Жеки Чандын кызы атасынан баш тартты
Атактуу актер Жеки Чандын 15 жаштагы кызы Этта Чжолинь журналисттерге атасын кабыл албагандыгын жана эч качан жылуу сезими болбогондугун билдирди
Атактуу актер, режиссер жана продюсер Жеки Чандын 15 жаштагы кызы Этта Чжолинь журналисттерге атасын чыныгы ата катары сезбегендигин жана эч качан жылуу сезими болбогондугун билдирди. Бул тууралуу mixnews.ru булагы жазууда.

Этта Чжолиндин пикири боюнча Жеки Чанды "биологиялык атасы" катары кабыл алат. Бирок, атасына болгон эч кандай жылуу сезими жок. Болгону башка атактуу жылдыздар сыяктуу эле бирөө деп эсептейт. Этта Чжолинь "Мен аны атам деп айта албайм. Менимче ал болгону актер. Ооба, ал менен "биологиялык атам" бирок атам менин турмушумда болгон эмес" деди.
Эсиңиздерге сала кетсек атактуу актер Этта Чжолиндин энеси менен 1998-жылы Гонконгдо сулуулар конкурсун жеңгенден кийин таанышкан. Модель жана Жеки Чан бир кыздуу болушкан. Учурунда Жеки Чан дагы кызын кабыл алган эмес. Ал эми модель дагы ЖМКна "Жеки менен болгон роман ката болгон",- деп айтып келген. 61 жаштагы Жеки Чан расмий түрдө 1982-жылы Линь Фэнцзяо менен үйлөнгөн. Жыкында эле анын 32 жаштагы уулу Жейси Чан алты ай абакка жатып чыккан.