– Жаңы конуштардын биринен жер тилкесин алып үй салгам. Бизден кийин үй салган кошунам дааратканасын тереземдин түбүнө салып жатат. Айтсам “бизге ушундай ыңгайлуу” деп болбой койду. Негизи, даараткана үйдөн канча алыстыкта салынышы керек? Кошунамдын дааратканасын жылдырта аламбы? Бул тууралуу кимге кайрылса болот? Жыпара, Бишкек шаары.
– Мыйзам боюнча жерди кандай пайдалануу – жер ээсинин өз эрки. Бирок кошунаңыз бул укугунан пайдаланып өзүм билемдикке салып, сиздин терезеңиздин түбүнө даараткана куруп жатса, анда санитардык-
эпидемиологиялык көзөмөл органына кайрылсаңыз болот. Эгерде бул даараткана сиздин үй-бүлөңүздүн ден соолугуна коркунучун тийгизе турган болсо, анда аталган орган кошунаңызга даараткананы башка жерге салуу чечимин чыгарат. Ал чечимдин негизинде сиз жылдырууну талап кылышыңыз мүмкүн.
Кошунам тереземдин түбүнө даараткана куруп жатат №371 11-17-декабрь, 2009-ж.
#2 06 November 2014 - 20:33
Сиз туз эле сотко кайрылыныз.
курула турган курулуш кошунанын улуксаты менен курулуш керек. сиз соттон утаарынызга ишеним чон.
#5 06 November 2014 - 22:51
Жүрөгүмсүң

Супер-Инфо
super.kg
видео










