Суперстан: Кош бойлууларга кеңеш - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (629 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кош бойлууларга кеңеш Кыз-келиндерге кенеш

#121 Пользователь офлайн   Aydashka   18 Февраль 2012 - 00:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Сүрөт
Кош бойлуулук учурундагы талгак

Кош бойлуулук учурундагы талгактан ар бир экинчи аял жабыркайт. Көңүл айнуу, кусуу, тамактан баш тартуу... Мына ушул талгактын келип чыгуу себептери, аны менен кантип күрөшүүнүн жолдору төмөндө.

Талгактын себептери

Кош бойлуу аялдардагы талгак - өтө эле кеңири жайылган түшүнүк болгонуна карабай аягына чейин изилдене элек. Медиктер кош бойлуу аялдагы талгактын так себебин ушул убакка чейин айта алышпайт. Ошентсе да бир нече божомолдор айтылып келет.
1.Гормондордун өсүп кетүүсү. Кош бойлуулуктун алгачкы үч айындагы көңүл айнууну, кусууну жана башка ооруксунууларды болочок эненин организминде деңгээли жогорулап кеткен гормондор чакырат. Бул эң кеңири жайылган жана чындыкка жакын божомолдордун бири.
2.Жаңы организмге көнүү. Талгак - эненин организминин өзү үчүн жат нерсе болгон түйүлдүк менен күрөшүүсү. Өзүндө жаңы организмдин өсүүсүнө көнбөгөн организм аны зордук менен бөлгөнгө аракеттенет.
3.Талгак - коргоочу. Кош бойлуу аял алкоголдун жытынан же тамекинин түтүнүнөн көңүлү айныйт. Бул жаратылыштын баланы зыяндуу заттардан коргоосу деген да божомол бар.
4.Эмоция. Стресске көп кабылган аялдарда талгак катуу болот деген да божомол бар. Кош бойлуулук учурундагы талгакка байланышкан дагы бир кызыктуу байкоо жүргүзүү бар: балалуу болууну чын дилинен күтүп, өздөрү каалап боюна бүтүргөн аялдарда талгак жеңил болот. Ал эми күтүлбөгөн жерден боюна бүтүп калып, муну өзү көп деле каалаган эмес болсо, анда ал аялда талгак оор болот.
Талгактын бөлүнүшү
Кош бойлуу аялдардагы талгак эки чоң топко бөлүнөт : эрте келүүчү талгак жана кеч келүүчү талгак. Эрте келүүчү талгак - алгачкы он эки жумада гана болот. Ал эми кеч келүүчү талгак кош бойлуулуктун 32-36-жумаларында пайда болот. Талгактын бул түрүндө аял врачтын жардамына муктаж болот.
Ошондой эле талгактын үч даражасы болот: жеңил, орточо, күчтүү.
Жеңил даражадагы талгак күнүнө 4-5 жолу кусуу менен мүнөздөлөт. Эне анча-мынча салмак жоготушу мүмкүн, бирок, баланын өнүгүүсүнө, анын төрөлгөндөгү салмагына талгактын бул даражасы эч кандай таасир этпейт.
Орточо даражадагы талгакты башынан өткөрүп жаткан аял суткасына 10 жолкуга чейин кусушу мүмкүн. Мындай учурда болочок эненин абалы начарлайт: алсырайт, көңүлү чөгөт, бир топ салмагын жоготот. Айрым учурларда дене табы көтөрүлөт, кан басымы түшөт.
Күчтүү даражадагы талгак сейрек кездешет. Мындай талгакка туш болгон аял күнүнө жыйырма жолудан кусат, организминде тамак кармалбайт. Бул аял жумасына 2-3 килограмм салмак жоготот. Мындай учурда аялга сөзсүз түрдө врачтардын көзөмөлүндө болуп, дарылануу зарыл.

Талгак менен күрөшүүнүн ыкмалары
Эрте келүүчү талгак менен күрөшүүдөгү күн тартиби жана тамактануу
Күнүнө жок дегенде жарым сааттан сейилдегенге аракет кылыңыз.
Организмиңиз эмнени талап кылса баарын жей бериңиз. Болгону жеген тамактарыңыз жеңил сиңе турган, витаминдүү тамактар болууга тийиш.
Ар бир 2-3 саатта тамак жеп туруңуз, бирок, аз-аздан.
Суюк, өтө ысык эмес тамактарды ичүүгө аракет кылыңыз.
Тамак ичкен соң бир нече мүнөт жата туруңуз.
Суюктукту көп ичиңиз. Суюк демделген көк чай, жемиш ширелери, газдалбаган минералдык суу жакшы.
Майлуу жана ачуу тамактардан мүмкүн болушунча баш тартыңыз.
Жалбыз - көңүл айнууга каршы жакшы каражат. Жалбыз кошулган сагыз, жалбыздуу чай колдонсоңуз болот.
Кескин жыттуу дезодорантты, самынды колдонуудан баш тартыңыз, атүгүл кээде сүйүктүү атырыңызды да колдонбой турууга туура келет.
Эртең мененки кусуунун алдын алууга аракет кылыңыз. Ал үчүн ойгонгон соң төшөктөн турбай туруп сухарик же сыр менен кичинекей бутерброд жеп алыңыз.
Тамактанган соң кескин кыймылдарды жасабаңыз, башкача айтканда, отургучтан ыргып түшпөңүз же төшөктөн ыргып турбаңыз, эңкейбеңиз. Жөн гана туруп туруңуз же ары-бери басыңыз. Отуруп же жатып алганда желген тамак ылдый түшпөйт, а ылдый түшпөгөн тамак көңүл айланууну чакырат.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   stafs   04 Март 2012 - 16:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 633
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 04 Мар 2013 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Дениздин ары жагында

1 баланызда кесерево болсонуз, андан 2 жылдан кийин кайра табигый жол менен торогонго болот!:give_rose:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   stafs   04 Март 2012 - 16:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 633
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 04 Мар 2013 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Дениздин ары жагында

Боюнда бар аял кунуно 2 сааттан жоо басуу-ден соолукка абдан пайдалуу:good:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   stafs   04 Март 2012 - 16:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 633
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 04 Мар 2013 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Дениздин ары жагында

Таксикоз учурунда ЛИМОН ширесин сууга кошуп ичуу эн пайдалуу,
бирок анемия менен кыйналган аялзатына коркунчуу жагы лимон-кан ды азайтып ийет:капамын:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   stafs   04 Март 2012 - 17:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 633
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 04 Мар 2013 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Дениздин ары жагында

фолий кычкылтеги- В12ни деп айтылат, бул болсо жашыл жалдыбарктарды жегенде организм ушул кислотаны иштеп чыгат. Бул кислота анемия менен курошууго жана баланы ден соолугу чын тороого чон шарт тузот.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   stafs   04 Март 2012 - 17:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 633
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 04 Мар 2013 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Дениздин ары жагында

Айдашка сен абдан жакшы темалардын ачкансын, анан ушулардын баарына маалыматты тапканга кантип жетишесин?:give_rose:


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   za.MiR   04 Март 2012 - 17:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 718
  • Катталган: 01 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 30 Дек 2012 02:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бан

stafs (04 Март 2012 - 17:23) жазган:

Айдашка сен абдан жакшы темалардын ачкансын, анан ушулардын баарына маалыматты тапканга кантип жетишесин?:give_rose:

Айдашка мынча маалыматты кайдан алат деп баш катырбаңыз. Ушул эле форумчулардын арасынан,Мисалы: менден алат Айдашка карындаш(өзү айткандай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   nazgul8076   06 Март 2012 - 13:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 514
  • Катталган: 11 Январь 12
  • Соңку аракети: 19 Июн 2013 12:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Учту торогон эне катары айта кетейин. Кош бойлуулукту алдын-ала пландап анан болтурган жакшы. Муну айткан себебим, материалдык жактан озубузду каржылап алуубуз керек. Себеби бала да балалык доорун суруш керек да.Жакшы кийинип, жакшы тамактанып, жакшынакай оюнчуктарды ойноо дегендей. Анан жаны боюнда болгондо эч оор которбош керек, 3 айга чейин баланы курсакта оор которбой, мумкунчулук болушунча жакшы тамактанып, жашылча-жемиштерди кообураак жеп, асыраш керек. Дагывыы, дагыыыыыы калганын эстегенде жазайынчы ээээ...... :бууум:
Балам бактым-балам базарым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   stafs   06 Март 2012 - 15:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 633
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 04 Мар 2013 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Дениздин ары жагында

Наристени эмдегенден кийин эртеси кечке мал бала уктардын астында жуунтуп атканда мала кызыл МАГАНЦОВКА менен чайкантып койсо, эмдоо алган жери ырбабай, жакшы болуп калат!

Жайдын ысык кунундо да 1-3 айлык балдардын жана арык балдардын моюн, колтук, ала-сандары кызарып, ысык чыгып кетет, ошол учурда да мала кызыл маргонцовканын суусуна чайкантып косо, тери тез жакшы болот.

Эскертуу:60: : маргоцовканы ото кучтуу, кызыл кылып даярдоо болбойт , себеби ал деле адамдын денесин куйгузуп салчуу уулу зат катары эсетелерин унутпаныз!
Ушун учун: онуккон мамлекеттерде магонцовка тыйуу салынып, сатыкта жок!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   stafs   06 Март 2012 - 15:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 633
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 04 Мар 2013 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Дениздин ары жагында

Улам эстегеними жазып турайын! Балким бироо жарымдарга пайдасы тийип калар:give_rose:
Мен озу 1 эле баланын энесимин, бирок тааныш-дос кыздарыма жакшы кеп-кенештерими берип, баары балдарын жакшы чонойтуп атышат. Себеби мен да биринчи эне болгондо коп нерсени билбей, коп жанылыштыктарды кетирдим :капамын:
Ошон учун жаш энелер уялбай эле билбегенинерди сурап, уйроно бергиле! Биз кетирген катаны силер кетирбегиле!


1) Эгер жаш баланы жуунтканга шарт жок болсо же убакыт таар болсо, аракты эле бир аз жылытып, денесине шыбап койсо да бала жуунгандай болуп сергип, жакшы уктайт. Болгону арактын жытына конбогон бала ыйлашы мумкун!

2) Баланы созсуз турдо ичинен да жаткызып туруу керек, бул да (астынкы) кабырганын жакшы формада болуусуна жана опкого чон жакшы таасирин тийгизет.
Ичинен жаткызганда бала улам башын которгусу келип, моюну тез токтойт, бул болсо арка жулундун жана нерв системаларынын, иммунитеттин жакшы калыптанышына шарт тузот!:good:

3) Туштук Кореяда наристе торолгон кундон баштап, кун жылуу учурда кундо жуунтуга, кыш мезгилинде 2 кундо 1 жолу жунтууну сунуштайт.
Буларда баланын киндиги тушпосо деле жуунта беришет. Баланы жуунткандан кийин киндике (желенка буларда жок) 70% курамдуу спирт менен эле обработка кылып коюшат. :good:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Aydashka   07 Март 2012 - 00:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Stafs,nazgul8076 эжекелер рахмат сиздерге :give_rose: ,дагы көп-көп кеңештериңиздерден күтөбүз.
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   ainura92kg   20 Март 2012 - 10:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 27 Июл 2013 04:04
  • Жынысы:Аялзаты

боюнда бар аял чачын кыркып бойогону тура эмеско дейим, чачын кырканы мусулманча айтканда озунун баласынын омурун кыйган болуп саналат, а чачын бойосо ал медицина жактан жаны орчуп келе жаткан туйулдуко зыян. Мисалы; кийин баласы парок менен же инвалит болуп калышы мумкун, эгер ушунчалык чачын бойогусу келсе хына менен бойосо зыяны азырак, ал эми чачын олуп баратсада кыркпаганы он чачы торогондон кийин барибир тушот, мына ошондо кыркмак тугул кырып салсада жакшы болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   rokossovetz1987   27 Март 2012 - 19:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 30 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Май 2012 11:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:бишкек

Все женщины могут нормально родить,только врачи настаивают что надо кесерево делать,что без этого она не может родить. Оказывается врачу который кесерево делал дополнительные деньги платят в зарплату от минздрава как премия. Поэтому все стремятся или практиковать кесерево, даже настаивают, уговаривает, заставляют пациента соглашаться ради премии(деньги) закрыв глаза на здоровье матери и ребенка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Nuura   01 Апрель 2012 - 18:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 785
  • Катталган: 13 Март 11
  • Соңку аракети: 28 Янв 2022 13:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Катар Доха

rokossovetz1987 (27 Март 2012 - 19:56) жазган:

Все женщины могут нормально родить,только врачи настаивают что надо кесерево делать,что без этого она не может родить. Оказывается врачу который кесерево делал дополнительные деньги платят в зарплату от минздрава как премия. Поэтому все стремятся или практиковать кесерево, даже настаивают, уговаривает, заставляют пациента соглашаться ради премии(деньги) закрыв глаза на здоровье матери и ребенка.


Ushu jazgandarynyzdy kyrgyzcha kotorup jazsanyz sonun boloor eleСүрөт
Кетким келбейт ата-энемдин жанынан.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   zvezdo4ka   26 Апрель 2012 - 10:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 15 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2013 22:25
  • Жынысы:Аялзаты

мен да кошулам боюнда бар аял чачын кыркпаш керек деген созго, озум жонундо айтсам, балам боюмда бар кезде эч кыркпай жакшы крап остургонмун, анан торогондон кийин балам 3 ай болгонжо айласыздан кыркытым, себеби чачм кубулуп эле тушо берчу, даже карап койсон тушо болчу :crazy-girl:, азыр балам кудайга шугур 2 жаштан отту, чачым осуп озуно келип нормальный болуп калды,

анан даг ы боюнда бар кезде чачын да боёбош керек, себеби красканын курмаында хим.нерселер соссуз турдо балага таасир тийгизет анан дагы тырмактагы лактар да терс таасирлейт.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   zvezdo4ka   26 Апрель 2012 - 10:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 15 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2013 22:25
  • Жынысы:Аялзаты

aminali (04 Февраль 2012 - 07:13) жазган:

Боюнда бар кезде байпак токубаш керек,нан көп жебеш керек баланын башы чоңойуп кетет,химикатарды такыр жолотпоо керек оздору жырык болуп төрөлгөндөр ошондон,тамеки тартпаш керек.


айткандарыныздын баарысына кошулам, бирок нан коп жесе менимче андай болбосо керек, жеке менин гана оюм. озум лично, балам боюма буткондон баштап, торогонго чейин аябббббай жейт элемин, нан болбосо дасторкондо отура албайт бочум, жада калса манты, оромо, лагман, кыскасы камыр тамактын баарысы менен нанды жей берет болчум :crazy-girl:. кудайга шугур баламды торогондо аз маз кыйналдым дегилечи. ошентсе да 4 кг тороп алдым. :dance2: коз тийбесин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Aydashka   02 Май 2012 - 16:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Кош бойлуулук учурундагы көңүл айлануу
Кош бойлуулук учурундагы көңүл айлануудан да ар бир экинчи аял жабыркайт. Бул жагымсыз учурдун келип чыгуу себептери, аны менен кантип күрөшүүнүн жолдору төмөндө.
Сүрөт
Талгактын себептери
Кош бойлуу аялдардагы талгак - өтө эле кеңири жайылган түшүнүк болгонуна карабай аягына чейин изилдене элек. Медиктер кош бойлуу аялдагы талгактын так себебин ушул убакка чейин айта алышпайт. Ошентсе да бир нече божомолдор айтылып келет.
1. Гормондордун өсүп кетүүсү. Кош бойлуулуктун алгачкы үч айындагы көңүл айнууну, кусууну жана башка ооруксунууларды болочок эненин организминде деңгээли жогорулап кеткен гормондор чакырат. Бул эң кеңири жайылган жана чындыкка жакын божомолдордун бири.
2. Жаңы организмге көнүү. Талгак - эненин организминин өзү үчүн жат нерсе болгон түйүлдүк менен күрөшүүсү. Өзүндө жаңы организмдин өсүүсүнө көнбөгөн организм аны зордук менен бөлгөнгө аракеттенет.
3. Эмоция. Стресске көп кабылган аялдардагы көңүл айнуу башкаларга караганда катуу болот деген да божомол бар. Буга байланышкан бир кызыктуу байкоо жүргүзүү бар: балалуу болууну чын дилинен күтүп, өздөрү каалап боюна бүтүргөн аялдарда талгак жеңил болот. Ал эми күтүлбөгөн жерден боюна бүтүп калып, муну өзү көп деле каалаган эмес болсо, анда ал аялда талгак оор болот.
Кош бойлуулуктагы көңүл айнуу, кусуу менен күрөшүүнүн ыкмалары
Күнүнө жок дегенде жарым сааттан сейилдегенге аракет кылыңыз.
Организмиңиз эмнени талап кылса баарын жей бериңиз. Болгону жеген тамактарыңыз жеңил сиңе турган, витаминдүү тамактар болууга тийиш.
Ар бир 2-3 саатта тамак жеп туруңуз, бирок, аз-аздан.
Суюк, өтө ысык эмес тамактарды ичүүгө аракет кылыңыз.
Тамак ичкен соң бир нече мүнөт жата туруңуз.
Суюктукту көп ичиңиз. Суюк демделген көк чай, жемиш ширелери, газдалбаган минералдык суу жакшы.
Майлуу жана ачуу тамактардан мүмкүн болушунча баш тартыңыз.
Жалбыз - көңүл айнууга каршы жакшы каражат. Жалбыз кошулган сагыз, жалбыздуу чай колдонсоңуз болот.
Кескин жыттуу дезодорантты, самынды колдонуудан баш тартыңыз, атүгүл кээде сүйүктүү атырыңызды да колдонбой турууга туура келет.
Эртең мененки кусуунун алдын алууга аракет кылыңыз. Ал үчүн ойгонгон соң төшөктөн турбай туруп сухарик же сыр менен кичинекей бутерброд жеп алыңыз.
Тамактанган соң кескин кыймылдарды жасабаңыз, башкача айтканда, отургучтан ыргып түшпөңүз же төшөктөн ыргып турбаңыз, эңкейбеңиз. Жөн гана туруп туруңуз же ары-бери басыңыз. Отуруп же жатып алганда желген тамак ылдый түшпөйт, а ылдый түшпөгөн тамак көңүл айланууну чакырат.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   dina   07 Май 2012 - 11:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Жакында эле бир гезиттен окудум эле бул ырым жырымдардын анча деле кесепети жок экенин. Кош бойлуу кезде жип кармап иш кылбайт, баланын башына киндиги оролуп калат дешет, ал коп кыймылсыз отуруп калгандын кесепетинен экен. Бат бат эс алып, ары бери басып жасай берсе болорун айтышкан. Ал эми чачын озу каалагандай жасалгада алып журуу (кырктырып деле) болочок эненин жакшы маанайда журуусуно жардам берет экен.
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   tuigan.   11 Май 2012 - 17:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 13 Март 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2018 23:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

кош бойлуу кезинде чачын кырктырбайт дегенди уккамын мен да бирок себебин билбейткем
Келинди сынабай келген кезинди эсте.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   tuigan.   15 Май 2012 - 18:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 273
  • Катталган: 13 Март 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2018 23:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

боюнда жок кезде чач кыркканга каршымын
Келинди сынабай келген кезинди эсте.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (629 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июн 2025 10:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: