Суперстан: Арман ыры - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Арман ыры

#381 Пользователь офлайн   doni89   22 Июль 2015 - 19:36

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

"Ишеним"
Эл үчүн жөнөкөй бирөөсүң,
Мен үчүн жашоомдо тирөөчүм.
Үлкөн бир ыйыктан ыйыктай,
Үйүмдө илинген сүрөтүң.

Мейли элге үрлөрдөй кыз жаксын,
Мен үчүн сен андан кымбатсың!
Түтөгөн дүйнөмө от койдуң,
Түгөнгүс берекем, чын бактым.

Башка жигит сүйсө эгер ооруп бат,
Баатырлар сүйүшсө согушмак...
Жүрөгүң буюруптур а мага,
Жүрө бер дүйнөмдү толуктап.

Жалын, нур төгүлүп ууртуңдан,
Жамалың бүтпөгөн ыр кылам.
Ченебей чын сүйгөн үчүн да,
Кээ бирде урушам, кыйкырам.

Жүрсөм да барк билбей сырактап,
Жүрөсүң абалым сурап бат.
Жарк этсең жашагым келет оо,
Жашоомдо барыңа ырахмат!

Сүйүүмдү ырдоого себеп миң,
Сүйкүмдүүм, жалганчы эмесмин!
Майрамда белегиң жөн койчу,
Мага өзүң табылгыс белексиң...

Таалайлуу күн келип түш сыңар,
Тагдырлар эми эртең туш кылар.
Ийилсем дем берип көтөрүп,
Ишенем болосуң мыкты жар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#382 Пользователь офлайн   doni89   22 Июль 2015 - 19:36

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

.

Билдирүүнү түзөткөн: doni89: 22 Июль 2015 - 19:37

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#383 Пользователь офлайн   mega777   29 Июль 2015 - 16:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

"Айтылбаган армандар" темасы менен бириктирилди.

Үч-төрт куплет үчүн тема ача берүүнүн кажети жок!
Эскертүү!

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 29 Июль 2015 - 16:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#384 Пользователь офлайн   Liliia   31 Июль 2015 - 17:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 320
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 21:52
  • Жынысы:Аялзаты

Бул саптар Суйунбай Эралиев агабызга таандык

ЖҮЗ ЖЫЛДАР МЫНДАН КИЙИН ДА


Жүз жылдар мындан кийин да
Бул тоолор минтип турушат.
Анда да бизче адамдар
Карыбас үчүн тырышат.

Жүз жылдар мындан кийин да
Сүйүүлөр болот ушундай.
Үшүнтүп жерге жаз келип,
Үшүнтүп чыгат ушул ай.

Жүз жылдар мындан кийин да
Дарактар желге ыргала
Шуудурап турат үшүнтүп…
Биз жокпуз аттиң бир гана.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#385 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   01 Август 2015 - 02:45

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Жаркыным

Жузундон жылуу нурлар тогулгон,
Жакындап илебинден бир опсом.
Жазылып конулдорум которулгон,
Жагымдуу создорунду оркундотсон.

Жарыгым жыйылгыс кундун нурусун,
Жамгырым тамчылаган шудурумсун.
Жаралып жаны келген суйуумсун,
Жаркыным эч тунулгус жылмайуумсун.

Журогундун кагып келем эшигин,
Жадыранып бурап келем ачкычын.
Жабырканып муная тушом кемсинип,
Жароокерим бир азга кетсен дайынсыз.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#386 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   04 Август 2015 - 20:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Омур.

Жанымдын кузгусуну жашырган,
Жан биргемден алыстаткан бул омур.
Жалындаган шатыгымда сындаган,
Женил ойлуу, шамал экен бул омур.

Конулумду жамгырдай куйуп калтырган,
Кымындай ойлонбогон таш-боор омур.
Карегимди сагынычтан курганткан,
Кыйын экен моюн сундурган бул омур.

Кан досумду душман кылган бул аалам,
Канчалык сындады экен бул омур.
Душманымды кутуусуздон суйдургон,
Тушунуксуз мыйзам сургон бул омур.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#387 Пользователь офлайн   rumaika5544   05 Август 2015 - 15:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Кара озгой белен?
Кадырымды сезбеген!
Каниет кылчу,
Кантейин эми сен эмес!
Кайгырып бир кун.
Келээрсин менин жаныма.
"Кап"дуйно чиркин!
Кабырым турган айылга!
Кечирим сурап.
Куноонду сезип кыйыла!
"Кылт" эткен умут.
Колумдан кармап жетелейт.
Кубанаар менин.
Кунумда келээр жетектеп.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#388 Пользователь офлайн   doni89   19 Август 2015 - 20:17

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

Өзөгү күйбөс үлбүрөйт жалгыз шам чырак.
Өртөнүп бүтпөйт билекте майы тамчылап.
Өмүрдү артка кайрууга мүмкүн болгондо.
Өзүңдү жаным кой бербейт элем жакшылап.

Сүйгөн деп сени калтырба мени унутта.
Карегим чиркин бүттү го жашка жуулуп да.
Карайлап кийин издесең менин сүйүүмдү.
Кайрылбас заакым түнөргөн кара булутта.

Айрылуу болду арзуумдун чеги мен үчүн.
Арзыбай калган сүйүүмдү талдайм кем үчүн.
Ай чырай жүзүң уктатпай туруп тизилген.
Акыркы жазган саптарым жаным сен үчүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#389 Пользователь офлайн   doni89   22 Сентябрь 2015 - 20:36

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

Айта албай ичте турган толуп букту,
Айласыз жүрөк кургур ооруп чыкты.
Аттиң ай алсыздыгы мүнөзүмдүн,
Сүйүүнүн балчыгына келип жыкты.

Сезимде сениң кана атын туруп,
Кыялдар сени карай алып учуп.
Көңүлдүн көксөгөнүн аткара албай,
Ойлорум он болунуп уйкум бузуп.

Сен болуп бул ааламда жалгыз кана,
Жаралып, арналгандай мага кана.
А бирок мүнөзүмдүн мококтугу,
Айттырбай тушап турат аны сага.

Сыртындан сүйүп жүрүп өмүр өтсө,
Дүйнөмдүн толукталбай жери бөксө.
Арманым, арзыганым, аруузатым,
Мен деп бил нөшөрлөгөн жамгыр токсо.

Армандын ачуу даамын татып алып,
Ар убак сени ойлоп жашып алып.
Арзуу деп бул өмүрдөн өтөт окшойм,
Атыңды жүрөгүмө катып алып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#390 Пользователь офлайн   tansuluu.junusova   26 Сентябрь 2015 - 18:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 08 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 17 Мар 2016 22:37

Алтыным унутпай журчу мени
Журоктон берилип суйчум сени
Уулун калды белек болуп сееден мага
Келчи жаным аталык меериминди тогуп кетчи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#391 Пользователь офлайн   doni89   30 Сентябрь 2015 - 21:07

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

"Күтүү"
Дүйнөмө айдап кирдиң булуттарды,
Оо тагдыр, үйрөт эми унутканды!
Келүүчү жолдун учун карай берип,
Күтүүнүн көз айнеги сынып калды...

Көркөмүң башкалардан бөлөк өндүү,
Карегим көрө албайт бөлөк өндү.
Капыстан булут тосуп калдыбы деп,
Күн издеп жүрөт сенин көлөкөндү.

Издериң айчы кайсы жерде калган?
Издедим сезимдерди демде калган.
Сураныч жок дегенде кайтарып бер,
Сүйүүмдү, жаштыгымды сенде калган.

Ичтеги бар күчүмдү топтойм эми,
Илептей уланбастан токтойм эми.
Келбесен келбе мейли өзүн чечкин,
Күтүүнү сүйүп калат окшойм эми...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#392 Пользователь офлайн   doni89   03 Октябрь 2015 - 21:26

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

"Жан эркем"
Жүрөктөш болуп, сен гана билип баркымды,
Түйшүккө салбай түшүндүң менин дартымды.
Жолунан калган жолоочу сындуу мендейге,
Көңүлүң таза, булактан бүткөн жансыңбы.

Издесем көктөн жанымда белең жан эркем,
Торгоюм болуп багыма кондуң таң эртең
Алдыңа түшкөн ак кагаз болсом жапжаңы,
Булгабай туруп жан сырың жазчу калем сен.

Көлүмдөй көрктүү маңдайы жарык чолпонум,
Серпилип көккө сен менен басчу жол сонун.
Тагдырдан тапкан таяныч жалгыз сен болуп,
Алыстай түшсөң адашкан жандай коркомун.

Таңдайга жакчу, тажабай татчу балымсың,
Көлөкөң болуп байланып калдым, аным чын.
Тамырга тарап денемди толук башкарчу,
Эми сен менин сүйүүдөн бүткөн канымсың
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#393 Пользователь офлайн   doni89   24 Ноябрь 2015 - 16:00

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

Кетпей жүрөм, балким сенин оюңан,
Кармасам дейм мен да сенин колуңан.
Чыга албай жүргөнүмдү билбейсиң,
Чырмалышкан чын сүйүүнүн торунан.

Барайын дейм, дарегиңди билбеймин,
Билбейм кантип, кайдан сени издеймин?
Бир да жолу салбайт элем азапка,
Бүт өмүрүм өткүчөктү издейин...

Билем бирок таппай жүрөм өзүңдү,
Балдай ширин сагындым го сөзүңдү.
Биз жолукчу жерге бир күн келип кет,
Барам мен да көрүш үчүн көзүңдү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#394 Пользователь офлайн   doni89   26 Ноябрь 2015 - 21:04

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

Сен эленго...

Жазда гүлдөп күздө соолуган гүл белең?
Сен элеңго түбөлүкө бир деген
Алыстабай колум кармап жүр деген
Махабатым бек кучуктай сүй деген


Жазда келип күздө кетчү куш белең?
Сен элеңго алдабастан жүр деген
Бир бололу татаал турмуш жолунда,
Жалгызым деп жалгыз мени сүй деген


Эрке мүнөз карындашым кайдигер,
Кете бердиң өүмүрүмдү талкалап
Жаз жамгырын, сени кошуп сагындым,
Жолун карап келеби деп самааркап... !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#395 Пользователь офлайн   doni89   28 Ноябрь 2015 - 11:08

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

"Кызгандым"
Кечир мени өгөйүмүн жыргалдын.
Сага арналган мааниси жок ырлардын.
Бирөө менен түшкөн ошол сүрөттө,
Кучакташып турганыңды кызгандым.

Көрбөптүрмүн күлмүңдөгөн көздөрдү.
Мен айтпаган ал айткандыр сөздөрдү.
Жан-дүйнөмдө жашыл элең жазымдай,
Эми минтип кайткан күзгө өзгөрдү.

Эңсеп жүрөм жамгыр жашын төккөндү.
Эңшерилип кайгы-муңга чөккөндү.
Бир жарк этип асмандагы жылдыздай,
Биротоло сүйүүм менен өчсөмбү?

Баарын унут өткөн менен кеткенди.
Багыбыз деп сүйүү багын эккенди.
Башкалардай болбосок да биз бирге,
Баасыз кымбат өткөрдүк го кечтерди.

Балким бардыр балким жоктур арманым.
Бирок билдим ушул турмуш жалганын.
Ак баракка жазып бир аз калтырдым,
Азаптарды пайдалансын калганын.

Өзүң болдуң деп ойлогом тапканым.
Өрүш жолдо жолдош сыңар басканым.
Сезимдердин жаралганын билбестен,
Сен сезбедиң тамчы каным тамганын.

Жетегинде бара жатам ыргалдын.
Жете албай жалгыз сага кыйналдым.
Арзуу гүлүн арнабастан өзүңө,
Арнап түшкөн сүрөтүңдөн кызгандым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#396 Пользователь офлайн   melis.kg   04 Декабрь 2015 - 17:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 14 Июл 2017 17:02

Мен сенден алыстадым озум кеттим

а сен мага эмне учун ишенбедин

алыста болсом дагы сени куттум

мени издеп келээринден умут узбой

сени издедим ызгар суук кундо да

ушусом да тайсамда жылгаяккга

сен келбедин мени унутуп салдын окшойт

же сагынып сагынычта жургондурсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#397 Пользователь офлайн   doni89   18 Декабрь 2015 - 18:32

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

Жакшылыктан жарк этип күлгөнүмдө.
Жароокерим ойлодум сен жөнүндө.
Жакшы күнүм бөлүшүп өзүң менен.
Жашап калдың ар убак жүрөгүмдө.

Кара сызык аралап каптаганда.
Караңгыдан башка нерсе таппаганда.
Канат кылдым жарыгым сени эстеп.
Шүгүр айтып өзүңдү жаратканга.

Жааным сыздап ооруп турат таппай жайын.
Жанбиргем башым жөлөп жылынайын.
Жашоодо алыыс алыс болсок дагы.
Жаралуу жүрөгүмдү табыштайын.
Жарыгым сезимдерде жашай берчи.
Жүрөгүмдү бир өзүңө тапшырайын.

Билдирүүнү түзөткөн: doni89: 18 Декабрь 2015 - 18:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#398 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   18 Декабрь 2015 - 19:01

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Аруум.


Махабатым сени эстеп кубанып турам,
Менин суйуум коздоруно чогуп турам.
Мендик гана озунсун, туболук жарым,
Мен озунду кыялданып канат кагып турам.


Таштаарыма козум жетпей коксоп турам,
Ойлорумда сени менен омур курам.
Аруум таптаза менин тунук суйуум,
Коздорун учун жолдорумду кайрып бурам.


Мээримдуум менин алтын суйуум,
Мен кайгырсам кул болуп жанып куйчуум.
Менин жаным келесинби? махабатым,
Мен озунду туболуко бактылуу кылам.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#399 Пользователь офлайн   doni89   20 Декабрь 2015 - 11:58

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

Сагынып жүрөм көргөндөн бери өзүңдү.
Өзгөчө бурдуң өзүмчүл муздак көңүлдү.
Кыйнабай жанды кайрылып кайра кезикчи.
Өзүмдүк кылып бошотчу жүрөк төрүңдү.

Көздөрүң сенин күлмүңдөп турса эзилдим.
Жылмайып жүзүң жыйырма беш жашымда кезиктиң.
Керилген бойлуу көкүлү нурлуу ай чырай.
Көңүлдүн сырын сен менен келди чечишким.

Ошондо сенин кетким келбей жаныңдан.
Жактырып калдым сездиңби селким ........?
Кол шилтеп койбой көрүнүп турчу сен мага.
Кезиктиң мага кычыраган кышта ай.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#400 Пользователь офлайн   doni89   23 Декабрь 2015 - 20:57

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

Сен экөбүз ара жолдо калган жан.
Дүйнөбүздү курчап алган бүт арман.
Биздин сезим жалган болсо эх аттиң.
Жашоодогу жакшыларда бүт жалган.

Жакын туруп алыс жандай жүрөбүз.
Эмне билбейм биздин кылган күнөөбүз?
Жат адамга көрүнөбүз бүтүндөй.
Чындыгында эки жарты жүрөкбүз.

Дартыбыз бар дабасы жок айыккыс.
Эркибизге ээ болбогон жашыкпыс.
Жүрөктөрдү жүрө берип ыйлатып.
Өтөбүзбү бул турмушта бактысыз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 31 Июл 2025 02:30

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: