Ооо Улуу жараткан,
Мына кайрадан сенден тилек тилеп, суранып келдим.
Бул кунго чейин ушунча коп куноо кылып, Сен айткан туура жолдо журо албасам да, бетпак болсом да, Сенден башка тилене турган эч ким болбогондуктан сага келдим. Анткени, Сен кечиримдуусун,
кечирууну жакшы коросун, бизди дагы бир ирет кечир!
О Кудайым, менин жана башка момун-мусулмандардын кылган куноосун озун кечир. Бизге туура жолдо жургонду насип кыл.
О Раббим, Сенден башка жаратуучу жок, Сенден башка сыйынуучу жок, Сенден башка тиленуучу жок!
Биздин элибизге, жерибизге жана бардык мусулмандардын жерине тынчтык бер!
Элибизге-журтубузга бейпилдик бер!
Жерибизге токчулук, молчулук, берешендик бер!
Келе жаткан шайлоонун тынч отуп кетуусун Сенден суранабыз!
Элди бөлг
өнд
өрд
өн, элибизге жана өлк
өбузг
ө кыянат мамилеси болгондордон,
көрунг
өн жана көрунб
өг
өн душмандардан өзун сакта!
Силер кандай болсонор, ошондой башкарыласынар дегенинди укканбыз. Бизди кечир! Биз жаман болсок да, бузулуп жатсак да бизге ырайым кыла көр!
Себеби, Сен эн ырайымдуусун!
Сенин ырайымын, Сенин азабындан мурда келет.
Бизге ыймандуу, элге кызмат кыла турган, келечегибизди ойлой турган, уурдап-талабаган,
башка өлк
өл
өрдун куурчагы болбой турган бир президент насип кыл!
Элдин кызыкчылыгын ойлобогондорду,
жегичтерди,
мамлекетти тоногондорду,
исламга каршы чыккандарды сага тапшырдык. Буларга эгер ыйман бере турсан, эн кыска убакытта ыйман бере көр!
Эгер буларга ыйман бербей турган болсон, анда дагы эле сага тапшырдык!
О Аллахым, биз булардан тойдук! Булар бизди кыйнап жиберишти!
Бешикте жаткан баланын, төр
өл
ө элек балдардын акысын жеп атышат!
Булардын баарысын сага тапшырдык!
Булардан бизди өзун корго!
О Рахман болгон Кудайым! Сен бул дуйнө
дө ишенген да, ишенбеген да бардыгынын ырыскысын бересин. Сага ишенгендерди өзун колдо!
Биздин өлк
өбузг
ө арабыздагы эн татыктуу, ыймандуу, билимдуу бирө
өнун башкаруучу болуусун насип кыл!
Бизге жана биздин келечек муунга, башкалардын көзун карабагандай болуп жашоону насип кыл!
Ооомин!
Кудайдан тилеп, кайрылуу Мусулмандын куралы-ДУБА.
#3 29 October 2011 - 09:45
Омиийин омиийин айтканыз келсин, чынындале жараткан аллах таала дубаларды кабыл кылуучу
#4 29 October 2011 - 10:28
Бата алсан агарып когоросун,
деген акыл бар эмеспи элибизде.
Ошондуктан колду жайып биз сиздерден,
Бата алсак деген ой бар дилибизде.
деген акыл бар эмеспи элибизде.
Ошондуктан колду жайып биз сиздерден,
Бата алсак деген ой бар дилибизде.
#5 31 October 2011 - 09:00
Тилегинизди Жарткан Улуу АЛЛАХЫМ кабыл кылсын!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#6 14 November 2011 - 02:50
ТУРМУШКА КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ КҮНҮМДҮК ДУБАЛАР
اللَّهُمَّ إنّي أسألك: عِلمًا نافِعًا و رِزقًا طَيِّبًا و عَمَلاً مُتَقَبَّلاً
“Аллахумма иннии асальу- ка: ъильман наафиъан, ва ризкан тоййибан, ва ъамалян мутакоббалян ”
“Аллахым, мен сенден сураймын: пайдалуу илимди, жакшы ырыскыны жана кабыл болчу амалды”
Бул дубаны Пайгамбарыбыз (салляллаху алейхи уа саллям) багымдат намазынын аягында окучу. Дубанын сыры: багымдат күндүн башы, багымдатты кандай тоссоң күнүң ошондой уланат, багымдат учурунда ушул күнү аткарылчу иштердин ийгиликтүү болуусун суроо керек, аткарылчу иштердин эң эле жакшысы эле илим талап кылуу[3] , адал ырыскы үчүн иштөө[4] жана сооптуу кайрымдуулук иштерин кылуу[5] .
اللَّهُمَّ أَعِنّي عَلى: ذِكرِكَ و شُكرِكَ و حُسنِ عِبادَتِكَ
“Аллахумма аъиннии ъалаа: зикри-ка, ва шукри-ка, ва хусни ъибаадати-ка”
“Аллахым, мага жардам бер: сени эстешке, сага шүгүр келтиришке жана сага жакшылап ибадат кылышка”
Дубанын сыры: Ля хавля ва лаа куввата илля билляхи, же Аллахтан башка күч жана кубат жок. Адам өз каалоосу менен гана ибадат кыла албайт, албетте Аллах тараптан кандайдыр бир жардам, илхам[6] , түрткү болушу шарт. Ошондуктан ибадат кылуу кыйын болуп калганда ушул дубаны окуп туруңуздар. Жана “5 убак намазга киришүүнү каалайм, бирок эмнегедир окуй албай жатам” дегендер ушул дуба менен тилдерин нымдап, тез-тез кайталап туруусу зарыл. Ал эми таквалык жолунда бекем болуп ихсан даражасына умтулган момун мусулмандарга эскертме – “Аллах эч бир нерсеге муктаж эмес, биздин да сиздин да таат-ибадаттарыбызга муктаж эмес, эгер биз антип ойлосок Аллахтын сыноосу келип тескерисин далилдеп коюшу мүмкүн. Ошондуктан бул дуба менен дайым достошуп, Аллахтын жолунда дайым ибадат кылууга каалоо тилеп туруңуздар”
رَبِّ يَسِّرْ و لا تُعَسِّرْ و تَـمِّمْ بِالْـخَيْرِ
“Рабби йассир ва лаа туъассир ва таммим биль-хойр”
“Раббим! Жеңилдет, оордотпо жана иштин аягын жакшылык менен бүтүр”
Дубанын сыры: Бул дуба дүйнө иштеринде да, акырет иштеринде да жардам берет. Кайсыл нерсени Аллах жеңилдетсе ошол нерсе гана бизге жеңил болот. Кантип Аллах иштерди жеңилдетет: биринчиден адамга илхом берет, керектүү илим берет, каражат, күч, кудурет, убакыт берет, экинчиден ошол ишти аткарууга жардам берет жана жыйынтыгын ийгиликтүү кылып берет. Натыйжада пайда болгон акыбетти берекелүү [7] кылып берет.
Аллаху аълам!

<BR clear=all>

#7 14 November 2011 - 03:01
ДУБА – МУСУЛМАНДЫН ЭҢ КҮЧТҮҮ КУРАЛЫ!
Эстесең,
сени менен ушундай болду беле?.. Сен Аллахка жалбарып дуба кыласың, бирок жооп келбейт. Сен тынбастан кайра-кайра Ага кайрыласың,
бирок эч нерсе өзгөрбөйт. Күтө берип тажайсың, аягында үмүтүң үзүлөт да дуба кылууну таштайсың. Сени менен ушундай болду беле?
Дубаларыбыз эмне себептен кабыл болбойт? Эмнеликтен биз өз каалоолорубузга жете албайбыз? Дубанын кабыл болушунун сырлары барбы? Өз эңсегенибизге дуба аркылуу жетүү жолу кандай? Ушул суроолордун кээ бирин биз бул макалабыздын бетинде карамакчыбыз.
“Дуба – бул Жараткан Аллахтан жардам, камкордук тилөө. Дубанын маңызы – Бийик Аллахка муктаждыгыбызды көрсөтүү, (жакшылыкка жетүү болсун же жамандыктан тыйылуу болсун) өз күч-кубатыбыздын алсыз экенин билдирүү, пенде экендигибизди моюнга алуу, Аллахты даңазалап мактоо жана Анын жоомарттыгын түшүнүү” (аль-Хаттабинин берген аныктамасы боюнча)
ЖАРАТКАН ЭГЕҢ ТУУРАЛУУ ЖАКШЫ ОЙДО БОЛУУ – ДУБА КАБЫЛ БОЛУУСУНУН НЕГИЗИ
Аллах, субхан ва таала, эч кемтиксиз зат. Анын бардык сыпаттары толук жана мактоого татыктуу. Анын бир гана “Бол” деген буйругу чыкса ошол замат ал нерсе аткарылат [1] . Анын күчүнө жана илимине чек жок. Эч нерсе Аны адаштыра албайт жана билимин унуткуза албайт. Бардык макулуктар Анын эркинен чыгышпайт: ааламдагы планеталар, асман менен жер, коом жана анын иштери [2], инсан жана анын руху[3] . Бирок, Аллахтын кудурети жана эрки Анын даанышмандыгына жана илимине ылайык келет. Бул тууралуу кеңири сөз “Тагдырга ишенүү” макалаларынын өткөн чыгарылыштарында берилген.
Аллах кудуреттүү Зат, жана Ал пендесине мамиле кылат, кантип пенде өз Эгеси жөнүндө күмөндөнсө, б.а. Аллах тууралуу жакшы күмөндө болсо Ал жакшылыгын аябайт, жаман күмөндө болуп тагдырга нааразы болуп жүрсө ал киши жарыбайт. Хадис кудсийде (ыйык хадис) келгендей: “Аллах Таала айтат: - Пендем Мен тууралуу кандай ойлосо Мен ошондоймун. Эми, эмне ойлосо өз иши” (Ад-Дарими). Хадистин башка риваятында келет: “Аллах жөнүндө жакшы ойдон башка эч күмөндө болбогула ” деп (Ибн Раджаб).
Эгер инсан дуба кылып жатып Аллахтын кудуретине, ырайымына, адилеттүүлүгүнө же билимине шек келтирген болсо, ал ошого жараша жооп алат. “Раббиңерге күмөн санаган ушул силердин ката пикириңер силерди өлүмгө алып келди. Эми зыян тартуучулардан болуп калдыңар” (Фуссылат сүрөсү, 23-аят), “Силер (Аллахка) жаман ой-пикирде болуп, жок болуучу коом болдуңар” (аль-Фатх сүрөсү, 12-аят)
АЛЛАХ АГА КАЙРЫЛУУЧУЛАРГА ДАЙЫМА ЖООП БЕРЕТ!
Курандын бир нече аятында Аллах Ага дуба кылгандарга жооп кайтаруусун убада берген. Аль-Бакара сүрөсүнүн 186-аятында айтылат: “Кулдарым Мени сенден сураша турган болсо, чындыгында Мен (аларга) абдан жакынмын. Чакыруучунун чакырыгына жооп беремин. Алар да Мага жооп беришсин, Мага ыйман келтиришсин, алар туура жолдо болушат”. Ушуга окшогон башка аяттар да бар.
Ат-Табарани хадис келтиргендей, Пайгамбар (салляллаху алейхи уа саллям) айтты: “Дуба кылууга мүмкүнчүлүк берилген адам, анын жообу да ага берилет. Себеби Аллах айтат эмеспи: “Мага дуба кылгыла Мен жооп беремин” (аль-Гофир сүрөсү, 60-аят) деп”
Башка хадисте айтылат: “Аллах бирөөгө дубанын эшиктерин ачып коюп, кайра ага кабыл кылуунун эшиктерин жаап койбойт” (Ибн Раджаб)
АНДА ЭМНЕГЕ БИЗДИН ДУБАЛАР КАБЫЛ БОЛБОЙТ?
Дубанын кабыл болушунун, каалоо-тилектердин аткарылышынын техникасы өтө жөнөкөй. Аны бул формула менен чектеп койсо болот:
Дуба = ыклас + туура дуба жасоо + дубаны тосуучу себептердин сактануу
Ыкластуулук – бул дегендик таухидди кармануу, жана ширктен алыс болуу[4] , кичине ширк же чоң ширк болбосун. Ар дайым Жаратуучу менен жана Анын макулуктары менен чынчыл болуу. Анын кудуретине, адилетине, мээримине жана даанышмандыгына ишенүү. Ал бардык нерсеге күчү жетет. Бардык нерсеге[5] .
Туура дуба жасоо – бул дегендик Пайгамбарыбыз Мухаммед (салляллаху алейхи уа саллям) көрсөткөндөй тартипте дуба кылуу:
Эстесең,
сени менен ушундай болду беле?.. Сен Аллахка жалбарып дуба кыласың, бирок жооп келбейт. Сен тынбастан кайра-кайра Ага кайрыласың,
бирок эч нерсе өзгөрбөйт. Күтө берип тажайсың, аягында үмүтүң үзүлөт да дуба кылууну таштайсың. Сени менен ушундай болду беле?Дубаларыбыз эмне себептен кабыл болбойт? Эмнеликтен биз өз каалоолорубузга жете албайбыз? Дубанын кабыл болушунун сырлары барбы? Өз эңсегенибизге дуба аркылуу жетүү жолу кандай? Ушул суроолордун кээ бирин биз бул макалабыздын бетинде карамакчыбыз.
“Дуба – бул Жараткан Аллахтан жардам, камкордук тилөө. Дубанын маңызы – Бийик Аллахка муктаждыгыбызды көрсөтүү, (жакшылыкка жетүү болсун же жамандыктан тыйылуу болсун) өз күч-кубатыбыздын алсыз экенин билдирүү, пенде экендигибизди моюнга алуу, Аллахты даңазалап мактоо жана Анын жоомарттыгын түшүнүү” (аль-Хаттабинин берген аныктамасы боюнча)
ЖАРАТКАН ЭГЕҢ ТУУРАЛУУ ЖАКШЫ ОЙДО БОЛУУ – ДУБА КАБЫЛ БОЛУУСУНУН НЕГИЗИ
Аллах, субхан ва таала, эч кемтиксиз зат. Анын бардык сыпаттары толук жана мактоого татыктуу. Анын бир гана “Бол” деген буйругу чыкса ошол замат ал нерсе аткарылат [1] . Анын күчүнө жана илимине чек жок. Эч нерсе Аны адаштыра албайт жана билимин унуткуза албайт. Бардык макулуктар Анын эркинен чыгышпайт: ааламдагы планеталар, асман менен жер, коом жана анын иштери [2], инсан жана анын руху[3] . Бирок, Аллахтын кудурети жана эрки Анын даанышмандыгына жана илимине ылайык келет. Бул тууралуу кеңири сөз “Тагдырга ишенүү” макалаларынын өткөн чыгарылыштарында берилген.
Аллах кудуреттүү Зат, жана Ал пендесине мамиле кылат, кантип пенде өз Эгеси жөнүндө күмөндөнсө, б.а. Аллах тууралуу жакшы күмөндө болсо Ал жакшылыгын аябайт, жаман күмөндө болуп тагдырга нааразы болуп жүрсө ал киши жарыбайт. Хадис кудсийде (ыйык хадис) келгендей: “Аллах Таала айтат: - Пендем Мен тууралуу кандай ойлосо Мен ошондоймун. Эми, эмне ойлосо өз иши” (Ад-Дарими). Хадистин башка риваятында келет: “Аллах жөнүндө жакшы ойдон башка эч күмөндө болбогула ” деп (Ибн Раджаб).
Эгер инсан дуба кылып жатып Аллахтын кудуретине, ырайымына, адилеттүүлүгүнө же билимине шек келтирген болсо, ал ошого жараша жооп алат. “Раббиңерге күмөн санаган ушул силердин ката пикириңер силерди өлүмгө алып келди. Эми зыян тартуучулардан болуп калдыңар” (Фуссылат сүрөсү, 23-аят), “Силер (Аллахка) жаман ой-пикирде болуп, жок болуучу коом болдуңар” (аль-Фатх сүрөсү, 12-аят)
АЛЛАХ АГА КАЙРЫЛУУЧУЛАРГА ДАЙЫМА ЖООП БЕРЕТ!
Курандын бир нече аятында Аллах Ага дуба кылгандарга жооп кайтаруусун убада берген. Аль-Бакара сүрөсүнүн 186-аятында айтылат: “Кулдарым Мени сенден сураша турган болсо, чындыгында Мен (аларга) абдан жакынмын. Чакыруучунун чакырыгына жооп беремин. Алар да Мага жооп беришсин, Мага ыйман келтиришсин, алар туура жолдо болушат”. Ушуга окшогон башка аяттар да бар.
Ат-Табарани хадис келтиргендей, Пайгамбар (салляллаху алейхи уа саллям) айтты: “Дуба кылууга мүмкүнчүлүк берилген адам, анын жообу да ага берилет. Себеби Аллах айтат эмеспи: “Мага дуба кылгыла Мен жооп беремин” (аль-Гофир сүрөсү, 60-аят) деп”
Башка хадисте айтылат: “Аллах бирөөгө дубанын эшиктерин ачып коюп, кайра ага кабыл кылуунун эшиктерин жаап койбойт” (Ибн Раджаб)
АНДА ЭМНЕГЕ БИЗДИН ДУБАЛАР КАБЫЛ БОЛБОЙТ?
Дубанын кабыл болушунун, каалоо-тилектердин аткарылышынын техникасы өтө жөнөкөй. Аны бул формула менен чектеп койсо болот:
Дуба = ыклас + туура дуба жасоо + дубаны тосуучу себептердин сактануу
Ыкластуулук – бул дегендик таухидди кармануу, жана ширктен алыс болуу[4] , кичине ширк же чоң ширк болбосун. Ар дайым Жаратуучу менен жана Анын макулуктары менен чынчыл болуу. Анын кудуретине, адилетине, мээримине жана даанышмандыгына ишенүү. Ал бардык нерсеге күчү жетет. Бардык нерсеге[5] .
Туура дуба жасоо – бул дегендик Пайгамбарыбыз Мухаммед (салляллаху алейхи уа саллям) көрсөткөндөй тартипте дуба кылуу:
- Башында: Аллахка мактоолорду айтуу, асмаа хуснаа (Аллахтын ысымдары, мисалы ар-Рахим Мээримдүү, аль-Кодиир Кудуреттүү) аркылуу кайрылуу, келменин сөздөрүн кайталоо.
- Андан кийин Пайгамбарга (салляллаху алейхи уа саллям) салам салаваттарды жөнөтүү. Мисалы “Аллахумма солли ва саллим ъалаа набиййинаа Мухаммад” деп айтса болот.
- Андан кийин истигфар айтуу (күнөөнүн кечирилишин суроо), кылган ката кемчиликтерге тооба кылуу. Истигфар аркылуу күнөө жуулат, жашообузга берекет кирет[6] .
- Андан кийин өз каалообузду, өз тилегибизди суроо. Айтып жатканда өзүбүз уккандай кылып үн чыгарып айтсак жакшы. Дубага жүрөк, жан менен кирип, көз алдыбызга түстүү-түстүү кылып элестетип, Аллах каалообузду аткаргандай, мына аткарчудай үмүт болуусу керек. Дуба учурунда үмүттү коркуу сезими коштосун. Жалгыз үмүт - амалкөйлүк, жалгыз коркуу - үмүтсүздүк. Экөө чогу болуусу керек.
- Аягында дуба дагы бир сыйра мактоо жана салават менен аяктайт.
- Чоң күнөөлөрдөн алыс болуу. Өзгөчө Кудайга шерик кошуу[7] .
- Арам кесип, арам тамак, арам кийимден таза болуу[8] .
- Күнөө иш же туугандык катнашты үзүүчү дубаларды кылбоо[9] .
- Дубанын тез аткарылышын самап “Качан аткарылат эми” деп аны шаштырбоо [10].
- Үмүт үзбөө жана Жараткан тууралуу жаман күмөндө болбоо
-
ЖЫЙЫНТЫК СӨЗ
Дагы бир айта кетчү кыстырма. Жогорто айтылган себептерди кылуу менен гана дуба жүз пайыз аткарылып калбайт. Албетте, Аллах биздин Эгебиз, бардык мүлктүн Ээси, ааламдардын Тарбиялоочусу. Биздин иш - болгон туура себептерди колдонуп, дуба кылып жалбаруу, ал эми анын жообу Аллахтын эркинде.
Кай бир учурларда, бир нече ирээт дуба жасаган соң жооп болбогондуктан колубуз шалкайып, көөнүбүз тайып үмүтүбүз үзүлөт. Бирок, биз эч качан унутпообуз керек – Аллах биздин Жаратуучубуз, жана Ал болгон жана боло турган тууралуу маалым. Ошондуктан бизге эмне пайда эмне зыян экенин Андан башка жакшыраак ким билсин? Ошондуктан биздин дубаларыбызга жооп болбосо эле “Аллах бизди укпайт, Аллах бизге көнүл бурбайт, Ал бизге каары келип жатат” дегенден алыс болуубуз керек.
Балким, Аллахка гана маалым болгон себептер менен, дубабыздын орундалбашы, бизге гана дүйнө-акыретте пайдадыр. Кандай болбосун дубаларыбыз эч качан бекер кетпейт, бул дүйнөдөн үзүрүн көрбөсөк да Акыр Кыяматта дуба кылгандыгыбыз үчүн сооп табабыз. Себеби, дуба кылуу, Аллахка кайрылуу – чоң ибадаттыр.
Аллаху аълам биссавааб!

Мусулман дуба аркылуу кыйын боло алат
<BR clear=all>[1] “Бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши "Бол!" деп айтууда гана турат. Анан ал нерсе болуп калат” (ЙаСин сүрөсү, 82-аят)
[2] Аллахтын Элчиси (салляллаху алейхи уа саллям) айтты: “Чындыгында, базардагы бааларды коюуучу Аллах. Кай бирөөнө ырыскысын кыскартып, кай бирөөнө чексиз байлык берет. Ырыскыландыруучу Зат - Аллах” (Ахмад, Абу Давуд, ат-Тирмизи жана Ибн Маджа; Ибн Хиббан хадисти сахих деди)
[3] “Чындыгында, Ал – ыйлатып, кубантат. Чынында, Ал – өлтүрүп, тирилтет” (ан-Нажм сүрөсү, 43-44 аяттар)
[4] “(Эй Мухаммад) сага жана сага чейинкилерге кабар бердирилген: "Эгер сен ширк кылсаң, анда амалдарыңдын баары жок болот, а өзүн чоң жабыр тартуучулардан болуп каласың"” (аз-Зумар сүрөсү, 65-аят)
[5] “Аллах адамдарга берген жакшылыкты эч ким токтото албайт, ал эми Ал өзү токтотконду эч ким түшүрө албайт”( аль-Фатыр сүрөсү, 2-аят)
[6] “Эгеңерден кечирим сурагыла. Анткени Ал – Кечиримдүү. Ал силерге асмандан нөшөрлөгөн жамгыр жиберет. Ал силерди мал-дүйнө, балдар менен кубаттуу кылат. Жана да силер үчүн бакчаларды жана дарыяларды жаратат” (Нух сүрөсү, 10-12)
[7] “Аллах (ибадатта жана ишенимде) Өзүнө шерик кошулуусун кечирбейт. Мындан башкасын Өзү каалаган пендеси үчүн кечирет. Ким Аллахка шерик келтирген болсо, демек ал катуу адашыптыр! ” (ан-Ниса сүрөсү, 116-аят)
[8] Бир күнү Аллахтын Элчиси (салляллаху алейхи уа саллям) узак сапар кылган чачтары үрпүйгөн, үстүн чаң баскан жана эки колун асманга созуп: Оо раббим , Оо рабим деген киши тууралуу айтты. Анын жеген тамагы арам , ичкен ичимдиги арам, кийген кийими арам жана арам менен азыктанган эле. “Анан анын дубасына кантип жооп берилсин ?! –деди”. (Муслим, Тирмизий) Жана да хадисте келди: “Жакшы, адал тамактанып жүр, дубаларың кабыл болуп турат”. (Ат-Табарани)
[9] Аллахтын Элчиси (салляллаху ‘алейхи уа саллям) айтты: "Кандай мусулман болбосун Аллахка кайрылып, дубасында күнөө иш же туугандык катнашты үзүүчү нерсе жок болсо, албетте, ал кайрылууга Аллах үч нерсенин бирөөсүн берет: каалоосун орундатып бул дүйнөдөн эле тилегин берет, же Акыретке азык кылып сактап коет, же дубанын көлөмүнчөлүк бир жамандыктан арылтат" (Ахмад, аль-Хаким).
[10] Аллахтын Элчиси (салляллаху ‘алейхи уа саллям) айтты: “Ар бириңер жооп ала аласыңар, качанга дейре "мен Аллахка дуба кылдым эле, бирок Ал жооп бербеди" деп айтмайынча” (Аль-Бухари, Муслим). Пенде эч качан жооп алууга үмүтүн үзбөөсү керек, себеби Аллах дубасында бекем болгондорду жакшы көрөт.
#12 18 May 2012 - 21:48
БИССМИЛЛАХИРРАХМАНИР-
РААХИИМ....
.УЧ АЙЛАРГА
Кирип жатабыз УШУЛ УЧ АЙЛАРДА АЛЛАХЫБЫЗГА коп-коп САЛАВАТ АЙТАЛЫ коп-коп АКЫРЕТИБИЗДИ ОЙЛОЙЛУ коп-коп ДУБА КЫЛАЛЫ НАМАЗ ОКУБАГАНДАР НАМАЗ Баштайлы КИЙИН НАМАЗ КЫЛАБЫЗ ДЕГЕНДЕР Ойлонолу СЕН ЭРТЕГЕ НЕ БОЛОСУН ЖАШАЙСЫНБЫ ЖЕ..... ОЩОН УЧУН БУЛ ЖАЛГАН ДУЙНОНУН КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫ МЕНЕН ЖУРУП ЧЫНЫГЫ ДУЙНОНУ унутпайлы БЕЙИШТЕН озубузго ОРУН ДАЙАРДАЙЛЫ УШУЛ УЧ АЙЛАРДА АЛЛАХЫМа коп-коп САЛАВАТ айталы ЗИКИР ЭТЕЙЛИ АХЫРЕТИБИЗДИ ЭСТЕЙЛИ.
............
АЛЛАХЫМ БААРЫБЫЗГА АЛЛАХ СУЙУУСУН.ЫЙМАН БЕРСИН... АЛЛАХА АМАНАТ БОЛУНУЗ...
кечиресиздер мен туура эмес жазсам же сизлерге каттуу тийсе
АЛЛАХЫМ БААРЫБЫЗГА АЛЛАХ СУЙУУСУН.ЫЙМАН БЕРСИН... АЛЛАХА АМАНАТ БОЛУНУЗ...
кечиресиздер мен туура эмес жазсам же сизлерге каттуу тийсе
♥ менин бактым балдарым ♥
#14 22 May 2012 - 20:42
Жараткан Аллахым ар бирибиздин журогубузго ыйман ынсап берсин!!
!
Агарып аткан танды жылмайып тосуп алуунун озу кандай гана керемет!.
.
#16 01 June 2012 - 01:22
Эч бир адам баласынын башына жаман кун тушпосунчу,
жакындары жанында, алты саны аман болуп журо беришсин.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#18 12 June 2012 - 01:01
Айтканыныздар келсин. Анан амин эмес оомийн!
Чын журоктон чыкса айырмасы жок деп ойлойм.Экоотен бир маанини камтыйт.
Кыргыз тили кылымдарды карыткан,
Эчким аны очуралбайт тарыхтан .
Эчким аны очуралбайт тарыхтан .
#19 16 June 2012 - 02:22
Чын журоктон чыкса айырмасы жок деп ойлойм.Экоотен бир маанини камтыйт.
Туура соз,чын дилден айтылган дуба кабыл болот.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#20 22 June 2012 - 17:39
Аллахым билип билбей кетирген куноолоруму кечир!Адал арам тамактарды жегеним учун кечир!Оо дуйнонун тозогунан эмес бейишинен жай бере кор,ошол бейишке алып баруучу иштерди буйру,шайтандын торуна чалынуудан сакта оо Жараткан озунуз колдой корунуз!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!

Супер-Инфо
super.kg
видео