
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#981 25 Июнь 2014 - 12:40

#982 25 Июнь 2014 - 12:44
Кумурска абдан акылдуу жандык. Кумурскалар суук күндөрү тамак издеп кыйналбаш үчүн жылуу убакта эле азык камдап алышат. Ал жыйнаган азыктарын кургатып кыш камын көрөт экен. Кургатылган азык көпкө сакталганда чирип кетпейт. Буга кумурсканын туюму жеткенин караңыз!
Кумурскалар жашаган үйүнө суу кирип кетпеши үчүн ийинин абдан бышыктап салышат. Алардын башка жаныбарлардан айырмасы, өздөрүнүн салмагынан эки эсе оор жүктү көтөрө алгандыгында. Алар чогуу жашаган башка кумурскалар жөнүндө да ойлонушат. Эгер бир кумурскада дан болсо, ал жөнүндө бардык кумурскаларга билдиришип, баары чогуу жешет экен.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 25 Июнь 2014 - 12:46
#983 25 Июнь 2014 - 12:44
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 25 Июнь 2014 - 12:47
#984 25 Июнь 2014 - 12:50
Японияда жаңы кызмат, тагыраак айтканда, "Таш бака" такси кызматы иштей баштады. Бул такси кызматынын башкалардан өзгөчөлүгү - жай жүргөндүгүндө.
Маалыматка ылайык, таксиге отурган кардар ылдамдыктын жай болушун же токтотууну кааласа, анда арткы орундукта жайгаштырылган баскычты басуусу керек. Бул кызмат эч жакка шашпаган жарандарга, боюнда бар айымдарга, кары-картаңдарга жана баласы уктап жаткандарга ылайыкталган.
Азырынча бул сервис Иокогам шаарында гана иштөөдө. Бирок компания Япониянын башка шаарларына бул кызматты ачууну пландап жатат.

#985 25 Июнь 2014 - 12:52

#986 25 Июнь 2014 - 12:53

#987 25 Июнь 2014 - 12:55
#988 25 Июнь 2014 - 12:56
#989 25 Июнь 2014 - 12:58
Үч жаштагы бала кокусунан 1,5 жаштагы инисин өлтүрүп алды. Окуя 27-май күнү Пэйсон шаарында болуп, бала куралды коңшусунун үйүнөн таап алган. Балдар куралды тапкан кезде, апасы менен чогуу мейманда болушкан. Чоңдор жаш балдардын эмне менен алектенип жатканын билишкен эмес. Полиция бул окуяны кокустук деп эсептөөдө.
АКШ да жаш балдардын кокустуктан өлүп калуусу алгачкы көрүнүш эмес. Юта штатында апрель айында үч жаштагы кыз, кичинекей инисин атып алган. Ал эми Филедальфияда болсо, эки жаштагы бала 11 жаштагы эжесин өлтүрүп койгон.

#990 25 Июнь 2014 - 12:59
Аталган мамлекетте жолдор тайгалак болбойт. Анткени жолдор жана тротуарларда жылытуу системасы орнотулуп, кар дароо ээрийт. Баса, Японияда гастарбайтер мигранттар да жок. Жергиликтүү мыйзамга ылайык, чет элдиктердин минималдык маянасы, жергиликтүү тургундардын орточо айлыгынан да жогору. Андыктан, жумуш берүүчүлөргө мигранттарды алуу пайдасыз. Японияда метродо кыз-келиндер үчүн атайын вагондор бар. Бул жерде кол коюлбайт, анын ордуна ар бир япондо өзүнө гана таандык мөөрү бар. Колготки кийгенге бул өлкөдө тыюу салынган, атайын гольфалар гана. Кыздардын юбкалары болсо, жыл сайын кыскарып турушу зарыл.

#991 25 Июнь 2014 - 13:06
#992 25 Июнь 2014 - 13:07

#993 25 Июнь 2014 - 13:08
9 айлык ымыркайын ал 70 миң сомго баалаган. Бул тууралуу түштүк калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Кармалган айымдын айтымында, бул кадамга аны көптөгөн карыздары, никесиз төрөлгөн баласы жана турмуштук оор кырдаал түрттү. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

#994 25 Июнь 2014 - 13:11
#995 25 Июнь 2014 - 13:10
Билдирүүнү түзөткөн: momuntay: 25 Июнь 2014 - 13:12
#996 25 Июнь 2014 - 13:17

#997 25 Июнь 2014 - 13:19
#998 25 Июнь 2014 - 13:21
2007-жылдан бери дүйнөнүн эң семиз адамы деп эсептелип келе жаткан мексикалык Мануэль Урибе 26-майда 48 жашында каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мануэль 2-майда жүрөк оорусу кармап, Монтеррей шаарындагы ооруканалардын бирине жүк көтөрүүчү кран менен жеткирилген. Ал жактан анын боору да ооруй тургандыгы аныкталган.
Белгилей кетсек, 2001-жылы Мануэль Урибенин салмагы 597 килограммды түзүп, төшөктөн тура албай калган. 2008-жылы дарыгерлердин жардамы жана диета кармоо менен салмагын 360 килограммга түшүргөн. Каза болордун алдында анын салмагы 394 килограммды түзгөн. Анын артында жубайы Клаудия гана калды.

#999 25 Июнь 2014 - 13:22
#1000 25 Июнь 2014 - 13:24
