Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#661 01 Март 2014 - 21:04
АльхамдулиЛлях!
#662 01 Март 2014 - 21:17
Бирок баарын чогултуп койгонунуз жакшы
#663 02 Март 2014 - 07:25
Дүйнөдө адам оозун ачырып, таң калтырган не деген шумдуктуу окуялар, фактылар болбойт. Жакында АКШда 16 жаштагы кыз 900 метр бийиктиктен парашют менен секирип, бирок белгисиз себептерден улам парашюту ачылбай калган. Бирок кыз ошончо бийиктиктен, ошончо салмакта келип жерге урунганына карабай аман калган. Буга таң калбаган жан жок. Дарыгерлер анын көптөгөн жери сынып, ички органдары катуу жабыркаганын айтышууда. Ошого карабай кыздын саламаттыгы күндөн күнгө жакшырып, дарыгерлер кыз толугу менен куландан соо болуп кетерине ишендиришүүдө. Эми ал мындан ары туулган күнүн 2 ирет белгилебесе, минтип миллиарддан бирөө да кайра төрөлүшү кыйын. Шумдук болбосоң коё кал, ажалы келбесе ушул экен да...
#664 03 Март 2014 - 21:55
Жаш жубайлар Виктория жана Майктын айтымында, алар тойдо белектердин бардыгы бирдей формада жана көлөмдө экенин байкашкан. Бирок анчейин көңүл бурушкан эмес. Тойдун эртеси белектер ачылып, алардын 27си эле нан кууруган тостер экени аныкталды. Кийин жаштар аларды дүкөндөргө кайтара алды.
#665 03 Март 2014 - 22:00
Кызыгы, толугу менен жиптен токулган бут кийим футбол ойноого ыңгайлаштырылган. Жана ал жакында эларалык беттешүүгө дал ошол бут кийимди кийип чыгаарын билдирди.
#666 03 Март 2014 - 22:02
Сочидеги кышкы олимпиада жыйынтыкталды. Эми андагы зор имараттар кандай максатта колдонулат болду экен деп ойлоп турсаңыз, анда көңүл бургула. “Фишт” стадиону футбол боюнча 2018 чемпионатын тосуп алат, “Чоң” муз аянты хоккей лигасынын клубуна айланат, ал эми олимпиада кыштагы эми мейманканалар кыштагына айланат.
#667 03 Март 2014 - 22:03
Бул Луизиана штатынын балык уулоо боюнча рекорду болду. Мындай оор балыкты өспүрүм кантип суудан чыгарды, жана ал аны эмне кылды, айтылбайт.
#668 03 Март 2014 - 22:07
Бул боюнча 17- февралда өкмөттүн атайын токтому чыккан. 8-марттан тартып Кыргызстанда SIM-карталар келишим түзүп жана документ көрсөтүү жолу аркылуу гана сатылат..Бул боюнча 17- февралда өкмөттүн атайын токтому чыккан. "Тишешелүү документке ылайык, 8-марттан тартып кызмат көрсөтүүнүн жаңы шарттары киргизилет" ,- деди ал.
#669 03 Март 2014 - 22:30
Турмушубузда анча байкалбаган, бирок бир топ иш кагаздарында жардамын тийгизген скрепка 1899-жылы пайда болгон. Скрепка жок кезде кагаздарды жип менен байлап ирээттешчү. Бул ыкма бир топ түйшүктү жана убакытты талап кылгандыктан, кийин төнөгүчтөрдү колдонушкан. Ошондон улам скрепка тууралуу ой бир эле учурда 3 адамдын оюна келген. Ошентсе да Норрвегияда туулуп-өскөн математик Йоханна Валера биринчи скрепканы жасаган. Норвегиялыктар мындай көрүнүшкө абдан сыймыктанышкандыктан, 1990-жылы Норвегиянын борбору Ослодо скрепканын формасындагы 5 метрлик эстеликти тургузушкан.
#670 03 Март 2014 - 22:37
Чоң бир аэропортто күтүү залында бир жаш кыз кезектеги өзүнүн учагын күтүп олтурган эле. Убакытты өткөрүү үчүн өзүнө бир кызыктуу китеп жана бир пакет бадырак сатып алат. Бираз эс алуу үчүн ВИП залындан орун алып олтуруп калат. Ангыча кыздын жанына бир жигит келип олтуруп ал да, китебин ачып окуй баштайт. Кыз сатып алган пакетинен бадырактарды жей баштайт. Кыз бир бадырак алып оозуна салган сайын жигитда ошол пакеттен бир бадырак алып оозуна салат... Таң калган кыз дагы бирөөнү оозуна салат аркасынан жигитда бирөөнү алат. Кыз абдан жинденип эмне дээрин билбей абдан айран таң калат, бирок абдан жинденип ичинен жаман көрөт. Ошентип пакеттеги бадырактын баарын жеп салышат. Пакетте бир даана бадырак калган болот. Кыз алдагы бадыракты карап турса жигит аны алып экиге болот да жарымын кызга берет. Кыз абдан жинденип аны алып жейт. Ошентип бадырак да бүтөт. Кыздын учагынын убактысы келип, кыз ылдам басып жини келип учакты көздөй кетет. Учактагы оордуна үшкүрүнүп олтурат да сумкасын ачса, өзүнүн алган бадырагы толугу менен бузулбай турган болот. Көрсө, ал бадырак ал жигиттики болгон болот. Кыз китепке алаксып өзүнүн сумкасынан бадырагын да алып чыкканды унутуп калган болот. Ушундай уялат, ушундай кайгырат. Кайрадан барып жигиттен кечирим сурайын десе учагы кетип калчудай... Ошентип үшкүрүнүп олтуруп калат...

#671 03 Март 2014 - 23:46
Британияда жаңы эле куралып бүткөн килейген аба кемеси мунай иликтөөлөрүнөн тартып, куткаруу чараларына чейин аракеттерди түп тамырынан бери өзгөрткүдөй. Ал 50 тонна салмакты көтөрүп дүйнөнүн булуң-бурчуна жете алат. Бюджет тартыштыгынан улам, Aмерикалык аскерлер аны ойлоп тапкан Британдык фирмага кайра сатышкан. Эми аны Британиядагы эң ийгиликтүү рок жылдызы каржылап турмай болду.
#672 04 Март 2014 - 00:36
Эл музейге бир нерсени көрүүгө барат эмеспи. Бирок жаңы технология мурунку адатты өзгөртүүдө. Вашингтондун Улуттук портрет галереясындагы соңку искусство ыкмасы артка караган сүрөттү гана жаратпастан, аны көрүп турган адамды да өзүнүн чыгармачылыгына катыштырат.
Бир караганда желек. Жакындан карасаң оптикалык линзалардан жасалган скульптура.
Айнекке тигилип караганда атактуу америкалыктардын портреттери көрүнөт. Ал эле эмес, “Гуугл” көз айнегин тагынып, ага өзүңүз да кошулуп калсаңыз болот.
"Мен кайда турганымды билип коёт. Кайда турганымды вай-фай аркылуу билип алат,” - дейт Дет Ансин.
Ал бул желекте кишинин карап турган жерине жараша ар кандай образдарды тартып турган технологияны чыгаргандардын бири.
Киши эмнени көрөөрүн ал смартфондон көрсөтүүдө.
"Бул видео, архивден алынган сүрөт же жаңылыктан үзүндү болушу мүмкүн. Интерактивке да орун бар."
Ал ортодо бул айкелге отургузулган камералар желектин ичинен жана көрүп жаткан кишинин көз карашынан видео тартып, интернетке чыгарып турат.
Ал айрым маселелер, авторлор же дүйнөлүк лидерлер жөнүндө пикир сурашы да мүмкүн.
Идеянын артында Дейвид Датуна турат. Ал Грузиядан көчүп барган мигрант. Атасы Элвис Преслини укканы үчүн камакка алынган экен. Ошондон улам Дейвиддин Америкага кызыгуусу артып келген.
"Гуугл көз айнеги кишилер менен бул чыгарма ортосундагы көпүрөө. Ал эки тарапты бириктирип, линзалардын артындагы коллажка сүрөттөр эмне сепбептен коюлганы тууралуу талкууга үндөйт",-деди Датуна.
Бирок концепция менен технологияны мындай коё турсак. Бул миллиарддардын көрүнүшү укмуш экен. Бул чыгарма коюлган Вашингтондогу Улуттук портрет галлереясы так ушундан пайда таап жатса керек.
Бул чыныгы искусствобу деп суроо койчулар чыгаар. Бирок 21-кылымда искусство менен технологияны бөлүүгө мүмкүнбү? Моя ссылка
Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 04 Март 2014 - 00:39
#673 04 Март 2014 - 00:45
#674 04 Март 2014 - 19:43
Анын баасы 1 миң евро. Манчестер штатынан ашпозчу Мэттью Даунс ойлоп тапкан тамак, кадимки токочтон жасалат. Бирок ал бышкандан кийин бөлүктөргө кесилип, ортосуна шоколад, белуга икрасы, омар, лангустина жана мидия салынат. Токочко ар түрдүү үч соус берилип, шампан куюлган бокал менен коштолот.
#675 04 Март 2014 - 19:44
Хмельницкий шаарынын 36 жаштагы тургуну машинесин таап берүү суранычы менен милицияга кайрылган. Кийин тергөөчүлөр аныктап чыккандай, айдоочу жол кырсыгына кабылып, унаасын дароо тетектерге сатып жиберген. Андан соң машинесинен айрылган тургун күйүтүн арак менен баскан. Ал эми эртеси ойгонгон айдоочу машинесин таппай калып, арыз менен милицияга кайрылган.
#676 04 Март 2014 - 20:12
Жаныбарларды коргоочулар жок болуу коркунучуна кептелген кенедей бакаларды күйүп тургандай кылып, өзгөчө ыкма таап чыгышты. Англис окумуштуулары ар бир бакага зыяны жок, нурланган силикон сайып, эки сантиметр болгон мантелла бакасы тез таанылып калды.
Бул бакалар тукум курут болгону калган сейрек амфибияларга кирет. Узуну эки эле сантиметр болгон бул жандыктар Мадагаскарда жүз чамалуу көлчөдө гана бар. Аларга байкоо жүргүзүү үчүн Честер зоопаркынын адистери адаттан тышкары ыкма колдонууда.
Бул - кылдаттыкты талап кылган иш. Ар бир баканын терисине күйүп туруучу зыянсыз силикон сайылат. Бакаларды ар түркүн түс менен белгилеп, кыймыл-аракеттерин каттап турушат.
Баканы жырткычтар жеп кетпесин деп күйүп турган чийинди кылдаттык менен курсак жагына орнотушат. Түстүү технологияны колдонуп зоопарктагы бакаларды иликтеген соң, окумуштуулар Мадагаскарга жөнөшүүдө. Ал жакта мантила бакасын табигый чөйрөсүндө иликтөөгө үмүттөнүшөт.
"Биз бакалар жашаган көлчөлөр ортосундагы эң узак жана эң кыска аралыкты аныктайбыз. Бир көлчөдөн башкасына кандайча катташаарын көрөбүз. Булар аныкталганда бакаларды сактоонун жолдорун да иштеп чыгуу мүмкүн болот," - деди зоопарктын кызматкери Жерардо Гарси.
Бакалардын түсүн бир аз өзгөтүп окумуштуулар бул сейрек баканын келечегин да өзгөртөбүз деп бел байлоодо.
#677 04 Март 2014 - 20:15
Ал саудилик королдук үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу жергиликтүү маданиятты урматтаган салтанатта бийледи.
http://www.bbc.co. uk...ord_dance.shtml
Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 04 Март 2014 - 20:16
#678 04 Март 2014 - 20:35
Эне болбой куруп калайын! Мен эне болбой куруп калайын! Өзүмдүн кызымдын тагдырына балта чапканым аз келгенсип, күнөөсүз неберемди тирүүлөй жетим кылдым. Жолдошум менен ажырашып кетип, ал экинчи аял алып аны менен очор-бачар жашап кетти. Мен болсо темселеп балдарымды бага албай ар жерде жүрдүм. 2 уул 1 кызым бар. Кызымды эч нерседен кем кылбайын деп базарда иштеп, болгон кем-карчысын алып берчүмүн. Балдарым болсо мага жардам берип айылдагы эшиктин иштерин жасашчу. Балдарым кичине чоңоюп калган кезде, мен да өзүмө карап жасанып калдым. Ал кезде балдарым мектепти бүтүп, кызым 11-класс эле.
Балээнин баары мончодон башталды.
Өзүбүздүн айылдагы мончо иштеткен Нурбек аттуу жигит менен жакшы мамиледе болчубуз. Бир күнү мончого барсам эч ким жок экен. Өзүм да түнкү саат ондордо барган элем. Бир маалда эшиги тарсылдады, ачсам Нурбек экен. Бир бөтөлкө арагын көтөрүп туруптур. Жуунуп бүтүп анын үйүнө кирип баягы бөтөлкөнү ичтик. Андан кийинкисин билбейм. Ошентип экөөбүз ысык мамиледе болдук. Азыркыдай окуя болуп кетээрин билгенде өмүрүм өткүчөктү мончого барбайт элем да.
Кызым кызарып келди.
Эч кимге билгизбей жолугушуп жүрдүк. Ал жигит менден он жаш кичүү болсо дагы, экөөбүздүн жылдызбыз келишти. Биздин жолугуп жүргөнүбүздү эч ким деле билчү эмес. Бир күнү кызымды мончого түшүрүп койчу деп өзүм үйдө конок тозуп калдым. Бир маалда кызым кыпкызыл болуп маанайы чөгүңкү үйгө кирди. Маани бербей, ысык мончодон шалдырады го деп чай берип жылуу жаап жаткырып койгом. Ошол күндөн тарта кызымдын маанайы жок, менден бир нерсени жашыргандай, ооругансып эле калды.
Куса баштады.
Арадан бир ай өттү, кызым куса баштады. Ашказаны ооруп аткан го деп доктурга алып барсам, ашказаны таза болуп чыкты. Өтүн да текшерттим таза экен. Май айлары болуп калган эле. Мамлекеттик экзамендерге даярданып отурган болчу, бир маалда кулап түштү. Жүрөгүм түшүп барып бетине суу чачсам, эсине келди. Доктур чакыртайын десем убараланбаңыз, мен жакшы элемин деп болбой койду.
Нурбек менен мамилебиз дале жакшы.
Кызымдын өзүн-өзү ичинен жеп жүргөнүн билип турсам дагы жардам бере албай жатканыма кыжаалат болуп жүрдүм. Алдап сурасам да мага сырын айткан жок. А тигил Нурбек менен болсо баягыдай мамилебизде эле жүрдүк. Ал да мага сыр бербей, мурункудан да жакшы мамиле кылса, жүрөгүм жылып калчу. Балдарым шаарга иштегени кетишкен. Өз күчтөрү менен университетке тапшырып, сабактан чыкканда иштеп жүрүштү. Азыр экөө тең үйлөнүп, бири айылда турса, экинчиси Россияга кеткен.
Кызымдын менин ойношуман боюнда бар экен.
Кызым Надира дагы деле кусканын токтотподу. Барган сайын бетине сепкил чыга баштады. Бир күнү дагы жыгылып түштү. Доктур чакыртсам, боюнда бар экен. Кызымды алдап урушпай сурадым. Балаңды эч кимге бербей өзүм багып алам кызым, айт десем ыйлап айтты. Көрсө мен Нурбекке кызымды мончого түшүрүп койчу деген күнү, мончого түшүп жаткан жеринен кызымды зордуктаптыр. Ишин бүткөн соң, сенин бул ишиңди элге жаям, ошондуктан мени менен такай мен каалаган убакта келип моокумумду кандырып кетип турасың! - дептир. Коркуп калган кызым макул болуп ыйлап, менден жашырып жүрүп ушуга келиптир.
Дүйнөм көңтөрүлдү.
Кызымдын сөздөрүн угуп атып менин башым айланып, дүйнөм көңтөрүлүп, бакырып алдым. "Шүмшүк десе, эмнеге мага жакшы мамиле кылып калган десе, көрсө кызымды да пайдаланып жүргөн тура акмак"! Ошол түнү менен Нурбектин үйүнө бардым. Бетин тытып, кызымдын ичиндеги баланын атасы сенсиң, кызыма үйлөнүп, толук кандуу үй-бүлө болуп жашагының, болбосо жетчү жерге жетип ит-абийириңди кетирем! - деп чаң салып келдим. Кызым ага турмушка чыкканга макул болду. Арадан бир жылдай өттү. Кызым эркек төрөп, уулуна 4-5 ай болгон учурда кызымды уулу менен кыштын ызгаарында эшикке чыгарып коюптур. Кызым аны менен жашаганга такыр көңүлү келбей калып, ыйлап мага келди. Экөөбүз уулумду үйлөнтүп, шаарга келип алдык. Азыр неберем 3-класста окуйт, тикмечи болуп иштейт.
Эч качан ойнош күтпөгүлө.
Апасынын итчилик кылганын кызым алигиче билбейт. Нурбек ичип алып жиндиленип кызыма болгон сырды айтып салбаса экен деп чочулайм. Жашообуз болсо жакшы эле, болгону кызымдын тагдырына балта чапканым үчүн өзүмдү өзүм такыр кечире албай койдум. Ойнош оттон ысык, боктон сасык, - деген ушул экен. Ысыктыгы куруп калсын, кара чечекей кызымдын тагдырын талкалап, анын балалык баёо сезимин, келечегине болгон үмүт-кыялдарын түп-тамырынан бери кырккан мендей эне энеби?! Өз өмүрүмдү канча жолу кыйганга аракет жасадым, жан таттуу экен колум дитим барбай койду. Ошондуктан жалгыз бой энелерге, кыздарга айтаарым, эч качан ойнош күтпөгүлө. Мен түшкөн орго силер да түшүп калбагыла.
Билдирүүнү түзөткөн: Gasu: 04 Март 2014 - 20:37
#679 04 Март 2014 - 22:12
Johannes аттуу жаратуучу, Adruino контролерунун негизинде, абдан эле кызыктуу Plotclock аттуу саат жаратты. Ага болгону ак доскага жазганга маркер жана “механикалык колду” кыймылга келтирүүчү серво-кыймылдаткычтарды бекитүү үчүн тетиктер керек болгон. Эки кыймылдаткыч маркерди кыймылдатканга жооп берсе, бир кыймылдаткыч, досканы тазалаган губканы кыймылдатуу үчүн жооп берет. Нормалдуу режимде механизм убакытты минутасына бир жолу жаңыртып турат. Бирок автордун айтуусу боюнча, бул сааттын механизми андан да тез иштей алат.
#680 04 Март 2014 - 22:20
Аял футболчуларга жоолукчан ойноого уруксат берилди. Бул туралуу чечимди эл аралык футбол ассоциациянын кеңеши кабыл алды. Бур туралуу Француз ЖМКсы кабарлоодо. Маалыматка ылайык Цюрих шаарында өткөн жылдын жыйынында сөз сүйлөгөн, эл аралык футбол ассоциациясынын башкы катчысы Жером Вальке "Каалаган футболчулар башын "бекитип" ойной алат",- деди.
Баш катчы бул эреже дүйнө жүзүндө ишке аша тургандыгын жана баш кийими негизги формасына ылайыктуу болушу керектигин билдирди. Бул маселе боюнча сурамжылоолор дээрлик 20 ай бою жүргүзүлгөн. Футбол мелдештеринде жоолуктар баш жана моюнга зыян келтирет деген себептер менен 2012-жылга чейин уруксат берилбей келген.