Бир жолу мондай болгон да,кыш болчу,эң жакын курбу кызым экөөбүз ага айылга майда-чүйдө кылып базарда жүргөнбүз да,аяш-эне,аяш-
атанын заказдары толтура,айнеке кадалчуу кленкасынан баштап картошка-пияз,
жада калса рейкасынан бери бар списокто,баарын алып анан остановкага кетип жатабыз,эки кол толо,остановкага жетип,автобус күтүп туруп калдык
,анан,пландаштыра баштадык,азыр экөөбүз тең автобуска жүгүрсөк адам көп,кыйналып калабыз,нары,
жүктөрүбүз да көп деп,анан курбу кызым женил 1 2 пакетти алып автобуска чыгып,экөөбүзгө орун алмай болду,анан орун ээлеп коюп түшсө,экөөбүз калган жүктөрүбүздү алып чыкмакпыз да
,автобус күткөн эл өтө эле көп остановкада,
аңгыча,күткөн автобус да келди,курбум айнеке кадалчуу кленка менен 2 метрлик рейкаларды көтөрүп эл менен тыгылып чыгып кетти,орун алганы,мен болсо турам калган буюмдарды кайтарып,элдин көптүгүнөн курбум чыгаары менен артынан эл толуп автобустун эшиги жабылды да автобус жылууга даярдана баштады,байкуш курбумдун башы эле көрүнөт,же адам көптүгүнөн кайра түшө албайт,ал мага чык эптеп деп кыйкырат
,мен болсо түш бери деп кол булгалайм,экөөбүз ымдашкыча автобус кете берди,көздөрүн мөлтүрөтүп бирдемкелерди колу менен жаңсаган бойдон кетти автобуста
,апасынан айрылган балага окшоп мостоюп эч нерсени түшүнбөй мен калдым остановкада кайтарган жүктөрүм менен
,же күлүшүмдү билбейм,же кайгыраарымды билбейм
,арыраак барып токтотуп түшөөр десем жок кетип калды автобус,не кылышымды билбей турсам,автобус кеткен жактан курбум келатат,автобуска көтөрүп чыгып кеткен жүктөрүн көтөрүп,кыйраткансып,
экөөбүз остановкада туруп алып жарым сааттай токтой албай күлдүк окшойт
,күлүп атсак бир таанышыбыз келип алыптыр кандайсынар деп
,ага жооп бергенге да акыбалыбыз жок күлдүк
тообооо,ал болсо не болгон силерге деген бойдон кетти
,анан күлүп бүтүп не сразу түшпөдүң десем адам өтө көп тыгылып мен кыйкырып
шофердун жанына жеткиче ошол жака жетип калдым,элдер да бул айныган неме го
чыгып кайра түшкөн деп,шофер дагы кызым анан не чыктың
деди,шапкам кыйшыйып өзүм зорго түшүп баратсам деп күлдүрөт да
Вахахаха

Супер-Инфо
super.kg
видео














