barpynynkyzy (23 Ноябрь 2017 - 21:47) жазган:
Чаампайып жүрөсүңөр анан деинби?)) Неме)) сүйүнчү ))) 19.11.17 күнү биз үчүн эң бактылуу күн болуп калды )) АЛЛАХТЫН буйругу мн аман эсен көз жарып алдыыыым)) жолдошум экөөбүз 40 жылкылуу болдук)) т.е. кыздуу. Чексиз шүгүр экөөбүздүн тең авалывыз жакшы. Эртен төрөт үйүнөн өз үйүбүзгө чыгавыз. Куванычым койнума батпай, мен да өз чүрпөмдү боорума басыып жытына тойбой отуруп калдым. Силерге да ушул чыныгы бакыттын даамын аман эсен татып алышыңарга чын дилден тилектешмин алтындарики)). Эне болуу эң эле теңдеши жок чон бакыт экенине дагы бир жолу ынанып отурам.
Эми бул темадан секирип)), наристелүү апаларга жардам темасына которулдум))
Бактылуу ыймандуу, өмүрлүү, сүймөнчүктүү, кыздардан болсун!
Бешик бооңор бек болсун Айгүл. Куттуктайм.