Рахмат Топчубай ага ,болса дагы илин.
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#2562 19 May 2015 - 11:34
Немис окумуштуулары көрүнбөс плащ ойлоп табышты
Немис окумуштуулары көрүнбөс плащ ойлоп табышты. Ал аны кийип жүргөн адамды башка көздөрдөн сактайт, деп билдирет The Independent.
Маалым болгондой, окумуштуулар алгач анча чоң эмес объекттерди жашыра турган куту жасап чыгышкан. Куту үстү жайылып кетүүчү боек менен жабылган каптаманын негизинде көрүнбөй калган.
Кийинчерээк окумуштуулар көрүнбөс плащ жасашкан. Алардын айтымында, аны кыймыл учурунда өтө күчтүү эмес жарыктандыргычтын (фонарик) жардамы жана өтө жарык эмес бөлмөдөн көрүүгө болот.
Бул жаңы ойлоп табуу кийинки жумада Калифорнияда өтө турчу конференцияда тааныштырылат.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#2563 19 May 2015 - 11:38
Футболчу Лионель Месси жакында экинчи жолу ата болот
Испаниялык «Барселонанын» жана Аргентина курамасынын чабуулчусу Лионель Месси өзүнүн Instagram баракчасында,
жакында экинчи жолу ата болоорун жазды.
«Сени бул жарыкта абдан күтүп жатабыз! Тьяго, апаң жана атаң сени жакшы көрөт», - деп жазган Месси социалдык тармактагы баракчасына.
Жубайлар төрөлүүчү ымыркайдын кыз же эркек экенин айтпай турууну чечишкен.
Баланын энеси 28 жаштагы аргентиналык айым Антонелла Роккуццо. Аны менен Месси бала кезинен бери тааныш, жана 2009-жылы экөө жолугуша баштаган.
Жарандык нике менен жашап жатышкан Лео менен Антонелланын 2012-жылы тун уулу - Тьяго төрөлгөн. Футболчу сол бутуна биринчи баласынын сүрөтүн жана анын ысымын тарттырган.
Испаниялык «Барселонанын» жана Аргентина курамасынын чабуулчусу Лионель Месси өзүнүн Instagram баракчасында,
жакында экинчи жолу ата болоорун жазды.«Сени бул жарыкта абдан күтүп жатабыз! Тьяго, апаң жана атаң сени жакшы көрөт», - деп жазган Месси социалдык тармактагы баракчасына.
Жубайлар төрөлүүчү ымыркайдын кыз же эркек экенин айтпай турууну чечишкен.
Баланын энеси 28 жаштагы аргентиналык айым Антонелла Роккуццо. Аны менен Месси бала кезинен бери тааныш, жана 2009-жылы экөө жолугуша баштаган.
Жарандык нике менен жашап жатышкан Лео менен Антонелланын 2012-жылы тун уулу - Тьяго төрөлгөн. Футболчу сол бутуна биринчи баласынын сүрөтүн жана анын ысымын тарттырган.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#2564 19 May 2015 - 11:40
Түштүк Африкалык мырза сүйлөшкөн кызынын көңүлдөшүн өлтүрүп, жүрөгүн жеп салган
Түштүк Африка Республикасынын соту сүйүктүүсүнүн көңүлдөшүн өлтүрүп, анын жүрөгүн жеп алган адамды 18 жылга камакка алды. Бул тууралуу Reuters маалымдайт.
Зимбабвелик 35 жаштагы Эндрю Чимбоза өзү жакшы көргөн айымдын көңүлдөшүн 2014-жылдын июнь айында Гугулету айылында өлтүргөн.
Мырза өзүнүн «башкарууга мүмкүн болбогон ачуусун» моюнуна албай, өкүнбөй тургандыгын билдирген. Психиатриялык экспертиза Чимбозанын дени сак экендигин көрсөттү.
Чимбоза психиатрга сүйлөшкөн кызы аны адам өлтүрүүгө мажбур кылып, өлтүрүлгөн адамдын жүрөгүн алып келип, өлтүрүү фактысын далилдөөсүн талап кылган.
Түштүк Африка Республикасынын соту сүйүктүүсүнүн көңүлдөшүн өлтүрүп, анын жүрөгүн жеп алган адамды 18 жылга камакка алды. Бул тууралуу Reuters маалымдайт.
Зимбабвелик 35 жаштагы Эндрю Чимбоза өзү жакшы көргөн айымдын көңүлдөшүн 2014-жылдын июнь айында Гугулету айылында өлтүргөн.
Мырза өзүнүн «башкарууга мүмкүн болбогон ачуусун» моюнуна албай, өкүнбөй тургандыгын билдирген. Психиатриялык экспертиза Чимбозанын дени сак экендигин көрсөттү.
Чимбоза психиатрга сүйлөшкөн кызы аны адам өлтүрүүгө мажбур кылып, өлтүрүлгөн адамдын жүрөгүн алып келип, өлтүрүү фактысын далилдөөсүн талап кылган.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#2565 19 May 2015 - 11:47
вай э адамдан откон мыкаачы жок да
Сенин суйуун ,Менин Ар намысымдын алдында (made in China)
#2566 19 May 2015 - 11:53
Сауд Аравиясынын жашоочулары быйыл рекорддук узак убакыт орозо кармашат
Сауд Аравиясынын жашоочулары быйыл рекорддук узак убакыт орозо кармашат — күнүнө 15 саат 15 мүнөт. Бул тууралуу Планетарийдин илимий кызматкери Ибрагим аль Джарван билдирди.
Окумуштуунун айтымында, быйыл, 2015-жылы орозо акыркы 32 күн жана 33 ай жылындагы эң узун болуп эсептелет.
Ошондой эле, Аль-Джарван орозо убактысынын 2018-жылга чейин көбөйөрүн жана андан соң кайра азаярын билдирди, деп жазат ислам маалымат булактары.
Сауд Аравиясынын жашоочулары быйыл рекорддук узак убакыт орозо кармашат — күнүнө 15 саат 15 мүнөт. Бул тууралуу Планетарийдин илимий кызматкери Ибрагим аль Джарван билдирди.
Окумуштуунун айтымында, быйыл, 2015-жылы орозо акыркы 32 күн жана 33 ай жылындагы эң узун болуп эсептелет.
Ошондой эле, Аль-Джарван орозо убактысынын 2018-жылга чейин көбөйөрүн жана андан соң кайра азаярын билдирди, деп жазат ислам маалымат булактары.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#2567 19 May 2015 - 11:56
Индонезияда дүйнөлүк коомчулуктун каршылыгына карабастан 8 адам өлүм жазасына тартылды
Индонезиянын ЖМКлары маалымдагандай,
баңги затын мыйзамсыз ташыган 7 чет өлкөлүк жана Индонезиянын бир жараны эл аралык укук коргоо уюмдарынын жана дүйнөлүк лидерлердин каршылыгына карабастан өлүм жазасына тартылды.
Маалым болгондой, ал 8 адам кечээ, 28-апрелде эртең менен атылды. Алардын арасында 4 африкалык, 2 австралиялык жана 1 бразилиялык жаран бар.
Өлүм жазасынын аткарылгандыгы тууралуу расмий билдирүү жасала элек. Бирок Индонезиянын прокурору ушундай эле айып менен өлүм жазасына тартылган Филиппиндин жаранын өлүм жазасына тартуу жылдырылганын айтты.
Ишемби күнү Индонезиянын бийлиги 9 адамды өлүм жазасына тартуу 72 сааттан кийин аткарыларын маалымдаган. Бул маалыматтан кийин БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Индонезияга өлүм жазасынан баш тартууну жана президент Джоко Видодону буга мароторий киргизүү жолун карап чыгууну сунуштаган.
2014-жылы октябрь айында бийликке келген президент Видодо баңги затына байланыштуу кылмыштарга карата өлүм жазасын жактап, баңги заты өлкөгө чоң көйгөй жаратарын билдирет. Индонезияда баңги заттарын мыйзамсыз саткандар өлүм жазасына тартылат.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#2568 19 May 2015 - 11:59
«Боко Харам» согушчандар тобу аталышын өзгөрттү
«Боко Харам» тобу аталышын «Ислам мамлекетинин Батыш африкалык провинциясы» (Islamic State's West Africa Province, ISWAP) деп өзгөрттү. Бул тууралуу The Independent маалымдайт.
Басылма маалымдагандай, бул өзгөрүүнү согушчандар Карамга аралына чабуул жасоо менен белгилешти. Кагыш ишемби күнү болуп, 10 моторлуу каноэ менен келген исламисттер гарнизон менен кагышкан. Аскер кызматкерлери оор жоготууларга дуушар болушту.
Топтун лидери Абубакар Шекау көптөгөн мамлекеттерде тыюу салынган «Ислам мамлекетине» ишенимдүү калышарына март айында эле убада берген, бирок аталыш алардын барактарында эми гана пайда боло баштады.
«Боко Харам» тобу аталышын «Ислам мамлекетинин Батыш африкалык провинциясы» (Islamic State's West Africa Province, ISWAP) деп өзгөрттү. Бул тууралуу The Independent маалымдайт.
Басылма маалымдагандай, бул өзгөрүүнү согушчандар Карамга аралына чабуул жасоо менен белгилешти. Кагыш ишемби күнү болуп, 10 моторлуу каноэ менен келген исламисттер гарнизон менен кагышкан. Аскер кызматкерлери оор жоготууларга дуушар болушту.
Топтун лидери Абубакар Шекау көптөгөн мамлекеттерде тыюу салынган «Ислам мамлекетине» ишенимдүү калышарына март айында эле убада берген, бирок аталыш алардын барактарында эми гана пайда боло баштады.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#2569 19 May 2015 - 12:01
Орусиялык хакерлер АКШнын президенти Барак Обаманын почтасын талкалышты
Орусиялык хакерлер АКШнын президенти Барак Обаманын почтасын талкалышты.
Бул тууралуу ЖМКларга Ак үйдөгү расмий булактар маалымдаган.
Бул маалыматты CNN да тастыктайт.
2014-жылы Ак үйдүн компьютерлерине кирген хакерлер орусиялыктар болуп чыкты, деп жазат The New York Times. Алар америкалык президенттин жазышууларына түз кире алышкан, бирок Ак үй менен АКШнын Мамлекеттик департаментинин корголгон системасына кире алышкан эмес. Обаманын почтасынын талкалангандыгы үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде белгилүү болгон.
Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз кызматкери Дмитрий Песков америка бийлиги бардык көйгөйлөрүнө Орусияны күнөөлөй берерин айтып, алар үчүн бул «спорттун бир түрү» сыяктуу болуп калганын билдирди.
Орусиялык хакерлер АКШнын президенти Барак Обаманын почтасын талкалышты.
Бул тууралуу ЖМКларга Ак үйдөгү расмий булактар маалымдаган.
Бул маалыматты CNN да тастыктайт.
2014-жылы Ак үйдүн компьютерлерине кирген хакерлер орусиялыктар болуп чыкты, деп жазат The New York Times. Алар америкалык президенттин жазышууларына түз кире алышкан, бирок Ак үй менен АКШнын Мамлекеттик департаментинин корголгон системасына кире алышкан эмес. Обаманын почтасынын талкалангандыгы үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде белгилүү болгон.
Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз кызматкери Дмитрий Песков америка бийлиги бардык көйгөйлөрүнө Орусияны күнөөлөй берерин айтып, алар үчүн бул «спорттун бир түрү» сыяктуу болуп калганын билдирди.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#2570 19 May 2015 - 12:05
Кытайлык такси айдоочу 20 миң жүргүнчүсү менен селфи сүрөткө түшкөн
Кытайдын Шэньян шаарындагы Тэн аттуу (фамилиясы
) эң позитивдүү такси айдоочуну округдагылардын баары таанышат.
Ал, ар бир жүргүнчүсү менен селфи сүрөткө түшүү менен атагы чыкты. 3 жыл ичинде ал 20 миң жүргүнчүсү менен 30 миң сүрөт кылган.
Ар бир түшкөн сүрөтүн Weibo социалдык тармагына (Twitter'дин кытайлык варианты) жүктөй берген. Жана ар биринин астына «Жылмаюу - бул дүйнөдөгү мыкты тил» деген жазууну калтырган.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#2571 19 May 2015 - 12:26
Кыргызстан «бактылуу өлкөлөрдүн» тизмесинен 77-орунду ээледи, Өзбекстан 44, Казакстан 57-орунда турат
Түркмөнстан жана Кыргызстан АКШнын Колумбия университетинин социологу тарабынан БУУнун колдоосунда жарыяланган Бактылуу өлкөлөр индексинде (World Happiness Report) 70 жана 77-орундарды алышты.
Долбоордун алкагында дүйнөнүн 158 өлкөсүн бир катар көрсөткүчтөр боюнча салыштырып көрүшкөн. Бул өлкөлөр жарандарынын жашоо деңгээли жана жашоого канааттануусуна ылайык тандалды.
Ар бир өлкөгө ар бир адамга туура келген ИДП үчүн, социалдык колдоо деңгээли (адам оор акыбалда таянары барбы), адамдын орточо жашоо узактыгы, жеке эркиндик деңгээли, жоомарттык жана филантропия деңгээли, коррупцияны кабыл алуусу, кубаныч жана тынчсыздануу себептерине баа берилген. Индекс 2012-2014-жылдардагы маалымат базасынын негизинде түзүлдү.
Түркмөнстан 5.548 упай, Кыргызстан 5,286 упай алган.
Орто Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 44-орунду (6,003 упай), Казакстан 57-орунду (5.855 упай), Тажикстан 106-орунду (4.786 упай) ээледи.
Индекске ылайык, эң бактылуу өлкө болуп 7,587 упай топтогон Швейцария эсептелет. Андан соң Исландия (7,561), Дания (7,527) жана Норвегия (7,522) турат.
Ал эми дүйнөнүн эң бактысыз өлкөлөрү деп Сирия, Бурунди (Чыгыш Африка) жана Того (Батыш Африка) табылды.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#2572 19 May 2015 - 12:28
Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы директорун көңүлдөшүнө жашыруун маалыматты бергендиги үчүн соттошту
Түндүк Каролина штатынын Шарлотт шаарында Федералдык сот Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы директору Дэвид Петреусту көңүлдөшүнө жашыруун маалыматты бергендиги үчүн 2 жылга шарттуу түрдө айыптады. Бул тууралуу кечээ, 23-апрелде Associated Press билдирди.
Ошондой эле, Петреус 100 миң доллар суммасында айып пул төлөшү керек. Чалгындоонун мурдагы башчысы буга чейин тергөө менен макулдашууга барып, күнөөсүн толугу менен моюнуна алды жана өзүнүн аракеттери үчүн кечирим сурады.
Дэвид Петреус 37 жылдан ашуун АКШнын куралдуу күчтөрүндө иштеди. 2011-жылдын сентябрь айында ал Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалган. 2012-жылдын ноябрь айында өзүнүн биографы Поло Бродвелл менен никесиз байланыштарынан улам отставкага берген. 2015-жылдын январь айында Петреусту анын биографиясын жазган Бродвеллге жашыруун тыңчылардын ысымдары, согуштун стратегиясы жана генералдын АКШнын президенти Барак Обама менен сүйлөшүүлөрү камтылган Ооганстандагы операциялар жөнүндө документти бергендиги үчүн айыпталган.

#2573 19 May 2015 - 12:39
300 жыл бою мусулмандардан башка эч ким кире албаган шаар (фоторепортаж)
Харар (Харэр) — бул таш дубалдар менен курчалган мечиттердин жана кооз сырдалган базарлардын шаары, мусулман илиминин жана мектептеринин борбору. Эфиопиядагы башкы ислам шаары.
Көп кылымдар бою Харар аркылуу соода кербендери жүргөн, ал чыгыш Африканы араб дүйнөсү менен байланыштырып турган. Харардын өнүгүүсү XVI кылымга туш келет, анда шаар азыркы чыгыш Эфиопиянын көп бөлүгүн өзүнө камтыган чоң аймакты ээлеген көз карандысыз сомалилик Адал султанатынын борбор калаасы болгон.
Бирок убакыттын өтүшү менен Адал өзүнүн позициясын жоготуп, азыр тескерисинче, Харарды Эфиопия көзөмөлдөйт.
Акыркы 400 жылдан бери Джугол деп аталган шаардын эски бөлүгү коңшулардын жортуулдарынан коргонуу үчүн курулган төрт метрлик дубалдар менен курчалган.
2006-
жылы Джугол өзүнүн 82 мечити менен ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.
Ошондой эле, белгилей кетүүчү нерсе, 300 жыл бою мусулман эместерге шаарга кирүүгө тыюу салынган.
Бул жактагы салт боюнча, шаардын жашоочулары үйлөрүнүн дубалдарын ар кандай ачык түстөргө боёшот.
Үйлөр үч типте салынган, алардын айрымдары Кызыл Деңиздин жээгиндеги араб шаарларынын салттуу архитектурасын элестетет. Үйлөрдүн дубалдарын чоң чуңкур табактар жана өрүлгөн себеттер кооздоп турат.
Үй чөөлөрү — Харардын дагы бир өзгөчөлүгү.
Туристтер бул жакка жүрөк үшүн алган аттракцион — гиеналарга түн ичинде тамак берүү үчүн да келишет.
Харар (Харэр) — бул таш дубалдар менен курчалган мечиттердин жана кооз сырдалган базарлардын шаары, мусулман илиминин жана мектептеринин борбору. Эфиопиядагы башкы ислам шаары.
Көп кылымдар бою Харар аркылуу соода кербендери жүргөн, ал чыгыш Африканы араб дүйнөсү менен байланыштырып турган. Харардын өнүгүүсү XVI кылымга туш келет, анда шаар азыркы чыгыш Эфиопиянын көп бөлүгүн өзүнө камтыган чоң аймакты ээлеген көз карандысыз сомалилик Адал султанатынын борбор калаасы болгон.
Бирок убакыттын өтүшү менен Адал өзүнүн позициясын жоготуп, азыр тескерисинче, Харарды Эфиопия көзөмөлдөйт.
Ошондой эле, белгилей кетүүчү нерсе, 300 жыл бою мусулман эместерге шаарга кирүүгө тыюу салынган.
Үйлөр үч типте салынган, алардын айрымдары Кызыл Деңиздин жээгиндеги араб шаарларынын салттуу архитектурасын элестетет. Үйлөрдүн дубалдарын чоң чуңкур табактар жана өрүлгөн себеттер кооздоп турат.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#2574 19 May 2015 - 13:13
Техаста байкерлердин жаңжалы 9 адамдын өмүрүн алды
АКШнын Техас штатында байкерлердин бандаларынын ортосунда чыккан жаңжалдын кесепетинен 9 адам каза болуп, 17си жарадар болду. Бул тууралуу кечээ, 17-майда жергиликтүү KWTX каналы полицияга шилтеме берип билдирди.
Окуя 35 чоң көчөсүндөгү соода түйүнүндө түш ченде болгон. Полициянын өкүлү Патрик Суонтон маалымдагандай, бири-бирине душман байкерлер бандасынын ортосундагы жаңжал ресторанда башталган. Андан соң алар унаа токтотуучу жайга келишкен. Жаңжалдын жүрүшүндө чынжыр, дубинка, бычак жана ок атуучу курал колдонулган.
8 адам окуя болгон жерде көз жумуп, бирөө ооруканадан жан берген. Жаңжал болгон жерден 100 даанадан ашуун куралдар табылды. Ок атууга шектелип, бир нече адам кармалды.
Суонтон белгилегендей, полицияда бандалар ортосундагы чыр тууралуу, ошондой эле алардын чогуларын да билишкен. Ок атуу башталганда тартип сакчылары ресторанда болушкан, бирок аны убагында токтото алышкан эмес.
Аталган факт боюнча тергөө амалдары башталды.

#2575 19 May 2015 - 13:14
Техаста бандалардын жаңжалынан улам дээрлик 200 адам камалды
АКШнын Техас штатында 17-майда Уэйко шаарынын барларынын биринде болгон байкер бандаларынын жаңжалына катышы бар деп 192 адам кармалды.
Reuters маалымдагандай, жаңжалдын кесепетинен 9 адам мерт кетип, 18и жарадар болгон.
Кармалгандарга уюшкан кылмыштуу топко катышкандыгы үчүн айып тагылышы мүмкүн.
Полиция маалымдагандай, Техастын Алкоголдук ичимдиктер боюнча комиссиясы жергиликтүү тургундарга коркунуч жаратып жаткан шаардын соода түйүнүндө жайгашкан Twin Peaks спорт-барын кеминде 7 күнгө жабат. Комиссия жеке изилдөөсүн жүргүзүүдө жана кошумча чараларды көрүшү мүмкүн.
Уэйко полициясынын расмий өкүлү Патрик Суонтон байкерлердин атышуусунан кийин укук коргоо кызматкерлерине да коркутуулар боло баштагандыгын белгиледи.
Уэйко шаарындагы Twin Peaksте 17-май күнү бири-бирине кас байкерлер тобунун ортосунда башталган. Алар унаа токтотуучу жайга барышып, чынжырлар, дубинкалар, бычактар жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен мушташа кетишкен.
Полиция кызматкерлери бандалар ортосундагы чыр тууралуу, ошондой эле алардын чогуларын да билишкен. Ок атуу башталганда тартип сакчылары ресторанда болушкан, бирок аны убагында токтото алышкан эмес. Жаңжал болгон жерден 100 даанадан ашуун куралдар табылган.

#2576 19 May 2015 - 13:17
Түркияда ыр сынагынын катышуучусун башына атып кетишти
Түркияда 19 жаштагы ырчы Мутлу Кая телеберүүдөгү музыкалык сынакка катышууга макул болгондугу үчүн башына атып кетишти. Hurriyet Daily News маалымдагандай,
кыз оор абалда оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.
Окуя кечээ, 18-майда саат 03:30 чамасында өлкөнүн түштүгүндөгү Диярбакыр провинциясында болгон. Кол салган адам ал кыз жашаган үйдүн бакчасына кирип, анын уктоочу бөлмөсүнүн терезесинен аткан. Ок Мутлу Каянын башына тийген. Ырчынын атасынын айтымында, ал учурда кызы номерин даярдап жаткан, деп билдирет BBC News.
Кол салган адам кармалып, сурак берүү үчүн полиция бөлүмүнө жеткирилген. Анын аты-жөнү айтылган эмес. Бир катар ЖМКлар маалымдагандай, ырчы ыр сынагынын тандоо турунан өткөндөн тарта коркутуулар боло баштаган.

#2577 22 May 2015 - 15:36
Гуамда кыз бойдон турмушка чыгууга тыюу салынат
АКШынын айрым штаттарында заманбап коом үчүн жат көрүнгөн мыйзамдар бар. Бирок ал мыйзамдардын арасында маанилүүлөрү да жок эместигине сексологдор ынанышты. Колорадо штаты
Бул жерде уктап жаткан аялды өбүүгө тыюу салынат. Мындай мыйзам баардык түгөйлөргө тиешелүү. Эгер күйөөсү уктап жаткан аялын өпсө, анда аялы жолдошун сотко берүүгө укуктуу.
Сексологдун комментарийи:
- Бул мыйзам айымдардын эс алуусуна күрөшкөн Колорадонун феминисткаларынын конгрессинде кабыл алынган. Баары туура: эгер аял уйкусу келип жатса, ага күйөөнүн кереги жок. Уйкусу кангандан кийин го мейли… Эгер аялына башка эркек менен эротикалык түш кирип жатсачы? Дал ушундай учурда аялын күйөөсү өбүп жатканда аялы чоочуп ойгонуп кетсе, нервдик стресске да кабылышы толук ыктымал. Андыктан медициналык көз караш менен бул өтө гумандуу мыйзам.
Коннектикут штаты
Ишемби күнү түгөйлөрдүн милдеттери аткарылбайт. Бул күнү түгөйлөр мыйзамга таянып эч бир милдетин аткарбай коюшса болот.
Сексологдун комментарийи:
- Жашоонун мындай образын еврейлер алып жүрүшчү. Ишемби күн алар үчүн – ыйык майрам болуп саналат. Дал ушул күнү түгөйлөр бир да милдетке баш ийишпейт. Бирок, тилекке каршы бул мыйзамды учурда баары колдонушпайт.
Алабама штаты
Айымдарга лакталган бут кийим кийүүгө тыюуу салынган. Себеби, мындай бут кийимден айымдардын юбкасынын ичиндеги ич киийм чагылып калат.
Сексологдун комментарийи:
- Бул мыйзам ич кийимди демонстрациялоодон кооптонулуп чыгарылган. Алабама ысык климаттуу штат болгондуктан, ал жакта айымдар кээде юбканы ич кийимсиз деле кийип жүрө беришет. Ушундай айым лакталган бут кийим кийип алса, өзүңүз элестете бериңиз… Ушул эле мыйзам лакталган бут кийимдер модага айланган башка штаттарда да кабыл алынган.
Невада штаты
Түгөйлөрдүн мас учурунда төшөк кумарына батуусуна тыюу салынган.
Сексологдун комментарийи:
- Туура, мас абалда төшөк кумары эмес, автоунаа айдоого да болойт. Себеби, мас абалда кошулган түгөйлөрдөн дени сак эмес наристелер төрөлөөрү чын. Дени сак коом үчүн деген максатты көздөп ушундай мыйзам кабыл алынган.
Аляска штаты
Кардын үстүндө кумарга батууга тыюу салынган.
Сексологдун комментарийи:
- Эми бул мыйзам туурасында баары эле белгилүү болсо керек. Аляска эң суук штат болуп саналат. Ошондуктан бул жерде кардын үстүндө кумарга батуу экстрим эмес, а өзүн өзү өлтүрүү болсо керек. Бул туурасында жергиликтүү калктын маалыматы бар. Бирок бул мыйзам туристтер үчүн кабыл алынган. Себеби, дал ошол эч нерседен кабары жок туристтер ушундай жолго барышат.
Гуам штаты
Турмушка кыз бойдон чыгууга тыюу салынат.
Сексологдун комментарийи:
- Мындай байыркы салт жөн жерден чыккан эмес. Себеби, кыздык белгини тажырыйбалуу эркекке берүү менен кыз медицинанын көз карашында керектүү тажрыйба ала алат. Мындай жол өнүккөн коомдоогу көпчүлүк жаш жубайлар бир топ маселелерден арыла алышат. Бул нерсенин чындыгы да бар, бирок биздин көз караш менен жапайы эле көрүнөт экен.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#2578 22 May 2015 - 15:37
7 планетанын 7 күндөгү адамдарга берген таасирлери
Дүйшөмбү (1-күн) күнүндө ай планетасы адамдарга чоң таасир берет.Бул күнү биздин сезимталдык (эмоционалдык) абалыбыз өтө эле тез тез өзгөрүп турат экен. Ошондуктан бул күнү маанилүү жолугушууларды токтото туруубуз зарыл. Анткени, көп катачылыкты кетирип коюшубуз ыктымал. Ал эми кимдир бирөөлөрдүн сезе билгичтиги (интуиция) күчтүү өнүккөн болсо, ал киши ар убакта өзүн-өзү тыңшап жүрөт. Ошондой эле эң зарыл болгон маалыматтарды бере алат.
Шейшемби (2-күн) Марс планетасы колдойт. Бул күнү эң маанилүү деген иштерди чечсе болот, ар кандай келишимдерге кол койсо болот. Эгер чөйрөңдөгү адамдардын көпчүлүгү агрессивдүү болуп жүрүшсө, анда өзүңдү-өзүң токтоо кармап башкалардын кыжырына тийбөөгө аракет кылышың керек.
Шаршемби (3-күн) Меркурий планетасынын тийгизген таасири зор болот экен. Ал күнү жаңы маалыматтарды топтоого же жаңы тажрыйбаларды үйрөнүүгө болот. Ошону менен бирге өзүң билгендерди башкаларга билдирүүгө, келишимдерге кол коюга ылайыктуу күн экен. Меркурий планетасы көп сүйлөгөн адамдарды жактырбайт. Ошондуктан иште дайыма тилиңе сак болуп жүрүшүң керек.
Бейшемби (4-күн) күндүн колдоочу планетасы Юпитер. Бул күнү жетекчилериң менен жайынча аңгемелешсең болот. Эл алдына чыгып сүйлөөгө жана ар кандай массалык иштерди уюштуруп өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп турган күн.Эгерде ишиңди башка бирөө туура эмес чечип койсо, бул маселе боюнча бейшемби күнү сотко кайрылсаң ийгиликке жетишесиң. Бирок келишимдерге кол койбоо керек. Анткени, кийин өкүнүп калууң мүмкүн.
Жума (5-күн)Венера планетасынын күнү. Бул күндө романтикалуу иштерди жүргүзсө болот. Таанышууга, никеге турууга, чыгармачылык иштерди алдыга жылдырууга эң оңтойлуу күн. Бул күнү ашыкча тамак ичпе, себеби денеңе жагымсыз болуп калышы мңмкүн.
Ишемби (6-күң) күнүн Сатурн планетасы коштоп жүрөт. Ушул күнү медитация жасоого жана аткарылуучу иштин аягына чыгууга ылайыктуу күн. Эгерде кыймылсыз мүлктүн документтерин толтурайын десеңиз же жаңы үйдүн пайдубалын тургузайын десеңиз ушул күнү баштасаңыз болот. Бул күнү мүнөздөп тамак ичип, ашыкча сүйлөбөган жакшы, алыс жолго чыгууга болбойт.
Жекшемби (7-күн) күндүн планетасы Күн. Бул күнү жаңы долбоор боюнча ишке киришсеңиз болот. Жаңыдан таанышууларды жүргүзө бериңиз. Себеби, дүйшөмбү күндүн сезгичтиги, шаршембинин акылынын тереңдиги сени коштоп турат. Оор чечимдерди кабыл ала турган болсоң бул күнү жети өлчөп бир кесүүң керек.
Дүйшөмбү (1-күн) күнүндө ай планетасы адамдарга чоң таасир берет.Бул күнү биздин сезимталдык (эмоционалдык) абалыбыз өтө эле тез тез өзгөрүп турат экен. Ошондуктан бул күнү маанилүү жолугушууларды токтото туруубуз зарыл. Анткени, көп катачылыкты кетирип коюшубуз ыктымал. Ал эми кимдир бирөөлөрдүн сезе билгичтиги (интуиция) күчтүү өнүккөн болсо, ал киши ар убакта өзүн-өзү тыңшап жүрөт. Ошондой эле эң зарыл болгон маалыматтарды бере алат. Шейшемби (2-күн) Марс планетасы колдойт. Бул күнү эң маанилүү деген иштерди чечсе болот, ар кандай келишимдерге кол койсо болот. Эгер чөйрөңдөгү адамдардын көпчүлүгү агрессивдүү болуп жүрүшсө, анда өзүңдү-өзүң токтоо кармап башкалардын кыжырына тийбөөгө аракет кылышың керек.
Шаршемби (3-күн) Меркурий планетасынын тийгизген таасири зор болот экен. Ал күнү жаңы маалыматтарды топтоого же жаңы тажрыйбаларды үйрөнүүгө болот. Ошону менен бирге өзүң билгендерди башкаларга билдирүүгө, келишимдерге кол коюга ылайыктуу күн экен. Меркурий планетасы көп сүйлөгөн адамдарды жактырбайт. Ошондуктан иште дайыма тилиңе сак болуп жүрүшүң керек.
Бейшемби (4-күн) күндүн колдоочу планетасы Юпитер. Бул күнү жетекчилериң менен жайынча аңгемелешсең болот. Эл алдына чыгып сүйлөөгө жана ар кандай массалык иштерди уюштуруп өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп турган күн.Эгерде ишиңди башка бирөө туура эмес чечип койсо, бул маселе боюнча бейшемби күнү сотко кайрылсаң ийгиликке жетишесиң. Бирок келишимдерге кол койбоо керек. Анткени, кийин өкүнүп калууң мүмкүн.
Жума (5-күн)Венера планетасынын күнү. Бул күндө романтикалуу иштерди жүргүзсө болот. Таанышууга, никеге турууга, чыгармачылык иштерди алдыга жылдырууга эң оңтойлуу күн. Бул күнү ашыкча тамак ичпе, себеби денеңе жагымсыз болуп калышы мңмкүн.
Ишемби (6-күң) күнүн Сатурн планетасы коштоп жүрөт. Ушул күнү медитация жасоого жана аткарылуучу иштин аягына чыгууга ылайыктуу күн. Эгерде кыймылсыз мүлктүн документтерин толтурайын десеңиз же жаңы үйдүн пайдубалын тургузайын десеңиз ушул күнү баштасаңыз болот. Бул күнү мүнөздөп тамак ичип, ашыкча сүйлөбөган жакшы, алыс жолго чыгууга болбойт.
Жекшемби (7-күн) күндүн планетасы Күн. Бул күнү жаңы долбоор боюнча ишке киришсеңиз болот. Жаңыдан таанышууларды жүргүзө бериңиз. Себеби, дүйшөмбү күндүн сезгичтиги, шаршембинин акылынын тереңдиги сени коштоп турат. Оор чечимдерди кабыл ала турган болсоң бул күнү жети өлчөп бир кесүүң керек.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#2579 22 May 2015 - 15:40
Балдар тууралуу эң кызыктуу фактылар
Балдар тууралуу эң кызыктуу фактыларды айтып бермекчибиз.
Эң...Эң...Эң...
Эң жаш хан
Англиялык хан Генрих VI 1422-жылдын 1-сентябрында тогуз айында такка олтурган.
Эң көп балалуу ата
Марокколук султан Исмаил дүйнө жүзү боюнча эң көп балалуу ата болуп эсептелет. Камкор ата 548 уулун жана 340 кызын тарбиялайт.
Эң акылдуу бала
Ганеш Ситам-палам ааламдагы эң акылдуу бала деп айтылат. Жети жашар бала сабактардын баарын дароо эле өздөштүрүп коёт. Мындай деңгээли менен ал 13 жашында бакалавр даражасына жетсе болот.
Эң жаш музыкант
Вольфганг Амадей Моцарт 3 жашында музыка жазып баштаган.
Эң көп төрөлгөн Кытайдагы уул балдардын тагдыры
Кытайда эл өтө эле көп болуп, аймагында батпай бараткандыктан ата-энелерге бир балалуу болгонго гана уруксат берилет. Жыйынтыгында болсо кытайлыктар: “бир балалуу болгонго жараша уулдуу болгонубуз жакшы” дешип, УЗИ кыз баланы көрсөткөн учурда көпчүлүгү боюнан алдырып салуу адаты салтка айланып кеткен. Азыр ошондуктан Кытайда аялдардын жетишсиздик коркунучу күч алган. Алар эркектерге караганда 20 миллионго аз.
Эң жаш өспүрүм ата-эне
Эң жаш ата-эне 8 жана 9 жаштагы өспүрүмдөр болушкан. Алар 1910-жылы Кытайда жашашкан.
Башка улуттардан бир жашка улуу корей балдары
Кореяда бала тогуз айга чыкканда эле жаш берип коюшат. Ошондуктан алар башка өлкөлөрдүн балдарынан дайыма бир жашка улуу.
Эң көп төрөлгөн эм балдар
Нигерияда эм балдар абдан көп төрөлөт. Бир учурда эле 11 эм бала төрөлөт (жалпы 22).
Японияда да эм кыздар көп төрөлөт. Бир учурда 250 төрөт болот.
Эң эски оюнчук
Археологдордун тапкан оюнчуктарынын эң эскиси 3000 жылга сакталып калганы белгилүү. Ал Байыркы Персиянын аймагынан табылган жана азыр Луврда сакталуу.
Эң атактуу тиши бар төрөлгөн атактуу ымыркайлар
Жок дегенде 2000 ымыркайдын ичинен бирөө тиши менен төрөлөт. Негизи бала эмчек эмгенде алаксып жана апасынын эмчегин оорутпаш үчүн биринчи тиши жок төрөлүш керек. Кызыгы тиши менен төрөлгөн балдардын арасына эң атактуу адамдар да кирет экен. Мисалы, Юлий Цезарь, Ганнибал, Шарлеман, Наполеон, Муссолини жана Гитлер.
Эң көп сүйлөгөн немис балдары
Заманбап технологияны эң бат үйрөнүүчү жана баарлашууну жакшы көргөн балдар немис улутундагылар экен. Тогуз жашында алар экинчи уюлдук телефондорун көтөрүп калышат.
Эң көп майрамдалган балдарды коргоо күнү
Дүйнө жүзүндө балдарды коргоо күнүн бир күн майрамдашса, Сейшелде балдарды коргоо күнүн бир ай бою белгилешет.
“Ур токмок үчүн бала”
15-18-кылымдарда Англияда “ур токмок үчүн бала” түшүндүрмөсү бар болчу. Бул көрүнүштө ханзаадаларды тарбиялашчы жана күнөөлөрү үчүн жазалашчы. Албетте ханзаадалардын өзүн эмес (Хандын тукумуна кол тийгенге уруксат берилген эмес), алар менен чогуу тарбия алышкан балдарды. Тажрыйба көрсөткөндөй мындай ыкмалар оң жыйынтыктарды көрсөткөн. Анткени ханзаадалар ур токмок үчүн дайындалган балдар менен гана ойногонго акылары бар болчу. Аларды канча жазалаган сайын, алар акыл-эстүү, боорукер, жөнөкөй болуп чоңоюшкан.
17-кылымдагы балдардын китепканасы
17-кылымда Людовик XIV өз баласына тарбия берүү максатында атайын рим жана грек классикасын үйрөтүүнү көздөп атайын китепкана ачылсын деп буйрук берген. Китептер абдан көп болгондуктан анын максаты 28 жылдан кийин гана ишке ашкан. Бул учурда баласына китепкана кереги жок болуп калган.
Америкадагы жоголуп кеткен 7 миллион бала
1987-жылы 15-апрелде Америкада мыйзамдуу түрдө 7 миллион бала жоголуп кеткен.
Ата-эне болуу убактысы
Европалыктар орточо эсеп менен алганда 29 жашында ата-эне болушат. Ал эми орусиялыктар 20 жашынан баштап, Индияда 19 жашынан, ал эми бизде 18 жаштан баштап ата-эне болгонго акылары бар.
Апасынын канынын тобу 1, ал эми атасыныкы 2 болсо, анда күтүүсүздөн 3 тобундагы бала төрөлөт. Баланын канынын тобу ата-энесинин бирөөсүнүкү менен айкалышат же экөөнүн жыйындысынан келип чыгат.
Фараон Рамзестин 160 баласы
Фараон Рамзестин 160 баласы болгон, албетте ар башка аялдан. Тамаша же күлкүлүү катары угулушу мүмкүн, бирок азыр презерватив чыгарган компаниянын аты “Рамзес” деп аталат.
Үй-бүлөлүк жылуулук
“Үй-бүлөлүк жылуулукту” сан менен көрсөтсө болот экен. Мисалы, үй-бүлөдө эки чоң жана эки кичинекей баланын жылуулугу 1300 киловатт/ саат жылуу энергияны көрсөтөт.
Сакчылары бар балдар бакчасы
Дүйнө жүзү боюнча бир гана Румынияда сакчалылары бар балдар бакчасы бар. Балдар бакчасынын аймагында атайын сакчыларга арналган курулуштар бар. Сакчылар атактуу байлардын балдарынын баскан-турганын көзөмөлгө алып турушат.
Аяз атанын айынан жумуштан кеткен мугалим
Мындан бир нече жыл мурун Уэльсте кичинекей класстарга сабак берген бир мугалим Аяз ата жок деп айтып койгону үчүн жумуштан бошотулган.
Төө үстүндө жарыш
Араб өлкөлөрүндө кичинекей балдардын “төө үсүндө жарыш” мелдеши абдан атактуу. Бул мелдешке 3 жана 4 жаштагы балдар катыша алышат. Балдар чоңдорго караганда абдан жеңил жана алар коркок болушкандыктан көбүрөөк бакырышат. Ошондуктан төөлөр батыраак чуркашат.
3-4 жашар балдардын суроосу
Статистика эсептегендей кичинекей бөбөктөр 3-4 жашында күнүгө 12000 сөз айтышат жана 900гө жакын суроо беришет.
Жакшы
Японияда “жакшы эмес”, “жаман” деген сөздөр балдарга таптакыр колдонулбайт.
Күчтүү ымыркай
Бир айлык балага караганда бир жумалык ымыркай күчтүүрөк.
Жаңы төрөлгөн бала кызыл, жашыл түстөрдү көрөт, бирок көк түстү көрбөйт.
Ден соолугу чың баланы үйдөн төрөш керекпи?
Данияда 80% айымдар өз үйүндө төрөшөт, анткени балдарынын ден соолугу чың болушун каалашат.
Сары чачтуу балдардын алсыздыгы
Сары чачтуу бөбөктөр кара чачтуу балдарга караганда аба ырайынын алмашышына сезимтал болушат. Өзгөчө ар кандай ооруларга туруштук бере албай, эмдөөдөн, стресстен кийин аба ырайынын өзгөрүүлөрүн көтөрө албай, иммунитети алсыз болуп калат. 6 айдан 1-2 жашка чейинкилер.
Чылым чегип кыздуу болгуңуз келеби?
Япон окмуштууларынын ою боюнча, ата-энелер канчалык көп чылым тартса, ошончолук кыздуу болгонго мүмкүнчүлүгү көп болот. Чындыгында жыйынтыкка жетиш үчүн күнүнө 20дан ашык чылым чегиш керек. Ойлонуп көрүңүздөр, ушундай жол менен кыздуу болгуңуздар келеби?
Балдардын психикасына терс таасирин тийгизген жарнама
Швецияда 12 жашка чейинки балдарга жарналамалардын кайрылуусу тыюу салынган мыйзам бар. Алардын ою боюнча жарнама алардын психикасына терс таасирин берип коюшу мүмкүн.
Аттактуу ысымдар
АКШда акыркы жылдары кыздарга атактуу - «Шанель», «Армани», а балдарга болсо – «Найк» жана «Лексус» аттарын ыйгаруу модага айланып кеткен.

#2580 22 May 2015 - 15:42
Сырдуу заманбап оорулар
Заманбап медицинасы
Заманбап медицинасынын жетишкендиктеринин жардамы менен азыр көп деген ооруларды жеңсе болот. Бир чети мыкты окумуштуулар дагы өздөрүн алардын алдында алсыз сезген оорулар да бар. Анда адамдарды куураткан ушул коркунучтуу оорулар тууралуу сөз кылалы.
Тери оорулары
Бул оору менен окумуштуулар жакында эле таанышышты. Анын белгилери кадимки фантастика тасмаларындагы бокочолордун элесин эстетет. Бул оору менен жабыркагандар денелеринде же терисинде бир нерселер же курт кумурскалар жүргөндөй сезишет, кыжаалат болушат, өтө катуу кыйналышат. Андан кийин ал жерлерде ачык жаракаттар пайда болот.
Өнөкөт чарчоонун синдрому
Көпчүлүк кадимки чарчаңкы абалды өнөкөт чарчоонун синдрому менен алмаштырып алышат. Бул синдром менен жабыркаган адамдар бир нече күн бою төшөктөн тура абай жатып калышат. Алар абдан чарчап иш кылганга эмес турганга да күчү жетпей калат. Өздөрүн абдан алсыз сезишет жан эч нерсеге көңүлдөрү келбейт. Денелик жактан да, акыл жактан да абдан алсыз болуп жабыркашат.
Крейтцфельд- Якобдун оорусу (спастический псевдосклероз)
Бул оору болсо көбүнчө «уйдун жинденгени» деген ат менен белгилүү. Себеби, бул ооруну оорукчан жаныбардын этин жеп жуктуруп алышат жана көпчүлүк учурда уйдун этин жеп жуктуруп алышкан. Аны уй менен байланыштырып койюшканы да ушундан. Ал эми окумуштуулар болсо ушул убакка чейин анын дарысын таба албай же эмне болгон оору экенин аныктай албай кыйналышат.
Шизофрения
Шизофрения — бул психика бузулган абдан сырдуу оору. Бул оору менен жабыркаган адам чыныгы жашоо менен фантазиянын ортосунан чыга албай калат. Анын белгилери абдан эле көп: галлюцинацияга кабылат, тантырап сүйлөйт, сөздөрдү толук айта албай калат. Окумуштулар бул оорунун аныкташканы менен дагы деле аны эрте айыктыруунун жолун ойлоп табыша элек.
Аутоиммундук бузулуу
Ага теринин кургак учук жана деңиз ооруларын киргизсе болот. Бул оорулар абдан көп жана алардын баардыгы тажрыйбада индивудалдык мүнөзгө ээ. Ошондуктан алардын көпчүлүгүнүн келип чыгышы окумуштууларга дагы деле сыр боюнча калууда.
Аллотрифагия
Бул ооруну дагы башкача бузулган табит деп аташат. Анткени ага кабылган адамдардын денелик же психикалык жактан тамак жегиси келип, организми өзгөчө тамактарды талап кыла баштайт. Түшүнбөй калдыңыздарбы? Ал мындайча: боор, көмүр, барак же топурак сыяктуу азыктарды жегиси келе баштайт. Кээ бир окумуштуулар аны организмде минералдардын жетишсиздиги менен байланыштырышат, бир чети аны дарылоо жолун дагы деле ойлоп табыша элек.
Куш тумоосу
Бул дагы заманбап оорулардын катарына кирет. Адамдардын сасык тумоосунун вирусуна иммунитети жок, ошондуктан эпидемия учурунда баардыгы жөтөлүп, чүчкүрүп, денелери ысып, шалдырап кыйналышат. Бир чети чымчык тумоосу адамдын организмине өтө чоң олуттуу маселени жаратат. Себеби, бул ооруга кабылган көптөгөн адамдардын өмүрү трагедия менен аяктаган. Ошондуктан өмүргө кол салган бул коркунучтуу ооруга окумуштуулар вакцина ойлоп таба алышпай кыйналып келишет.
Суук тийүү
Эч кандай күнөөсү жок, жеңил оорудай эле сезилет жана жыл сайын дүйнөлүк экономикага миллиарддаган доллар залакасын тийгизет. Жыл сайын анын айынан миллиондогон оорулуулар жумушка чыгышпайт. Ошого карабай окмуштуулар бул жагымсыз оорудан адамдарды биротоло кутулткан таасирлүү вакцина ойлоп табыша элек
Альцгеймердин оорусу
Картайганда көпчүлүктүн эс тутуму начарлайт, бир чети Альцгеймер оорусу менен жабыркагандардыкы өтө бат өтүп кетет. Альцгеймер оорусунун келип чыгышынын себеби белгисиз жана ошондуктан таасирлүү айыктыруунун жолун окумуштуулар дагы деле ойлоп табыша элек
СПИД
Анын биринчи жолку көрүнүшү мындан 25 жыл мурун белгиленген. Бүгүн бул өтө коркунучтуу оору биздин планетанын баардык бурчтарына тийип өттү. Өзгөчө аны менен өнүккөн мамлекеттер жабыркап жатышат. Анын дарысы ойлоп табыла элек. Ал адамдарга катуу жаза сыяктуу эле коркунучтуу болуп калды
Заманбап медицинасы Заманбап медицинасынын жетишкендиктеринин жардамы менен азыр көп деген ооруларды жеңсе болот. Бир чети мыкты окумуштуулар дагы өздөрүн алардын алдында алсыз сезген оорулар да бар. Анда адамдарды куураткан ушул коркунучтуу оорулар тууралуу сөз кылалы.

Супер-Инфо
super.kg
видео