Бархатные ручки деген крем дагы аябай сонун.Менин колума жагат.Жупжумшак,
апапакай болуп,сонун болуп калат
Кол айымдын "визиткалык карточкасы" Кантип кам коруу керек
#42 12 October 2014 - 11:06
Күндө кам көрбөйм. Жумшак эмес бирок ичке апакай. Тырмак мурда өстүрүп жүрчүмүн.Азыр өстүргөн мындай турсун боёбой да калдым(убакытка шылтап).
#44 10 June 2015 - 02:50
Колубузга кам көрөлү
Фото: www
Биздин колдорубуздун териси өзгөчө аба-ырайы суук тартып баштаганда жабыркай баштайт. Колдун терилери кургак болуп жагымсыз абалга алып келет. Колубуздун таза, жумшак болушу айымдар эле эмес мырзалар үчүн да маанилүү. Ошондуктан жагымсыз абалдан арылып, колубузга кам көрөлү. Төмөндө үй шартында жасалуучу маскалар жана айтылган кеңештер сизге эң жакшы жардам берет. Бул маскаларды даярдап жубайлар чогуу колдонсо эң сонун жыйынтык берээрине шек жок.Колуңузга кам көрүүнү эң жөнөкөй нерседен баштаңыз. Ар дайым бөлмө температурасында жууган жакшы. Анткени, муздак суудан колдун териси бузулуп, катуу болуп калат. Ал эми ысык сууга жууганда колдун териси кургап кетет.
Үйдө жасалуучу, үй жыйноо, идиш- аяк жуу, короодогу иштер, , эшик шыпыруу, кир жууган учурда эриндей желим жана кездеме колкап кийип алыңыз. Өзгөчө идиш жана кир жууган каражаттардын курамында химиялык заттар көп болот, ал сөзсүз колдун терисин жабыркатат.
Колуңузду терисине ылайыктуу, сапаттуу атайын жытттуу самындар менен жууп жүрүңүз. Булардын курамында жабыркатпай турган атайын пайдалуу кошулмалар бар.
Баардык суу менен болгон байланыштан кийин колду акырындык менен арчып салыңыз.
Колго күн сайын унутпай крем сүйкөп туруш керек. Ал терс таасирлерден сактайт.
Тырмактын айланасын тазалап жууп туруу керек
Колуңузга буулануу (ванночка жасоо) процедурасын ар дайым убактынызга ылайыктап тынымсыз жасай жүрүңүз. Мында колуңуздун териси жумшак жана назик болот.
2 литр жылуу сууга – 1 чай кашык спирт жана 1 чай кашык глицерин салып бууландырабыз. Ага колду 15-30 мүнөт кармаса болот.
Колдун териси катуу болуп калганда ачытылган капуста жакшы жардам берет. Ачытылган капустанын ширеси менен ириген сүттүн сары суусун аралаштырып, ага колду 15-20 мүнөткө кармаш керек. Андан кийин таза жууп, майлуу крем сүйкөп койсо болот.
Эгер колуңузга катуу катмарчалар (мазоль) пайда болуп калса анда крахмалдан жасалган буулануу жакшы таасирин берет. 1 аш кашык крахмалды 1 литр жылуу сууга кошуп, 15-20 мүнөт колду кармап туруу керек. Андан кийин жууп, азыктандыруучу кремден сүйкөп коёсуз.
Эгер колдор ашыкча тердесе, туздалган буулануу ыкмасын колдонуу туур болот. 1 литр жылуу сууга 1 чай кашык деңиз тузун кошуп, аралаштырып анан колду 10-15 мүнөт салып, кармаш керек. Андан кийин таза жууп коюу жетиштүү крем сүйкөбөй эле коюңуз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео










