Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#721 07 Март 2014 - 15:29
Улак - албарсты.
Кочкордо иштеп жүргөндөгү окуя эсимде. Андан бери далай жылдар өттү. Бекбоо деген адам бир чарбада көп жыл жылкычы болду. Пенсияга чыгаарына жарым жылдай убакыт калган. "Убагы келсе эле пенсияга чыгып, калган жашоомду айылда өткөрөм" деп тилек кылчу.
Жайдын узун күндөрүнүн биринде айылга келип, жайлоого жол тартат, Бекбоо жылкычы Жайык кечмеликтен өтүп баратса суунун дал ортосунда бир кара улак чоң таш үстүндө маарап турган экен. "А байкуш, энесинен адашып сууга аккан улак тура" деп шап эңип, алдына өңөрүп алат. Кечмеликтин аркы өйүзүнө өтө бергенде жылма таштардан ат мүдүрүлүп кетет. Бекбоо эңкейип, улак ээрдин кашына кысыла түшөт. Ошондо: "Кокуй кысылып калдым, акырын" деген кыйкырык чыгат. Таң калган Бекбоо эсине келе түшүп, улакты сабай баштайт. "Акырын, урба мени, мен сага дубамды үйрөтөм, өмүр бою кызматыңды кылам" - деп дагы сүйлөйт. Ошентип Бекбоо улак - албарсты менен бир топко урушат.
Ошондон баштап ал улак - албарсты Бекбоо кайда барса артынан ээрчип алат. Бекбоо канчалык алыста болсо да анын үй-бүлөсү не болуп жатканын айтып турчу дешет. Кайсы жерде болбосун, тамактанууга олтурганда Бекбоонун жанында даяр болот да, "Мага да, мага да берчи" деп жанын койбойт. Ага акырын жылдырып берип коет. Аны байкап калгандар, "А баягың келдиби, ачка болуп калган го, пенсияга чыккандан бери ушул албарстың менен жан багып жүрөсүң го" деп тамашалап калышчу.
Бекбоо жылкычы аялдардын сообуна көп калды. Төрөй албай жаткан аялдарга албарстынын дубасын окуп, жандырып көп жардам берди.
Бир жолу кошуна айылдан бир аял төрөй албай кыйналат. Албарсты басып жатканын билгендер Бекбоого киши жиберишет. Ал кирип келип эле албарстыны тилдеп, камчысын үйрүп, араңдан зорго кууп чыгат. Ошондон кийин Бекбоо; "Карып калган экемин" деп албарстыга дубасын кайрып берген дешет. Бирок албарсты Бекбоонун көзү өткөнчө кетпептир.

#722 07 Март 2014 - 16:09
Кайын атасынан уул төрөгөн Алина.
Биринчи махабат.
Адаттагыдай эле сабак бүткөндөн кийин курбу кыздарым менен сейил багына жөнөп калдык. Шаңдуу олтурганбыз. Бир маалда биздин жаныбызга чоочун жигиттер келип, таанышып калдык. Чындыгында минтип жигиттердин далайы менен эле таанышчубуз. Ошондуктан көңүл деле бөлгөн эмесмин. Алардын арасынан бир келишимдүү жигит ошол күнү мени үйгө чейин жеткирди. Жолдо көпкө баарлаштык. Бири-бирибизге жакканыбызды бат эле байкап калдык. Аз убакыт өтпөй жигит-кызга айландык. Ал ИИМ кызматкери болгондуктан ата-энем көп көңүлдөнбөй, башынан эле каршы болушту, өзүн да эмнегедир жактырышпай, аны менен мамилемди үзүшүмдү суранышты. Анын үстүнө мен биринчи гана курста окугандыктан, али жашсың, эрте дешти. Мен болсо Анварды абдан жактырып калгандыктан, ата-энемдин тилин алалган жокмун. Ошентип ата-энемдин каршы болгонуна карабай ага турмушка чыгып алдым.
Үй-бүлөгө алгачкы кадам.
Башында бардыгы жомоктогудай башталды. Анын ата-энеси бөлөк жашашат экен. Биз атасы менен эки кабат кычыраган үйүндө жашап калдык. Апасы каалаганда келип турат. Эжелери бардыгы турмушка чыгып кетишкен. Анвар кичүү баласы. Биз кайын атам менен чогуу жашап калдык.
Биринчи күндөн баштап эле Анвардын атасына кылган мамилесинен улам мүнөзү чорт экенин түшүндүм. Иштеп жүрүп мүнөзү оор болуп калса керек деп ойлоп койдум. Биз бир жылга жакын жашадык. Эмнегедир ушул бир жылдын ичинде менин боюма бүткөн жок. Жолдошум экөөбүз кайра-кайра анализ тапшырып жаттык. Анализдер таза чыгып жатты.
Биринчи уруш.
Бир күнү көңүлүм айнып, машинеде бара жатып кусуп жибердим. Анвар абдан сүйүндү. Экөөбүз ээрчишип алып доктурга барсак, “ашказаныңа жел тургузуп алыпсың, боюңда жок экен” деп коюшту. Ошол күнү кечинде Анвар экөөбүз себеби жок урушуп кеттик. Ал күнү ал мага кол көтөрдү. Мындайды күтпөгөн жаным, катуу бакырып жибердим. Урушубузду байкап калган кайын атам дароо эле жетип келип, менин жерде жатканымды көрүп, баласын муштап жиберди. Жолдошум атасына: “менин жашоомо кийлигишпе, өзүңдүн жашооңду оңдоп алчы” деп бакырды. Кайын атам назик киши болгондуктан, көзүнөн жаш тегеренип эч нерсе дебей эшикти катуу жаап чыгып кетти. Эмнегедир ал күнү кайын атам мага сырдуу да, аянычтуу да көрүндү. Эртеси көзүм шишип калгандыктан сабакка барган жокмун. Кайын атам да жумушуна барбаптыр. Ал көбүнчө үйдө болоор эле. Өзү журналист болгондуктан үйдөгү бөлмөсүндө олтуруп алып макалаларды жазчу.
Биринчи мамиле.
Бүгүн мен көңүлүмдү көтөрөйүн деп таттуу печенье, тамак жасадым. Кайын атам экөөбүз көпкө сүйлөшүп олтуруп чай ичтик. Аны менен мурда учурашып, чайын гана берип койгондуктан, аны абдан олуттуу адам деп ойлочумун. Көрсө кайын атам абдан шайыр, тамашакөй, сылык , жагымдуу киши экен. Жашы 52ге чыкса да 35теги кишилердей көрүнөт. Ал күнү экөөбүз бат эле тил табышып, теңтуштардай эле сүйлөшүп олтурдук. Анварга болгон таарынычымды да бат эле унутуп койдум. Ушул күндөн баштап кайын атам экөөбүз абдан жакшы мамиледе болуп кеттик.
Анвар башынан эле үйгө көп токточу эмес. Кааласа келет, кааласа келбейт. Каалаган учурда жумушунан чакырса чыгып кетет. Мен анысына капа деле болчу эмесмин, анткени мага ага турмушка чыгаарда жумушун жакшылап түшүндүргөн болчу. Мен дагы окуумду таштабайм дегем. Ал мени көп кызганчу, бирок ишенчү. Сабагыма өзү алып барып, өзү алып келчү.
Өчүп калган сүйүү жана жаңырган сезим.
Акыркы күндөрү урушуп, чырдашуу адатка айланып кетти. “Сен сабагымды таштап коём деп коркуп, атайын балалуу болгуң келбей жатат” деп жемеледи. Абдан ызаланып катуу урушуп кеттик. Ал дагы адатынча үйдөн чыгып кетти. Эртең менен кайын атам окуума жеткизип койду. Ошол күнү сабакта олтурсам телефонума смс келди. “Менин Анвардан боюмда бар, мен анын кызы болом, ал сени эмес мени сүйөт” деп жазыптыр. Башым айланып, эмнени ойлоноорумду билбей, суранып эшикке чыгып кеттим. Таза абада бир сааттай олтуруп, эмнегедир Анварга эмес, кайын атама чалдым. Ал бат эле жетип келип, үйгө жеткирди. Ага смсти көрсөттүм. Ал дароо эле ал кызга чалып, тилдеп кирди. Кыз дагы жөн турган жок, чындап эле Анвардан боюнда бар экенин, ал мага үйлөнгөнгө чейин эле чогуу жашап жүргөндөрүн айтты. Кайын атам да, мен дагы ишенген жокпуз. “Анвар менен өзүм сүйлөшөм” деди. Мен кийимдеримди жыйнап алып кетип калгым келди. Анын үстүнө аны сүйбөй калгам. Бирок, артымды ойлондум. Ата-энемдин каршы болгонуна карабай, жаштыкка салып тийип алганыма өкүндүм. Эми аларга эмне дейм? Кайсы бетим менен бармак элем, алардын жүрөгүн оорутамбы деп шолоктоп ыйладым. Кайын атам мени сооротуп, мага тамак даярдап дагы чогуу кобурашып олтуруп, тамак жедик. Ал күнү ал кишинин тамак жасоочу эң сонун жөндөмү бар экенин байкадым. Жасаган тамагын суктанып жедим. Ага аябай жакын болуп калганымды түшүндүм. Менин көңүлүмдү бат эле көтөрүп, тамашалашып каткырып, олтурдук. Тиги кызды да унутуп койдук. Мен ага абдан тартылып жаттым. Ичимде сезимдер пайда болгонун туюп, аны башкара албай жаттым. Анвардын кылыгына да жиним келдиби, айтор, ага болгон сезим күчөп кеткенин байкадым. Жолдошума болгон сезимдерим өчүп калганын эчак эле байкасам да, ал кайра минтип кайын атама жанаарын билген эмесмин. Ага абдан жакындагым келди. Ошол убакта өзүмдү унутуп коюптурмун. Шайтан мени азгырып, ага байланып, жаман оюман чыга алган жокмун.
Тамактан кийин чай ичели деп, ал киши чай куюп калды. Мен таттуу нерсе жегим келип жатат дедим. Ал сыртка дүкөнгө кетти, мен болсо ваннага барып эсиме келейин деп чайканып чыктым. Кайра шайтандын азгырыгына ого бетер азгырылып кооз халатымды кийип алдым. Кайын атам дайыма тамакты вино менен иччү адаты бар эле. Ал мага чай куюп өзүнө вино куюп калды. Мен дагы шылтоолоп вино ичип алдым. Канча ичкенимди, кантип кайын атама асылып сезимдеримди айтып, аны менен болгонумду эң сонун билсем дагы, билмексенге салып, эч нерсе болбогон кишидей сыр билгизбей кечке жуук Анварды жакшы маанайым менен тосуп алдым. Ал мени таң калып карап койду. Тиги кызы тууралуу кайын атам да, мен дагы күнөөлүү кишилердей эч нерсе айткан жокпуз. Албетте, Анвар ал кыздын боюнда бар экенин жакшы билген, ошол үчүн өзүн күнөөлүүдөй алып жүрдү. Ойго батып кетти. Ал кызды сүйбөгөнүн дароо эле түшүндүм. Бирок, жашап жүргөнү чын экен. Ал кыз менен таанышкым да келген жок. Анварды мурдагыдан да жек көрүп жүрө бердим. Бирок, кеткен жокмун. Тескерисинче акыркы күндөрү көңүлүм ток, шайыр боло түштүм. Жолдошум таң калып жатты. Тиги кыздын мага чалганын да жакшы билет экен. Менин ага эч нерсе дебегениме да таң калып жатты окшойт. Анан менден акыры кеткиси келбей жатат деп да ойлоду, мүмкүн чындап эле мени сүйөт ким билет? Бирок андай болсо эмнеге жап-жаш болуп туруп ойнош күтөт. Жок, кайра ишенбей кетем.
Биринчи ойнош.
Ошентип күндөр өтө берди. Кайын атам экөөбүз болсо ойнош болуп алдык. Бири-бирибиз менен көңүл эле ачып эмес, сүйүшүп калганыбызды түшүндүк. Мага кымбат кийимдерди алып берип, түрлүү тамактарды жасап берип, айтор, жаш жигиттердей менин көзүмдү карачу болду. Ал киши да, мен дагы Анварды аяган жокпуз. Анткени, ал ага арзыбайт эле. Анвар болсо эч нерсени байкаган жок.
Окшош күндөр өтүп жатып, эки айдан кийин боюмда бар экенин билдим. Анварга айткан жокмун. Жаркын (кайын атам) экөөбүз аябай сүйүндүк. Ал мени кадимкидей баласынан кызганчу болду. Ээрчишип алып качып кетип калалы дедик. Жаш балдардай сүйүшүп, түбөлүк бирге болгубуз келди. Бирок кантип? Элдин бетин кантип карайбыз. Ата-энем эмне дейт? Мен араң гана жыйырмада ал болсо, элүү үчтө. Ортобузда отуз үч жаш айырма бар. Буга окшогон суроолор бизди ойлонтуп, жооп таба албай жүргөндө, Анвар мени боюмда бар экенин билип калды. Абдан сүйүндү. Мени куттуктап алтын сөйкө сатып алыптыр. Кечинде өзүнчө олтуруп алып: “Мага эмнеге айта элексиң, эки ай болуп калган турбайбы” деп ичимен өөп белегин берди. Анын кубанычы койнуна батпай турганын сезип турдум. Эмне дээримди билбей ыйлап жибердим. Ал мени түшүнбөй эркелетип, сооротуп кирди. Күнөөлүү мени карап: “Мени кечир, акмакчылык кылдым, ал кыз мага эч ким эмес. Же болбосо мен ага үйлөнөт элем да. Өзү артыман калбай жабышып, дайыма шайтандай болуп азгырат. Эркек болгондон кийин азгырылбай койбойт экенсиң. Анын үстүнө анын алдында өзүмдү күнөөлүү сезип чакырса эле бара берчү болдум. Эми экинчи ага жолобой калайын, сени, келечектеги балдарыбызды көкөлөтүп багам. Экинчи ашыкча баспайм. Дайыма сени менен болом. Сени сүйөм. Кечир мени, сенсиз мага жашоо жок” деп жалдырап ыйлап кирди. Мындайды күтпөгөн жаным, өз күйүтүмдү ойлонуп жатып уккан кулагыма, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Аны аяп, эмне дээримди билбей кечирдим. Бирок, ал мени кечиреби, бул дагы чоң суроо эле. Көпкө ойлонуп жатып, бардыгы ушул боюнча калсын дедим. Кайын атамдын да башка жолу жок эле. Бирок ал көпкө чыдай алган жок. Куржунун көтөрүп алып үйдөн кетип калды. Кайсыл жакка кеткенин да айткан жок. Биз болсо өткөндү унутуп бактылуу жашап калдык.
Жети айдан кийин көз жардым. Уулдуу болдук. Кубанычыбызды айтып бүтүү кыйын эле. Мурдагыдай бактылуу жашап жаттык. Балабыз бирге чыкканча кайын атам басып келген жок.
Бакыт үчүн күрөш.
Балабыз Арген бирге чыгып там-туң басып калган чагы. Анын туулган күнүн өткөрүп, жаңы эле конокторду узатканбыз. Мен кайын энемден, эжелеримден кайын атамды, чыныгы сүйүүмдү, баламдын атасын сурагым келди. Бирок, сурай алган жокмун. Алар дагы эч нерсе дешкен жок. Мүмкүн Анвар билет чыгаар. Бирок мен күнөөлүү кишидей андан ооз ачып сурай албай жүрө бердим.
Арадан он күндөй өткөн. Балама ботко жасап берип жаткам. Бир маалда Жаркын кирип келди. Күтүүсүздөн кирип келген кайын атамды кантип тосуп алышты билбей көпкө карап туруп калдым. Ал дагы бизди карап, көзүнөн жаш тегеренип кетти.
Кайын атам күйүтүнө чыдабай мени унутуш үчүн Россиядагы досуна кетип калыптыр. Ал жакта бир жылдай иштеп, баласын көргүсү келип кайра кайтып келиптир. Мен дагы, ал дагы мени унутпаптыр. Сезимдерибиз ошол бойдон калган экен. Тескерисинче күчөп кеткендей. Баласын кучактап алып аябай ыйлады. “Мен силерди алып кетем. Ал жакта баары даяр. Досторум да жардамдашып турушат. Чогултуп койгон акчам жетет. Эптеп айласын таап Анвар менен ажыраш. Чындыгында мен жөн гана силерди көргөнү келгем. Баламдын бактылуу болушун каалайм, бирок сенсиз жашай албай күнүм куурады” деп жаш баладай мени кучактап алып ыйлап жатты. Мен дагы эмне дээримди билбей кучактап алып ыйлап жаттым. Мындай нерсе кинодо да, жомокто да болбошу мүмкүн, бирок менин башымдан ушундай оор нерсе өтүп жатканына өзүм да ишенген жокмун.
“Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей аз убакыт өтпөй Анвар кайын атам экөөбүздү кармап алды. Эми ал баарын билет. Баласы дагы бир тууганы экенин билет. Ал үчүн бул нерсе катуу сокку болду. Күйүтүнө чыдабай атасынан өч алам деп, бычак менен сайып салды. Мени болсо эч жеримди калтырбай сабап, баламды өлтүрөм деди. Бирок өз баласындай чоңойткон бир тууганына кол көтөрө алган жок.
Мен дагы, Жаркын дагы аны сотко берген жокпуз. Тескерисинче эч ким билбей калсын деп, эч кимге айткан жокпуз. Жаркындын жаракаты оор болбой бат эле айыгып кетти. Менин дагы денемдин көк аласы бат эле кетти. Анвар дагы эрдик кылып эч кимге айтпаптыр. Эркек болгон үчүн мынча ыплас нерсени ичине сыр боюнча калтырып, тагдырга баш ийсе керек. Кийинчерээк ал мурдагы чогуу жашап жүргөн ойношуна үйлөнгөнүн уктум. Көрсө ал кызы да ага эгиз кыз төрөп бериптир. Анысын таштабай дайыма жардам кылып жүрүптүр. Мүмкүн өзүнүн кылыгы бар үчүн да бизди кечирсе керек. Кийин анын баркын билип акыры баш кошуптур. Биз балам экөөбүз Жаркындын артынан эки айдан кийин кеттик. Эч ким шектенбесин дедик. Эч ким менен катташпай, өзүбүзчө жашап калдык. Бирок, беш жылдан кийин баары бир деле ал экөөбүздүн чогуу жашап жатканыбызды билип калышыптыр. Бир чети алардын версиясы башка болду. Анткени, мен ата-энеме биринчи убакта кайнатам жардам берип, ошол бойдон ал жакта туруп калдык деп айттым. Эл болсо Анварды күнөөлөп, мени аяшты. Анткени, ал бир убакта эки аялдын башын айлантып, экөөнөн тең балалуу болгонун билишти. Аз убакыт өтпөй аялы менен ажырашып кийин ойношуна үйлөндү атка конду. Ошентсе да ал аялынын баркын көбүрөөк билип бактылуу жашап жатышыптыр. Кийин дагы эки эркек балалуу болушуптур. Азыр жалпы 4 неберелүү экенбиз. Ошентип мурдагы биринчи сүйүүм, жолдошум азыр өгөй балам болуп отурат.
Анвар экөөбүз тең күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып, бардыгы сыр боюнча калсын дедик. Бирок “эл оозунда элек жок” демекчи кайын журтумда мен тууралуу ар кандай ушактар таркап кетиптир. Менин туугандарым болсо жөн гана кайын атасы жардам берип жатат деп ушактарга көңүл деле бөлүшпөйт экен.
Жаркын 60ты аркалап калды. Мен болсо араң гана 27ге чыктым. Жаркын: “Сенин ойноп, күлө турган убагың, каалаганыңды кыл, кааласаң мени таштап жаш күйөө тап” дей берет. Бирок, менин баркыма андан башка ким жетмек эле. Мен аны менен бактылуумун жана ал өзүн абдан жакшы алып жүргөндүктөн анын 60та экенин эч ким билбейт. Биз ал жактан досторду күтүп алганбыз. Бактылуу жашап жатабыз. Кийин кандай болот турмуш өзү көрсөтөөр...

#726 07 Март 2014 - 17:46
Атандын корууу десе, анык шумдугун кургур окуяларго. Кайнатасы менен болуп кетсе Э? пай пай пааай.
Ал эми жогорудагы оз баласын союп салган адамга соз жок экен.
Чет олколордо эмес озубуздун Кыргыздарда чыныгы Шумдуктар коп турбайбы.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#728 07 Март 2014 - 20:35
Jamgyrchy GASUга конкурент болуп алыпсызда. Ал бир жакшы жазып кетипатат эле
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
#729 07 Март 2014 - 20:48
#730 07 Март 2014 - 20:54
#731 07 Март 2014 - 21:04
#733 07 Март 2014 - 21:56
#734 07 Март 2014 - 22:39
Ванганын айткандары туура чыгууда.
Курск кемесинин суу түбүнө чөгүп кетээрин, Чернобль кырсыгынын болоорун, Советтер Союзунун таркаарын, Ельциндин шайлоодо утуп чыгаарын жана Сталиндин кайсы күнү өлөөрүн алдын ала так айтып койгон, 100 жылда бир жаралчу табышмактуу Ванганын баскан изи кызыгууну туудурат. Ошондуктан, анын басып өткөн чыйыр жолуна дүрбү салгың келет.
Жакшы кабарды алып жүрүүчү :
Эгер Ванга тирүү болгондо, 2008- жылдын 3-октябрында 97 жашка чыкмак.
(Көптөгөн интернет булактары Ванганы 1911-жылдын 31-январында туулган деп туура эмес датаны жазып жүрүшөт.) Вангелия Пандова Македониядагы жакыр турмушта күн кечирген дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал колдорундагы жана буттарындагы айрым манжалары биригип, мөөнөтүнөн 2 ай эрте төрөлгөн. Анан ата-энеси ойлонуп олтуруп: "жакшы кабарды алып жүрүүчү"- деген маанини түшүндүргөн Вангелия деген ысымды ыйгарышат.
Табышмактуу көрүнүш:
Кыш мезгилинин суук кечтеринин биринде айылга ак ат минген чабандес келип, үйдүн ичине кирет. Бөлмө ичи кандайдыр бир нурга толуп, чабандес минтип сүйлөйт да көздөн кайым болот: "Жакында дүйнө алааматы болуп, көптөгөн эл өлөт, жоголот. Сен болсо, ушул жерде туруп, тирүү жана өлгөн адамдар тууралуу билдирип турасың! Коркпо! Элге эмнени билдирериңди мен сага айтып турам". Дал ушундай көрүнүш 30 жаштагы Ванганын жашоосуна 1941-жылдын январь айында көрүнөт. Ошентип, Ванга көзү ачык адамга айланып, келечек тууралуу ар кимди кабардар кыла баштайт.
Бактысыз бала чак:
Ванга бала чагынан тартып эле турмуштун сыноосуна кабылып, ар кандай кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Үч жашка чыкканда, энеси кезектеги ымыркайды төрөйм деп, толгоо учурунда көз жумат. Ошентип, энесинен айрылган жаш кыз атасы менен жашоонун ысык-суугун кечире баштайт. 11 жашка чыкканда короого бир буюмду ыргытып, көзүн бекем жумуп алып, аны издемей оюнун көп ойночу болот. Атасы антип ойноого тыюу салса да, Вангелия ойногонду токтотмок тургай, адат кылып алат. Күндөрдүн биринде асман тунарып, катуу бороон-чапкын болуп, 12 жаштагы Ванганы куюн учуруп кетет. Аны эсинен танып, көзүнө кум толуп, талаада жаткан жеринен табышат. Көзү көпкө чейин ооруп, 2 жолу операция жасалса да жергиликтүү дарыгерлерден шыпаа болбой коёт. Ошентип, жаш Ванганын көзү көрбөй, сокур болуп калат.
Эненин эки өлүмү бар:
Ванга 16 жашка чыкканда алгачкы жолу өзүнүн көзү ачыктык касиетин атасына көрсөтүп, атасы жайып жүрүп жоготуп алган коюн тапканга жардам берет. Таңкы уйкудан ойгонгон Ванга койдун кайсы короодо жатканын түшүндө көргөнүн атасына айтат, ошентип анын айтканы туура чыгат. 14 жашка чыкканда өспүрүм Вангелияны сокурлар үйүнө бөлүп, анда 3 жыл жашап калат. Бирок, атасынын экинчи жубайы да төртүнчү баласын төрөп жатып, көз жумат. Мындай окуядан соң, 6 жана 4 жаштагы кичүү инилери менен 2 жаштагы сиңдисин кароого жардам берүү үчүн, сокурлар үйүндө таанышкан Дмитр Гуштеров деген сүйгөнү менен кош айтышып, үйүнө кайтып келүүгө аргасыз болот.
Ванга- мамлекеттик кызматкер:
Ванганын алдын ала айтып берүүчү касиети Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде 30 жашка чыкканда күчүнө кирет. Ал дайынсыз жоголуп кеткендердин кайда көмүлгөнүн, кайсы жери ооруганын, алардын келечектеги тагдырын жана адамдардын согуштан келер-келбестигин так айтып турган.
Ванганын айтымчылык жөндөмдүүлүгүн Болгариянын өкмөтү баалап, аны мамлекеттик кызматчылардын катарына кошушат. Ошентип, Ванга көптөгөн белгилүү адамдарга айтымчылык кызматын көрсөтө баштайт. Болгариянын Петрич шаарында атайын Вангага келгендер үчүн өкмөт тарабынан мейманкана салынган. Өкмөт Ванганын кабыл алуусунда болууну каалаган болгарлар жана Советтер Союзунун жашоочулары үчүн 2 доллардан, ал эми чет өлкөлүк жарандар үчүн 50 доллардан алып турган. Адамдарды кабыл алуудан түшкөн акчанын баары мамлекеттин казынасын толтуруп турган. Ага көрүнүү үчүн жылдап кезекке турушкан. Себеби, Ванганын жылына 100 миңге жакын адамдарды кабыл алган күндөрү болгон. Өзүнүн 55 жылдык өмүрүндө белгилүү болгар аялынын кабыл алуусунда миллиондон ашык адам катталганын айрымдар эсептеп чыгышкан. Алардын баары жашоонун кереметтери тууралуу сүйлөшүү үчүн эмес, өздөрүнүн кайгы-муңуна, ар кандай оору-дартына дабаа издеп келгендер болгон. Ванга ар бир адамдын айткандарын өзүнүн жан дүйнөсүнөн өткөрүп, алардан беш-бетер кыйналган.
Ванганын айтымына караганда, болгон маалыматтын баарын ага өлгөн адамдардын арбактары айтып турган. "Адамдар мага келгенде эле көз алдыман алардын төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки жашоосу тасма сыяктуу тартылып өтөт. Мен бул дүйнөгө ачылган дарбаза сыяктуу болгонум үчүн, арбактар келип мага айтып турушат. Менин кабыл алуума кайсы бир адам келгенде, анын өлгөн туугандары чогулуп алып, мага суроолорду беришет да, ага кайра эле өздөрү жооп беришет. Мен болсо, уккандарымды гана тирүүлөргө айтып турам"- дейт Ванга.
Тагдырдан качып кутула албайсың:
Өзүнүн улуу агасы Васил согушка аттанганда, Ванга аны ал жактан өлтүрүп коерун айтып, барба деп жалдырап ыйлаган. Бирок, карындашынын айтканына ишенбей Васил согушка кетип, ошол жылы эле немецтердин колуна түшүп, кыйноо менен өлтүрүлгөн.
Элди дүрбөлөңгө салган билдирүүнү Ванга 1980-жылы айткан. Ал: "Кылымдын аягында, 1999-жылдын августунда же 2000-жылы Курск (Орусиядагы шаардын аты) суунун түбүнө кетип, бүткүл дүйнө ал үчүн кайгырып, жашын төгөт"- деген.
Ванганын мындай билдирүүсүн ал учурда эч ким көңүлгө албаганы менен, 20 жылдан соң, анын айтканы чыркыраган чындыкка айланды. "Курск" кемеси сууга чөгүп, бир канча адам өмүрү менен коштошту.
Ванганы Сталинди өлөт дегендиги үчүн шарлатан деп күнөөлөп, жарым жылга чукул убакытка түрмөгө камап коюшат. Бирок, Сталин Ванга айткан күндө өлгөндөн кийин, аны эркиндикке чыгарышкан.
Ванга өлүмдөн корккон эмес:
Ванга 1940- жылы атасынан айрылса, 1942-жылдын 10-майында сокурлар үйүндө таанышкан сүйгөнү Дмитр менен баш кошот.
Бирок, алар 20 жыл бирге өмүр сүрүшсө да, Ванга күйөөсүн өлүмдөн куткарып кала алган эмес. Акыркы жылдары күйөөсү ичкиликке берилип, аракечке айланып кеткен. Болгариянын эң белгилүү аялы мунун баарын көрүп, билип, жакшы түшүнүп турса да, күйөөсүнүн тагдырын өзгөртүүгө кудурети жеткен эмес. 1962-жылы Дмитр өлүп жатканда, Ванга сокур көздөрүнөн аккан жашты сүртпөй, күйөөсү жаткан кроваттын жанында чөгөлөп олтурган.
Ванга өлүмдөн корккон эмес. Өлүм алдында жаткан Ванганы өкмөттүк оорукананын реанимация бөлүмүнө алып келишкенде, ал медициналык жардамдан баш тартып: "Бардыгын Кудайга койдум" - деген. Эң кызыгы, ал өзүнүн өлө турган күнүн да алдын ала эле так айтып койгон. Ванга ооруканадагы акыркы 2 айын комада жатып, 1996-жылдын 11-августунда 85 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышат.
"Адам жакшы иштерди жасоо үчүн жаралган. Ар бир жаман иш жазасыз калбайт. Эгер бирөөгө жамандык кылган адамга жаза келбесе, анда ал анын укум-тукумуна өтүп кетет" - деген сөзүн Ванга элге айтуудан тажабачу.
Бүтүүнүн башталышы:
Ванга өлүм алдында жатканда, өзүнүн алдын ала айтымчылык касиетинин баары Франциядагы 10 жашар кызга өтөөрүн билдирген. Бирок, касиетти алаары менен анын да көзү көрбөй көр болуп калаарын айткан.
Ванганын келечек тууралуу айткан айрым ойлору:
(Айткандары иш-жүзүнө ашпай эле койсун!)
2008-ж. Төрт өлкөнүн өкмөт башчыларына кол салуу болот. Бул үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышынын бир себеби болот.
(Айрымдар муну 12-августта Грузияга учуп барган Украинанын, Эстониянын, Литванын жана Польшанын президенттери менен байланыштырышууда. Балким, Грузия менен Түштүк Осетия ортосундагы тиреш АКШ менен Орусиянын ортосундагы араң турган отко май чачып салат чыгар. Эгер, бул державалар ортосунда согуш башталса, анда аны 3-дүйнөлүк согуш деп айтууга болот. Бирок, жер огунан чыгып кетпейт деп эч ким кепил боло албайт.)
2010-ж. Ушул жылдын ноябрь айында үчүнчү дүйнөлүк согуш башталат да, ал 2014-жылдын октябрына чейин уланат. Бул согушта, алгач ядердик, анан химиялык курал колдонулат.
2011-ж. Радиоактивдүү калдыктардын натыйжасында, жер шарынын түндүк жагында жаныбарлар да, өсүмдүктөр да кырылып калбай калат. Мындан соң, мусулмандар тирүү калган европалыктарга каршы химиялык согушту башташат.
2014-ж. Химиялык согуштун натыйжасында, адамдардын көбү тери рагына дуушар болушат.
2018-ж. Кытай дүйнөнү башкарган жаңы державага айланат.
2023-ж. Жердин орбитасы өзгөрүүгө дуушар болот.
2033-ж. Түндүк муз океанындагы жана Антарктидагы муздардын көбү эрип, океандын деңгээли бир кыйла көтөрүлөт.
2043-ж. Дүйнөлүк экономика кайрадан гүлдөп-өсүп, Европаны мусулмандар башкара баштайт.
2066-ж. АКШ мусулман өлкөлөрүнүн бирине кол салууда жаңы климатты өзгөртө турган куралды колдонот. Жыйынтыгында, аба-ырайы кескин түрдө сууп кетет.
2288-ж. Табият ордуна келет.
2288-ж. Эл арасында тез картайта турган жаңы оору пайда болот.
2097-ж. Тез картайткан оорунун дарысы табылат.
2164-ж. Жаныбарлар менен адамдарды аргындаштыра башташат.
2170-ж. Дүйнөнү чоң кургакчылык каптайт.
2196-ж. Азияттар менен европалыктар аралашып, алардын ортосунда айрымачылык болбой калат.
2371-ж. Чоң ачарчылык каптайт.
3797-ж. Жердеги бардык тирүү жандыктар өлөт.

#735 07 Март 2014 - 22:51
Элдин кобун коз карашын озгорткон,Ванга.
Ширкке жол ачкан.Эми дагы бироо дин кылып чыгара коёт,болуш керек келечекте.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#736 09 Март 2014 - 01:18
КИР ЖУУГУЧ ЭРКЕКТЕР.
Индиянын Мумбай шаарында Дхоби-гхат деген район бар. «Дхоби-гхат» – хинди тилинен которгондо «кир жуугучтар айылы» дегенди түшүндүрөт. Бул жакка күн сайын эртең менен бүткүл Мумбай боюнча чогултулган кир кийимдер алынып келинет. Анткени бул район – кир жуугучтардын мекени. Анда ачык асман алдында 10 миң адам эмгектенет. Алардын бардыгы дхоби кастасынын эркек кишилери. Дхоби кастасы кир жуу оор болгондуктан, аялдын жумушу эместигин илгертеден билишет. Ошондой эле бул иш менен 2 миң жылдан ашык убакыттан бери алектенип келишет. Тактап айтканда, кесип атадан балага мураска өтөт.
Кир жуугучтардын аялдарынын көбү үй жумуштарын жасап, балдарын тарбиялап үйдө отурушат. Ошол учурда алардын күйөөлөрү күнүнө 12 саат кир жуу менен алектенишет. Өздөрүнүн кир кийимдерин да жумушунан жууп келишет. Минтип бош убактылары жок экенине карабастан, аймакта балдардын төрөлүүсүнүн саны жогору. Ар бир үй-бүлөдө орточо эсеп менен сегизден бала бар.
Бир эркек бир саатта 70 кир буюмду жууп, кургатууга жетишет. Ар бири айына 300 доллар же андан көбүрөөк акча табат.
Аялдар кол менен кооздолгон кымбат баалуу сарилеринин өңү өчпөсүн деп машина менен жуубай, кир жуугуч эркектерге ишенип тапшырышат.

#737 09 Март 2014 - 01:20
КАЙСЫ ЭЛДИН ЭРКЕКТЕРИ ЮБКА КИЙИШЕТ?
Юбка кийген эркектер дегенде шыр эле Шотландия эсибизге келет. Чындыгында эле бул өлкөдө ар бир эркектин үйүндө жок дегенде бир килт (эркектердин улуттук юбкасы) бар. «Килт» – байыркы исландия сөзү, «чатыраш» дегенди билдирет. Негизинен, расмий иш-чарада, майрамдарда, тойлордо кийишет. Килттин тигилишине жараша 3-8 метр чатыраш, жүн кездеме кетет. Бүйрүмөлөрү көп (складдары) килттин салмагы 3 килограммга чейин барат.
Бирмалык эркектер да аялдар сымал узун лонжи кийишет. Кызыгы, пахтадан жасалган мындай юбканы аял-эркек дебей кеңселерде да кие беришет. Эркектердики түз формадагы юбка. Аялдардыкы алжапкычты элестетип, этеги кененирээк келет. Аялдардын майрамдык лонжиси «хтабей», эркектердики «пасо» деп аталат. Муну алар үйлөнүү тойлоруна, бүтүрүү кечелерине жана башка ушул сыяктуу өзгөчө күндөрдө кийишет.
Юбка кийген эркектерди Түштүк Азияда (Бангладеш, Камбоджа, Малайзия, Мьянма, Индия, Индонезия, Полинезия) да кездештирсе болот. Алар «саронг» деп аталган юбканы кийишет. Юбка белдемчиге окшош жана пахтадан жасалган кездемеден тигилип, көбүнчө ачык түстө болот. Аны белдерине ороп кийишет. Этеги согончокко чейин тийип турушу керек.
Йеменде эркектер белине оюм-чийимдер менен кооздолгон кездемени ороп алышат. Бул белдемчи сымал юбка «фута» деп аталат. Бул, биринчиден, салт болсо, экинчиден, күн аябай ысыкта шымга караганда юбканын салкын болушунан. Фута тизени жаап турушу шарт.

#738 09 Март 2014 - 01:22
ЭРКЕКТЕРГЕ ДҮКӨНГӨ ЖАЛГЫЗ КИРҮҮГӨ БОЛБОЙТ.
Сауд Арабиясынын борбору – Эр-Рияд шаарында 16 жаштан жогорку курактагы эркек кишилер жанында айымдар болмоюнча шаардын супермаркеттерине кире алышпайт. Ошондой эле аялы дүкөнгө кирип кетип, өзү сыртта кайсы бир иштери менен кармалып калган эркек да дүкөнгө киргизилбейт.
Мындай административдик мыйзам кабыл алынгандан бери эркектер өз апаларына, аялына жана башка айым туугандарына жакын болуп калышты дешет. Бул чектөө өлкөнүн айымдарынын адеп жана моралдык укуктарын сактоо максатын көздөйт. Анткени ислам мыйзамдарында көбүнчө аялдардын укуктары чектелет. Алсак, Сауд Арабияда айымдарга машина айдаганга уруксат жок. Эркек туугандарынын уруксаты менен гана турмушка чыга алышат. Чет жерге да эркектердин коштоосунда гана чыгышат жана башка. Ал эми эркектерге болгон чектөө көп кездешпейт.
Ошондой эле аталган өлкөдө жакшылыкты колдоо жана бузукулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик комиссия жалгыз бой эркектерге көчөдө жана сейил бактарда ит-мышыктарды сейилдетүүгө тыюу салган. Анткени көп эркектер жаныбарларды айымдар менен таанышуу максатында колдонушат экен.

#739 09 Март 2014 - 01:28
КЫЗЫКТАРГА БАЙ ТАИЛАНД.
Таиланддын, өзгөчө Паттайя шаарынын түнкү жашоосу, акылга сыйбас шоу-кечелери тууралуу кенен сөз кылабыз дегенбиз. Ошол убадабыздын өтөсүнө чыкмакчыбыз.
Бул Паттайядагы Нонг-Нуч багы. Мындай керемет бак менен Волкин-стрит көчөсү бир шаарда турганына ишенгиң келбейт. Өзүн буюм катары сатыкка койгон кызы да, эркеги да, башкасы да бар. Сулууларды карап, булардын эркек экенине ишенбейсиң.
“ТҮНКҮ КӨПӨЛӨКТӨРДҮН” БААСЫ КАНЧА?
Паттайяда түн менен кошо кайнаган жашоо башталат. Кадам сайын эс алуучу жайлар, ачык асман алдындагы кафе-барлар. Шаардын башка аймактары бир тең да, Волкин-стрит көчөсү бир тең. “Даңазасын” уккандыктан, кызыгуубуз артып, барбай коё албадык. Бирок көргөндө... “Шумдугуң кур”. Биз өңдүүлөрдүн оозуна биринчи келгени эле ушул болсо керек. Алматыдан жөнөгөнүбүздө таанышып, тил табышып калган казак жигити Ришат да ал көчөгө биз менен чогуу барды. “Бизге жан сакчы болосуң” деп тамашалап келгенбиз. Кайдан? Ал бизге эмес, биз Ришатка жан сакчы болдук көрүнөт. Жолду бойлой катарынан тизилген “түнкү көпөлөктөр” жабалактай “мени танда, мени танда” деп жалынып-жалбарып жатышты. Өздөрүн саатына 20дан 50 долларга чейин баалашат экен. Миң түркүн кыздар. Бою узуну, кыскасы, ак жүздүүсү, кара торусу, тайы, кытайы, япон, орус деги укмуш. Андан да жагымсызы, кыздар менен жарыша өзүн сатып эркектер жүрөт. Ал эми кыздай кийинген транссексуалдардын өз кызматын сунуштаганын көрүп, тил ооздон каласың. Айтор, бул көчөнү “шайтан көчө” деп койсо болчудай.
ТАҢ КАЛЫЧТУУ ШОУ-КЕЧЕЛЕР.
“Өз кызматын” сунуштагандар эле эмес, бул көчөнүн секс шоу-кечелери да шумдук. Саякатка аттанарда Паттайядагы “Пинг Понг”, “Леди Бойс” сыяктуу шоу-кечелер тууралуу маалымат алганбыз. Журналист болгон соң мындайды миң уккандан бир көргөн деп баягы казак дос Ришатты ээрчитип, аталган шоулорду да көрдүк. Кыскасы, адепти жыйыштырып койгондор мындай тамашалардан чексиз ырахат алышат экен.
ПАТТАЙЯНЫ АМЕРИКАЛЫК ЖООКЕРЛЕР ТҮЗГӨНБҮ?
Баса, эмне үчүн тайлыктар “Паттайя Таиланд эмес” дешет? Бул тууралуу сураганыбызда гид түшүндүрүп берди. Көрсө, Вьетнам согушунда америкалык жоокерлер дал ушул жерде көңүл ачышчу тура. Алар батыштын агымындагы бардык эс алуучу, көңүл ачуучу оюн-зоокторду башташат. Жан багуунун айласын кылган элеттик тайлар болсо, тейлөө иштерине агылып келе башташат. Жоокерлер үчүн жыргал жашоо күн санап өнүгөт. Кыздар, секс жана сыра. Согуш бүткөндөн кийин бул жай туристтердин кызматына өтөт.
УБАКТЫЛУУ ЖУБАЙЛАР КАНЧА ТУРАТ?
Коомдук унаада, көчөдө, кафеде, пляжда деги койчу, кайсы жер болбосун, мотурайган жаш тай кызы менен 60-70 жаштардагы туристтин жетелешип жүргөнүн көрөсүң.
Сураштырсак, бул жерге туристтер, айрыкча европалык мырзалар келип, оңой эле тай кыздарын убактылуу жубай кылып алышат экен. Карыган чалдардын коюнуна жаш кыздарды акчанын күчү азгырат да. Мындай убактылуу күйөөлөр кыздарга айына 5 миң доллардын тегерегинде төлөп беришет экен. Мындан тышкары эс алуусун, тамак-ашын, жашаган жерин камсыздайт. Ал эми айымдан аялдын милдетине кирген бардык кызматты аткаруу талап кылынат.
СОҢКУ СӨЗ.
Эл көрүү, жер көрүү бул өзү керемет. “Супер сулуу-2010” сынагынын жеңүүчүсү Бурул Бакытбек кызы экөөбүзгө мындай сонун мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубандык. Себеби биз не деген кооз, экзотикалуу жерлерди, укмуштуудай сейил бакты, жаныбарларды көрүп, суктанып “ушул керемет бизде да болсо” дедик. Бирок оң менен терс бирге ширелишип жүрөт го. Жосунсуз жоруктарды көрүп, бизде мындай жок экенине тобо кылдык.

#740 09 Март 2014 - 01:40
Ишеним рактан айыктырабы?
Теңирге болгон ишенич ракты айыктыра алабы? Же депрессияны жоготуп кан басымын түшүрө алабы? Американын медицина дүйнөсү учурда бул суроолорго жооп издөөдө. Технология жана дары индустриясындагы өсүштөр менен мурун колдонулуп келген дин жана ишенимди ооруканалардан алыстаткан докторлор, учурда диндин жаңы бир айыктыруу ыкмасы болуп кабыл алынып алынбасын талашып-тартышып жатышат.
Америкадагы "Hewsweek" деген журнал өзүнүн акыркы санында медицина дүйнөсүндөгү улам алоолонгон кызуу талкууну биринчи мукабасына басты. Журналга жарыяланган "Теңир жана ден соолук" деген макалада, АКШдагы медицина окуу жайларынын жарымынан көбүндө "Медицинадагы руханият" деген дарстардын бериле баштаганын билдирди. Макалада ошондой эле эл аралык Ден соолук институту бул темага байланыштуу жүргүзүлгөн илимий изилдөө программасына 3.5 миллион доллар бөлгөнүн, ал гана эмес миллионер ишкер Сер Жон Темплетондун дин ишениминин адам ден соолугуна болгон таасирлерине байланыштуу илимий изилдөөлөргө, жылдык 30 миллион доллардык бюджет бөлгөнүн кабарлады.
Жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр, намазга жыгылган жана медитация жасаган адамдардын мээ системасында активдүүлүктүн күчөгөндүгүн, ич организмдерин коргоо системаларынын жакшыргандыгын жана кан басымдарынын өз ордуна келгендигин далилдеп көрсөттү. Журналдын жүргүзгөн анкетасына караганда, АКШ калкынын жүздөн 84ү оорулуулардын Кудайга болгон сыйынуусунун таасири болооруна ишенишет. Учурда Даллас шаарындагы Байлор Университетинин ооруканасында иштеген дарыгерлер сыйынуу группаларын түзүшүп оорулууларга рухий колдоо берүүгө аракет кылып жатышат.