
Дүйнөдөгү ачкачылык
БУУнун маалыматы боюнча 2010-жылдын сентябрь айына карата дүйнөдө ачкачылыктан жабыркагандардын саны 925 миллионго жеткен. Алардын 578 миллиону Азия-Тынч океан аймактарында, 239 миллиону Африкада, 108 миллиону дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жашашат. Ачкалыктан жабыркагандардын үчтөн эки бөлүгү 7 өлкөдө: Бангладеш, Кытай, Конго демократиялык республикасы, Эфиопия, Индия, Индонезия жана Пакистан.
Азыркы убакта Сомалиде ачкачылык абалы курчуду. Анын үстүнө бул аймак кылмыш топторунун көзөмөлүндө болгондуктан абал ого бетер оорлоду. Боевиктер “ачкачылык болгон жок - бул пропаганда” деп жарыя кылып, Аялдар жана жаш балдар иши боюнча министрди уурдап кетишкен. Алар тийбеген бир эле уюм – Кызыл Крест калды.
Ачкачылыктан жабыркаган адамдарга 2,4 миллиард доллар жардам керек. БУУ демөөрчүлөрдөн 1,6 миллиард жардам сурады
Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 22 Май 2015 - 15:46