн аскер унитазды тили менен жалады
.
Мындай үрөйдү учурган окуя Кытайдын бир аскердик-техникалык окуу жайында болгондугун lifenews.ru булагы жазууда.
.
Маалыматка ылайык Сычуань провинциясындагы окуу жайдын сержанты аскерлерге "бөлмөлөр,
дааратканаларды ушунчалык тазалагыла,
мен полдо тамактангыдай болоюн" деп буйрук берген.Сержанттын жемелөөсүнө чыдабаган жаш аскер далилдеп берүүгө уруксат сураган. Бир убакта Хо Лиао даратканадагы унитаздарды тили менен ###### тастыктап берген.
Ал эми жаш аскер ызасына чыдабай, "мен тазалаган жерлеримде тамак жегенге да боло тургандыгын далилдегим келди" деп айткан. Кытайда бир топ аскер окуу жайлары тартиптин катуулугу менен атагы чыккан. Бул окуя жаңылыктарга тема болгондон кийин окуу жайдын жетекчилиги сержантты жумуштан алышкан.
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#2461 20 Февраль 2015 - 22:04
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#2462 20 Февраль 2015 - 22:06
Дүйнө тарыхындагы эң таң калыштуу өлүмдөр
.
Дүйнөдөгү эң узун сакалы менен таанылган австралиялык Ханс Штайнингер бир жолу кокустан чыккан өрттөн качып баратып, сакалына чалынып өлгөн
.
"Жакшы жашамак бар, жакшы өлмөк жок" дегендей адам баласынын акыретке кантип кетээрин эч ким билбейт. Баардыгы Алланын колунда...Баардыгы кырсыгы жок "өлүмдү кечинен берсин"-деп тилейт. Бирок, турмушта эмне деген гана кырсыктар болууда. Бул ааламдагы эң таң калыштуу өлүмдөрдү sozcu.com булагы тизмелеген.
.
1.Кытайдын атактуу акыны Ли Бо (701-762) суудагы айдын көлөкөсүн кучактайм деп секирген бойдон чөгүп өлгөн.
.
2. Атактуу куудул Дик Шон (Dick Shawn) 1987-жылы сахнада саясатчыларды туурап жатып, шайлоо өнөктүгүн айтып "мен жумушумда жатпайм" деп жата калган. Элдер адегенде тамашалап жатат деп ойлошкону менен куудул өлүп калган болчу.
.
3. Америкалык драматург Теннесси Уильямс (Tennessee Williams) 1983-жылы мейманканада шишенин капкагына какап каза болгон.
.
4. Дүйнөдөгү эң узун сакалы менен таанылган австралиялык Ханс Штайнингер (Hans Steininger) бир жолу кокустан чыккан өрттөн шашып качып баратып, сакалына чалынып өлөт.
.
5. Огайо штатындагы бир адвокат 1871-жылы кардарынын кантип өлгөндүгүн сотто көргөзүп жатып, кокустан өзүн өзү атып алган.
.
6. В 1911 году Француз кийим тигүүчү Франц Райхельт (Franz Reichelt) өзүнүн ойлоп чыгарган пальтодон жасалган парашютунун текшерем деп Эйфелева мунарасынан секирип өлгөн.
.
7. Айседора Дункан (Isadora Duncan) заманбап бий санатынын атактуу бийчиси. Мойнундагы узун шарф автоунаанын эшигине кыпчылып, бийчинин мойнун жулуп кеткен.
.
8. 1999-жылы англиялык 67 жашындагы Бетти Стоббс (Betty Stobbs) койлору ач калганда мотоцикли менен бир түк чөп алып келаткан. Короосуна жакындаганда ач койлор катуу бараткан мотоциклди айдоочусу менен тебелеп кетишкен.
.
9. Марисы Вебер (Mariesa Weber) китеп алам деп жатып, китеп текчелери үстүнө кулап каза болгон.
.
10. 1982-жылы 27 жашындагы Дэвид Грундман (David Grundman) коңшусу менен кактустарды атканы барат. Акырында 8 метрлик кактус үстүнө кулап өлгөн.
.
11. Көзү азиз адам ар нерселерди үйүнө топтоп жатып, чыгаарда эшигин таппай каза болгон.( Homer Collyer, 1947-жыл)
.
19. Грек падышасы Александрос 1920-жылы үйрөтүлгөн колдогу маймылдын тиштешинен улам каза болгон.
.
20. Маркус Гарви 1940-жылы өзүнө тургузулган мүрзөдөгү эстелигин көрүп, шок болуп өлүп калган.

#2463 21 Февраль 2015 - 14:52
Жер жүзүндө жарымынан көп адам өмүрүндө карды өңүндө көргөн эмес.
Эйфель мунарасын 7 жылда бир сырдап турушат.
Кытайда мугалим окуучуларды жакшы окушсун деп, класс ичинде 20 мүнөт уктаганга уруксаат берет.
Осакодо (Япония) кеңсенин имараты аркылуу өткөн жол бар.
Адамдардын бештен экиси биринчи сүйүүсү менен
баш кошот экен.
Илимий изилденген – эгер бир нерсени 21 күн катары менен кыла берсе, ал адатка айланат.
Рейкьявикте кыштын күнү жаан же кар муз болуп тоңуп калбашы үчүн, жылыткычы бар тратуарларды салышат.
Актриса Ширли Хендерсон “Гарри Поттерде” 13 жашаар ыйлак окуучу кыз Миртлдын ролун ойногон. Кино тартылып жатканда Ширли кырктарга чыгып калган актриса эле.
Чарли Чаплинге окшоштордун сынагында Чарли Чаплин өзү үчүнчү орунду алган.
Коала суткасына 18ден 22 саатка чейин уктайт.
Плутон Россиядан кичинекей.
Рубик кубиги – дүйнөдө эң көп сатылган товар.
Наристелер 1ден 3 айга чейин жашы жок ыйлашат.
Асманда жылдыздар жердеги кумга караганда бир топ көп.
Колибри – артка уча алган жалгыз чымчык.
Рокфеллер Джон Дэвисон 100 миң доллар тапсам жана 100гө чейин жашасам деп кыялданчу. Ал 192 миллион тапкан, бирок 97ге чыгып өлдү. Кыялдардын бардыгы орундала бербейт…
Токиодо зоопарктагы жаныбарларды көрүүчүлөрдөн эс алдырыш үчүн, зоопаркты жыл сайын 2 айга жабышат.
Россия менен АКШны болгону 4 километр бөлүп турат.
Болжол менен кичинекей балдар күнүнө 400 жолу күлүшөт. Ал эми чоң кишилер болжол менен 15 жолу.
Александр Грейам Белл телефонду ойлоп тапкан, бирок апасына жана аялына бир да жолу чалган эмес. Ал экөө тең дүлөй эле.
Ливермол шарында 110 жылдан бери күйүп кете элек лампочка бар.
Москвадагы батирлерден арзан турган ак сарайлар бар.

Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#2464 21 Февраль 2015 - 15:20
Эгер сизге ит уруп, тиштейин деп турган болсо, анда тезинен отура калыныз.
Себеби иттердин ою боюнча:
Коргонуучу, ташталуучу адам олтуруп алат, ал эми иттен корккон адам тик туруп, иттен озун чон кылып корсотууго аракет кылат.
Себеби иттердин ою боюнча:
Коргонуучу, ташталуучу адам олтуруп алат, ал эми иттен корккон адам тик туруп, иттен озун чон кылып корсотууго аракет кылат.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#2465 26 Февраль 2015 - 12:18
“Аллах” деген жазуусу бар арак
табылды
Казакстандын Семей шаарынан
“Аллах” деген жазуусу бар арак
табылды. Ал жердин жашоочусу
кокусунан “Байтерек” арагын сатып
алып, бул жазууну көрүп калган.
Мындай арак Казакстандын ар бир
дүкөнүндө сатылат.
Аныкталгандай, аракты Семейге
“Дениджо” соода-сатык маркасы
“Геом” Актөбө фирмасынан алып
келет. Бул арактын этикеткалары
алтын жана күмүш түстө даярдалган.
Дал ошол күмүш түстөгү этикеткада
“Аллах” деген жазуу бар. Динге
ишенген жергиликтүү калк бул
арактын сатыктан алынышын
айтышып митингге чыгышкан. Ал эми
“Геом” фирмасынын башчысы
кечирим сурашып, этикеткаларды
башка өлкөдөн чыгаршкандыктан,
Аллах” деген жазууну казак оймолору
менен чогуу деп ойлоп, алмаштырып
алышкан окшойт деген оюн айтты.
Учурда бул арактын сатылуусу
токтотулду.
10 эм төрөгөн Ирина
Жакында эле тарыхта болбогон таң
калыштуу окуя болду. Тактап
айтканда Курск облусунун
жашоочусу Ирина 10 эм наристени
жарык дүйнөгө алып келди.
Төрөгүчө учетко туруп, дарыгерлерге
көрүнбөгөн 10 баланын энеси болгон
Иринага дарыгерлер менен кошо
элдин баары таң калышууда. Ал эми
жубайынын ким төрөгөнүн билгени
келген Иринанын жолдошу бул
жаңылыкты угуп, 3 күн эсин жоготуп
жаткан. Азыркыга чейин ден соолугу
чың, 3 кгдан туулган 10 наристенин
бир адамдын ичине кантип
баткандыгы табышмак бойдон
калууда.
Кереметтүү тоок жумуртка эмес
жөжө тууду
Шри-Ланкада бир тоок кадимки
жөжөнү тууду. Жергиликтүү калк
мындай көрүнүштү алгач кездештирип
жаткандыктары туурасында
айтышууда. Тилекке каршы тоок тууп
жаткан учурунда өлүп калган.
Мамлекеттик ветеринардын айтуусу
боюнча эмбрион тооктун ичинде 21
күн калыптанган.
Өлүм туурасында ой жашоого
жардам берет
Психологдордун пикиринде өлүм
тууралуу ойлор адамдга негативдүү
таасир этип, зыян алып келет. Бирок
АКШнын Миссури университетинин
изилдөөчүлөрүнүн оюна таянсак, өлүм
туурасында ойлор тескерисинче
адамда боорукерликти, айтор жакшы
сапаттарды пайда кылат. Мисалга
алсак, мүрзөнү көргөн адам жашоо
туурасында ойлонуп, өзүнүн ден
соолугун чың, өмүрүнүн узун
болушуна маани бере баштайт.
Ошондой эле бул жашоодо татыктуу
жашап өтүш үчүн, адамдарга, айлана-
чөйрөгө туура мамиле кылууну
ойлонушуп, экологияга да зыян
келтирүүдөн алысташат. Жашоонун
кымбаттыгын убагында баалай билүнү
үйрөнүшөт, - деп билдиришет
изилдөөчүлөр.
табылды
Казакстандын Семей шаарынан
“Аллах” деген жазуусу бар арак
табылды. Ал жердин жашоочусу
кокусунан “Байтерек” арагын сатып
алып, бул жазууну көрүп калган.
Мындай арак Казакстандын ар бир
дүкөнүндө сатылат.
Аныкталгандай, аракты Семейге
“Дениджо” соода-сатык маркасы
“Геом” Актөбө фирмасынан алып
келет. Бул арактын этикеткалары
алтын жана күмүш түстө даярдалган.
Дал ошол күмүш түстөгү этикеткада
“Аллах” деген жазуу бар. Динге
ишенген жергиликтүү калк бул
арактын сатыктан алынышын
айтышып митингге чыгышкан. Ал эми
“Геом” фирмасынын башчысы
кечирим сурашып, этикеткаларды
башка өлкөдөн чыгаршкандыктан,
Аллах” деген жазууну казак оймолору
менен чогуу деп ойлоп, алмаштырып
алышкан окшойт деген оюн айтты.
Учурда бул арактын сатылуусу
токтотулду.
10 эм төрөгөн Ирина
Жакында эле тарыхта болбогон таң
калыштуу окуя болду. Тактап
айтканда Курск облусунун
жашоочусу Ирина 10 эм наристени
жарык дүйнөгө алып келди.
Төрөгүчө учетко туруп, дарыгерлерге
көрүнбөгөн 10 баланын энеси болгон
Иринага дарыгерлер менен кошо
элдин баары таң калышууда. Ал эми
жубайынын ким төрөгөнүн билгени
келген Иринанын жолдошу бул
жаңылыкты угуп, 3 күн эсин жоготуп
жаткан. Азыркыга чейин ден соолугу
чың, 3 кгдан туулган 10 наристенин
бир адамдын ичине кантип
баткандыгы табышмак бойдон
калууда.
Кереметтүү тоок жумуртка эмес
жөжө тууду
Шри-Ланкада бир тоок кадимки
жөжөнү тууду. Жергиликтүү калк
мындай көрүнүштү алгач кездештирип
жаткандыктары туурасында
айтышууда. Тилекке каршы тоок тууп
жаткан учурунда өлүп калган.
Мамлекеттик ветеринардын айтуусу
боюнча эмбрион тооктун ичинде 21
күн калыптанган.
Өлүм туурасында ой жашоого
жардам берет
Психологдордун пикиринде өлүм
тууралуу ойлор адамдга негативдүү
таасир этип, зыян алып келет. Бирок
АКШнын Миссури университетинин
изилдөөчүлөрүнүн оюна таянсак, өлүм
туурасында ойлор тескерисинче
адамда боорукерликти, айтор жакшы
сапаттарды пайда кылат. Мисалга
алсак, мүрзөнү көргөн адам жашоо
туурасында ойлонуп, өзүнүн ден
соолугун чың, өмүрүнүн узун
болушуна маани бере баштайт.
Ошондой эле бул жашоодо татыктуу
жашап өтүш үчүн, адамдарга, айлана-
чөйрөгө туура мамиле кылууну
ойлонушуп, экологияга да зыян
келтирүүдөн алысташат. Жашоонун
кымбаттыгын убагында баалай билүнү
үйрөнүшөт, - деп билдиришет
изилдөөчүлөр.
Салам
#2466 26 Февраль 2015 - 12:37
Учурдагы 9 айлык Али Якубовдун
төрөлгөндөн тартып эле денесине
Курандын аяттары жана сүрөлөрү
жазылып баштаганы бүткүл
коомчулукту таң калтырды. Азыркы
учурда Дагестандын Красно-
Октябрь айылына Россиянын
өзүнөн жана башка өлкөлөрдөн
миңдеген адамдар наристени
көргөнү келишүүдө. Россия
муфтийлер кеңешинин
делегациясынын артынан “МК”
гезитинин кабарчысы Светлана
Самоделова да барып келген.
Якубовдордун үйүнө бараткан жолду
жашыл желек менен белгилеп
коюшкан. Суунун жээгиндеги кыштан
курулган анча көзгө урунбаган азыр үй
ыйык жерге айланды.
Жолдор автоунааларга жык толгон. Биз
менен катар эле “Газель” автоунаасы
токтоду. Ал унаадан сакалдуу киши
майыптар коляскасында отурган
өспүрүм кызды түшүрүп жатты.
-Наристенин денесиндеги жазуулар
табиятынан экендигине ишенесизби?
– деп алардын артынан чыга калган
аялдан сурадым. Ал мага
ишенбегендечи дегендей түр
көрсөтүп, түшүндүрүп кирди:
-Биз Жаратканга ишенген адамдарбыз.
Аллах ар кайсы убакта түрдүү
укмуштарды көрсөтөт. Азыркы Алинин
окуясы – Аллахтан бизге бир белги.
Биз бул жерге майып жээнибизди жана
балалуу боло албай жүргөн жеңебизди
алып келдик.
Якубовдордун үйүнө жеткенде
“Субханаллах! ” деген үндөр угулуп
жатты. Үйдүн короосунда пластик
кутучаларга денесине аяттар, сүрөлөр,
хадистер жазылган наристенин
сүрөттөрү салынган. Жанымда турган
мусулмандар жазууларды үнүн
чыгарып окуп жатышты: “Аллахтын эң
сүйүктүү адамдары – ыймандуулар”.
“Мен күбөлөндүрөм: Аллах жалгыз,
андан башка кудай жок”. “Аллах
бардык нерсенин жаратуучусу”.
“Жаратканга ишенбеген адам
дүрбөлөңгө туш болду...”
Үйдүн алдына коюлган телевизордон
Али тартылган видеотасма көрсөтүлүп
жатат. Укмуш бала жашаган үйдү 14
милиция кызматкери түнү-күнү
кайтарып турушат. Коноктор үчүн
үстөлдүн үстүнө печенье, шоколад,
момпосуйлар коюлган.
Алинин апасы Мадина шариятка
ылайык жоолук салынып, узун юбка
кийип жүргөн экен. Бирок, ал баласы
төрөлгөндөн кийин ислам эрежесин
катуу кармап баштаган.
-Мен Хасавюртов районунанмын.
Катардагы көп балалуу үйбүлөбүз, апам
үй кожойкеси, атам өмүр бою темир
ширетүүчү болуп иштеген, - дейт
Мадина. –Чоң энем мага 7 жашымда
эле намаз окуганды үйрөтүп, мени чоң
атамдын атасы Абдурахманга
окшоштурчу. Ал атабыз тубаса
жөндөмгө ээ болгондуктан анын
колунан дарыланганы ар кайсы
жактан келишчү экен. Бир канча саат
бою токтобой Куран окуп отура берчү
дешет. Күнү бою эч тамактанбаса да
күчүн жоготчу эмес экен.
Абдурахман сыяктуу эле Мадинага да
түшүндө аян берилчү экен. Мадина
көбүнчө алдыда болоор окуяларды
сезип, жакындарын бирде коркутуп,
бирде кубандырып келген.
-Бир эжемдин тоюнда жездемдин
досун көргөнүмдө алдымда болочок
күйөөм турганын элестеттим. Шамиль
менен таанышканыбыздан кийин
экөөбүз тең бейшембиден жумага
караган түнү төрөлгөнүбүздү билдик.
Үйлөнүү тоюбузду да аптанын так
ушул убагында өткөрдүк. Уулубуз Али
да бейшембиден жумага караган түнү
төрөлдү.
“Тыбырчылап жаткан наристе азанды
укканда тынчып калат”
Андан кийин туугандардан бирөөсү 9
айлык Алини алып келди. Таң
калыштуусу, наристе акжуумал келип,
көздөрү да кара эмес экен. Бирок
анын жакындарынын баары каратору.
Баарынан да наристенин олуттуу,
маанилүү көз карашы таң калтырат.
-Сезип жатасыңарбы, андан нур
чачырап жатканын? – дейт чоң энеси
Пиртас. Адатта кичинекей наристелер
бейтааныш адамдардан жатыркашат
эмеспи. Али болсо мага карай умтулуп
жатты.
-Балага жан сакчы керек. Коноктор
наристени кармалап көргөнгө аракет
кылышат, эстеликке деп кийиминин
топчусун жулуп алышат. Билесиңерби,
баланын кийимдерин алып кетүүнү
каалап, жалынып жалбарып сурашат...
- деп айтып жатты чоң эне.
Бирок баланын ата-энеси баарынан да
каапырлардан коркушат.
-Көпчүлүк каапырлар баламдын
төрөлүшүн жактырышпайт. Аллах
өзүнүн белгисин берип жөнөткөн
баланы жок кылуу алар үчүн жакшы
да.
Баланын азанга болгон реакциясын
бизге көрсөтүү үчүн сакчылардын
бирөөсү телефонунан азандын үнүн
чыгарды. Ары-бери тыбырчылап,
ойноп жаткан бала азанды угаар замат
бир калыпта тынчып калып, бүт дити
менен азанды угуп жатты.
“Врачтар 3 эле саат жашайт дешти,
бирок...”
Азыр колуна баласын алып отурган
Мадина убагында балалуу болууну
каалабагандыгын айтат.
-Кызым Калимат 5 айлык болгондо
боюма бүтүп калды. Биринчи төрөттө
аябай кыйналдым. Жамбаш сөөктөрүм
таркап, араң эле басып жүрдүм.
Ошондуктан ичимдеги баланы
алдырып салууну кааладым. Бирок
туугандарым: “Бойдон алдырба,
кызыңды биз карашабыз” деп
айтышты.
Ооруканага барганымда врач Луиза:
“уул төрөйт экенсиң. Аллах жардам
берет, төрөп ал” деди. Эмнеси болсо
да бойдон алдырайын деп
жөнөгөнүмдө укмуштуудай музыка
угулгансыды. Мечиттин жанынан өтүп
баратып, дарбазадагы “Аллах” деген
жазууну көргөнүмдө ордумда дел
болуп катып, көздөрүмдөн жаш куюлуп
кетти. Ошондо “мейли, майып болуп
калсам да баламды төрөймүн” деген
чечимге келдим.
Негизи эсеп боюнча бала февралда
төрөлүшү керек эле, бирок
Мадинанын толгоосу 3-январда эле
келген. 8 айлык болуп төрөлгөн
баланын салмагы 2900 грамм эле.
-Ымыркай аябай алсыз эле. Врачтар
анын жүрөк жана талма оорусу бар
экенин аныкташты. Ымыркайдын сол
жагы жансыз болчу, уколду сезчү эмес,
такыр ыйлачу да эмес. Башында
врачтар аны 3 эле саат жашайт дешти,
анан 3 күн жашайт дешти. Акыры
барокамерада бир жума жашагандан
кийин “Канча жашаарын бир гана
Аллах билет” дешти.
Ымыркайдын ээгинде гематома пайда
болуп, ал кеткенден кийин ордунда
“Аллах” деген жазуу калды. Ошол
учурдан кийин жогорудан мага бирөө
жардам берип жаткандай сезилип, көп
кабатырланбай калдым. Анан
баламдын оорулары жоголду, таң
калаарлык өзгөрүүлөр болуп баштады.
Ошол учурда ооруканада оор абалда
жаткан балдардын баарын айыгып
кеткендиги врачтарды таң калтырды.
-Балам эч ыйлаган жок. Анын
сабырдуулугуна, ынактыгына баары
таң калышат. Үмүтүм үзүлүп көзүм
жашка толуп калганда Алини колума
алганым жетиштүү болчу, анын көз
карашы мени тынчтандырчу.
Баланын денесине арабча жазуулар
түшө баштаганы күтүлбөгөн көрүнүш
болду. Ата-энеси аны сүрөткө тартып
алганы менен эч кимге айтышкан
эмес. Табышмактуу жазуулар барган
сайын көбөйүп, буттарына да түшө
баштаганда айылдык мечиттин
молдосуна айтышкан.
Имам Абдула жазууларды окуп,
которуп берет: “кудайдын
алкышталган кулу”, “Аллах улуу”,
“Жакшы ишке көрсөтүлгөн адам ал
ишти жасаганга тете”.
-Алинин денесиндеги жазуулар
дүйшөмбү, жума күндөрү пайда болуп
жатты. Бул убакытта баланын
температурасы 40 градуска жетип
калгандыктан дароо “тез жардамды”
чакырчубуз. Бирок врачтар келээри
менен алардын көз алдында заматта
температурасы түшүп калчу. Жазуулар
3 күн кармалып, алардын ордуна жаңы
жазуулар пайда болуп турду.
“Орозо убагында наристе
азыктануудан баш тартып жатты”
Баланы төрөлгөндөн бери карап
жүргөн врач-педиатр Райсад Ярбилова
мындайды өмүрүндө биринчи жолу
көрүп жаткандыгын билдирди.
Медициналык текшерүүлөрдө
баланын дени сак болуп чыкты.
-Бирок баары бир уулумду ойлоп
коркуп, аны жашырганга аракет кылып
жаттым. – деп сөзүн улады Мадина. –
Анын үстүнө айылда акча табуу үчүн
өздөрү эле жазып жатышат деген ушак
тарап кетти. Андан кийин баламдын
бутунда мындай жазуу пайда болду:
“эгер шектенип жатсаңар, жок дегенде
бирөөнү жараткыла... ” Бул Курандагы
2-сүрө, 23-аят. Анын артынан эле 258-
аят түштү: “ыймансыз адам
дүрбөлөңгө туш болду”.
Өзгөчө бала жөнүндөгү кабар
Дагестанга эле эмес, башка аймактарга
да тарап кетти. Орозо убагы келгенде
наристе күндүз азыктануудан баш
тартып, кала берсе суу да ичпей
койгонуна врачтар, дин
кызматкерлери күбө болушуп, таң
калышканын жашырышкан жок.
Мадина менен Шамиль Алига көз
тийип калышынан же жугуштуу оору
жугуп калышынан коркуп, келген
адамдарга көрсөтпөй коюшту. Бирок
көрүү үчүн келген миңдеген адамдар
ызы-чуу болуп жатышты. Эч
ыйлабаган Али кокусунан эле токтобой
ыйлап баштады.
-Качан гана аны элдин алдына алып
чыкканыбызда басылды, - дейт
Мадина. –Андан кийин эле
денесиндеги жаңы аятты көрдүк:
“Далилди жашырган адамдын жүрөгү
күнөөгө толгон”. Минтип жашоо
кыйын. Ошондуктан уулубуз кадимки
адамдардай жашашын каалайт элек.
Бирок анын тагдыры өзгөчө болду.
“Бул элди эсине келтирүү үчүн
жөнөтүлгөн белги”
Эмне үчүн өзгөчө бала Дагестанда
төрөлдү? Ахмедпаши Амиралаев муну
мындайча чечмелейт:
-Кизляр району – берекелүү аймак.
Бул жерде отуздан ашык улуттун өкүлү
жашайт. Жергиликтүү жашоочулар
ишеним жагынан толеранттуу.
Ваххабиттер да бар, салттуу исламды
кармангандар да бар. Али – дүйнөнүн
элчиси. Аллах аны адамдар ойлонуп,
өздөрүнө келишсин деп атайын
жиберди. Баланын денесиндеги жазуу
– Дагестандагы козголоңду, зомбулукту
токтотуу үчүн жиберилген Аллахтын
бир белгиси.
Мен келгенден бир күн мурда Абдул-
Вахед Ниязов баштаган Россия
муфтийлер кеңешинин делегациясы
келишкен экен. Эксперттер Алини
төрөлгөндөн бери карап келген
акушер, педиатр, хирург,
дерматологдор менен жолугушуп,
жыйынтыгында делегация
чындыгында эле жазуулар өзүнүн өзү
пайда болуп жатканын аныктады.
Ошол эле учурда жергиликтүү
тургундардын айрымдары бул
шумдукка ишенбегендигин айтып,
жазууну өздөрү эле жазып коюшкан
деген пикирди карманышат.
“Дагестанда азыр абал жакшы эмес.
Жумушсуздуктун айынан жарандык
каршы туруулар көбөйүп жатат, - дейт
52 жаштагы айылдын жашоочусу
Бадави. –Баланын денесиндеги жазуу
катардагы эле диний мистификация.
Бирок адамдар күнөөлөрү үчүн тобо
кылышы үчүн, келишпестиктерди
токтотуусу үчүн бардык ыкмаларды
колдонуу жакшы”.
Мадина түшүндө көргөнү боюнча
баласынын үчүнчү тиши чыкканда
денесинде жазуулар пайда болбой
калат.
Азыр баары Алинин тили чыгып,
сүйлөөр кезин күтүп жатышат.
төрөлгөндөн тартып эле денесине
Курандын аяттары жана сүрөлөрү
жазылып баштаганы бүткүл
коомчулукту таң калтырды. Азыркы
учурда Дагестандын Красно-
Октябрь айылына Россиянын
өзүнөн жана башка өлкөлөрдөн
миңдеген адамдар наристени
көргөнү келишүүдө. Россия
муфтийлер кеңешинин
делегациясынын артынан “МК”
гезитинин кабарчысы Светлана
Самоделова да барып келген.
Якубовдордун үйүнө бараткан жолду
жашыл желек менен белгилеп
коюшкан. Суунун жээгиндеги кыштан
курулган анча көзгө урунбаган азыр үй
ыйык жерге айланды.
Жолдор автоунааларга жык толгон. Биз
менен катар эле “Газель” автоунаасы
токтоду. Ал унаадан сакалдуу киши
майыптар коляскасында отурган
өспүрүм кызды түшүрүп жатты.
-Наристенин денесиндеги жазуулар
табиятынан экендигине ишенесизби?
– деп алардын артынан чыга калган
аялдан сурадым. Ал мага
ишенбегендечи дегендей түр
көрсөтүп, түшүндүрүп кирди:
-Биз Жаратканга ишенген адамдарбыз.
Аллах ар кайсы убакта түрдүү
укмуштарды көрсөтөт. Азыркы Алинин
окуясы – Аллахтан бизге бир белги.
Биз бул жерге майып жээнибизди жана
балалуу боло албай жүргөн жеңебизди
алып келдик.
Якубовдордун үйүнө жеткенде
“Субханаллах! ” деген үндөр угулуп
жатты. Үйдүн короосунда пластик
кутучаларга денесине аяттар, сүрөлөр,
хадистер жазылган наристенин
сүрөттөрү салынган. Жанымда турган
мусулмандар жазууларды үнүн
чыгарып окуп жатышты: “Аллахтын эң
сүйүктүү адамдары – ыймандуулар”.
“Мен күбөлөндүрөм: Аллах жалгыз,
андан башка кудай жок”. “Аллах
бардык нерсенин жаратуучусу”.
“Жаратканга ишенбеген адам
дүрбөлөңгө туш болду...”
Үйдүн алдына коюлган телевизордон
Али тартылган видеотасма көрсөтүлүп
жатат. Укмуш бала жашаган үйдү 14
милиция кызматкери түнү-күнү
кайтарып турушат. Коноктор үчүн
үстөлдүн үстүнө печенье, шоколад,
момпосуйлар коюлган.
Алинин апасы Мадина шариятка
ылайык жоолук салынып, узун юбка
кийип жүргөн экен. Бирок, ал баласы
төрөлгөндөн кийин ислам эрежесин
катуу кармап баштаган.
-Мен Хасавюртов районунанмын.
Катардагы көп балалуу үйбүлөбүз, апам
үй кожойкеси, атам өмүр бою темир
ширетүүчү болуп иштеген, - дейт
Мадина. –Чоң энем мага 7 жашымда
эле намаз окуганды үйрөтүп, мени чоң
атамдын атасы Абдурахманга
окшоштурчу. Ал атабыз тубаса
жөндөмгө ээ болгондуктан анын
колунан дарыланганы ар кайсы
жактан келишчү экен. Бир канча саат
бою токтобой Куран окуп отура берчү
дешет. Күнү бою эч тамактанбаса да
күчүн жоготчу эмес экен.
Абдурахман сыяктуу эле Мадинага да
түшүндө аян берилчү экен. Мадина
көбүнчө алдыда болоор окуяларды
сезип, жакындарын бирде коркутуп,
бирде кубандырып келген.
-Бир эжемдин тоюнда жездемдин
досун көргөнүмдө алдымда болочок
күйөөм турганын элестеттим. Шамиль
менен таанышканыбыздан кийин
экөөбүз тең бейшембиден жумага
караган түнү төрөлгөнүбүздү билдик.
Үйлөнүү тоюбузду да аптанын так
ушул убагында өткөрдүк. Уулубуз Али
да бейшембиден жумага караган түнү
төрөлдү.
“Тыбырчылап жаткан наристе азанды
укканда тынчып калат”
Андан кийин туугандардан бирөөсү 9
айлык Алини алып келди. Таң
калыштуусу, наристе акжуумал келип,
көздөрү да кара эмес экен. Бирок
анын жакындарынын баары каратору.
Баарынан да наристенин олуттуу,
маанилүү көз карашы таң калтырат.
-Сезип жатасыңарбы, андан нур
чачырап жатканын? – дейт чоң энеси
Пиртас. Адатта кичинекей наристелер
бейтааныш адамдардан жатыркашат
эмеспи. Али болсо мага карай умтулуп
жатты.
-Балага жан сакчы керек. Коноктор
наристени кармалап көргөнгө аракет
кылышат, эстеликке деп кийиминин
топчусун жулуп алышат. Билесиңерби,
баланын кийимдерин алып кетүүнү
каалап, жалынып жалбарып сурашат...
- деп айтып жатты чоң эне.
Бирок баланын ата-энеси баарынан да
каапырлардан коркушат.
-Көпчүлүк каапырлар баламдын
төрөлүшүн жактырышпайт. Аллах
өзүнүн белгисин берип жөнөткөн
баланы жок кылуу алар үчүн жакшы
да.
Баланын азанга болгон реакциясын
бизге көрсөтүү үчүн сакчылардын
бирөөсү телефонунан азандын үнүн
чыгарды. Ары-бери тыбырчылап,
ойноп жаткан бала азанды угаар замат
бир калыпта тынчып калып, бүт дити
менен азанды угуп жатты.
“Врачтар 3 эле саат жашайт дешти,
бирок...”
Азыр колуна баласын алып отурган
Мадина убагында балалуу болууну
каалабагандыгын айтат.
-Кызым Калимат 5 айлык болгондо
боюма бүтүп калды. Биринчи төрөттө
аябай кыйналдым. Жамбаш сөөктөрүм
таркап, араң эле басып жүрдүм.
Ошондуктан ичимдеги баланы
алдырып салууну кааладым. Бирок
туугандарым: “Бойдон алдырба,
кызыңды биз карашабыз” деп
айтышты.
Ооруканага барганымда врач Луиза:
“уул төрөйт экенсиң. Аллах жардам
берет, төрөп ал” деди. Эмнеси болсо
да бойдон алдырайын деп
жөнөгөнүмдө укмуштуудай музыка
угулгансыды. Мечиттин жанынан өтүп
баратып, дарбазадагы “Аллах” деген
жазууну көргөнүмдө ордумда дел
болуп катып, көздөрүмдөн жаш куюлуп
кетти. Ошондо “мейли, майып болуп
калсам да баламды төрөймүн” деген
чечимге келдим.
Негизи эсеп боюнча бала февралда
төрөлүшү керек эле, бирок
Мадинанын толгоосу 3-январда эле
келген. 8 айлык болуп төрөлгөн
баланын салмагы 2900 грамм эле.
-Ымыркай аябай алсыз эле. Врачтар
анын жүрөк жана талма оорусу бар
экенин аныкташты. Ымыркайдын сол
жагы жансыз болчу, уколду сезчү эмес,
такыр ыйлачу да эмес. Башында
врачтар аны 3 эле саат жашайт дешти,
анан 3 күн жашайт дешти. Акыры
барокамерада бир жума жашагандан
кийин “Канча жашаарын бир гана
Аллах билет” дешти.
Ымыркайдын ээгинде гематома пайда
болуп, ал кеткенден кийин ордунда
“Аллах” деген жазуу калды. Ошол
учурдан кийин жогорудан мага бирөө
жардам берип жаткандай сезилип, көп
кабатырланбай калдым. Анан
баламдын оорулары жоголду, таң
калаарлык өзгөрүүлөр болуп баштады.
Ошол учурда ооруканада оор абалда
жаткан балдардын баарын айыгып
кеткендиги врачтарды таң калтырды.
-Балам эч ыйлаган жок. Анын
сабырдуулугуна, ынактыгына баары
таң калышат. Үмүтүм үзүлүп көзүм
жашка толуп калганда Алини колума
алганым жетиштүү болчу, анын көз
карашы мени тынчтандырчу.
Баланын денесине арабча жазуулар
түшө баштаганы күтүлбөгөн көрүнүш
болду. Ата-энеси аны сүрөткө тартып
алганы менен эч кимге айтышкан
эмес. Табышмактуу жазуулар барган
сайын көбөйүп, буттарына да түшө
баштаганда айылдык мечиттин
молдосуна айтышкан.
Имам Абдула жазууларды окуп,
которуп берет: “кудайдын
алкышталган кулу”, “Аллах улуу”,
“Жакшы ишке көрсөтүлгөн адам ал
ишти жасаганга тете”.
-Алинин денесиндеги жазуулар
дүйшөмбү, жума күндөрү пайда болуп
жатты. Бул убакытта баланын
температурасы 40 градуска жетип
калгандыктан дароо “тез жардамды”
чакырчубуз. Бирок врачтар келээри
менен алардын көз алдында заматта
температурасы түшүп калчу. Жазуулар
3 күн кармалып, алардын ордуна жаңы
жазуулар пайда болуп турду.
“Орозо убагында наристе
азыктануудан баш тартып жатты”
Баланы төрөлгөндөн бери карап
жүргөн врач-педиатр Райсад Ярбилова
мындайды өмүрүндө биринчи жолу
көрүп жаткандыгын билдирди.
Медициналык текшерүүлөрдө
баланын дени сак болуп чыкты.
-Бирок баары бир уулумду ойлоп
коркуп, аны жашырганга аракет кылып
жаттым. – деп сөзүн улады Мадина. –
Анын үстүнө айылда акча табуу үчүн
өздөрү эле жазып жатышат деген ушак
тарап кетти. Андан кийин баламдын
бутунда мындай жазуу пайда болду:
“эгер шектенип жатсаңар, жок дегенде
бирөөнү жараткыла... ” Бул Курандагы
2-сүрө, 23-аят. Анын артынан эле 258-
аят түштү: “ыймансыз адам
дүрбөлөңгө туш болду”.
Өзгөчө бала жөнүндөгү кабар
Дагестанга эле эмес, башка аймактарга
да тарап кетти. Орозо убагы келгенде
наристе күндүз азыктануудан баш
тартып, кала берсе суу да ичпей
койгонуна врачтар, дин
кызматкерлери күбө болушуп, таң
калышканын жашырышкан жок.
Мадина менен Шамиль Алига көз
тийип калышынан же жугуштуу оору
жугуп калышынан коркуп, келген
адамдарга көрсөтпөй коюшту. Бирок
көрүү үчүн келген миңдеген адамдар
ызы-чуу болуп жатышты. Эч
ыйлабаган Али кокусунан эле токтобой
ыйлап баштады.
-Качан гана аны элдин алдына алып
чыкканыбызда басылды, - дейт
Мадина. –Андан кийин эле
денесиндеги жаңы аятты көрдүк:
“Далилди жашырган адамдын жүрөгү
күнөөгө толгон”. Минтип жашоо
кыйын. Ошондуктан уулубуз кадимки
адамдардай жашашын каалайт элек.
Бирок анын тагдыры өзгөчө болду.
“Бул элди эсине келтирүү үчүн
жөнөтүлгөн белги”
Эмне үчүн өзгөчө бала Дагестанда
төрөлдү? Ахмедпаши Амиралаев муну
мындайча чечмелейт:
-Кизляр району – берекелүү аймак.
Бул жерде отуздан ашык улуттун өкүлү
жашайт. Жергиликтүү жашоочулар
ишеним жагынан толеранттуу.
Ваххабиттер да бар, салттуу исламды
кармангандар да бар. Али – дүйнөнүн
элчиси. Аллах аны адамдар ойлонуп,
өздөрүнө келишсин деп атайын
жиберди. Баланын денесиндеги жазуу
– Дагестандагы козголоңду, зомбулукту
токтотуу үчүн жиберилген Аллахтын
бир белгиси.
Мен келгенден бир күн мурда Абдул-
Вахед Ниязов баштаган Россия
муфтийлер кеңешинин делегациясы
келишкен экен. Эксперттер Алини
төрөлгөндөн бери карап келген
акушер, педиатр, хирург,
дерматологдор менен жолугушуп,
жыйынтыгында делегация
чындыгында эле жазуулар өзүнүн өзү
пайда болуп жатканын аныктады.
Ошол эле учурда жергиликтүү
тургундардын айрымдары бул
шумдукка ишенбегендигин айтып,
жазууну өздөрү эле жазып коюшкан
деген пикирди карманышат.
“Дагестанда азыр абал жакшы эмес.
Жумушсуздуктун айынан жарандык
каршы туруулар көбөйүп жатат, - дейт
52 жаштагы айылдын жашоочусу
Бадави. –Баланын денесиндеги жазуу
катардагы эле диний мистификация.
Бирок адамдар күнөөлөрү үчүн тобо
кылышы үчүн, келишпестиктерди
токтотуусу үчүн бардык ыкмаларды
колдонуу жакшы”.
Мадина түшүндө көргөнү боюнча
баласынын үчүнчү тиши чыкканда
денесинде жазуулар пайда болбой
калат.
Азыр баары Алинин тили чыгып,
сүйлөөр кезин күтүп жатышат.
Салам
#2467 26 Февраль 2015 - 12:51
Мындан бир канча мурун окуган элем муну.
Ишенсе болот.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#2468 26 Февраль 2015 - 12:54
дуйнодо эмне деген гана кереметтер болбойт ее кудай деген адамдар экен омурун берсин Алинин
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#2469 26 Февраль 2015 - 13:27
мен ишенем ушундай болушуна биздин айылда биронун эшеги тууганда кодикде арапча жазуусу менен болгон
#2470 26 Февраль 2015 - 14:33
уккандан уга элегин, коргондон коро элегин кооооп деген ушул да.................
....
#2471 26 Февраль 2015 - 15:00
ЖАРАТУУЧУ ЖАЛГЫЗ РОББИМ АЛЛАХ ТААЛАНЫН керемети!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#2472 26 Февраль 2015 - 16:11
"Денесине Курандын аяттары жазылган наристе" темасы менен бириктирилди.
#2473 13 Март 2015 - 22:12
Британияда бир аял суррогат жолу менен өз баласына бала төрөп берди
.
Англияда бир аял суррогат жолу менен өз уулуна бала төрөп берди. Бул тууралуу vkyrse.info булагы кабарлоодо.
.
Дүйнөлүк медицина тарыхында жашы ортологон аялдар өз кыздарына төрөй албаганына байланыштуу суррогат жолу менен төрөгөн ондогон фактылар бар. Бирок бул ирет бойдок баласына төрөгөн 52 жаштагы эне алгачкы ирет катталууда. Уулунун айтуусу боюнча, ал аябай балалуу болгусу келген, бирок үйлөнгүсү келбейт. Анда медициналык борбордун дарыгерлери, энесинин жатынына белгисиз донор- аял менен өз уулунун ортосунан жаралган эмбрионду салышкан.
Эми 20 жаштагы бойдок уулуна төрөгөн аял ортодо талашка жем таштады. Мындай адам кулагы укпаган окуяны Бириккен Улуу Британия Королдугунун Жогорку соту карап жатат. Жашы ортологон аялдын азырынча аты-жөнү айтылган жери жок.

Ак сөз, асыл ой, адал иш.
#2474 13 Март 2015 - 22:13
Дүйнөдөгү эн эле коркунучтуу кыйноолор
.
Орто кылымга таандык мезгилдеги эң коркунучтуу кыйноо кандай болгонун кыйноого колдонулган шаймандан эле байкаса болот
.
Кыйноо - бул эл аралык укукта иштелип чыккан аныктама боюнча, "кимдир бирөөдөн же үчүнчү бир жактан маалымат алуу же шек саналган адамдын кандайдыр бир ишти жасагандыгын мойнуна алуусу үчүн, ошондой эле кимдир бирөөнү же үчүнчү бир жакты коркутуп-үркүтүү же мажбурлоо үчүн денебоюн оорутуу же кыйноого салуу аркылуу расмий түрдө аракет кылган мамлекеттик кызмат адамдары же дагы башка жактар тарабынан жасалган же алардын айдагы же көрсөтмөсү же унчукпаган макулдугу боюнча жасалган басмырлоо мүнөзүндөгү баардык аракеттер. Мыйзамдуу санкция жасалган, ал санкциядан бөлүнбөн же кокустуктан келип чыккан кыйналуу-кысталуулар бул аныктамага кирбейт" (Кыйноого жана башка катаал, адамкерчиликсиз, адам беделине доо кетире турган мамиле менен жазаларга каршы 1984-жылкы конвенция). Азыркы мамлекеттердин конституциялары менен мыйзамдарында, анын ичинде КРде дагы, кыйноого тыюу салынган. КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча, кыйноо маалымат алуу же кылмышты мойнуна алдыруу максатында, жасаган же жасагандыгы тууралуу шек саналган кылмышы үчүн жазалоо, ошондой эле кандайдыр бир аракеттерди жасатуу максатында коркутуу жана мажбурлоо кызмат адамдары тарабынан же алардын макулдугу менен жасала турган болсо, анда андай аракет кызмат кылмыштарынын бир түрү болуп саналат.
.
Вилка Еретика каражаты
.
"Вилка Еретика" ыкмасы испандык иликтөө мезгилинде колдонулган. Анын иштөө механизими сыртынан эки жактуу кадимки вилкадай көрүнүп моюнга белгиленген. Мындай кыйноо ыкмасында адамдын өмүрүнө маанилүү органдарына сайылбай эле адамдын башын көпкө кармап турууга жөндөмдүү болгон. Адам башын кыймылдаткан учурда чыдагыс оору пайда болгондуктан кыймылдабай турууга туура келген. Ал эми убакыт өткөн сайын адамдын денеси жабыркап, инфекция киргенден улам каза табышкан.
.
Алмурут менен кыйноо
.
Бул кыйноо дагы эң эле коркунучтуу ыкмалардын бирине кирет. Маалыматтарга ылайык, бул кыйноого кабылган бир дагы адам тирүү калган эмес. Алмурутка окшогон калай каражаты кыйноого кабылган адамдын оозуна кекиртегине чейин салынган. Ичине киргенден кийин ар кандай органдарды жабыркатып өлүмгө жеткизген. Бул ыкма сойкулук менен алектенген айымдар жана гомосексуал эркектер үчүн колдонулган.
.
Келемиш менен коркутуу
.
Адамды жылаңычтап капаска салып, андан кийин ач келемишти киргизип коюшкан. Капас астынан ачылган. Келемиш ишине эртерээк киришсин деп, адамдын денесине көмүрдүн урпагын сээп коюшчу. Ысыктан кычкан келемиш өзүнө жол издеп адамдын денесин казып жиберчү. Кыйноого кабылган адам жан чыдагыс азап менен каза тапкан.
.
Иуда бешиги
.
Иуда бешиги ыкмасындагы кыйноо каражаты пирамидага окшош. Анын миздүү жерине жылаңач адамды отуругуп коюшчу. Акырындык менен мизи адамдын денесине тийип, ар кайсы жерин тилип турчу.
.
Темир селки
.
Бул кыйноо ыкмасы 1515- жылы белгилүү болгон. Ичинде көптөгөн лезвия жана мыкка окшогон нерселер бар. Суракка алуу учурунда колдонушкан. Адам эсин жоготконго лезвиялар тилип турган. Мындай кыйноо бир нече күнгө чейин созулган.
.
Төө шапкеси
.
Бул кыйноо ыкмасы күнөө кылган кулдарга карата колдонулган. Башына кийгизген соң ээн жерге алып барып таштап коюшчу. Чачы сыртка эмес ичине өсүп жан чыдагыс оору жараткан.
.
Чочко адам
.
Бул ыкма адамдарды коркутуш үчүн жасалчу. Адамдын бутун тизесине чейин, колдорун чыканагына чейин, тилдерин кесип жана көздөрүн сокур кылып коюшчу. Андан кийин өмүрүнүн акырына чейин чочколор кармалган жайга алып барып таштап коюшчу.

#2475 14 Март 2015 - 03:23
Баардыгы укмуш го. Чын эле шумдугун кургур экен
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#2476 22 Март 2015 - 23:37
Жолборс акуласынын эмбриондору энесинин курсагында согушат, акырында баарын жеп буткон бироосу гана туулат.
Адамдарды чиркейлердин ургаачылары гана чагышат экен. Анткени аларга тукум таштоо учун протеин керек болот.Чагар учурда бул чиркейлер адам тердегенде чыгуучу сут кислотасынын жытына багыт алышат. Ал эми эркектери гулдордун ширеси менен гана азыктанышат.

#2477 22 Март 2015 - 23:45
Козду ачып алып чучкуруу мумкун эмес ))).
Адам озунун чыканагын эч качан жалай албайт..
Бул тексти окугандардын дээрлик баары оздорунун чыканактарын жалоого аракет кылып корушкон.
Адам озунун чыканагын эч качан жалай албайт..
Бул тексти окугандардын дээрлик баары оздорунун чыканактарын жалоого аракет кылып корушкон.
#2478 23 Март 2015 - 02:27
АЯЛДАР 5 ТОННА ЖУКТУ КОТОРОБУ?
Статистика кызматындагылар уй жумушундагы аялдын бир жылдын ичинде канча жумуш аткаратургандыгын жазып журушкондо, 2 баласы куйосу бар аял бир жылдын ичинде 18 мин бычак жана айры кашык, 13 мин табак, 6 мин чыны 3 мин мискей жана кастрюл жууйт экен. Ал бул идмштерди жууп гана тим болбостон дастарконго коюп кайра жыйнайт. Ошентип аял бир жылда 5 тоннага барабар жукту ары-бери ташыйт.

#2479 23 Март 2015 - 03:08
Алжирде жашаган Хинд аттуу 23 жаштагы кыздын козунон эки айдан бери токтобой кан агат. Мындай корунушко тан калган дарыгерлер кызда эчкандай оору сыркоонун болбононун айтышты.
Укуктануу болумундо окуган жаш кызды туйшуко салган бул окуя ал олкодогу банктардын биринде практикадан отуп жаткан мезгилде, 31- декабрда башталган. Ошол кундон тартып кээде тамчылап кээде сызылып аккан кан токтой элек. Айтылгандарга карараганда кыздын козу канай баштаганда жагымдуу жыттанып турат экен. Алжирдеги неврологдор жана офтальмологдор кыздын козунон эч кандай сыркоо таба алышкандыгын айтышты.
Хинд Сауд-Аравиянын борбору Эр-Рияд шаарында жайгашкан король Халид атындагы ооруканага чакырылды. Ошону менен катар эле жаш кыз коптон бери коксоп жургон Меккеге да барып зыярат кылып келмекчи .

#2480 27 Март 2015 - 09:35
Чоңдор үчүн бала бакча ачылды
.
Нью-Йорк шаарында чоңдор үчүн бала бакча ачылды. Бул тууралуу Корреспондент. net булагы кабарлоодо.
.
Андагы тарбиялануучулар юрист, программист жана жазуучу сыяктуу ар кайсы кесиптин ээлери. Аларга түрлүү сүрөт тартуу, кагаздарды жабыштыруу жана жарышма оюндары ойнотулууда. Бала бакчага калуу мөөнөтү тарбиялануучулардын каражат төлөгөнүнө жараша болот. Кардарлар айына 333 доллардан 990 долларга чейин акы төлөшөт. Чоңдордун алгачкы бала бакча тобунда 6 киши катышууда. Аларга балдардын кадимки программасы түзүлгөн. Балдар сыяктуу түштөн кийинки уктоо сааты жана тамактануулары түзүлгөн. Буга кошумча ата-энелердин жыйыны өткөрүлүп, ага эки жоопкерчиликтүү киши келтириши керек.
Бул долбоордун түзүүчүлөрүнүн айтымында, чоңдор аз убакыт болсо да ичиндеги бала сезимин сыртка чыгаруусу керек деп эсептешет. Ошондо чоңдор өздөрүн ишенимдүү сезип, убактыларын жакшы өткөрүүгө үйрөнүшөт.