Туура макияж жасаганды билип алыңыз
Эгер макияжды атайын билген адис жасаса аялзатынын сулуулугуна сулуулук кошулат.
Аялзаты сулуулугун арттыруу үчүн көпчүлүк учурда макияж жасап келишет. Эгер макияжды атайын билген адис жасаса албетте сулуулугуна сулуулук кошулат. Бирок, айрым учурда макияжды өз колуңуз менен жасоого туура келип калса, анда кээ бир ыкмаларын туура эмес пайдалануу менен сулуулугуңузду бузуп алышыңыз мүмкүн. Ошондуктан жөнөкөй эрежелерди билип алганыңыз ашыктык кылбайт.

Макияж жасоонун алдында бетиңизди тазалап жууп, териңиздин курамына ылайыкталган бет май коюңуз. Эгер бетиңизде безеткиден калган тактар бар болсо аны жашыруу үчүн боёнууга болбойт. Себеби, боёк аркылуу териңизге зыяндуу инфекциялар кирет да, безеткини жок кылуунун ордуна кайра көбөйтүп жиберет.

Көздүн алдындагы тактарды тональный крем менен эмес, атайын корректор каражаты менен жабуу сунушталат. Ал эми тональный крем корректордун үстүнө эмес, анын чегинен ары уланып жабылат. Упаны өзгөчө тер бөлүп чыгара турган беттин бөлүктөрүнө колдонуу зарыл. Себеби тердеген бөлүкиөр бетти жагымсыз көрсөтүп майланыштырып салат.
Бет сөөктөрүнүн түзүлүшүнө жараша жабылган кызартма (румяна) бетти жандантат жана табигый сулуу кылып көрсөтөт. Бирок, кызмартманы ашыкча жаап албаңыз.

Көзгө туура макияж жасоодо анын кандай түргө киргенине карабай эле асты жагын боёдон баштаса болот. Бирок бир нече шарттарды эске алуу маанилүү:
1-Көздүн асты кара карандаш менен жарымына чейин боёлот
2-Кирпиктин өсүү багыты боюнча боёлот
3-Калың да эмес, ичке да эмес, орточо калыңдыкта болушу керек. Эгерде ал сызык өтө эле ичке болсо көз кичине болуп, беттин жаактары болсо чыгып калгандай көрүнөт.

Ал эми эриндерди өтө жеңил түскө боёп койгон туура болот. Маселен шампан чачындысы же шабдаалынын өңүндөй түстөр туура келет.
