Москвада «мыйзамдагы ууру» «Карышкыр» менен Москва шаары боюнча «смотрящийди» кармашты

Маалыматка караганда, КРнын ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүгү Россияны ИИМи менен биргеликте «Строймастер» курулуш базарынын аймагынан, мурда бир нече жолу соттолгон, «Карышкыр» каймана аты бар «мыйзамдагы ууру» 06.04.1975-жылы Ысык-Көл облусунун Сары-Төлөгөй айылында туулган Өмүрзаков Мурсалим Узаковичти кармашкан.
Кармоо учурунда жанынан 31,6 гр «гашиш» баңги заты табылган.
Мындан тышкары 1984-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну, Россиянын жараны, мурда соттолгон, «мыйзамдагы ууру» Өмүрзаков Мурсалимдин Москва шаарындагы УКТнын активдүү мүчөсү Макаилов Мирлан Эрмаматович кармалды.
Кармалгандар Россиянын ИИМнин Коммунарский РИИБне жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камашкан.