Британияда эң бийик скульптура ачылды.
Шотландияда “Келпи” деп аталган эң чоң скульптуранын курулушу аяктады. Эбегейсиз чоң эки аттын башынан турган скульптура Фолкирк аймагында тургузулду.
30 метрлик скульптуралар жалпы баасы 43 миллион фунт стерлинг деп бааланган “Геликс” долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Бул долбоор Шотландиянын аймагын өнүктүрүүнү жана өлкөгө туристтерди тартууну көздөйт. Бул эмгектин дизайны глазголук сүрөтчү Энди Скотко таандык. Аттардын башын жасап чыгуу үчүн 10 миңдей атайын конструкция жана 600 тонна металл керектелди.
“Келпи” скульптурасынын курулушу июнь айында башталган. Британиядагы эң бийик скульптура кийинки жылы толугу менен ишке кирет.
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#641 28 Февраль 2014 - 21:38
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#642 28 Февраль 2014 - 21:51
Китепке окшогон китепкана курулууда.
Түркиянын Чорум университетинде курулуп жаткан китепкана үстү үстүнө тизилген китептер сыяктуу формада курулууда. Мындай өзгөчө сырткы көрүнүшү менен баардыгынын көңүлүн бурган имарат Түркияда архитектуралык санатына жаңычылдык кошту. Китепкананын имараты үстөлдүн үстүндөгү чачылып турган китептерди элестетип 1,600 чарчы метр аянтты ээлейт. Долбоор бардык тийешелүү мекемелерден кол коюлуп ушул айдан баштап курулушу башталды. Архитектор Айтач Акжүз Түркияда мындай имарат болбогондугун билдирип университет өзгөчө долбоор талап кылгандыгын жана ошого жараша тематикалуу дизайн чийгендерин кошумчалады. Айрыкча бул долбоор сырткы көрүнүшү катары ички түзүлүшү да өтө кызыктуу түзүлгөн. Биринчи кабатында жыйын залы жана китептин барактарындай болуп улам кийинки бөлмөлөр ачылып турат. 22.01.2014-ж.

#643 28 Февраль 2014 - 23:36
Окумуштуулар чылымдын дагы бир топ зыяндарын таап чыгышты.
Америкалык дарыгерлер тамеки тартканда пайда болуучу оорулардын тизмесин дагы узартты. Алар азиздик, экинчи типтеги кант диабети, жоон ичеги менен боордун рагы жана эркектердин жыныстык жактан алсыздыгы деп айтышты. АКШнын санитардык дарыгери Борис Лушняк азыркы чыккан чылымдар өпкөнүн рагы жана бир нече ооруларына эле эмес, эми жаңыларынын жаралышына себепкер болоорун жар салды. Жогоруда саналган илдеттерден сырткары тынымсыз чылым тиштеп жүргөндөр кургак учукка, муун ооруларына, иммундус системанын жабырланышына кабылышы мүмкүн. Ал эми пассивдүү чылымчыларда инсульт болуп калуу кооптуулугу бардыгын маалымдашты. “2014-жылы чылым тартуудан жабыркаган жарым миллионго жакын адам көз жумат. Күн сайын 3200 адам өзүнүн алгачкы чылымын чегет. Эгерде абал ушундай тейде жүрүп отурса, 5,6 миллионго чукул балдар жана өспүрүмдөр эрезеге жеткенде көз жумат”,- деп айтты АКШнын санитардык дарыгери. Болжол менен бүгүн АКШнын жашоочуларынын 18%ы чылым чегет. 1964-жылы, б.а. тамеки тарткандар арасында биринчи изилдөө жүргүзгөндө көрсөткүч 42% болгон деп билдирди Интерфакс.

#644 28 Февраль 2014 - 23:39
АКШнын коопсуздук кызматы күнүнө дүйнөдөн телефон аркылуу 200 млн маалымат алат.
Американын коопсуздук кызматы (NSA) күнүнө дүйнөдөн уюлдук телефондордон 200 миллион маалымат көчүрүп алат.Бул туралуу Англиянын Guardian гезити жазып чыкты. Басма АКШнын мурдагы тыңчысы Эдвард Сноуден берген маалыматтарына шилтеме жасап, Американын коопсуздук кызматы (NSA) дижитал GCHQ программы аркылуу күнүнө дүйнөдөн уюлдук телефондордон 200 миллион маалымат көчүрүп алаарын кабарлады. Бул программа аркылуу жоопсуз чалууларды жасап, электрондук дареги жана башка ысымдарга кире алышат. 2012-жылга чейин жүргүзүлгөн бул иш чараларда шек санаган бардык маалыматтар чогултулуп келген.
Американын коопсуздук кызматы (NSA) күнүнө дүйнөдөн уюлдук телефондордон 200 миллион маалымат көчүрүп алат.Бул туралуу Англиянын Guardian гезити жазып чыкты. Басма АКШнын мурдагы тыңчысы Эдвард Сноуден берген маалыматтарына шилтеме жасап, Американын коопсуздук кызматы (NSA) дижитал GCHQ программы аркылуу күнүнө дүйнөдөн уюлдук телефондордон 200 миллион маалымат көчүрүп алаарын кабарлады. Бул программа аркылуу жоопсуз чалууларды жасап, электрондук дареги жана башка ысымдарга кире алышат. 2012-жылга чейин жүргүзүлгөн бул иш чараларда шек санаган бардык маалыматтар чогултулуп келген.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#645 28 Февраль 2014 - 23:47
Кулагынан 2 см тараканды чыгарышты.
Австралиянын Дарин шаарынын тургуну Хендрик Хельмер таң атпай кулагы дүңгүрөп ооруганынан, айласы кетип ооруканага жөнөгөн. Оорулууну дыкаат текшерген догдурлар кулагынан эки сантиметрдик тараканды алып чыкканда Хендрик көргөн көзүнө ишенген жок. Өзүнүн айтымында ал кулагына жөргөмүш кирип алган го деп чаң соргуч менен чыгарууга аракеттенген. Андан эч жыйынтык чыкпагандан соң кулагына суу куюп, кыбыраган жандыкты чыгарууга аракеттенген. Улам оорусу күчөп чыдатпаган соң, коңшусу аны ооруканага жеткирген. Дарыгерлер кулагына атайын май куюшкан. Тыбыраган таракан жанын сакташ үчүн андан да терең сүңгүп, оорусун күчөткөн. Арадан он мүнөттөй өтүп жаны тынчыганда гана пинцеттин жардамы менен эки сантиметрдик тараканды алып чыгышкан. Дүйнөдө таракандын 4600 түрү бар. Алардын 30 тан ашыгы өтө кооптуу болуп эсептелет. Эң кичине таракан 0,3 мм болуп көбүнчө кумурскалардын уюгунда жашайт. Ал эми ааламдын эң чоң тараканы Австралиядагы 8 см тумшуктуу таракандар.

#646 01 Март 2014 - 00:52
Дүйнөдөгү эң бийик мекемеге өткөнкү жылы 1,87 миллион киши келген.
.
Дубайдагы Бурж Халифа мекемеси дүйнөдөгү эң бийик имарат болуп эсептелинет. Өткөнкү жылы дал ушул мекемеге 1,87 миллион киши келген. Бул туурасында“Emirates 24/7” маалымат агенттиги кабар берүүдө. Анда айтылгандай, 124-кабатындагы At the top майданына келген кишилердин саны, 2012-жылга салыштырмалуу 13 % пайызга өскөн. Аталган имаратка келгендердин көпчүлүгүн туристтер түзөт. Алардын 23% Германия, 15% Улуу Британия, 11% Орусия жана Индия жарандары. Бурж Халифа мекемесинин бийиктиги 830 метрди түзөт. Ал эми курулуу иштери 5 жылга созулуп, айтор 2012-жылы толугу менен бүтүрүлгөн.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#647 01 Март 2014 - 00:53
Кызмат акыны бир триллиондук купюра менен төлөөчү болгон америкалык колго алынды.
.
Дүйнөнүн эч бир мамлекетинде бир триллион АКШ долларына, кайтым акча бере ала турган дүкөн же ресторан кассасы болбосо керек. АКШнын Самтер шаарындагы ресторандардын биринде кызмат көрсөтүүчү официант, бул купюраны көрүп эмне кылаарын билбей калган. Анысы аз келгенсип кардар, пластик карточкасы менен төлөй албагандыгы үчүн кечирим да сураган. 53 жаштагы америкалык Майкл Уильямс сүйүктүүсү менен кечки тамактанууга ресторанга барган. Тамактанып бүткон соң Майкл официантты чакырып, пластик карточкасында акча калбагандыгы үчүн чөнтөгүндөгү акча менен төлөшүн айтып, капчыгынан бир триллион доллардык купюраны сунган. Таң калган официант кассага барууну ойлоп да койгон жок. Ал дароо эле полицияга телефон чалган. Окуя болгон жерге жетип келген полиция кызматкерлери, Майкл “триллионер” экендигин айтышкан. Мунун кесепетинен улам полиция аны камакка алган. Аны жасалма банкноттук номинал үчүн эмес, өкмөткө болгон сыйынын жоктугу үчүн айыпташкан.

#648 01 Март 2014 - 01:04
#649 01 Март 2014 - 01:41
Аргентиналык диетологдор арыктата турган сагыз чыгарышты.
Адам өзүн тамактан чектеп баштаганда эле ачка калгандай сезимге кабылат. Мындай ойдон арылуу үчүн Аргентиналык диетологдор тамактан алаксыта турган сагыз ойлоп тааптыр. Дарыканаларда сатыла турган жалбыз кошулган сагызды ар бир адам чайнай берсе болот экен, бирок адистер аны алаардан мурда, баарыбир дарыгер менен сүйлөшүп алууну сунушташты. Маалыматты ИТАР-ТАСС таратты. Диеталык жаңылыктын түзүүчүлөрүнүн бири, илимий жана техникалык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун кызматкери Маркос Мейер сагыз аппетитти азайтаарын айтат. “Бул – биологиялык активдүү кошулмалардын сагыз түрүндөгүсү, кантсыз жасалган. Курамында жашыл кофенин кофейини жок кошулмалары, андан сырткары да табигый ингредиенттер бар, алар адамды ток алып жүрөт,” - деп айтты. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Аргентиналыктардын жарымынан көбү ашыкча салмактан жапа чегишет. Мейердин айтымында, бул продукция адамдын организмине азыктандыруучу заттарды берип, бирок тамак-аш катары кызмат кылбайт. Диетолог аталган сагызды тамактануунун ортосунда күнүгө 2-3 ирет 15 мүнөттөн чайноого кеңеш берди.

#650 01 Март 2014 - 01:46
Асмандан жааган акчанын ээси табылды.
Боливиядагы Санта-Крустагы департаменттин аймагына асмандан жааган доллар жашоочулардын эсин оодарды. Себеби, асмандан миллион жашыл акчалар төгүлүп жатпайбы... Бул боюнча тартип коргоо органдары таңгала турган эч нерсе жоктугун айтышты. Алардын алдын ала божомолу боюнча, баңги сатуу менен шугулдангандардын учактан жерге ыргыткан акчасы. Кыязы, алар конгондон кийин жерден кайра таап алабыз деген ой менен ыргытышкан деп жазды Би-би-си. Маалыматтарга караганда, асмандан “жааган” акча санай келгенде оролгон 26 желим баштык болуп чыккан. Полиция кызматкерлери акча ээлерин аныктап чыгышкан. Учурда баңгизат сатуучулар колго түшүп, алардан акча жана куралдарды кошо алышкан. Эскерте кетсек, Боливия Перу жана Колумбия менен кошо жарыша дүйнө боюнча кокаин өндүргөндөрдүн катарында келе жатат. Боливияда кокаинди медициналык максатта колдонууга тыюу салынган эмес, бирок, өстүрүүгө мыйзам жол бербейт.

#651 01 Март 2014 - 01:52
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#652 01 Март 2014 - 01:59
Кагаздан жасалган Lamborghini.
Тарас Леско – АКШдан чыккан дизайнер, ал кагаз менен абдан жакшы иштейт. Анын акыркы бир чыгармачылык иши – Lamborghini Aventador супер машинеси. Ал нукура размерде жасалган жана эң кызыгы, ал полиция модификациясында боёлгон. Жыйынтыгы шумдуктуудай болду. Айта кетсек, Тарас буга чейин “трансформердин” моделин жасаган. Анысы да шумдуктуудай.
Тарас Леско – АКШдан чыккан дизайнер, ал кагаз менен абдан жакшы иштейт. Анын акыркы бир чыгармачылык иши – Lamborghini Aventador супер машинеси. Ал нукура размерде жасалган жана эң кызыгы, ал полиция модификациясында боёлгон. Жыйынтыгы шумдуктуудай болду. Айта кетсек, Тарас буга чейин “трансформердин” моделин жасаган. Анысы да шумдуктуудай.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#653 01 Март 2014 - 02:17
Жасалма жумуртка кантип жасалат?Кытай – жасалма нерселерди чыгарууну улуттук идеяга айланткан өлкө. Башкасы го башка деңизчи, бирок жумурткалар жасалма жол менен жасалып, сатыкка чыгарылып жаткандыгы өзгөчө таң калууну жаратат. Андай жумурткалар эмнеден жана кантип жасалат? Зыяны канчалык? Кытайдан бизге да келип жатабы? Суроолорго жооп издеп көрөлү. МАКСАТ – АЗ КАРАЖАТ ЖУМШАП, КӨП ПАЙДА ТАБУУДА. Илгертен келе жаткан “Биринчи эмне жаралган? Жумурткабы же тоокпу?” деген суроого Кытайлыктар “жумуртка” деп жооп берип, аны далилдеп бере турган болуп калышты. Анткени аталган өлкөдө жасалма жумуртка жасалып, жашыруун түрдө сатыкка чыгууда. Башкача айтканда, жумуртка алуу үчүн тоокко жем-чөпкө акча коротуп, анан “качан жумуртка тууйт?”деп күтүп отурушпайт.
“Жумуртка элеби, ме!” деп заматта жасап, колуңа кармата коюшат. Кептин баары жасалмасы үчүн каражат аз кетеринде жана сыртынан кадимки жумурткадай көрүнө тургандыгында.
Жасалма 10 жумуртканы жасоо үчүн, болгону, 0,55 юань (3 сом 30 тыйын) чыгым кетет. Ошол эле учурда кадимки тооктун 10 жумурткасы 6,5 юань (65 сом) турат. Демек, жасалмасын кадимки жумуртка деп өткөрүп, пайда табуу үчүн чыгарышат. КАНТИП ЖАСАШАТ? Алгач калий көмүр кычкылы жылуу сууга аралаштырылып,
жумуртканын агы сыяктуу масса алынат. Бул масса толугу менен жумуртканын агындай көрүнүшү үчүн үстүнө аралаштыруу менен желатин, бензой кислотасы, квасцы (же алюминийдин же хромдун, же темирдин күкүрт кычкыл тузу) кошулат. Эми жумуртканын сарысы жасалат. Бул үчүн жогорудагыдай эле массага лимон кислотасы менен сары пигмент (боёк) кошуу жетиштүү. Натыйжада сары өңдөгү аралашма келип чыгат. Сары аралашма атайын калыпка куюлат. Калып ичинде калий көмүр кычкыл аралашмасы бар идишке салынат. Реакциянын негизинде сары аралашманын сыртында абдан жука кабыкча пайда болот. Жумуртканын сарысынын формасына окшоп тоголок болушу үчүн калып тегерете чайкалат. Сарысынын сырты катканда, аны ошол аралашмада 1 саат калтырышат.
Анан алып чыгып, суу менен жууп, кургатышат.
Эми сарысын жумуртканын агы үчүн жасалган калыпка салып, үстүнө жумуртканын агын алуу үчүн даярдалган аралашманы куюшат. Андан соң калыпты жогорудагыдай кылып калий көмүр кычкылы бар аралашмага салышса, жасалма жумуртканын сырты абдан жука кабык менен капталып калат. Жумуртканын ичи даяр. Эми ага катуу кабык кийгизүү керек. Бул үчүн жумуртка атайын жип менен илинип алынып, парафин, гипс порошогу жана кальцийдин көмүр кычкылынан турган аралашмага бир нече ирет матырылат. Аралашма кургап, кабыкка айланып калат. ЗЫЯНЫ 100 пайыз жасалма болгон соң ден соолукка айтып бүткүс зыяны бар экенин өзүңүз деле баамдадыңыз окшойт, окурман. Жасалма жумуртканы колдонуу мээнин иштөөсүн бузуп, алгач унутчаактык жаралып, анан жүрүп отуруп кем акылдыкка жеткирет. Көрүү, угуу сезими төмөндөйт. Түрдүү оорулар келип чыгат, алардын арасында рак да бар. КӨП ЧЫГАРЫЛУУДАБЫ?
Кытайдын Хэнань, Фуцзянь, Ляонин, Ханьдань, Хэбэй провинцияларында жасалма жумурткалар сатылган учурлар катталган. Кээ бир маалыматтарда мындай жумурткалар экспортко да кетип жатышы мүмкүн экени жазылууда. Ден соолукка зыян экендигинен улам Орусия Кытай азыктары үчүн эшигин жаап, базарлардагы азык-түлүктөрдүн кайда жасалганын жана сапатын тыкыр текшерүүгө алууда. “Бизде да ушундай катуу көзөмөл бар” деп айтуудан алыспыз. ЖАСАЛМАНЫН ТАБИГЫЙДАН АЙЫРМАСЫ: Сырткы кабыгы табигыйга салыштырмалуу жылтырак жана тегиз эмес (майда быдырлуу). Жасалма жумуртканы сууга бышырса, сарысы резина сымал чоюлат. Даамы табигый жумурткадан башкача болот. Чийки агы менен сарысын өз-өзүнчө алып, колго кармап көрүүгө болот. Анткени алар чоюлгуч жана бекем болгондуктан,
агып кетпейт. Бышыруу үчүн көмөч казанга куйганда көбүрөөк көбүк чыгат.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#654 01 Март 2014 - 20:25
Адамдын жердеги жашоосу денеден айрылган жанга окшош.
Адамдын физикалык денесинен да башка дагы көзгө көрүнбөгөн алты дене бар. Алардын бири - астралдык дене деп аталат. Астралдык дене дененин экинчи катмары болуп саналат. Байыркы заманда эле адамдардын астралдык сыноолору болгон. Астралдык саякаттардын сүрөттөлүшүн Египеттин, Индиянын, Кытайдын жана Тибеттин тарых барактарынан кездештирсек болот. Тибеттин салты боюнча астралдык ишке жөндөмдүү адамдарды "делогдор" деп аташат. Бул термин "четке чыгып кетип, кайра кайрылгандар" деген маанини түшүндүрөт.
Байыркы грек философу Платон: "Адамдын жердеги жашоосу бул - денеден айрылган жанга окшош нерсе" деп айткан. Анын окуучусу Аристотель: "Жандын физикалык катмардан айрылуу жөндөмдүүлүгү бар жана астралдык дүйнөдө өзүнө окшогон жандар менен жолуга алат" деген жыйынтык чыгарган.
Жекече сыноолор жана астралдык саякаттар жөнүндө айта кетсек, Роберт Монро "Денеден сырткары саякат" деген китебинде өтө кызыктуу мисалдарды баяндаган. Бул китепте ал өзүнүн башынан өткөн кызыктуу окуяларын мисалга келтирген. Ал бир жолу өзүнүн денесинде кызыктай толкунданууларды байкаган. Ошол окуядан кийин керебетте жатып, ошол эле учурда өзүнүн бөлмөсүндө учкан учурлары бир нече жолу кайталанган. Бир жолу көчөдө сүйлөшүп турган тааныштарын көрүп, алардын сүйлөшкөндөрүн угуп турган. Бирок, алардын сөзүнө аралашып сүйлөгөндө алар аны көрмөк түгүл угушкан дагы эмес. Ушул окуядан кийин Роберт абдан коркуп, психиатр менен доктурларга көрүнгөн. Жыйынтыгында ал дени-карды соо болуп чыккан. Мындай абалдын кызыктуудай сырына кызыгып, аны изилдегенге өткөн.
Негизи мындай өнөрдүн чыныгы устаттары өзү каалаган убакта физикалык денесинен астралдык планга чыгышкан жана алар өзүнүн каалоосу менен алар өлгөн адамдардын жаны менен байланыша алышкан. Мындан сырткары ар кандай көрүнүүчүлөр, албарстылар жана дагы көптөгөн астралдык жандыктарды көргөндөрүнө кепил боло алышат. Астралдык дүйнөгө саякаттоо менен алар келечегин алдын ала көрө билишкен.

#655 01 Март 2014 - 20:32
Күзгүлөр кандай сырларды катышат?
Күзгүлөрдүн жардамы менен кээ бир адамдар башка дүйнө менен сүйлөшүшөт. Байыртадан бери эле күзгүлөр бирден-бир сырдуу жана мистикага толгон интерьердик буюм катары саналып келет. Эгер үйдө кимдир бирөө өлгөн болсо, ал адамдын арбагы күзгүнүн ичине кирип кетпеши үчүн күзгүнүн бетин чүпүрөк менен жаап коюшат. Ошол эле күзгүнүн жардамы аркылуу кээ бир адамдар башка жашоо менен сүйлөшүп, адамдардын келечегинде кандай окуялар болоорун айтып беришет. Күзгүлөр бир нече миллион кылымдар мурун пайда болгон. Аларды байыркы Шумерде, Индияда жана Египетте жасашкан. Алгач күзгүлөрдү жалтырак нерселерден, күмүштөн, колодон жана алтындан жасап келишкен. Б.з. XII кылымда гана айнек күзгүлөр пайда боло баштаган. Ар бир өлкөдө күзгүгө байланыштуу өздөрүнүн салттары бар. Мисалы, Чыгыш өлкөлөрүндө күзгүнү үйгө кирип келе жаткандагы киреберишке илип коюшат. Анткени, үйгө кирип келген коноктун кандайдыр бир ички терс энергиясы үйдүн ичине кирбей, ошол күзгүгө чагылышып калыш үчүн ошол жакка илип коюшат. Европада болсо, күзгүнү терезеге каратып коюшат. Кошунасынын жаман ойлорунан же болбосо, жакынкы аралыкта жайгашкан оорукананын жана түрмөнүн имараттарынын терс таасири тийип кетпеш үчүн чагылтып турат. Ал эми байыркы Россияда аялдар айыз болуп жаткан мезгилинде күзгүгө каранышчу эмес. Күзгүгө каранган аял ал учурда кандайдыр бир ооруну жуктуруп алат деп ойлошкон.
Күзгү - өлтүрүүчү куралга айланган.
Күзгү менен кээ бир мистикалык окуялардын байланышы болуп кетет. Орто кылымдарда бир бай аялынын өзүн алмаштыруусу тууралуу билип калып, аялын үйүндөгү аябагандай чоң күзгүнүн алдынан өлтүргөн экен. Ошол окуядан кийин ал үйгө көчүп келген аялдар ошол чоң күзгүнүн алдынан өзүлөрүнүн өлүп жаткан абалын көрүп турушкан. Күзгү-өлтүрүчү ошентип, бир кожоюндан экинчисине өтүп турган.
Күзгүлөрдө адамдыкындай эс тутум болот.
Окумуштуулардын көпчүлүгү күзгүнү башка буюмдар сыяктуу эле көрүнбөгөн талаа менен курчалып тураарын аныкташкан. Кээ бир күзгүлөр жакшы энергияны камтып турса, башкалары эгер ал күзгүнүн алдында адам өлтүрүү, уруш, чыр-чатактар, мушташтар болсо, терс энергияны өзүнө сиңирип алышат. Ошондуктан, окумуштуулар жана экстрасенстер күзгү менен иш алып барууну, анын жардамы менен адамдардын келечегин айтууну сунуш кылышпайт. Күзгүнүн соккусу адамдардын ички энергиясына өтө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Андан тышкары, күзгүлөрдө эс тутум болот. Ошондуктан, качандыр бир убактарда күзгү сактап калган маалымат чагылышып, адамга таасир этет. Бүткүл дүйнөнүн окумуштуулары мындай көрүнүштөрдү колдонуп жатышат. Күзгү менен иш алып баруу барган сайын профессионалдуу деңгээлге жетип келатат.
Жыл сайын иликтөөчүлөр жаңы-жаңы нерселерди ачып келишет. Баарыбызга белгилүү болгондой, каранган адамды чагылтып турган күзгүнү ойлоп табышкан. Бирок, бул нерсе күзгүнүн жалгыз гана касиети эмес. Күзгүлөрдүн бардык сырларын ачуу үчүн окумуштууларга дагы далай убакыт талап кылынат.

#656 01 Март 2014 - 20:34
Жардан өйдөнү көздөй аккан суу элдин эсин оодарганда.
Суу бардык жерде ылдый карай агаары баарыбызга белгилүү эмеспи. Бирок Кытайдын түндүк-батыш тарабындагы Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда жүргөн туристтер капысынан өйдө көздөй аккан сууга кабылышкан. Эки турист автоунаа менен саякат жасап жүрүшүп, өргө туш болушат. Мындай жарга автоунаа менен көтөрүлүшкө мүмкүн эмес экенин түшүнүшкөн туристтер машинелерин токтотуп коюшуп, жөө чыгууну ойлошот. Бирок алар ойлогондой болбой калган. Өчүрүлгөн мотор менен машина өзүнөн-өзү токтобостон, жогору карай жылып жөнөйт. Көздөгөн жерге жетип машине токтогондо, анын ылдамдыгы 30 км/саатты көрсөтүп турган. Сыртка чыккан туристтер жардан жогору көздөй агып жаткан сууну көрүшүп, өз көздөрүнө өздөрү ишене алышпай, эстери ооп туруп калышкан.

#657 01 Март 2014 - 20:36
Сырдуу жерлер адамды ооруга чалдыктырат.
Албетте, буга чейин окумуштуулар ойлоп чыгарган көлдүн үстүндө өзү жүргөн, бийиктикке өзү чыккан машинелер жөнүндө биздин жашообузда көп эле кездешип калып жүрөт дечи. Бирок алар бул аномалдуу кубулуштун сырын ача албай баштарын катырып келишүүдө. Бир гана баарын ойго салган нерсе статистикада мына ушундай табышмактуу аномалдуу жерге туш болгон адамдар психикалык жактан жабыркашып, белгисиз бир ооруларга кабылышат экен.
Албетте, буга чейин окумуштуулар ойлоп чыгарган көлдүн үстүндө өзү жүргөн, бийиктикке өзү чыккан машинелер жөнүндө биздин жашообузда көп эле кездешип калып жүрөт дечи. Бирок алар бул аномалдуу кубулуштун сырын ача албай баштарын катырып келишүүдө. Бир гана баарын ойго салган нерсе статистикада мына ушундай табышмактуу аномалдуу жерге туш болгон адамдар психикалык жактан жабыркашып, белгисиз бир ооруларга кабылышат экен.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#658 01 Март 2014 - 20:43
Дүйнөдөгү эң кооптуу аэропорттордун бири:
Бул Гонконгтогу Кай Так аэропорту. Түндүгүндө көптөгөн небоскребтор жана кокту-тоолор жайгашкандыктан жана Victoria Harbour”до чыгып турган жалгыз ВВП 13/31 болгону үчүн, бул аэропортто конуу эң татаалдардын бири.
Бул Гонконгтогу Кай Так аэропорту. Түндүгүндө көптөгөн небоскребтор жана кокту-тоолор жайгашкандыктан жана Victoria Harbour”до чыгып турган жалгыз ВВП 13/31 болгону үчүн, бул аэропортто конуу эң татаалдардын бири.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#659 01 Март 2014 - 20:45
Өзүнүн татаалдыгы жана бир четинен кызыктуулугу менен Кай Так аэропортунда ВПП 13кө конуу дүйнөлүк популярдуулукка ээ болду.
"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
#660 01 Март 2014 - 20:49