Салам достор!Мен жакында эде бир курбу кызым менен бир салонго барып калдым.анан ал жерде бир боюнда бар аял чачын кырктырып,боетуп жатыптыр.Жанымдагы курбу кызым "Боюнда бар аял чачын кырктырса болбойт"деди.
бирок эмне учун кырктырса болбойт?Ушуга жооп бере аласынарбы?
менин дос кызым да, мен да билбейт экенбиз.
Кош бойлуулук учурда чачты кырктырууга болбойт. Антпесе баланын өмүрү кыска болуп калат.
Чындыгында: Медицинанын айтуусунда чач кыркуунун аялдын жана баланын ден-соолугуна эч кандай тиешеси жок. Кош бойлуулук учурунда иштелип чыккан гормондор чачтын өсүүсүнө жана сапатына оң таасирин тийгизет. Ошон үчүн чач катуу, коюу, сыйдам болуп калат. Тогуз ай бою чачыңызды кырктырбай жүргөнүңүз жүдөтүп, тескерисинче маанайыңызды түшүрүшү мүмкүн. Ал эми жарашыктуу чач жасалга сиздин маанайыңызды көтөрөт. Бул болсо түйүлдүгүңүзгө оң таасирин тийгизет.
Бала күтүп жаткан учурда түймө түйүүгө, бир нерсе тигүүгө болбойт. Болбосо баланын киндиги моюнуна оролуп калат.

Супер-Инфо
super.kg
видео


















Мобилдүү версия