Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#701 Пользователь офлайн   kapriznyi   06 Март 2014 - 16:45

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Жер жүзүндө эң кары аял кезектеги туулган күнүн белгиледи.

Кечээ Япониянын тургуну Мисао Окаве 116 жашка толду. Байбиченин айтымында, узак жашоо үчүн туура жана өз маалында тамактанып, уйкуну жакшы кандырып туруу керек. Мындан тышкары, жагымдуу эс алууну унутпоо зарыл. Мисао Окавенин кызы жана уулу 90 жашта. Байбиченин төрт небереси жана алты чөбөрөсү бар. 6 марта 2014.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 28466_m.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#702 Пользователь офлайн   kapriznyi   07 Март 2014 - 01:33

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Индонезия: Оорукана акысын таштанды менен төлөө:

Индонезияда бир катар клиникалар өтө жарды кишилерге дарыгерге көрүнгөнү үчүн акысын таштанды менен төлөгөнгө уруксат беришти. “Бир ок менен эки коён аткандай” эле, бир чети көп киши дарыгерге көрүнө алат, экинчи жагынан таштанды маселесин чечилүүдө. Схеманы киргизген дарыгер Гамал Албинсаид Эл аралык өндүрүшчүлөр сыйлыгын алды. Индонезияда көп киши жакыр жашайт. Тапкандары тамактанууга эптеп жетет. Ал эми ооруканага көрүнүү андан да татаал. Ага көп кишинин чамасы жетпейт. Бирок Яванын Малаң шаарындагы бул клиника жакыр кишилерге доктурга көрүнүү мүмкүнчүлүгүн берген жаңы программа кабыл алды. Доктор Гамал Албинсаид кишилер доктурга көрүнгөнү үчүн өздөрү кутула албай жүргөн нерсеси менен төлөгөнгө жол берди, ал акыр-чикир, таштанды. Кишилер алып келген таштандыны клиника сорттоп, жергиликтүү компанияга сатып, акча табат. Бул схема эки миңден ашуун адамга доктурга көрүнүү мүмкүнчүлүгүн берди. Малаң шаарында мындай беш клиника иштөөдө. Башка да Индонезиялык шаарлар ушундай негизге өтөт деп болжонууда.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1394025486_indoneziya.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#703 Пользователь офлайн   kapriznyi   07 Март 2014 - 01:40

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Асия Сасыкбаева: "Өзүбек ажы Чотоновдун "кыздар 14 жаштан күйөөгө чыккыла" дегени педофилдикке чакыруу, кыздардын ден соолугуна зыян келтирүүчү чакырык, керек болсо эркектик шовинизм."

Жогорку Кеңештин депутаты Асия Сасыкбаева Өзбек ажы Чотоновдун "кыздар 14 жаштан күйөгө чыккыла!" деген чакырык жасаганына нааразы болду.

Эл өкүлү бүгүн, 6-мартта ЖКнын жыйынында “Манас жаңырыгы” каналы аркылуу “Жаштар сүйлөсүн” аттуу көрсөтүүдө Өзбек ажы Чотонов кыздарга билимдин кереги жок экендигин айтканын, ошондой эле кыздардын кандай күйөөгө тиерин ата-энеси чечерин айтканын билдирди.

“Кыздар сулуулукту гана билсе болду деди. Бул адамда эне-аталык сезим жокпу, конституция, мыйзам бул адамга иштебейби? Кыздарга таза жол тандоо бергендин ордуна теле аркылуу туура эмес кеңеш берүүдө. Бул чакырык педофилдикке чакыруу, кыздардын ден соолугуна зыян келтирүүчү чакырык, керек болсо эркектик шовинизм. Бул көрсөтүүнү 14 жаштагы канчалаган кыздар көрүп жатышат. Тез арада укук коргоо органдары бул боюнча чара көрүшү керек”,- деди депутат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1394087864_asiya.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#704 Пользователь офлайн   kapriznyi   07 Март 2014 - 02:08

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Жоокерлердин өлүмү көнүмүшпү?


Акыркы жылдары аскерге барып өз жанын өзү кыйды делип, курман болгон жоокерлердин саны арбып баратат. Алсак, өз жанын кыйган делип, акыркы эки жылда эле аскерде кызмат өтөп жүргөн 18 жоокер кайтыш болгон. Аскер прокуратурасынын маалыматына караганда, 2012-жылы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн 11 жоокер өз жанын кыйса, былтыр 12 жоокер өз өмүрүнө кол салып, жетөөсү өлгөн. Ал эми быйылкы 2014-жыл жаңыра элек жатып Ошто, Кантта жана Кой-Ташта бирден жоокер каза болгон. Өлгөн аскерлерге асынып же атынып алган делген гана версия колдонулуп, Аскер прокуратурасы кылмыш ишин ачууга негиз жок деген шылтоо менен иликтөө иштерин жүргүзбөй, ишти жаап коюп жатканынын кесепети ушул жыйынтыкка алып келип жатканы айтылууда. Анткени аскердеги "дедовщина" токтобой, айрымдар өз жанын кыйса, кээлерин атайылап өлтүрүп коюшу мүмкүн, мына ушул нерсеге Аскер прокуратурасы олуттуу көңүл бурбай кайдыгер болуп жатканы коомчулук тарабынан катуу сынга алынып келет. Тилекке каршы, өлгөн аскерлердин санын артышы, коомчулуктагы айтылган ачуу сындарга карабастан тиешелүү органдар жеткиликтүү иш алып барбай, жылда баягы эле көрүнүш кайталанууда. Сыягы, бийлик тиешелүү чара көрбөсө, жакынкы жылдары Кыргыз армиясынын катарында кызмат өтөөгө эч ким барбай калбайбы деп кооптоносуң.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#705 Пользователь офлайн   kapriznyi   07 Март 2014 - 02:10

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Баягы эле №4 төрөткана.
Бишкекте ыры да, чыры да бүтпөй, өзүнчө эле легендага айланган №4 - төрөтканасы бар. Ар жума болбосо да, ар ай сайын бир балээнин үстүнөн чыгышпай койбойт. Ар качандан, бир качан чыр. Бүгүнкү күнгө дейре бала уурдалып, төрөп жаткан энелер каралбай кайтыш болгон окуялар дамамат кайталанып келе жатат. Бир жан киши көңүл буруп, көзөмөлгө алыша элек. Ошондон улам, бала уурдамай, энелердин өлүмү көндүм көрүнүшкө айланып бара жаткандай элес берет. Мына өткөн жумада, тагыраагы 27-февралда эле биз кеп кылып жактан төрөтканадан төрөлгөн эркек баланын ордуна ата-энеге чарчап калган кыздын сөөгүн беришип, чоң жаңжал чыкты. Буга байланыштуу 3 доктур жана 3 акушер иштен алынды. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Бирок мындайларды иштен алып эле тим койбой, жазасын берип, абакка айдаш керек эмеспи. Ошондо адилеттүүлүк болуп, өзүм билем деген көрпенделик аз болсо ооздукталмак.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#706 Пользователь офлайн   kapriznyi   07 Март 2014 - 02:46

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 12 Мар 2014 18:14
  • Жынысы:Белгисиз

Уулун улактай сойгон ата сөрөй.

Жакында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Улан Шерипов кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси менен Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын тургуну, 39 жаштагы Автандил Раматовго козгогон кылмыш ишин аяктап, соттун кароосуна жиберди. Мурда-кийин Көл кылаасында мындай мыкаачылык болгон-болбогону эч кимдин эсинде жок. Бирок өз уулун улактай сойгон атанын бул жолку жоругу айылдаштарынын жүрөгүн түшүргөн болчу. "Мындай шумдукту мурда уктум эле, көрдүм эле" деген кыргыз баласы болбоптур. "Аракка алдырып, ушул ишке бардым" деген зөөкүр атаны кандай жаза күтүп турат, аны сот аныктайт.

Серепчилер Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук күч алгандыгын "ыр эмес, жомок эмес" айтып жатышат. Буларга себеп болгон жагдайлардын негизгиси катары социалдык теңсиздик айтылууда. Айрыкча үй-бүлөдөгү зомбулуктан аялдар менен балдардын жабыр тарткан учурлары көп. 2012-жылдын 10 айында эле 2266 үйбүлөдө зомбулук жасалып, 150 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. Анын ичинен 1760 уруп-сабоо, 12 адам өлтүрүү, 93 денеге жаракат келтирүү, 9 сексуалдык зомбулук катталган. Мындай кайгылуу фактылардын жүз беришин коомчулук аракечтик менен байланыштырып келишет. "Аракечтик" менен "кылмыш" экөө өнөктөш болуп, бирин-бири толуктап турары мыйзам ченемдүү нерсе. Себеби, кылмыштын 80% ы ичкиликтин кесепетинен келип чыгууда. Биз төмөндө кеп кыла турган окуя да акыркы мезгилде "көнүмүш көрүнүшкө" айланып бара жаткан ичкиликтен улам келип чыккан. Кылмыш өткөн жылдын 5-ноябрында катталган. Ошол күнү, аракка акыл-ээсин алдырган Автандил Раматов эки жашар "кара чечекей" баласы Талантбекти алгач башка-көзгө ургулап сабап, наристе эс-учун жоготуп жерге жатып калганда, ичине бычак матырып, көкүрөк тушка чейин жырып салган эле. "Тогуз ай омурткасы сыздап көтөргөн" наристесинин канжалап жерде сулап жатканын көргөн, баланын энеси Аида Мусуралиева, ошол замат күйөөсүнүн туугандарын чакырып, тыбырчылап жаткан уулун райондук ооруканага алып келишкен. Бирок, өлүм менен өмүр канчалык тирешпесин, өлүм күчтүүлүк кылды. Оорукананын дарыгерлери наристенин өмүрү үчүн болгон аракеттерин жумшап жатышты. Балким шаар жеринде болгондо дагы бир нерсе кылууга болот беле? Айылдык ак халатчандар баланын өмүрүн сактап кала алышпады. Ал эми шаарга алып кетүүгө убакыт өтө тар эле.

Жети-Өгүз райондук ооруканасынын дарыгери Темирбек Тикибаев ошол күнү жумушта болчу. Ал окуя боюнча мындайча көрсөтмө берген:

-Ооруканага баланы ичеги-карыны чубалып калган абалда алып келишти. Бир нече жеринен жаракат алган экен. Башында, өпкөсүндө, жүрөгүндө бычактын издери бар болчу. Мыкаачы аны бычак менен туш келди сайгылап, анан ичин жарып салган экен. Операция учурунда, ашказанынан эки тешик табылып, аны хирургдар тигишти. Андан кийин травматикалык шоктон чыгарууга аракет кылдык. Баланын организми да өз өмүрү үчүн жакшы эле күрөштү. Тилекке каршы, алган жаракатынын оордугу өзүнүн ролун ойноду окшойт. Эртеси наристе бул дүйнө менен түбөлүкө кош айтышты.

Окуянын кандайча болгондугун тыкыр иликтеген Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Улан Шериповдун айтымында:

-Ошол күнү Автандил Раматовдун келинчеги Аида Мусуралиева кош бойлуу болгондуктан, айылдын фельдшердик- акушердик пунктунун дарыгерлерине көрүнүүгө кеткен экен. Балдары беш жашар Жанадилди жана эки жашар Талантбекти атасы менен калтырып кеткен. "Ишенген кожом сен болсоң..." болуп, ичкилик дегенде жата калган Автандил аялы кетээр менен ал да көчөгө чыгат. Андайда алкымы ачылгандар тез эле табышат эмеспи. Ара чолодо "арак" дегенде үзүлүп түшкөндөр чогула калышып, ортого акча чыгарышып, иче башташат. Биринин артынан бири бошогон бөтөлкөлөр ал топтогуларды тез эле темтеңдетип таштайт. Болгон ырыскыларын какшытышкан соң, чайпала басып тарашат. Үйүнүн эшигин аттаар менен атасынын кейпин көргөн эки наристе "Кулаалы көргөн жөжөдөй" жүктүн бурчуна жашынат. Балдарынын мындай аракеттери тилин чайнап турган атанын кыжырын келтирдиби (?), ал кеп сөзгө келбей эле кичүү баласын ур-токмокко алып, башка-көзгө койгулап кирет. Зөөкүр атанын жоругуна чыдабаган улуу баласы Жанадил чаңырып ыйлап, "Бөбөгүмдү сабаба" деп жалбарып, атасынын жакасына асылат. Мас неме ага карайбы, чырылдаган уулун алып ыргытып, чыңырып алдында жаткан наристени эми бычак менен сайгылап кирет. Анан сайылган бычакты көкүрөгүнө чейин жиреп салган эле. Бул учурда дарыгерлерге көрүнгөнү барып, көпкө кезекте туруп кармалып калган энеси шашып, үйүн көздөй келаткан болчу. Шордуу эненин жүрөгү бир жамандыкты сезгенби, алдынан чыгып салам айткандарга деле маани бербей чуркап келаткан. Көз ирмем эртээрек болгондо, наристесин сактап калат беле? Бирок, баардыгы кеч болуп калганда эшигинин босогосун аттайт. Кыңкыстаган жазыксыз наристе канга чыланып жатканын көрүп, эненин эси ооп жыгылат. Бул маалда кан болгон бычакты карыштыра кармап, зөөкүр ата ары жакта капарсыз жаткан болчу. Автандилдин мындай мыкаачылыкка барары эч кимдин оюна келген эмес. Анын бир туугандары, кошуналары бир ооздон Автандилди кой оозуна чөп албаган момун кылып сүрөттөшүүдө. "Мындай жолго барбайт эле, арактын азабынан ушуну жасап жатпайбы" дешет алар. "Соо кезинде андан жоош жана баласаак адам жок, өзгөчө ушул кичүү баласын абдан жакшы көрчү" дегендер да болду. Бирок, ишенүү кыйын. Ким билет, балким, бир тууган агасы айткандай, кийинки кезде Автандил арак ичсе эле көзүнө бир нерселер көрүнүп, жөөлүп калчу экен. Баланы ооруканага алып келгенден кийин агасы андан "бул эмне кылганың?" деп сураса, "мен кара улакты сойгом" деп жооп бергенин айтышат.

"Автандилдин чоң энесимин" деп өзүн тааныштырган Аяткан апа: "Арак эмнени гана кылбайт. Баласын мастыгы менен сайып отурбайбы. Өзүнүн жүрүм-туруму жакшы эле болчу. Азыр жаштардын көбү ичип калбадыбы, ошолордун таасиринде калды. Арак ичип жатып бирөөлөр менен уруша кетип, ошонун күүсү менен ушул ишке бардыбы дейм. Буга чейин 3-4 күндөн бери ичпей эле жүргөн. Аялы, кичүү баласын "ала кетейин" десе, "кете бер, өзүм карап турам" деп, жакшынакай эле алып калган экен. Аялы доктурда көпкө кармалып калып, келсе эле эч нерсе билбей үйүндө жатыптыр. Ошондон бери биздин үйдө тынчтык деле жок. Арактын азабы, ушуга жеткирип жатпайбы" ,- дейт жаны кашайып. Төбө чачты тик тургузган мындай кандуу окуянын аягы ушинтип бүттү. Бул кандуу, каргашалуу окуялардын күнөөкөрлөрүнүн дээрлик көпчүлүгү өз улутташтарыбыз экендигин көрүп, угуп, билип туруп эмне дээриңди билбейсиң. Аракка акылын алдырып, айбанча ишке барган "кыргыз жигиттеринин" саны жыл өткөн сайын арбып баратат. Аларды арактан арачалап калуунун аргасын кайдан издешти билбей, үй-бүлөсү азабын тартууда. Албетте, бул сөз намыска тиер. А бирок, чыркыраган чындыкка ишенгиң келбесе да, зээниңди кейитип, көөдөнүңдү эзип турат. Буга ким күнөөлүү? Заманбы? Адамбы? Же аракпы? Айтор, бей-күнөө бирөөнүн өмүрүн жырткычтык менен кыйган зөөкүрлөргө эмне дээриңди билбейсиң? Азыр мыкаачы атанын мындай жоругун туугандары ичкиликке оодарышууда. Ким билет. Өз баласын жашоо укугунан ажыраткан Автандилге чын эле ичкилик түрткү болгонбу же башка себептер барбы (?), аны кийинки иликтөөлөр аныктаар.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1391618866_bala.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#707 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   07 Март 2014 - 14:42

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Бир сутка бою киттин ичинде...
Ажайып дүйнөдө не деген укмуштуу, сырдуу, кызыктуу окуялар болот. Мен мындан 19 жыл мурун Малуин аралында болгон окуяны баяндап берейин...
Кит уулоочу "Западная звезда" кемеси Малуин аралдарынын жанында жолуктурган зор китти колго түшүрүү үчүн эки кайыкты сууга түшүрөт. Алар алп жаныбарды кууп жетишип, жарадар кылышат. Өлүм алдында жаткан кит куйругу менен кайыктын бирөөсүн оодара чабат. Кайыктагы кит уулоочулар сууга кулап түшүшөт. Бирөөнү суу үстүндөгү куткаруучулар тартып алышат, экинчиси белгисиз жоголуп кетет. Качан гана кит тынчып калганда, анын өлгөнүнө ишенишкен кит уулоочулар аны палубага алып чыгышып, бөлүктөргө бөлө башташат, бөлүп отурушуп, 24 саатта гана анын карынына жетишет. Мына эмесе, баягы дайынсыз жоголуп кеткен Джемс Бартлей киттин ичинде тирүү, бирок эси ооп жаткан экен. Аны эсине келтирип сурашса, ал: "Куйруктун катуу соккусунан абага ыргып кетип, кайра сууга түшөөр замат бир нерсе жутуп жибергенин жакшы эстеп калдым. Мен жумшак жана тар каналга туш болуп, кит жыйрылганынан улам алдыга жыла баштадым. Ошентип чоң, караңгы көпүрөнүн ичинде калдым. Көз ирмем ичинде эмне болуп кетти деп, эки жагымдын баарын сыйпалап, кыдырып көрүп, киттин ичинде жатканымды түшүндүм. Анын ичи ысык болгондуктан көзүм тумандап, эсимди жоготуп койдум". Джемсти тезинен Лондондук бир госпиталга жеткирип, жаткырышты. Эң таң калычтуу 24 саат бою киттин ичинде жатканына карабастан, анын ден соолугу зыян тарткан эмес, болгону териси гана ашказандын маңызынан жапа чеккендиги байкалган экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#708 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   07 Март 2014 - 14:44

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Галикарнас мавзолейи.
Дүйнөнүн жети кереметинин бири - Галикарнастагы мавзолей - Мавсол падышанын күмбөзү.
Күмбөз чыгыш тибиндеги тепкич пирамидадан жана Гректик ион периптеринен тургузулган. Жети кереметке кирген грек эстеликтери сыяктуу эле бул мавзолей да архитектуралык курулушу менен эле эмес, скульптуралардын чогулушу менен аты чыккан. Статуялар менен рельефтелген пирамида ошол учурдун (IV к. б.з.ч) атактуу скульпторлору Леохар, Скопас, Бриаксис жана Тимофей тарабынан курулган.
Мавзолей толук бойдон урандыга айланган шаардын так ортосунда 1800 жыл турган. XV кылымда крестүүлөр жортуулу убагында шаар крестүүлөр тарабынан талкаланган. Крестүүлөр Эгей деңизинин жээгине чеп - Ыйык Петр сепилин курушуп, анын дубалдарын мавзолейдин бекем плиталары менен курчашкан.
Мавзолейдин плиталарын, падыша Мавсолдун жана анын аялы Артемисиянын статуясын 1857-жылы англис археологу Ч. Ньютон таап, Англияга алып кеткен (Артемисия Мавсол өлгөндөн кийин мавзолейдин курулушун уланткан).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#709 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   07 Март 2014 - 14:49

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Илья Репиндин алтынчы туюму.
Атактуу сүрөтчү Илья Репиндин өзүнө жакын адамдардын өлүмүн алдын ала сезе билген өзгөчө касиети болгон. Мындай белги ал ошол көрөр күнү, ичер суусу түгөнүп бараткан тууганынын портретин тартууну каалагандыгы аркылуу билинген.
Репин өзү бул "көзү ачыктыгын" моюнга алган эмес. Бирок достору бир нече дал келүүлөр аркылуу далилдеп беришкен. Күндөрдүн биринде эле Илья Ефимович досу Мусоргскийдин сүрөтүн тарта баштайт (айтмакчы, сүрөтчүнүн эң жакшы портретинин бири ушул). Андан көп күн өтпөй тигил досу жарык дүйнө менен кош айтышат. Жазуучу Писемскийдин портретин кагазга түшүрөр менен эле ал да кокусунан каза тапкан. Атактуу хирург Пироговдун сүрөтү да өмүрүнүн акыркы күндөрү Репин тарабынан тартылган. Ал эми Тютчевдин портретин Третьяков галереясына берүү үчүн калемин колуна алгандыгын акын өзү билип калып, "кое тур" деп суранган. Бирок бир айдын ичинде катуу ооруп, оо дүйнөгө сапар тарткан.
Кээде адамдар портрети бүтөөр менен эле өлбөгөн менен көпкө жашай алышкан эмес. Гаршиндин өлүмү дал ушундай болгон. Репин аны 1885-жылы тартып койгон менен жазуучу 1888-жылы жазында өзүн өзү асып салган. Орус музыкасын пропагандалап жүргөн Француз аял Луиза де Мерси-Аржантонун элесин 1888-жылы Петербургда портретке айландырган. Ал да эки жылдан соң жарык дүйнө менен кош айтышат. Улуу сүрөтчүнүн мистикалык касиетин К. Чуковский "Илья Репин" аттуу китебинде даана жазган. Бир жолу Оршер деген жазуучу-юморист тамашалап:
- Илья Ефимович, Столыпиндин да сүрөтүн тартпайсызбы, - деп калат. Көрсө, ошол учурда премьер-министр болуп турган Столыпинди көпчүлүгү жаман көрүшчү экен. Арадан бир нече ай өткөн соң Репин Саратов Думасынын буюртмасы менен Столыпиндин сүрөтүн тартаарын айтат.
- Сүрөтчү Столыпинди Ички иштер министрлигинин имаратында тартып жатып, күндөрдүн биринде мындай деп калат:
- Эмнегедир анын сүрөтү кандын өңүндөй кызыл болууда. Бул революциянын белгиси экендигин эч ким билбесе керек.
- Репин портретти бүтөөргө жакын Столыпин Киевге барып, окко кабылат. Ошондо баягы сатирик досу азил-чыны аралаш: "Илья Ефимович, сизге рахмат" - дейт.
- Бирок мында сүрөтчүнү күнөөлөгөнгө болбостур. Эгер ал ошол өз каармандарынын өлүмүн чындап эле билсе өзүнүн аялы Б. Нордман-Северованын да сүрөтүн тартмак эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#710 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   07 Март 2014 - 14:51

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Өлгүсү келбеген шейиттер.
Түркиянын Чанаккале аттуу аймагын жергиликтүү эл шейиттер жери деп аташып, ыйык санашат. Себеби биринчи дүйнөлүк согушта ал жерде түрктөрдүн аябай көп аскерлери душмандар менен салгылашта шейит болушкан. Ал жер мындай окуялар менен таң калтырат.
1978-жылы жергиликтүү бир бай калктын каршы чыкканына карабай ошол аймакка ишкана курууну чечет. Курулуш үчүн иш башталып, ишчилер жерди үч-төрт метр казгандан соң, адамдын каны чыга баштаганына күбө болушат. Алар жакаларын кармап "тобо" келтирип, казууну токтотушуп, байга айтып барууну эп көрүшөт. Бирок акчасын, убактысын текке кетирбеген неме өзү кошо келип, жердин астынан кан көрбөгөн соң ишчилерди аябай урушат. Кайрадан казуу улантылып жаткан кезде, жерден кадимкидей жылжып кан чыга баштайт. Ошондо да бул нерсени өз көзү менен көргөн бай-бизнесмен "атайлап бир нерсе кылып банкрот кылышканы жатат деген ойдо кол астындагыларды кетирүүнү чечет. Ага жетпей эле өзү 2-3 күндөн соң узакка чейин аябай катуу ооруп өлөт. Курулуш ошол окуядан соң токтогон.
Дагы бир окуя 1990-жылдары болгон. Машинасы менен узак сапарга чыккан жолоочу шейиттер жерине жеткен соң чырым этип алайын деп уктап кетет. Уйку арасында анын кулагына согуш апааты, бомбанын жарылганы, мылтык-дүрмөттөрдүн, кыйкырган жоокерлердин үнү угулуп, кулагы тунжурайт. Ойгонуп, өңү-түшүн ажырата албаган жолоочу куран окуп жөнөп кеткен экен.
Жергиликтүү жашоочулар шейиттерди "өлгөндөр" деп айтпагыла дешет жана мындай окуяларды көнүмүш катары кабыл алышат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#711 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   07 Март 2014 - 14:56

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Линкольндун тынчыбаган арбагы.
АКШнын атактуу президенти Авраам Линкольн өзүнүн саясий карьерасы башталган Иллинойс штатында жашап жүргөндө эң жакшы көргөн баласы Уиллиден айрылып, кайгысын жеңилдетүү үчүн спиритизм менен алектенгендиги белгилүү. Магиялык мындай өнөр аркылуу ал саясатта да көп ийгиликке жетишкендиги талашсыз. Медиум Нетти Коулберн кулдарды боштондукка чыгаруу жөнүндөгү манифестти кабыл алууга Линкольнду бир жарым саат транс абалында кармап ынандырган экен. Президент ошондон кийин гана кулчулук жоюлбаса, Түндүк менен Түштүктүн ортосунда согуш токтобосуна көзү жеткен.
Мындан тышкары Линкольн келечекте боло турган окуяларды алдын ала көрө билген. 1860-жылдагы шайлоого чейин эле ал күзгүдөн өзүнүн экөө болуп көрүнгөн сөлөкөтүн байкаган. Бирөөсү улам жоголуп турган. Бул кубулушту президенттин аялы Мэри Тод экинчи мөөнөткө шайланып, бирок аягына чейин жашабайт деп жоромолдогон.
Линкольн өмүрүнө кол салынардан он күн мурда бул коркунучту күн мурунтан көрө билип, күндөлүгүнө жазып койгон. Ошондо түнкүсүн уктап жатканда көп адамдардын онтогон үнү кулагына угулуп, төшөктөн туруп, сыртка чыккан. Эмнегедир жолунан тирүү эч ким көрүнбөй коет. Туш тарабынан ый жаңыра берет. Акыры кароолчуларга жетип, "Ак үйдө ким өлдү?"- деп сураса, тигил "Президент" деп жооп кайтарат.
Ал тургай президент өлөрүнөн бир күн мурда кабинетинин мүчөлөрүнө өзүнө кантип кол салышарын түшүндө көргөндүгүн айтат. Эртеси жансакчысы У. Крукка үч ирет катары менен өлөрү жөнүндө түш көргөндүгүн айтып, демейдегидей "жакшы кал" деп коштошуунун ордуна "кош бол" дейт. Ушул күнү кечинде кандай каргашалуу окуя болгондугу белгилүү. Ошентип аза поезди Линкольндун сөөгүн жерге берүү үчүн өзү туулган Иллинойс штатындагы Спрингфилд шаарына жеткирди. Айрым маалыматтарга караганда ошондон тартып жыл сайын Линкольн өлтүрүлгөн күнү ошол поезддин арбагы Вашингтондон Иллинойско сапар тартат имиш. Бирок эмнегедир акыркы станцияга чейин жетпейт. Ал эми бул мезгилде бардык кол жана чоң сааттар токтоп калат. Кайрадан жүрө баштаганда 5-8 минута кечигет.
Линкольндун арбагы ушул күнгө чейин Акүйдө жүрөт. Аны биринчи болуп Грейс Кулидж, президент Калвин Кулидждин аялы (1923-1929-жылдар) көргөн. Буга чейин айрым кызматкерлер Линкольндун баскан дабышын экинчи кабаттан угушкан. Андан соң Грейс маркум президенттин элесин Овальдык бөлмөдөн көргөн. Бир ирет Франклин Д.Рузвельтке конокко келген Нидерланддын королевасы Вильгельм арбактын эшикти какканын угуп, эси ооп кала жаздаган. Элеонора Рузвельт Линкольндун арбагы келгендигин сезген менен өзү көргөн эмес. Кээде Рузвельттердин ити Фала жөндөн жөн эле үрө берген.
Ак үйдө 1945-1952-жылдары жашаган президент Гарри Трумэн да арбактын дабышын уккандыгын мойнуна алган. Рональд Рейгандын кызы Морин Линкольндун элесин мурдагы уктоочу бөлмөсүндө көргөн.
Линкольндун дабышын спрингфилддеги мүрзөсүнөн уккандар да бар. Айрым имиштерге караганда анын сөөгү мүрзөсүндө жок экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#712 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   07 Март 2014 - 15:01

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Үйдүн ээси орус чал экен.
Квартираны алганыбызга 5 жылдай болуп калган. Буга чейин таң калыштуу көп нерселер болгон, бирок баарыбыз эле элес албаганга аракет кылып жүрдүк. Бир күнү жайында кечки саат тогуздарда келинимдин досторун узатып кирсем артыман эле бирөө коңгуроону басты, эшикти ачтым. Эч ким жок. Дагы шыңгырады, ачкандан коркуп ачпай залга кирдим. Үйдө эч ким жок эле. Кухняда бирөө идиш жууп, суу крандан агып, идиштер кагылышып жаткандай үн чыкты. Денемди калтырак басып, полго отура калып, көзүмдү бекем жумуп, кулагымды бастым. "Кудай" , деп келме келтирип жаттым. Коңгуроо үстөккө-босток шыңгырайт. Ордуман жылбай, бул ким? - дедим, үн жок. Коркконуман ыйлап, ичимен өзүмдү тилдедим. Себеби, үйдөгүлөргө таарынып, алар менен конокко барбай койгом. Таарынган адамды тарбиялап коелу деп арбактар коркутуп атабы? - деген жаман ойлор келе баштады. Анын үстүнө бир бүбү: "Үйүңөрдүн ээси, орус чалдын сөөгү туура эмес чыгып калган, жыт чыгарып, үйүңөрдү туздуу суу менен тазалагыла" дегенинен тазалабай койдук эле, мүмкүн чалдын арбагы деп отурсам, балкондун эшиги тарс ачылды. Коркконго кош көрүнөт болуп балкондо бирөө тургандай сезилди. Өлөт деген ушу турбайбы, деп отурсам эшик ачылып, келиним иним экөө кирди. Алар "эмне болду?" -дешти эле ыйлап жибердим. Болгон окуяны айтсам, келиним мени кубаттап, мен да ушундай болгом деди. Бир гана иним ишенбеди. Аңгыча ашканадан бакырык угулду. Келиним экөөбүз чуркап барсак, кадимки эле тарелка өйдө көтөрүлүп турган экен. Үчөөбүз ордубузда каттык. Тарелка стол үстүнө коюлуп, газдын үстүндө турган кострюл көтөрүлүп полго коюлду. Мындай укмуш көрүнүшкө оозубуз ачылып, акырын артка жыла баштадык. Эшикти ачып, кошунанын үйүнө кире качтык. Аларга айтсак, далай квартиранттар коркуп, көчүп кеткенин айтышты. Ошентип коңшунукуна түнөдүк. Эртеси буюмдарды таштап, өзүбүздүн кийимдерибизди гана алып, көчүп кеттик. Баягы бүбүгө барсак "үйдүн ээси" деди. Ушул убакка чейин коркуп ошол дабыш ээрчип алгандай сезилет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#713 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   07 Март 2014 - 15:06

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Күнөөгө баткан аял.
Мен сиздерге өзүм күбө болгон окуяны баяндап берейин. Бизден жогорку кабатта жашаган бир кыз турмушка чыга элек кезинде көп жигиттер менен "көңүл ачып" жүрчү. Анын түн ортосунда да күн сайын ар кайсы жигит менен "сүйүшүп" турганын көп көрчүбүз. Бирок шаардык кыз кошуналардан уялмак турсун, кайра жанынан өткөндөрдү шылдыңдагансып каткырып койчу.
Күндөрдүн биринде кайсы жигиттен экендиги белгисиз, бирөөсүнөн боюна бүтүп калат. Ошондо түшүнө көзү өткөн чоң энеси бир нече ирет кирет. Ал эгер боюңдан алдырсаң, анда Кудайдын каарына каласың жана бул күнөөң үчүн келечекте балдарың жазаланат деп эскертет. Бирок Венера түшүнөн берилген аянга ишенбей, боюнан алдырып салат.
Арадан үч жыл убакыт өтүп, Венера аскер кызматкерине турмушка чыгып, жыл айланбай эркек бала төрөйт. Алты айлык баласы менен уктап жаткан түндөрдүн биринде баягы чоң энеси кайрадан түшүнө кирет. Бул ирет да дагы эки жылдан соң экинчи эркек балалуу болорун кабарлайт. Бирок ошондо жаш кезиндеги күнөөсү үчүн кыйналарын билдирет. Болгондо да эки бейкүнөө бала жабыр тарта тургандыгын ачык айтат. Чоң уулунун суудан, кичүүсүнүн оттон ажалы жетет экен.
Албетте, Венера эми турмуштун мыйзамына баш ийип, аркы-беркини түшүнүп калгандыктан улам эле коркунучтуу түштөрдү көрө бергендигинен чочулап, бир төлгөчү кемпирге кайрылат. Тигил күйгүлтүккө түшкөн келиндин абалын түшүнүп, көңүлүн көтөрүү үчүн калп айткан менен төлгөсүнө түшкөн чындыктан буйтап өтө албай "үй-бүлөңдө ар кандай кырсык болуп кетиши мүмкүн" деп балакеттин башын чыгарып коет. Арадан жылдар өтүп, Венера күнүмдүк турмуштун көйгөйү менен алпурушуп коркунучтуу түшүн унутуп деле койгон болчу.
Тилекке каршы жылдар өткөндөн кийин алардын үй-бүлөсүндө орду толгус оор кайгы болду. Ошондо алар үй ичин тазалап, бөлмөгө чоң чаканы коюп, суу ысытып жатышкан. Өзү ашканада тамак даярдап, күйөөсү сыртта жүргөн. Бул мезгилде чоң уулу уктап, кичүүсү ошол суу жылыткычы салынган чака турган бөлмөгө ойноп кирип келет. Бирок сууну жакшы көргөн бала чакага колун сала коюп, ошол замат ток урат. Кыскасы "Ай!" деп бакырганга араң үлгүрүп, каза болуп калат.
Бул кайгыдан башы көтөрүлбөй жүргөндөн бир ай убакыт өтпөй жубайлар экинчи оор жоготууга учурашты. Бул ирет чоң уулу айылда, чоң энесинин колунда жүрүп сууга түшөм деп чөгүп кетет.
Ал эми Венера акыры чоң энесинин бул кырсыктарды түшүндө алдын ала эскерткенин айтканда бул Кудайдын каары экендигин өзү түшүнгөн күйөөсү ажырашууга аргасыз болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#714 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   07 Март 2014 - 15:09

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Аппак көйнөк кийген сулуу кыз көрүнүп, досум ооруп калган...
Мен анда 2-курста окуучу элем. БГУнун жатаканасында досум менен эки орундук комнатада жашап жүрдүк. Коңшу комнатадагы кыздар "түндө силер черттиңерби" - деп коркутуп жүрүштү. Студенттик майрам болуп, группалаштар майрамдап комнатага кеч келдик. Ошол түнү досум "Кенже, светти күйгүзчү. Менин кроватымдын аягында бирөө олтурат, бол, мага жакындай баштады" деп кыйкыра баштады. Анын ачуу кыйкырыгынан коркуп кетип, светти кантип күйгүзгөнүмдү билбейм. Эмне болду? - десем "сурабачы" деп ыйлап жатты. Саатты карасак таңкы беш. Таң атты. Кайрадан Айзаттан сурасам, ал "Аппак көйнөк кийген сулуу кыз экен. Чачы узун капкара, кара каш, бото көз, узун бойлуу" - деп сүрөттөдү. Ал менин кроватымда калтырап көңүлсүз жатты. Заматта жатаканага тарап, ар ким көздөрүнө ошол кыз көрүнгөнүн айтып, "коркпо, ал жатакананын ээси" десе деле болбой, ыйлап, бир жума сабакка барбай, комнатада шалдырап жатты. Ал арыктап баратты. Коркконуман бир туугандарына айттым, алар келип, дос кызымды алып кетишти. Бүбүгө көрсөтсө, "катуу коркуп калган" деп дем салып берип: "Кайсы бир жылдары айыл-чарба жумушуна бир автобус толтура кыздарды алып баратканда поезд уруп кетип, далай кыздар мүрт кетип, сөөктөрү жатаканага жеткирилип, ошол жерден жакындары алып кеткенче кыздардын жаны учуп кетип, ошол жатаканада калган. Алардын эч жамандыктары жок" - деген экен. Чынында эле "көрдүк, бирок тийген жок деп бирөөсү айтса, бирөөсү мени башыман сылады эле айыгып калдым" - деген эле студенттер көбөйдү. Коркуп жүрүп жатаканадан чыгып кеттим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#715 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   07 Март 2014 - 15:10

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Мээбиз уктабайт.
Биздин мээбиз дайыма, ал тургай уктаган учурубузда да иштеп турат. Мындай ачылыш Америкалык нейрофизиологдор академиясынын жыл сайын өткөрүлүүчү жыйынында окумуштуу Серен Гондек тарабынан жасалды. Көрсө, адамдар кызуу уйкуга батканда баш мээнин айрым бөлүктөрү ар кандай сырткы дабыштарды кабыл алып, өзгөчө "милдетти" аткара баштайт экен.
Ал тургай окумуштуулар уктап жаткан адамдарга тажрыйба жүргүзүшкөн. Анда алдын ала кассетага жазылган ызы-чуу, баланын ыйлаганы жана башка үндөр магнитофондон уктурулган. Бирок мындай "жасалма" коркутуулар анчалык катуу чочута алган эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#716 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   07 Март 2014 - 15:12

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Адамдар качан сүйлөй баштаган?
Окумуштуулар эбактан бери эле адам баласы алгачкы ирет качан сүйлөгөндүгүн билүүгө кызыгып келишүүдө. Бул суроого алгач АКШнын Дюка университетинин антрополог окумуштуулары жооп табышты. Алардын маалыматына ылайык адамзат планетадагы алгачкы сөздү он миң же миллиондогон жылдар мурда айтышы мүмкүн. Тилекке каршы ошол учурда далилдөөгө шарт болгон эмес. Анткен менен окумуштуулар байыркы сүйлөгөн адамдардын баш сөөгүн изилдеп, сактап калууга жетишкен.
Дюк университетинин окумуштуулары мындан 400 миң жыл мурда жашаган адамдардын баш сөөгүнө анализ жүргүзүшкөн. Алар тил менен нерв клеткалары байланышкан тамырларды аныкташкан. Себеби бул тамырлар маймылдыкына караганда эки эсе чоң болгон жана азыркы адамдардын сүйлөөчү нерв клеткаларына окшош экендиги далилденген. Тескерисинче 2,5 миллион жыл мурда жашап өткөн Австралиялык адамдардын бул нерв клеткалары маймылдардыкынан анча айырмаланган эмес. Кыскасы, окумуштуулардын ою боюнча биздин алгачкы ата-бабаларыбыз австралопитектер менен неандертальдыктардын муунунун ортосунда сүйлөй башташкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#717 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   07 Март 2014 - 15:18

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Жылан менен арбашкан кой.
Сиздерге көзүм менен көргөн окуяны айтып берейин. Атам менен бир тууган агабыз Темишов Акмат көп жылдар бою совхоздун коюн бакты. Ошол абабыздын үйүндө көп болуп, үй-тиричилигине каралашып, коюн кайтарчу элем. Күндөрдүн биринде дагы ошол абамдын үйүнө барсам, ал киши талаада койдун артында жүргөн экен.
Мен а кишинин жанына эшегимди кыдыңдатып бат эле барып калдым. Саламдашып, ал-акыбал сурашып далайга аркы-беркини сүйлөшүп отуруп калдык. Ага чейин жайылган койдун алды совхоздун күздүк буудайы себилген чекке жетип калганын көрүп, абам мени койдун алдын тосуп келүүгө чуркатты. Өзү отурган бойдон калды.
Чуркаган бойдон ылдыйдагы койлордун алдын тосуп, бери кайрып айдап бараткам. Аңгыча көп койдун артында бир эле кой өңү кара, таяктай тике турган ичке неме менен тиктешип турат. Алысыраак элем. Алгач түшүнбөй "кош-коштоп" бараткам. Эки арткы шыйрактары бүгүлүп, эки алдыңкысы алдыга сунулуп тирелип, тийсең эле торок этип кулап түшчүдөй акыбалда турган ак койду "кош" деп айдайын дегиче ал байкуштун маңдайында шыргыйдай тике турган жанагы неме карачаар жылан экенин көрүп, селт этип чочуп кеттим. Көз алдымда төрт метрче эле жерде койдон көзүн албай, куйругун токочтой тегерек түйүлтүп, түптүз тике тигилип, тилин соймоңдотуп малды арбап алыптыр. Соймоңдогон тилин көргөндө андан бетер жүрөгүм түшүп калды. Койду карасам, ал да эки көзүн жыландан албай, бир туягы менен анда-санда жерди тепкилеп коюп, кулагы тикчийип, чөп чайнагансып оозу кыбырап атты.
Эмне кылаарымды билбей элейип калдым. Аңгыча абам эсиме түшүп, чуркап жөнөдүм. А киши ордунан туруп, "эмне болду?" дегендей карап калган экен, "жылан" , "кой" деген үзүл-кесил сөзүмдү угуп эле "алда кокуйлап" четин таягын булгалай уруп жөнөдү. Артынан мен жетпей чуркап баратам. Келсек, экөө тең жанагыдай эле арбашып тике турушкан экен. Абам күйүккөнүн баскыча туруп калды да, анан жыландын артынан четин таягы менен белге чаап-чаап алды. Жылан талп эле дей түштү. Кой бечара ордунда үч мүнөттөй турду да, силкинип-силкинип алып, мекирене маарап, текиреңдеп чуркап койлорго кошулуп кетти. Эмне болоор экен деп көпкө карап турдум. Бечара көпкө чейин оттобой туруп, анан койлорго кошулуп оттоп кетти.
Абам мындай наримчи (гипноз) койлор чанда гана кезигээрин, көбүнчө жылан арбап жеңип, койду арам өлтүрүп коёрун айтты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#718 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   07 Март 2014 - 15:19

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Кээ бир маалыматтар архивден алынып, жазылып жатат. :гезит:

Билдирүүнү түзөткөн: Jamgyrchy: 07 Март 2014 - 15:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#719 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   07 Март 2014 - 15:22

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Арбак колдодубу, стресс түрткү болдубу...
Конок чакырып жаткан элек. Баары ойдогудай келаткан. Бир сыйра тамак берилип, чай кайра-кайра ичилип, кезек - бешбармакка келген эле. Өкүнүчтүү окуянын баары ушул убакта башталды.
Казандагы этти чыгараарда, бутуман ылдый кайнап турган сорпону төгүп алдым. "Өлдүм! " - дедим. Катуу өкүндүм. Эми конокторду так жөнөтөөрдө уят болдумбу. Сыйлуу меймандар эле...
Шашып-бушуп киймимди которгонумду гана байкашпаса, коноктор да, үйдөгүлөр да эч нерсе байкабай калышты. Анткени менин эч жерим эч нерсе болбоду, ал тургай кызарып да калган жок. Шашып-бушуп, этти чыгарып, калган сорпону берип, кесме сүзүп, айтор жасачунун баарын жасап, меймандарды узаттык.
Үйдөгүлөр "бир казан сорпо төгүлгөндө, денеңе тийген эмес экен" деп жатышты. Денеме, бутума дап-даана эле төгүлгөнүн кызым да көргөн болучу.
Айтор, бир чети сүйүнүп, бир чети таң калып, ошол күндү эстейм, арбак колдодубу же катуу стресс болуп кетип байкабай, ошого жараша эч жерим күйбөй калдыбы, айтор эч нерсе болгон жокмун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#720 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   07 Март 2014 - 15:25

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Кызын издеген эне арбагы...
Эшикти караңгы каптап, жаандан кийин айды көрсөтпөйт. Үйдө жалгыз Айзада чачын тарап, кыңылдап ырдап отурду. Аңгыча иттин уулуганы угулду, анда-санда үрүп жатты. Ит уулуган жаман болот дешчү эле, ага нан ыргытып коеюн деп сыртка чыкса кимдир бирөө аны тиктеп тургансыды. "Бул ким? Же, менин көзүмө көрүнүп жатабы?" деп өзүнө-өзү суроо берди. Коркконунан көзүн жумуп, жерге акырын отурат. Артын кайра карайт, эч ким жок. Үйүнө чуркап кирип эшигин илет. Караңгы түндө тынчтык өкүм сүрүп, жан адамдын дабышы көчөдө да угулбайт. Айзада коркуп атты. Бир саамдан кийин бөлмөлөрдүн эшиктери ачыла баштады. Коридорго чыкса эч ким жок. Аңгыча үйдүн бир бурчунан аппак кийинген аял көрүндү. Капысынан аялдын көздөрүнө көздөрү тиктеше түштү. Айзаданын жан-дүйнөсүн муз басып, денеси муздады. Бир бакырып алып, ээси ооп жыгылды. Эртеси эртең менен ойгонсо төшөктө жатат. Башын басып күйөөсү жанында олтурат. Ага көргөнүн айтып, көчүп кетели деп суранса жолдошу ишенбеди. Ошол күнү кечинде ал аял күйөөсүнүн көзүнө да көрүнөт. "Үйдүн ээси болсо керек" деп кой союп, кан чыгарып, куран окутушат. Бирок ага деле болбоду. Түн киргенде эле үйдүн ичинде кимдир бирөөнүн баскан дабышы угулуп, ак кийимчен аялдын элеси көрүнө турган болду. Айласы кеткен аял-күйөө акырында молдого барышты. Ал "Бул үйдө мурда жашаган үйдүн ээси кайтыш болуп кетиптир. Ал бир үйдүн жалгыз кызы болгон. Бирок бул жерде эмес, алыска сөөгү коюлуп калган. Ошо кыздын энесинин арбагы, жалгыз кызын издеп жүрөт. Жамандыгы жок, коркпой эле койгула" деп дем салып берет. Күйөөсү "Күнүгө жыт чыгарып, куран окутуп турсак дайынсыз жоголот" дейт, ага аялы көнбөйт. Күйөөсү ага ынап, дароо көчүп кетишет. Бул окуя айылга бат тарап, ал үйдү эч ким албай, ушул убакка чейин ээн турат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 24 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 24, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 20:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: