Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#681 Пользователь офлайн   Gasu   05 Март 2014 - 01:15

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 677
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2014 23:17
  • Жынысы:Белгисиз

Майкрософттун негиздөөчүсү Билл Гейтс дуйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинде биринчи орунду өзүнө кайтарып алды.

“Форбс” журналынын маалыматы менен, анын кирешеси былтыр 9 миллиардга көбөйүп, 76 миллиард долларды түздү. Анын ортосунда, акыркы төрт жылдан берки лидер – Мексикалык магнат Карлос Слим 2-позицияга төмөндөдү. Эң чоң өсүш Фейсбуктун жаратуучусу Марк Цукербергде. Акыркы жылы анын кирешеси эки эседен ашык өсүп, рейтингде өзүнө 21-орунду камсыздады.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28434_m.jpg

"Оскорбить женщину может только униженный судьбой мужчина." - Мэрилин Монро.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#682 Пользователь офлайн   kapriznyi   05 Март 2014 - 21:43

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Апрелде тамак-аш даярдоодо жаңычылдык пайда болот.

Wi-Fi орнотулган мульти-тамак бышыруучу. Колдонуучу смартфонунун жардамы менен кандайдыр бир тамак-аштын түрүн тандап, мульти-тамак бышыруучуга жөнөтүп коёт. Андан соң, керек болгон азык-түлүктүн бардыгын салып койсо, тандалган убакыттын аягында даамдуу тамак-аш даяр болуп калат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28451_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#683 Пользователь офлайн   kapriznyi   05 Март 2014 - 21:45

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Израилде керебет менен кошо аялды ыргытып алышты.

Окуя Петах-Тиква шаарында болгон. 58 жаштагы аял көчөдө бара жатып, чарчап калат. Бир маалда четте турган диванды көрөт дагы, анда отуруп турууну чечет. Бул учурда таштанды чыгарган кызматкерлер отурган байбичени байкабай калып, керебетти аны менен кошо машинеге жүктөп салышкан. Окуя болгон жерге дарыгерлер чакыртылып, айымга биринчи жардам көрсөтүлдү.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28449_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#684 Пользователь офлайн   kapriznyi   05 Март 2014 - 21:46

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

IPhone 6нын чыгуу күнү белгиленди.

Бет ачаар быйыл июльда өтөт. Жаңы Айфондо сапфир айнегинен чоң дисплей болот. Эске салсам, iPhone 5тин экраны 4 дюйм же 10,16 сантиметрге барабар болчу. Алтынчы моделдин, ошондой эле, корпусу жана дисплейдин рамкалары иппичке болот. Ал эми экранды каптаган сапфир баалуу ташы аны жакшы коргойт.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28450_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#685 Пользователь офлайн   kapriznyi   05 Март 2014 - 21:48

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Америкада кызыктуу мыйзамдар орун алгандыгы баарыбызга маалым болсо керек.

Алсак, Мичиган штатында адамдардын нервин атайын козгоп, жинине тийүүгө мыйзам ченеминде тыюу салынган. Эми болсо, 38 жыл мурда кабыл алынган мыйзамды жоюуну каалап жатышат. Андыктан, жакында жергиликтүү тургундар башкаларды кыжырын коркпой эле келтире беришсе болот.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28452_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#686 Пользователь офлайн   kapriznyi   05 Март 2014 - 21:49

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Суданда да кызыктуу майрам белгиленет.

Бул майрам “күйөө тандоо майрамы” - деп аталат. Күн чыгаар замат, жаш жигиттер бийлеп баштайт, ал эми кыздар өздөрүнө жаккан баланы тандашат. Ал жигит сөзсүз түрдө ошол кызга үйлөнөт.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28453_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#687 Пользователь офлайн   kapriznyi   05 Март 2014 - 21:51

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Гиннес рекорддор китеби жаңы рекорд менен толукталды.

Кытайда бир эле маалда атайын акциясынын жүрүшүндө 334 мырза сакал-муруттарын алды. Муну менен алар буга чейин Индияда 332 катышуучу менен ортонулган рекордду жаңыртты.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28454_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#688 Пользователь офлайн   kapriznyi   05 Март 2014 - 22:30

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Нидерланд: Суу үстүндөгү калкыма үйлөр.

Шаарлар тез өсүп, аба-ырайынын калкы жыш аймактарга болгон кесепеттери дүйнө жүзү боюнча кабатырлануу жаратып келет. Суу ташкындарын алдын алуу дегенде, адатта, тосмолорду же кум салынган каптарды элестетчү элек, эми болсо окумуштуулар суу деңгээлине ылайыкташа алган, калкып турчу же амфибия үйлөрдү салууну сунуштап жатышат.

Нидерланд ландшафтында мындай турак жайлар кадыресе көрүнүш. Бул Амстердамдын сыртындагы Ижбург - суу менен кошо көтөрүлүп - түшүп турган жаңы аймак. Ар бир үй бетон фундаментинде курулган, суу кирбейт. Мурда колдонулбаган жерлер эми болсо шаардын бир бөлүгү.

Ал эми тургундары суу үстүнөн да , суу алдынан да кооздукту көрө алат. Бул жалаң эле турак-жай куруу эмес. Өлкө суу ташкындан коргонуунун ушундай жолун тапкан. "Дарыяга жол бер" аттуу өкмөттүк долбоорго эки милларддан ашуун евро жумшалды. Ага ылайык суу каптачу жайлардан кишилерди көчүрүү каралган.

Нидерланддын алгачкы амфибия-үйлдөрү .

Алар кадимкидей эле катуу жерде турат. Бирок суу каптап келгенде алар калкып калат. Жөнөкөй үйлөргө караганда булар 20% га пайызга кымбат турат. Бирок суу каптагандан кийин тазаланып, кайра курууга мындан алда канча көп кетет.





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#689 Пользователь офлайн   kapriznyi   05 Март 2014 - 22:34

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Камикадзелердин каттары дүйнөлүк мураска катталабы?

Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери дээрлик 70 жыл өтсө дагы, "камикадзе" деген сөздү укканда дароо жан кечти миссияларын элестетебиз. Япония согушта учактарын душмандын кемелерине сүздүргөн миңдеген аскерлерин эскерип, жоокерлердин акыркы каттарын дүйнөлүк мурас тизмесине киргизүүнү көздөйт.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#690 Пользователь офлайн   kapriznyi   05 Март 2014 - 22:41

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Сойкулукка каршы катаал мыйзам даярдалууда.

Парламент депуттаттары Кыргызстандагы адеп-ахлакты сойкулар жана сойкуканаларга каршы күрөшүү жолу менен оңдоону көздөп жатышат. Депутаттар сунуштаган жаңы мыйзамга ылайык, жакынкы күндөрү Кыргызстанда сойкулук бизнесин кылган же сойкукана ачып алган кишилер жарым миллион сомго чейин акчалай жазага тартылышы ыктымал.

Андан тышкары мыйзамчылар мындай көмүскө бизнес үчүн 3 жылдан беш жылга чеийн эркинен ажыратуу эрежелерин киргизгени жатат. "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев бул мыйзамды кесиптештеринин көпчүлүгү колдоого алат деп ишенүүдө.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети жактырды.

Буга чейин Кыргызстанда сойкуканаларды тыюу же бул көрунушкө мамлекеттик деңгээлде көзөмөл жүргүзүү үчүн мыйзамдаштыруу керек деген дагы демилгелер көтөрүлгөн эле.

Милиция кызматкерлери жашыруун сойкуканалардын бетин ачканы тууралуу кабарларды дээрлик апта сайын жарыялап турат. Мисалы, өткөн аптада Бишкек милициясы шаардын чок ортосундагы үйлөрдүн бириндеги сойкунананы тинтип, секс бизнесине жашы жетелек кыздар дагы тартылып жатканын билдирген эле.

Бирок, сойкулукту катаал жазалар менен же күч менен басуу мүмкүн эмес деген тараптар дагы бар. Укук коргоочу Рита Карасартова Би-Би-Сиге берген интервьюсунда: "Үй-бүлөдө, коомдо жана диний чөйрөлөрдө сойкулукка каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө гана бул көрүнуш азаят. Ал эми күч менен же катаал мыйзамдар менен басуу натыйжа бербейт", - деп айтты.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 131129143412_prostitution_france_304x171_reuters.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#691 Пользователь офлайн   sterva   06 Март 2014 - 11:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 08:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Дагы жазынызчы, аявай кызыктуу экен. ..
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#692 Пользователь офлайн   kapriznyi   06 Март 2014 - 13:44

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Компьютерге адамча ой жүгүртүүнү үйрөтүшүүдө.


АКШнын “Карнеги Меллон” университетиндеги окумуштуулар сүрөттөр аркылуу компьютерге ой жүгүртүүнүн жолдорун үйрөтүүнү көздөшүүдө. Азыр компьютердик программа 24 саат бою тынбай, сүрөттөрдү анализдеп жатат.

“Сүрөттөрдү токтобостон үйрөнүү” (NEIL) программасынын негизги максаты – компьютерлер визуалдык дүйнөнүн кабылдоодо адам сыяктуу үйрөнө алабы деген суроого жооп табуу. Бул долбоор Американын Коргоо министрлигинин аскердик-деңиз иликтөөлөрү боюнча кеңсеси жана “Google” тарабынан каржыланууда.

Июль айынан бери NEIL программасы үч миллион сүрөттү карап чыкты. Анын жыйынтыгында программа жарым миллион сүрөттөгү 1500дөй объекти, жүз миңдеген сүрөттөн 1200дөй көрүнүштү таанып, 2500дөй окшоштуктарды аныктаганга жетишти. Долбоорду тескеген топ NEIL эч көрсөтмөсү жок эле ар кыл нерселер ортосундагы байланышты өзү үйрөнүп чыгат деп үмүттөнүп жатышат.

Компьютердик программалар буга чейин эле машинанын көз карашы менен объектерди аныктаганды үйрөнгөн. Бирок изилдөөчүлөр жаңы долбоор кошумча жыйынтыктарды берет деп ишенишет.

Программага эбегейсиз компьютердик күч керек болуп жатат. Азыр бул программаны 200 ядрону камтыган компьютерлердин эки чоң бөлүмү иштетип жатат.

“Сүрөттөр нерсенин өзгөчөлөгүн үйрөнүүнүн мыкты жолу. Алар дүйнө жөнүндө толтура ойлорду камтып турат. Адамдар муну өздөрү эле үйрөнүп алышат. Компьютерлер да үйрөнөт деп үмүттөнөбүз, " - деди иликтөөгө катышкан профессор Абхинав Гупта.

Азырынча NEIL машиналарды көчөдөн тапса болоорун, өрдөктөр каздарга окшош экенин таап чыкты. Иликтөөлүлөр тобу айткандай, программа айрым учурда каталарды да кетирип коюп жатат. Маселен программа “Pink” деген терминди розанын өңүндөй түс катары тааныбай, атактуу поп-жылдыз деп чыгарып коюшу мүмкүн. Мындай каталарды алдын алуу үчүн адамдар программанын үйрөнүү процессине түздөн-түз катышканы жатат.

“Адамдар компьютерге эмнени үйрөтөөрүн биле беришпейт. Бирок кишилер эмнени туура же туура эмес экенин жакшы айтып бере алышат," - дейт долбоор аркылуу докторлугун жазып жаткан Абхинав Шривастава.

NEIL программасын иштетүүнүн дагы бир максаты – сүрөттөрдүн дүйнөдөгү ири корун түзүү болуп саналат.

“Соңку 5-10 жылда үйрөнгөнүбүз боюнча айтсак, канчалык маалымат көп болсо, ошончолук компьютердин ою жакшыра баштайт," - дейт профессор Гупта.

Программага эбегейсиз компьютердик күч керек болуп жатат. Азыр бул программаны 200 ядрону камтыган компьютерлердин эки чоң бөлүмү иштетип жатат. Топ бул долбоорду уланта бере турганын айтышты.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 131029125254_computer_light_li_fi_304x171_reuters.jpg
  • Прикрепленное изображение: 131121152100_cables_computador_304x171_getty_nocredit.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#693 Пользователь офлайн   ATOMIC-BOMBA   06 Март 2014 - 14:00

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 59
  • Катталган: 05 Март 14
  • Соңку аракети: 22 Июл 2015 16:12

Shumdugun kurgurduku.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#694 Пользователь офлайн   Januska   06 Март 2014 - 14:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 702
  • Катталган: 09 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Июл 2016 16:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош, Кара-Кулжа

Кызыктын баары бул жакта турбайбы, дагы жазыныздарчы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#695 Пользователь офлайн   kapriznyi   06 Март 2014 - 15:03

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Вебдин “атасы” онлайн тыңчылыкты сындап чыкты.

WWW же дүйнөлүк желени ойлоп тапкан сэр Тим Бернерс Ли интернеттеги маалыматтардын купуялыгын кепилдеген коддордун көбүн бузганы үчүн чалгын агенттиктерин сынга алды.

Ал мындай билдирүүсүн АКШ менен Британиянын электрондук байланыштарды тыңшады деген мурдагы америкалык агент Эдвард Сноудендин маалыматтарынын негизинде айтып чыкты.

“Бизге онлайн кылмыштуулукка каршы тура алган күчтүү агенттиктер керек. Бирок ар бир күчтүү агенттик текшерүүлөргө жана тең салмактуулукка муктаж. Ачыкка чыккан соңку маалыматтарга таянсак, азыркы текшерүү менен баланстоо системасы өзүн актабай калды”- деди Тим Бернерс Ли.

Ал Сноуден ачыкка чыгарган маалыматтар коомчулуктун кызыкчылыгын көздөөрүн, бул маселелер толук жана чынчыл талкууларга муктаж экенин белгиледи.

Бернерс Ли чалгын агенттиктери онлайн коопсуздукту алсыратканын, киберкылмыштарга жана кибервирустарга каршы күрөшүү аракеттерин көз жаздымда калганын кошумчалады.

Дүйнөлүк желенин “атасынын” “Гардиан” гезитине курган маеги Британ парламентинин Коопсуздук комитети өлкөдөгү үч чалгын кызматынын маалыматын угаар алдында жарыяланды.

Британ өкмөтү улуттук коопсуздукту камсыздоодо чалгын агенттиктеринин ролу чоң экенин айтып келет.

Ал тапта Британиянын конверватор депутаттарынын тобу “Гардианга” кайрылып, маалыматтарды жарыялагандан кийин анын коопсуздукка тийгизген таасирин да эске алууга чакырды.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 131107184826_tim_berners-lee__304x171_ap.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#696 Пользователь офлайн   vankuver   06 Март 2014 - 15:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Шумдугун кургурдуку.
ГАСУ мага да купиядан шыбырап койбойсбу. Каяктардан эле шумдугун кургурларды таап келип жатканынызды.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#697 Пользователь офлайн   kapriznyi   06 Март 2014 - 15:45

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения vankuver (06 Март 2014 - 15:40) жазган:

Шумдугун кургурдуку.
ГАСУ мага да купиядан шыбырап койбойсбу. Каяктардан эле шумдугун кургурларды таап келип жатканынызды.


Ооняктанле. .. ааайтпайм. Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: kapriznyi: 06 Март 2014 - 15:46

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#698 Пользователь офлайн   kapriznyi   06 Март 2014 - 16:28

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Уулдун катасы атанын азабы.

Январьдын этегинде Куланак айылынын жашоочусу 78 жаштагы Түмөнбаев Абди ата жарык дүйнө менен кош айтышып, жерге берилди. Пендебиз да, жакшылыкта болобу, жамандыкта болобу ар кандай кеп-сөз айтылбай койбойт экен. Айрыкча адамды акыркы сапарга узатып жатып, өмүрүнүн ар бир этабын талдашат экен келгендер.

Абди ата өмүрлүк жолдошу Шарипа апа экөө он төрт баланы тарбиялап өстүрүп, турмушка орду-ордуна жайгаштырышкан. Пенсияга чыкканча колхоздо чабан болуп эмгектенишип, урмат-сыйга татып, грамоталарга, сыйлыктарга ээ болушкан. Тууган-туушкан, эл ичинде жакшы адамдар деген баа алып, кадыр-баркка татышкан.

Союз ыдырагандан кийин, эгемендиктин желаргысы бирде оң, бирде тескери сокту. Ошондой күндөрдүн биринде жаштыкпы, акчанын азгырыгыбы, же демократиянын шарданыбы, атанын балдарынын арасынан динин буруп, башка бир сектага мүчө болуп алышты.

Эчак үй-жай куруп, өз алдынча жашап, отуздан ашып калган уул-кыздарына эне-атанын тили өткөн жок. "Ата, баягы силер корккон комунисттик партия жок, биз демократиялык өлкөдө жашайбыз, азыр дин эркиндиги бар," - деп түшүндүрдү уулу - Кана. "Кыйналган жашоодо партияңар силерди карап койдубу?"

Уулунун сөзү ишенимдүү чыкты: Сектага мүчө болгондорго материалдык жардамдар берилип, кийим-кечек, азык-түлүк алышчу. Ал тургай, айылдагы аз камсыз үй-бүлөлөргө дагы көп ирет кумшекер, май, кийим-кечек таратышкан.

Ата-энеси балдардын сөзүнө ынанып калды. Айыл ичинде имиш сөздөр айтылып, ата-эне, бир туугандар ичинде дагы өйдө-ылдый мамиле болду. Аңгыча атанын кызынын уулу кайтыш болуп, жергиликтүү эл башка диндегилерди койдурбайбыз деген принципте турушту. Акыры Амандын сөөгү Ак-Кыядан жай тапты. Ушул чырдан кийин ата-эненин ден соолугуна зак кетти. Абди ата беш жылы төшөк тартып жатты. Өзү буту басып турган кезде мечитке барып сураныптыр: "Мен мусулманмын. Балдар жаштык кылды, жаңылды. Мен бир нерсе болуп кетсем, ары-бери түртпөй, ата-бабам жаткан жерден орун бергиле," - деген экен.

Атам каза болду дегенди угуп, мечиттегилер шарт коюшту дейт. Келини - эки баласы кетсин, анан маркумга мусулманчылыктын шартын жасайбыз. Баягы жээнибиздегидей чыр чыкпай, атабыз аркы жакка тынч кетсин деп, кайнилерим кетишти. Албетте, атасына топурак салбай калганына экөө тең өкүнүп калышты. Атам деле буларга ыраазычылыгы бар, ооруп төшөктө жатканда биринен-сала бири алып кетип багышты. Дары-дармегин ташып жатышты. Эне-атанын алдында уул катары милдетин кылышты Кудайдан буйрук болбосо...

Фарида Сейталиева, Бишкек.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 131220130034_old_age_hands_304x171_bbc_nocredit.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#699 Пользователь офлайн   kapriznyi   06 Март 2014 - 16:41

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Шам алдында кечки тамактануу романтикалуу гана эмес, ошондой эле, пайдалуу.

Мындай жыйынтыкты Швециянын окумуштуулары чагырды. Шамдардан чыккан түтүн жүрөк согушун турукташтырат. Себеби, анда натрий жана калий бөлүкчөлөрү бар. Бирок ал үчүн соя же момдон жасалган шам колдонуу керек. Ал эми жыпар жыттуу, ар түстөгү шамдар, тескерисинче, кооптуу химиялык заттарды бөлүп чыгарып, аллергия жаратышы мүмкүн.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28464_m.jpeg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#700 Пользователь офлайн   kapriznyi   06 Март 2014 - 16:42

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Стресстен арылуунун жаңы ыкмасы катары топтошуп ыйлоо болуп калды.

Ый боюнча семинарларды Японияда Такаши Сага өткөрөт. Ал адамдарды көңүл кош калтыра албаган видеолорду, китептерди жана фильмдерди көрсөтөт. Муну менен адам бугун чыгарып алат. Саганын айтымында, көпчүлүк адамдар биринчи келгенде алар ыйлай турарына ишенбей, мелтиреп тура берет. Бирок сеанстын акырында адатта баары боздоп кирет, дейт Сага.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28465_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 39 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 39, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 06:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: