Gul90 (05 Сентябрь 2014 - 16:14) жазган:
Ушундан улам бир ой келди.
Баланын бутунун кыскалыгын текшерип алдын алганга, бирдей кылганга болот.
Кобунчо жаш балдар буттун соогунун жамбашка бекиген жерге кирип турган суставынын дисплазиясынан улам буту жайынан чыгып, жылып кетип аксап калышат. Бирок бул канчалык эрте табылып (бала 1, 2, 3 айында) канчалык бат шина коюлса, ошончолук буту эрте сакайып, басайын дегенде(1 жаштын ар жак, бер жагы) толугу менен айыгып калат.
Кантип аныктайбыз?
Алгач текшеруу керек:
1. Эки буттун бырыш сызыктары (складки) бирдей, тен, окшош болуусу керек. Бири ойдо, бири ылдыйда/ бири теренирээк, бири устуртон, кыскасы, окшош эмес болсо бул дисплазия белгиси.
2. Баланын бутун курсагына 90 градуста бугуп барып ошо бугулгон бойдон тизелерин 2 жакка баканын буттарындай жаясыз. Экоо тен эч кандай тоскоолдуксуз жайылуусу шарт. Эгер бир буту толук жайылбаса, сооктордон кырсылдаган ун чыкса, демек баары жайында эмес.
3. Бала бутун бош кармаганда, б.а уктап жатканда буттарын тенештирип корунуз.
Кобунчо кыздарда, кобунчо сол бутунда коп кездешет экен.