Алардын келечекке так максаттары же ошол максатка жетүүнүн пландары жок. Университетти аяктаган соң, ата-энесинин акчасын бирөөгө пара кылып берет да, жумушка орношот, же болбосо ата-энесинин артынан Орусияга кетишет. Тагдырдын тамашасын караңыз – балам мендей болуп, пол жууп калбаса экен деп, иштеп тапканын салып жүргөн ата-энелердин балдары айланып келип эле Москванын подвалдарынын биринде дагы бир мекеменин полун жууп калышат.
" Кыргызчылык"...
#22 09 Август 2014 - 00:23
Улут катары кайда баратабыз? – менде жооп жок. Деги алдыга баратабызбы?
Алдыга бир кадам, анан дароо эле артка эки кадам шилтенгендей сезилет. Өзүбүздүн тыңдарыбыздын жонунан түшпөй отуруп, аларды чөктүрөбүз.
Жыртык шырдактын үстүндө отуруп алып, өлкөнү кантип башкарыш керек деп, саясый ушак тараткандан башкага алыбыз жетеби? Өлкөнү башкарууну эмне кылабыз, өзүбүздүн жеке жашообузду,
убактыбызды башкарып албайлыбы. Тайм-менеджмент менен “кыргызчылык” качандыр бир күнү синоним болобу деги?
#23 09 Август 2014 - 00:25
Эми саясий маселени талкууламыш эткен, бетинен май тамган депутаттарды айтпай эле коёюн. Менимче, ар бир калктын өзүнө жараша эле башкаруучусу болот деген чын. Буга байланыштуу кыргыздын таамай ылакабын жазбай эле коёюнчу. 10-12 бала төрөгөн баатыр-энелер микрокредиттик компаниялардан чакан насыя алышып, ал акчаны чакан бизнеске эмес, аш менен тойлорго же тамак-ашка коротот да, анан өзүбүздү өрттөйбүз, карызыбызды кечкиле деп док урунушат. Албетте, бала ырыскысы менен туулат деп көп балалуу болуп, жарды турмушка туш болгондугу үчүн баатыр энелерибизди айыптагандан алысмын. Албетте, адилетсиздик жана жакырчылык болсо кандай гана кадамга барбайсың?
#24 09 Август 2014 - 00:27
Балаңа бир ууртам йогурт алып бере албай отурсаң, башкалардын балдары каникулга атасы көрбөгөн өлкөлөргө учуп жатышат, акчанын жоктугунан жакын адамың колуңда көз жумуп жатса, кошунаң казинодо эсепсиз акчасын эч бир кабыргасы кайышпастан уттуруп отурат, уулуңдун окуусун төлөй албай, кыш чилдесинде курулушта иштеп жүрсө, анын теңтушу – бир депутаттын же чиновниктин уулу – ошол курулуштун ээси болуп отурат. Мындайды көрүп, айласыз кол жаясың. Айласыз учурларда бир да жүйөөң өтпөйт.
#25 09 Август 2014 - 00:29
Болгону гана ар бирибиз өзүбүздүн жеке турмуш жана тагдыр үчүн биринчи кезекте өзүбүз жоопкер экенибизди сезе алсак. Өзүбүздүн жоруктарыбыз үчүн, жашообуз үчүн, жүрбөй калган иштерибиз үчүн жоопкер болсок. Өзүбүздүн жаманчылыгыбызды башка иши жүргөндөргө артпасак, башкалардын ийгилигин ичибизге батырсак. Бейөкмөт уюмдарга кайыр сурагансып кол сунбасак. Ар бир чет өлкөлүк инвестордун жолун тороп, мени жакырчылыктан чыгар деп талап кылбасак, же барып кампасын өрттөбөсөк.
Банктардын алдына келип алып, өз колубуз менен алган акчаны кеч, болбосо өзүбүздү өрттөйбүз деп коркутпасак.
Өкмөт үйүнүн алдына чогулуп келип, бир күндө чечилбей турган көйгөйлөрдү азыр чеч деп, бийликти кокодон албасак. Күнөөнү башкадан таап, өзүбүздү актай бербесек...
#26 09 Август 2014 - 00:32
Биздин бул жоруктарыбызды туш-туштан тартып алып, бүт дүйнөгө таратууга жол бербесек, улутубузду жапайы, жатып ичер кылып башкаларга шылдың болбосок. Ар бирибиз өз алдынча оокат кылып, бутубузга турууга умтулуп, бара-бара “кыргызчылык” дегенде иштерман, ойлоно алган, өңү-башы ажарлуу, байгер жашаган, кыскасы жагымдуу жана сыймыктандырган сезим жана сөз жараткан улутту элестеткен күнгө батырак жетсек кана?
#28 09 Август 2014 - 11:11
Айкош92 жакшы маалыматтарды илипсиң.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#29 09 Август 2014 - 12:24
“Кыргызчылык”.
Мен үчүн “кыргызчылык” – бул биздин оорукчан, ыраңы суук, оту жок, өлүк көздүү, колун жайып кайыр сураган кебетебиз. Бул биздин митеге айланып бараткан коомубуз. Эгемендик доордобу же же ага чейинби, билбейм, иши кылса, кыргыз эли накта мителерге айланып калдык.
Мителик эң алгач үй-бүлөдөн жаралат. Бир туугандардын бирөөсү ийгиликке жеттиби, башкалары дароо кудум эле бүргөчөсүнөн анын жонуна жабышып, туш-туштан канын соро башташат. Эгер байкеси ишкер чыкса, ини-карындаштары өздөрүнүн жеке жашоосунун жана иш көйгөйлөрүн ошол бечаранын мойнуна жүктөй салышат: аялымдын төрөтүнө төлөп кой, баламды мектепке орноштур, мага майлуу жумуш тап, диплом сатып бер, машина алып бер, үй салып бер, менин нике тоюмду көтөр, жада калса өлүгүмдү каржыла...
Мителик эң алгач үй-бүлөдөн жаралат. Бир туугандардын бирөөсү ийгиликке жеттиби, башкалары дароо кудум эле бүргөчөсүнөн анын жонуна жабышып, туш-туштан канын соро башташат. Эгер байкеси ишкер чыкса, ини-карындаштары өздөрүнүн жеке жашоосунун жана иш көйгөйлөрүн ошол бечаранын мойнуна жүктөй салышат: аялымдын төрөтүнө төлөп кой, баламды мектепке орноштур, мага майлуу жумуш тап, диплом сатып бер, машина алып бер, үй салып бер, менин нике тоюмду көтөр, жада калса өлүгүмдү каржыла...
Чындыктыкты жазыпсыз . Менин атамы ушинтип сорушат .
#30 09 Август 2014 - 12:36
Мен кобунчо "шайтан алгырдыкы десе!Шайтан азгырды да"-дейм.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#31 16 Январь 2016 - 18:36
Мумкун чындап эле колунда жоктур, бир туугандар ушундайда жардам бербегенде эмне олгондо жардам бермек беле ?
#34 10 Февраль 2018 - 21:05
Неге сабатсыздар кыргыз экен? Биринчи угушум.
Менимче, чыныгы кыргыз- бул кыргызча таза туура суйлогон, кыргыздын баардык салтын билген адамды айтса болот.
Менимче, чыныгы кыргыз- бул кыргызча таза туура суйлогон, кыргыздын баардык салтын билген адамды айтса болот.
#35 11 Февраль 2018 - 00:49
Улут дегенде тилине карап улутга болунот адамзат, демек ким таза кыргызча суйлосо ошол таза кыргыз. Ал эми салт сананы билуу же дагы бирдемке билуу бул анчейин деле улуттугун аныктабайт.
Башка улуттарда деле оз салтын билбегени четтен чыгат. Заман талабына ылайык ар ким жашаган чойросуно карап жашай берет. Чыныгы кыргыз бул тилин жана оз тарыхын билген адам деп ойлойм. А кээ бирлер дагы чыгуусу мумкун жети атасын да ар бир адам билуу керек болбосо кыргыз эмессин деп. Менимче бул да туура эмес. Ар кимдин башында ар кандай тагдыр, баары эле атасынан чон атасынан сурап суруштуруп билип алууга шарт боло бербейт. Мумкун бироо балдар уйундо чонойду, дагы бироо атасыз чон атасыз оскон дегендей.
#37 12 Февраль 2018 - 10:19
Чыныгы кыргыз дегенде мен жеке эле улуту кыргыз болгон эмес, салт-санааны билген, кыргыздын тарыхын, санжырасын жакшы билип, дагы да изилдеп үйрөнүүгө кызыккан адамды элесетем. Өкүнүчтүүсү азыркы заманда мындайлар өтө эле аз. Анан албетте чыныгы кыргыз кыргыз үчүн күйүп турган, кыргыз деген атын булгабаган адам болушу керек, бирок улутчул эмес.
#38 12 Февраль 2018 - 10:20
Мага тема жакты, элдердин оюн билгим келет. Чыныгы кыргыз дегенде кандай адамдын элеси көз алдына тартылат?
#39 12 Февраль 2018 - 13:43
#40 12 Февраль 2018 - 16:16
Тил менен биргеликте салт-санаа, үрп-адаттардын маани-маңызын түшүнгөн, аларды кайда, кандай колдоно билген адамды кыргыз деп билем. Бир караганда салабатту, көздөрү курч, сүрдүү болсо биз издеген образга кыйла салмак кошот.
:)

Супер-Инфо
super.kg
видео















Мобилдүү версия