Muslim.kiu@mail.ru дружба жоноткуло кутом баарынар ар бир жонотконунор мен учун маанилуу
Бедиүззаман Саид Нурси Рисале-и Нур чыгармалар жыйнагы
#63 15 January 2014 - 18:04
Рисале-и Нурдун кыргызча сайтын табуу үчүн гууглга кирип "кыргызча которулган Рисале-и Нур" же "Рисале-и Нур деген эмне" деп издетсеңиз эле таап аласыз. Сайттын аты РИСЛЕИНУР.КГ
#64 15 January 2014 - 22:22
мусаб сиз алайдансызбы?
?? кыргызча которгон рисалеи нурду?? мусаб аби сизби
#65 16 January 2014 - 00:37
#66 16 January 2014 - 01:52
Имам Махди тууралуу да бир-эки сызык жаза кетсениз...
Имам Махдинин келээри жөнүндө Рисале-и Нурда көп жерлеринде жазылган. Тилекке каршы кыргызча которула элек, иншаллах которулат деген ниеттебиз. Ошондуктан орусча котормосун берип турайын: Ответ . Всевышний , Своей совершенной милостью , в виде знака по стоянного оберегания исламского шариата , в каждое смутное для
уммы время отправлял какого - либо исправителя , будь то обновитель – Муджаддид , или славный правитель – халиф , или великий духовный ав -
торитет , или совершенный наставник , или же своего рода Махди , ко торые устраняли смуту , исправляли народ и сохраняли религию Ахма да ( Мир Ему и Благо ). Поскольку таким образом проявляется Божествен ный закон , то во время самой великой смуты перед концом света , ко нечно , будет отправлен некий самый большой богослов - муджтахид , самый великий обновитель , который будет и правителем , и указую щим прямой путь , и наставником , и великим духовным авторитетом ;
и эта светлая личность будет родом из семьи Пророка ( Мир Ему и Благо ) .
Всевышний , также как Он в течение одной минуты заполняет облака ми мир между небом и землёй , а затем снова опустошает его ; и за одну
секунду успокаивает морской шторм . И также как среди весны Этот Абсолютно Всемогущий в течение часа создаёт подобие лета , а летом
за то же время устраивает зимний буран ; также и посредством Мах ди Он может рассеять мрак в Мире Ислама . И Он это обещал , а обе
шанное Он , конечно , исполнит . Если смотреть с точки зрения Боже ственного Могущества , то это очень легко . Если принять во внима ние круг причин и думать о Божественной мудрости , то это вновь на столько разумно и достойно свершения , что даже если бы об этом и
не передавалось от Верного Вестника , то всё равно , так должно было быть и так будет , о чем решительно заявляют мыслители . Посколь ку , слава Аллаху , повторяемая по пять раз в день в каждом намазе мо литва всей исламской уммы:
О Аллах , благослови нашего Господина Мухаммада и его семью так же, как Ты благословил Ибрагима и семью Ибрагима , в обоих мирах , поистине , Ты – Великий , Славный !
явно была принята Всевышним , вследствие чего , род Мухаммада ( Мир Ему и Благо ) , словно род Ибрахима ( мир ему ), занял такое положение , при
котором во всех концах света и во все времена , во главе всех благосло венных “ цепочек ” стоят и руководят эти светлые личности . И их настолько много , что все их командования вместе образуют не кую великую армию . Если эти их командования обретут материальную форму и с некой сплоченностью примут образ дивизии , и пробудят свя щенную исламскую нацию , связанную исламской религией , то никакая армия мира не сможет им противостоять !.. Итак , это очень многочислен
ное и могучее войско представляет собой род Мухаммада ( Мир Ему и Бла го) и самую лучшую армию Почтенного Махди .
Да , на сегодня в мировой истории нет ни одного настолько высокого происхождением рода , имеющего такую высокую славу и такую благород ную кровь , а также своим родословием , и подтверждениями и традицией , обладающих такой непрерывностью , которые бы имели такую важность и силу , как род сейидов из Семьи Пророка ( Мир Ему и Благо ) . С давних пор они стоят во главе всех общин людей истины , и знаменитыми глава ми людей совершенства вновь являются они . А сейчас этот благосло венный род насчитывает миллионы человек .
Они отличаются благо разумием и сердцами , полными веры и любви к Пророку ( Мир Ему и Бла го) , а также своей мировой славой . Готовятся произойти великие со бытия , будоражащие и пробуждающие священную силу такой великой общины . Конечно , в этой великой силе закипит высокий благородный порыв , и Почтенный Махди , возглавив её и поведёт по пути истины и правды . Подобно ожиданию прихода весны после этой зимы , мы ждём такого хода событий от обычаев и милости Аллаха , и мы вправе ожи дать это .
Иншаллах, Кудай буйруса кыргызчага да которобуз. Бул үзүндүлөр Бедиуззаман Саид Нурси (рх)нин "Мектубат" китебинин 439-440-беттеринен алынды. (29-мектуб, 7-бөлүм, экинчи суроонун биринчи ишаараты).
Орусча котормосу "Письма" китебинин 517-бетинде....
#68 17 January 2014 - 22:30
Мусаб аке Алайдын каеринен болосуз?
Гүлчөдөн болом. Мындай суроолорду жекече жазсаңыздар жакшы болот. chynybekkozukeev@mail. ru
#69 17 January 2014 - 22:38
Саид Нурсий “Даджалдын келүүсү деген бул куфр жана акыйкатсыздыктын келүүсү” же “Иса алейхис-саламдын келүүсү деген бул ыймандын жана акыйкаттын (б.а. жакшылыктын идеологиясы) келүүсү деп түшүндүрүлөт” деп айтат экен. Албетте Дажжаал менен Ииса алейхис-саламды мындай чечмелөөдө түшүнүү Ислам акыйда жана ыйман маселелерине туура келбейт.
Ошондой эле Саид Нурсинин Рисале-и нур китептерин окуган кээ бир жигиттердин кечирээк үйлөнүшү, сакал койбогондугу ачык байкалат. Бул жорукту Саид Нурсинин сакал койбогондугуна жана аял албаганына байлашат делет. Бул туура эмес. Бизге Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи ва саллам жетишээрлик үлгү.

Чыныбек (Мусаб) аке, ушул билдирууго бир нерсе дей кетсениз жакшы болот эле.
#70 18 January 2014 - 12:38
Чыныбек (Мусаб) аке, ушул билдирууго бир нерсе дей кетсениз жакшы болот эле.
Урматтуу мусулман бир туугандар! Аллах таала ыйык Куранда:
"Эй, ыймандуулар! Эгер силерге бир бузуку адам кандайдырбир кабар алып келсе, силер(чындыкты) билбей туруп айрым бир коомго зулумдук жеткизип коюп, анан кылган ишиңерге өкүнүп калбашыңар үчүн (силеге жеткенар бир маалыматтын чындыгын) аныктап-текшерип көргүлө! - деп, Хужурат сүрөсүнүн 6-аятында бизге маанилүү акыйкаттыбаяндап жатат.
Жогоруда сиз мисал келтирген: “Даджалдын келүүсү деген бул куфр жана акыйкатсыздыктын келүүсү” же “Исаалейхис- саламдын келүүсү деген бул ыймандын жана акыйкаттын (б.а. жакшылыктынидеологиясы) келүүсү деп түшүндүрүлөт” - деген цитаталар устатСаид Нурсинин калемине таптакыр тиешеси жок! Мындайнерселерди жазууда же айтууда оболу жакшылап изилдеп, аныктыгын текшерип туруп,анан далилдерге таянып туруп айтыш керек. Болбосо, ИФТРИА (жалаа жапкан) болот.Бул күнөө! Рисале-и Нурда Дажжал менен Иса алейхиссаламдын келүүсүн Ахли суннавал жамаат акыйдасынын негизинде жазылган. Мында эч кандай күмөн жок. Булжөнүндө мурдагы билдирүүлөрүмдө Рисалелерден мисал келтирип жаздым.
Дажжал, Иса алейхисалам, имамМахди тууралуу «Шуалар» китебинин 5-шуа (5- шоола) деген бөлүмүнөн кененирээкокуй аласыздар.
«Бешинчи шуа»дан бир мисалберсем: Биринчи мисал: Акырзамандын маанилүү личносторунан болгон Суфяндын колутешик болот деп риваяттарда айтылат.
Аллаху аълам, мунун бир таъвили мындайча: Бузукулук мененарам оюн-зооктор үчүн аша ысырап кылуу менен колунда акча турбайт, ысырапкасарптайт. Эл оозунда: «Паланча адамдын колу тешик» - деген сөз бар, анынмааниси өтө ысырапчыл дегенди билдирет.
Мына дал ушул сыяктуу Суфян адамдарды ысырапка кызыктырууменен алардын ач көздүк жана сугалактык сезимдерин козгоп адамдардын ошол талуужеринен кармап өзүнө баш ийдирип алат деп бул хадис бизге эскертип жатат.Ысырап кылган ага туткун болот, анын тузагына түшүп калат деп кабар берипжатат. (Шуалар 583-бет).
Ошондуктан, урматтуу туугандар, алар андай дейт ЭКЕН, булармындай дешет ЭКЕН, деп так далил болмоюнча БОЖОМОЛДОР менен оозго келгендиоттой бербешибиз керек. Анткени, акыретте ар бир сүйлөгөн сөзүбүзгө ЖООПберээрибизди унутпайлы. Эгерде мусулмандар арасын бөлүп-жарып фитна чыгаруумаксатында жазылган болсо, Ыйык Куранда Аллах таала: "...Фитна – адам өлтүргөндөн да жаманыраак! .." –деп, бизди ФИТНАдан кайтарып жатат.
Ал эми үйлөнүү, сакал коюу маселелери болсо, ар бирадамдын өзүнүн жекече маселеси. Адамдын жекече кемчиликтери болсо, аны менен башкалардыда күнөөлөө адилетсиздик. «...Эч бир күнөөкөр адам башка бирөөнүнкүнөөсүн көтөрбөйт» (Куран 6:164) Саид Нурсинин сакалы болбогонуна байланыштуу сакалкоюшпайт, үйлөнүшпөйт деген кептер да ЭПТЕП ЭЛЕ БИР КЕМЧИЛИК ТАБУУГА жасалганаракеттерге окшоп турат. Саид Нурсинин учурда көзү тирүү шакирттеринен АбдуллахЙегин, Саид Өздемир, Ахмед Айтимур ж.б. шакирттеринин сакалдары бар болуусу булЖАЛААНЫ төгүнгө чыгарат. Үйлөнгөн, атүгүл экиден, үчтөн аял алган Нуршакирттерин жаза берсем убактымдын баарын коротуп алам.
#72 19 January 2014 - 23:42
ЖЫЙЫРМАЭКИНЧИ КАТ
بِاسْمِهِ وَاِنْ مِنْ شَيْءٍ اِلاَّ يُسَبِّحُ بِحَمْدِهِ
[Бул кат эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү ыймандуулардыбир туугандыкка жана бири-бирин сүйүүгө чакырат.]
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
اِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ اِخْوَةٌ فَاَصْلِحُوا بَيْنَ اَخَوَيْكُمْ٭ اِدْفَعْ بِالَّتِى هِىَ اَحْسَنُ فَاِذَا الَّذِىبَيْنَكَ وَبَيْنَهُ عَدَاوَةٌ كَاَنَّهُ وَلِىٌّ حَمِيمٌ ٭ وَالْكَاظِمِينَ الْغَيْظَوَالْعَافِينَ عَنِ النَّاسِ وَاللّهُ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ
Ырайымдуужана Мээримдүү Аллахтын аты менен...
«Албетте, бардык момундар бир тууган агаиндер. Ошондуктан, агаиндер арасындагымамилеңерди оңдогула! » ( Куран 49:10)
«...Жамандыктыжакшылык менен жок кыл. Сени менен анын ортосунда душмандыгы болгон ал адам эңжакын достой болуп калат.» ( Куран 41:34)
«...Ачууларыничине жуткандар жана адамдарга кечиримдүү болгондор.. Аллах – жакшылыккылуучуларды сүйөт.» ( Куран 3:134)
Биринчи бөлүк
Ыймандуу адамдардын арасында эки жүздүүлүк мененөз ара бөлүнүп-жарылууга жана кек сактоо менен душмандашууга себепчи болгон жаатташыпбир жакка гана тараптар болуу, кежирлик, көрө албастык сыяктуу терс мүнөздөркездешип жүрөт. Бул терс мүнөздөр акыйкат жагынан да, даанышмандык жагынан да, адамгерчиликтинтуу чокусу болгон мусулманчылык жагынан да, адам баласынын жекече жашоосужагынан да, коомдук жашоосу жагынан да жана руханий жашоосу жагынан да жийиркеничтүүжана кайтарылган болуп, зыяндуу жана абдан чоң зулумдук болуп саналат. Атүгүлбүткүл адамзат жашоосу үчүн да уу болуп эсептелет. Ушул акыйкаттын көптөгөнжактарынан «Алты жагын» баяндайбыз :
БИРИНЧИ ЖАГЫ: Мусулман адамга кек сактап, душмандык кылуу – акыйкат көз карашынан алыпкараганда өтө чоң зулумдук болуп эсептелет.
Эй,момун адамга кек сактаган жана душмандык кылууну каалаган ынсапсыз адам! Эгердесен бир кемеде же болбосо бир үйдө болсоң, сени менен бирге эч бир күнөөсүзтогуз адам менен бирге бир кылмышкер бар болсо, ошол кемени ошол жалгызкылмышкердин айынан чөктүрүүгө же ошол үйдү өрттөп жиберүүгө аракет кылганадамдын кандай гана чоң зулумдук жана мыкаачылык кылып жаткандыгын билесиң.Анын таш боордугун асманга жеткире кыйкырып жарыя кылаар элең. Атүгүл тогузкылмышкер менен бирге бир гана күнөөсүз адам болсо дагы ал кеме адилеттүүлүктүнмыйзамы менен караганда эч качан чөктүрүлбөөсү керек.
Далушул мисалда айтылган сыяктуу: Жараткандын тартуу кылган үйү же кемеси сыяктуу болгонмомун адамдын денесинде ыйман, Ислам, коңшулук сыяктуу тогуз эмес, балкимжыйырмадай күнөөсүз сыпаттары турса да, сага зыян берген же сага жакпаган бир ганажаман сыпатынын айынан сен ага кек сактап, душмандык каалоо менен ошол «руханийүй» болгон денени руханий чөктүрүүгө, өрттөөгө жана бузуп-талкалоого аракеткылсаң же болбосо арзуу кылсаң, жогорудагы мисалда айтылган сыяктуу өтө чоңжамандык жана мыкаачылык менен кылынганзулумдук болуп эсептелет.
ЭКИНЧИ ЖАГЫ: Мусулманадамга кек сактап, душмандык кылуу – даанышмандык көз карашынан караганда да зулумдук болупэсептелет.
Анткени,душмандык менен сүйүү – бул нур менен караңгылык сыяктуу бири-бирине терс экенибелгилүү. Албетте, чындыгында бир учурда экөө тең бир боло алышпайт.
Эгеркандайдыр бир себептер менен жүрөктө чыныгы сүйүү орногон болсо, анда душмандыкмежазийболот: Тактап айтканда боор ачууга айланат. Ооба, момун адам бир тууганын сүйөтжана сүйүшү керек. Бирок, анын жамандыгы үчүн тек гана боор ачыйт. Зордук-зомбулукменен эмес, тескерисинче жумшактык, сылыктык менен оңолуусуна аракет кылат. Ошондуктан: «Ыймандуу адам ыймандуу адамга таарынып,үч күндөн ашык сүйлөшпөй коюуга болбойт»– деп, хадисте ачык-айкын айтылган.
Эгер душмандыктын себептери басымдуулук кылыпжүрөктө чыныгы душмандык пайда боло турган болсо, анда сүйүү межазий болот: Тактапайтканда жасалма сүйүүгө же кошоматчылык кейипине кирет.
Эй, ынсапсыз адам! Эми жакшылап кара: Ыймандууадам бир тууганына кек сактаса же душмандык кылса абдан чоң зулумдук кылганболот. Анткени, эгерде сен жөнөкөй жана кичинекей таштарды Каабадан да маанилүүжана Ухуд тоосунан дагы чоң деп эсептей турган болсоң, албетте абдан чоңакылсыздык кылган болосуң. Дал ушул сыяктуу: Каабанын урматындай болгон ыйманжана Ухуд тоосунун улуктугундай болгон мусулманчылык сыяктуу көптөгөн Исламдыксыпаттар сүйүүнү жана биримдикти керек кылып турса да, ыймандуу адамга каршыдушман болууга себепчи болгон жана жөнөкөй таштар сыяктуу болгон кээ бир инсандыккемчиликтерди Ыйман менен Исламдан да жогору көрүү – бул албетте чексизынсапсыздык, акылсыздык жана абдан чоң зулумдук болгонун акылың бар болсотүшүнөсүң! ...
Ооба, ыймандын бирдиги албетте жүрөктөрдүн бирболуусун каалайт. Ошондой эле ишеним-итикаддын бирдиги дагы коомдун биримдигинталап кылат. Ооба, эгер сен бир адам менен аскердик кызматта бирге болсоң, аладам менен болгон достук байланышын түшүнөсүң, ошондой эле бир командирдинбуйругу астында бирге болгондугуңдан жолдоштук байланышты түшүнөсүң, ошондойэле бир мамлекетте бирге болуу менен боордоштук байланыштарын сезесиң жана булбайланыштарды эч качан четке кага албайсың. Андыктан ыймандын берген нуру жанааң-сезими менен сага көрсөтүлүп жана билдирилип жаткан Аллах Тааланынысымдарынын санынча бирдик, биримдик жана бир туугандык байланыштары бар.Мисалы:
Экөөңөрдүн тең Жаратуучуңар бир, Маликиңер бир, Маъбудуңар бир, Разыкыңар бир... бир, бир, миңге чейин «бир бир». Анандагы пайгамбарыңар бир, диниңер бир, кыбылаңар бир...бир бир, жүзгө чейин «бирбир». Андан соң айылыңар бир, өкмөтүңөр бир, мамлекетиңер бир... онго чейин «бирбир». Мынчалык «бир бирлер» бирдикти жана биригүүнү, түшүнүшүү жана ынтымакты, сүйүүнү жана бир туугандыкты талапкылып, ааламды жана планеталарды да бири-бирине байланыштыра турган руханийчынжырлар болуп турса да, өз ара бөлүнүп-жарылуугажана эки жүздүүлүккө, кек сактоого жана душмандыкка себепчи болгон жөргөмүштүн желеси сыяктуу маанисиз жанатуруксуз нерселерди жогору көрүп, момун адамга каршы душмандык кылуу жана кексактоо – бул ошол биримдикбайланыштарына урматсыздык, ошол сүйүү себептерин тоготпогондук жана ошол бир туугандык байланыштарына каршы өтөчоң зулумдук менен адилетсиздик болгондугунжүрөгүң өлбөгөн болсо, акылың өчпөгөн болсо түшүнөсүң...
#73 22 January 2014 - 08:33
МУХАММАД САВдын МУЖИЗАЛАРЫ китебинен:
Үчүнчү мисал: Кээ бир сахабаларга ар түрдүү максаттар үчүн дуба кылган.Дубалары ушундай кабыл болгон дейсиң, ошол дуба керемети мужиза даражасыначыккан. Мисалы: Бухари менен Муслим баш болуп Ибн Аббаска мындайча дубакылганын кабар берип жатышат: اَللّٰهُمَّ فَقِّهْهُ فِى الدِّينِوَعَلِّمْهُ التَّاْوِيلَ «Аллахым,аны динде илимдүү кыл жана ага тафсир илимин үйрөт». Дубасы кабыл болду. Ибн Аббас Куран котормочусу наамы менен «Хабрул Умма»тактап айтканда «Үммөттүн улуу аалымы» наамына ээ болгон. Атүгүл өтө жаш болсода азирети Умар аны улама жана кудама сахабаларынын мажилисине отургузат эле.
Жана да Имам Бухари баш болгон сахих китептердин ээлеримынтип кабар беришүүдө: Анастын энеси Расул АкрамАлейхиссалаату вассаламга жалынып суранат: “Сенин кызматчың болгон Анастынбалдары менен малдарынын берекеси үчүн дуба кыл”. Ал да дуба кылган: اَللّٰهُمَّ اَكْثِرْ مَالَهُ وَوَلَدَهُ وَبَارِكْ لَهُ فِيمَااَعْطَيْتَهُ «Аллахым, анын малы менен бала-чакасын көбөйт жана агатартуу кылган нерселериңде береке бер» деген. Азирети Анас өмүрүнүн акырында касам ичип жар салган: “Мен өз колумменен жүз баламы көмдүм. Менин малым менен байлыгым жагынан да, эч кимиси менсыяктуу бактылуу жашаган эмес. Менин малдарымы көрүп жатасыңар, абдан көп. Булардынбаары пайгамбарыбыздын дубасынын берекесинен”.
Жана да Имам Байхаки баш болгон хадисчилер мынтип кабарберишүүдө: Ашере-и мубашшарадан болгон Абдуррахман ибн Ауфга Расул АкрамАлейхиссалаату вассалам анын малынын көбөйүшү үчүн жана берекелүү болушу үчүндуба кылган. Ал дубанын берекеси менен бир жолу жети жүз төөнү жүгү менен “Аллахжолунда” садага кыла тургандай байлыкка ээ болгон. Мынакейпайгамбарыбыздын дубасынын берекесине караңыз... “Баракаллах” деп айтыңыз...
Жана да Имам Бухарий баш болгон аалымдар риваят кылышат: Расул Акрам Алейхиссалаату вассалам, Урва ибни АбуЖаъдага соода-сатыгында пайдалуу жана кирешелүү болуусу үчүн береке дубасынкылган. Урва айтат: “Мен кээде Куфа базарында туруп бир күндө кырк миң табаарэлем, андан соң үйүмө кайтаар элем”. Имам Бухарий айтат: “Топуракты колунаалса, андан да бир пайда табаар эле”.
Жана да Абдуллах ибни Жафарга малынын көбөйүн берекелүүболушу үчүн дуба кылган. Азирети Абдуллах ибни Жафар ошончолук байлыккажетишкен дейсиң, өз доорунда абдан атагы чыккан. Ошол пайгамбарыбыздын берекедубасы аркылуу ээ болгон байлыгы сыяктуу, жоомарттыгы менен да атагы чыккан.Бул сыяктуу көптөгөн мисалдар бар. Үлгү катарында ушул төрт мисал мененчектейбиз. ...
(Сид Нурси)

#74 24 January 2014 - 23:11
ТӨРТҮНЧҮ СӨЗ
بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
اَلصَّلاَةُ عِمَادُالدِّينِ
Намаздын өтө баалуу жанамаанилүү экендигин, анын үстүнө шарттарынын да өтө жеңил жана аз гана убакыттысарптоо менен окулаарын, ал эми намаз окубаган адамдын жеткен акылсыз жана зыяндууболоорун, эки жерде эки төрт болгону сыяктуу ачык-айкын түшүнгүң келсе, ушултамсилдештирилген окуяга кара жана салыштырып көр:
Бир жолу улуу бир өкүмдар эки кызматкеринин ар бирисинежыйырма төрт алтындан берип, эки ай алыстыктагы өзүнө гана таандык болгон сонунбир жерине туруктуу жашап калуулары үчүн жөнөтөт. Жөнөтүп жатып аларга мындайдеп буйрук берет: «Бул акчаны жолго жана жол акысына жумшагыла жана ал жердегитурак жайыңарга керектүү кээ бир нерселерди сатып алгыла. Бир күндүк алыстыкта бир бекет бар. Ал жерде машинада, кеме да, поезд да, учак да бар. Калган акчаңарга карап булардын бирисине түшө аласыңар.»
Эки кызматкер өкүмдардын бул насаатын уккандан кийинжолго чыгышат. Алардын бири бактылуу эле, айтылган бекетке чейин акчасынын бирбөлүгүн каржылайт. Бирок, ошол акчасын сарптоо менен кожоюнуна жага тургандайсонун бир соода кылат дейсиң, акчасы бирден миңге чейин көбөйөт. Экинчикызматкер болсо, бактысыз жана акылсыз болгондугундан бекетке жеткенге чейинэле жыйырма үч алтын сарптап жиберет. Кумар ойноп акчасын уткуруп жиберет.Ошентип, жалгыз гана бир алтыны калат. Жолдошуага: «Эй досум, сен эми ушуалтыныңы бир билетке бер. Ошондо гана бул узак жолдо жөө жана ачка калбайсың.Анын үстүнө биздин кожоюнубуз өтө мээримдүү, балким ырайым кылаар, кылганкаталарыңды кечирип жиберээр. Сени да учакка миндирип коёр. Ошентип, туруктуужашап кала турган жерибизге бир эле күндө жетип бараарбыз. Болбосо эки айлыкузак бир чөлдө ачка, жөө жана жалгыз кетүүгө мажбур болосуң» – деп айтат. Таңкалыштуу, эгер бул адам өжөрлөнүп, ошол жалгыз алтынын олжолуу бир казынаныначкычы сыяктуу болгон билетке бербестен, убактылуу ырахаттар үчүн бузуку жолгосарптай турган болсо, анын абдан акылсыз, зыяндуу жана бактысыз экендигин эңакылсыз адам дагы түшүнбөйбү?
Мына, эй,намазокубаган адам жана эй, намаз окууну жактырбаган напсим!
Мисалда айтылган өкүмдар падыша болсо – Раббибиз,Жаратуучубуз. Ошол эки кызматкер жолоочулар болсо, биринчиси – динге моюнсунган, намазын жан-дили менен берилип окуган, ал эми экинчиси болсо, Кудайдыунуткан, намаз окубаган адамдар. Ал жыйырма төрт алтын болсо – жыйырма төртсаат, бир күндөгү өмүр. Ошол өзүнө гана таандык болгон сонун жер болсо – Бейиш.Ошол бекет болсо – мүрзө. Ал саякат болсо – мүрзөгө, Хашрга жана түбөлүктүүжашоого алып баруучу адамзаттын сапары. Кылган амалдарына жана такыбаалыгынакарап, ошол узак жолду ар түрдүү даражада басып өтүшөт. Кээ бир такыбаа адамдарчагылган сыяктуу миң жылдык жолду бир күндө басып өтүшөт. Кээ бирлери болсокыял сыяктуу элүү миң жылдык аралыкты бир күндө кесип өтүшөт. Бул акыйкатка Ыйык Куранэки аяты менен ишаарат кылат. Ал эми билет болсо – Намаз. Беш убакыт намаз үчүн бир гана саат даараты менен бирге жеткиликтүү. Кызык, жыйырма үч саатын букыска дүнүйөлүк өмүрүнө жумшаган жана ошол узун, түбөлүктүү өмүрүнө бир саатында жумшабаган адам өзүнө өтө чоң зыян кылат, напсисине да зулумдук кылган болотжана таптакыр акылга терс аракет кылган болот. Анткени, миң адам биргелешипойногон лотерея кумарына акчасынын тең жарымын берүүнү акылы кабыл кылса, абирок утуу ыктымалы миңде бирөө гана. Ал эми жыйырма төрт сааттын бир саатын токсон тогуз пайыз утуу кепилдиги барболгон түбөлүктүү казынанын ачкычы болгон намазга бербей коюу – канчалык акылгажана даанышмандыкка терс аракет кылганын жана канчалык акылсыздык болоорун өзүнакылдуумун деп ойлогон адам түшүнбөйбү?
А бирок мындан сырткары: Намазда рухтун, жүрөктүн жана акылдын да өтөчоң ырахаты бар, ары денеге да анчалык оор бир иш эмес. Анын үстүнө намазокуган адамдын мубах болгон башка дүнүйөлүк амалдары да жакшы бир ниет мененибадат өкүмүн алат. Мына ушундайча бүткүл өмүр байлыгын Акыретине мүлк кылаалат. Убактылуу өмүрүн да бир жагынан түбөлүктөштүрүп алат...

#75 25 January 2014 - 00:19
кечээ эле эжекем мага китеп берди -айымдарга туура багыт-- Беддиузаман Саид Нурси - деген.азыр жарымына келип калдым.Рисале-
и НУРкитептери ЫЙЫК КУРАН аяттарынын тушундурмолоруыйман маселесиндеги ой толгоолор,ар кандай мисалдар келтируу мененАЛЛА ТААЛАГА болгон ишеничин бекемдеген жазуулар жазылыптыр!
!!
#76 25 January 2014 - 00:29
Учурда Рисале-и НУР Туркиядагы баардык шаар кыштак жана айылдарында коптогон окуу жайлар ачылып,ал жерлерде Рисале-и НУР дун жардамы менен орто мектептин окуучуларына акыл менен логикага негизделген ыйман,КУДАЙ жана КУРАН тууралуу сабактар берилет.Еропа жана Америкада,Араб олколорундо,
Борбор Азияда,Малайзия Индонезияда,
Австралия ондуу олколордо ачылган медреселерде РИСАЛЕ-и НУР ду турк англис араб жана башка тилдерде окушат.
#77 26 January 2014 - 10:16
мен анча тушунбойтам,
мусулмандарга эскертуу, бир аалымга же шейхке ыйман келтирип албагыла!
темага тиешеси жок.
Ассаламу алейкум урматтуу Али тууган! Мусулман туугандарыбызды эскертип туруу абдан жакшы иш! Анткени, Аллах таала Ыйык Куранда: "Эскерткиле, эскертүү - момундар үчүн пайда!" - деп осуят кылып жатат. Туура, бир шейхке же аалымга ыйман келтирүү деген нерсе, ыймандын шарттарында жок экенин баса белгилеп кетели! Бирок, сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад САВ: Аалымдар - менин мураскорлорум - деген хадисинде аалымдарды ээрчиш керек экендигин көрсөтүп турат. Жогоруда жазылган мисалдар Бедиуззаман Саид Нурсинин калемине таандык болгон Рисале-и Нур жыйнактарынан алынгандыктан, "темага тиешеси жок" - деп айтуу дурус болбой калат. Анткени, Бедиуззамандын китептерин, маселелерин окубай туруп ал жөнүндө сөз кылууга болбойт.
Ал эми сиздин түшүнө албашыңыз болсо - же биздин татаалдатып которуп алганыбыздан улам же болбосо дагы башка көптөгөн себептерден улам болушу мүмкүн....
#78 26 January 2014 - 10:19
ЖЫЙЫРМА БИРИНЧИ ЛЕМА
ЫКЛАС ЖӨНҮНДӨ
( Бул Леманы жок дегенде ар бир он беш күндө бир жолу окуп туруу керек. )
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
وَلاَ تَنَازَعُوا فَتَفْشَلُوا وَتَذْهَبَرِيحُكُمْ ٭ وَ قُومُوا لِلّهِ قَانِتِينَ ٭ قَدْ اَفْلَحَ مَنْ زَكَّيهَا وَ قَدْخَابَ مَنْ دَسَّيهَا ٭ وَلاَ تَشْتَرُوا بِآيَاتِى ثَمَنًا قَلِيلاً
Ырайымдуужана Мээримдүү Аллахтын аты менен...
«Жаңжалдашпагыла! Болбосо чачырайсыңаржана күч-кубатыңар кетет...» (Куран 8:46)
«...Аллахкатолук моюн сунган абалда тургула!» (Куран2:238)
«Чындыгындакимде- ким напсисин тазаласа, ал ийгиликке жетет. Ал эми кимде-ким анын айыптарынжашырса, ал зыян тартат.» (Куран91: 9-10)
«...Менинаяттарымды аз гана (дүйнөлүк) баага сатпагыла! » (Куран 2: 41)<br style="mso-special- character: line-break;"> <br style="mso-special- character: line-break;">
Эй акыреттик туугандарым жана Куранкызматындагы досторум! Бул дүйнөдө, өзгөчө акыреттик кызматтарда: Эң маанилүүнегиз, эң чоң күч-кубат, эң кабыл болгон шапаатчы, эң бекем сүйөнүүчү тирек, акыйкаткаэң кыска жол, сөзсүз кабыл болуучу дуба, максатка жетүүнүн эң кереметтүү жолу,эң жогорку ахлак жана эң таза кулчулук — бул ыклас экенин билесиңер жана билипалгыла.
Ооба, ыкласта жогорудаайтылган пайдалар сыяктуу көптөгөн нурлар менен көптөгөн кубаттар бар.Ошондуктан бул коркунучтуу заманда, коркунучтуу душмандар менен катуукысымдардын каршысында жана ар тараптан чабуул койгон бидъалар, адашууларичинде биз өтө аз, алсыз, көп нерселергемуктаж жана күчсүз болсок да өтө оор, улуу жана баарына тийиштүү ыйык ыйманкуткаруу милдети менен Куран кызматы алсыз ийинибизге Аллахтын сыйлыгы болупкоюлган. Ошондуктан баарынан мурда бүткүл күч-кубатыбыз менен ыкластуу болууга мажбурбуз жанамилдеттүүбүз. Атүгүл ыкластын эрежелери менен жашоого абдан муктажбыз. Болбосо,ушул убакка чейинки кылган ыйык кызматыбыздын бир бөлүгү текке кетет, уланбайтжана да катуу жоопкер болуп калабыз. وَلاَ تَشْتَرُوا بِآيَاتِى ثَمَنًاقَلِيلاً «...Менинаяттарымды аз гана (дүйнөлүк) баага сатпагыла! » (Куран 2: 41) аятындагы Аллахтын коркутуу менен айткан тыюусуна каршы келип,түбөлүктүүбактыбызга зыян келтире турган кээ бир маанисиз, керексиз, зыяндуу, түйшүктүү, мактанчаак, кыжаалаткылуучу жана эки жүздүү сезимдерибиз менен аз гана өздүк пайдабыздынайынан ыкласты жоготуп ала турган болсок, анда бул кызматтагы баардык биртуугандарыбыздын укуктарын тебелегендик, Куран кызматына зулумдук жана ыйманакыйкаттарынын ыйыктыгына урматсыздык кылган болобуз.
Эй, мусулманбир туугандарым! Маанилүү жана эбегейсиз сооптуу иштердин көптөгөн зыяндуутоскоолдуктары болот. Шайтандар дагы ошол кызматтын кызматчылары менен көп алекболушат. Ушул тоскоолдуктар менен шайтандарга каршы ыклас кубатына гана таянуукерек. Ыкласты бузуучу себептерден жыландан жана чаяндан качкан сыяктуу качкыла!Атүгүл азирети Юсуф алейхиссалам: اِنَّ النَّفْسَ َلاَمَّارَةٌبِالسُّوءِ اِلاَّ مَا رَحِمَ رَبِّى «Чындыгында напси адамды жамандыкка гана буйруйт. Бирок Раббим ырайымкылса, ал башка.» (Куран12:53) деп айтып жаткандыктан напси аммареге ишенүүгө болбойт. Менменсинүүменен напси аммаре сизди алдабасын. Ыкластуу болуу, аны сактоо жанатоскоолдуктарды жок кылуу үчүн төмөндөгү эрежелер жол көрсөтүүчүңүз болсун:
БИРИНЧИ ЭРЕЖЕ: Ар бир амалыңардагы ниетиңер Аллахтын ыраазылыгы гана болсун. Эгер Алыраазы болсо, бүткүл дүйнө нааразы болсо да эч кандай мааниси жок. Эгер Ал кабыл кылса, башка эч ким кабыл этпесе да, эч кандай таасири жок. Ал ыраазы болуп, кабылэткенден кийин, кааласа жана Ал Өзү ылайык көрсө, силер каалабасаңар дагы, аларгакабыл кылдыртып, аларды да ыраазы кылат. Ошондуктан, бул кызматта түздөн-түзжалгыз гана Аллахтын ыраазылыгын негизги максат кылуу керек.
(Саид Нурси "Ыклас эрежелери" китепчесинен)

Супер-Инфо
super.kg
видео