Биздин жердещ Атай Өмүрзаковдун салымын кандай баалайсыңар?
Атай Өмүрзаков Атай Өүрзаковдун салымын кандай баалайсыңар?
#2 26 June 2011 - 00:00
Айга Кунго жетип турат кулачым.
#4 26 June 2011 - 00:27
Алдыга кетпе көз тийет - артта калба сөз тийет.
#6 26 June 2011 - 20:45
Атайдын жердешибиз экени менен сыймыктанам аябай.Ал таланты менен озун гана эмес Кыргызстанды да корсото алды.
#7 26 June 2011 - 21:13
Атай малдес кыскасы
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#8 09 July 2011 - 15:56
Атай Украинада талантын коргозуп
Кыргыздарда да талантуу адамдар бар экенин коргозду
Азамат ийгилик сага Атай
Кыргыздарда да талантуу адамдар бар экенин коргозду
Азамат ийгилик сага Атай
#10 22 August 2011 - 15:20
#11 22 August 2011 - 15:28
#12 02 September 2011 - 03:10
Ozu negizi ele Azamat Jigit...Talantyna baa berem...Aman bolsun, jalan gana iigilikter koshtop jursun!!!
!!
Бири кем арман дүйнө...
#14 25 September 2011 - 13:54
Азамат ! ! ! Башка соз болушу мумкун эмес .
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#15 20 October 2011 - 15:17
Атай Азаматсың!
!! Өнөрүң өркүндөй берсин!!
! Ак жол!!!
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#16 20 October 2011 - 15:25
Ииий ушу сонун балада. Кыргызстандын атын чыгарып жургонуно чон рахмат айтып, колдоп кана турушубуз керек. Мындай талант жокко эсе.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#17 10 November 2011 - 12:26
#20 22 November 2011 - 17:23
Жарыштагы багынбас бийчи - Атай Өмүрзаков"
"Прима"
телеканалы Атайдын бийин жана смс добуш берүүнүн номерин көрсөткөн кадр. Жарыяланган учуру: 21.11.2011Айнура Жекше кызы Атай Өмүрзаков "Чехия - Словакияда таланттар бар" сынагынын финалдык таймашына өттү. Жарым финалда "Уолли" деген анимациялык фильм боюнча коюлган бийин аткарып, көрүүчүлөрдүн эң көп добушуна ээ болду.
Бийчи Атай Өмүрзаков "Чехия - Словакияда таланттар бар" телесынагынын жекшембиде өткөн жарым финалдык тандоосунан ийгиликтүү өтүп, финалга чыкты. Сынактын эрежеси боюнча "Прима" каналынан сынакты көргөндөр sms аркылуу жеңүүчүнү аныкташат.
Сынактын калыстар тобунун мүчөсү чехиялык белгилүү актер Мартин Дейдар Атай бул сынакта бийдин деңгээлин өтө бийик көтөргөнүн, чыныгы өнөр, жогору чеберчилигин тартуулаганын, бийдин жан дүйнөсүн чагылдырганын айтып, "сен башка планетадан келсең да, мага айырмасы жок, сени финалда көрсөм абдан кубанам жана сыймыктанам" , деди.
Калыстардын дагы бири, словакиялык таанымал продюссер Яро Славик
"Мага кайсы өлкөдөн келсең да баары бир деп айта албайм, себеби сен Кыргызстандансың. Эгерде мен азыр жаңылбасам, "Кыргыз" – багынбас дегенди билдирет. Сен биздин жарыштагы багынбас бийчи - Атай Өмүрзаковсуң" , деген баасын берди.
Атайдын бийин көрүп отуруп, көз жашын жашыра албаган белгилүү ырчы Люция Била "Кимдир бирөөнүн бийи мени көз жашка чейин толкундантат, ушунчалык эмоцияга батырат, ушунчалык таасир этет деп ойлогон эмесмин. Сен бүгүн ушул жакка келип өнөрүңдү тартуулаганың үчүн өзүмдү бактылуу сезүүдөмүн" деп сөзүн "Я тебя люблю" деп орусча бүтүрдү.
(Атайдын Братиславада аткарган бийи. U-Tube сайтынан алынды)
Эки коңшу өлкө биргелешип уюштурган телесынактын жеңүүчүcү декабр айынын этегинде аныкталат. 100 миң евро баш байге ээси өз өнөрүн Американын оюн зооктору менен белгилүү Лас Вегас шааарында тартуулоого мүмкүнчүлүк алат.
Быйыл биринчи жолу чет өлкөлүк жарандар шоуга катышуу укугун алышкан. Калыстар тобундагылар "чет жактан келгендер шоуну байытып, ага түрдүү түс бергенин моюнга алышканы менен, Лас Вегаска Чехиянын же Словакиянын атынан жапониялык же башка бир мамлекеттин жараны барат деп ойлобойбуз ", деп ачык эле айтышкан. Бирок ким билет? Финалдык таймаштын жеңүүчүсүн дагы кечээкидей эле sms аркылуу телекөрүүчүлөр аныкташат.
Жекшембиде Братиславада өткөн жарым финалдан кийин Атайдын финалга чыгышы туура болдубу? деген суроого сынактын расмий сайтын окугандардын 41% "ооба" деп жооп беришкен. Айта кетсек, калган финалисттердин иргелишин 10-15% гана көрүүчү колдогон.
Атайдын өнөрүнө суктанган, анын талантын мактаган комментарийлер сынактын интернет сайты менен Атайдын "Фейсбуктагы" барагында жамгырдай жаады. Алардын айрымдары:
"чех болушу шарт эмес, мен мындай талантты бизде көрө элекмин, Атай жеңиши керек!"
"сен жеңесиң деп ишенем. Супер"
"Аны менен эч ким атаандаша албайт"
"Кыргызстандын өзүндө мындай мелдеш жок. Андыктан башка өлкөлөрдөгү сынактарга катышып жүрөт. Кыргыз, чех, же немиси болобу, эң негизгиси анын өнөрү элге жагат. Атай жеңсе, биздин кыргызстандык талант болот"
Декабр айында Прага шаарында өтө турган "Чехия - Словакияда таланттар бар" телесынагында Атай уникалдуу өнөрү менен жеңишке жетет деп үмүт артып туралы.
21 жаштагы Атай Өмүрзаков 2010-жылы Орусиядагы "Даңазанын ирмеми" телетаймашында финалга жетип, экинчи орунду ээлеген. Ушул жылдын май айында Украинада "Менин өнөрүм" сынагына катышкан.
P.S. макала "Азаттык" радиосунун сайтынан алынды

Супер-Инфо
super.kg
видео






















