МҮЙҮЗДҮҮЛӨР:
1598-жылы 18-сентябрда француз дыйкан сотто шляпасын албай коёт. Бирок, сот аны баш кийимин алууга мажбурлаганда анын башындагы мүйүзү көрүнүп, элдин ооздору ачылат. Көрсө, дыйкандын башына 5 жашынан тартып мүйүз өсө баштаган экен. Мындай кызыктуу адамды көргөн башкаруучулар дыйканды Королго белек катары жөнөтүшөт. Королдун сарайындагы чиновниктердин бири элге акчага дыйкандын мүйүзүн көрсөтүүгө өтөт. Жаңы жашоосуна көнө албаган дыйкан арадан 3 ай өткөн соң, жашоо менен кош айтышып кете берген. 17-кылымда Францияда Диманш аттуу узун мүйүздүү аял жашап өткөн. Анын маңдайында өскөн мүйүзү ээгине чейин ийрилип салаңдап түшүп турган. Аял 84 жашында мүйүзүн кестирүүнү чечкен. Себеби, Кудай алдына мүйүзү менен барууну каалаган эмес. Ошентип, ал мүйүзү кесилгенден көп өтпөй эле жашоодон өткөн.
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#621 28 Февраль 2014 - 18:04
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#622 28 Февраль 2014 - 18:09
САКАЛЧАН АЯЛДАР:
2004-жылы Гиннес китебине Америкалык сакалчан аял Вивиан Хиллердин ысмы киргизилген. Вивиандын сакалынын узундугу 27, 9 сантиметрди түзөт. Өзү 3 баланын энеси. Ал кичинесинен эле башка кыздардан айырмалуу экенин сезген. Атасы эркек сымал көрүнүштөгү кызы 7 жашка чыккандан тарта кырынып жүрүүгө мажбурлаган. Антсе да кийин чоңойгондо Вивиан 4 ирет күйөөгө чыгып, 3 баланын энеси болууга жетишкен. 1990-жылы апасы кайтыш болгондон соң, Вивиан кырынбай, сакалын коё берген. Үй тиричилигин жасоодо сакалы жолтоо болбосу үчүн байлап алат. 6 жыл мурун өзү сыяктуу кызыктуу кейпте көрүнгөндөрдүн шоусуна катышып чыга баштаган. Ошол шоунун арты менен элге ого бетер аты чыгып, жыйынтыгында Гиннестин китебине кирген. 1832-жылы Мексикада туулган Юлиана Пастрананы Чарльз Дарвин адам менен маймылдын ортосундагы түргө киргизген. Аял сакалдуу, эки катар тиштүү, анан денеси жүндүү болгон. Юлиана циркте иштеген. Бирок, ал абдан сезимтал жана акылдуу болгондуктан, түрү суук кейпи менен эл алдына чыккандан тартынчу экен. Бирок, жан багууга аргасыздык аренага чыгууга мажбур кылыптыр. 1939-жылы Францияда Клементина Деле аттуу сакалдуу айым кайтыш болгон. Анын жазып калтырып кеткен күндөлүгүнө көз жүгүртсөк, ал 1865-жылы туулган. 18 жашында эле сакал-муруттуу болуп калган. Кийин кафе ачып, иштетүүгө өткөн. Келген кардарлары анын мурут-сакалы өзүнүкү экенине ишенбей койгонунда, чоң акчага мелдешип, анан алардын көзүнчө сакал-мурутун кырып берип утуп алчу. Ушундай мелдештерден улам кафесин кийин “Сакалдуу айымдын кафеси” деп атап алган. Аталган кафеге элдер тамактануудан мурда анын сакалы үчүн баш багышчу. Картайган кезинде да сакал чыкпаган абышкалар Клементинанын сакалына тымызын суктанышып, өздөрүнө сакал бербегендиги үчүн жаратканга нааразы болушчу экен.

#623 28 Февраль 2014 - 18:13
Эрте картайган өспүрүм.
Учурда Казакстандын Атырау областында болгону 15 жашта экенине карабай сырткы кебетеси 80 жаштагы абышканы элестеткен өспүрүм жашоодо. Ал 4 жашта экенинде бир түндө эле бети кыйма-чийме бырышка толуп чыккан. Нуржан эч жеринин ооруганына арызданбагандыктан, үйүндөгүлөр буга алгач чоң маани деле беришкен эмес. Бирок, бырышы менен катар улам улгайгансып баратканы ата-энесинин тынчын алып, медиктерге көрсөтүүгө аргасыз болушкан. Медиктер болсо “соолуган тери синдрому” деген диагноз коюшкан. Нуржандын сырткы көрүнүшү гана картайганы болбосо, ички органдарынын иштөөсү өспүрүмдөрдүкү сымал эле иштейт. Башкача айтканда, ички органдары “картаюу” оорусуна чалдыккан эмес. Нуржан дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп турат жана убак-убагы менен текшерилүү үчүн ооруканага жатып турат.

#624 28 Февраль 2014 - 18:16
Үч буттуу адам:
1889-жылы Италиянын Сицилия аралындагы Лентинилердин үй-бүлөсүндө 3 буттуу наристе төрөлгөн. Мындай өзгөчөлүү уулуна ата-энеси Франческо деген ысым ыйгарган. Ымыркайдын үчүнчү буту артында жайгашкандан тышкары, берки экөөнө караганда кыскараак болгон. Франческо 9 жашка чыкканда аны цирк менеджерлери Америкага алып кетип, циркке орноштурушат. Ошентип үч буттуу бала Буффало Билл аттуу адамдын атактуу шоусунда ойноп чыга баштайт. Цирктин алып баруучулары аны элге “үч буттуу ажайып бала” деп тааныштырышчу. Франческо убагы жеткенде үйлөнүп, 4 дени-карды соо баланын атасы болууга жетишкен. Ал үлгүлүү ата болгондугу тууралуу маалыматтар да бар. Үч буттуу Франческо Американын Флорида шаарында жашап, 1966-жылы дүйнөдөн өткөн.

#625 28 Февраль 2014 - 18:19
Эң узун адамдар:
Эң узун бойлуу адамдар боюнча 2-орун Пакистандык фермер Мохаммед Алам Чаннага таандык. Ал бой жеткен курагында бою 2 метр 31 сантиметрди түзгөн. Мохаммед оорукчан болгон. Дарыгерлер анын оорукчан бөйрөгүн алмаштырганга анын бөйрөгүндөй көлөмдүү бөйрөктү таппай коюшат. Ошондуктан, врачтар ага чет элге барып, ошол жактан операция жасатып келүүсүнө кеңеш беришет. Бул тууралуу кабардар болгон Америкалык врачтар ага колдоо көрсөтө тургандыктарын билдиришип, Америкага чакырышат. Бирок, ал кезде кеч болуп калган. Анткени, Мохаммеддин бөйрөгү иштебей калып, комада калат да, 1998-жылдын 3-июлунда жашоо менен кош айтышкан. Дүйнөдөгү аялдардын эң узуну - бою 2 метр 32 сантиметрди түзгөн Сэндли Аллен болуп эсептелет. Ал учурда АКШда жашайт. Ал1955-жылы АКШда туулган, салмагы 209 килограмм. 50-өлчөмдөгү бут кийим киет.

#626 28 Февраль 2014 - 18:21
Эң кыска адам - Кытайлык 1984-жылы туулган Чжу Хайчжэнь да учурдагы эң кыска аялдардын катарына кирет. Өткөн жылы анын бою 80 сантиметрди түзүп, салмагы 10 килограмм чыккан. Туугандарынын айтканына караганда, ал туулгандан кийин эле ооруга чалдыгып, ошонун айынан бою өспөй, акыл-эси жагынан да артта кала баштаган. Дарыгерлер аны оорусунан айыктырып, кемчиликтеринен арылуусуна колдорунан келишинче аракеттенип келишүүдө. Ушундан улам өткөн жылдан берки дарыгерлердин аракетинин артында Чжунун бою 4 сантиметрге өстү. Эми анын бою 84 сантиметр. Боюнун арты менен Чжу Гиннестин китебине кирди.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#627 28 Февраль 2014 - 18:27
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#628 28 Февраль 2014 - 18:34
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#629 28 Февраль 2014 - 20:46
АКШда шкафта уктап калган баланы табуу үчүн чоң операция жүргүзүлдү.
3 жаштагы бөбөк бөлмөдө телевизор көрүп жаткан. Бир маалда аны таппай калган ата-эне кошуналарын чакырып, үйдү бир саат бою тинтип чыккан. Бул жыйынтык бербеген соң, издөө ишине 30 полиция кызматкери жана бир вертолет тартылды. Төрт саат өткөндөн кийин шкафты ача койгон эне, баласы бейкапар уктап жатканын көргөн.
3 жаштагы бөбөк бөлмөдө телевизор көрүп жаткан. Бир маалда аны таппай калган ата-эне кошуналарын чакырып, үйдү бир саат бою тинтип чыккан. Бул жыйынтык бербеген соң, издөө ишине 30 полиция кызматкери жана бир вертолет тартылды. Төрт саат өткөндөн кийин шкафты ача койгон эне, баласы бейкапар уктап жатканын көргөн.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#630 28 Февраль 2014 - 20:48
Америкада ит өз ээлерин байытты.
Жубайлар үйүнүн короосунда сейилдеп жүргөн. Бир маалда алардын ити жерди казып баштап, алтын тыйындарды үстүнө чыгарды. Алардын жалпы суммасы 10 миллион долларга бааланат. Кенчти кимдер жана качан катып кеткен – белгисиз.
Жубайлар үйүнүн короосунда сейилдеп жүргөн. Бир маалда алардын ити жерди казып баштап, алтын тыйындарды үстүнө чыгарды. Алардын жалпы суммасы 10 миллион долларга бааланат. Кенчти кимдер жана качан катып кеткен – белгисиз.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#631 28 Февраль 2014 - 20:51
Британияда миллионер мурдагы жубайына жалданма кызматкер болууну сунуштады.
Бул мырза аялы менен 90-жылдары эле ажырашып кетип, бирок бир үйдө жашай берген. Мындай ынтыкмактуу жашоо миллионер жаңы сүйүктүүсүн ээрчитип келгенде аяктады. Эркек киши мурдагы жубайына үй кызматкери болуп иштөөнү сунуштап, аял буга чечкиндүү каршы болгондо, абдан таң калган. Бул чатакты териштирген сот, расмий нике менен бирге жашоонун айырмасы жок деп таап, экс-жубайга 10 миллион доллар компенсация берүүнү буюрду.
Бул мырза аялы менен 90-жылдары эле ажырашып кетип, бирок бир үйдө жашай берген. Мындай ынтыкмактуу жашоо миллионер жаңы сүйүктүүсүн ээрчитип келгенде аяктады. Эркек киши мурдагы жубайына үй кызматкери болуп иштөөнү сунуштап, аял буга чечкиндүү каршы болгондо, абдан таң калган. Бул чатакты териштирген сот, расмий нике менен бирге жашоонун айырмасы жок деп таап, экс-жубайга 10 миллион доллар компенсация берүүнү буюрду.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#632 28 Февраль 2014 - 20:53
3-март бүткүл дүйнөлүк жазуучулар күнү белгиленет.
Андыктан арабыздан өтүп кеткен залкар жауучуларды эскерип, араңыздарда жазуучулар болсо, сөзсүз куттуктап койгула.
Андыктан арабыздан өтүп кеткен залкар жауучуларды эскерип, араңыздарда жазуучулар болсо, сөзсүз куттуктап койгула.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#633 28 Февраль 2014 - 20:55
Байкасаңар керек, ар бир эле чоң дүкөндөрдө нан продукциялары чыгуу эшиктерине жакын жайгашкан. Бул жөн жерден эмес, далилденгендей жаңы бышкан нандын жыты адамды активдүү сатып алууга чакырат.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#634 28 Февраль 2014 - 20:59
Индияда тоту куш өзүнүн ээсин өлтүргөн адамды табууга жардам берди.
Үйгө тоноочулар кирип, айымды өлтүрүп, тоту кушту тийген эмес. Кийин канаттуу айымдын туугандарыныкында жашап калган. Алардын кичүү баласынын аты Ашутоша тоту куштун жанынан өткөн сайын, ал кыйкырып үн чыгара берген. Шекшип калган туугандар полицияга кайрылышты, жыйынтыгында айымды Ашутоша аттуу мырза өлтүргөндүгү аныкталды.
Үйгө тоноочулар кирип, айымды өлтүрүп, тоту кушту тийген эмес. Кийин канаттуу айымдын туугандарыныкында жашап калган. Алардын кичүү баласынын аты Ашутоша тоту куштун жанынан өткөн сайын, ал кыйкырып үн чыгара берген. Шекшип калган туугандар полицияга кайрылышты, жыйынтыгында айымды Ашутоша аттуу мырза өлтүргөндүгү аныкталды.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#635 28 Февраль 2014 - 21:00
Самсунг телевизорду башкара турган акылдуу саат чыгарды.
Алар ошондой эле, ээсинин ден-соолугун байкай алат. Өзгөчө саат спорттук залда керек болот. Анткени алар кан басымын, дем алууну текшерип, керектүү сунуш бере алат. Акылдуу саат телевизор, магнитофон жана планшеттерди Bluetooth аркылуу башкара алат.
Алар ошондой эле, ээсинин ден-соолугун байкай алат. Өзгөчө саат спорттук залда керек болот. Анткени алар кан басымын, дем алууну текшерип, керектүү сунуш бере алат. Акылдуу саат телевизор, магнитофон жана планшеттерди Bluetooth аркылуу башкара алат.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#636 28 Февраль 2014 - 21:03
Испанияда дөңгөлөк үстүндө мейманкана пайда болду.
Уктоочу жайлар вагондордо жайгашып, өлкө боюнча поезд менен айланат. Бирок анда кадимки вагондор эмес, атайын жасалган вагондор колдонулат. Кызыгы, ал кадимки эле мейманкана сыяктуу болуп, туристтерге ресепшн, ресторан жана барлар сунушталат.
Уктоочу жайлар вагондордо жайгашып, өлкө боюнча поезд менен айланат. Бирок анда кадимки вагондор эмес, атайын жасалган вагондор колдонулат. Кызыгы, ал кадимки эле мейманкана сыяктуу болуп, туристтерге ресепшн, ресторан жана барлар сунушталат.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#637 28 Февраль 2014 - 21:10
Британия:
Окумуштуулар адамдын качан өлөрүн көрсөтө турган саат ойлоп табышты.Улуу Британияда окумуштуулар адамдын канча өмүрү калганын аныктоого жөндөмдүү өзгөчө каражат ойлоп табышты. Шарттуу түрдө “өлүм индикатору” деп аталган кол саатка окшогон жабдуу денени оорутпай турган лазердик нурдун жардамы менен адамдын органын анализдейт жана дене канчалык тездикте картайып жатканын көрсөтөт. Ланкастер университетинин физиктери Анета Стефановски жана Питер Макклинток лазердик нурдануунун жардамы менен капиллярлардагы эндотелий клеткаларынын абалын анализдеп, картаюунун ылдамдыгын эсептей турган түзүлүш чыгарышты. Аталган өлкөнүн ММКларынын маалымдашынча,
“өлүм индикатору” 0 дөн баштап 100гө чейинки сандарды көрсөтүп, андагы минималдуу көрсөткүч кишинин дээрлик өлгөнүн билдирсе, максималдуу көрсөткүч адамдын ден соолугу мыкты абалда экендигинен кабар берет. Тесттин жыйынтыгы бирдиктүү маалымат базасына топтолот. ”Ага таянып организмдин ресурсун максималдуу түрдө так аныктоого болот. Башкача айтканда, биз адамдын канча өмүрү калганын алдын ала айта алабыз,”- дейт Стефановски.
Ойлоп табуучулар 3 жылдан кийин дарыгерлер аталган жабдууну колдонуп башташат деген үмүттө. Айтымдарында,
жабдууну колдонуп көрүүгө врачтар да, жеке ишкерлер да даяр, ал 2017-жылдан баштап медициналык каражат катары сатыкка чыкмакчы. Банктар да узак мөөнөткө кредит алуучуга карата аталган жабдууну колдонууга кызыкдар экендигин билдиришет “өлүм индикаторунун” авторлору. Окумуштуулар дисплейдеги сандар адамдардын ден соолугунун учурдагы абалы тууралуу маалымат берип, аларды сергек жашоого үндөй турганын баса белгилешүүдө.
Жабдуудагы сандар начар болсо, адамдар организминин потенциалын кантип көтөрүүнү ойлоно баштай турганы айтылууда.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#638 28 Февраль 2014 - 21:16
Чогуу сүрөткө түшүү учурунда Британиянын премьер-министрине “мүйүз” чыгарышты.
“Лестер Тайгерс” регби клубунун оюнчусу Ману Туилаги чогуу сүрөткө түшүү учурунда Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмеронго “мүйүз” чыгарганы үчүн кечирим сурады. Ал кечиримди өзүнүн Twitterдеги микроблогу аркылуу сураган. Ал премьерди капа кылгысы келбегендигин айтат. The Huffington Post басылмасынын билдиришинче окуя 16-сентябрда болгон. Кэмерон регби боюнча “Британдык жана Ирландык арстандар” курамасынын мүчөлөрү менен чогуу сүрөткө түшкөн. Премьер-министрден анча алыс эмес турган Туилаги ага “мүйүз” чыгарганга үлгүрүп калган. Кэмерон аталган команданы жеңиши менен куттуктап, өз резиденциясында кабыл алган болчу. Курама команда июнь жана июль айыларында Австралияда өткөн маанилүү беттештерде жеңишти камсыз кылышкан.

#639 28 Февраль 2014 - 21:22
Чочконун этинен көйнөк кийген кыз көчөгө чыкты.
Чочконун этинен көйнөк кийген кыз чыкыроон суукка карабай Москванын көчөсүнө чыкты. Мунусу менен ал “тамак-аш жөнүндө чындыкты” б.а. шаардыктар этти өтө эле көп жегенин айткысы келиптир. Эттен жасалган көйнөктү даярдоо үчүн 15 кг чочконун эти жана бир нече тиш чукугучтар сарпталып, ага кеткен каражат 4 миң рубль болуптур. Дарья аттуу бул модель бир кездеги ырчы Леди Гаганын элди таңгалдырган кийимин эске салды. Эт кийген кыз жарым сааттан кийин үшүгөнүнө чыдабай, кадырысе кийимин кийгени кетти. (Видеосун жүктөй албай койдум).
Чочконун этинен көйнөк кийген кыз чыкыроон суукка карабай Москванын көчөсүнө чыкты. Мунусу менен ал “тамак-аш жөнүндө чындыкты” б.а. шаардыктар этти өтө эле көп жегенин айткысы келиптир. Эттен жасалган көйнөктү даярдоо үчүн 15 кг чочконун эти жана бир нече тиш чукугучтар сарпталып, ага кеткен каражат 4 миң рубль болуптур. Дарья аттуу бул модель бир кездеги ырчы Леди Гаганын элди таңгалдырган кийимин эске салды. Эт кийген кыз жарым сааттан кийин үшүгөнүнө чыдабай, кадырысе кийимин кийгени кетти. (Видеосун жүктөй албай койдум).
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#640 28 Февраль 2014 - 21:27
Обаманын телефон менен сүйлөшүүлөрү атайын чатырлар аркылуу корголот.
Обама чет өлкөгө чыкканда анын телефон менен сүйлөшүүлөрү башкалар тарабынан тыңшалбашы үчүн атайын жасалган чатырдын ичинде сүйлөшөт. АКШнын президенти Барак Обаманын чет өлкөгө жасаган иш сапарлары учурунда башка мамлекеттин атайын кызматтары анын телефон менен сүйлөшүүлөрүн тыңшабашы үчүн атайын чатыр колдонулат. “New York Times” газетасынын берген маалыматына ылайык, Обаманын чет өлкөгө болгон сапары учурунда, ал кала турчу мейманканадагы номерге атайын чатыр тигилет жана Обама маанилүү делген телефон сүйлөшүүлөрүн ушул чатырдын ичине кирип сүйлөшөт. Чатырдын материалдары тыштан келе турган электрондук толкундарды тосуп, тыңшоого мүмкүндүк бербейт. Ошондой эле камерага тартууга да мүмкүн эмес. Өзгөчө, чатырдын ичинен тыңшоого жолтоо боло турчу айрым үндөр чыгарылып турат. Буга чейин Обама маанилүү телефон сүйлөшүүлөрүн атайын коргоого алынган телефон аркылуу сүйлөшчү. New York Times гезитинин башка маалыматына ылайык, эми АКШнын жогорку кызматында иштеген адамдардын чет өлкөгө жасаган иш сапары учурундагы маанилүү телефон сүйлөшүүлөрү да атайын жабдыктын жардамы менен коргоого алынат. Ошондой эле аскер тармагында иштеген жогорку кызмат адамдары да ушундай эле коргоого алынат. Андан сырткары бул кишилердин үйлөрүндө тыңшоого мүмкүн болбогон чакан бөлмөлөр да жасалат.