Кош бойлуу кезде (24жума болуп калды) анда-санда машина айдаганга болобу? Озум айдаганга туура келип калып жатат. Себеби жолдошум, атам, апам жумушта. Анализ тапшырганга эрте барыш керек. Маршрутка тыгылыш болгондуктан откон айдын ичинде 2-3жолу айдадым. Зыяны балага жокпу?
Врачтар кош бойлуу айымдарга машина айдоого тыюу салышкан.
Себеби кош бойлуу аялдын абалы бат-баттан озгоруп турат (таксикоз, баш айлануу, уйкусу келуу ж.б)
Бул нерсеге карабастан, машина айдоого туура келип калса, анда руль менен ичиниздин аралыгы жок дегенде 5 см болушу керек.
Креслону да бир аз артка жылдырып, атайын кош бойлуулар учун ремен сатып алганыныз дурус.

Супер-Инфо
super.kg
видео























Мобилдүү версия