Окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда аял менен эркектин 300 айырмачылыгы бар экен. Эркек менен кыздын айырмачылыгы бешикте жатканда эле байкала баштаары белгилүү болгон. Медиктердин байкоосунда эркек бала ары-бери оодарылып, үзгүлтүксүз кыймылда болот. Ал эми кыздар болсо көздөрүн чоң ачып, айланага көп көз жүгүртө беришет.
Айымдар жытты жакшы сезип биле алышат, бирок, парфюмериядагы адистердин 80 пайызды эркектер түзөт.
Аялдар эркектерге караганда музыкага сезимтал болушат.
Айымдар мырзаларга салыштырмалуу телефон менен үч эсе көп алектенишет.
Күнүнө 20 минута убактысын кетирсе, эркектер болгону 6 минута сарптайт экен.
Айымдар кийимин эч качан далысынан кармап туруп чечпейт.
Алар чачын колуна ороп кармалаганды жакшы көрүшөт.
Мончого түшкөн соң чачы узун же кыска болсун ар бир айым сөзсүз түрдө сүлгү менен башын ороп алат.
Айымдардын денеси ийилчээк болгондуктан бир нерсени караганда мойнун, ал эми мырзалар болсо бүтүндөй денесин бурат.
Аялдар колун көрсөткөндө алаканын жерге каратышат, ал эми мырзалар болсо тескерисинче.
Бул болсо айымдардын колундагы зергер буюмдарын көрсөткүсү келгендигинен деп эсептешет.
Айымдар дайым сумка көтөрүп жүргөндү жактырышат.
Айымдар тоодон түшкөндө капталдап кыя жолдор менен, мырзалар болсо түз түшкөнгө аракет кылышат.
Айымдар кумда бутунун учу, эркектер согончогу менен басышат.
Аялдар бутун көбүнчө паралелдүү кылып же кайчылаштырып олтурат.
Айымдар кулагын бармактары,
эркектер алаканы менен жабат.
Айымдар алгач көйнөгүн, андан соң шымын киет, мырзалар адатта мунун тескерсин кылат.
Аялдар колкапты сыртка чыга электе, эркектер сыртка чыкканда киет.
Айымдар муштум түйөрдө баш бармагын алдыга муштумдун ичине катпастан, сыртка чыгарып кармайт.
Сурамжылоо көрсөткөндөй үй-бүлөлүк бюджеттин 69 пайызын аялдар көзөмөлдөйт.
Жылмаюу эркектер үчүн жакшы болобу же жаманбы, ар түрдүү кырдаалдан чыгып кете ала тургандыгын билдирген ыкма. Аялдардын жылмаюусу болсо аларга караганда чыныгы болуп эсептелип, көңүлдүн куунактыгын,
ачыктыгын чагылдырып турат.
Айымдардын көпчүлүгү таттууга, мырзалар болсо туздуу, ачуу тамактарга жакын болот.
Кыздар чет тилди уландарга салыштырмалуу бат үйрөнүп, өздөштүрөт.
Мырзалар адатта катуу болуп, тез чечим чыгарышат. Айымдар болсо көпкө ойлонуп, жакындары менен кеңешкен соң гана бир чечимге келет.
Экөө тең күзгүдөн каранганды жакшы көрүшөт, бирок, ар башка көрүнүшөт. Эркек күзгүдөн дене түзүлүшүнө караса, аял кийген кийимине көңүл бурат.
Уйкусуздуктан 60% аялдар, 40 пайызы эркектер жабыркайт.
Мырзалардын жактырган түсү көбүнчө кызыл, ал эми айымдар көгүлтүр түстү тандашат
Эркектер vs аялдар жөнүндө Айырмасы
#2 09 April 2018 - 06:55
1. Эгер аял киши ыйласа, оюнда бир нерсе бар.
2. Аялдын муздаткычына анын жүрөгү аркылуу гана жол салууга болот.
3. Аял – жол кыймылынын инспектору сыяктуу. Эрежени бузганыңды айтат, акчаны алат, маанайды түшүрөт жана өзүңдү күнөлүү кылып чыгарат.
4. Эгер кыз кишиге беш жашына чейин ханыша экенин мээсине сиңирсе, андан кийин ал аны бүт ааламга далилдейт.
5. Аялдар эч качан картайышпайт, болгону эркектердин көзү жакшы көрбөй калат!
6. Ар бир аял – көйнөк астында катылган сыр.
7. Ар бир аялга эки гана нерсе керек: күйөө жана калган баардык дүйнө.
8. Чыныгы аял жок жерден салат, шляпа менен жанжал жасап чыгара алат.
9. Чыныгы аялга көп нерсе керек эмес. Чыныгы аялга баары керек.
10. Мүнөзү токтоо кыздар – салмактуу сайттар сыяктуу. Кошумча функцияларды ачуу үчүн тиркелүү кажет.
11. Аялдарда “G” точкасы “SHOPPING” сөзүнүн акыркы тамгасында орун алган.
12. Жашоосу канчалык кыйын болсо, такасы ошончолук бийик.
13. Аял – алсыз жана корголбогон жан. Андан кутулуу мүмкүн эмес.
14. Аялдар мык какканды билишпейт, бирок анын кайсы жерде экенин жакшы билишет.
15. Аялдар эркектерден акылдуурак. Же эркектердин буту сулуу болгон үчүн эсинен танган аял тууралуу уктуңуз беле?

#3 09 April 2018 - 06:59
Кыз киши, жалпы эле аялзаты изилдесе түбү жок кубулмалуу жандар. Табигаттын мыйзамына багынган эркек менен аялдын арасында болгон сүйүү, сезим – баары өзгөчө кубулуш. Ошентсе да, жигиттер кыздар коомчулугуна келгенде мокок болушат. Себеби аларга эмне керек экенин билгиси келет, каалаганын алып бергиси келет же жакын тартып сүйлөшкүсү келет. Бирок ушулардын баары учурунда ишке ашпайт. Ошол бойдон калып калат. Жигиттер өздөрүнө өтө ишенимдүү болушат.
Бул ишенимдин аягы дага алып барып такайт. Мисалы, жигиттер кызды "мени сүйдү" экен деп, "ал менден кете албайт" деген сыяктуу ойлор калыпташат. Ал эми бул ойлордун аягы ошол сулуудан ажырашууга алып барат. Ошондуктан жигиттер кыздар тууралуу бир нерсени эске алуулары керек.
Кыздарга көңүл бөлүңүз
Көңүл бөлүү – кыздардын эң алсыз жери. Аларга бир мүнөт көңүл бөлбөй, башыңызды башка жакка буруп кетсеңиз, кыйын болот. Сизди чоң уруш же эки жакка айрыган жол күтүп турат. Себеби кыз киши ар дайым бирөөнүн камкорлугунда, коргоосунда болгонду жакшы көрөт. Ал эми эркелиги айтпасак да белгилүү.
Кыз менен 2-3 жыл бирге жүрүп, махабат бакчасын араласаңыз да, баари бир ага көңүл бөлүү керек. Анткени, алардын дарты – көңүл. Миң жерден керемет, сулуу жана акылдуу жигит болсоңуз да, сүйүктүүңүзгө көңүл бөлбөй калсаңыз, ал “меники” деп ойлобоңуз. Ал башка бирөөнүн сүйүктүүсү болуп кетсе таң калбаңыз. Себеби сиз баш тарткан маалда анын артынан чуркап жүргөн башка бирөө илип кеткенге жетишти.
Кыздар өздөрүнө эмне керек экенин так биле алышпайт. Бул да мыйзамдын бири. Алардын эркелеп турганын, таарынып же кубанып турганын билүү өтө кыйын. Кубулуп турган аба ырайы сыяктуу бирде жаан жаап, бирде күндөй чайыттай ачыла калышат.
Ошондуктан кыздардан өздөрү билбеген нерсени талап кылуунун кереги жок. Болгону ишке көчүү керек. Ошол кезде гана алар өздөрүнө эмне керек экенин так айта алышат. Мисалы, курсагы ачка болуп турса да “жок” деп жооп берет. ачууланып турса да, «жок» деп жооп берет. Ушул учурдан чыгуу үчүн алардын көзүнөн көрүүгө болот жна аракеттери менен добушуна көңул бөлүңүз. Кыз киши – табышмактуу келишет. Алар тууралуу билген бир нерсе сыяктуу, аларга бир гана нерсе берүү керек: көңүл бөлүү менен камкорлук. Бул экөө сиздин сүйүүңуздүн бекемдигине кепил боло алат.

#4 04 May 2018 - 04:06
ЭРКЕКТЕРДИ КЫЖЫРЛАНТКАН АЯЛДАРДЫН 10 КЫЛЫК-ЖОРУГУ
Кыздар дайым эле өзүн бирдей шайкеш алып жүрбөйт. Эгер жигитин аябай сүйсө, анда кыздын жүрүм-туруму үч эсеге начарлайт. Өзүңдү кандай алып жүрбөш керек, төмөндө оку!
Эгер сулуу болсоң жана табитиң жакшы болсо, анда эркекти өзүңө тартууга бардык шанстарың бар. Качан ал «капканыңа» түшкөндө, эң башкысы, өзүңдүн жүрүм турумуң менен аны чочутуп алба.
Демек, эркекти аялдын кайсы кылык жоругу кыжырлантат:
1. Кичинекей кыздын үнү
Эч качан сөздөрдү бурмалап, кичинекей кыздын үнүн туурап сүйлөбө. Андай кыздан эркектин жүрөгү айланат, сенден качканча шашат. Качканы аз келгенсип, тегеректеги таашытарынын баарына, сени “бир шариги жетишпейт” деп таратканга жетишет.
2. Үн катпай отуруш
Эгер сен дайым эле үн катпай аны гана угуп отурсаң, жакын арада анын да сөздөрү түгөнөт жана сага болгон кызыгуусу тарайт. Бирок, чындыгында, эгер аны менен сенин сүйлөшүүгө жалпы бир темаң болбосо, анда чогуу болбой эле койгонуң жакшы го.
3. Жаш бала сымал аял
Көп кыздар ооздорун мурчуйтуп, көз жашын көлдөтүп, буттары менен жер тепкилегенди жакшы көрүшөт. Алардын ою боюнча, бул өтө назиктиктин белгиси. Бул кичинекей назик канайымдардын бардык айтканын кылыш керек деген түшүнүгү бар. Бирок, бул назиктик эмес, мындай кылуунун кереги жок.
4. Эриндер
“Өрдөк ооз”, “бантик эриндер” жана башка ооз менен байланышкан кыймылдар эркектерге сүйкүмдүү болуп көрүнбөйт. Өзүңдү табигый алып жүр, бул анын жүрөгүн багындырыштын бирден-бир жолу.
5. Өз оюңду айткандан коркуу
Көп кыздар, эрекектер өзүнүн жеке ою бар кыздан коркот деп жаңылыш ойлошот. Эсиңде болсун: эркек болобу, кыз болобу, жеке ою болбосо, ал коомдо ийгиликке жетпейт.
6. Таарынычты жашыруу
Ал сенин бир нерсеге таарынып жатканынды көрүп туруп, эмне болгонун сураса: “Баары жакшы” деп жооп бересиң. Бул эркекти аябай кыжырлантат. Эгер кандайдыр бир таарынычың болсо, катып жатпай, айтыш керек.
7. Текебердик
Бул биринчи же экинчи эле жолугушуудан кийин эле “койнуна кирип кет” дегендик эмес. Оозуңан жылуу сөз угуш үчүн айлап эч ким сенин артыңан жүгүрбөйт. Качандыр бир күнү тескери карап басып кетиши толук ыктымал. Мамиле курууда көңүл калтырууга орун болбош керек.
8. Эркектин баары жаман деген сөздөр
Тегеректегинин баары жаман, жинди ж.б.у.с. сөздөрдү көп айтсаң, жигитиң өзүн алардын катарына бат эле кошуп алат. Жигиттин көңүлүн бурам деп, бирок мындай сөздөрдү айтуу – эң начар идея. Биздин кеңеш – эгер эркектерди ушунчалык жек көрсөң, анда мамиле курбай эле кой.
9. Анткордук
Көп адамдар, өздөрүнүн кадыр-баркын көкөлөтүп көрсөтүшөт, бул кыздарга эле тиешелүу эмес. Кайсы бир күнү аябай аракеттенип чаптаган маскаң түшүп калат дагы сенин нукура бетиң ачылат. Ошондуктан таанышууну калптан баштаба.
10. Катастрофа- айым
Эгер сен өзүңдү кыжырды кайната турган түрдө алып жүрсөң, дайым кечиксең, үйүң чачылып хаос болуп турса – бул эркекке жакпашы мүмкүн. Өзүңдү колуңа алып, жашооңду бир нукка келтир, өзүңө эле пайдалуу.

#5 04 May 2018 - 06:08
ЭМНЕГЕ ЭРКЕКТЕР ЧЫН ЖҮРӨГҮ МЕНЕН СҮЙГӨН АЯЛДАРЫНАН КЕТИШЕТ? АНЫН 8 СЕБЕБИ БАР
Аял менен эркектин ортосундагы ысык мамиле сүйүүнүн кетиши менен гана аяктабайт. Эркек өзүнүн сүйүктүү жарынан таптакыр башка себептерден улам кетиши ыктымал.
1.Сиз өзгөрдүңүз
Түгөйлөр жакындашканда алар бири-бирине 100 пайыз окшоштой сезишет. Убакыттын өтүүсү менен ар биринин өзүнчө кызыкчылыктары, достору, иштери пайда болот. Сүйүктүүңүз сиздин мурдагыдай болбой өзгөрүп баштаганыңызды сезе башташы мүмкүн. Сиз андан алыстап баштагандай сезилип, ал сизди “жоготуп” алгандай сезе баштайт. Ортодогу мамиле сууп, ал сизден өзүнчө боло баштайт. Мындан да жаманы, сиздин тышкы келбетиңиз өзгөрүп, өзүңүздү таштап жиберүүңүз мүмкүн. Албетте 24 саат бою келбетиңизге көңүл бура албайсыз, бирок маал маалы менен өзүңүзгө кам көрүүнү эстен чыгарбаңыз.
2. Бирдей багытка бет албоо
Жашоонун бир мезгилинде экөөңүздөр эки башка багытка бет алып кетүү болот. Ортоңуздарда мурдагыдай эле сүйүүнүн жалыны бардай сезилет, бирок сиздин кызыкчылыгыңыз башка, мырзаңыздыкы башка болуп калышы мүмкүн. Мындай көрүнүштөр көбүнчө 5 жылдан ашуун турмуш курган түгөйлөрдүн арасында кездешет.
3. Сиз аны менен бактылуу эмессиз
Эркекке аялынын эң бактылуу болушу абдан маанилүү. Бул нерсе эркектин жаратылышында бар. Аял заты кайгырса, андан да жаманы ыйласа, эркек өзүн күнөөлүү сезе баштайт. Көп кайталанган мындай басымды эркек көтөрө албай “мен кетсем аялым бактылуу болоор” деген үмүттө кетип калат.
4. Сиз ар дайым “кичинекей кыз” болгуңуз келет
Аял заты ар кандай болуп туруусу керек экендигин психологдор айтып келишет. Бирде ханыша болуп бирде секелек кыз болуп турууңуз жакшы, эркектер өз сүйүүктүүсүнө кам көргөндү жактырышат бирок баары чеги менен болуусу абзел. Гармонияда жашоо үчүн “ата-кыз” образы болуусу туура эмес. Мырзалар да аял затынын колдоосуна муктаж экенин унутпаңыз.
5. Мырзаны өзүңүздүн табитиңизге жараша түзөтүү
Түгөйлөр убакыттын өтүшү менен бири-биринин кылыктарын жактырбай башташат. Өзгөчө аял тараптан күйөөлөрүнө болгон талаптар өзгөрө баштайт. Күйөөсүнүн кийингени жакпайт, же катуу күлөт, же жумушта көпкө кармалат. Сүйүктүүңүздү жоготкуңуз келбесе майда барат нерселереге көңүл бура бербеңиз.
6. Ортодогу мамиледе негативдин көптүгү
Үйдөгү жагымдуу маанайдын болуусу көбүнчө аял затынан таасир этет. Эгер ортодо түшүнбөстүктөр, таарынычтар болуп, бат-бат уруша берсеңиздер бул, мырзаңыздын кетип калуусуна алып келет. Бардыгы өз колубузда. Ар дайым жылмайып, болоор болбоско капа боло бербей жолдошуңузга жагымдуу маанай тартуулап, ар дайым позитивде болуу да бул айымдардын колунда.
7. Башкаруу
Эркек өзүн аялга башкартууга уруксат берет, бирок качанкыга чейин? Бардык нерсенин чеги бар. Башкаруу жолу менен каалаган нерсеңизге жете албайсыз. Мындай нерседен эркек бат эле тажап кетет. Аны өз жайына койуп, чечим чыгарууну анын эркине койуңуз.
8. Сиз аны баалабайсыз
Эркектердин психологиясы өзү ушундай, аларды ар дайым ар бир кылган ишин мактап туруусун каалашат. Мамилеңиздердин баштапкы мезгилин эстеп көрүңүз, анын ар бир кылган ишине таң калып, баа берип турат элеңиз. Азыр эмне болду? Жакшы сөздү айтуу кыйын эмес, андыктан сүйүктүүңүздү баалап, эң жакшы гана сөздөрдү айтып туруңуз.

#6 04 May 2018 - 06:15
БОЛОЧОК АЯЛЫҢДЫ КАНТИП ТАНДАШ КЕРЕК (ДААНЫШМАН ИКАЯ)
Бир жолу эркектер чогулушуп чалдан сурашыптыр: -Айтсаңыз, сиз кемпириңиз менен жарым кылымдан ашык жашадыңыз, бир дагы урушуп-кыйкырышып жатканыңарды көргөн да, уккан да жокпуз. Кантип?
- Билесиңер да, жаштар кечинде чогулуп отурушканды жакшы көрүшөт, караңгы киргенде балдар кыздарды колунан кармап үйлөрүнө узатышат. Бир жолу узаттың – эч нерсе эмес, экинчи жолу – демек бир түрткү бар, үчүнчүсүн болочок күйөөсүмүн деп эсептей бер. Мына мен дагы ушундай бир кечтерде кызды узатып жөнөдүм. Сүйлөшүп баратсак эле, ал акырын менин колумду коё берип четке оолактады. Көрсө мен түз эле жолдогу чалчыкты кечкени баратыптырмын, бирок бурулбай кечип өтүп кеттим. Кийинки чалчыкка атайын эле бастым, ал дагы колун тартып айланып өттү.
Кийинки кечте башка кызды баягы эле жол менен узатып жөнөдүм. Ошон эле көрүнүш болду: мен кечип өттүм, ал айланып өттү.
Андан кийинки кеч үчүнчү кызды узутканга жол арттым. Баягы жол, баягы чылчыктар. Түз эле чалчыкты көздөй басканымда, ал менин колумду катуу кармап, менин сөздөрүмдү кунт коюп уккан бойдон, чогуу кечип өттү. Көрбөй калды деп чечтим да, кийинки тереңирээгине бастым. Дагы чогуу кечип өттүк. Мына ошондон бери чогуу, урушпай-талашпай жетелешип жашап келатабыз – деп чал сөзүн бүтүрдү.
Эркектердин баары оозун ачып турушту, улуурактары болсо:
- Муну эмнеге эртерээк айткан жоксуз, биз да аялды сиз сыяктуу тандайт элек да. Балким биз дагы бактылуу болот белек, - дегендей түрдө калышты.

#8 05 May 2018 - 03:02
СИЗДИН МЫРЗАҢЫЗ ЭРКЕКТИН КАЙСЫ ТҮРҮНӨ КИРЕТ?
Айымдардын оозунан “бардык эркектер бирдей” деген мүнөздөмөнү көп угабыз. Айымдар анткен менен психология мүнөзүнө жана жашоо образына жараша мырзаларды бир нече топко бөлүп, жогорку ойду тиешелүү деңгээлде жокко чыгарат.
Ага ылайык, сиз да өзүңүздүн мырзаңыз кандай экенине кызыксаңыз болот.
Бийликчил күйөө
Мындай мүнөздүү мырза үстөмдүк кылууну сүйөт. Муну менен катар эле өз айымына кызы катары мамиле жасап, анын муктаждыгын толугу менен канааттандырып турат. Үй-бүлөлүк жашоодо камкор, таасирдүү жана башкаргыч келет. Өмүрлүк жар тандоодо көбүнчө өзүнөн бир нече жаш кичүү айымдарга ыктайт. Бийликчил мырза үчүн жашоодо материалдык байлык биринчи орунда турат. Ал эми сүйүктүүсүнөн мээримдүүлүктү, сыйды жана дайыма баш ийип турууну күтөт. Дарегине түшкөн сынды уккусу да, кабыл алгысы да келбейт. Тили узун айым менен курган үй-бүлөдө бактылуу боло албайт.
Жагалдангыч куйоо.
Эркектердин бул түрүнө кирген мырзага аты айтып турган сапат толугу менен тиешелүү. Ал жашоодо эрки жана демилгеси жок адам. Тескерисинче, мындай мырза айымынын сөзүн угуу, ошол эле убакта аны аткаруу менен жашайт. Мунун жанында ар бир аял өзүн сууда эркин сүзгөн балыктай алып жүрө алат. Жагалдангыч күйөөнүн үйүн толугу менен аял башкарат. Бирок, алсыздыгы намысына тийгенде бул эркек катуу чыр чыгарып коюшу да мүмкүн. Анткен менен турмушту алып кетүүгө болгон демилгесинин жоктугу аны кайра эле утулууга аргасыз кылат.
Дос-күйөө
Өз ордун билген айым үчүн эң жакшы күйөө. Себеби, мындай кожоюндун алдында үй-бүлөдө тең укуктуулук толук өкүм сүрөт. Бул мырза аялына анын милдетин эскертүүнү жаман көрөт, андыктан, башынан эле өмүрлүк жар үчүн эркин жана өз алдынча айымды тандоого аракет кылат. Бирок, дос-күйөө андан өзүнө дайыма түшүнүү менен, сый менен мамиле кылууну талап этет. Жакшысы, аялы өз ишине жетишпей жатса, бул мырза жардам берип жиберүүдөн да баш тартпайт. Ар бир ишти аны менен кеңешүү аркылуу гана чечет. Мындай адамдын үй-бүлөсүн идеалдуу деп айтууга болот. Бирок, анын идеалдуулугу аялдын өз алдынчалуулугунан да тиешелүү деңгээлде көз каранды.
Жалкоо күйөө
Футбол менен сыраны ашыкча жакшы көргөн эркек жашоодо жалкоо болот. Мүнөзү оор басырыктуу, сабырдуу келип, башка кишинин ага карата мамилеси аны ойлондурбайт да кызыктырбайт. Уруш кылып, чыр чыгарбаганы менен мындай эркекти бардык эле аял күйөө кыла албайт. Анткени, бул мырза үчүн үй-бүлөнүн түйшүгү биринчи орунда эмес, анан да ал аялына, интимдик жашоого өтө аз убакыт бөлөт. Мунун өзүнө окшош жалкоо достору да көп жана мындай эркек үчүн убакытты ошолор менен өткөрүү – ырахат. Демек, максаттуу, келечектүү айым үчүн анын жанында жүрүүнүн пайдасы аз.
Кызганчаак күйөө
Бул түргө кирген мырза айымын жашына, сырткы келбетине, социалдык абалына, туткан динине карабай ар бир эркектен кызгана берет. А эгер алардын кимдир-бирөөсү менен сүйлөшүп калганын көрсө, анда чыр-чатак кандай көрүнүш менен аяктаары белгисиз. Бирок, кызганчаак- күйөө урушабы, урабы же тебеби, айтор, ага карабастан аягында кайра аялынан тизелеп кечирим суроодон намыстанбайт. Ток этерин айтканда, мындай эркек өмүр бою айымын психологиялык жактан жеп жүрүп өтөт. Аны акыл-эстүү сүйүүгө тарбиялоо мүмкүн эмес.
Ишенчээк күйөө
Ишенчээк мырза айымын сыйлайт, сүйөт жана ага толугу менен ишенет. Достордун, тааныштардын арасында аялы тууралуу айтуудан тажабайт. Үй-бүлөдө болсо сүйгөн жарына, бала-чакасына татыктуу жашоо тартуулоо үчүн аарыдай эле эмгектенет. Муну менен эле тим болбостон, ал дайыма үйгө эмне керек-керек эмесинен, үйдө эмне бар-жогунан кабардар болот. Айымына болсо жакшы дос болуу үчүн аракет кылып, аны алмаштыруу тууралуу ойлонбойт дагы. Мындай эркекти ишенимине кирген аялы каалагандай калчашы да мүмкүн.
Эксплуататор- күйөө
Мындай сапатка ээ болгон эркек аялды кулга теңеп жашайт. Ал эч убакта күлбөйт, сылык сүйлөбөйт жана дайыма кабагын түйүп жүрөт. Эксплуататор- күйөө үчүн аял эртеден кечке тамак жасоо, үй жыйноо, бала кароо, азык-түлүк сатып алып келүү жана башка ушул сыяктуу иштер менен эле алек болуп турушу керек. Анда да кичинекей кемчилик көрүп калса эле уруш чыгарып жиберет. Өзүнүн көйгөйүн, жумушундагы артыкчылык, кемчиликтерди, сырын аялы менен эч качан бөлүшпөйт. Эгер аялы мындай жашоого каршы чыкса, аны сабап салуудан да артка тартпайт. Жаманы, бул эркектин мүнөзү күн санап татаалдаша берет жана бул көрүнүш үйдө чыр-чатактын көбөйүшүн шарттайт.
Ишкер-күйөөнү жашоодо кыймыл-аракет, идея, демилге жана акча кызыктырат. Андыктан, ал үй-бүлөнү да ошондой бизнес катары көрүп, “сен тигини жаса, мен муну жасайм” деген эсепчил формада алып кетет. Мындай эркек мактоону сүйөт, жалкоолукту болсо абдан жаман көрөт. Өз айымынын керектөөсүн толук канааттандыруу менен катар башка айымдарды жандоого да жетишет. Уруштан, чыр-чатактан алда канча алыс, аялына дайыма сый менен кайрылып андан да ушундай мамилени күтөт. Ашынган болбосо да кызганчаактыгы бар.

#9 25 May 2018 - 02:54
Мусулман эркек кайсы сырын аялынан жашырат?
Батыштын философиясы жана маданияты жубайларды бири-бири менен сырдашып, маанилүү маселелерди чогуу чечүүгө ундөйт. Мусулман өлкөлөрүндө мындай көрүнүш кээде эле байкалып, көп эркектер башына түшкөн түйшүктөр жөнүндө аялы менен бөлүшүүнү туура корүшпөйт. Себеби ата-энеси аларды бала чагынан чыдамкайлыкка үйрөтөт. Жыйынтыгында, миндеген жубайлар жылдап бирге өмүр сүргөнү менен, чогуу отуруп көпкө сүйлошө алышпайт. Андыктан түгөйлөрдү ойго батырган нерсе түбөлүккө сыр болуп кала берет…
Төмөндөгү маалымат эркектерди тынчсыздандырып, бирок сыр бойдон калып келген көйгөйлөр тууралуу болмокчу.
Эн биринчиси, эркек сизден сый-урматты күтөт.
Аялдар күйөөлөрүнүн сүйүүсүн калап турса, эркектер түгөйлөрүнөн «ардак» күтөт. Мусулман айым бул тууралуу билиши зарыл, себеби эркек үй-бүлөсүн багыш үчүн өз күчүн аябайт. Эми элестетип көрсөнүз – аял эрте-кечти карабай эмгектенип жүргөн эркекке жаман мамиле кылып турса! Айым күйөөсүн сүйүп, бирок сыйын көрсөтпөсө, эркек бат эле башка бирөөнү жактырып калышы мүмкүн.
Ал сиздин колдоонузга муктаж.
Түгөйү ишенич арттырып турбаса, үй-бүлө көпкө сакталбайт.
Эркек төмөнкү учурларда сиздин берилгендигинизге шек санабашы керек:
— Эгер ал жуушунан ажырап, акча таппай үйдө отуруп калса;
— жаны иш баштап, бирок жолу болбой турган кезде;
— репутациясын жоготуу алдында турса.
Мындай оор учурларда сиз күйөөнүздүн жанында болушунуз керек.
Эркек жыныстык мамилелердин көп болуусун каалайт.
Андыктан айымдар адатка айланган шылтоолорун калтырганы туура чечим болот.
Эркек башка аялдар тууралуу да ойго батат.
Бүт эркектер башка аялдар жөнүндө ойлонушат, бирок мындай көрүнүш күйөөнүз ойнош күтүп же токол алайын деген ою бар экендигин далилдебейт.
Ал сизди бактылуу кылгысы келет.
Ушу себептен, эгерде күйөөнүз сизге сөйкө же шакек белек кылса – жасалгалоолорду тагынып жүргүлө. Унаа белек кылса – машинени сыймыктанып айданыз. Сиз каалабаган маркадагы унаа же сизге өтө жакпаган сөйкө болсо, ага ачык айтып, жүрөгүн жаралабагыла.
Сиздин мактоонуз аны көккө учурат.
Албетте, бардык эле аялдардын күйөөлөрү эталон эмес. Кандай болбосун ар бир эркектин мактоого татыган өнөрү же жумушу бар. Жакшы мамиленизди күнүмдүк жашоодо көрсөтсөнүз, түгөйүнүздүн сизге болгон көз карашы жогорулайт.
Айтпаса да сизди жакшы көрөт.
Эркектер сезимдер тууралуу айта беришпейт. Алар өз эмоцияларын болгону 2 учурда көрсөтө турганы баарыбызга малым болсо керек, – спорт жана саясат тууралуу. Ошондуктан күйөөнүз сизге кам коруп, таарынтпай турса – сизди сүйөт экен деп билиниз.

#10 25 May 2018 - 02:57
Келечектеги келиндерге 10 насаат
Кызын турмушка узатып жаткан эне кызына кайрылып: «Кызым, туулуп, чоңойгон үйүңдөн чыгып, тааныбаган жат адамдын үйүнө барасың. Жашооңдун калган бөлүгү ошол жерде өтөт. Демек, сен үчүн чыныгы турмуш эми башталат. Турмуштун ысык-суугун мени менен же атаң менен эмес, күйөөң менен бирге көрөсүң. Келечек жашооң бактылуу же бактысыз болуу өзүңдүн колуңда. Кызым, күйөңө күң сыяктуу кызмат кыл. Ошондо ал сага кул болот. Жашооңду тынч, таттуу өткөрүүнү кааласаң, төмөнкүлөргө көңүл бур:
1. Күйөөңө эч качан моюн толгобо. Ага ар дайым баш ий.
2. Анын тапканына каниет кылып жаша.
3. Көйөөңдүн көзүнө эч качан жагымсыз абалыңды көрсөтпө.
4. Күйөңдүн мурду сенден эч качан жагымсыз жытты искебесин.
5. Күйөңдүн уктоочу убагын жакшы бил жана уктап жаткан учуда керексиз иш үчүн менен ойготпо.
6. Күйөңдүн тамактанар мезгилин да байкоосуз калтырба. Курсагы ачкан адамдын ачуусу чукул болот.
7. Күйөңдүн туугандарына жакшы мамле жаса.
8. Анын мал-мүлкүн жакшы сакта.
9. Эч качан күйөңө күнөө жасаба.
10. Күйөңдүн сырын эч кимге айтпа.

Супер-Инфо
super.kg
видео