Бул теманы түзүү канчадан бери көңүлдө болсо да, "мен түзгөндө туура эмес болуп калат го?" деп узак мөөнөт бою башка бирөөлөрдүн түзүүсүн күткөн элем. Анткени, форумдагы "Дин жана философия"
бөлүмүндө кийинки убакта болуп жаткан окуялардан жана менин түзгөн "Библияга суроом бар" деген темамдан улам мусулмандарга Курандан, дегеле Исламдан "түшүнбөгөн"
жерлеринен улам собол салуучулар "ушул теманы түзөөр?" деп ойлогом. Бирок, эмнегедир эч ким суроо салган жок. Албетте, суроолору бар, бирок, ислам дини ар дайым үгүт кылып келген эрежелүүлүкө,
тартипке жана тарбиялуулукка каршы иш кылышып темадан алыстап, улам "а бул жерде мындай кандай?" деген сыяктуу суроолорду берип келишүүдө.
Мен дал ошондой суроо же доолорду ушул жакка жазууларын суранаар элем. Кудайга шүгүр форумда Ислам дининен кабары бар, илимдүү форумчулар дагы бар экен. Атап кетсем, ошол эле Дауд, ошол эле Баксид дегендер билген жерлеринен чыныгы мусулмандын бейнесин ачышып аргументи менен жооп беришүүдө. Ага өзүңүор деле күбө болдуңар.
Деби, Зоханзавр жана башкалар, ушундай сурооңор болсо же дооңор (претензия) болсо бул жакка жаза койгула. Мен, а балким, башка бирөө жооп беребиз. Эч кандай шарт койбой эле!
Мисалы, Куранда Аллах эмне үчүн бир жерде "Мен"
дейт да, ал эми бир жерде "Биз" дейт деген сыяктуу суроолорду.
Бул жерден айтышыңар мүмкүн, улуу урматтуу Деби айым жана башкалар: "Өзүң жооп берген жерди эле жаза салдың", - деп. А мен айтам: "Жооп берген эмес, жооп бере элек дагы суроолорду жаза бергиле. А мен сизге эч кандай шарт коюп отурбай жана кылыктанбай,
назданбай, сиздин Абдылда куудул айткандай "илибой"
, жана маркум Манас Бердибеков айткандай "илибой, илибой" Ислам динине байланышкан сурооңузга жана дооңузга жооп беремин, иншаАллах
. Менин жообум, кай бир жерде ошол замат болушу мүмкүн, кай бир жерде бир канча убакыттан кийин болушу мүмкүн, анткени, мен оюмдагыны эле "балп" эткизип айта салуудан көрө, жаза турганыма сөзсүз (!) түрдө далил, аргумент келтирип туруп, тактап анан жазам. Балким, менин жана башкалардын берген жооптору сиздердин жүрөгүңуздөрдү өйүп жүргөн суроолоруңузду канааттандыраар?
.."
Исламга дооң барбы? Анда, түшүнбөгөн суроолоруңду бул жакка жаз!
#1 26 September 2011 - 23:23
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#2 26 September 2011 - 23:55
Аллах Таала Курандын 16-сүрөсүнүн 125-аятында ("Нахл"
("Аарылар"
) сүрөсүндө) мындай дейт:
(О, Мухаммад! ) Раббиңдин жолуна хикмат - даанышмандык жана үлгүлүү насааттар менен даават кыл жана алар (жүз бургандар) менен эң сонун (далилдүү) талаш жүргүз.
Сенин Раббиң Өзүнүн Жолунан адашып кеткендерди Билүүчү жана Ал Туура Жолго түшүүчүлөрдү да эң жакшы билет.
Кандай аяттар?!
Эмне деген сөздөр?!
Дал ушул сөздөргө амал кылып, илибой суроого Бир Аллахтын жардамы менен жооп беребиз. Баштай бергиле анда!
(О, Мухаммад! ) Раббиңдин жолуна хикмат - даанышмандык жана үлгүлүү насааттар менен даават кыл жана алар (жүз бургандар) менен эң сонун (далилдүү) талаш жүргүз.
Сенин Раббиң Өзүнүн Жолунан адашып кеткендерди Билүүчү жана Ал Туура Жолго түшүүчүлөрдү да эң жакшы билет.
Кандай аяттар?!
Эмне деген сөздөр?!
Дал ушул сөздөргө амал кылып, илибой суроого Бир Аллахтын жардамы менен жооп беребиз. Баштай бергиле анда!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#3 27 September 2011 - 06:31
Ырайымдуу жана мээримдуу Алланын ысымы менен баштаймын!
Менин оюмдагы тема ачылыптыр, эмне деп ачуумду билбей тим болуп эле журдум эле темадан четтеп кетип модерлерден бирди жеп аламбы деп
Азырынча ноу коммент... суроо жооптом улам суроо пайда болсо билгенимче жооп бергенге аракеттенем факт менен гана же тушунбогон жеримди сурайм.....
Менин оюмдагы тема ачылыптыр, эмне деп ачуумду билбей тим болуп эле журдум эле темадан четтеп кетип модерлерден бирди жеп аламбы деп
Ашка-аш, ташка-таш,жанга-
жан, канга- кан.......
#4 27 September 2011 - 10:06
Ассалоому алейкум. Менин доом деле жок. Бирок кругозор учун бирин экин суроом бар эле.
Айтынызчы, Мекке шаарындагы жайгашкан кара ташка эмне учун карап намаз окулат? Ал таш эмне болгон таш? Ыйык жер катары кабыл алышат. эмнеси менен ыйык?
Айтынызчы, Мекке шаарындагы жайгашкан кара ташка эмне учун карап намаз окулат? Ал таш эмне болгон таш? Ыйык жер катары кабыл алышат. эмнеси менен ыйык?
Ва алейка!
144. "(Оо, Мухаммад! ) Биз кээде жүзүңдүн «асмандакезгенин» көрөбүз жана сени өзүң ыраазы болгон кыбылага бурабыз. Эми сен жүзүңдүМасжид аль-Харам (Кааба) тарапка бур! (Оо, момундар, силер дагы) кайда болсоңор (намазда) жүзүңөрдү ал тарапка бургула! Ал эми, китепберилген элдер (яхудий жана христиандар) деле анын (кыбыланын Кааба тарапкабурулганын) Раббисинен келген чындык (вахий) экенин айкын билип турушат. Аллаhсилер кылган иштерден кабарсыз эмес! 145. Эгер сен Китепберилгендерге бардык далилдерди келтирип (алдына тизип) койсоң да алар сенинкыбылаңа ээрчибейт. Сен да алардын кыбыласына эргешүүчү эмессиң. Дагы аларбири-биринин кыбыласына да ээрчишпейт. Эгер сен өзүңө (Аллаhтан) келгенилимден кийин деле алардын кызыкчылыгына эргешүүчү болсоң, анда сен сөзсүззаалымдардан болуп каласың.
146. Биз китеп (Тоорат жана Инжил) берген адамдар аны (Мухаммад пайгамбарды) өз балдарын тааныгансыяктуу таанышат. (Анан ошол, пайгамбар – Мухаммад келгенде) алардан көпчүлүгү чындыкты билип туруп, жаап-жашырабашташты.
147. (Оо, Мухаммад) Акыйкат – Раббиңтарабынан! Демек сен эч качан шектенүүчүлөрдөн болбогун!
148. Ар бир(диндеги) адамдын өз жүздөнөөр тарабы (кыбыласы) бар. Бири-бириңерден озуп жакшылыкжасагыла! Силер кайда болсоңор да, Аллаhбардыгыңарды (Кыямат күндүн эсеп-китеби үчүн) чогултуп алат. Аллаh бардык нерсеге Кудуреттүү.
149. Кай тараптан (сапарга) чыксаң – жүзүңдү“Аль- Харам” масжиди тарапка бур! Ал – Раббиң тарабынан болгон (айныгыс) Чындык Аллаhсилердин ишиңерден кабарсыз эмес.
Аллаhтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаh Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет! (Сафф:8)
#5 27 September 2011 - 10:33
Аллаhтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаh Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет! (Сафф:8)
#7 28 September 2011 - 11:35
Озумду ойлонткон бирин экин нерселерди сурап алайын.
Айтынызчы, деги адамды эмнеге жаратты? Сыноо учун дейт, бирок сыноодон откозуп адамзатын кыйнабастан же "бар" кылып, же "жок" кылып койсо болбойбу? Адамзатынын кудайга бары эмне, жогу эмне? Кудайдын башка кыла турган иши жокпу адамзаты менен мышык чычкан ойногондон башка? Ушунчалык кудурети кучтуу кудай бизде эмнеси бар анчалык сыноодон откозгудой. Албетте Ал бизди жараткан учун ага биз муктажбыз жана Ал бизге муктаж эмес, бирок жаратпай койгондо мындай муктаждык болмок эмес. Ар бирибиздин максатыбыз эмнеде? Торолосун, куноого батасын, жалбарып, ыйлап сыктап куноон учун кудайдан кечирим сурайсын. Анан олосун!! ! Олгондо кайда барышын белгисиз. Тозоко тушсон кыйналуу. Бейишке барсан жыргал жашоо. Мейли бейишке барып калдык дейли, ал жакта жыргал жашоо башталды, бир кун отот, экинчи кун отот, бир жыл анан экинчи жыл отот анан...... Улантуу кызыксыз.
Айтынызчы, деги адамды эмнеге жаратты? Сыноо учун дейт, бирок сыноодон откозуп адамзатын кыйнабастан же "бар" кылып, же "жок" кылып койсо болбойбу? Адамзатынын кудайга бары эмне, жогу эмне? Кудайдын башка кыла турган иши жокпу адамзаты менен мышык чычкан ойногондон башка? Ушунчалык кудурети кучтуу кудай бизде эмнеси бар анчалык сыноодон откозгудой. Албетте Ал бизди жараткан учун ага биз муктажбыз жана Ал бизге муктаж эмес, бирок жаратпай койгондо мындай муктаждык болмок эмес. Ар бирибиздин максатыбыз эмнеде? Торолосун, куноого батасын, жалбарып, ыйлап сыктап куноон учун кудайдан кечирим сурайсын. Анан олосун!! ! Олгондо кайда барышын белгисиз. Тозоко тушсон кыйналуу. Бейишке барсан жыргал жашоо. Мейли бейишке барып калдык дейли, ал жакта жыргал жашоо башталды, бир кун отот, экинчи кун отот, бир жыл анан экинчи жыл отот анан...... Улантуу кызыксыз.
Албетте сиз айткандай жаратпай койсо деле болмок. Бирок Ал жаратууну каалады. Ал эмнени каалаган болсо, аны кылат жана кылган иши үчү эч кимге сурак бербейт. Ал эми биз кылган иштерибиз үчүн суралабыз. Ал (Аллах) эмнекылганы суралбайт, а алар суракка алынат. (Анбия 23)
Аллах Таала даанышман Зат. Ал эч бир нерсени максатсыз жаратпайт. Анын ар бир жаратылган нерсесинде көптөгөн даанышмандыктар бар. Ал бизди мышык чычкан ойноо үчүн жараткан жок. Ал эч бир нерсени жөн эле ойноп жаратпайт. Бул туурасында Кураанда мынтип айтылат.
Биз силерди жөнэле (ойноп) жаратып, силер Бизге кайра кайтпайбыз”, – деп ойлодуңарбы?
Алла бардыкнерселерден жогору турган Акыйкат, Өкүмдар. Андан башка кудай жок. Ал УлууАрштын Эгеси! (Муминуун 115-116).
Биз асмандарды, жерди жана алардын ортосундагыларды ойноп жараткан жокпуз. (Анбия 16) (Духан 38)
Биз Асмандарменен Жерди жана ал экөөнүн ортосундагыларды чындык, белгиленген мөөнөт мененжараттык . А каапырлар болсо өздөрүнө эскертилген нерселерден жүз буруучулар. (Ахкаф 3)
Акылдуу адам бул дуйнө жана ал өзу да жөндөн жөн жаралбаганына ишенет. Кантип адам эч бир максатсыз жаралсын. Анын көзу көрүү үчун, кулагы угуу үчүн жаралган болсо, ал өзү кантип эч бир максатсыз жаралсын. Бул туурасында Кураанда мынтип айтылат:
Асмандар менен жердинжаралуусунда жана түн менен күндүн алмашуусунда – акыл ээлери үчүн белгилер(бар) .
Алар Алланы турган абалда, отурган жана жамбаштаган абалда даэстешет жана асмандардын жана жердин жаралуусу жөнүндө ой жүгүртүшүп: “Оо, Эгебиз ! Сен муну максатсыз элежаратканың жок . Сен Аруусуң! Бизди Тозоказабынан сакта!” (– дешет). (Аалу Имраан 190-191)
Биз асмандарменен жерди жана ал экөөнүн ортосундагыларды жөн эле жаратканыбыз жок.Каапырлар гана ушундай деп ойлошот. Ыймансыз каапырларга тозок азабы болсун! (Сод 27)
Ал эми адамдын кандай максатта жаралгандыгы тууралуу Кураанда мынтип айтылат:
Менжин жана адамдарды Өзүмө сыйынуулары үчүн гана жараттым. (Заарият 56)
Ал кимиңер жакшыамал кылышыңарды сыноо үчүн асмандарменен жерди алты күндө жаратты жана Анын Аршы суу үстүндө эле.Аларга :“С илерөлгөндөн кийин тирилесиңер ”, – деп айтсаң, каапырлар: “Чындыгында, бул – даана сыйкыр”, – дешет.
Эгер алардан азапты белгилүү мөөнөткө чейин кечиктирсек, алар: “Эмне үчүн кечигүүдө?” – дешет. Аларга азап келген күнү, тосулбайт. Алардын шылдыңдаганнерсеси, өздөрүнүн баштарына түшөт. (Худ 7-8)
(Ал) силердинкимиңер жакшы амалдарды жасаарыңарды сыноо үчүн өмүр менен өлүмдү жараткан. Ал –Ызааттуу, Кечиримдүү! (Мүлк 2)
Акыйкатта, Алламомундардын жанын жана мал-мүлкүн Бейишке алмаштырган. Алар – Алла жолундасогушу п өлтүрүшөтжана өлтүрүлүшөт. Буга байланыштуу чыны гыубада Тооратта, Инжилде жана Куранда бар. Өз убадасын Алладан артык орундатаала турган ким бар? Ошондуктан ушул соодалашууга кубангыла! Анткени бул – зор ийгилик! (Тавба 111)
#8 28 September 2011 - 15:29
Daud, Allah ыраазы болсун!
Мен жазайын деп жаттым эле. Жакшы болбодубу, мен эми башкасына аракет кылайын.
Мен жазайын деп жаттым эле. Жакшы болбодубу, мен эми башкасына аракет кылайын.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#9 28 September 2011 - 15:41
Бейиштеги жашоону айтып бергилечи...
Ыймандуулар жана жакшылык иш кылгандар үчүн бактар бар экенин сүйүнчүлө! Бактардын алдында дарыялар агат. Аларга ырыскы катары жемиш тартууланганда алар: “Бул бизге мурун берилип жүргөндөр”, – дешет. Аларга ушуга окшоштор берилип келген .Алар үчүн анда таптаза жубайлар (болот) жана алар анда түбөлүккө калышат. (Бакара 25).
Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандардынжана сооптуу амалдарды кылгандардын мээнетин текке кетирбейбиз. Мынаошолор үчүн алдынан дарыйалар агып турган Адн (аттуу) Бейиш бар. Алар анда алтындан жасалганбилериктер менен жасанышат. Алар калың жана жука жашыл жибектен кийимдерди кийишет да,мамыктарга сүйөнүп олтурушат. Бул – кандай улуу сыйлык жана кандай сонун жай! (Кахф 30-31).
Алардынсабырдуулугу үчүн Бейиш жана жибек[1] менен сыйлады. Алар Бейиште,орундуктарда жөлөнгөн абалда күндүн аптабын да, ызгаарды да көрүшпөйт. Аларга көлөкөда жакын болуп, жемиштери ылдый салаңдаптурат. Аларга тамактар тунук күмүш чөйчөк-идиштер мененалып келинет. Су усундуктар (болсо) күмүштөн айнектей жука чөйчөктөр менен керектүү өлчөмдө гана ичилет. Аралашмасы «занжабил» аттуу суу сундукту чөйчөктөрдөн (ичишет). Жана ошол жерде агып турган «Салсабил» аттуубулактан суу ичишет. Алардын айланасында түбөлүк жаш боз уландар кызматкылышат. Силер аларды көргөн кезде чачыпжиберилген бермет маржандарыбы [2] деп ойлойсуңар . Качангана (Бейишке) карасаң түгөнгүс жакшылыктарды жаназор байлыкты көрөсүң. Жука жанакалың , жашыл жибек кийимдерди кийип жүрүшөт.Колдорунда – күмүштөн билериктер. Алла аларды Бейиштин суусундуктарынакандырат. Анткени бул силердин аракетиңер (Аллатарабынан) кабыл болгондуктан жана Кудайдын мындай сыйына сооп иштериңерденулам татыктуу болдуңар. (Инсан 12-22).
(Алар) жасалгаланган мамыктардын үстүндөжөлөнгөн абалда бетме бет олтурушат. Түбөлүк жаш уландар аларды айланышат
агып турган булактан (толтурулган) чөйчөк,кумура жана чыны менен. Ал мас да кылбайт, баш да оорутпайт. Каалашкан жемиши(болот), Табити тарткан куштардын этин Ботокөз үр кыздар (бар), сакталган бермет сыйактуу. Жасашкан иштеринин сыйлыгы үчүн. Аларал жерде бузуку, күнөө (болуучу) сөз угушпайт. Бирок «Тынчтык! », «Тынчтык! » – деген сөздү гана (угушат). Оң кол ээлери. «Оң кол ээлери» болуу кандай жакшы? Тикенсиз дарактардынарасында. жемиштери үстү-үстүнөүйүлгөн банан дарагы. (Алар) кенен жайылган көлөкө астында, Дайыма агып тургансуусу (бар), мол жемиштер... (Алар)түгөнгүс жана тыйуу салынбаган… Өйдө көтөрүлгөн төшөктөрдө (олтурушат). Биз аларды жаңыдан жараттык. Биз аларды кыз абалындакалтырдык күйөөсүн чындапсүйгөн жана жаш курактарыбирдей… (Ваакиа 15-37)
Аларга Жараткан тарабынан төмөн жактарында өзөн-дарыйалар агып турган бейишбактары түбөлүккө сыйлык үчүн берилет. АллаТаала аларга ыраазы болот жана алар да Аллага ыраазы болушат. Бул өз Жаратканынан корккон такыбалар үчүн гана. (Баййина 8).
#10 28 September 2011 - 15:48
Библиянын эски осуяты менен Курандын кандай окшоштуктары бар? Эски осуяттагы пайгамбарлардын дээрлик баардыгы Куранда кездешсе керек, бул туурабы? Эгер ушундай болсо Библия менен Куранды окуп чыккандар айырмасын жана окшоштуктарын жакшы эле билишсе керек.
Албетте, Тоорат, Инжилдердин Куранга окшоштугу бар. Анткени, алар бир Эгеден, Аллахтан - баардык нерсени жараткан жана аларды бирдей тартипке келтирген, аларга ырыскы, өмүр, өлүм берген, алардан сурак алуучу Кожоюну тарабынан жөнөтүлгөн. Бирок, бирок (!), мурунку китептер адамдар тарабынан ар бир уруу же кандайдыр бир инсандын кызыкчылыгына жараша өзгөртүлүп, алынчу жерден алынып, кошулчу жерден кошулуп кеткен. Бул өзгөртүүлөрдүн анабашчысы "ыйык апостол" Павел болуп эсептелинет. Ал жөнүндө өзүнчө кеп курабыз. "Библияга суроом бар" деген темада.
Эми, мен айткан сөздөрүм куру болбосун үчүн адаттагыдай далил келтирейин.
Курандан, 5-сүрө, сүрөнүн аты "Маида ", которулушу "Олжо". 46-49-аяттар . Котормонун автору - Э.Кулиев . Менде кыргызча котормонун электрондук варианты жок болгондуктан ушинтип орусчасын жазып жатамын. Жакын арада Шамсуддин АбдыКалык уулунун котормосунан кыргызча коё баштайм.
46. Вслед за ними Мы отправили Ису (Иисуса), сына Марьям (Марии), с подтверждением истинности того, что было прежде ниспослано в Таурате (Торе). Мы даровали ему Инджил (Евангелие), в котором было верное руководство и свет, которое подтверждало то, что было прежде ниспослано в Таурате (Торе). Оно было верным руководством и назиданием для богобоязненных.
47. Пусть люди Инджила (Евангелия) судят согласно тому, что Аллах ниспослал в нем. Те же, которые не принимают решений в соответствии с тем, что ниспослал Аллах, являются нечестивцами.
48. Мы ниспослали тебе Писание с истиной в подтверждение прежних Писаний, и для того, чтобы оно предохраняло их (или свидетельствовало о них; или возвысилось над ними). Суди же их согласно тому, что ниспослал Аллах, и не потакай их желаниям, уклоняясь от явившейся к тебе истины. Каждому из вас Мы установили закон и путь. Если бы Аллах пожелал, то сделал бы вас одной общиной, однако Он разделил вас, чтобы испытать вас тем, что Он даровал вам. Состязайтесь же в добрых делах. Всем вам предстоит вернуться к Аллаху, и Он поведает вам о том, в чем вы расходились во мнениях.
49. Суди между ними согласно тому, что ниспослал Аллах, не потакай их желаниям и остерегайся их, дабы они не отвратили тебя от части того, что ниспослал тебе Аллах. Если же они отвернутся, то знай, что Аллах желает покарать их за некоторые из их грехов. Воистину, многие люди являются нечестивцами.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#11 28 September 2011 - 15:48
#12 28 September 2011 - 15:51
Ушул эле сүрөнүн 15-аятында Аллах мындай дейт:
15. О люди Писания! К вам явился Наш Посланник, который разъясняет вам многое из того, что вы скрываете из Писания, и воздерживается от многого. Явились к вам от Аллаха свет (Мухаммад) и ясное Писание.
15. О люди Писания! К вам явился Наш Посланник, который разъясняет вам многое из того, что вы скрываете из Писания, и воздерживается от многого. Явились к вам от Аллаха свет (Мухаммад) и ясное Писание.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#13 28 September 2011 - 15:57
Бейиштеги жашоону айтып бергилечи...
Бул суроого сиз Сулайман Аль-Ашкари деген аалымдын "Рай и Ад" деген китебинен толук маалымат ала аласыз. Биз бул китепти өткөнбүз. Ал жактагы нерселерди баарын бул жакка жаза берүү да туура келбейт. Анткени, ал китепте бейишке кандай адамдар татыктуу, тозокко кимдер тушөт, тозоктон кандай амалдар куткарат, бейишке эмне себептен киргилзилет, ал жактагы жыргалчылыктар жана тозоктун азаптары ж.б.у.с. бардык тема козголгон.
Ал эми "жыргалчылыктан тажабайсыңарбы? " дегениңиз - абсурд. Тиги дүйнө менен бул дүйнөнү салыштырып болбойт. Анан да бир жыргалчылык кайра эч качан кайталанбайт. Эгер адам ошону каалабаса эле. Аллах Улук Зат. Ал Заттын бизди тажатпай турган сыйлыктары бар.
Ал эми бейиш элинин эң жогорку даражадагы сыйлыгы - бул аларды жараткан, ырыскы берген Затты - Аллахты көрүү болуп саналат. Бул айтканыма далил бар. Мен аны тактап жазып коёмун.
Ошондой эле тозок элинин эң катуу азабы - Аллахты көрбөөсү. Өзүңдү жараткан, сынаган жана суракка алып, анан сурактан өтпөй калганда азапка салган, жазалаган Затты көрбөй калуу тозок элинин эң катуу алган жазасы.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#14 28 September 2011 - 23:53
35. Мы ведь создали их творением
36. и сделали их девственницами,
37. мужа любящими, сверстницами ...
Есть толкование этих строк? А ком идет речь(отмечены красными)?. И просьба, не забудьте вставить ПРОБЕЛ между слов!!!
36. и сделали их девственницами,
37. мужа любящими, сверстницами ...
Есть толкование этих строк? А ком идет речь(отмечены красными)?. И просьба, не забудьте вставить ПРОБЕЛ между слов!!!
Албетте, бар!
Курандагы номери 56-болгон "Ваакеа" ("Окуя" деген мааниде) сүрөсүнүн 35-38-аяттары нын түшундүрмөсү.
(35) Аллах Таала айтат: “Биз аларды (Бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык” . Бул жерде “өзгөчө жаратуу менен” деген жерине мындайча түшүндүрмө берилет. Аллах аларды ошол турпатында жараткан. Алар дүйнө сулуулары сыякктуу оболу кичинекей секелек болуп, анан чоңоюшкан эмес. Ал эми аятта болсо Бейиш элинин жубайлары тууралуу айтылууда. Аларды Аллах бул дүйнөдөн өткөн соң башка, кемел, кемчиликсиз, кооз абалда кайра алар карылык жана өлүмдү билбеген абалда кайрадан жаратат.
(36) “Биз аларды бикир кылып жаратып,”
“Бикир” деген “эркек көрө элек кыз” дегенди түшүндүрөт. Бул аяттын мааниси бардык ыймандуу аялзатына тиешелүү. Алардын бул дүйнөдө өлгөн курагына карабастан кайра кийинки Бейиш жашоосунда алар кыз бойдон жаралат. Бул жерден пайгамбарыбыздын бир тамашасын кошо кетпесем болбойт. Пайгамбар эч качан калп айткан эмес. Ал тургай тамашаларында да. Ошондой тамашаларынан бири – бир күнү бир кары кемпир сурайт: “Айтчы, о, Аллахтын элчиси, мен бейишке киремби?” Пайгамбар, ага Аллахтын саламы жана саламаты болсун айткан: “Жок, сен кирбейсиң бейишке”. Байкуш кемпир ыйлап кетип баратса, пайгамбар, ага Аллахтын саламы жана саламаты болсун, кайра аны токтотуп айтат: “Бейишке кемпир болуп кирбейсиң дегеним. Сен бейишке гүлдөй буралган кыз абалыңда киресиң!”. (айта кетчү нерсе – араб тилинде “сизиң, бизиң” жок.) Ошондой эле бул аят Бейиш үр кыздарына та тиешелүү. Анан да кызыгы – ошол бейиш аялзаты эри менен канча кошулса дагы, баары бир өмүр бою кыз бойдон кала берет!
(37) “бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук”
Бейиш эркегинин жубайларлы алар менен бир куракта болот жана аларды сүйөт. Алар сүйкүмдүү, сулуу, убадага жана сүйүүгө бек болушат. Алардын бал татыган тили, сүйлөгөнү сыйкырдай. Алардын не бир кубулжуган үнүн, ырын, назик үндөрүн уккан жан алардын эч качан токтобой ырдоосун, сүйлөөсүн тилейт. Алардын адептүүлүгү, аялзатка тиешелүү мээримдүүлүгү, назиктиги алардын күйөөлөрүнүнүн жүрөгүн бакыт жана кубанычка оройт. А алар бейиш бактарын аралай сейилдегенде бакты жыпар жыттар жана нур чулгап алат. Анан, албетте, алар аябай сезимтал.
Бейиштеги эркектердин бардыгынын жаш курагы 33 тө болот. Бул – адамдын эң бир ал күчкө толуп, гүлдөп турган курагы. Алардын жубайлары да ушул жашта болот. Жана алар ынтымак-ырашкерликте жашашат. Алар бири бирине эч качан нааразы болушпайт. Алар бири-бирине эч качан жаман сөз айтышпайт. Анан башка кандай болмок эле?!
P.S.
1) Кыргызча котормого Шамсуддин АбдуКалык уулунун котормосунан алып койдум. Кичине эле тексттер экен - тере койдум.
2) Ал эми түшүндүрмө текст (тафсир - толкование) АбдуРахман ас-Саадиники. Менин оюм эмес. Бул китеп өзү килтейген үч томдон турат. Бирок, Курандын тафсиринин эң кыскасы экен. Менде как раз бар, илибой аяттын тушүндүрмөсү колдо. Так что ...
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#15 29 September 2011 - 01:22
Kalgan suroolorgo joop, albette, bar!
Men azyr jatyp aldym. Erten aman bolsom joobun jazyp koiom, inshaALLAH.
Men azyr jatyp aldym. Erten aman bolsom joobun jazyp koiom, inshaALLAH.
Эч нерсе жазасыз калбайт!
#16 29 September 2011 - 08:45
Жаратканга жараша укугу менен жаратса жакшы болмок... Жок дегенде "мени эмне кыласын?"
деп сурап алмакмын...
Мен христиандарды адашкан ыймандуулар деп билем. Анткени, ислам дини ушундай окутат. Фатиха сүрөсундө да ушундай айтылат. Ал эми, сиздин мындай Кудайга акарат келтиргениңизге түшүнө албай отурум. Кандайдыр бир атеист айтса жарашмак. Сиз дагы кандайдыр бир деңгээлде Кудайга, Жаратканга ишенесиз. Ошол ишенимдин ажырагыс бир бөлүгү - Жараткандын иши суралбасы жана ага кеңеш берилбөөсү, ошондой эле ага каршы чыкпоо болуп саналаарын сизди билеби дедим эле. Сиз муну менен - өзүңүздүн сурооңуз эч кандай логикага сыйбасын көрсөтүү менен өзүңүздүн ишеним деңгээлиңизди көрсөтүп алдыңыз го деп ойлойм.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#17 29 September 2011 - 08:52
Оз атам менен бир жашта болгон кандай болоор экен...
Между гана прочим дал ушул куракта Аллахтын абройлуу элчиси - Иса алейхи саламдын асманга көтөрүлгөн курагы. Дал ушул жашында ал асманга көтөрүлгөн. Жана Кыямат болордо мусулмандар менен бирге болуу үчүн кайра түшүрүлөт. Ошондо жети жыл жашайт да анан кадимки өлүм менен өлөт. Аллах ага болгон урмат-сый катарында бардык инсандарды Иса алейхи саламдын асманга көтөрүлгөн курагында бейиште кайра тирилтет.
Айтмакчы, а сиз Библияда Иса алейхи саламдын асманга көтөрүлгөн курагы тууралуу эмне билесиз? Мен бир кызык нерсени Ахмад Дидаттын диспуттарынан көрдүм эле. Албетте, далилдери менен. Бирок, мен сизди өз Китебин окуган машайакчы катары Иса тууралуу эмне билээриңизди, тактап айтканда дал ушул курагы тууралуу эмне билээриңизди билгим келет
Хе, сиз атаңыз менен бир куракта болгонго таң калып жатасызбы?.. Коркпоңуз, атаңыз менен эле эмес, жете-жотоңуз менен, ал тургай небере-чөбөрө, кыбыра-тыбыраларыңыз менен кошо ошол куракта болосуз, албетте, эгер бейишке сиз азыркы адашууңуздан кайтып чын жана Туура Жолду жолдоо менен татыктуу болсоңуз, антпесеңиз, мага сиздин кай жакка барарыңыз - бир тыйын.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#18 29 September 2011 - 09:04
Демек Куран, араб эли же уруусу учун, же кайсы бир бизге "белгилуу"
болгон инсандын кызыкчылыгына жараша озгортулуп,
алынчу жерден алынып, кошулчу жерден кошулуп жазылган китеп турбайбы. Бул дегеним ошол эле эски осуятты "андай болбойт Павел, мындай болот" деп Мухаммед жаза салганбы? Андай болсо кимисине ишенсе болот?
Сиз менин жазгандарымдан эч нерсе түшүнгөн жоксузбу? Же мен сизге убакытты текке коротуп жатамбы? Мен жакшы эле түшүндүрүп жаздым го - "мурунку жазуулар" деп. Анан да Курандан анык далилдерди келтирдим.
А сизге ким айтты Куран араб эли же уруусу үчүн, же кайсы бир "белгилүү" инсандын кызыкчылыгына жараша өзгөртүлгөн деп?
Сиз бул сөзүңүзгө "христианча" да, эркекче де жооп бере аласызбы? Эгер ушул эки түшүнүк сизде кандайдыр бир сыймыкты жарата алса?
Эгер сиз Куран өзгөртүлгөн же толукталган же кошулган же алынган деп ишенсеңиз, а сиз дал ушуга намек кылып жаткандайсыз, анда, кичипейилдикке ошол сөздөрүңүздү обосновать этип, кыргызча айтканда, негиздеп, далилдеп бериңизчи? А мен айтаар элем - Курандын бир үтүр, бир чекит, бир тамгасы Мухаммад пайгамбарга, ага Аллахтын саламы болсун, түшүрүлгөндөн бери ныпым жылдырылган да, өзгөртүлгөн да жок. Сиз убакыт таап сөзүңүздү негиздеңиз. Болбосо - бул куру жалаа, доомат болуп калат.
Аллах Таала Куранда айтат (4-сүрөнүн 82-аятында)
Неужели они не задумываются над Кораном? Ведь если бы он был не от Аллаха, то они нашли бы в нем много противоречий. [Ниса: 82]
А мен сиздин Библияңыздан канча далилдерди келтирип жатамын ал, тоюс, ошол китеп - Библия адамдар тарабынан канча жолу өзгөртүлгөнүн. Сизге жетишсиз болсо - дагы кошумчалаймын, ага кадырыңыз жам болсун!
Аллах Таала Куранда айтат (41-сүрөнүн 41-42-аяттарында) :
Воистину, те, которые не уверовали в Напоминание, когда оно дошло до них, будут наказаны. Воистину, это – могущественное Писание.
Ложь не подберется к нему ни спереди, ни сзади. Оно ниспослано от Мудрого, Достохвального. [Фуссылат: 41-42]
Бул дегеним ошол эле эски осуятты "андай болбойт Павел, мындай болот" деп Мухаммед жаза салганбы? Андай болсо кимисине ишенсе болот?
Сиз өткөндө "илимдүү, билимдүү эле жанмын" дегенсиз. А мен ошого ишенгем. Эгер сиз ошол сөзгө жооп бере ала турган болсоңуз анда сиз Мухаммад пайгамбардын, ага Аллахтын саламы болсун окуй да жаза да албаганын билишиңиз керек эле. Ошондуктан сиздин "жаза салганбы?" деген сөзүңүз мындай дискуссияда, чоң кишилердин дискуссиясында орун албашы турган кеп эле дегенине ишенип кой бериңиз.
И, анан да, суроо бергенде, адамды күлкүсүн келтирбей, мындай, чоң кишилердин суроосун берсеңиз, а то сиздикилердин акыркысы жөн эле "бла, бла" болуп жатат.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#19 29 September 2011 - 09:12
Демек Куран, араб эли же уруусу учун, же кайсы бир бизге "белгилуу"
болгон инсандын кызыкчылыгына жараша озгортулуп,
алынчу жерден алынып, кошулчу жерден кошулуп жазылган китеп турбайбы. Бул дегеним ошол эле эски осуятты "андай болбойт Павел, мындай болот" деп Мухаммед жаза салганбы? Андай болсо кимисине ишенсе болот?
Библиянын авторун жакында аныктайбыз. .
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#20 29 September 2011 - 09:18
Ар бир (диндеги) адамдын өз жүздөнөөр тарабы (кыбыласы) бар. Бири-бириңерден озуп жакшылык жасагыла!
Силер кайда болсоңор да, Аллах бардыгыңарды (Кыямат күндүн эсеп-китеби үчүн) чогултуп алат. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү.
[Бакара:148]
Бардык диндердин сыйынуу учурунда караган тарабы болгон. Ошондой болсо да кай жакты кароо – чечүүчү фактор болгон эмес. Ал диндин, туура айтканда шарияттын түшүрүлгөн убагы жана ошол убактагы абал менен шартталган. Кийинки келген буйруктар мурунку буйруктарды жокко чыгарган да ыймандуулар башка жакты карап сыйына башташкан. Бирок, сыйынууну негизи болуп Аллахка – Жараткан Затка, Сыйынууга татыктуу Затка баш ийүү болуп калган.
[АбдуРахман ас-Саади тафсири]
Кабатыр болбонуз, сиз да, мен да ошол бейиш багында кездешебиз.
Аллах насип кылсын!
Аминь!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]

Супер-Инфо
super.kg
видео














