Суперстан: Кыргыздардын улуттук оюндары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыздардын улуттук оюндары

#101 Пользователь офлайн   Askarchik91   28 Июль 2014 - 17:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 073
  • Катталган: 03 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 31 Июл 2021 20:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Фрунзе)

Сөөк сындырмай
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 1—3 киши.


Оюн аянтчада, бөлмөдө өткөрүлөт.


Оюнда сөөктөр колдонулат.


Оюнга даярдануу. Оюнчулар колдоруна бирдей сөөктөрдү алышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.


Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден сөөктөрдү макулдашышкан ыкма менен сындырууга аракеттенишет. Сөөктү бат сындырган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.


Оюндун башка түрү. Жыгач сындырмай.


Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, башка буюмдарды колдонууга болбойт.


Оюнга методикалык көрсөтмө. Сөөктөр бирдей болушу шарт. Сөөктөрдү бир бирине уруп, алакандын асты менен уруп, тизе жана ич менен, манжалардын ортосуна киргизип, бурап сындырса болот.


Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күчкө толот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Askarchik91   28 Июль 2014 - 18:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 073
  • Катталган: 03 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 31 Июл 2021 20:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Фрунзе)

Тогуз коргоол
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 2—6 киши,


Оюн аянтчада, бөлмөдө, сахнада, боз үйдө өткөрүлгөн.


Оюнда колдонуучу аспаптар. Атайын жасалган тактай, 162 сакалар.


Оюнга даярдануу. Ойноо тактасы 18 уядан жана эки казынадан турат, Ар бир оюнчунун өз жагында 9 уя жана бяр казынасы болот. Бир тактада эки киши ойнойт. 9 уянын ар биринин аты жана бирден он сегизге чейин номери болот.


1.


1. жаман уй


2. эки тиш уй


3. тел уй


4. куйрук уй


ат өтпөс


2. текилдек уй


3. далы


4. көк моюн


5. бел уй


Оюнчулар тактайдын эки жагында бир бирине маңдай-тескей отурушат. Ар бир оюнчу 81 таштан алат. Таштар ар бир уяга тогуздан бөлүштүрүлөт. Биринчи жүрүш жасоо үчүн чүчү кулак кармашышат.


Оюндун баяны. Дүрүштү 1 жана 10 уядан башка каалаган уядан баштаса болот.


Биринчи жүрүүчү уялардан бирөөнөн 8 кумалакты алып (тогузунчу уясында калат), аларды солдон онго карай (сааттын жебесине каршы) ар бир келерки уяга бирден кумалак таштайт. Атаандашынын уясына ташталган акыркы кумалак таштардын жуп санын түзчү болсо (алым эсен болсо), жүргөн оюнчу ошол уядан бардык таштарды өзүнүн казынасына алып коёт.


Эгер акыркы таш атаандашынын уясына эмес өзүнүн уясына ташталган болсо, ал уядан таштар казынага алынбайт алар жуп сандагы таштар, төрттөн башталат, эки таш казынага алынбайт.


Так сандагы таштар атаандашынын уясынан, эгер бул уяда эки таш болуп, уяларга салынып жаткан таштардын акыркысы үчүнчүсүн түзсө гана бир жолу өзүнүн казынасына алынат. Бул учурда казынага үч ташы алынган уя ошол таштарды өз казынасына алган оюнчунун тузу болуп калат. Андан ары мына ушул уяга түшкөн таштар ал уяны өзүнүн тузу деп жарыялаган оюнчунун казынасына салынат. Эгер оюнчулардын биринин бардык уяларында бир да таш калбаса, башкача айтканда, бардык уялары бошосо, оюн аякталды делип эсептелинет, Бул учурда экинчи оюнчу өзүнүн уяларындагы бардык таштарды өзүнүн казынасына алып коёт. Андан кийин оюнчулар казынасындагы таштарды санап чыгышат, кимдин ташы кеп болсо, ошол оюнчу жеңип чыкты деп эсептелииет. Андан кийин оюнчулар атаандаштары менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Бардык беттешүүлөрдөн көп упай алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот,


Оюндун эрежеси. № 1 жана 10 уяларды «туз» деп жарыялоого, уялардагы таштарды саноого, уядан таштарды алып кайра ордуна коюуга, чурулдоого, айтууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, таштарды катып коюуга болбойт.


Мегодикалык көрсөтмө, Оюнда каалаган жүрүштүн алдында оюнчу бир биринен сакалардын саны жөнүндө суроо берип кайра жооп алышса болот. Оюнду топтордун арасында дагы өткөрсө болот.


Педагогикалык мааниси. Оюн акылдуулукка, ойлонууга, тартипти сактоого, чындыкка үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Askarchik91   28 Июль 2014 - 18:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 073
  • Катталган: 03 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 31 Июл 2021 20:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Фрунзе)

Жамбы атмай
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 2—10 киши.


Оюн түз жерде, талаада өткөрүлөт.


Оюнда мылтык, жаа, бул колдонулат.


Оюнга даярдануу. Окчулар узундугу 150—160 метр, туурасы 5—6 метр болгон жол белгиленет, Жолдун сол жагына 25—30 метрдей аралыкка көлөмү 25—30 см бутаны жерден 3—4 метрдик бийиктикке илгенден кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.


Оюндун баяны. Буйрук боюнча, оюнчулар бирден аттарын чабып баратып жаа менен илинген бутага атып тийгизүүгө тийиш. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Бутага көп жолу жаа атып тийгизген оюнчу, жеңүүчү болот.


Оюндун башка түрлөрү: жөө жүрүп жамбы атмай, кой көз жамбы атмай, кой туяк жамбы атмай, тай туяк жамбы атмай, уй көз жамбы атмай, чоң кулак жамбы атмай, чочмор жамбы, шаңшур жамбы атмай ж. б.


Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, бутага жакын турууга, тизишден алып, бутадан башка жакка атууга болбойт.


Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнга ат минүүнүн, жаа атууга ыкмаларын жакшы билген оюнчулар катышышса болот. Оюн өткөрүлүүчү жер, эл жашаган жана турган жерден сырткары болушу керек.


Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда ат минүүнүн, чабуунун, жаа атуунун ыкмаларын үйрөтөт, чечкиндүүлүккө, шамдагайлыкка, тең салмакты сактоого, мергендикке, тартипти сактоого үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Askarchik91   28 Июль 2014 - 18:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 073
  • Катталган: 03 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 31 Июл 2021 20:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Фрунзе)

Баш кийимди уруп түшүрмөй
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 4—10 киши.


Оюн аянтчада өткөрүлөт.


Оюнда калпак, тебетей, топулар колдонулат.


Оюнга даярдануу. Оюнчулар эшек жыгачтын жанында турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.


Оюндун баяны. Кезектери менен ар бир топтон .бирден оюнчулар эшек жыгачты минишип, бири бирин карашып турушкандан кийин, бир биринин баш кийимдерин урушуп түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу баш кийимдерди урушуп түшүрүшкөн оюнчулардын (гобу, оюндун жеңүүчүсү болот.


Оюндун башка түрлөрү, Атка минип баратышканда да эшекчен баратышканда да бирдей аралыкта турушуп бир бирин кийимдерин урушуп түшүрүшмөй.


Оюндун эрежеси. Бир бирин башка урганы, түртүп жыгышканы, баш кийимдерди кол менен кармашы жарабайт да, чурулдоого болбойт.


Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнда колдонуучу буюмдар бирдей болушу керек.


Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда шамдагайлык, күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, тең салмакты сактоого үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Askarchik91   28 Июль 2014 - 18:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 073
  • Катталган: 03 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 31 Июл 2021 20:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Фрунзе)

Тыйын эңмей
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 2—20 киши.


Оюн талаада, ипподромдо өткөрүлөт.


Оюнда тыйын колдонулат.


Оюнга даярдануу. Оюнчулар аралыгы 1000 метрдей келген түз, тегиз жол, оюндун ^ашталуучу, аякталуучу жана тыйын койчу жер белгиленгенден кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.


Оюндун баяны. Оюнчулар белгилешкен жерде, бирден кезектери келгенде аттарын текиреңдетишип басаңдатпай, токтоосуз жаткан тыйынды эңишип алууга аракеттенишет. Ошентип, оюнчулардын аракети 3—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Көп жолу тыйынды эңип алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.


Оюндун башка түрлөрү. Жөө тыйын эңмей, эшек чаап баратып тыйын эңмей, качыр чаап баратып тыйын эңмей.


Оюнга методикалык көрсөтмө. Бир капталына эңкейүү менен атын текиреңдетип чаптырып бара жаткан оюнчу белгилүү аралыкта тегиз жердеги тыйынды эңип алууга тийиш.


Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, чаап бараткан аттын тездигин акырындатууга, аттан түшүп тыйынды алууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.


Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктик, шамдагайлык тарбияланат, чечкиндүүлүккө үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Askarchik91   28 Июль 2014 - 18:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 073
  • Катталган: 03 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 31 Июл 2021 20:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Екатеринбург (Фрунзе)

Чүкө чертмей
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 2—5 киши.


Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча.


Оюнда чүкөлөр колдонулат.


Оюнга даярдануу. Катышуучулардын бирөөсү калгандарынан бирден чүкөлөрдү алып, колдоруна чогултуп, аларды бир канча жолу өйдө-ылдый кыймылдарды жасагандан кийин, жерге жайылтып таштайт. Андан кийин эки топ же ойноочу эки колун бирден чүкө өкчөйт. Кимдин чүкөсү «алчы» болуп түшсө ал оюнду биринчи баштайт, жердеги чүкөлөр таа экинчи, чик үчүнчү, «бөк» — «алчы» болуп жаткан болот.


Оюндун баяны. Көзектеги адам өз чүкөсүн чертет да же сөөмөйү менен бири бирин көздөй тийгизүүгө аракет кылып жылдырып башка оюнчунун чүкөсүнө тийгизүүгө аракет кылат. Эгерде жылдырган чертилген чүкө, башка оюнчунун чүкөсүнө тийсе, утуп алат, утулган чүкөнүн ээси, анын ордуна башка чүкө коёт. Андан кийин чүкөнү уткан оюнчу улантат. Эгерде чертилген чүкө, экинчи оюнчунун чүкөсүнө тийбесе көзек берки оюнчуга өтөт. Ошентип, оюн экөөң бири утмайынча созула берет. Чүкөлөрдү көп чертип алган оюнчу, жеңүүчүсү болот.


Оюндун ушул сыяктуу башка түрлөрү. Сака чертмек, жаңгак чертмек, данек чертмек ж. б.


Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, шартты бузууга, оюн башталгандан кийин чүкөлөрдү оңдоого болбойт.


Педагогикалык мааниси. Кол жана манжалар менен кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого, чындыкка үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   jemile   29 Июль 2014 - 20:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Ачакей жумакей.

Бул кыргыздын кылым, доор карыткан оюну балдардын көңүл буруусун, байкамчылдыгын, алдын ала билүүлүгүн, психологиялык жөндөмдүүлүгүн өстүрүү максатына арналган. Атасы менен баласы, апасы менен кызы ойносо жогорку деңгээлде максатына жетет. Бала үч жаштан алты жашка чейин кызыгып, суранып ойногон деңгээлге жеткизүү атасынын милдети. Оюндун шарты боюнча оң чүкө алынат. Чоң койдун, же аркар, текеники болушу артыкчылык, баланын кызыгуусу, “максимализмге” үндөө.

Атасы менен баласы шырдактын, килемдин үстүнө мандаш токунуп, бет маңдай отурушат. Чүкөнү ортого алчы кондуруп коюшат. Баласы: “Атсалоом алейкум” деп атын айтып атасына салам берет. Атасы: “Алейкума вас салам” деп алик алып атын айтат. Бул шарт: биринчи, мандаш токунуп отурууну үйрөтүү (йог системасы). Балтыр тарамыштары, арка моюндун, кыр арканын чыңалып түзөлүшүнө өбөлгө түзөт. Чүкөнү эңкейип алганда ритмикалык гимнастика. Экинчи, туура салам айтууну, алик алууну үйрөтөт. Үчүнчү, эң негизгиси, адам менен тик карап баарлашууну үйрөтөт.

Биринчи чүкөнү атасы оң колу менен алып “Айкүр” деп калчайт (улууну, атасын сыйлаганды үйрөтөт). Эгерде чүкө алчы турса сол колунун эки шадысын жумат, таа турса бирин жумат жана дагы калчайт. Чүкө бөк же чик түшсө оюн баласына өтөт. Ошентип оюн салаалар бир сыйра жумулуп жана кайра ачылганга чейин алмак-термек ойнолот. Бул шарт санаганды, бирден же экиден кошконду үйрөтөт. Эгерде чүкө тоңко же оңко турса ал шарттуу түрдө утушка ээ болот. Уттурганы эки колу менен көзүн басат. Утканы эки колу менен жабылган колдун сыртынан чертет жана эки колунун бир жадысын көрсөтөт, калган шадылары жумулган болот. Көрсөтүлгөндөр: эки башбармак; эки сөөмөй, эки ортоң, эки аты жок, эки чыпалак болушу мүмкүн. Көзүн жапкан жак ирмемде көрбөй утканынын бармактарын өзүнүн бармактары менен туура таап көрсөтүүсү зарыл. Табылмайынча чертүү улана берет. Табылганда утканы салам берип оюн токтойт. Оюндун ушул жери эң тарбия берүү жери. Баланын психологиялык жагдайын атасы көзөмөлдөп туруусу абзел. Керек болсо байкатпай уттуруу зарыл. Баланын баамчылдыгы, психологиялык туруктуулугу, көсөмчүлдүгү, алдын ала билүү жөндөмдүүлүгү тарбияланат, өсөт.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   jemile   29 Июль 2014 - 20:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Баш кийимди уруп тушурмой.

Оюнчулардын саны 4—10 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда калпак, тебетей, топулар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар эшек жыгачтын жанында турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.


Оюндун баяны. Кезектери менен ар бир топтон .бирден оюнчулар эшек жыгачты минишип, бири бирин карашып турушкандан кийин, бир биринин баш кийимдерин урушуп түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу баш кийимдерди урушуп түшүрүшкөн оюнчулардын (гобу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү, Атка минип баратышканда да эшекчен баратышканда да бирдей аралыкта турушуп бир бирин кийимдерин урушуп түшүрүшмөй.

Оюндун эрежеси. Бир бирин башка урганы, түртүп жыгышканы, баш кийимдерди кол менен кармашы жарабайт да, чурулдоого болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнда колдонуучу буюмдар бирдей болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда шамдагайлык, күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, тең салмакты сактоого үйрөтөт.

Билдирүүнү түзөткөн: jemile: 29 Июль 2014 - 20:16

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   jemile   29 Июль 2014 - 20:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Бут тепсемей


Оюнчулардын саны: 2—10 киши.

Оюн аянтчада, сахнада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу. Катышуучулар экиден болушуп, бир бирин карашып, эки колун белинин артына коюп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.


Оюндун баяны. Ар ким бири биринин буттарын тепсөөгө аракеттенет. Оюнчулар бири биринин буттарын тепсегенден кийин атаандаштары менен алма» шып, оюнду каалашкан убакытка чейин улантышат. Көп жолу атаандаштарынын буттарын тепсеген оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Бири бирин колдору менен түртүүгө, тартууга, тебүүгө, кармоого болбойт.

Методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын бут кийимдери жумшак болушу керек.

Педагогикалык мааниси. Ылдамдык, күч, шамдагайлыкка тарбияланат, кыймылдарды бат жана так аткарууга үйрөтөт.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   jemile   29 Июль 2014 - 20:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Дарткам


Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнда чүкөлөр, жип, таякчалар колдонулат.


Оюнга даярдануу. Оюнчулар аянтчада, жерден 50 см. бийиктикке таякчаларды тургузушуп, аларга жипти тартып байлашып тоскоолдук жасашкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден калган оюнчулардан бирден чүкөлөрүн алышып, бир колунун алакандарына катар кылып тизишип, тоскоолдуктун тушуна бир тизелеринде отурушуп, бир канча жолу чүкөлөр тизилген колдорун өйдө төмөн кылышкандан кийин, ашыктарды тоскоолдуктан «дарт кам» деп ашырып ыргытышат. «Алчы» болуп түшкөн чүкөлөрдү чүкө ыргыткан оюнчу утуп алгандан кийин, оюн кезеги көзектеги оюнчуга өтөт. Ал оюнчу чүкөлөрдү толуктап, оюнду кайрадан баштайт. Эгерде ыргытылган чүкөлөрдүн бардыгы «алчы» түшсө, оюн кезеги, чүкөлөрдү ыргыткан оюнчуда калып, ал кайрадан калган оюнчулардан бирден чүкөлөрдү чогулткандан кийин, оюнду улантат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп чүкөлөрдү утуп алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, чүкөлөрдү көбөйтүүгө же азайтууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, тоскоолдук кыла турган эч нерсе жок болушу керек. Оюнду жалгыз чүкө менен дагы ойносо болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюн кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого, бир бирин урматтоого үйрөтөт.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   jemile   29 Июль 2014 - 20:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Жаа тартмай


Кыргыз эли өз тарыхында ички, тышкы душмандарына каршы күрөш жүргүзүп, элин, жерин туруктуулук, баатырдык менен коргоп келген. Кыргыз эли өз эркиндигин коргоодо аскер куралдарын, анын ичинде жааны да колдонгондугу белгилүү. Бул жөнүндө «Манас» эпосунда да айтылат:

Жамгырдай кылып жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып…
Камыштый найза кылкылдап,
Кылыч, мылтык жылтылдап.
Очогор огу жаңырып,
Жаа- жебе огу жабылып…
Мылтык менен урушуп.
Маңдай-тескей турушуп
Мылтык атып, жаа тартып,
Карсылдашып урушуп.
Жаанын огу чыркырап,
Тийген жери быркырап,…

Жаа байыртадан эле мергенчилик куралы болгон. Аскер куралдарынын бири катары да пайдаланышкан. Атчан чаап бара жатып жаа тартышкан. Азыркы кезде спрортук оюн катары кеңири колдонулат. Жаа тартмай аралыкты көз болжол менен өлчөй билүүгө, бутаны түз мээлөөгө, шамдагайлыкка көндүрөт. Азыркы кезде бул оюндун ат минбей жөө туруп жаа тартышкан жөнөкөй түрү кеңири тараган. Оюн тегиз жерде ойнолот.

Оюн сыртта ойнолсо, кокусунан жебе жаңылбас үчүн бута коюлуучу жакка эч кимди жолотпоо керек. Оюнду 15-20 оюнчу ойнойт. Жаа, бир нече жебе, узундугу 50 сантиметр келген таякча даярдалат. Оюнга калыс шайланат. Калыс оюнчуларды эки жаатка бөлөт. Жаат башчыларын дайындайт. Оюнчулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша жаа тартылуучу чек жана бута атуучу жер (аралыгы 20-25 метр) белгиленет. Ал жерге бута коюлат. Жаат башчылары же өкүлдөрү таяк кармашып же чүкө калчашып, бири оюнду баштоо укугун алат. Оюнду баштаган жааттын оюнчулары жаа тартып бүтүшкөндөн кийин кезек экинчи жааттын оюнчуларына барилет. Ушул жол менен оюн белгилүү убакытка чейин ойнолот. Оюнчулар кезек менен тике туруп, бутаны бир жолу гана атышат. Жаанын жебеси бутага канча жолу тийсе, жаа тарткан жаатка ошончо упай берилет. Жебе бутага тийбесе упай берилбейт. Калыс упайларды санап. Оюндун акырында жаат башчылары менен бирдикте жалпы санын чыгарат. Кайсы жааттын упайлары көп болсо, ошол жаат утат.

«Кутман» блогунан алынды


Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   jemile   29 Июль 2014 - 20:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Жангак атмай


Оюнчулардын саны 2—6 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Жаңгактар.

Даярдануу. Оюнчулар бирден жаңгактарын, катарга тизишип, жаңгак атчу аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.


Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, белгиленген аралыктан бирден жаңгактарын коюп турушуп, тизилген жаңгактарга тийгизе атууга аракеттенишет, Эгерде атылган жаңгак, сызыктагы жаңгактардын бирөөсүнө тийсе, ал жаңгакты утуп алат, утулган жаңгактын ээси сызыкка кайрадан жаңгагын койгондон кийин, ошол эле оюнчу аракетин жыдыганча (жаңылгыча) улантат. Эгерде атылган жаңгак тийбесе, оюндун кезеги башкага өтөт. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Кеп сандагы жаңгактарды утуп алган оюнчу жеңет.

Оюндун башка түрлөрү: сака атмай, чүкө атмай, таш атмай,

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, себепсиз жаңгактарга тийүүгө, жыдыгандан кийин аракетти кайрадан көзексиз улантууга тыюу салынат.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза болушу керек. Ыргытылган жаңгак сызыктагы жаңгактарга таамай тийсе эсеп болот. Башка буюмдарга тийип, тоголонуп барып тийсе, эсепке кирбейт.

Оюндун педагогикалык мааниси, Күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, туура болжолдоого, чындыкка, тартипти сактоого үйрөтөт.]

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   jemile   29 Июль 2014 - 20:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Жарма данек


Кыргыз элинин эң байыркы оюндарынын бири. Оюн каалагандай жерде ойнолот. Оюнга 11 жаштан жогорку эки оюнчу катышат. Калган оюнчулар оюнга калыс болушат. Оюнга өрүктүн кош чыккан данеги пайдаланылат. Калыстардын катышуусу менен эки оюнчу «жарма данекти» жээрдин алдында өз ара «жарма данек» айтуунун мөөнөтүн, мелдештин шартын макулдашып алышат. Мисалы, 11-17 жаштагы оюнчулар «жарма данекти» 1-май күнү жешсе, 2-май күнү белгиленген саатта жолугушат.

Жолугушканда кимиси озунуп «Ассалом алейкум, жарма данек»- деп айтса ошол оюнчу утат. 17-20 жаштагы оюнчулар болсо «жарма данекти» жегенден кийин «жарма данек» айтуу мөөнөтүн бир нече күнгө калтырса же бир-эки жумадан кийин айтууну белгилешип шартташса да болот. Белгиленген убакытта мелдешкен эки оюнчу жана калыс оюнчулар бир жерге чогулуп, оюндун жеңүүчүсү аныкталат. Жеңилген оюнчу жеңгенине мөрөй берет же ырдап, бийлеп, шартташкан тапшырмасын аткарат. Оюн ушул тартипте улантылат.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   jemile   29 Июль 2014 - 20:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Жашынмак


Жаш балдардын, кыздардын оюну болот. Эки бөлүнүп ойнойт. Жашынмак деген оюндун түрү мындай болот. Балдар эки бөлүнүп алып чөп жашырышат, чөптү таап алса, берки жагы жашырууга камынат. Анда жашынбаган тарап бир жерге топтолуп эки жакты карабай тура беришет. Тиги жашынуучулар эң бир байкоосуз жерлерди ойлонуп таап алып жашынат.

Мисалы, жыйнаган отундун, чөптүн араларына далдаланып кирип калышат. Же болбосо жардын түбү, терек, тал, карагайдын бутактарынын арасына чыгып барып далдаланып отуруп калышат. Же чыгдандын ичине, тактанын алдына, жүктүн бурчуна жатып калат. Мындай жерлерден таап алууга болот. Анан эң бир кыраакы балдар аялдын, кыздын кийимин кийе коюп, элдин катарынан орун алып отуруп же жумуш кылып казан-аяк жакта кызмат кылган болуп жүрө берет. Аларды өтө кыраакы балдар болуп таап албаса, жакында таап алууга болбойт.

Ошентип жашынган балдарды балдар таап алса, кайра жашынтат. Эгер таап ала албай калса, берки балдар атынан айтып чакырганда бир тай, бир тай деп туруп келет. Анда берки тарабы жашынат. Аларды таап алса, бир тай деген балдар уткан болот. Эгер таап ала албаса, алар дагы бир тай, бир тай деп келип эч кимиси утпаган болот. Жашынмакта байге болбойт. Кылдат жашынып таптырбай койгону гана кыйын кыраакы, эстүү бала экен делип калат.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   jemile   29 Июль 2014 - 20:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Жоолук таштамай

Балдар канча болсо тегерете отурат. Ал балдардын арасынан кызбы, эркекпи жоолугун эшип алып олтурган балдардын аркасы ме­нен кыдырата басып келе жатып, жоолугун бир баланын аркасына эч кимге билгизбей таштап коёт. Анын таштаганын билбей калса, дагы айланып басып келип жоолук ташталган баланы жоолукту ала коюп сабап калат. Эгерде артына жоолук таштаганын байкап калса, ал (бала, же кыз) тура калып, таштап кеткенди (бала, же кызды) кууп жөнөйт. Качкан бала ордуна отурганча кууп жетсе, жоолук менен чабат. Жетпей калса, тегерете айланып жоолукту таштап оюнду улантат.

«Эл таануу» китебинен

Оюнчулардын саны 10—20 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер; аянтча, талаа, спорттук бөлмө.

Оюнда колдонулуучу каражат — жоолук,

Оюнга даярдануу. Жетекчи шайланат да, калган оюнчулар тегерек болуп отурушат. Оюн жетекчиси жоолукту ороп алып тегеректин сыртында турат.

Оюндун баяны. Жетекчи отургандардын артынан айланып басып жүрүп жоолукту билдирбей бирөөнүн артына таштап салып, айланып жүрүүсүн уланта берет. Эгерде артына таштаган жоолукту отурган оюнчу байкабай калса, жетекчи кайрадан келип жоолукту алып, байкабай калган кишинин жонуна жоолук менен ура баштайт. «Таяк» жеген оюнчу отургандардын артынан тегеренип жүгүрүп качып, кайрадан өз ордуна келип отурууга шашат. Эгерде качкан оюнчу жетекчиге жеткирбей жана урдурбай качып келип ордуна кайрадан отурса, оюн жетекчиси өз ордунда калып, оюнду улантат. Эгерде жетекчи качканды кубалап жетсе, алар ролдору менен алмашышып оюн кайрадан башталат. Эгерде артына ташталган жоолукту отурган оюнчу байкап калса, ал жоолукту тез алып жетекчини кубалап жетип, жоолук менен жонуна урууга аракеттенет. Оюн жетекчиси болсо ага жеткирбей айланып качып бошОюн орунга келип отурууга аракеттенет. Жетекчи, кубалаган оюнчудан кача албай калса кайрадан өз ордунда калат. Жеткирбей качса, кубалаган оюнчу, оюн жетекчисин ордуна калып оюнду кайрадан баштайт. Токмок жебей өз ордуна келип отурган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Катышуучулар баштарын артка буруп кароого, бир бирине айтууга, оюн жетекчисине качып бараткан оюнчулардын баштарын, беттерине урууга жана өтө катуу урууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Айтып койгон оюнчулар көзексиз оюн жетекчисинин ролун аткарат, Оюнчулар буттары менен малдаш куруп отуруп, анда-санда арт жактарын колдору менен сыйпалап коюуга болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, жүгүрүү ыкмаларын бир нерсеге көңүл коюуга, байкоого үйрөтөт.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   jemile   29 Июль 2014 - 20:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Жорго салыш



Мелдешке жорго салдыруунун ыгын жакшы билген чоң кишилер катыша алышат.

Жашы 3 жаштан жогору бардык тукумдагы жорголор коё берилет.

Оюн өткөрүлүүчү аралык 2000 метрден 10000 метрге чейин болушу мүмкүн.

Оюн өткөрүлүүчү жер Оюн түз айлампада, түз жолдо, ипподромдо өткөрүлөт.

Оюнду өткөрүүнүн тартиби Оюнчулардын оюнга чыгуу кезеги чүчүкулак кармоо менен аныкталат.

Топтун башчысы оюнга катышуучулардын фамилиясын, туулган жылын жана кезек номерин көрсөтүп арыз берүүгө тийиш. Ошол эле арызда аттын туулган жылын жана тукумун көрсөтүү керек. Тукуму көрсөтүлбөгөн аттар «дайыны жок» деп жазылат.

Мал врачынын уруксаты болмоюнча атка мелдешке катышууга уруксат берилбейт.

Оюнда атты бир гана катышуучу алмашпастан минүү керек.

Оюнчулардын бардыгы өздөрүнүн топторунун бирдей спорттук кийимин, же оюн өткөргөн уюм тарабынан белгилеген кийимдерди кийүүгө тийиш.

Ар бир оюнчунун чучукулак кармагандан кийин калыстар тобу берген катар номери болууга тийиш. Ал эки колго чыканактан жогору же болбосо тердиктин эки жагына тагылат;

Оюн жүрүшүңдө аралыкты кыскартууга, ошондой эле башка оюнчунун атын камчылоого болбойт, Бул эрежелерди бузган оюнчулар, оюндан четтетилет.

Уруксат берилген жаңылуулардын саны (жоргонун басыгынан таюусу)

Жеңүүчүлөрдү аныктоо

1. Ар бир катышуучу оюнда чаап келгендеги орунуна ылайык упайларга ээ болот: биринчи келген бир упайга, экинчи келген — эки упайга, үчүнчү — үч упайга, ж. у. с.

2. Эгерде жорголор бир нече кезекке бөлүнүп чабылса орундар көрсөтүлгөн убакыт боюнча белгиленет;

3. Топтор арасындагы орун бардык оюнчулардын алган упайларынын санына жараша белгиленет.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   jemile   29 Июль 2014 - 20:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Жыдымай


Оюнга экиден ашык балдар катышат да, бир оюнчу бирден чүкө чыгарып өкчөшөт. Кимдики айкүр конуп, калганы таа, бөк, чик болуп калса, айкүр чыккан бала калчай баштайт. Калчаганда айкүр чыкса чикти кошуп алат. Таа чыгып калса чүкө кошот. Айкүр менен таа кошо чыкса — сасыткы, кийинки оюнчу үч жолу калчайт. Оюнчулар бардык чүкөсүн уттурганча же утуп алганча оюн жүрө берет.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   jemile   29 Июль 2014 - 20:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Казык жыкмай


Оюнчулардын саны 2—5 киши.,

Оюн кумдуу келген көлдүн жээгинде өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Казыктар, чакаң .таштар.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар казыктарын бир бирине жакын кылып жерге коомай ыргытышып, өздөрү 10—15 м. аралыкта бир катарга тизилишет. .Оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат,

Оюндун баяны. Катышуучулар кезектери келген де, чакан таштар менен коомай кагылган казыктарды уруп жыгылтуу керек. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Казыктарды көп жолу уруп жыгылткан оюнчу жеңет.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун шартын, кезегин бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктик тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   jemile   29 Июль 2014 - 20:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Каз ордок


Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу. Тегерек сызык сызылат, оюнчулар эки тарапка бөлүнүп, оюндун шарты жана кезеги акөнүндө сүйлөшүп алышат. Оюндун кезеги боюнча .бир тараптын оюнчулары тегеректин ортосуна отурушуп, алардын ичинен корукчу болот. Экинчи тарап гын оюнчулары тегеректин сыртында турушат.

Оюндун баяны. Тегеректин сыртындагы оюнчулар тегеректин ичинде отурган оюнчуларды топ менен урганы аракеттенишет. Корукчу, отургандарга топту тийгизбей коруйт. Корукчу ыргытылган топту тийгизбей кайтарса же кармап алса, оюнчулар ордулары менен алмашышып, оюн кайрадан башталат. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Топ менен көп жолу урууга үлгүргөн тараптын оюнчулары жеңишке ээ болушат.

Оюндун эрежеси. Тегеректин сыртындагы оюнчуларга топту бири бирине бергенден кийин отургандарды урууга, бир оюнчуга, ар дайым корукчу болууга, отурган оюнчуларга, ордунан турууга, жылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн убагында корукчуну алмаштырууга болот. Оюндун эрежесин бузгандан кийин, оюнчулар ордулары менен алмашууга туура келет.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, ыргытуунун, тутуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   jemile   29 Июль 2014 - 20:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 827
  • Катталган: 13 Июль 13
  • Соңку аракети: 20 Сен 2021 10:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт калаасы!

Калдым


Оюнда колдонуучу аспаптар. Чүкөлөр.

Оюнга даярдануу. Оюнчулардын кезегин аныктоо үчүн арадан чыгат да баарынан бирден чүкө чогултат, алаканына тизгенден кийин аларды жерге чачып таштайт. Кимдин чүкөсү «айкүр» болуп түшсө, ал оюнчунун кезеги биринчи болот, «таа» экинчи. Андан кийин калган оюнчулардын кезектерин аныктоо кайрадан чүкөлөр ташталат. Эгерде эки оюнчунун чүкөсү бирдей болуп түшсө, чүкөлөр кайрадан ташталат. Ошентип, бардык оюнчулардын кезектери аныктал» кандан кийин, чүкөлөрдү ыргытуу үчүн сызык сызылат. Ал сызык кийин чүкөлөрдү ыргытып тийгизе турган жер болот.


Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери менен бир бутун чүкө ыргытуу үчүн сызылган сызыкка коюп чүкөлөрүн (окторун) алысыраакка ыргытат. Көзектеги оюнчу мурдагы оюнчунун чүкөсүн уруп, анын ордун ээлегенге, сызылган сызыктан дагы алыс жылдырса болот. Көзектеги оюнчуларга мурдагы оюнчулардын чүкөлөрүн уруп жылдырбаса да болот. Андан кийин чүкөнү ыргытуу үчүн сызылган сызык «казына» болуп калат. «Казынага» оюнчулар бир катар кылып чүкөлөрүн тизип коюшуп, чүкөлөрү турган жерден атышып, «казынадагы» чүкөлөргө тийгизүүгө аракеттенишет. Биринчи көзекти алыстагы ашыктын ээси болот, акыркы жакындагы ашыктын ээси.

«Казынадагы» чүкөлөргө тийгизген оюнчу, чүкөлөрдү утуп алгандан кийин оюн кайрадан башталат.

Мурдагы оюнчулардын ыргытышкан чүкөлөрү «казынадагы» чүкөлөргө тийбесе жана үч тапан аралыктан алыс жатса, акыркы оюнчу аракеттенбей туруп «калдыш» деп катуу айтса, ал оюндун жеңүүчүсү болот.

Андан кийин оюн каалаган убакытка чейин кайрадан уланышы мүмкүн. Көп сандагы чүкөлөрдү уткан ойгончу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Чүкө ыргытчу аралыкты кыскартууга, ашыктарды ордунан жылдырууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, ыңгайлуу болушу керек. Оюнду экиден болуп ойносо болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч, ийилчектик тарбияланат, аралыкты аныктоого, кол менен кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...


Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Авг 2025 13:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: