Салам достор! Достор силерден кенеш сурайын дедим, мен мектепти буткон жылы, акчанын жоктугунан эч бир окуу жайды окуй албай калгам, анан ар кайсы жумушта иштеп жургондо, көлгө ала качып кеткен, ошол 2008 жылы болчу. Анан кетем десем болбой ой боюма койбой алып калышкан, ошентип жашап жүргөндө биринчи балам боюмда болуп аман эсен төрөп алдым,эптеп септеген жашоо улана берип, билинбей 4 балалуу болдук. Анан жолдошум бир аз акча таап калганда, бизди басынтып же акча бербей же балдарды карашпай да койду, ошонтип алардын үйдө маалайдай эле болуп жүрдүм, оруп калганымда кайненем үйдөгү ата энеме чалып, кызынарды балдары менен кошо алып кеткиле, бизге орукчан келин кереги жок деп коюшту, анан апам менен атам жарашып жашасын десе, кайненем менин балам чекесинен чертип орукчан эмес кыз алып берем деп, сага акчасын коротуп бакпайт деп, менден анан 4 баламдан баш тартышты 2015жылы. Андан кийин Кудага шүгүр даарыланып айыктым. Мени балдарымдын алдыдагы жашоосу ойлондуруп атат, кайда эмне жумушта иштейм деп, анан апам бир окуу жайды бүтүрүп албайсынбы окутам дейт, мен мед колледжти окусамбы дейм, өзүм негизи медик болсом дечүмүн. Кайсы окууну бүтсөм иштеп кете алам сиздерден жооп күтөм. Жашым 30да
Кайсы окуу жайга тапшырсам кийин жумуш таап кете алам? Жашым 30да Кайсы окууну окусам болот достор.
#2 27 June 2016 - 18:46
Эн жакшысы салон иштерин эле уйронуп алып иштеп бутка турууну ойлобойсузбу ? Албетте бул менин жеке оюм. Мисалы маникюр педикюр, чач кесуу буларды уйронуу учун аз эле убакыт кетет... окуп сертификат алып алсаныз бут жерде ишке орношуп кете бересиз, озунузго да карап жакшыканай болуп журосуз. Дагын озунуз билесиз бул болгону бир эле вариант.
Жүрөгүмсүң
#3 27 June 2016 - 18:48
Эгер ишиниз соонун болуп журушуп кетсе озунуз деле салон ачып алышыныз мумкун.
Жүрөгүмсүң
#4 27 June 2016 - 19:06
Окуп убакыт өткөрбөй эле жеке менчик ишканаларда иштесе болбойбу?!
Окуп диплом алгандар жүрүшөт го иш издеп, жарымы Орусиялап. Аларга иш табылса деле жарытылуу айлык акы төлөп бербейт мамлекет.
#5 27 June 2016 - 19:29
Окуганда жылдап-жылдап окубай эле, 3 айлык окуулар бар го. Арасынан повар жагы азыркы жашоонун эн керектуу кесиптеринин бири. Маркс айткандай, жеке менчик ишканаларга,
жаккан, кызыккан тармагыныз боюнча да кайрылып корунуз.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#7 27 June 2016 - 19:45
3 айлык турдуу курстар бар ошонун бирин эле окуганыныз он го. Убакытка да эконом, жумуш да жакшы табылат.
Диполом алгныз келсе кийин бир жакка заочно кылып диплом алып алыш кыйын деле эмес.
Диполом алгныз келсе кийин бир жакка заочно кылып диплом алып алыш кыйын деле эмес.
Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
#8 27 June 2016 - 19:55
Чон окуу жайда окуп убакыт, каражат кетиргенден коро онорлуу болуп алган жакшы: тигуучу, бычуучу, чач кыркуучу, дагы толтураго онорлор. А диплом учун кетуучу каражатка кенедей болсо да бизнес баштап алса болот. Эми ал озундун эптуклугунон жана буйургандан.
brother
#9 27 June 2016 - 20:52
Атайын колеждер барго,тигуучу же повар шул кесиптерди окуп алсаныз озунузго жакшы кор болбойсуз,любой жерге кирип иштейсиз.
Чон окуу жайларга окусаныз 5жыл жон эле кетет,контракт дагы,менин ойумча колеждерди эле бутуп алганыныз он.
Чон окуу жайларга окусаныз 5жыл жон эле кетет,контракт дагы,менин ойумча колеждерди эле бутуп алганыныз он.
Всё временно..
#11 28 June 2016 - 01:03
мед.училищаны окуп алсаңыз деле болот!3 жыл окуйт болушуңуз керек
Мед.училищаны бүткөндөн кийин орто билимдүү болот, 3 жылда орточо эсеп менен 23, 28 миңден контракт төлөйт. Анысы да мейли, бирок медсестра болуп биринчи алган айлык маянасы 3700-4000 сомдон башталат, стаж көбөйгүчө. Стаж көбөйгөндөн кийин деле 6000 миң, ашып барса 8000 миңден айлык алышат. Ушул айлык менен 4 баланы камсыз кыла алабы? Керек болсо өзүнө дагы жетпей калат го.
#12 28 June 2016 - 01:06
бирок,бир жакшы жери кийин пенсияга чыкканга жакшы болот го...билбейм эми,бул менин жеке оюм!
#13 28 June 2016 - 01:11
Мед.училищаны бүткөндөн кийин орто билимдүү болот, 3 жылда орточо эсеп менен 23, 28 миңден контракт төлөйт. Анысы да мейли, бирок медсестра болуп биринчи алган айлык маянасы 3700-4000 сомдон башталат, стаж көбөйгүчө. Стаж көбөйгөндөн кийин деле 6000 миң, ашып барса 8000 миңден айлык алышат. Ушул айлык менен 4 баланы камсыз кыла алабы? Керек болсо өзүнө дагы жетпей калат го.
Жок! Азыр эмне коп оорукана, жеке менчик оору кана дегендер шаарларда толуп кетти го, жеке менчик ооруканаларда медсестралардын айлык акысы 12000-16000 с алышат.
#14 28 June 2016 - 01:30
Эн жакшысы салон иштерин эле уйронуп алып иштеп бутка турууну ойлобойсузбу ? Албетте бул менин жеке оюм. Мисалы маникюр педикюр, чач кесуу буларды уйронуу учун аз эле убакыт кетет... окуп сертификат алып алсаныз бут жерде ишке орношуп кете бересиз, озунузго да карап жакшыканай болуп журосуз. Дагын озунуз билесиз бул болгону бир эле вариант.
Колдойм!Учурдун эн кирешелуу кесиби
#15 28 June 2016 - 01:38
Жок! Азыр эмне коп оорукана, жеке менчик оору кана дегендер шаарларда толуп кетти го, жеке менчик ооруканаларда медсестралардын айлык акысы 12000-16000 с алышат.
Ал жерге тааныш билиш аркылуу киришсе керек, бирок жеке менчик оорукана көп болгону менен дипломдуу жумушсуздар армиясы андан эки эсе көп болуп жатат да.
#16 28 June 2016 - 01:45
Туура айтасынар, эгер диплом аламын десениз убакыттан уткурасыз, андан коро курстарга эле окуп алсаныз болот.
#17 28 June 2016 - 09:48
Эн жакшысы салон иштерин эле уйронуп алып иштеп бутка турууну ойлобойсузбу ? Албетте бул менин жеке оюм. Мисалы маникюр педикюр, чач кесуу буларды уйронуу учун аз эле убакыт кетет... окуп сертификат алып алсаныз бут жерде ишке орношуп кете бересиз, озунузго да карап жакшыканай болуп журосуз. Дагын озунуз билесиз бул болгону бир эле вариант.
Ушул вариантты сунуштаар элем, бирок автордун жондомдуулугун да эске албасак болбойт го.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















