gulzar_gulu (03 Март 2017 - 01:18) жазган:
Мөмө бербесе кооздук үчүн өстүрүп коё береличи, көрө жатарбыз дагы.
Кыйыштыртыруу жөнүндө айта кетиңизчи сураныч. ))
Момо бербесе деле осо бергени жакшы, анткени абаны жакшы тазалайт жана нымдап турат, бирок бутап койбосо тикенек басып кетет. Анан цитрус бактары, кее бир момо беруучу бактардай эле, эркек ургаачы болуп болунот. Эркек бактарынын жалбырактары майда келет, аны канча бутап, момо беруучу бак менен кыйыштырсанар деле момо бербейт. Ургаачы багынын жалбырактары чонураак келет. Аны дагы биринчи ирээт буташ керек - ашыкча бутактарын кыркып салуу. Андан кийин башка момо байлаган бактын бутагын момо байлай элек бактын жоонурак бутагына кыйыштырасынар: жоонурак бутакты кыйгачынан кесип, тигил момо байлоочу бутакты дагы кыйгачынан кесип, экоонун кесилиштерин бири бирине келтирип туруп жабыштырып байлап койосунар. Жабышылган жерин топурак менен суйкоп койсо болот. Сыртынан целофан пакет менен аба кирбегендей кылып танып койуу керек. Эгерде бутак алып кетсе жашылданып осуп кетет. Албаса - куурап калат. Ушундай кыйыштыруу менен бир идиште, бир тамырлуу бакта лимон дагы, мандарин дагы остуруп алса болот.
А мен жакындан бери кивиге кызыгып журом. Киви биздин аймака деле осо берчудой экен, анткени Орусияда, Москванын четинде дачаларында кивини огоротуна эле остуруп алгандар бар экен. Ал кивиси тушумун дагы берет экен.
Майда барат гулдорго караганда, мен бактарды жакшы кором. Уйго карагай, елка остургом. Елканы тоого чыкканда кичинекейинен , бииктиги он смго, экини таап келип, идишке отургузуп койсом ( жазында болчу) дароо эле калыптанып кеткен. Эки жылда барпайып, идишине батпай калганынан, ата энем бир туугандарынын уйуно барып отургузуп койушкан. Мен барып коро элекмин; атам бийик болуп , абдан барпайып осуп калганын айтат. Карагайдын кочотун балдарым менен паркта журуп таап келгенбиз. Узундугу сегиз см болчу. Кузундо таап келгендиктен, кышы бойу оспой турду, жаз келээри менен жашылданып, бат осуп кетти. Бир жылда жарым метрге жете тушту. Эшике отургузуп койойун десем, сабы ичке, жалбырактары абдан назик болчу. " болчу"- дегеним, мамам " сен дагы осутуруп аласын, мага берчи"- деп алып кетип калган. Уйго алып барса, курбуларынын бироосу :" карагайдын тилеги жаман"- деп койуптур, мамам аны жок кылыптыр. Ичимдин ачышканын айтпагыла((((. Парктардан кочотун таппай, ачыла элек шишка алып келгем. Коп убакыт отпой ачылат экен дагы, данектери куулуп тушот экен. Данектерин топурака сееп койсом, бир жуманын ичинде быжырап назик карагайлар осуп чыкты, бирок абдан назик болот экен, бир аз которулуп эле, шалбырап жыгылып калып, оспой койушту. Анан азыр торт фикусум, бир фиалкам, бир герань бар.
Билдирүүнү түзөткөн: sister: 09 Март 2017 - 09:18