Суперстан: Дене түзүлүшүӊүз 90-60-90 болууну эңсеп жүрдүңүз беле? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (16 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Дене түзүлүшүӊүз 90-60-90 болууну эңсеп жүрдүңүз беле? анда эле бул жакка баш бага калыныз...

#121 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 19:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Үч күнгө ылайыкталган экспресс диетада 5 килограммга арыктайсыз

Сүрөт Диетанын кайсы түрүн тандабаңыз, эң башкысы ага олутту мамиле жасап, эрежени так аткаруу керек. Бул диетаны кармоо менен организмдеги зыяндуу заттар тазаланып 3-5 килограммга арыктай аласыз.

1- Күнүнө 1,5-2 литр таза суу ичүү керек. Газдалган жана таттуу ширелер жарабайт.

2- Сууну тамактанууга чейин ичүү зарыл. Же ачкалыкты сезгенде ичсе болот.

1. Бир күндүк кабыл алган азыктардын калориясы 1300 килокалориядан ашпашы талап кылынат.

Сүрөт

2. Куурулган, майлуу, туздалган, жогорку калориялуу тамак- ашы ичүүгө толугу менен тыюу салынат.

3. Диетанын мөөнөтүн узартпай так сактоо маанилүү. Эгер күткөн жыйынтыкка жетпесеңиз, анда эки аптадан кийин кайра кайталасаңыз болот.

Сүрөт

4. Диета кармоо учурунда колдонгон азыктардын баары жаңы болушу шарт.

5. Диета бүткөндөн кийин, баштапкы тамактанууңузга акырындык менен өтүү сунушталат жана суусундукту көбүрөөк ичүү керек.

Сүрөт

Үч күндүк экспресс диетасынын биринчи ыкмасы

Бул диета үч күнгө ылайыкталган жана үч этап менен жүрөт.

1- Күн

Бир күн боюу кечки алтыга чейин жашылча ширелеринен 1 стакан, сууга бышырылган жашылчадан бир килограмм кабыл аласыз. Көк чай жана суусундукту каалаган өлчөмдө кабыл алууга болот.

1- Күн

Суудан башка эч нерсе ичпейсиз. 3-4 литрге чейин суу ичсеңиз болот. Суу ичүүнүн аралыгы 40 мүнөттөн кем болбошу зарыл.

2- күн

1,5 литр майсыздандырылган кефирди беш порцияга бөлүп бир күн боюу ичесиз. 200 грамм майсыздандырылган быштак. Муну эки порцияга бөлөсүз.

Сүрөт

Экинчи ыкма

1- күн

400 грамм майсыздандырылган быштак. 600 мл 2%5 пайыз майлуулуктагы йогурт. Шекерсиз көк чай жана суусундук ичсеңиз болот.

Сүрөт

2- Күн

700 грамм жашылча жана 700 грамм жемиш кабыл аласыз. Банан, жүзүм жана картшкадан алыс болуңуз. Жашылчалардан салат жасап жесеңиз болот. Бирок ,майонез жана туз кошпой, зайтун майын кошсоңуз болот.

3- Күн

4 даана грейфрут, 4 даана сууга бышырылган жумуртка. Буларды кезеги менен ар бир саат аралыгында жейсиз.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 19:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Машыгуу залына барбай эле 5 ыкманы аткарып арыктаңыз

Ашыкча салмактуулук ар бирибизди ойлондурган олуттуу маселе эмеспи. Идеалдуу бой келбетке ээ болуу үчүн жүздөгөн ыкмаларды колдонуп көрүүдөн тажабайбыз, машыгуу залдарына барабыз. Бирок, буга бардыгынын эле мүмкүнчүлгү жок. Алгач сизде канча салмак жана канча калория ашыкча экенин эсептет чыгыңыз. Андан кийин күнүмдүк жашоо- тиричилик иштерине канча калория жумшай тургандыгыңызды бөлүштүрүп, ага карата арыктоону баштасаңыз болот. Бул үчүн машыгуу залына баруунун кажети жок.

Сүрөт

1- Күн сайын жумушка жөнөөрдө чачыңызды жасалгалайсыз. Фен менен кургатып, чачты формасына келтирүүгө сизден 100 калория кетет.

Сүрөт

2- Дүкөнгө барып азык түлүк сатып алууда 167 калорияңыз жоголот. Сатып ала турган азыктарды өйдо- ылдый болуп карайсыз, бийик турганын кол сунуп аласыз. Андаан кийин аны көтөрүп үйгө келесиз. Ошондуктан күчүңүз жеткидей азык- түлүк салынган баштыгыңыз болсо үйгө жөө келиңиз.

Сүрөт

3- Күн сайын жеңил жана жумасына толугу менен үйүңүздү жыйноо менен 200 калория кетиресиз. Кийимдерди иреттеп саласыз. Килем күбөсүз. Төшөлмөлөрдү жууйсуз. Чаң сүртөсүз жана кир жууйсуз.

Сүрөт

4- Балдарыңыз менен күн сайын кечки жумуштан кийин же кечки тамактан кийин бир аз сейилдегенди адатка айлантыңыз. Кур кол чыкпай колуңузга секиргич (скакалка) ала чыгыңыз. Ыңгайы келген учурда күчүңүздүн жетшинче 50 дөн жогору секирип коюңуз. Муну менен сиз 200 калорияны алыс айдайсыз.

Сүрөт

5- Таза абада иштегенге аракет жасаңыз. Дем алыш күндөрү эгер жер үйдө жашап огородуңуз болсо аны карап кам көрүңүз. Көп кабаттуу үйдө жашасаңыз колго шыпыргы калак алып өзүңүздүн кабатка тиешелүү тепкичтерди жана эшиктин алдын шыпырып коюңуз. Бул соопчулук ишине да тазалыкка да жакшы эмеспи. Мындай аракетиңиз менен 300 калория жоготосуз.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 21:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


7 күндүк кефир диетасы: бир күндө 1 кг салмактан арыласыз

Негизи эле, сүт азыктары адамдын организмине тийгизген эң таасирдүү жана пайдалуу азык катары баалашат. Сүт азыктарынын ичинен кефирге токтололу.

Кефирдин пайдалуулугу

Буга чейин жана азыркы тапта бул сүт азыгы менен тамак- сиңирүү органдарынын жабыркашын, жүрөк- муун жана нерв торчолорунун жабыркашын даарылап келишет. Күнүмдүк азыктанууга кефирди дайыма кабыл алып жүрүү менен тырмактары бекемделип, чачтар көркүнө чыгып жана теринин өңү жакшырат.

Мындан сырткары, кефирдин курамын изилдеп чыккан окумуштуулар анын ашыкча салмактан арылтууга да колдонууга боло тургандыгын аныкташкан.

Сүрөт

Кефир ичип арыктоо ыкмасы

Ашыкча салмактан арылуу үчүн диета учурунда 1%дык кефир колдонулат. Кошумча, бууга бышырылган сабиз менен картошка (куурулган жарабайт), калориясы көп жүзүм менен банандан башка жемиштер, кургак жемиштер аз өлчөмдө, майсыз ак эттер (тооктун, балыктын), бир күндө бир стакан таза кофе ичке болот.

Сүрөт

Туз, курчутмалар, шекерге толугу менен тыюу салынат. Анткени алар, жакшы жыйынтыкка жетүүгө токоолдук жаратышат. Кефир менен эки түрдүү диета кармоого болот. Күчтүү жана жеңил диета.

Күчтүү диета бир апта колдонулат

Такталып, иреттелген диетаны эрежеге ылайык колдонуу менен бир аптанын ичинде 7 килограммга чейин арыктоого мүмкүнчүлүк бар.

Сүрөт

1- Күн

Бир күн боюу кабыл алына турган азыктар: кефир- 0,5 литр, картошка 2-3 даана, муну сууга же духовкага калдырканга ороп бышырып жесеңиз болот.

2- Күн

Кефир- 0,5 литр, 300 грамм майсыздандырылган быштак

Сүрөт

3- Күнү

Кефир- 0,5 литр, кургак жемиштин түрлөрүнөн 500 грамм

Сүрөт

4- Күн

Кефир- 0,5 литр, 500 грамм ак эт, сууга бышырып же духовкага калдырканга ороп бышырып кабыл алуу. Туз, курчутмалар кошулбайт.

Сүрөт

5- Күн

Кефир- 0,0 литр, кыйгыл алма же чийки сабизден 2-3 даана

6- Күнү

1,5 литр кефир гана ичесиз

Сүрөт

7- Күнү

Газдалбаган минералдык суудан 1,5 литр ичесиз.

Кефирден сырткары, кошумча кабыл ала турган азыктарды бир күн боюу эртең мененки саат 6дан кечки саат 6га чейин гана жешиңиз керек. Ал эми, андан башка учурда газдалбаган таза суу ичип коёсуз. Күчтүү диета чындыгында катаал диетага кирет. Муну ар бир эле айым чыдап жасай албайт. Алар үчүн экинчи жеңил диета колдонуу сунушталат.

Сүрөт

Бул диетаны колдонууну баштаардан эки күн мурун өзүңүздү даярдап алыңыз. Ал үчүн эки күн боюу ар бир күнгө 1,5 литр кефирди 5ке бөлүп бир күн боюу кабыл аласыз. Андан кийин бир апта боюу жогорудагы күчтүү диетаны кайталайсыз. Бирок, төмөнкү азыктарды кошосуз.

Сүрөт

Түшкү тамакка 150 грамм ак эттер, балвктын же тоок эти, майсыз эт сорпосу, бир кесим ак эт менен. Ошондой эле табитиңизге жараша чөп чай ичсеңиз болот.

Сүрөт

Кефир диетасын аягына туура чыгаруу

Бул диетаны кармап бүткөн соң, дароо эле күчтүү тамактарды кабыл албай акырындык менен жеңил тамак- аштарды колдонууну унутпаңыз. Эртең менен бир апта боюу буламык жасап жеңиз. Суюк тамак ичиңиз.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 21:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Арыктоо үчүн колдонулган эң коркунучтуу ыкмалар

• Тамактануудан толугу менен баш тартуу

• Гидроколонотерапия

• Арыктоо үчүн дары- дармектер

• Яйцеглист жуктуруу

• Алма уксусу

• Майлуу теринин бөлүгүн хирургиялык жол менен алып таштоо

• Сауна

• Кусууну атайылап чакыруу

Кээ бир айымдар арыктоо үчүн ар кандай ыкмаларды колдонууга тобокелчиликке барышат. Заманбап диетология тармагы шек жаратуучу жана күмөндүү, ден- соолукка зыянын тийгизүүчү тез арада арыктоо ыкмасын колдобойт.

Бирок, сулуулуктун артынан кууган айымдардын басымдуу бөлүгү коркунучтуу диета экенин билсе деле жакшы натыйжасы болсо ошол жолду тандап алышат. Айымдарды теринин жабыркашы, гиповитаминоз жана тамак сиңирүүнүн бузулушу деле чочута албайт.

Сүрөт

Тамактануудан толугу менен баш тартуу

Баарына белгилүү болгондой эле, ачкалык эң натыйжалуу ыкмаларга кирет. Ачка жүрүү жакшы жыйынтык берүү үчүн, ачка болуу учурунда толугу менен дарыгердин козөмөлүндө болушуңуз керек. Ал эми өз алдынча керээли- кечке кезерип ачка жүрүүжашоого маанилүү органдардын иштешин бүлүндүрүп көйгөй жаратат.

Албетте, убакытуу ачкачылык ашыкча салмактан арылууга жакшы ыкма болуп эсептелет. Бирок, организмге керектүү заттар барбагандыктан органдардын иштөөсү начардай баштайт. Ачкачылык учурунда гликогенанын топтому иштетиле баштай. Кийинчерээу азыктандыруучу белок жетишпей ал керектүу затты кандан жана булчуң торчолорунан ала баштайт. Ачкачылыктын алгачкы бир аптасында озүңуздү жеңил сезгениңиз мене нкийинки күндөрү шайыңыз ооп, алсырай баштайсыз. Кан басым төмөндөйт. Денени температурасы түшөт. Кандагы канттын деңгээли ылдыйлайт. Ал эми тамак сиңирүү органы "авариялык" абалда иштей баштайт. Май менен белоктун жетишпегенинен улам тери жабыркайт. Бозомук- сары өң тартып калат. Тырмактар сынып, чач түшө баштайт.

Сүрөт

Гидроколонотерапия

Ичегилерди клизма жолу менен тазалоо арыктоо үчүн колдонулган күмөндүү ыкма. Анткени клизма дарыгердин көрсөтмөсү менен гана жасалат. Эгер оз алдынча жасай турган болсоңуз, анда, ичегилердеги микрофлорду жууп саласыз. Ал, болсо өнөкөт дисбактериозго алып келет. Мындан сырткары, организм өз алдынча жашоо үчүн керектүү азыктарды кабыл алуу жана бөлүп чыгаруу жөндөмүнөн ажырайт. Мунун айынан улам эле дааратканага чуркаганды каалабасаңыз керек.

Ошондой эле, ичти өткөрүүчү каражаттары да колдонууга болбойт. Бирок, тилекке каршы көпчүлүк айымдар бул ыкманы колдонуудан да баш тартышпайт.

Сүрөт

Арыктоо үчүн колдонулуучу дары- дармектер

Буга чейин деле "Керемет дарынын" зыяндуулугу тууралуу көп эле жолу айтылып келет. Бирок, ага карабай айымдардын басымдуу бөлүгү дал ушул "керемет дарыны" колдонуудан баш тартышпайт. Мунун айынан депрессияга, стресске кабылып, уйкусуздук тооруйт.

Сүрөт

Яйцеглист жуктуруу

Бул ыкманы узак убакыттан бери колдонуп келишет. Паразиттер чындыгында арыктоого жардам берет. Бирок, организмди эң күчтүү интоксикацияга алып келип, натрийдин запасын жоготот. Иммунитет төмөндөйт.

Сүрөт

Алма уксусу

Алма уксусу табигый кислота чынында эле арыктоого жардам берет. Бирок, аны эрежелерге ылайык так аткаруу сунушалат. 2 апта боюу бир аш кашык алма уксусун жылуу сууга ралаштырып ачкарын ичүү сунушталат. Ичкенден кийин тишинизди паста менен жууп коюу керек. Себеби калган кислоталар тиштин эмалын бузат.

Сүрөт

Майларды хирургиялык жол менен алуу

Бул ыкма эң эле коркунучтуу ыкмаларга кирет. Албетте жыйынтыгы дароо эле билинет. Бирок толук айыгуу көпкө созулат.

Сүрөт

Сауна

Ысык буулануу менен арыктаса болот. Бирок буулануудан кийин массаж жасатсаңыз, жыйынтыгы жакшы болот.

Сүрөт

Атайылап кусуу

Бул ыкма дагы коркунучтуулардын катарында. Атайылап кусуу чакыруу менен калий, гиповитаминоздун азайышына себеп болот. Тамак сиңирүү органы такыр эле иштен чыгат анын айынан анарекция булимия илдеттерине кабылуу коркунучу бар.

Сүрөт





Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 22:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Каалагандай тамактанып, бирок арыктоого мүмкүндүк берчү диета
Бул диета эки жумада 8-12 килограммга арыктоого мүмкүндүк берет. Бул диета эки аптада 8-12 килограммга арыктоого шарт түзөрүн диетологдор белгилешүүдө. Аны кармоодогу жалгыз талап кылынган шарт-тамак ичердин алдында эки стакан суу ичүү жана андан кийин эки саатка чейин эч кандай суюктук ичпей туруу. Сүрөт

Анын мааниси абдан эле жөнөкөй. Ар бир тамак ичердин алдында сиз 2 стакан суу ичишиңиз керек, андан аз эмес же көп эмес. Ушундан соң 15-20 минут өткөндөн кийин тамак ичүүгө киришсеңиз болот. Бирок тамактанып жаткан учурунда жана андан кийинки 2 сааттан кийин эч кандай суюктук ичүүгө болбойт. Эки сааттан соң өзүңүздүн сүйүктүү чайыңызды же кофеңизди ичүүгө, таттуу токочту жегенге уруксат берилет.

Бул диетаны кармагандарга күн сайын төмөнкүдөй меню сунушталышы керек:

Эртең мененки тамак: 2 стакан суу. Көңүлүңүзгө жаккан даам менен суюктук ичпей тамактануу. Тамактан кийин эки саат өткөнгө чейин суусундук ичүүгө тыюу салынат.

Түшкү тамак: 2 стакан суу ичесиз. Менюга эч кандай чектөө жок. Болгону тамактанып жатканда жана андан кийинки 2 саат аралыгында суусундук ичилбейт.

Кечки тамак: 1 стакан суу ичесиз. Калаасаңыз 2 стакан суу ичсе болот жана 20 мүнөттөн соң каалаган тамагыңызды жесеңиз болот. Андан соң эки саатка чейин суюктук ичпейсиз.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   madina.87   10 Июнь 2015 - 18:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Моу акыркы диета абдан жакты.аткарыш керек.%)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   neizvesnyi   10 Июнь 2015 - 18:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 269
  • Катталган: 06 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 15 Мар 2025 02:28
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Mediziner (09 Июнь 2015 - 22:01) жазган:

Каалагандай тамактанып, бирок арыктоого мүмкүндүк берчү диета
Бул диета эки жумада 8-12 килограммга арыктоого мүмкүндүк берет. Бул диета эки аптада 8-12 килограммга арыктоого шарт түзөрүн диетологдор белгилешүүдө. Аны кармоодогу жалгыз талап кылынган шарт-тамак ичердин алдында эки стакан суу ичүү жана андан кийин эки саатка чейин эч кандай суюктук ичпей туруу. Сүрөт

Анын мааниси абдан эле жөнөкөй. Ар бир тамак ичердин алдында сиз 2 стакан суу ичишиңиз керек, андан аз эмес же көп эмес. Ушундан соң 15-20 минут өткөндөн кийин тамак ичүүгө киришсеңиз болот. Бирок тамактанып жаткан учурунда жана андан кийинки 2 сааттан кийин эч кандай суюктук ичүүгө болбойт. Эки сааттан соң өзүңүздүн сүйүктүү чайыңызды же кофеңизди ичүүгө, таттуу токочту жегенге уруксат берилет.

Бул диетаны кармагандарга күн сайын төмөнкүдөй меню сунушталышы керек:

Эртең мененки тамак: 2 стакан суу. Көңүлүңүзгө жаккан даам менен суюктук ичпей тамактануу. Тамактан кийин эки саат өткөнгө чейин суусундук ичүүгө тыюу салынат.

Түшкү тамак: 2 стакан суу ичесиз. Менюга эч кандай чектөө жок. Болгону тамактанып жатканда жана андан кийинки 2 саат аралыгында суусундук ичилбейт.

Кечки тамак: 1 стакан суу ичесиз. Калаасаңыз 2 стакан суу ичсе болот жана 20 мүнөттөн соң каалаган тамагыңызды жесеңиз болот. Андан соң эки саатка чейин суюктук ичпейсиз.

Сүрөт




Мен неге семирбейм десе мобул жерде жазып койуп койуптурго. Дайыма тамак алдынан суу ичип тамактан кийин суу ичпей журо берем

Билдирүүнү түзөткөн: neizvesnyi: 10 Июнь 2015 - 18:57

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   rumaika5544   11 Июнь 2015 - 23:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Ушундан койгойум жок менин кудайга шугур,бойдок кезде 90 60 90 болчумун. Азыр кичине эле арыктаганым эле болбосо,озгорбодум. Тамактан деле эмесго менимче :)
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   antiwithin14   11 Июнь 2015 - 23:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 175
  • Катталган: 21 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Янв 2019 22:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак калпактуу Ала-Тоо

. . эххх эмне кереги ,ач калып ток калып, аш казанды кыйнап.
Эн негизи ден соолукта бол!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Mediziner   16 Июнь 2015 - 15:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ашыкча салмактуулук менен күрөшүүдө майларды ээритүүчү суусундуктар эң мыкты каражат болуп эсептелет. Метаболизмди тездетип, ачка болууну сездирбейт жана ошол эле учурда огранизмди витаминдер жана минералдар менен камсыз кылат. Бул суусундуктарды үй шартында оңой эле жасап алсаңыз болот.

1- рецепт

Бардык рецептерди 10 күн боюу эртең менен ачкарын ичесиз. Жарым сааттан кийин гана тамактануу туура болот.

Керектелүүчү азыктар:

Киви- 1 даана

Лимон- 2 кесим

Мята- 7 талча

Петрушка- 7 талча

Суу- 100 мл

Бал- татымына жараша

1. Кивини кабыгынан тазалап анча чоң эмес бөлүктөрө кесип алып блендерге саласыз. Ага лимонду, көк чөптөрдү жана сууну кошуп аралаштырасыз. Даяр болгон соң дароо ичесиз.

Сүрөт

2- рецепт

Экзотикалык жемиштерди сүйгөндөр үчүн өтө пайдалуу.

Керектелүүчү азыктар:

Грейпфрут - ¼ даана

Ананас - 4 кесим

Кефир - 250 мл

Ашкабак данеги- 30 грамм

Кокос майы - 30 мл

1. Грейпфрут менен ананасты тазалап, орточо кесимдерге бөлүп блендерге саласыз. Ага кефир, данек жана кокос майы кошулат.

Сүрөт

3- рецепт

Керектелүүчү азыктар:

Кефир - 250 мл

Кызыл калемпир- 1 чымчым

Имбирь - 0,5 чай кашык

Корица - 0,5 чай кашык

1. Бардык азыктарды аралаштырып, блендердерге саласыз.

Сүрөт

4- рецепт

Керектелүүчү азыктар:

Суу- 250 мл

Бал- 1 чай кашык

Алма уксусу- 1 чай кашык

Корица - 1 таякча

1. Сууга бал менен уксусту кошуп аралаштырасыз. Ага корицаны кошосуз. Суусундук даяр.

Сүрөт

5- рецепт

Керектелүүчү азыктар:

Селдерей - 200 грамм

алма- 2 даана

Лайма ширеси- 05 даана

Суу- 100 грамм

Муз- 0,5 стакан

1. Селдерейди анча чоң эмес кесимдерге бөлүп блендере саласыз. Ага тазаланган алманы, лайма ширесин жана сууну кошуп аралаштырасыз. Андан кийин стаканга куйган соң музду кошоуп ичесиз.

Сүрөт

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   brunette   19 Июнь 2015 - 05:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 607
  • Катталган: 08 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 08:59

Арыктагым келет, бирок эч эле план кое албайм, таттууларды оло жакшы коргонум учун баш тарта албаайм )
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Aselina_kg   19 Июнь 2015 - 16:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 194
  • Катталган: 16 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 25 Май 2023 09:58

Просмотр сообщения brunette (19 Июнь 2015 - 02:07) жазган:

Арыктагым келет, бирок эч эле план кое албайм, таттууларды оло жакшы коргонум учун баш тарта албаайм )


Ангелочка96 сыңбы?Арык элесиң го :апчхи: Дагы каякка арыктайсың?
Фигура -не кости ваши дейт го

♡♡♡♡♡♡♥♥♥♥♥♥♥♡♡♡♡♡♡
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   brunette   19 Июнь 2015 - 16:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 607
  • Катталган: 08 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 08:59

Просмотр сообщения Aselina_kg (19 Июнь 2015 - 16:05) жазган:

Ангелочка96 сыңбы?Арык элесиң го :апчхи: Дагы каякка арыктайсың?
Фигура -не кости ваши дейт го

Жок, томпошкамын :tongue:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Alymkan.   22 Июнь 2015 - 11:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 134
  • Катталган: 03 Май 15
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 12:54

Ошондой элемин,азырынча нааразычылык деле жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   s9zen098   19 Август 2015 - 20:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

,

Билдирүүнү түзөткөн: s9zen098: 19 Август 2015 - 20:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   Mediziner   19 Август 2015 - 23:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ичке бел үчүн туура тамактануу:

Бул азыктардан толугу мен баш тартыңыз, эгер буга эркиңиз жетпесе, жок дегенде өлчөмүн азайтып, чек коюуну үйрөнүңүз.

• Фаст-фуд, майлуу, куурулган, ышталган, майонез көп кошулган жана колбаса

• Таттуулар, торт, шоколад, ак нан

• Спирт ичимдиктери, калориясы күчтүү суусундуктар

• Май топтоого жөндөмдүү болгон туздун өлчөмүн азайтуу

• Газдалган, таттуу суусундактардан баш тартып, жөнөкөй эле таза суудан күнүнө 2-2,5 литр кабыл алуу



Мындан сырткары, тез арада күткөн жыйынтыкка жетүү үчүн, күн сайын ачкарын бир чай кашыктан зыгыр майынан ичип туруңуз. Бир ай жетиштүү болот.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Mediziner   19 Август 2015 - 23:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ичке бел үчүн жасалуучу көнүгүү

Курсак булчуңдары үчүн көнүгүү:

1. Чалкалап жатып, тизеңизди ийиниңизге жеткидей көнүгүү жасаңыз. Колуңуз желкеңизде болушу шарт. Ал эми белиңиз жогору көтөрүлбөй, бут жогору созулган сайын күч келиши шарт. Алгач, жайбаракат жасаңыз. Андан кийин бир аз ылдамдатып жана тыныгуу жасабай 20 жолудан кайталайсыз.



2. Андан кийин эки бутуңузду бириктирип, жогору көтөрүп 20га чейин санаңыз, түшүрүп, кайра көтөрүңүз.

3. Андан кийин колуңузду желкеңизден албай, эки бутту бириктирип, пресс жасайсыз. Кыймылдар кыска жана кыйын болот. Бирок, дал ошол учурда курсактагы майларга күч колдонулат. Мун да 20 жолу кайталайсыз.



4. Эми түз отуруп, буттарды бириктирип, колуңуз менен буттарыңыздын манжаларына жеткидей абалда көнүгүү жасаңыз. 20 жолу.

5. Кайрадан чалкалап жатып, эки колуңузду бош эки жакка жайып, буттарыңызды бириктирип, 20 ирет жогору көтөрүп кайра түшүрүңүз.

6. Чалкалап жаткан абалда белиңизди колуңуз менен кармап, пресс жасоого аракет жасаңыз. Бул 20 жолу кайталанат. Андан кийин, эки бутту бириктирип, тизеңизди көкүрөгүңүзгө жеткидей абалда дагы 20 жолу кайталаңыз.



7. Мындан сырткары бул ыкмаларды ыңгайына жараша капталдап жатып алып да жасаңыз болот.

Ар дайым, күнүнө 30 мүнөт эринбей бул көнүгүүлөрдү жасап жүрсөңүз, кыялыңыздагы ичке белге ээ болосуз. Андыктан келишимдүү келбетиңиз үчүн аз убакыт бөлүп, чоң ийгиликке жетишиңиз.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Meruet84   20 Август 2015 - 08:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Mediziner айым аябай пайдалуу кенештер учун ракмат.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Meruet84   20 Август 2015 - 08:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Mediziner (09 Июнь 2015 - 22:01) жазган:

Каалагандай тамактанып, бирок арыктоого мүмкүндүк берчү диета
Бул диета эки жумада 8-12 килограммга арыктоого мүмкүндүк берет. Бул диета эки аптада 8-12 килограммга арыктоого шарт түзөрүн диетологдор белгилешүүдө. Аны кармоодогу жалгыз талап кылынган шарт-тамак ичердин алдында эки стакан суу ичүү жана андан кийин эки саатка чейин эч кандай суюктук ичпей туруу. Сүрөт

Анын мааниси абдан эле жөнөкөй. Ар бир тамак ичердин алдында сиз 2 стакан суу ичишиңиз керек, андан аз эмес же көп эмес. Ушундан соң 15-20 минут өткөндөн кийин тамак ичүүгө киришсеңиз болот. Бирок тамактанып жаткан учурунда жана андан кийинки 2 сааттан кийин эч кандай суюктук ичүүгө болбойт. Эки сааттан соң өзүңүздүн сүйүктүү чайыңызды же кофеңизди ичүүгө, таттуу токочту жегенге уруксат берилет.

Бул диетаны кармагандарга күн сайын төмөнкүдөй меню сунушталышы керек:

Эртең мененки тамак: 2 стакан суу. Көңүлүңүзгө жаккан даам менен суюктук ичпей тамактануу. Тамактан кийин эки саат өткөнгө чейин суусундук ичүүгө тыюу салынат.

Түшкү тамак: 2 стакан суу ичесиз. Менюга эч кандай чектөө жок. Болгону тамактанып жатканда жана андан кийинки 2 саат аралыгында суусундук ичилбейт.

Кечки тамак: 1 стакан суу ичесиз. Калаасаңыз 2 стакан суу ичсе болот жана 20 мүнөттөн соң каалаган тамагыңызды жесеңиз болот. Андан соң эки саатка чейин суюктук ичпейсиз.

Сүрөт




Бул ыкма жакшы экен.
Суротто суу ичуу ыкмасы жазылыптыр кг веске карап ушул тууралуу кошумчалай кетсенер .
Мединизер айым .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Azada93   20 Август 2015 - 14:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 140
  • Катталган: 07 Июль 15
  • Соңку аракети: 05 Сен 2017 07:23

саламатсызбы мендизинер еже менин еки балам бар. Екинчи баламды торогондон кийин спирал салдырып алгам анан 2 айдан кийин еле ичим чыгып озум семирип еле кетип жатам. Емне кылсам болот кенешинизди беринизчи суранам. Жиним келгенде спиралды алдырып койгум келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (16 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июл 2025 02:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: