Aygul777 (27 Август 2017 - 16:32) жазган:
Менин да бир башкачаа суроом бар да. Эч эле тушунбой жатам. Жооп берип койгулачы, сураныч. Ойлоно берип башым катты. Барбы же жокпу билбей жатам. 5 айдан бери кумон санап келем. Месячный ар айда келет, бирок башкача, 1 кун, 2 кун же бир апта задержка менен келет, бир келет дагы токтогондой болот дагы тамчылап мурун канагандай болуп келет. Башта месячный келгенге чейин коонум айланып буткондон айланбай калчы эле, азыр буткондон кийин деле коонум айлангандай боло берет. Коп уктап калдым, кардым ачтай боло берет. Азыр ошол кучоду кардым тойбогондой журом. Тамак-аш жакшы эле жейм болбосо. Анан ичим топтой болуп чыгып калды. Жакынкы кундон бери аябай суусап калдым, ичимен ысып атам. 1 айдан бери ичимде бир нерсе кыймылдагандай болот (кобунчосу сол тарапта, кабырганын ылдыйынан баштап киндиктин айланасында), кээде коз тарткандай болот (машина менен журуп келип токтогондо же каттуу кыймылдагандан кийин), ширин жакшы корот элем башта, печенье болсо жей берет элем, 5 айдан бери шириндик жесем зарна болом, коп жей албайм. Анан дагы тушумо дагы балага тиешелуу нерселер коп кирди. Эн кызыгы тест кылсам чыкпайтат, бир ай мурун УЗИге тушконмун, ичинен текшерди эле ал да жок дейт. Жакындарыма айтсам коп ойлонгонунан деп ишенишпейт да, чынында бала кутуп журобуз, бирок мындай болгон эмес. Таксикоз жонундо айтсам, бизде Апам, тайжемдер, эжем кусуп эч кыйналышкан эмес экен. Анан да сол тарабым менен жата албайм, ынгайсыз боло берет, чалкалап да коп жата албайм. Он тарап менен жакшы жатам. Айткылачы, бул эмне болушу мумкун? Же мен жон эле умуттонуп жатамбы?
Оозума чоон, гилтээйген кара таш, бирок айткандарыныз пузырный заноско окшош болуп атат. Оокат калсын, жумуш калсын, бутту колго алып тезинен гинекологко барыныз. Болгондо дагы узи кылган гинеколог болсо жакшы болмок. Бишкекте болсонуз тогузунчу кичирайондо " матис" жекеклиникада бир жабынып жургон гинеколог эже эмгектенет экен. Узист дагы. Ошол эжени макташат. Аты жонун унутуп атам. Балким ошого барып коросуз