Ар дайым сүйүктүү болуш үчүн... Эмне кылышыбыз керек?
#22 21 Июнь 2012 - 14:41

Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
#24 25 Август 2012 - 13:06
Aydashka (16 Май 2012 - 18:39) жазган:
Күйөөңүздү кыйын мезгилде колдоону билесизби?
Жолдошуңуз жумуштан кабагы салыңкы кайтса, демек, кызматында кыйынчылыктар пайда болгонун айттырбай түшүнүүгө болот. Кыйын кырдаалда мээси чарчап турган жолдошуңузду кантип жубатуунун жолун билесизби?
1. Маселени кабыргасынан коюштан мурда өзүнөн кандай кеп чыгарын күтө туруңуз. Сиздин берген суроолоруңузга кыска жооп берип ток этээрин сүйлөп жатса, демек, жумушундагы көйгөйлөрдү сиз менен талкуулагысы келген жок. Мындай учурда маңызданып кайра-кайра суроо жаадыруунун зарылдыгы жок. Муну өзүнүн иштерине кийлигиштиргиси келбей жатат деп түшүнүп,таарынууга шашылбаңыз. Балким сизди ашыкча санаага салгысы келбей жаткандыр.
2. Ар бир күйөө өзүн жаман сезип турганда ага чындап күйүп жатканын же жөн гана аялдык милдетти аткарымыш этип жатканыңызды дароо сезет. Эгер сизди анын жумушундагы кыйынчылыктар чындап кызыктырбаса, калп күйүп-бышуунун кереги деле жок. Балким сиз табиятыңыздан сөз менен жубатканга жоктурсуз. Андай учурда жөн гана мээримдүү, камкор көз карашыңыз менен "мен дайым сени мененмин" деген сезимиңизди жеткирип койгонуңуз жетиштүү.
3. Табиятынан кыйынчылыктарга бат сынган кайратсыз эркектер болот. Андай эркектин абалын эмоцияга бат алдырган аялдар эки эсе оорлотушу мүмкүн. "Эми кантебиз?" деген кыйпычыктаган суроолоруңуз менен жолдошуңузду жарга такап, жашоодон түңүлтөсүз. Жашоо бүтүп калбаган соң маселени ырбатпай, мындай кыйынчылыктар ар бир адамда болоорун эскертип, жөлөк болгондон өтөөрү жок.
4. Жолдошуңузга жардам берүү иретинде кызматкерлерин жамандап, өзүн мыкты көрсөтүү негизги катаңыз. Муну менен анын дымагын ого бетер жогорулатып, абалын оорлотосуз. Өзүн өзгөлөрдөн өйдө коюп кесиптештеринин арасында баркын төмөндөтүп алышы мүмкүн.
5. Өзүнүн абалын биринчи орунга койгон айымдын адаты, күйөөсү кечинде жумуштан келээри менен күндүз кечке бала менен чарчаганын бежиреп айтуу. А балким, алгач жолдошуңуз сырттан кандай маанай менен киргенин байкап көрөөрсүз? Анын абалы, чарчаганы сиздикинен оор экенин моюнга алуу керектир. Кабагыңызды түйүп, идиш-аякты калдыратаардан мурда бир үй-бүлөнү багып жаткан адамыңыздын акыбалы менен таанышып көрүңүз. Аны башка эркектерге салыштырып, башкалар кызматында кандай ийгиликтерди жаратып жатканын айтып басынтпаңыз. Жолдошуңуз ачык айтпаса да, кызматында кыйынчылыктар жаралса сөзсүз сизден жакшы мамиле күтөт. Иш күнүндөгү ийгиликсиз сааттарды сиздин жакшы сөздөрүңүз менен толуктагысы келээрин унутпаңыз.
Баласы бар айымдар жеке жашоосун кантип калыпка салса болот?
Кандайдыр бир себептер менен баласын атасыз өстүрүп жаткан айымдар бүгүнкү күндө өтө эле көп. Алардын айрымдары экинчи жолу бактысын сынап көрүүнү туура көрүшсө, көпчүлүгү баласы үчүн өз бактысын курмандыкка чалышат. Бул жаатта балага да оор тийбегидей, аял өзү да бакыттан куру калбагыдай жолдор бар:
- Болочоктогу жолдошуңуз менен мамилеңиз жаңыдан түптөлүп баштаса, анда аны балаңыз менен тааныштырууга шашылбаңыз. Жашооңузда пайда болгон адам канчалык деңгээлде ишеничтүү экенине көзүңүз жеткен соң гана кийинки кадамды жасоого болот.
- Тааныштыраардан мурда үйүңүздө жакын арада дагы бир адам пайда болоорун акырындан айтып, балаңыздын маанайын байкаңыз. Ал сизге да жакын адам керек экенин мойнуна алышы керек. Психологиялык даярдыгы мыкты калыптангандан кийин гана ээрчитип келүүгө бел байлаңыз.
- Ар бир жолугушууга баланы ээрчитип баруунун зарылдыгы жок. Сүйүктүүңүз менен болгон тыгыз байланышты балаңыз дайым эле туура кабыл ала бербейт. Анын үстүнө балаңыздын аял менен эркектин ортосундагы жакындыгын түшүнүүгө азырынча психологиясы даяр эмес. Ал адам жөнүндө уккан башка, ал эми анын кыймыл-аракетин, жок дегенде эле сиздин колуңуздан кармап отурганын көргөн башка иш.
- Балаңыздын пикирин эске алыңыз, бирок анын ою менен дайым эсептешүү мүмкүн эмес. Кээде апасын кызганган бала жөнү жок чыртылдап маанайы бузулуп, жакын адамыңыз менен кезигээрде кыялы кармашы мүмкүн. Алдап соолап, керектүү жерден катуу талапты да коё билиңиз.
- Сиздин түшүнүп алдаганыңызга болбой балаңыз ал адамды олуттуу кабыл албаса, демилгени сүйүктүүңүздүн өз колуна бериңиз. Балким, сиз таап айта албаган сөздөрдү ал айтып тентегиңизди кепке келтирет.
- Биринчи жолдошуңуздан биротоло кол үзүп, балаңызды катташтырбай тырышуунун кереги жок. Балаңыз ал ниетиңизди сезип эрегешиши мүмкүн. Жаңы "атасына" көнүп, мамилесин чыңдаганча, андан кийин деле өз атасы менен катышын үзбөгөнү оң.
- Эң негизгиси жаңы сүйгөнүңүз балага кандай мамиле жасап жатканына үстүртөн көз салыңыз. Ал тараптан орой мамиле, кол көтөрүү болгон жокпу, балага кысым көрсөткөн жокпу деген сактануу ашыкча болбойт. Себеби, экөөңүздүн мамилеңиздин чыңдалып кетишине бала түздөн-түз маанилүү роль ойнойт.
Урушуунун маданиятын билесизби?
"Эмне мага кыйкырасың? " деген фразадан башталган түгөйлөрдүн ортосундагы уруш-талаштын да өз эрежеси бар. Үй-бүлө болгон соң урушту түп-тамырынан бери жоюу мүмкүн эмес, бирок ортодогу сый мамилени сыйрып жоготпош үчүн кайым айтышуунун санын кыскартса болот.
1. Түгөйүңүзгө болгон таарынычты ичиңизге топтоп, сыртыңыздан сыр бербей жылмайып жүрө берүү сиздин негизги катаңыз. Мейли кичинекей таарыныч болсун, ылайыгын таап убагында айтып, чечишип алгандан өтөрү жок. Тымызын таарынып, тиш кайрап жүргүдөй жолдошуңуз сизге душман эмес да.
2. Уруштун себеби эмнеден чыкканын ойлонуп көрүңүз. Кээде болбогон майда нерсени ырбатып ийген учурлар арбын. Балким буга чейин андан чоң маселелерге деле көз жумуп жүргөндүрсүз. Кандай маселе жаралбасын, жолдошуңуз бир жакка шашып же маанайы жок болгон учурда сөз козгобоңуз. Кичинекей болбогон маселенин чоң урушка айланып кеткенинин себеби да ушунда.
3. "Азыр мен буга көрсөтөм" , "буларды айтам" деп ичиңизден ызырынып, урушка даярдануу андай деле зарыл эмес. Ошондон көрө "балким мен туура эмес кылып жаткандырмын, кай жеримен жаздым" деп өзүңүзгө суроо койсоңуз уруштун түйүнү чечилет.
4. Жолдошуңуз сүйлөп жатканда анын сөзүн бөлүп же андан катуу кыйкырсам жеңем деген оюңуз жаңылыштык. Көпчүлүк аялдар жолдошунун унчукпай калганын жеңилген катары кабыл алып кадимкидей кайраттанып калышат. А чынында ал теңелбей, акылдуулук менен жеңгенин ар ким эле мойнуна ала бербейт.
5. Урушту үйдөн чубап чыгып, туугандарды, досторду аралаштыргандан карманыңыз. Балдарыңыз, жакындарыңыз экөөңөрдүн "концертиңерге" күбө болбош керек. Жолдошуңуздун алсыз жагын айтып, мисалы урушка тиешеси жок болсо да "сенин апаң, сенин туугандарың" деп негизги темадан четтеп ошого басым жасасаңыз, анын көңүлүн суутуп алышыңыз мүмкүн.
6. Элдешүүгө биринчи кадам жасаганды намыс көрбөңүз. Көк беттик менен жеңгенден көрө жайдары мамиле менен үйдөгү "суук аба-ырайын" жөнгө салуу аял затына көбүрөөк мүнөздүү. Ошол ак көңүлдүгүңүздөн жазбай "мага эле керекпи" деген ойду алыс таштаган өзүңүзгө да, жолдошуңузга да жакшы.
Кайнененин тамырын кантип тартса болот?
Жашоодо кайнене-келиндин камыр-жумур болуп ынтымактуу жашапкеткен учурлары сейрек кездешет. Бирок кайненеңиз менен болгон мамилени бекемдөө сиздин колуңузда.
- Кайнене менен мамилени сый бойдон сактоонун бирден-бир жакшы жолу - андан бөлөк жашоо. Бирок бир үйдүн жалгыз же кичүү келини болсоңуз өмүр бою кйаненеңиздин көңүлүн алып, көзүн карап өтүүгө туура келет. Биринчи кезекте каалайсызбы жокпу, өз кызыкчылыгыңызды, көз карашыңызды чөнтөгүңүзгө ката туруңуз.
- Конокко камынып жатасыз, ошол учурда кайненеңиз чалып үй иштерине каралашып коюуну суранды. Баруудан өзүңүз деле баш тарта албайсыз го, бирок кийинчирээк бараарыңызды туура түшүндүрө билиңиз. Таарынтып албаш үчүн ылайыктуу сөздөрдү издегенден ээринбеңиз.
- Жолдошуңузду апасынын көзүнчө кемирип-кесип, кемчилдигин айтып даттанган туура эмес. Бул энесине да шек келтирип, аны сөзгө сындырганга барабар. Тескерисинче, уулунун кемчилдигин жашырсаңыз, кайнененин сизге ичи жылыйт. Баласынын кемчилдиктерин сиз баса белгилебесеңиз деле энесинен артык аны эч ким билбесе керек.
- Жолдошуңуз дем алыш күндөрдү апасы менен өткөргүсү келсе кабагыңызга кар жаадырбаңыз. Ошол учурдан пайдаланып кйаненеңиздин тамырын тартып, табити кандай, кайсы тамакты жакшы көрөт, тил табышыш үчүн кандай темаларды козгоо керек экенин аныктаңыз.
- Кээ бири үчүн кайнене окула элек китеп. Жаңы бүлөгө барганда өз эрежеңизди орнотконго ашыкпай, ошол үйдүн тартибине баш ийип жашаганды үйрөнүңүз. Бара-бара кызматыңыздын, сый мамилеңиздин аркасы менен кадыр-барк топтоп, сөзүңүз өтө турган кез да келет.
жолдошунуз аябай бактылуу болсо керек ээ. аябай акылдуу экенсиз.
#25 25 Август 2012 - 13:12
#26 26 Август 2012 - 16:07
Сандыкты ачасын сен умут менен!
#27 27 Август 2012 - 12:25
enigma (26 Август 2012 - 16:07) жазган:
"Башка түшсө-байтал жорго"дейт. Кеңешке зар болгондо,балээдей эле аткара алабыз.Жакшы, бактылуу жашаш үчүн,кимдер аракет кылышпайт?.. .
#28 27 Август 2012 - 13:19
Tentewka (07 Апрель 2012 - 17:15) жазган:

Куйоонузго, жигитинизге туруктуу болсонуз деин дедим эле,шашып тамагаларым уйдо калып кетиптир.(Кечиресин)

#29 03 Июль 2013 - 17:14
#30 03 Июль 2013 - 17:29
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#31 04 Июль 2013 - 14:01
#32 27 Июль 2013 - 13:16
tabyshmak (03 Июль 2013 - 17:29) жазган:
Сөзгө түшүнбөгөн, дөдөй,колу катуу,сараң, ичкенди өтө жакшы көргөн эркектерден алыс болгон эле жакшы.Анткени аларбул дүйнөгө ушинтипжаралып калышкан.Ага миң аракет кылсаң да сүйүктүү боло албайсың.Сен аялзаты экениңди жана сезимсиз адамга убакыт коротуп отуруунун кереги жоктугу эсиңде болсун
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#33 28 Июль 2013 - 10:16
morther (27 Июль 2013 - 13:16) жазган:
Андайдан Кудай сактасын эже! "Барчу жеримден бакыт табам" деп умуттонуп жургон кезим. Кантсе да бул темада коюлган суроо боюнча пикирибиздин тупкуру бир экен.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#34 15 Март 2014 - 16:24
1) Жакшы көргөн адамыңыз менен канчалык
көбүрөөк баарлашсаңыз ага ошончолук
жакындап, мүнөзүн билип тартылаарыңызды
адамдардын жүрүш-турушун изилдеген Дэвид
Либерман далилдеген. Ал эми сиз жигитиңиз
менен алгач таанышканда аны менен көбүрөөк убакыт бирге өткөрүп, жылуу мамилеңиз менен
жүрөгүн багындырганыңызга көзүңүз жеткенден
кийин бир аз убакыт андан алыстай туруңуз.
Адамдар кыйындык менен жете турган нерсеге
ашыгып умтулушат эмеспи. Демек, сиз да
сүйүктүүңүзгө канчалык бийиктикте тураарыңызды жүрүш-турушуңуз менен
түшүндүрүңүз.
2) Көзүңүз менен сүйлөшүүнү үйрөнүңүз, анткени
адам көп учурда сөз менен айта албаганын көзү
менен түшүндүрөт. Эгерде экөөңүздүн тиктешип
жаткан учуруңузда кимдир бирөө маекке аралашса да сүйүктүүңүздөн колуңуздан
келишинче көзүңүздү албаңыз. Гарварддык
психолог Цик Рубин кадимки адамдар сүйлөшүп
жатканда болжол менен 45% тиктешсе, сүйүшкөн
түгөйлөр маектешүү учурунда 75% көздөрү
чагылышат.
3) Көп учурда кызганчаактык урушка алып келет
десе кээ бир кездерде бул көрүнүштөрдүн
пайдасы тиет экен. Кантип дейсизби? Чектен
ашпаган кызганыч менен сиз жакшы көргөн
адамыңызга канчалык деңгээлде кымбат экенин
сездире аласыз. Ал эми белгиленген "чийинден" ашсаңыз албетте аягы уруш менен аяктайт.
4) Жигиттердин көпчүлүгү түнт, сырдуу
бийкечтерди жактырбаса көп сүйлөгөн
"жаактууга жай бербеген" селкилерди да
тандашпайт. Ал эми сиз ортосун тандаңыз,
өзгөчө досторуңуз менен кечеге барганда азыраак сүйлөгөнгө аракет кылып, жайдары
маанайда болгонуңуз оң. Эгерде өнөктөшүңүз
"курч" тамашага өтсө жайдары кабыл алыңыз.
Кандайдыр бир иш жасоодо сөзсүз түрдө сизди
түшүнүп, колдогон адамыңызга кеңешип жардам
сураңыз. Ал сиздин өз алдыңызча экениңизди сезсин, бирок ошол эле учурда анын жардамына,
колдоосуна муктаж экениңизди билүүсү кажет.
5) Жакшы жумуш жасаса көңүлүн көтөрө турган
жылуу сөздөн кур калтырбаңыз, бул болсо да
жакшы көргөн адамыңызга стимул боло алат.
Бир кадам болсо да анын журогуно жакындоонун бир жолу.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#35 17 Апрель 2014 - 15:19
Сизге уй жумушунда кичине болсо да, жардам берсе, ошону коптун ордунда коруп, "жардам бергенин учун рахмат" деп айтып коюу ашыктык кылбайт. Бул ыраазычылыгыбыз менен, жолдошубузду бизге бат-баттан уй жумуштарына кол кабыш кылып турууга уйротобуз.
Эркектер аялдардан оздорун кыйын жана акылдуу сезгенди жактырышат.
Жолдошунузга озун "акылдуу" кылып корсотуусуно мумкундук бериниз. Аялдар канчалык алсыз жана жардамга муктаж болсо, эркектер ага жардам берууго, аны коргоого ашыгышат. Мындан алардын оздоруно болгон ишеничи арта баштайт.
Билдирүүнү түзөткөн: ANGEL_: 17 Апрель 2014 - 15:20
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#36 26 Сентябрь 2014 - 13:39
#38 13 Октябрь 2014 - 20:55
#39 13 Октябрь 2014 - 20:55
#40 13 Октябрь 2014 - 20:55