Суперстан: Пайдалуу кеңештер же элдик медицина. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Пайдалуу кеңештер же элдик медицина.

#21 Пользователь офлайн   aijana.osh   15 Апрель 2010 - 12:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 262
  • Катталган: 02 Февраль 07
  • Соңку аракети: 02 Май 2017 10:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кундо муздак сууга жуунуш керек.Албетте ден-соолугуна карап.Биздин 60 чыккан администраторубуз бар.Кундо эртен менен муздак душка тушот экен.Корсон жаш кыз деп ойлойсун.
Лучше сделать и жалеть, чем не сделать и
жалеть.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Барби   12 Май 2010 - 10:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 37
  • Катталган: 18 Март 09
  • Соңку аракети: 21 Авг 2017 15:21
  • Жынысы:Аялзаты

Спорт менен машыккан адам кеч картаят. Эртен менен муздак суу менен жуунуу да жаштыкты кармап тура алат экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   bayash   12 Май 2010 - 11:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 16 Март 10
  • Соңку аракети: 06 Авг 2018 23:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

жаштар менен коп журуш керек %)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   ona   12 Май 2010 - 12:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 004
  • Катталган: 10 Март 09
  • Соңку аракети: 05 Сен 2023 14:21
  • Калаасы:Кыргызстанымда жашайм

Жашоону суйуп жашаш керек...
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Барс   12 Май 2010 - 14:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Жогорку кеңештердин баары туура.
Ошолордун эң негизгиси-балдарың (уул-кызың ) мыкты болуш керек. Ата-энени жаман уул-кыз тез картайтат.
Ошондуктан, жаштар, ата-энеңердин өмүрү керек болсо, жамандыгың арды көрсөтпө гүлө!
Эгер алардан кутула жадаган болсоңор- тез-тез көңү лүн иренжиткен иштерди жасап турсаңар, эрте кутуласың ар!

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 12 Май 2010 - 14:44

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   mikasa   12 Май 2010 - 15:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 05 Апрель 07
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КР

Туура айтасыз, жашында берсин мээнетти, карыганда берсин доолотту! Иштейли жаштар, озубуздон да калган ишибиз карыбасын!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Aishka   15 Май 2010 - 04:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 26 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 25 Сен 2010 20:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалалабат/UA

Адамдын организми качан карый баштайт?
аялдардын - 21ден,эркектердики - 23-24тон башталат .
Ушул жаштан баштап адамдын организминде антиоксиданттар азайып баштайт ...лабараториялык анализдерге караганда,адам 40 жаштан карып баштайт...
Куурулган нерселерди коп жебей(кайнатып), майл
уу,ширин,острый тамактардан алысырак болуш керек...
тузду тамакка туура колдонуш керек,туздалган помидор (ж.б) консерванттар да зыян ден соолукка,себеби коп туз бар...
"Е" коду бар продукталарды коп колдонбогонго аракет кылсанар жакшы болот...чипс, кока-кола дагы зыян...
Кобунчо жер жемиш,свежий сок,кайнатылган(вита
мины кетпеген) тамактарды жеш керек...
Диета кармаган кобунчо зыян алып келет ден соолукка.Салаттарга кобунчо оливковый май колдонуш керек,пайдасы коп...
Спорттун дагы пайдасы бар,мисалы: сууда сузуу,гимнастика, рас
тяжка,ж.б...
Мууздак сууну айтканыныз дагы пайдасы бар,бирок ар кимдин озунун ден соолугуна жараша .
Нерфти сакташ керек,баары кыжалат,ойдон башталат....


Самым прекрасным украшением женщины является ее чистота и целомудрие, а качеством, более всего достойным восхищения - ее моральная зрелость и верность своему супругу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   zaki   02 Июнь 2010 - 15:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 164
  • Катталган: 24 Май 10
  • Соңку аракети: 25 Апр 2013 05:28
  • Жынысы:Эркек

Канткенде өлбөй калууга болот дегендей эле го, хи-хи-хи.
Жөн эле келип дүйнөгө
Жөн эле өтүп кетпейли..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   ayza   04 Июнь 2010 - 11:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 514
  • Катталган: 26 Апрель 10
  • Соңку аракети: 14 Май 2016 07:22
  • Телефон:0700113540
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

КАртайдым деп айтпаш керек,тынымсыз кыймыл-аракетте болуу керек.Озун дайыма жаш сезуусу абзел.
Адам абийирине кул,эркине бий болушу керек!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   cholpon_b   04 Июнь 2010 - 12:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 221
  • Катталган: 29 Март 07
  • Соңку аракети: 21 Апр 2019 20:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан :)

Жашылчаларды жон эле жебестен алардын кабыктары менен беттеринерди суртуп коюп турсаныздар да болот , маскаларды жасасанар да пайдалуу . :)
Надо во всём быть 1-ой, всегда иметь 2-ую половинку, никогда не быть 3-им лишним, иметь свой 4 уголка, что бы всё в жизни было на 5, иметь 6-ое чувство и быть на 7-ом небе от счастья!!! Не вижу смысла быть несчастной, имею наглость быть счастливой! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   yahaha   04 Июнь 2010 - 12:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 27 Июль 09
  • Соңку аракети: 28 Сен 2015 16:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

көөп бат бат жолдошуң менен жыргаш керек.
үмүтсүз - шайтан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   cholpon_b   04 Июнь 2010 - 12:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 221
  • Катталган: 29 Март 07
  • Соңку аракети: 21 Апр 2019 20:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан :)

Цитата

көөп бат бат жолдошуң менен жыргаш керек.

Жолдошу жокторгочу ? :)
Надо во всём быть 1-ой, всегда иметь 2-ую половинку, никогда не быть 3-им лишним, иметь свой 4 уголка, что бы всё в жизни было на 5, иметь 6-ое чувство и быть на 7-ом небе от счастья!!! Не вижу смысла быть несчастной, имею наглость быть счастливой! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   aha   04 Июнь 2010 - 13:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 04 Июнь 10
  • Соңку аракети: 04 Фев 2012 09:57

семириш бул озунун тамак жеп жатканына байланышту, акыркы убакта семиз екенин кобунчо кыздар сезе башташты, анан калганын айтып берем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Prince   04 Июнь 2010 - 13:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 383
  • Катталган: 10 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 17 Июл 2021 20:08
  • Жынысы:Эркек

Вегетариан болсон узак жашап жана жаштыгынды копко кармап калуу мумкундугун баары эле айтып келет. Кучтуу (ашказанга куч келтирген) делинген тамактардан оолактап жашылча менен тамактануу, ал эми кыргыздар (капа 6ол6ой6уз) бир койдун этин бир отурганда жеп коебуз, вегетариан 6олушу6уз 6иртке кыйынчылыкты туудурат го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   yahaha   04 Июнь 2010 - 13:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 27 Июль 09
  • Соңку аракети: 28 Сен 2015 16:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Иконки сообщения 

Цитата

Цитата

көөп бат бат жолдошуң менен жыргаш керек.

Жолдошу жокторгочу ? :)

Батырак табыш керек :wub: Мен да өлө издеп атам :wacko:
үмүтсүз - шайтан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Таллас   05 Июнь 2010 - 00:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Жылдарды да эсептегенге жетишпестен, өзүмдү алгач мектеп парталарында, анан жумуш ордундагы орундукта, андан кийин балдарым менен, бир канча жылдан кийин болсо неберелерим менен паркта бараткан абалда көрдүм.

Эч кыйналбастан спорт менен машыга алган, чуркап кыймылдаган денем эми бутун да көтөрө албай калганчалык алсыз абалга келдим.

Абдан даана көргөн көздөрү мө парда түштү, жайнап турган теримди тырыштар басты.

Мурдакы сүрөттө рүмө караганда, жылдардын мени кандайча өзгөрткө нүн даана байкоодомун.

Рухум канчалык чуркап ойногусу, ылдам баскысы же көңү л ачкысы келсе да, денем буга эч мүмкүндү к бербей турат. Жашаган 70-80 жылдык өмүрү мдүн кандайча өтүп кеткенин түшүнбө й турам.

20 жашымда улгаярымды эч ойлогон эмес болушум керек.

Бирок, азыр болсо абдан алыс деп элестеткен ошол улгайган чагымды жашап жатканыма таң калып турам. Жана бул учурду абдан алыс деп ойлоо менен жаңылганымды жакшыраак түшүнү п турам. Аттиң...

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 05 Июнь 2010 - 04:22

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Таллас   05 Июнь 2010 - 00:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Жашоом бою жасагандарымды "жазып же айтып бер", - деп сурансаң ыз, эң көп бир дептерди толтурушум же эң көп беш, алты саат тынымсыз айтып бере алышым мүмкүн. .

Балалык жана жаштык кезимдеги башымдан өткөргө н жакшы же жаман окуяларды, маанилүү чечимдерин, аябай каалап, жетүү үчүн жылдап өмүрү мдү арнаган максаттарымды эми араң эстейм... Ал убактарда абдан маанилүү деп ойлогон нерселер эми болсо мен үчүн эсте калган окуялар гана..
«Узун 70 жыл» деген нерсенин баары мына ушунчалык гана...

Убакыттын эскиртүү чү таасири бардык нерселерде көз менен көрүнө турган деңгээлде байкалат.
Бирок эң маанилүү эскирип, картайууну адам өз денесинде даана байкайт. Жылдардын өтүшү менен бирге адамдын абдан маани берген денеси артка кайтпай турган болуп бузулууга дуушар болот.

Адамдын белгилүү бир убакыт ичинде башынан өткөргө н бул өзгөрү үсү Куранда мындайча билдирилет:
Аллах силерди бир алсыздыктан жаратты, кийин (бул) алсыздыктын артынан бир кубат кылды, кийин бул кубаттын артынан да бир алсыздык жана карылык берди. (Ал) Каалаганын жаратат. Ал – билүүчү , күч жеткирүү чү. [Куран, Рум Сүрөсү , 54-аят]
Медицинада карылык «экинчи балалык доору» деп да аталат. Себеби, денеде болгон бузулуулар адамды бала сыяктуу бир кароо жана корууга муктаж кылат. Ар бир адам жашоосун балалыктан баштайт жана бир убакыттан кийин кайра балалыкка кайтып, жашоосун аяктайт. Бул процесс, шек жок, өзүнө н-өзүн, кокустуктан пайда болгон эмес. Аллах кааласа, адамды өлгөнгө чейин жаш кылып жашатмак, денесинде эч кандай кемчилик же ооруу жаратмак эмес эле. Бирок, Аллах карылык чагында адамда бир топ кемчиликтер жаратуу менен ага бул дүйнөнү н өтүп кетүүчү экендигин дагы бир жолу эстетүү дө. Бул дүйнөнү н өтүп кетүүчү экендиги жана адамдын маанилүү бир максат менен картайуу чагына чейин жашатылаары бир аятта мындайча билдирилет:
Аллах силерди жаратты, кийин силерди өлтүрө т, силердин кээ бирлериң ер билгенден кийин, эчтеке билбесин деп, өмүрдү н эң төмөнкү учуна чейин (карылыкка) кайтарылат. Шек жок, Аллах – билүүчү , бардык нерсеге күч жеткирүү чү. [Куран, Нахл Сүрөсү , 70-аят]
Тери – адамдын сулуулугунда абдан маанилүү нерсе. Дээрлик бир миллиметр калыңдыктагы бул нерсени денеден бөлгөнү бүздө алдыбызга эч жагымсыз бир көрүнү ш чыгат. Ал тургай аны карап койуу да канчалык оор.

Анда, «адамдын чөйрөсү нө көрүнү п мактанган нерсеси, чындыгында денесинин бардык тарабын каптаган дээрлик 2 киллограммдык териден турат» деп айтууга болот. Маанилүү нерсе болсо карылыкта эң көп зыян көргөн нерсенин кайра эле тери болушу.

Бир убактарда денесинин сулуулугу, күчү менен абройлуу болгон, абдан акылдуу жана ден-соолуктуу деп таанылган адамдардын да аягы азыр экранда көргөнү ңүздө н айырмасы болбойт.

Колдонулган бардык косметикалык каражаттар, бул каражаттарга коротулган миллиондогон акча, ар кандай сулуулук үчүн жасалган операциялар бул процессти эң көп бир канча жылга кечиктириши мүмкүн, бирок натыйжаны өзгөртө албайт!! !

Түбөлү к жашоо жанында бул дүйнө жашоосунун эч кандай баркы жок экендиги айдан ачык бир чындык. Аллахка ыйман келтирүү гана адамды акыретте түбөлү к бактылуулукка жеткире алат.


P.S. Мен картая элекмин...

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 05 Июнь 2010 - 00:46

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   sestra   17 Октябрь 2011 - 21:25

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

урматтуу форумчулар, сиздер кантип оз ден соолугунузду чындайсыз? "не каждое лекарство вылечит болезнь, а каждое движение шаг к выздоровлению" деген Гиппократтын созуно мамилениз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Aydashka   20 Ноябрь 2011 - 23:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Адам күнүмдүк жашоосунда өзү жөнүндө жана өзүнүн ден соолугу жөнүндө унутуп калат. Ал өзүнүн күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүү менен алек болушат. Азыркы заманда адамдын ден соолугу начарлап, бир оорууга чалдыкпайынча же оорууканага жатып калбайынча жүрө беришет. Төшөкө жатып калгандан кийин анан ден соолук деген көйгөй пайда болот. Ден соолук көйгөй болбой тескерисинче жашоо шарты болуш керек. Ар дайым ден соолука көңүл буруп, каарылыка чейин оорубай, дайыма өзүбүздү жакшы алып жүрүш үчүн жаш кезден баштап ден соолугубузду жакшы карап, ар кандай физикалык машыгууларды, тамактануу режимин, ар кандай витаминдерди жана ысык – суука өзүбүздү көп кармабай жүрсөк ден соолугубуз ар дайым чың болот.
Ден соолукту сактоого ар кандай факторлор таасир этет. Мисалы: туура тамактануу, оптималдуу эмгек убактысы, тазалык, активдүү кыймылдоо,тамеки чегүү жана алкоголь суусундуктарын ичүүдөн баш тартуу,жакындарды урматтоо жана сүйүү, жашоону позитивдүү кабыл алуу. Бул факторлор психикалык жана физикалык ден соолукту каарылыка чейин сактоого жол ачат.
Ден соолуктун чың болушу адам баласынын жашоо шартынан, жашаган жеринен, климаттан көз каранды болот. Мисалы: жашоо шарты жакшы Европа мамлекеттерин алып көрсөк, ден соолугу жакшы жана узак өмүр сүрүшөт. Анткени, Европа мамлекеттеринде экономикалык абал абдан жакшы болгондуктан элдин маанайы ачык болуп, жакшы өмүр сүрүүнүн бирден бир шарттары болуп эсептелинет.

Прикрепленное изображение: imgres.jpgjpg]Прикрепленное изображение: imgres.jpg
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   ELTYN   03 Декабрь 2011 - 11:49

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 389
  • Катталган: 12 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 29 Фев 2012 13:16
  • Жынысы:Эркек

Прикрепленное изображение: 13763.1.1305872344.jpgПрикрепленное изображение: 6666.jpgЧычырканак өзүнүн ажайып касиети менен тээ илгертен белгилүү. Анын пайдалуу касиетин ачуу байыркы гректерге таандык. Алар аттарынын бул бадалдын арасына кирип кетип, жалбырактарын жана мөмөсүн жегенин байкап калышат. Аны жеген аттардын ден соолугу чың болуп, жалдары менен терилери жалтырап калчу. Андыктан, чычырканакты гректер алгач ооруган жана алсыз аттарды дарылоо үчүн колдоно башташкан. Андан кийин гана бул жемиш аттарга жардам берип жатабы, демек, адамдарга да жардам берет деп чечишип, аны менен аскерлерди жана спортсмендерди да дарылай башташкан. Мына ошол чычырканактын андан бери улам бир дарылык касиети ачылып отуруп, заманбап медицинага келип жетти.

Чычырканактын пайдалуу касиеттери
- Чычырканак жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Аны такай жеп туруу - инфаркт жана инсульт ооруларынын алдын алуунун эң жакшы ыкмасы. Анткени, чычырканактагы С витамини жүрөк булчуңдарын бекемдөөдө кызмат кылат. Эгерде күнүнө 50-100 граммдан чычырканак жесеңиз, организмиңиздин С витаминине болгон бир суткалык муктаждыгын канааттандырган болосуз.
- Муун ооруларында жана ревматизмде чычырканактын жалбырагынын маңызын же чайын пайдалануу зарыл. Маңыз мындай жасалат: 1 чоң кашык майдаланган кургак жалбыракты 1 стакан сууга 10 мүнөт кайнатуу керек. Жарым стакандан күнүнө 2 жолудан ичилет.
- Бул жемиштин иммундук системаны бекемдөөдөгү ролу да абдан чоң.
- Аялдардын жана эркектердин тукумсуздугун дарылоодо да бул жемиш оң натыйжа берет.
- Курамында темир көп болгондуктан, аз кандуулукта жана алсыроодо жардамга келет.
- Чычырканактын жалбырагынан демделген чай оозулду дарылоодо натыйжалуу каражат болуп эсептелинет.
- Ашказан рагын дарылоодо күнүнө 3 жолу 1 чоң кашыктан чычырканак жеп туруу жакшы жыйынтык берет.

Чычырканак майы менен дарылоо
Ашказан жарасын, гастритти айыктырууда чычырканак майы кеңири колдонулат. Бул оорулардан жабыр тарткан адамдар тамактанууга 15-20 мүнөт калганда 1 чай кашыктан кабыл алып туруулары зарыл. Бир айдын ичинде күнүнө 3-4 жолудан бузбай ичкенде жакшы жагына өзгөрүү болгону дароо байкалат.
Жатын моюнчасынын эрозиясын чычырканак майы менен дарылоого болот. Ал үчүн чычырканак майын кебезден жасалган тампонго жакшылап сиңирип, жатын моюнчасына салып коюу керек. Тампонду күн сайын алмаштырып туруу зарыл. Процедура 8-12 күнгө созулат. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн 4-6 жумадан кийин кайра кайталоо керек.
Теринин сырткы жарасын (ириңи жок) же күйүктү айыктырууда жаранын үстүнө чычырканак майын сыйпап, бинт менен таңып, аны күн сайын жаңылап байлап туруу зарыл.
Ашказан жарасында 1 чай кашыктан күнүнө 2-3 жолу ичүү зарыл.
Бүйлөлөрдүн сезгенүү оорусунда, пародонтоздо кебезди чычырканак майына чылап, ооруган жерге 10-15 мүнөт коюу керек. Бир-эки жуманын ичинде бул процедураны күнүнө 1-2 жолудан кайталоо керек.
Баланын иммунитетин көтөрүү үчүн бир айлыгынан баштап берүүгө болот. Алгач оозуна бир тамчыдан тамчылатып баштап, бара-бара көбөйтүп отуруу керек.

Чычырканак майы косметологияда
Бул өсүмдүктүн майы косметологияда да кеңири колдонулат. Мисалы, аны кургак териге колдонушат. Бет терисине арналган кремге бир нече тамчы чычырканак майын аралаштырып, бул аралашманы бетке сыйпоо теринин ашыкча кургактыгынан арылтат.
Сына берген тырмакты катырууда да бул май жардамга келет. Ал үчүн майды тырмакка сүртүп, ошол эле учурда ичип туруу зарыл.
Косметологдор чачты жуудан эки саат мурун баштын терисине чычырканактын майын сүртүүнү сунушташат. Муну менен чач бекем болуп, мындан сырткары жалтырап, кундуздай көрктүү болуп көрүнөт.
Ал эми чач түшүүдө чычырканактын мөмөсүн көбүрөөк жеш керек же бутагынын маңызына чачты жуу керек. Жуугандан кийин чачка майын сүртүү сунуш кылынат.
Мындан тышкары, курамындагы Е витамининин эсебинен аялдардын сулуулугуна, жаш көрүнүүсүнө таасирин тийгизет.
Cепкилди, тактарды кетирип, бетти агартат.
Күнгө күйгөн терини кайра тез калыбына келтирет.
Чычырканак майын үй шартында кантип жасоого болот?
1-ыкма. Чычырканактын ширесин сыгып, ачык жерге коюп коёсуз. Бир суткадан кийин ширенин эң үстүңкү катмарында май пайда болот. Аны чогултуп аласыз. 1 кг чычырканактан болжол менен 80 г май алынат.
2-ыкма. Чычырканактын ширесин сыгып аласыз. Кабыгы менен сөөгүнүн калдыгын майдалап, үстүнө 60°Сге чейин ысытылган өсүмдүк майын куясыз. Бир сутка тыныктырып, андан соң суюк бөлүгүн - майын тундуруп аласыз.

Чычырканакты кимдер пайдаланууга болбойт?
Ашказан алдындагы без, боор, өтү ооругандар;
Панкреатит менен ооругандар;
Аллергияга жакын адамдар;
Ашказанында кычкылдуулук жогору болгон адамдар.Прикрепленное изображение: images.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: ELTYN: 03 Декабрь 2011 - 13:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ден соолук жана сулуулук
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 18:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: