Бул билдирүүнү super.kg/ipb/index.
php?showtopic=1543&
pid=584172&st=30&
#entry584172 бул темага жазайын дедим эле. Бирок жазып бүткөндөн кийин өзүнчө тема ачууну эп көрдүм. Балким бул багытта кызыктуу талкуулар уланып калааар.
Барс-бек.
Барс-бек байыркы кыргыз башкаруучулар тукумунан, анын уругу Умай-Эненин коргоосу жана колдоосу астында деп эсептелинген.
Жана бүт туугандары "Умай-бег"
деген кошумча наамды алып жүрүшкөн. Журт ээсине керектүү болгом мүнөз-сапаттары бар экенинен улам, бир тууган агаларынан озунуп, Барс-бек ажо болууга жетишет. Түрк каганаты менен Тан империясынын ортосундагы тирешүүдөн пайдаланып,
Миңсуу, Энесай багытындагы кыргыз уруктарын, жана коңшулаш жашаган майда-чүйдө элдердин башын бириктирип,
көз карандысыз мамлекетти негиздейт. Ошону бирге өзүнө Ынанчу Алп Билге деген наам ыйгарып, каган деп жарыялайт. Кыргыздардын кубаттуулугун сезген коңшулаштар бул окуяга моюн сунууга аргасыз болушат. Барс-бек башында турган кыргыз каганатынан чочуган түрк каганы Илтереш алгач кол салып көрөт. Оңунан чыкпаган соң, Барс бекке өз кызын берип, тууган болуп анан биротоло көңүлү жай алат. Бирок, баатыр бабабыздын көксөгөн максаты бул эмес эле. Тан империясы жана түргөш каганатына өз элчилерин жиберип, түрктөргө каршы кубаттуу коалиция түзгөнгө жетишет.
710-711-жылдардын кыш айында, Саян тоолорун ашып өткөн түрктөр, бүт күчү менен кыргыздарга кол салат. Кээ бир такталбаган маалыматтар боюнча, Саян тоолорунан өткөн төтө жолду кыргыздардын арасынан эле бирөө көргөзүп коюшкан дешет. Мындай болушу толук мүмкүн. Бул салгылашууда Барс-бек каган баатырларча курман болот. Күлтегинге арналган таш жазууларда мындай делет:“На
кыргызов мы напали во время
(их) сна... проложили путь
копьями. Хан и войско их
собрались (кыргызы во главе с
Барс-бегом).
С их каганом мы сразились в Черни Сунга, Кюль-
Тегин сел на белого жеребца из
Байырку, бросился в атаку...
Кыргызского кагана мы убили и
племенной союз его взяли. А народ его стал рабынями и рабами”.(Алтын-
Көл таш жазуусу, которгон С.Г.Кляшторный)
Барс-бектин өлүмү чоң жоготуу болгон. Бул жөнүндө кошок сымал жазылган таш жазуулар баяндайт"
...Я утвердился на
земле благодаря моей доблести.
Я храбро сражался с
многочисленным врагом и
покинул мой эль ,
[оставив] его в раскаянии...
О, Барс, не покидай [нас]!... Увы!
Шестерых мужей с собой ты не
взял!... Мой Барс покинул коней
и быков, [весь этот] мир, он
ушел! Увы! Ради моей воинской
доблести, ради могущества моих старших братьев и моих
младших братьев мне воздвигли
[этот] вечный памятник. ...Скакуна
с собой ты не взял! Трех сосудов
с собой ты не взял...!”(Алтын-
Көл таш жазуусу, Кляшторныйдын котормосу)
Барс-бек кыргыз элинин калыптана башташына жакшы шарт түзүп берген, тарыхта аты калган бирден-бир инсан. Ал элибиздин сыймыгы.
Барс-Бек каган. Энесайдагы Улуу Кыргыз каганаты.
#2 01 December 2011 - 21:40
Орто кылымдардагы Кыргыз мамлекетинин өнүгүү келечеги Барсбек кагандын саясий ишмердүүлүгүнөн улам калыптанган.
Кыргыз каганатынын IХ-Х кылымдардагы гүлдөп-өсүшү, Борбордук Азиянын кубаттуу мамлекеттеринин катарына кошулушу ириде Ышбар күл элтебердин жана Барсбек кагандын ишмердүүлүгү менен байланыштуу. Кыргыз каганатынын дөөлөтү жана кубаты асыресе Барсбек кагандын тушунда туу чокусуна жетип, чөлкөмдүн саясатын аныктай турган кадыр-барк алган. Анткен менен кыргыз тарыхнаамасында Барсбек кагандын саясий ишмердиги, айрыкча, өкүмдардын өлүмү натуура изилденип, анын бейнесине кедерги келтирчү ойлор айтылып келет.
Асыресе, Барсбек кагандын жоодон мерт болуп, шейит учушу Кыргыз каганатынын кубатына кедерге тийгизген жок. Өкүмдар түптөгөн мамлекеттик бийлик каганаттын андан ары гүлдөп өсүшүнө өбөлгө болуп, ал эми кыргыз эли каарман уулуна арнап эстелик орнотуп, тарыхта унутулгус мурас калтырды.
jpg]

★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#3 03 December 2011 - 19:33
Биринчи миң жылдыктын экинчи жарымында Миңсуу ойдуңу энесайлык кыргыз маданиятынын бешигине айланды. Сугат системалары жана эмгек куралдарынын табылышы- сугат жерлерин айдап иштетүүнү ошол убакта өздөрүшкөнүн айтып турат. Мал чарбачылыгында кой, уй, төө, жылкы багышкан. "Алардын аттары чымыр жана чоң, жакшы урушкандары-
мыкты деп саналат"-
деп белгилейт чыгыш тарыхчылары.
Мындай "урушчаак"
аттар согуштарда көп пайдасын тийгизчү, жана ушул үчүн гана аларды багып өстүрүшчү. Андан башка мергенчилик,
балык уулоо менен жан багышаар эле.
Биринчи Түрк каганаты кулагандан кийин(буга кыргыздар да себепкер болгон), кыргыздар толук көз карандысыздыкка жетишип, 648-жылы Тан империясына кыргыз элчилери жөнөтүлөт.
Кыргыз каганатына түштүктөн дамамат кол салып турушчу, VI-VIII кк. олуттуу чапкындарга көп кабылышып, ара-чолодо саясий көзкарандысыздыгын да жоготкон абалга тушуккан убактар болду. Бирок, убакыттын өтүшү менен, кыргыз жоокерлери да анча-мынча ийгиликтерди багындыра башташты. "Көк бөрүнүн тукумун өлтүрдүм, кара бөрүнү өлтүрдүм" деп жазылат байыркы кыргыз ташжазууларында. Кеп түрктөр жөнүндө болуп жатса керек, анткени байыркы түрктөр өздөрүн бөрүнүн урпагыбыз деп эсептешчү. Жыл өткөн сайын мамлекет күчкө толуп, Борбор Азияны жердеген элдердин өсүп-өнүгүү тагдырына таасир бере алчу кубаттуу державага айлана баштады. Каганаттын курамы өтө татаал этносаясий бирикме болчу: титулдук элиталык калктан (кыргыздар), жана аларга баш ийген кыштымдардан (басылып алынган уруулар) турган аскердик бийликти тутунган мамлекет эле. Мыкты куралданган кыргыз жоокерлери чет жакадагы калктарга тынымсыз жоортуул жасашып, олжого түшкөн адамдарды кара иштерге иштетишчү. Алгач аскер жалаң кыргыз жоокерлеринен куралаар эле, кийин каганаттын ээлиги чоңойгон сайын , аскер иштерине кыштымдар да тартыла баштаган. Кытай булактарында жазылгандай: " Кыргыздар аскер чогултуп согушка аттандырышат, кээде бүткүл кыргыздар жана кол алдындагы калкктар аттанат".

#4 03 December 2011 - 20:00
Каганаттын тарыхын изилдөөчүлөр адатта бир нече этапка бөлүп карашат.
1-период(VI-VIII кк.)-Чааташ эпохасы. Бул этапта кыргыздардын негизги окуялары Миңсуу (азыркы Минусинск) жана Тываны камтыган кичинекей чектелген аймактын ичинде гана болуп өттү. Бул кезде Чыгыш Түркистан, Тан империясы, Тибет, Согди сыяктуу отурукташкан мамлекеттер менен соода-достук мамилелерин чыңдашты. А көчмөн калктар менен тынымсыз согушуп турушту-көпчүлүгү ийгиликсиз болуп турду. Аскердик жактан азырынча алар алсыз эле, негизинен коргонуп гана тактика жүргүзүштү.

#5 03 December 2011 - 20:21
Экинчи период (IX-Х кк.) -Кыргыз Улуу Каганаты(Кыргызское Великодержавие).
Бул доор улуу жеңиштердин жана кыргыз курал-жарагынын даңкы таш жарган доор болду. 840-жылы, уйгурлардын таш-талканын чыгарган кыргыздын атчан аскерлери Борбор Азия мейкиндиктеринин кожоюнуна айланышты. Археолог, тарыхчы, этнограф Савинов:"
Энесай боюнда жашаган түндүк элдери биринчи жолу түштүктөгү коңшуларынын жашоо-тиричилигинде чечүүчү рольду ойной баштады" деп белгилейт. Каганаттын чеги чыгышта Амур дарыясынан баштап, батышта Тянь-Шань тоолоруна жетти. Приобье.Алтай,
Чыгыш Казахстан, Тыва, Монголия, Забайкалье арасындагы мелмилдеген көз жеткис мейкндикте кыргыздар бийлигин жүргүзө башташты. Көп өтпөй каганаттын ээлиги кайрадан кичинерип, аскер топторунун бир бөлүгү Теңир-Тоо тарапка көчүп, көпчүлүк бөлүгү Энесай жээктерине кайра көчө башташты.
#6 04 December 2011 - 04:06
үчүнчү период (XI-ХII кк.), же Сууктөр эпохасы. Бул убакта согуш аракеттери Саян-Алтай аймактарында гана болуп, кыргыздар негизинен коргонуу менен гана алек болушту. Түштүк-чыгыш Азия менен кыргыздардын байланышын биротоло үзүп салган кыдандар, жана наймандар туш тараптан кол салып турушту. Зор мейкиндикке чачырап кеткен кыргыз аскери душманга жакшылап такаат бералбай, азайгандан азайып баратты. Ар аймактагы майда-чүйдө бийлер башаламан мезгилден пайдаланып,
өз алдынча бийлик жүргүзүп, кошуналарына кол салып, абалды ансайын оордотуп жиберишти.
ХII-ХIV кк. монголдор наймандарды талкалайт. А кыргыздар өз ыктыяры менен Чыңгызхандын кошуунуна кошулушат.
ХII-ХIV кк. монголдор наймандарды талкалайт. А кыргыздар өз ыктыяры менен Чыңгызхандын кошуунуна кошулушат.

Супер-Инфо
super.kg
видео