Айтакетчү нерсе Гюлендин 40 , Саид Нурсинин 10 китебин окуп чыктым,жана биргана пайда болду,зыян көргөн жокмун!жана эн жаккан Саид Нурсинин сөзү: Ислам күнгө окшош,көзүңдү жумсан эле карангы болбойт!көзүн жумгандар бир гана өзүлөрүнө карангы кылышат деген маанидеги айканы болду!
Бедиүззаман Саид Нурси Рисале-и Нур чыгармалар жыйнагы
#42 02 October 2012 - 14:56
#43 11 October 2012 - 01:16
Так котормосу:
"Ислам дини - Күн сыяктуу, үйлөө менен өчпөйт.
- Күндүз сыяктуу, көз жумуу менен караңгы болбойт. Ким көзүн жумса ал өзүнө гана караңгылык кылат".
Мага болсо, Саид Нурсинин: "Чиркейдин көзүн ким жаратса, Күндү да ал жараткан" - деген сөзү абдан таң калтырган.

#44 08 January 2013 - 16:08
بِاسْمِهِ سُبْحَانَهُ
اَلسَّلاَمُعَلَيْكُمْ وَ رَحْمَةُ اللّٰهِ وَ بَرَكَاتُهُ اَبَدًا دَائِمًا
Бул ааламдын көк асманы жана эч батпаган руханий Күнү болгон Кураны Карим –ушул «Улуу китеп» болуп эсептелген жаратылыштын жаратылганына далил болгон аяттарын окуттуруп, анын чыныгы акыйкатын көрсөтүү үчүн шоолалары сыяктуу болгон нурларын таркатууда. Адамзаттын акылын нурландыруу менен ага туура жолду көрсөтүүдө. Адамзат ааламындагы ар бир жан өзүнүн жаралуусунун максатын, табиятындагы арзууларын жана чыныгы багытынын максатын ошол туура жолду көрсөткөн хидаят Күнүнүн нуру менен гана көрөт жана биле алат. Ошол хидаят нурунун жарыгына бөлөнгөн адамдар жүрөгүнүн кабыл алуусуна жараша акыйкатты чагылдырып берүү менен гана ага жакындай алышат. Ар бир нерсенин жана жашоонун акыйкаты ал нурменен жарыкка чыгып көрүнөт, билинет жана түшүнүктүү болот. Эзелтеден бери нурунчачып келаткан Аллахтын руханий ак жолунун өкүлү болгон Кураны Карим акыл мененжүрөктүн көздөрү менен акыйкатты көрүүнү камсыздайт. Анын нурунан узакболгондор караңгылыкта калышат. Анткени, ар бир нерсе нур менен көрүнөт,билинет жана түшүнүктүү болот. Мына ушул акыйкаттын руханий жана соолбос Күнүболгон Ыйык Курандын нурдуу чагылуусуна бул кылымда «Нур» деген аты менен аталган Рисале-и Нурдун шахси мааневиси бөлөнүп отурат. Табияты жарганат сыяктуу караңгылыктан айрылууну каалабагандарга, капилеттик уйкусу менен күндүздү түнгө айландыргандарга, бузукулукту жактырып акылы көзүнө түшүпкеткендерге жана туура жолдон адашып тескери жолго түшкөндөргө прожекторсыяктуу нурун ыйман акыйкаттарына багыттап, толугу менен көр болгондорго да тууражолду көрсөтүүдө. Ыймансыздар менен динсиздерди өзүнүн нур токмогу менен башынауруп: «Акылыңды башыңан алып салып айбан бол, же болбосо эсиңе келип адам бол!»– деп айтууда. Илим дагы бир нур болгондуктан, Рисале-и Нурдун илимге болгон терең адистигин көрсөтө турган бир-эки маалыматка кыскача ишаарат кылабыз.
Биринчиси: Оболу муну эске сала кетсек: Рисале-и Нур башка китептерди эмес, түздөн-түз Куранды устат катары кабыл кылып, Куранга кызмат кылуусу жана Куран тарбынан кабыл алынышы бизди ашыкчасөз айтууга кажет калтырбайт. Болгону илимий адистиги жагынан Рисале-и Нурдун наркын билдирүү үчүн мындай дейбиз: Рисале-и Нур ушул учурга чейин эч бирилимдүү адамдын толук ачыктап жана далилдей албаган эң табышмактуу татаал маселелерди өтө оңой ыкмада, жөнөкөй адамдан баштап эң билимдүү адамга чейин ар кимисинин жөндөмдөрүнө жараша шек калтырбай турган, толук ынандыра турган ыкма менен ачыктап жана далилдеп берген. Рисале-и Нурдун бул өзгөчөлүгү башка эч бир аалымдын эмгектеринде кездешпейт.
Экинчиси: Нур чыгармалары толугу менен Ыйык Курандын кээ бир аяттарынын тафсири болуу менен анын руханий жарыгы болгондугун ар бир жагдайда көрсөтүүсү.
Үчүнчүсү: Адамдардын терең муктаждыктарына илимий жактан күчтүүдалилдер жана аргументтер менен жооп берүүсү. Мисалы: Аллахтын бар экендигин, акырет жана да ыймандын башка түркүктөрүн, бир атомдун абал жана өз тили менен сүйлөттүрүү аркылуу далилдөөсү. Ибн Сина, Аль Фараби, Ибн Рушд сыяктуу атактуу исламфилософтору мындай маселелерде бүткүл жаратылышты далил катары көрсөтүшкөн болсо, Рисале-и Нур болсо ал акыйкаттарды бир атомдун же бир уруктун тили менен далилдөөдө. Эгер Рисале-и Нурдун мындай илимий кудуретин аларга азыр көрсөтүү мүмкүн болгондо алар тизе бүгүп Рисале-и Нурдан сабак алышаар эле.
Төртүнчүсү: Рисале-и Нурдун адамдардын көпжылдардан бери аракеттенүүсүнүн натыйжасында жете албаган маалыматтардытоптолгон маалыматтар сыяктуу кыска убакыт ичинде камсыз кылуусу.
Бешинчиси: Рисале-и Нурдун илимдин негизги максаты болгон Жаратуучунун ыраазылыгын алууга себеп болуусу жана илимди бу дүйнөлүк пайдаларга колдонбостон адамзаттын жыргалчылыгы үчүн бардык күчүн жумшоо эң улуу милдет экенин көрсөтүүсү.
Алтынчысы: Рисале-и Нурдун күчтүү, ыйык жана ыймандык тефеккүрдүн түшүмү болуп, бардык жаратылган нерселердин абал тилдеринин котормочу кызматын аткаруусу. Ошол эле учурда ыйман акыйкаттарын илмелйакин, айнелйакин жана хаккалйакин даражаларында өнүктүрүүсү.
Жетинчиси: Рисале-и Нурдун эң негиздүү деп эсептелген бардык илимдерди ичине камтуусу. Илим жиптери менен токулган өтө кооз кездеме десек болот. Азыркыга чейин эч бир илим адистери тарабынан ага каршы сөз айтылган эмес жана ар бир илимге адис экендиги аныкталган учкул сөздөрдүн жыйнагы. Мисал катары төмөндөгү бир нечесин айтуу менен бирге, бул чыгарманын жалпы маңызына кызыккандарга Рисале-и Нурдун илим деңизине кайрылуусун сунуштайбыз.
Бул сыяктуу дагы башка миңдеген учкул сөздөр бар.
اَلْبَاقِى هُوَ الْبَاقِى
Доктор Мустафа Хилми Рамазаноглу

#45 08 May 2013 - 16:50
Ассаляму алейкум рахматуллоху ва баракатуху,
достор мен да сабактарга барам жана биз жалан Фетхуллах Гулендин китептерин жана Рисале-нурду коп окуйбуз. Коп эле пайда жактарын алдым мен туура эле илим алып жатамбы.
Намаз оку. Анткени, намаз бузукулуктан жана куноодон сактайт.
#46 05 June 2013 - 01:21
Фетхулах Гулен Саид Нурсинин окуучуларынан сабак алганын укканмын.
Негизи Нурджулар Саид Нурсийден тарагандар, ал эми хизметчилер Гулендин окуучулары. Менин оюмча булардын агымы туурадай эле сезилет, бирок чон-чон аалымдар, муфтийлер теле-радиолордон талкуулаганын коро элекмин. Намаз окуп буткондо да узун-узун дубалар менен алакандарын ылдый каратып кайра ойдо каратып дуба кылышат. Китептеринде да печаттар жок. Ошондуктан бир аз шекшинемин. Жакшылап изилдеген адамдар барбы? Булардын жолу туурабы же туура эмеспи?

кто-то оставляет шрам в
душе, а кто-то саму душу забирает.
душе, а кто-то саму душу забирает.
#47 12 June 2013 - 14:35
Ассаляму алейкум рахматуллоху ва баракатуху,
достор мен да сабактарга барам жана биз жалан Фетхуллах Гулендин китептерин жана Рисале-нурду коп окуйбуз. Коп эле пайда жактарын алдым мен туура эле илим алып жатамбы.
Ва алейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху. Рисале-и Нур дарстарына баруу менен жалаң гана пайда ала аласыз. Тууралыгында эч кандай шек-күмөн жок!
#48 12 June 2013 - 15:02
Фетхулах Гулен Саид Нурсинин окуучуларынан сабак алганын укканмын.
Негизи Нурджулар Саид Нурсийден тарагандар, ал эми хизметчилер Гулендин окуучулары. Менин оюмча булардын агымы туурадай эле сезилет, бирок чон-чон аалымдар, муфтийлер теле-радиолордон талкуулаганын коро элекмин. Намаз окуп буткондо да узун-узун дубалар менен алакандарын ылдый каратып кайра ойдо каратып дуба кылышат. Китептеринде да печаттар жок. Ошондуктан бир аз шекшинемин. Жакшылап изилдеген адамдар барбы? Булардын жолу туурабы же туура эмеспи?
Негизи Нурджулар Саид Нурсийден тарагандар, ал эми хизметчилер Гулендин окуучулары. Менин оюмча булардын агымы туурадай эле сезилет, бирок чон-чон аалымдар, муфтийлер теле-радиолордон талкуулаганын коро элекмин. Намаз окуп буткондо да узун-узун дубалар менен алакандарын ылдый каратып кайра ойдо каратып дуба кылышат. Китептеринде да печаттар жок. Ошондуктан бир аз шекшинемин. Жакшылап изилдеген адамдар барбы? Булардын жолу туурабы же туура эмеспи?
Ырас, сүрөт тартканды сүрөтчү, даават кылганды дааватчы, аш жасаганды ашпозчу дегендей эле Рисале-и Нур китептерин окугандарды да нурчулар дешет. А бирок устат Саид Нурси эмгектеринде Нур шакирттери деп жазат. Анын үстүнө бул АГЫМ эмес ЖАМААТ деп айтсаңыз туура болот. "Бирок чон-чон аалымдар, муфтийлер теле-радиолордон талкуулаганын коро элекмин." - деп жазыпсыз. Сиздин көрбөгөндүгүңүз алардын окубагандыгына далил боло албайт! Дүйнөдөгү эң чоң Ислам окуу жайларынан болгон "Аль-Азхардын" магистратурасында Рисале-и Нурдун "Ишааратуль Иъжаз" тафсири предмет катары окутулуп жатуусу эч кандай шек калтырбайт. Намаздан кийин канчалык көп дуба кылса жакшы эмеспи. Кыргызча которулган бардык китепчелеринде Муфтияттын печаты коюлган. Эч кандай күмөндөнбөстөн окуй бериңиз. Кененирээк маалыматтарды Фейсбуктагы Кыргызча Рисале-и Нур баракчасынан таба аласыздар.
#49 14 June 2013 - 20:24
Эй мусулмандар!
Эй акыйкатчыл шарият, акыйкат жана тарикат ээлери! Бул коркунучтуу бөлүнүү оорусуна каршы бири-бириңердин кемчиликтериңерди издебестен,
бири-бириңердин айыбыңарга көзүңөрдү жумуп койгула! وَاِذَا مَرُّوا بِاللَّغْوِ مَرُّوا كِرَامًا «... пайдасыз сөздөрдү сүйлөшүп жаткандардын жанынан абыроюн сактоо менен айланып өтүп кетишет.» (Куран 25:72) Ыйык Курандын бул адеби менен адептенгиле!
Жана сырткы душмандар чабуул коюп жатканда ички жаңжалдашууну таштоо керек жана мусулмандарды басмырлануудан жана кордуктан куткарууну эң биринчи жана эң маанилүү акыреттик милдет деп билип, жүздөгөн аяттарда жана Пайгамбарыбыздын (САВ) хадистеринде аябай каттуу эскертилип айтылган бир туугандык, сүйүү жана жардамдашууну аткарып; бүткүл жан дүйнөңүз менен бу дүйнөнү гана максат кылган адамдардан дагы бекем түрдө, бир жолдогулар менен жана диндештериңиз менен биригиңиз. Тактап айтканда, бөлүнүп-жарылбагыла.
Ушундай кичине маселелер үчүн өтө кымбат убактымды короткондон көрө, ошол кымбат убактымды зикир жана фикир сыяктуу баалуу нерселерге сарптайын деп өзүңүздү кармоо менен, биримдикти алсыратпагыла.
Анткени, бул руханий күрөштө кичинекей деп ойлогон маселе да өтө чоң маселе болуп калышы мүмкүн. Бир жоокердин маанилүү жана опурталдуу шарттардагы бир саат күзөтүүсү кээде бир жылдык нафил ибаадат кылганга тете болоору сыяктуу, ушул мусулмандардын душмандарына алдырып коюп жаткан учурда, руханий күрөш маселелеринде,
кичинекей бир маселеге сарпталган сенин кымбат бир күнүң, ал жоокердин ошол сааты сыяктуу миң эсе кымбаттайт,
бир күнүң миң күнгө барабар болушу мүмкүн. Ырас, Аллах ыраазылыгы үчүн болсо, ал иштин кичине-чоңдугуна,
маанилүү жана маанисиздигине каралбайт. Ыклас жана Аллахтын ыраазылыгын издөө жолунда кичинекей нерселер да жылдыз сыяктуу чоң болот. Кандай себеп экенине каралбайт, натыйжасына каралат. Ырас, натыйжасы Аллахтын ыраазылыгын алуу жана өзөгү ыклас болгондуктан,
ал иш кичине эмес, чоң иш болуп эсептелет. (20-лемадан)
#50 13 January 2014 - 20:58
Азирети Адам алейхиссалам эмне үчүн Бейиштен чыгарылган?
--------------------- ---------------------- ---------------------- --------------
Суроо: Азирети Адам алейхиссаламдын Бейиштен чыгарылуусу жана кээ бир адамдардын Тозокко кирүүлөрүнүн сыры эмне?
…
Жообу: Сыры – милдеттендирилүүсүндө. Жөнөтүлгөн милдети болсо, адамзаттын бардык руханий өсүүлөрү менен бардык жөндөмдөрүнүн ачылуусу, өнүп-өөрчүүсү жана адамдын Аллахтын бардык ысымдарына күзгү болуусу. Булар ошол милдеттин найтыйжаларынан болуп саналат. Эгер адам баласы Бейиште калган болсо, периштелер сыяктуу даражасы туруктуу болуп калмак, адамзаттын жөндөмдөрү ачылмак эмес. А бирок туруктуу макам ээлери болгон периштелер өтө көп болгондуктан андай ибаадат үчүн инсанга муктаждык жок болчу. Тескерисинче, Аллахтын даанышмандыгы чексиз даражаларды басып өтө турган инсандын жөндөмдөрүнө ылайык бир кызмат ордун керек кылгандыгы үчүн, периштелерден башка, табияты керек кылып турган белгилүү күнөө аркылуу Бейиштен чыгарылды. Демек, азирети Адам алейхиссаламдын Бейиштен чыгарылуусу бекеринен эмес жана чыныгы ырайым болгону сыяктуу, каапырлардын Тозокко түшүүлөрү да акыйкат жана адилеттүү. «Онунчу Сөздүн» үчүнчү ишааратында айтылгандай, чындыгында каапыр адам аз бир өмүрдө күнөө жасайт, бирок ал күнөөсүнүн ичинде чексиз кылмыш бар. Анткени, ыймансыздык – бүткүл ааламды акаарат кылып, баалуулугун төмөн түшүрүү жана бардык макулуктардын Жараткандын бир экендигине келтирген күбөлүктөрүн жалганга чыгаруу жана ааламда көрүнгөн Аллахтын ысымдарын жокко чыгаруу болуп саналат. Ошондуктан, ааламдагы бардык макулуктардын акысын каапыр адамдан алуу менен ааламдын Падышасы болгон Каххары Зулжалал каапырларды түбөлүктүү Тозокко салуулары чыныгы акыйкат жана адилеттүүлүк болот. Анткени, чексиз кылмыш чексиз азапты керек кылат.
(12-Мектубдан)

#51 13 January 2014 - 21:00
"МУХАММАД САВдын МУЖИЗАЛАРЫ"
китебинен:
--------------------- ---------------------- -------------------
Ардактуу пайгамбарыбыз Мухаммад Алейхиссалаату вассаламдын төрөлүп жаткан учурунда болуп өткөн таң калыштуу жана кереметтүү окуялар. Ал о…куялар Анын төрөлүшү менен абдан тыгыз байланышта болгон.
Анын үстүнө пайгамбар болуусунан мурда болуп өткөн ошол кээ бир окуялардын ар бириси анын мужизалары болуп саналат. Үлгү катарында белгилүү болгон, хадис имамдары кабыл кылышкан жана сахихтиги такталган бир нече мисалдарды айтып өтөбүз:
Биринчиси: Пайгамбарыбыздын (САВ) төрөлгөн түнүндө: апасы жана апасынын жанында болгон Усман ибнул Ас менен Абдурахман ибнул Ауфтун апалары жаркыраган жарык бир нур көрүшкөн жана үчөө тең: “Ал төрөлүп жаткан учурда биз ошондой бир нур көрдүк, ал нур бизге чыгыш менен батышты жарык кылып турду” – деп айтышкан.
Экинчиси: Ошол түнү Каабадагы буттардын көпчүлүгү кулап түшкөн.
Үчүнчүсү: Ал түнү атактуу Перс өкүмдары Кисранын айван деп аталган хан сарайы селкилдеп жарака кетүүсү жана он төрт тиирөөчүнүн кулап түшүүсү;
Төртүнчүсү: Ал түнү Саванын ыйык деп эсептелген кичинекей деңизинин соолуп калуусу жана Истахрабадда миңдеген жылдар бою дайыма алоолонуп күйүп турган жана өчпөгөн Мажусийлердин сыйынуучу кудай кылып алган оттун Пайгамбар (САВ)дын төрөлгөн түнүндө өчүп калуусу; Мына ушул үч-төрт окуя: “Дүйнөгө жаңы төрөлгөн ал адам – отко сыйынуучулукту жок кылат, Персия бийлигинин сарайын талкалайт жана Аллахтын уруксаты менен татыксыз нерселердин баарын ыйык тутууну тыят” – деп белги берип жатат.
Бешинчиси: Пайгамбар (САВ)дын төрөлгөн түнүндө эмес, бирок төрөлүшүнө өтө жакын мезгилдерде болгон окуялар да Мухаммад пайгамбарга таандык болгон кереметтерден болуп саналат: “Фиил” сүрөөсүндө ачык-айкын баяндалган пил окуясы: Каабаны талкалоо үчүн келген Хабешистанын Абраха деген падышасы Махмуд ысымындагы аябай чоң пилди кошуунунун алдына салып сүрүп келген. Меккеге жакын калган кезде пил баспай коёт. Эч бир айласын таба албай артка кайткан. Абабил куштары алардын таш-талканын чыгарып чачыратып жиберишкен. Аргасыз качууга мажбур болушкан. Адамды таң калтырган бул кереметтүү окуя тарых китептеринде майда баратына чейин так жазылган. Мына ушул окуя дагы Расул Акрам Алейхиссалаату вассаламдын пайгамбар экендигинин далилдеринен. Анткени, төрөлүшүнө абдан аз калган кезде, анын кыбыласы, туулган жери жана сүйүктүү мекени болгон Ыйык Каабаны кайыптан жана таң калыштуу түрдө Абраханын талкалоосунан куткарып калган.
Алтынчысы: Ардактуу пайгамбарыбыз Мухаммад Алейхиссалаату вассалам кичинекей кезинде Халимаи Саадиенин колундагы кезде, Халима жана анын күйөөсүнүн айтымдарына караганда: Көп учурларда анын үстүндө булут көлөкө кылып жүргөндүгүн көрүшкөн жана башкаларга да айтышкан. Ал окуя эл арасында абдан белгилүү болгон.
Ал эми он эки жашында соода кылып Шам тарапка барган кезинде Бахира деген бир кечил Ардактуу пайгамбарыбыз Мухаммад Алейхиссалаату вассаламды бир булут көлөкө кылып жүргөнүн көргөн жана башкаларга да көрсөткөн.
Пайгамбар болгонго чейинки учурундагы дагы бир кереметтүү окуясы: Ардактуу пайгамбарыбыз Мухаммад Алейхиссалаату вассалам Улуу Хадичанын Майсара деген кызматчысы менен соода кылып кайтып келген кезде, Хадича энебиз Ардактуу пайгамбарыбыз Мухаммад Алейхиссалаату вассаламдын үстүндө эки периштенин булут кейипинде көлөкө кылып турганын көргөн. Көргөнүн Майсара кызматчысына айтат. Майсара да Хадича энебизге: “Бардык сапарыбызда ушул абалды көрүп жаттым” – деп айткан экен.
Жетинчиси: Сахих хадистерде айтылган: Ардактуу пайгамбарыбыз Мухаммад Алейхиссалаату вассалам пайгамбар болгонго чейин бир дарактын алдына отурду, ал жер кургак эле дароо жашылданды. Дарактын бутактары анын башынын үстүнө ийилип көлөкө кылган.
Сегизинчи: Ардактуу пайгамбарыбыз Мухаммад Алейхиссалаату вассалам жаш кезинде Абу Талибдин үйүндө калган эле. Абу Талиб бала-чакасы менен Аны менен бирге тамак ичишсе тоюшат эле. Ал эми тамак учурунда ал жок болгон кезде тойбой калышат эле. Бул окуя абдан белгилүү жана да анык болгон.
Дагы бир мисал: Ардактуу пайгамбарыбыз Мухаммад Алейхиссалаату вассаламды кичинекей кезинде баккан жана ага кызмат кылган Умму Айман мынтип айткан экен: “Ардактуу пайгамбарыбыз Мухаммад Алейхиссалаату вассалам кичинекей кезинде да, чоңойгондон кийин да эч качан ачкалык менен суусуздуктан арызданбады. ..”
Тогузунчусу: Сүт энеси болгон Халима-и Саадиенин малы менен эчкилеринин сүтүнүн абдан берекелүү жана көп болуусу. Бул окуя абдан белгилүү жана да анык болгон.
Анын үстүнө Аны чымын конуп тажаткан эмес. Анын сүйкүмдүү денеси менен кийимдерине чымын конгон эмес. Пайгамбарыбыз (САВ)дын урпактарынан болгон Сеййид Абдулкадыр Гейлани (КС) бабасынын ошол абалын мураска алган. Себеби ага да чымындар конгон эмес.
Онунчусу: Ардактуу пайгамбарыбыз Мухаммад Алейхиссалаату вассалам бу дүйнөгө келгенден кийин, өзгөчө төрөлгөн түнү жылдыздардын түшүүлөрү көбөйгөн. Анткени, бул окуя “Он бешинчи сөздө” ачык-айкын далилдери менен баяндап бергендигибизден, бул жылдыздардын токтоп турушу шайтандар менен жиндердин кайыптан берип жаткан кабарларынын кесилүүсүнүн аламаты жана белгиси. Ырас, Ардактуу пайгамбарыбыз Мухаммад Алейхиссалаату вассалам Аллахтан аян алуу менен дүйнөгө чыккандыктан, албетте Аллахтан келген аянга күмөн туудурбаш үчүн жана аянга окшоп калбаш үчүн жарым жартылай жана жалгандар менен аралашкан төлгөчүлөрдүн, көзү ачыктардын жана жиндердин кабарларына тосмо коюу керек эле. Ооба, пайгамбарыбыз пайгамбар болгонго чейин көзү ачыктык кылгандар көп эле. Куран түшүрүлгөндөн кийин аларга мөөр басты. Атүгүл көптөгөн көзү ачыктар да ыйманга келишти. Анткени, жиндерден болгон кабарчыларын таба албай калышты. Демек, Куран алардын ишин бүтүргөн. Мына эми дагы мурдагы кездеги көзү ачыктар сыяктуу азыркы медиюмдар сыяктуу жаңы көзү ачыктыктын түрлөрү Европада спиритизм менен алек болгондордун арасында пайда боло баштады. Мейли, эмне болсо да муну сөз кылуунун кажети жок...
Корутунду: Ардактуу пайгамбарыбыз Мухаммад Алейхиссалаату вассаламдын пайгамбар болуусунан мурун эле анын пайгамбар экендигин тастыктаттырган жана тастыктаган көптөгөн окуялар менен көптөгөн адамдар болгон. Ооба, бу дүйнөнүн руханий башчысы боло турган (Кыстарма) , бу дүйнөнүн руханий келбетин өзгөртө турган, бу дүйнөнү акыреттин эгин талаасы кыла турган, бу дүйнөнүн макулуктарынын баалуулугун жарыя кыла турган, жиндер менен адамдарга түбөлүктүү бакыттын жолун көрсөтө турган, бул дүйнөнүн жаратылуусунун максатын, табышмактуу сырын, түшүнүксүз жагдайларын ачык түшүндүрүп бере турган, бүткүл ааламдардын Жаратуучусунун максатын билген жана билдире турган жана ошол Жаратуучуну таанып, башкаларга тааныта турган бир адам албетте, анын келүүсүнөн мурун эле бардык нерсе, бардык түр, бардык тайпалар анын келүүсүн сүйүшөт, күтүшөт, жакшылап тосуп алышат, алкышташат жана Жаратууучусу тарабынан билдирилген болсо, ал дагы билдирет. Жогоруда айтылган ишаараттар менен мисалдарда көргөнүбүз сыяктуу: Аллахтын жараткан ар бир макулугу аны жакшылап тосуп алганы сыяктуу мужизаларын көрсөтүп жатышат жана мужиза тили аркылуу пайгамбар экендигин тастыктап жатышат...Еще

#52 13 January 2014 - 21:31
Саид Нурсинин китептери кыргызчага которулуп жазылып жатат, кызыккандар болсо сатып алып окушса болот, ал эн жонокой термин менен азыркы илим-билимге таянып Аллахтын бар экенин далилдеп берген... Саид Нурси озу ким экени тууралуу билгиси келген адам анын жаны басылып чыккан омур баянын окуп чыкса болот..
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#53 14 January 2014 - 09:28
АКЫРЗАМАНДА ИСА алейхиссаламдын КАЙРА КЕЛҮҮСҮ:
**********************************************
Акырзаманда азирети Иса алейхиссалам Дажжалды өлтүргөндөн кийин адамдардын көпчүлүк бөлүгү чыныгы динге киришет. А бирок, риваяттарда: «Жер жүзүнд…ө «Аллах, Аллах» дегендер болуп турган кезде кыямат болбойт» – деп айтылат. Ушундай баары массалык түрдө ыйманга келишкенден кийин кандайча баары кайрадан каапырлыкка кирип кетишет?
Жообу: Сахих хадистерде айтылган: «Азирети Иса алейхиссаламдын келүүсүн, Ислам шарияты менен амал кылуусун жана Дажжалды өлтүрөөрүн» – ыйманы алсыз болгон адамдар гана акылына сыйдыра алышпайт. Эгер анын акыйкаты чечмеленип түшүндүрүлө турган болсо, акылга сыйбаган эч нерсеси калбайт. Мындайча:
Ал хадистин жана Суфян менен Махди жөнүндөгү хадистердин баяндап жаткан мааниси мындайча: Акырзаманда динсизиктин эки түрдүү агымы күч алат:
Биринчиси: Эки жүздүүлүк пардасы артында Мухаммад Алейхиссалату вассаламдын пайгамбар экендигин жокко чыгарууга далалаттанган Суфян деген коркунучтуу бир зат, мунафыктардын башына өтүп, Ислам шариятын бузууга аракетин жумшайт. Ага каршы Пайгамбарыбыздын САВ Аали Бейтинин нурдуу чынжырына байланган, Аллахтын сүйүктүү пенделеринин башына өтө турган Аали Бейттен Мухаммад Махди деген нурдуу зат ошол Суфяндын шахсы мааневиси (жамааты) болгон мунафыктык агымын өлтүрүп жок кылат.
Экинчи агым болсо: Материалдык философиядан «төрөлгөн» динсиздик агымы, барган сайын акырзаманда материалисттик философиянын таасиринен улам жайылып олтуруп күчүнө толуп, Аллах тааланы жокко чыгара тургандай даражага жетет. Бир падышаны тааныбаган, ордодогу командирлер менен жоокерлер ошол падышанын армиясы болгонун кабылдабаган жапайы адам, алардын баарын жана ар бир жоокерди өкүм жүргүзө ала турган падыша деп ойлогону сыяктуу, Аллахты жокко чыгарган ал агымдын мүчөлөрү да өздөрүнүн кичинекей Намруд сыяктуу напсилерине бийлик беришет. Ал эми алардын башында турган төрөлөрү спиритизм менен магнетизмдин түрлөрүнөн болгон коркунучтуу «кереметтерге» ээ болгон Дажжал болсо, чектен чыгып, карапайым калкты мажбурлоо жолу менен жүргүзгөн жалган өкүмдарлыгын өзүнчө улуу бийлиги бар сыяктуу элестетип өзүнүн улуктугун жарыялайт. Ал эми бир чымынга алы жетпеген жана бир чымындын канатын да жараталбаган алсыз бир адамдын өзүн улукмун деп жарыя кылуусу кандай гана акмакчылык жана маскаралык болгону баарына маалым.
Мына ушундай учурда, ал агымдын күчкө толуп турган мезгилинде азирети Иса алейхиссаламдын шахсийети мааневисинен (жамаатынан) болгон чыныгы християндык дини пайда болот, тагыраак айтканда, Аллахтын ырайымынан түшүрүлөт, учурдагы християндык дини ошол акыйкаттарга карай тазаланат, жомоктор менен бузулуусунан сыйрылат, Ислам акыйкаттары менен биригет, руханий түрдө християнчылык Ислам динине өтөт... Куранга моюн сунуу менен християн дини «ээрчүүчү», ал эми Ислам дини «ээрчитүүчү» макамында калат. Акыйкат дин бул биригүүнүн натыйжасында өтө чоң күчкө ээ болот. Динсиздик агымына каршы өз алдынча жеңишке жете албаган християнчылык менен Ислам дини биригүүнүн натыйжасында динсиздик агымына үстөмдүк кылып баштаган кезде, асмандагы адамдык денесинде болгон Иса алейхиссалам ошол чыныгы дин агымынын башына өтөөрүн Ишенимдүү Кабарчы Мухаммад (САВ) бардык нерсеге кудурети жетүүчү Аллахтын убадасына таянуу менен кабар берген. Ырас, кабар берген болсо, албетте ал акыйкат. Эгер Аллах убада кылган болсо, албетте убадасын аткарат. Ооба, ар дайым асмандан периштелерди жерге жөнөтүп турган, кээ бир учурларда адам кейипинде көрүнгөн (Жабраил алейхиссаламдын азирети Дыхйе РАнун кебетесинде көрүнүүсү сыяктуу) жана Рух ааламынан рухтарды жөнөтүп адамзат сүрөтүндө бейне кийгизген, атүгүл өлгөн олуялардын көпчүлүгүнүн рухтарын өз денеси сымал кейипте бу дүйнөгө жөнөткөн Даанышман Жаратуучубуз азирети Иса алейхиссаламды християн динине таандык эң маанилүү болгон ийгиликтүү жыйынттыктоо үчүн, дүйнө асманында денеси менен жана тирүү болгон Иса алейхиссаламды, балким акырет ааламынын эң алыскы бурчунда болсо да, атүгүл чындап эле өлгөн болсо да, баары бир ушундай улуу натыйжа үчүн ага жаңыдан дене кийгизип бу дүйнөгө жөнөтүүсү – ошол Даанышман Жаратуучубуздун даанышмандыгынан алыс эмес. Тескерисинче, анын даанышмандыгы дал ошону керек кылгандыгы үчүн убада берген жана убада кылгандыгы үчүн албетте Иса алейхиссаламды жөнөтөт...
Азирети Иса алейхиссалам келген кезде, бардык адамдар анын чыныгы Иса алейхиссалам экендигин билүүсү кажет эмес. Анын жакын чөйрөсүндөгүлөр гана ыйман нуру менен аны тааный алышат. Болбосо, ачык-айкын түрдө аны тааный алышпайт.
(15-мектубдун 4-суроосу)Еще

#54 14 January 2014 - 09:32
Саид Нурсинин китептери кыргызчага которулуп жазылып жатат, кызыккандар болсо сатып алып окушса болот, ал эн жонокой термин менен азыркы илим-билимге таянып Аллахтын бар экенин далилдеп берген... Саид Нурси озу ким экени тууралуу билгиси келген адам анын жаны басылып чыккан омур баянын окуп чыкса болот..
КИРИШ СӨЗ
Сүйүктүүпайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) бир хадисинде اَلْعُلَمَاءُ وَرَثَةُ اْلاَنْبِيَاءِ башкача айтканда: «Аалымдар – менин мураскорлорум» –деп айткан. Андыктан аалымдар пайгамбарыбыз (САВ)дан илимди мурас кылыпкелишет. Ислам дининин акыйкаттарын адамзатка жеткизүүдө бул мураскорлор жалгызгана пайгамбарыбыз (САВ)дын жолун жолдошкондуктан, аларды түрмө да, зындан да,ар кандай кордуктар да, атүгүл өлүм коркунучу да токтото албайт.
Мындай аалымдардын өмүртаржымалын үйрөнүү – караӊгылыкта жол таба албагандар үчүн шам чырак сыяктууболуп, жолун жарытып берээри талашсыз.
Ардактуу пайгамбарыбыз Мухаммад(САВ)дын ушундай мураскорлорунун бири болгон Бедиуззаман Саид Нурси да Исламдүйнөсүнүн төрүнөн орун алган аалымдардын бирөө болуп саналат. Ал балалыгынантартып эле өрнөктүү жашоо жашап, илими жана адеп-ахлагы менен көпчүлүктүнсүймөнчүлүгүнө айланып сый-урматына татыган. Өз жашоосунда алдыга койгон эӊ чоӊмаксаты – Аллахтын ыраазылыгын алуу жана ыйман акыйкаттарын адамдардынаң- сезимине орнотуу болгон. Муну ал ар бир айткан сөзү менен жана жүрүш-турушуменен ишке ашырууга колунан келишинче аракет кылган. Ошол мезгилдин белгилүүаалымдары тарабынан ыйгарылган “Бедиуззаман” наамы, тактап айтканда: “Өздоорунун эӊ чыгаан инсаны” деген лакабы муну ачык далилдеп турат.
Пайгамбарыбыз (САВ)дын небересиХасан (РА)дан тарагандарга “Шариф” ал эми экинчи небереси Хусаин (РА)дантарагандарга “Сейит” деген наам берилген. Бедиуззаман Саид Нурсинин апасыСейиттерден б.а. Хусаин (РА)нун урпактарынан, ал эми атасы болсо Шарифтерденб. а. Хасан (РА)нун урпактарынан болуп саналат. Болжол менен 1258-жылы Аббасийлердоорунда моңголдордун баскынчылыгынан улам кээ бир сейиттер менен шарифтербашка жактарга көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Ислам дүйнөсүнүн туш тарабыначачырап кеткен пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ)дын урпактарынан кээ бирлери Иракка,кээ бирлери азыркы Түркияга келип отурукташып калган. Булардын арасында СаидНурсинин ата-бабалары да бар болчу. Бул маалыматтар тарыхый архивдерде сакталыпкалгандыктан азыркы күндө ачыкка чыгып олтурат. Осмон империясынын убагындатөрөлгөн жана өлгөн ар бир шариф менен сейиттерди каттап турушкан. Алар үчүнатайын айлык маяна ажыратышып, атүгүл, алардын иштери менен алектене турган атайынНакиб- ул Ашраф аттуу министрлик болгон. Андыктан, Бедиуззаман Саид Нурсипайгамбарыбыз Мухаммад (САВ)дын урпактарынан болуп саналат.
Бүт өмүрүн адамзаттын ыйманынкуткарууга арнаган Бедиуззаман Саид Нурсинин жазган “Рисале-и Нур” аттуутафсирин окуу менен азыркы учурда дүйнөнүн ар булуӊ-бурчунда миллиондогон адамдарИслам дининин баалуулуктары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда. Бул тафсирлер Ыйык Курандын аяттарыменен хадистерди илимий түрдө чечмелеп, азыркы илим менен техниканын өнүккөндоорунда жашап жаткан инсандардын логикасына ылайыктап, тафсирлеп, түшүндүрүпберет. Рисале-и Нур жыйнагы Аллахты жокко чыгарган материалисттик идеологиягакаршы илимий жана логикалык түрдө ынандыруучу так жоопторду берип күрөшүпкелет.
Бедиуззаман Саид Нурси учурдакөпчүлүк адамдардын жан-дүйнөсүндө жана көӊүлдөрүндө жандуу бир түрдө жашапкелет. Күн өткөн сайын ага, анын идеяларына жана анын чыгармаларына болгонкызыгуу уламдан-улам артууда. Дүйнөнүн төрт тарабында илимий-изилдөө иштериндеэскерилип, ал жөнүндө көптөгөн китептер жазылууда. Пайгамбарыбыз (САВ)дынурпактарынан болгон Бедиуззаман Саид Нурсини тааныштырып жаткан колуӊуздагы булкитепте анын үлгүлүү жашоосу, илиминин тереӊдиги, адеп-ахлагынын тазалыгы,адамзаттын ыйманын куткаруу үчүн кылган эбегейсиз зор кызматында тарткан азаптарытууралуу кыскача маалымат ала аласыз.
#55 14 January 2014 - 14:10
Исламдагы биримдик тууралуу да жаза кетсениз. Болбосо, бугунку кундо "булар нурчулар, тигилер таблиг жамаатына, Балтабай хизб болуп кетиптир"
деген ж.б ич ара болунуулор болуп жатат.
#56 14 January 2014 - 17:16
Исламдагы биримдик тууралуу да жаза кетсениз. Болбосо, бугунку кундо "булар нурчулар, тигилер таблиг жамаатына, Балтабай хизб болуп кетиптир"
деген ж.б ич ара болунуулор болуп жатат.
Ырас, азыркы учурда Таблиг жамааты, Сулайманчылар, Адеп Башаты, Топбашийлер, Нур жамааты дагы толгон-токой Ахли сунна валь жамаа акыйдасындагы жамааттар бар. Алардын баары өздөрүнүн кызмат усулдарын сунуштап келе жатышат. Баарынын жакшы жактарын жакшы деп, эгер акыйдага туура келбей турган жерлери болсо, Куран менен Сүннөттүн негизинде далилдер менен акыйкатты көрсөтүп коюш керек... Ооба, баарыбыз бир үммөтпүз, Жаратуучубуз бир, Пайгамбарыбыз бир, Кураныбыз бир.....
Бирок муну да билип коюу керек: Бөлүнүү да 2 түрдүү болот. 1-Бири-бирин жек көргөн бөлүнүүчүлүк (Менфий); Али Имран сүрөсүнүн 103-аяты буга далил: "Бардыгыңар Аллахтын «арканын» (Куранды) бекем кармагыла жана бөлүнүп-жарылбагыла! Аллахтын силерге берген нээматын унутпагыла, душман элеңер, жүрөгүңөрдү бириктирди, Анын нээматы менен бир тууган болдуңар. Тозок жээгинде элеңер, куткарылдыңар. Аллах Өзүнүн аяттарын ушинтип баяндайт. Балким туура жолго түшөөрсүңөр. "
2-Бири-биринин кемчиликтерин толуктап турган жана бири-бирине жардам берип турган (Мусбет). Буга: اِخْتِلاَفُ اُمَّتِى رَحْمَةٌ «Үммөтүмдүн пикир келишпөөсү – ырайым» хадиси далил. Ахлу сунна вал жамаат ичиндеги жамааттардын максаттары бир - Аллахтын ыраазылыгын алуу үчүн, пенделерди Аллага чакыруу үчүн, адамдарды адашуудан куткаруу үчүн кызмат кылышат. Бирок, ар бир жамааттын өздөрүнүн тартиптери, устаздарынын Куран менен Хадистен ижтихад кылган усулдары бар. Пайгамбарыбыз САВ дагы согуш учурунда сахабаларын РАхум ар кандай милдеттер менен бөлүштүргөн. Кээ бирлерин жаачы, кээ бирлери, буктурмачы, кээ бирлери аттуу ж.б. Ар бириси өз кызматын жасап, башкаларынын кызматына кийлишкен эмес. Колунан келсе жардам беришкен. М: Ухуд согушунда жаачылар өз милдеттерин таштап коюшуп мусулмандардын жеңилип калуусуна себепчи болушкан.
Азыркы учурда Таблиг, Нур жамааты ж.б. жамааттар каапырларга каршы жамаат түрүндө адамдарды адашуудан куткарып келатышат. Болбосо мындай динсиздикке каршы жалгыз адам туруштук бере албайт. Заман - жамаат заманы болуп турат.
#57 14 January 2014 - 23:05
туугандар Саид нурси тууралуу кыргызча сайт бар кыйналбай ошол жака кирип окуп алгыла лично жазгыла берем сайтты. ананда саид нурси эч кандай мазхабка аралашкан эмес негизги эмгеги акыйда болгон. ошондуктан ал шафии биз ханифа деген болбойт. Мен озун рисала-и нур китебин 12 томду толку окуп чыккам
#58 15 January 2014 - 01:47

орусчасынбы, же туркчосунбу?
#59 15 January 2014 - 04:39
Ассаламу алайкум... ошол сайттын дарегин берип кое аласызбы? Сиз РисалеиНурду толук канча жолу окудунуз эле? Копчулугу ал китепти бир окуганда тушунушпойт ко байке?...
#60 15 January 2014 - 13:47
туркчосун. 1 жолу толук 2 жолу жарымын окудум. сайтты лично жазгыла берем

Супер-Инфо
super.kg
видео