
Пайдалуу кеңештер же элдик медицина.
#281 08 Декабрь 2014 - 22:51

#282 08 Декабрь 2014 - 22:55
#283 08 Декабрь 2014 - 23:00
#284 08 Декабрь 2014 - 23:04

#285 08 Декабрь 2014 - 23:33
#286 08 Декабрь 2014 - 23:43

#287 09 Декабрь 2014 - 22:33
Эшикте аба ырайы сууктап, кыштын сүрөтүн өзүнүн ызгаар суугу менен тартып жатканда, адамдар ар кандай ооруларга байланып, сыркоолоп калат эмеспи. Дарылануу үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдонуп келишет. Жада калса аарынын уусу менен дарылангандар арабызда күндөн-күнгө көбөйүүдө. Ал эми карапайым адамдар "бал" дегенде күнүмдүк тамак катары колдонуп жаткан балды элестетебиз. Врачтар болсо биринчи эле анын адамдын ден соолугуна тийгизген касиеттүү таасирин айтат. Ал адамдын эң таттуу тамагы да, алмашкыс кымбат баалуу дарысы да болуп эсептелет. Анда анын касиеттери жана адамдын ден соолугуна пайдасы тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 09 Декабрь 2014 - 22:57
#288 09 Декабрь 2014 - 22:36
Апитерапия - медицинанын жаңы багыты, ал латын тилинен которгондо "apis, аары" дегенди түшүндүрөт. Апитерапиянын эң негизги куралы: Бал, гүл чаңчалары, прополис, аарынын уусу, гомогенат ж.б. Медицинада "апитерапия" боюнча биринчи илимий ишти 1894-жылы профессор Лукомский жазган. Ал анда ревматизмди жана муун ооруларын изилдеп чыккан. Андан кийин 1941-жылы профессор Артемов аарынын уусун изилдеп, анын курамында иммунитетти жогорулатуучу зат бар экендигин жана нерв системаларына пайдалуу экендигин аныктап, ал боюнча илимий иш жазган.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 09 Декабрь 2014 - 22:57
#289 09 Декабрь 2014 - 22:43
Балдын антисептикалык жана сезгенүүгө каршы касиеттери медицина тармагындагы айрым адистерди таң калтырат. Канаданын "Глоб энд мейл" гезитинде: "Туруктуу микробдорго каршылык көрсөтө албаган эң эле күчтүү антибиотиктерден айырмаланып, бал инфекцияланган жарадагы микробдордун, жок эле дегенде, айрымдарын жок кылат," - деп айтылган. Балдын дарылык касиети эмнеде? Бул суроого жооп алуу үчүн, гүлдөрдөн нектар жыйнаган жумушчу аарыны карап көрөлү. Аарынын шилекейиндеги глюкозооксидаза нектардагы глюкозанын бөлүнүп чыгуу процессинде негизги ролду ойнойт. Ошол процессте бөлүнгөн кошумча продукт, суутектин кычкылы, адатта, жараатты дезинфекциялоо жана тазалоо үчүн колдонулат. Бирок суутектин кычкылынын таасири узакка созулбайт, ал эми бал менен аралашканда ал башкачараак таасир этет. "Жарааттан бөлүнгөн суюктук менен аралашканда балдын табигый кислоталуулугу төмөндөйт," - деп билдирет "Глоб" гезити. Так ошол кислоталуулугу төмөн чөйрөдө фермент таасирин тийгизе баштайт. Балдын составындагы кант акырындык менен бир калыпта эрийт. Натыйжада, жарааттагы бактерияларды жок кыла алган, ошол эле учурда жарааттын тегерегиндеги соо ткандарга эч кандай зыян келтирбеген өлчөмдө суутектин кычкылы бөлүнүп чыгат. Бал адамдардын баарына эле дары боло бербей турганы эскертилген. Балда беш пайызга жакын ботулис таякчалары болот. Ботулизм оорусу боюнча иш жүргүзгөн канадалык уюм жана педиатрлар ассоциациясы бир жашка чейинки балдарга бал бербөөнү кеңеш кылышкан, анткени "ымыркайлардын ичегисиндеги микрофлора организмди бактериялардан коргой аларлык деңгээлде өрчүй элек."
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 09 Декабрь 2014 - 22:57
#290 09 Декабрь 2014 - 22:46
Медиктердин далилдөөсү боюнча бышык бал жүздөгөн ооруларды айыктыра алат. Экинчи кылымда жашаган байыркы Рим дарыгери Гален өз убагында эле балдын касиетине таң берип: "Ден соолукту чыңдоодо жана ооруларды айыктырууда балдан ашкан дары жок!" - деп айткан. Ал эми байыркы чыгыш жазууларында балдын организмдеги уулуу заттарды жөндөөрү тууралуу айтылган.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 09 Декабрь 2014 - 22:57
#291 09 Декабрь 2014 - 22:50
Балда 300 дөн ашуун пайдалуу заттар бар. Өзгөчө дем алуу системаларына, жүрөк тамырларына, артериалдык кан басымга пайдалуу. Бал шыбап массаж жасатсаңыз - булчуңдар чыңалат. Аз кандуулук менен жабыр тарткандар балды колдонушса жакшы, анткени, бал кандын гемоглобинин жогорулатып, таң эрте ачкарын бир чай кашык бал жеген адамдын иммунитети көтөрүлөт. Бал организмге тез жана 100 пайыз сиңет. Ошондуктан ал тамак сиңирүүнү, тамакка болгон табитти жакшыртат. Пайдалуулугу жагынан балга бир дагы жашылча тең келе албайт. Ал эми калориялуулугу жагынан ал нан, эт, боор, балыктардын катарында жүрөт. Балды пайдалануудан кандын түзүлүшү жакшырат, иммунитет көтөрүлөт, мындан тышкары ал күчтүү энергиянын булагы болуп эсептелинет, ошондой эле бал организмди мезгилинен эрте картаюудан сактайт.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 09 Декабрь 2014 - 22:57
#292 09 Декабрь 2014 - 22:56
Балдын негизги дарылык касиети анын аарылар аркылуу ар кандай касиеттүү өсүмдүктөрдөн чогултулгандыгында сакталган. Ошондуктан анын ар бир түрү - өздөрүнүн өзгөчөлүү терапия касиетине ээ. Адамдын дем алуу органдары ооруганда - абасы таза тоолордогу гүлдөрдөн чогултулган тоонун балын колдонушу керек. Бөйрөк ооруганда - жазындагы айылдардын талааларындагы керемет чөптөрдөн жасалган балды колдонсо болот. Нерв жана жүрөк ооруларына - жайында жасалган бал жакшы. Талаалардагы гүлдөрдөн жасалган бал болсо - тамак сиңирүү системасынын ар кандай ооруларын айыктырат. Адамдын организми балды өзүнө өздөштүрүүдө, сиңирүүдө жана иштеп чыгууда анча деле кыйналбайт жана ал процесс башка азыктарга салыштырмалуу жеңил жана аз убакытта жүрөт. Көрсө, эмгекти сүйгөн чаяндар биз үчүн иштин баарын жасап коюшат экен. Ден соолуктун жалпы чың болушу үчүн ар бир адамга суткасына 4-6 чай кашык балды ичип коюусу ашыкча болбойт. Анткени, бал нерв системасын эс алдырат, жүрөктүн булчуңдарын чыңдайт, канды тазалап турат жана адамдын күчүн калыбына келтирет. Ошондуктан мүмкүн болушунча денелик оор жумушту аткараардын алдында жана андан кийин бал колдонуш керек. Спорт менен машыккандарга бул маанилүү. Ооруларды алдын алууда жаңы балдарды колдонгон жакшы. Жапайы арылардын балы ден соолук үчүн коркунучтуу. Ал эми дүкөндөрдө сатылган балдар 49 градуска чейин жылытылат. Тилекке каршы 41-42 градус жылуулукта балдын күчтүү касиети жоголуп кетет.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 09 Декабрь 2014 - 22:56
#293 09 Декабрь 2014 - 23:01
Кара күрүчтөн жасалган күрөң түскө ээ болгон бал темирге, белокко жана кычкылтекке бай. Бул бал кан аздарга пайдалуу. Суук тийип жана вирус ооруулары менен ооруганда сары түстөгү балды колдонгон жакшы. Ал өзүнүн организмди чыңдай турган касиети менен айырмаланат. Акациядан жасалган бал эркектерге пайдалуу. Ал потенцияны көтөрөт жана бөйрөк, табарсык ооруларына жардам берет. Малина балы өзүнүн өңү менен сулуу жана назик жыты менен жыттуу. Аны февраль-март айларында суук күчөп ооруй башташканда колдонгон таасирдүү. Гүлдөрдүн түрүнөн жасалган бал операциядан кийинки адатка айланып калган ооруларга пайдалуу. Бал организмдеги кальций - калий алмашууларын жөндөгөн үчүн, дарыгерлер аны ден соолук үчүн канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу эске салышат. Бирок эгер сиздин балга аллергияңыз бар болсо, эч кандай бал азыктарын колдонбошуңуз керек. Ал ден соолук үчүн коркунучтуу.
#294 09 Декабрь 2014 - 23:11
Балды базардан сатып алуу үчүн бул нерселерди билип алганыңыз жакшы. Чыныгы бышык бал бат эле канттай болуп калат. Ал эми кышындагы суюк бал - жылытылган бал. Эгер бал жылуу сууда толугу менен эрип кетсе - ал сапаттуу. Кээде бышык балга крахмал кошуп коюшат. Мындай учурда анын жасалма экенин бат эле текшерип койсо болот. Эгер бор кошулган болсо, бир аз уксус кошуп көрөсүз, ал дароо эле кайнап чыгат. Бир тамчы йод тамгызып көрөсүз, эгер көк түс чыкса анда ал жасалма. Эң пайдалуу болуп четин (дарагы жана мөмөсү) балы эсептелет. Ал бардык сапаттуу мөмөлөргө бай. Бул бал сулуу кызыл өңгө жана жагымдуу жытка ээ. Ошондой эле, зымды кызытып балга тийгизип көрүңүз, эгер газ чыкса таза, эгерде түтүн чыкса анда таза эмес бал. Дагы бир ыкма, бал менен сууну 1:5 өлчөмүндө аралаштырып, бир күндөн кийин караганда тунбаса анын жакшы экендигин, тунуп калса начардыгын билдирет. Балды жыгач менен алганда узун тартып чоюлуп үзүлгөндөн кийин шарча болуп калса, анда балдын сапаты жакшы деп билиңиз. Мындан сырткары, азыраак балды иод менен аралаштырганда түсү көгөрсө ал таза деп эсептелет.
- 1 - Таза балга бир аз каймак май кошуп тилде 10 мүнөт кармаса жөтөл басылат.
- 2 - Тиштин бүйлөлөрү сезгенгенде туз кошулган бал жакшы жардам берет. Бул аралашма менен тиштин этин кечинде жана эртең менен дайыма жууп туруу керек.
- 3 - Балдардын бронх жана жөтөл ооруларында кара түрптүн ортосун оюп бал кошот. Эки сааттай тургандан кийин бул аралашманы күнүнө тамактануу алдында 2-3 жолу чай кашыктап ичирет. Жатаардын алдында ичүү да пайдалуу.
- 4 - Кара күрүчтөн жасалган күрөң түскө ээ болгон бал темирге, белокко жана кычкылтекке бай. Бул бал кан аздарга пайдалуу.
- 5 - Суук тийип жана вирус ооруулары менен ооруганда сары түстөгү балды колдонгон жакшы. Ал өзүнүн организмди чыңдай турган касиети менен айырмаланат.
- 6 - Акациядан жасалган бал эркектерге пайдалуу. Ал потенцияны көтөрөт жана бөйрөк, табарсык ооруларына жардам берет.
- 7 - Малина балы өзүнүн өңү менен сулуу жана назик жыты менен жыттуу. Аны февраль-март айларында суук күчөп ооруй башташканда колдонгон жакшы. Ошондой эле гүлдөрдүн түрүнөн жасалган бал операциядан кийинки адатка айланып калган ооруларга өтө пайдалуу.
#295 09 Декабрь 2014 - 23:17
Даярдоо ыкмасы: Идишке 2 кашык балды салып, жарым лимондун ширесин балдын үстүнө сыгып алабыз. Анан шашпай аралаштыруу зарыл. Колго, бетке жана моюнга шыбап коёбуз. Масканы көздүн тегерегине тийгизбөө керек. Тегиз сүйкөлүп бүткөн соң 15-20 мүнөт кыймылдабай чалкалап жатыңыз. Убакыт өткөн соң жылуу суу менен жууп коёсуз.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 09 Декабрь 2014 - 23:17
#296 09 Декабрь 2014 - 23:25
Аарылардын пайда болуусу 50 миллион жылды камтыйт. Эң көп жашаган адам катары аарычылар эсептелинет. Гиппократ "баардык ооруларды айыктыруучу дарылардан да аарынын уусу жогору турат," - деп белгилеген. Аарынын уусу менен СССРдин жогору бааланган чиновниктери дарыланганы анык болгон. Алардын арасында Л.И.Брежнев да бар. Иван Грозный муундардын оорусун аарылар менен айыктырса, ушул эле ыкма менен Кар Улуу ревматизмден арылган. Экинчи кылымда жашаган байыркы Рим дарыгери Гален өз убагында эле балдын касиетине таң берип: "Ден соолукту чыңдоодо жана ооруларды айыктырууда балдан ашкан дары жок!" - деп айткан. Ал эми байыркы чыгыш жазууларында балдын организмдеги уулуу заттарды жөндөөрү тууралуу айтылган. Байыркы Египетте аары чаккандан кийин адамдар айыгып кеткендиги туурасында папирустарда жазылып калган. Ал эми балдын негизинен жасалган дарылар Индияда, Грецияда, Байыркы Римде кеңири таралган.
P.S. Сыртта кыш. Эшикте суук өз өкүмүн сүрүп жатканда, адамдар ар кандай оору менен ооругандыктан, бал сиздин организмиңиз үчүн абдан керек экенин түшүндүңүз болуш керек. Ошондуктан бал менен дайыма достошкула.
#297 10 Декабрь 2014 - 15:02
Атайын адистердин айтымында, кыштын күнү малина, ромашка, карагаттын кургатылган жалбырактарын кайнак сууга чылап жана анар ширесин ичсе, сууктан сактайт. Аталган жемиштердин ширесин күнүгө 2-3 маал ичсе ашыкча болбойт. Андыктан суукту алдын алуу үчүн суусундукту көп колдонууну дарыгерлер сунушташат.

#298 10 Декабрь 2014 - 15:21
#299 15 Январь 2015 - 14:24
Теңге гүл (календула-ноготки) айдама өсүмдүк. Дарылыкка гүлү колдонулат. Теңге гүл республикабыздын бардык аймагында өсөт. Айрыкча Ысык-Көл аймагы орто нымдуулукта болгондуктан бул жерде өнүмдүү келип, дарылык касиети жогору (жагымдуу) болот. Кайсыл мезгилде айдалып эгилсе да, гүлдөгөндөн кийин гүлү алынат.
Дарылык касиети: гүлүнүн тундурмасы - алсырагандыкты болтурбоого, тамактын сезгенишин айыктырууга, тери ооруларына, тери күйүгүнө, тери жарасына, кесип алганга, ашказан, ичеги ооруларына жана аялзатына мүнөздүү болгон сезгенүү ооруларына колдонулат.
Даярдалышы жана колдонулушу: 3 литрлик айнек банкага кайнатылган 2 л. суу куюп, 300 гр. теңге гүлүн салып, 150 гр. таза бал кошуп, муздаганча аралаштырып, андан соң 150 гр. таза спирт кошуп, оозун жел кирбегендей бекем жаап, эки жума караңгы бөлмөгө коюп коёт. Мөөнөтүнөн кийин даяр болгон тундурманы ар кандай ооруларга колдоно берсе болот.
Тамактын сезгенишин айыктырууга (чайкоо жолу менен) бир чоң кашыгын бир стакан кайнак сууга демдеп алып, тамак ичкенден кийин үч маал тамакты чайкаш керек (оору сакайгыча). Мындан тышкары теңге чөптүн 10 гр. спирт менен болгон тундурмасы тери ооруларына колдонулат (сыйпоо жолу менен).
Жарат, муун ооруларына марли менен компресс жасап, 5-7 саат оору сакайганча жылуу оронот. Алсыраганды жоюуга, ашказан, ичеги ооруларына, аялдарга мүнөздүү болгон сезгенүү ооруларына (ичүү жолу менен) үч маал тамактын алдынан 150 гр. 7-9 күн жатаар мезгилде түнкүсүн ичилет.
Эскертүү: теңге гүлүнөн жасалган дарыны ичип жатканда мүнөздөп тамак ичилет.
#300 15 Январь 2015 - 14:25
Бул көп жылдык жапайы өсүмдүктүн дары катары тамыры жана уругу колдонулат. Кереч тамыры (фенхель обыкновенный) суулуу өрөөндөрдө өсүп, жыты алыстан аңкып, бою эки метрге чейин жетет. Түтүкчө сабактуу келип, данынан таттуу маңыз чыгат. Ал эми тамыры буралып кара күрөң түстүү болот. Август, сентябрь айларында тамыры жана даны алынат.
Дарылык касиети: кан басымы жогору болгондорго, нерв органдарына, ашказан, жоон ичегиге жана башка суук тийгенге, денеден тер чыгарууга жана уйку безинин оорусуна пайдаланылат. Уругу бронхага жана алсырагандыкты болтурбоого колдонулат.
Даярдалышы жана колдонулушу: 700 гр. кереч чөбүнүн тамырын салып, он беш мүнөт кайнатат. Чоңдор үчүн 200 гр., жаш балдар үчүн 50-100 гр.дан 7-9 күн катар ичилет. Ал эми уругун кургатып, майдалап, ун сыяктуу абалга келтирүү керек. Тамак ичилгенден кийин үч маал түтүкчө менен оозду чоң ачып туруп тамактын төрүнө карай үйлөсө, бронха, астма жана башка тамак ооруларын айыктырат.