Пайдалуу кеңештер же элдик медицина.
#301 15 Январь 2015 - 14:27
Калина бийиктиги 1,5-4 метр болгон бадал өсүмдүк.
Республикабыздын ысык аймактарында, тактап айтканда Чүй жана түштүк өрөөнүндө өсөт. Май, июнь айларында гүлдөп, сентябрь, октябрь айларында мөмөсү бышып жетилет. Гүлү 3-5 желекчеден турат. Жыш жайгашып, ак түстө болот. Мөмөсү кызыл өңдүү, чоң жана даамдуу келет. Дарылыкка гүлү, кабыгы, мөмөсү колдонулат (кабыгы жаз айында, мөмөсү күз айында алынат).
Дарылык касиети: канды токтотуу, башкача айтканда тамырдын булчуңдарын ичкертүү касиетине ээ. Кабыгын гинекологияда канды токтотууга колдонот. Аз кандуулукка колдонсо да болот. Мөмөсү жүрөктүн кан тамыр ооруларына жана заараны жеңил кубалоо катары колдонулат. Кургатылган мөмөсү заң катканга, ичти жумшартууга жардам берет.
Даярдалышы: кургатылган 50 гр. кабыкты 3 л. кайнак сууга төрт саат демдеп, дакиден өткөрүп айнек идишке куюп 150 гр. спирт кошуп, бир күндө 2-3 жолу тамакка чейин 50-100 гр.дан ичилет.
Кургатылган мөмөсүн 1 л. кайнатылган сууга беш кашык салып муздаганча демдеп, бир күндө 200 гр. дан 3-4 маал ичилет. Бул жүрөк кан тамыр жана ич жумшартуу, заараны жеңил кубалоодо өтө пайдалуу. Дары оорулуу сакайганга чейин ичилет
#302 15 Январь 2015 - 15:18
Жемишин жаштайынан сууга салып 5-6 саат кайнатса, майы бетине калкып чыгат. Аны калкып алып чыны идишке куюп, муздаткычка койсо суусу муздап, бетинде таза майы калат. Аны экинчи идишке сарыктырып куюп алат.
Ашказан жараларына ошол майдын 1 кашыгын 1 ста
кан кайнак сүт менен тамак ичерден бир саат мурун күнүгө 1 жолу ичет. Ал геморройго, жатындын мойнундагы жарага тампон катары коюлат. Ар түрдүү күйүккө чычырканак майынын 1 чай кашыгына 2 жумуртканын агын кошуп жапса, тырыгы жок тез айыгат. Ошол майды ысытып эриндин жарылганына, мурундун ичиндеги жарага сүйкөсө жакшы натыйжа берет. Кулак шуулдап, сайгылашып ооруган кезде майды жылытып, 1-2 тамчысын тамызса тып басылат.
Азыркы илимий медицинада радиоактивдүү заттардын залакаларынан болгон тери жараларын эмдөөгө колдонулууда.
#303 15 Январь 2015 - 15:19
Дары жасоо үчүн күздө жаш тамырын казып алып, жууп, майдалап туурайт. Анын 1 килограммын 15 литр сууга 2 саат кайнатат. Аны ысыгында ваннага куюп, 1 литр алма сиркесин (уксусун) муун кызыл жүгүрүгү, куяң, полиартрити бар адам 10 күн жатаарда бууланат. Андан соң памил чай ичип тердейт. Тери басылган соң жел тийгизбей жакшылап оронуп жатуу керек.
Мындан кийин 1 ай дем алып дарыланууну жогору-
дагыдай кайтадан баштайт. Ушуну 3 жолу кайталаса, оорудан бир топ сакаят.
Дал ушундай рецепте табылгынын тамырын алып жогорудагы оорулардын түрүн эмдөөгө болот. Дарылык касиети жагынан ит мурун менен бирдей.
Ит мурун препараттары витамин катары жана тамак сиңирүүнү жакшыртуу үчүн сунуш кылынат. Боор жана өт ооруларында сезгенүүгө каршы колдонулат. Аны күздө кургатып алып, чай катары кайнатып ичүү керек.
#304 15 Январь 2015 - 15:23
1 стакан тытка 1 аш кашык алма сиркесин кошуп, 1 күн тургузуп бетти сүртсө такты, сепкилди кетирет.
Анын 1 килограммын эт туурагычтан өткөрүп, 0.5 кг. бал
кошуп аралаштырып жеп жүрсө боор оорунун бардык түрлөрүнө даба. Ошондой эле өт жолун, бөйрөк, көк боордун иштешин жакшыртат.
2 стакан тытты 3 литр сууга кошуп, 1 саат кайнатып 100 гр. алма сиркесин кошуп күнүгө 30 гр.дан 4 ай ичип жүрсө ичтеги сайгылашууну, геморройду, полип жана тик ичегинин чытырап жарылып кетишин токтотот.
#305 15 Январь 2015 - 15:48
Узак өмүр сүрүүнү бардык эле адамдар каалайт. Бүгүн көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болгон узак өмүр сүрүүнүн сегиз шартына назарыңыздарды бурабыз.
1. Адам баласы азыктана турган тамак-аштар көп түрлүү болуп, аз-аздан пайдалануу керек. Анткени, адамдын денесин чыңдоодо тамак-аштын кырктан ашык түрү керек. Азыктык заттардын өлчөмүн өз калыбында кармоо үчүн адам баласы күн сайын мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, дандарды, этти, жумуртканы, айранды, сүттү, балыкты ж.б.азыктарды аз-аздан пайдаланууга туура келет. Өзгөчө бул тартипти орто жаштан өтүп калган же улгайган (60 жаштан жогору) адамдар колдонсо туура болот. Бул жаштагы адамдарга көп жылуулук бере турган, бирок азыктык заты аз болгон тамак-ашты пайдалануу керек. Бул учурда малдын майын, майлуу тамакты, кантты, кумшекерди аз пайдаланып, ал эми спиртти, аракты, винону такыр эле пайдаланбай койгон оң. Буларды көп пайдаланган адамдын каны алмашылып, кан басымы оорусуна чалдыгат да толуп кетет.
2. Адам баласы өзүнүн салмагы 25 жашта кандай болсо ошондон ашпаш керек. Эгерде салмагы жогорулап кетсе, анда гимнастика жасап, денесин чыңдашы керек. Деги эле орто жаштан жогорулаганда дайыма дене тарбия ойноп туруунун мааниси өтө зор болот.
3. Орто жаштагы жана улгайган адамдар балыкты, койдун этин, буурчакты, кургатылган азыктарды көп пайдаланып, ал эми майлуу тамак-ашты, каймакты, малдын жана сары майды азайтууга туура келет.
4. Жашы 40тан ашкан адамдын көпчүлүк учурда ичи көөп турат, бул да бир өзүнчө өнөкөт оору болуп эсептелет. Мындан тышкары болуш үчүн дайыма курамында крахмалы көп болгон жаңгак, мөмө-жемиш, жашылчаларды жетиштүү колдонуп турууга туура келет.
5. Жашы улгайган адамдар мүмкүн болушунча таттууну (кант, кумшекер, набат, момпосуй) аз жеп, бул учурда натрий элементтери аз болгон тамак-ашты пайдаланып жүрсө жакшы жардамы тиет.
6. С пирт ичимдигинде көп өлчөмдө жогорку калория болгону менен анын азыктык өлчөмү өтө эле аз болот. Ошондуктан, ичкиликти аз ичүү керек. Арак ичимдигин такай, көп ичкен адамдардын тамакка табити жакшы тартпай калат. Мына ушунун натыйжасында тамактануунун нормасы азаят да, адам баласына керектүү болгон витаминдерди жок кылат, минералдуу заттардын жетишпестигин пайда кылат. Ичимдикти такай ичкен адамдын ден соолугу акырындык менен бузула баштайт, өзгөчө нерв системасы бузулат. Боор начар иштеп, таңдай, кекиртек рагын пайда кылышы мүмкүн.
7. Дене тарбияны жасоо ар бир кишинин колунан келет. Муну өзүнүн алдына милдет катары да коюп алса болот. Анын себеби кичине кезден тарта дене тарбия жасап жүрсө, анын ден соолугу чың болору талашсыз.
8. Адам баласынын дайыма эмгектенип туруусу өмүрдүн узарышына чоң өбөлгө түзөт. Эмгек - бул кан басымынын бузулушуна жол бербей, кандын айланышын жакшыртып, өпкө, жүрөк ооруларынан, толуп кетүүдөн келип чыккан ооруларды азайтат. Теринин азыктанышын жакшыртат, нерв системасынын иштешин дайыма өз калыбына келтирип турат, адамдын организминин жашоо күчүнүн жакшырышына дайыма өбөлгө түзөт.
Кол менен эмгектенген адам, ойлонуу же үстөлдө отуруп эмгектенген адамдан айырмасы болот. Бирок, үстөлдө олтуруп эмгектенген адамдар дайыма дене тарбия жасай турган болсо, алардын да ден соолугу чың, өмүрү узун болот.
#306 17 Январь 2015 - 16:41
#308 21 Май 2015 - 11:21
Билдируудо, уйду башына атып олтуруп, ылдый каратып асып, канын тозуп алышып, анан бул шоколадка кошулат экен.
Интернеттен кененирээк окуп корсонуздор болот.
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 21 Май 2015 - 11:22
#309 21 Май 2015 - 14:02
ROZI (21 Май 2015 - 11:21) жазган:
Билдируудо, уйду башына атып олтуруп, ылдый каратып асып, канын тозуп алышып, анан бул шоколадка кошулат экен.
Интернеттен кененирээк окуп корсонуздор болот.
"обработанная сухая дефибринированная кровь крупного рогатого скота"
#310 23 Май 2015 - 12:50
*************************************
#311 25 Май 2015 - 16:39
Эшикте аба ырай сууктап, кыштын сүрөтүн өзүнүн ызгаар суугу менен тартып жатканда, адамдар ар кандай орууларга байланып сыркоолоп калат эмеспи. Дарылануу үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдонуп келишет. Жада калса аарынын уусу менен дарылангандар арабызда күндөн-күнгө көбөйүүдө. Ал эми карапайым адамдар “бал” дегенде күнүмдүк тамак катары колдонуп жаткан балды элестетебиз. Врачтар болсо биринчи эле анын адамдын ден соолугуна тийгизген касиеттүү таасирин айтат. Ал адамдын эң таттуу тамагы да, алмашкыс кымбат баалуу дарысы да болуп эсептелет. Анда анын касиеттери жана адамдын ден соолугуна пайдасы тууралуу сөз кылмакчыбыз. Аарынын дарылык касиети тууралуу тарыхы Апитерапия – медицинанын жаңы багыты, ал латын тилинен которгондо “apis, аары” дегенди түшүндүрөт. Апитерапиянын эң негизги куралы: бал, гүл чаңчалары, прополис, аарынын уусу, гомогенат, ж.б. Медицинада “апитерапия” боюнча биринчи илимий ишти 1894 – жылы профессор Лукомский жазган. Ал анда ревматизмди жана муун ооруларын изилдеп чыккан. Андан кийин 1941-жылы профессор Артемов аарынын уусун изилдеп, анын курамында иммунитетти жогорулатуучу зат бар экендигин жана нерв системаларына пайдалуу экендигин аныктап, ал боюнча илимий иш жазган. Бал туралуу Балдын антисептикалык жана сезгенүүгө каршы касиеттери медицина тармагындагы айрым адистерди таң калтырат. Канаданын «Глоб энд мейл» гезитинде: «Туруктуу микробдорго каршылык көрсөтө албаган эң эле күчтүү антибиотиктерден айырмаланып, бал инфекцияланган жарадагы микробдордун, жок эле дегенде, айрымдарын жок кылат»,— деп айтылган. Балдын дарылык касиети эмнеде? Бул суроого жооп алуу үчүн, гүлдөрдөн нектар жыйнаган жумушчу аарыны карап көрөлү. Аарынын шилекейиндеги глюкозооксидаза нектардагы глюкозанын бөлүнүп чыгуу процессинде негизги ролду ойнойт. Ошол процессте бөлүнгөн кошумча продукт, суутектин кычкылы, адатта, жараатты дезинфекциялоо жана тазалоо үчүн колдонулат. Бирок суутектин кычкылынын таасири узакка созулбайт, ал эми бал менен аралашканда ал башкачараак таасир этет. «Жарааттан бөлүнгөн суюктук менен аралашканда балдын табигый кислоталуулугу төмөндөйт», — деп билдирет «Глоб» гезити. Так ошол кислоталуулугу төмөн чөйрөдө фермент таасирин тийгизе баштайт. Балдын составындагы кант акырындык менен бир калыпта эрийт. Натыйжада, жарааттагы бактерияларды жок кыла алган, ошол эле учурда жарааттын тегерегиндеги соо ткандарга эч кандай зыян келтирбеген өлчөмдө суутектин кычкылы бөлүнүп чыгат. Бал адамдардын баарына эле дары боло бербей турганы эскертилген. Балда беш пайызга жакын ботулис таякчалары болот. Ботулизм оорусу боюнча иш жүргүзгөн канадалык уюм жана педиатрлар ассоциациясы бир жашка чейинки балдарга бал бербөөнү кеңеш кылышкан, анткени «ымыркайлардын ичегисиндеги микрофлора организмди бактериялардан коргой аларлык деңгээлде өрчүй элек». Бал медицинада Медиктердин далилдөөсү боюнча бышык бал жүздөгөн ооруларды айыктыра алат. Экинчи кылымда жашаган байыркы рим дарыгери Гален өз убагында эле балдын касиетине таң берип: “ден соолукту чыңдоодо жана ооруларды айыктырууда балдан ашкан дары жок” деп айткан. Ал эми байыркы чыгыш жазууларында балдын организмдеги уулу заттарды жөндөөрү тууралуу айтылган. Балдын касиети: Балда 300дөн ашуун пайдалуу заттар бар. Өзгөчө дем алуу системаларына, жүрөк тамырларына, артериалдык кан басымга пайдалуу. Бал шыбап массаж жасатсаңыз — булчуңдар чыңалат. Аз кандуулук менен жабыр тарткандар балды колдонушса жакшы, анткени, бал кандын гемоглобинин жогорулатып, таң эрте ачкарын бир чай кашык бал жеген адамдын иммунитетти көтөрүлөт. Бал организмге тез жана 100 пайыз сиңет. Ошондуктан ал тамак сиңирүүнү, тамакка болгон табитти жакшыртат. Пайдалуулугу жагынан балга бир дагы жашылча тең келе албайт. Ал эми калориялуулугу жагынан ал нан, эт, боор, балыктардын катарында жүрөт. Балды пайдалануудан кандын түзүлүшү жакшырат, иммунитет көтөрүлөт, мындан тышкары ал күчтүү энергиянын булагы болуп эсептелинет, ошондой эле бал организмди мезгилинен эрте картаюудан сактайт Өзгөчөлүү терапия касиети Балдын негизги дарылык касиети анын аарылар аркылуу ар кандай касиеттүү өсүмдүктөрдөн чогултулгандыгында сакталган. Ошондуктан анын ар бир түрү – өздөрүнүн өзгөчөлүү терапия касиетине ээ. Адамдын дем алуу органдары ооруганда- абасы таза тоолордогу гүлдөрдөн чогултулган тоонун балын колдонушу керек. Бөйрөк ооруганда – жазындагы айылдардын талааларындагы керемет чөптөрдөн жасалган балды колдонсо болот. Нерв жана жүрөк ооруларына – жайында жасалган бал жакшы. Талаалардагы гүлдөрдөн жасалган бал болсо – тамак сиңирүү системасынын ар кандай ооруларын айыктырат. Адамдын организми балды өзүнө өздөштүрүүдө, сиңирүүдө жана иштеп чыгууда анча деле кыйналбайт жана ал процесс башка азыктарга салыштырмалуу жеңил жана аз убакытта жүрөт. Көрсө, эмгекти сүйгөн чаяндар биз үчүн иштин баарын жасап коюшат экен. Ден соолуктун жалпы чың болушу үчүн ар бир адамга суткасына 4-6 чай кашык балды ичип коюусу ашыкча болбойт. Анткени, бал нерв системасын эс алдырат, жүрөктүн булчуңдарын чыңдайт, канды тазалап турат жана адамдын күчүн калыбына келтирет. Ошондуктан мүмкүн болушунча денелик оор жумушту аткараардын алдында жана андан кийин бал колдонуш керек. Спорт менен машыккандарга бул маанилүү. Ооруларды алдын алууда жаңы балдарды колдонгон жакшы. Жапайы арылардын балы ден соолук үчүн коркунучтуу. Ал эми дүкөндөрдө сатылган балдар 49 градуска чейин жылытылат. Тилекке каршы 41 -42 градус жылуулукта балдын күчтүү касиети жоголуп кетет. Кайсы ооруга кандай балды колдонуш керек? Кара күрүчтөн жасалган күрөң түскө ээ болгон бал темирге, белокко жана кычкылтекке бай. Бул бал кан аздарга пайдалуу. Суук тийип жана вирус ооруулары менен ооруганда сары түстөгү балды колдонгон жакшы. Ал өзүнүн организмди чыңдай турган касиети менен айырмаланат. Акациядан жасалган бал эркектерге пайдалуу. Ал потенцияны көтөрөт жана бөйрөк, табарсык ооруларына жардам берет. Малина балы өзүнүн өңү менен сулуу жана назик жыты менен жыттуу. Аны февраль-март айларында суук күчөп ооруй башташканда колдонгон таасирлүү. Гүлдөрдүн түрүнөн жасалган бал операциядан кийинки адатка айланып калган ооруларга пайдалуу. Бал организмдеги кальций – калий алмашууларын жөндөгөн үчүн, дарыгерлер аны ден соолук үчүн канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу эске салышат. Бирок, эгер сиздин балга аллергияңыз бар болсо, эч кандай бал азыктарын колдонбошуңуз керек. Ал ден соолук үчүн коркунучтуу. Сапаттуу бал тандаңыз Балды базардан сатып алуу үчүн бул нерселерди билип алганыңыз жакшы. Чыныгы бышык бал бат эле канттай болуп калат. Ал эми кышындагы суюк бал – жылытылган бал. Эгер бал жылуу сууда толугу менен эрип кетсе – ал сапаттуу. Кээде бышык балга крахмал кошуп коюшат. Мындай учурда анын жасалма экенин бат эле текшерип койсо болот. Эгер бор кошулган болсо, бир аз уксус кошуп көрөсүз, ал дароо эле кайнап чыгат. Бир тамчы йод тамгызып көрөсүз, эгер көк түс чыкса анда ал жасалма. Эң пайдалуу болуп четин (дарагы жана мөмөсү) балы эсептелет. Ал бардык сапаттуу мөмөлөргө бай. Бул бал сулуу кызыл өңгө жана жагымдуу жытка ээ. Ошондой эле, зымды кызытып балга тийгизип көрүңүз, эгер газ чыкса таза, эгерде түтүн чыкса анда таза эмес бал. Дагы бир ыкма, бал менен сууну 1:5 өлчөмүндө аралаштырып, бир күндөн кийин караганда тунбаса анын жакшы экендигин, тунуп калса начардыгын билдирет. Балды жыгач менен алганда узун тартып чоюлуп үзүлгөндөн кийин шарча болуп калса, анда балдын сапаты жакшы деп билиңиз. Мындан сырткары, азыраак балды иод менен аралаштырганда түсү көгөрсө ал таза деп эсептелет. 1- Таза балга бир аз каймак май кошуп тилде 10 мүнөт кармаса жөтөл басылат. 2- Тиштин бүйлөлөрү сезгенгенде туз кошулган бал жакшы жардам берет. Бул аралашма менен тиштин этин кечинде жана эртең менен дайыма жууп туруу керек. 3- Балдардын бронх жана жөтөл ооруларында кара түрптүн ортосун оюп бал кошот. Эки сааттай тургандан кийин бул аралашманы күнүнө тамактануу алдында 2-3 жолу чай кашыктап ичирет. Жатаардын алдында ичүү да пайдалуу. 4- Кара күрүчтөн жасалган күрөң түскө ээ болгон бал темирге, белокко жана кычкылтекке бай. Бул бал кан аздарга пайдалуу. 5- Суук тийип жана вирус ооруулары менен ооруганда сары түстөгү балды колдонгон жакшы. Ал өзүнүн организмди чыңдай турган касиети менен айырмаланат. 6- Акациядан жасалган бал эркектерге пайдалуу. Ал потенцияны көтөрөт жана бөйрөк, табарсык ооруларына жардам берет. 7- Малина балы өзүнүн өңү менен сулуу жана назик жыты менен жыттуу. Аны февраль-март айларында суук күчөп ооруй башташканда колдонгон жакшы. Ошондой эле гүлдөрдүн түрүнөн жасалган бал операциядан кийинки адатка айланып калган ооруларга өтө пайдалуу. Бал- сулуулук үчүн Бал косметологияда кургак терилүүлөр үчүн кеңири колдонулаары баарыбызга маалым. Бал маскалары кургак бетти жакшы азыктандырат, жумшартат, беттин куудурап кургаганын азайтат жана кайсы бир деңгээлде майда бырыштарды кетирет. Бирок балды маска катары колдоноордон мурун өзүңүздүн бул азыктан аллергияңыз жок экендигин билип алыш керек. Жумасына эки жолу бул мсканы колдонсоңуз ал бет териңиздин агарышына жакшы жыйынтык берет. Бир лимон жана 2 аш кашык суюк бал. Даярдоо ыкмасы: Идишке 2 кашык балды салып, жарым лимондун ширесин балдын үстүнө сыгып алабыз. Анан шашпай аралаштыруу зарыл. Колго, бетке жана моюнга шыбап коёбуз. Масканы көздүн тегерегине тийгизбөө керек. Тегиз сүйкөлүп бүткөн соң 15-20 мүнөт кыймылдабай чалкалап жатыңыз. Убакыт өткөн соң жылуу суу менен жууп коесуз. Кызыктуу фактылар Аарылардын пайда болуусу 50 миллион жылды камтыйт. Эң көп жашаган адам катары аарычылар эсептелинет. Гиппократ “баардык ооруларды айыктыруучу дарылардан да аарынын уусу жогору турат”, – деп белгилеген. Аарынын уусу менен СССРдин жогору бааланган чиновниктери дарыланганы анык болгон. Алардын арасында Л.И.Брежнев да бар. Иван Грозный муундардын оорусун аарылар менен айыктырса, ушул эле ыкма менен Кар Улуу ревматизмден арылган. Экинчи кылымда жашаган байыркы рим дарыгери Гален өз убагында эле балдын касиетине таң берип: “ден соолукту чыңдоодо жана ооруларды айыктырууда балдан ашкан дары жок” деп айткан. Ал эми байыркы чыгыш жазууларында балдын организмдеги уулу заттарды жөндөөрү тууралуу айтылган. Байыркы Египетте аары чаккандан кийин адамдар айыгып ккеткендиги туурасында папирустарда жазылып калган. Ал эми балдын негизинен жасалган дарылар Индияда, Грецияда,Байыркы Римде кеңири таралган. P.S. Кыш айына чамалуу гана кундөр калды. Эшикте суук өз өкүмүн сүрүп жатканда, адамдар ар кандай ооруу менен оруугандыктан бал сиздин организмиңиз үчүн абдан керек экенин түшүндүңүз болуш керек. Ошондуктан бал менен дайыма достошкула.
<br style="color: rgb(34, 34, 34); font-family: Arial, Helvetica, sans-serif; font-size: 13px; line-height: 17px;">
*************************************
#312 30 Май 2015 - 01:55
#313 09 Июнь 2015 - 17:34
Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет

1. Эртең менен жаңы ойгонгондон баштап эле денеңиз оорлошуп, маанайыңыз жок болот жана кечке чейин абалыңыздын начарлашы жогорулай берет. Ишке болгон жөндөмдүүлүк кескин азаят. Бат эле чарчап каласыз.
2. Маалыматтарды кабыл алуу начарлап, унутчаак болосуз.
3. Себепсиз эле башыңыз ооруй берет.
4. Уйкуңуз бузулат
5. Жан дүйнөңүз жабыркап, ачуулуу болуп чыга келесиз.
6. Териңиздин абалы начарлай баштайт. Кургайт, түлөйт, безетки чыгат.
7. Денеден жагымсыз жыт чыгат.
8. Ооздо жагымсыз жыт пайда болот.
9. Тиштериңиз ооруйт
10. Сасык тумоо тийгендей дене табыңыз көтөрүлүшү мүмкүн.
11. Терчилдик пайда болот.
12. Ичиңизге газ көп топтоло баштайт жана ич катат

Ичегилерди тазалоодон баштаңыз
Алгачкы күндөрү 2 даана алмадан эки маал жеп отуруп, күн сайын дагы экиден кошуп 2 килограммга чейин жегенге жеткириңиз. Мында, кофе ичүүнү токтотуп, ордуна минералдык суу же чөп чай ичишиӊиз керек. Айына бир жолу ичегилерди алма менен тазалап туруу натыйжылуу болот.
Бир күндө 2 литрге чейин жаңы жер-жемиштерден сыгылып алынган шире ичиңиз. Ширени өзүӊүз каалаган жемиштен даярдасаӊыз болот. Шире менен ичегини тазалоо күнү башка эч кандай азык жебешиӊиз керек. Бул ыкманы бир айда бир гана жолу жасаңыз.

Бөйрөк
Дарбыз жана кара нан. Тазалоонун бул түрүндө кара нан менен дарбыздан башка эч тамак желбеши керек. Күндүз кечке дарбыз жана кара нан менен гана тамактаныӊыз. Мындай тазалануудан эки-үч күн өткөндөн кийин бөйрөктөгү майда кумдар жана таштар заара аркылуу бөлүнүп чыгып баштайт. Эгер бир жумада бул процессти байкабасаңыз, тазалоону дагы 2-3 жума кайталаңыз. Организмдеги кумдардын бөлүнүп жатканын өз көзүңүз менен көрүп ынангыңыз келсе, анда заараны атайын идишке заара ушатасыз.
Кан тамырлар
Кан тамырды тазалоо менен жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга болот. Бул ыкма аркылуу организмди жашарта алабыз. Тамырлар тазаланган соң кан айлануу жакшы иштеп, ар бир клетка таза кан менен азыктанып, натыйжада терини, тырмактарды, чачты бекемдейт.
Малинанын, карагаттын жана ит мурундун кургатылган жалбырактарын кошуп чай демдеӊиз. Ит мурундун мөмөсү жүрөктү жакшы иштетет, токсиндер менен шлакты айдап чыгып, организмдеги холестериндин деӊгээлин азайтат. Ит мурундун жалбырагынын ордуна мөмөсүн колдонсоңуз да болот.
Сарымсактын з тишчеси менен 2 лимондун кабыгын эт туурагычтан өткөрүп майдалап, ага 1 килограмм бал, 200 грамм зыгыр майын кошуп аралашма даярдайсыз. Даяр болгон массаны айнек идишке салып муздаткычка коюп коёсуз. Эми андан бир күндө үч жолу бир аш кашыктан тамактанарга жарым саат калганда жеш керек. Мындай аракет аркылуу сиз кан-тамырларыӊызды тазалоо менен бирге жаштыгыӊызды сактай аласыз.

Боор
Боорго шлак толуп калганда бетке безеткилер чыга баштайт. Боорду тазалоону ичегилерди тазалап бүткөндөн кийин баштасаңыз жакшы натыйжа берет. Мындай аракетте кан тамырлар жана өт да кошо тазаланат. Бул органды тазалоонун алдында эт, жумуртка жана сүт азыктарын рационуңуздан азайтып же алып салыңыз. Алардын ордуна жашылчалардан жасалган салат колдонсоңуз болот.
Бир күндө 2 килограммга чейин табитиӊизге жакын жашылчаларды жеӊиз. Бул күнү жашылчалардан башка тамактарды токтотуп коюӊуз. Бир гана газдалбаган суу ичсеңиз болот.

Салат. Салаттын курамын сабиз, түстүү капуста, болгар калемпири, редиска, жашыл алма, кызыл кызылча, бадыраң жана аш-көктөр түзөт. Бул жашылчалардын баарын туурап, оливка майы менен аралаштырып, татымына жараша туз кошосуз. Даяр болгон салатты ар эки саат сайын жеп, кадимки тамак катары кабыл алыӊыз. Бул ыкманы ар эки күндө бир кайталасаңыз натыйжалуу болот.
Күнүңүздү бир аш кашык зайтун майын ичүү менен баштаңыз. Майды эртеӊ мененки тамактануудан жарым саат мурун ичиӊиз. Мындай тазалануунун натыйжасын бир жумада эле байкасаңыз болот. Жүзүӊүз жылмакай тартып, жумшарып калат. Зайтун майы жок болсо ордуна зыгыр майын колдонсоңуз болот. Бул майды шаарыбыздын бардык дарыканаларынан таба аласыз. Бир ай май ичип, экинчи айда эс алып турсаӊыз болот. Бул ыкма сиздин бооруңуздун жакшы иштешине жардам берет
.

Муундарды тазалоо
Бутуңуздун бүгүлүшүн оорлоткон муундарыңыздын оорусунан арылгыңыз келсе, демек, муундарды тазалоо керек. Муундар тазаланганда организмдеги ашыкча туздар ээрийт. Туздардан арылуу менен өзүӊүз каалаган саламаттыкка жетсеӊиз болот.
Лавр жалбырагы. 5-6 грамм лавр жалбырагынын үстүнө 300 грамм кайнак суу куюп, жай отко 3-5 мүнөт кайнатасыз. Даяр болгон кайнатманы жалбырагы менен банкага куюп коёсуз. Тамактануу ортологон маалда ал кайнатмадан 50 граммдан ичип туруңуз. Бул ыкманы 3 күн катары менен жасаңыз. Ортодон бир жума эс алган соң дагы бир ирет кайталаңыз. Экинчи ирет кайталагандан кийин бул жолу бир ай эс алыңыз да, кайрадан кайталаӊыз. Организмиңиздин тазалана баштаганын бир жумадан кийин байкасаңыз болот. Муундарыңыздын ооруганы басылат.

Организмди ар дайым таза алып жүрүүнү каалсаңыз, анда:
1. Таттуу, майлуу жана ундан жасалган азыктарды чеги менен кабыл алуу зарыл.
2. Майлуу эмес эт жана балыкты жумасына бир жолу гана жегенге болот;
3. Өтө тоё тамактанып алгандан алыс болуу кажет
4. Бир күндө 2-2,5 литрге чейин газдалбаган суу ичүү зарыл;
5. Жашылча-жемиштерди дайыма жей жүрүү талапка ылайык;
6. Ар дайым кыймылда болуу маанилүү.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#314 09 Июнь 2015 - 17:58
Ачкарын жегенге тыюу салынган азыктар
Төмөндөгү 10 азыкты ачкарын кабыл алууга болбойт. Анткени ден- соолугуңузга кедергисин тийгизет.
Банан
Курамында магнийдин деңгээли жогору болгондуктан ачкарын жесеңиз, организмиңиз магний- кальций тең салмактуулугунун бузулуна кабылат. Анын айынан жүрөк- кан- тамыр ооруларын козгойт.

Апельсин
Ашказаныңыз кислота менен газга ашыкча толот. Бул албетте ден- соолукка өтө зыян.

Муздак суусундуктар
Муздак суусундуктар ашказанды жана ичегилерди дүүлүктүрөт. Анын натыйжасында ферменттик реакция жабыркап, кайсы бир белгилүү ооруну козгойт. Айымдардын айыз цикли туруксуз боло баштайт.

Долоно
Курамында органикалык, шарап, майлар жана лимон кислотасынын деңгээли жогору болгондуктан ашказанды ашыкча шире иштетип чыгууга мажбурлайт. Жыйынтыгында ашказаныңыз газ менен кислотага толуп калат.
Йогурт
Ачкарын йогурт жесеңиз, анын курамындагы заттар пайдалуулугун жоготот. Андыктан тамактануудан кийин эки сааттан кийин же уктаар алдында жесеңиз пайдасы көп болот. Мындай учурда тамак- аш сиңирүүгө жакшы жардам берет.

Картошка
Курамындагы дубиль кислотасы жана пектин ашказанды ашыкча шире иштеп чыгууга мажбурлайт. Анын айынан организм ыңгайсыз абалга кабылат.

Курма
Курманын курамында өтө жогору деңгээлдеги пектин, дубиль кислотасы бар, ал ашказандан бөлүнүп чыккан таза шире менен аралашканда гель сыяктуу абалга келет. Анын кесепетинен ашказан ташынын топтолушуна өбөлгө түзөт.

Помидор
Помидор дагы хурма сыяктуу таасир берет.

Кант
Кант организмге киргенде өтө тездик менен сиңип кетет.ал эми бош ашказанга барганда организм канттын деңгээлин канга тиешелүү өлчөмдө инсулин бөлүп бере албай калат. Анын айынан көз оорусу пайда болот. Мындан сырткары, кант кислота да бөлүп чыгарат. Демек, организмдеги кислота щелочтук тең салмактуулукту калыбынан бузат.

Сарымсак
Курамындагы аллицин ашказандын кабыкчасын жана ичегини дүүлүктүрөт. Анын арты менен гастроспазма пайда болот.

Живу и радуюсь каждому дню!!!
#315 09 Июнь 2015 - 21:36

1- Суу
Жөнөкөй эле суу ар бир колдонгон тамак- ашыбыздын курамында бар. Ал эми газдалган суулар, ширелер, кофе, чай жана сүт темирдин өздөшүүсүн начарлатат. Андыктан буларды өтө көп өлчөмдө кабыл алуу ден- соолукка зыян.

2- Сүт
Сүттүн курамында көптөгөн пайдалуу элементтер бар. Бирок, адамдардын бардыгы бирдей лактозду өздөштүрүүгө күчү жетпейт. Бул ал адамдын организминдеги кээ бир ферменттердин жоктугунан улам болот. Ошондуктан сүттү көп өлчөмдө ичип алса, ичи, ашказаны ооруп, кускусу келип ичи өтөт же тескерисинче катат.

3- Чай
Кара чайдагы кофеин адамга күч кубат берет. Бирок, организмдеги жездин, цинктин жана калийдин өздөштүрүүсүн начарлатат. Андыктан чайды тамактан кийин жок эле дегенде жарым сааттан кийин ичүү сунушталат. Мындан сырткары, бөтөлкөдө чыгарылып дүкөндө сатылган чайларды ичкенге болбойт. Анткени анын курамында лимон кислотасы бар. Ал, ден- соолукка зыян болуп эсептелет.

4- Кофе
Кофе артериялык кан басымы төмөн адамдарга жакшы таасир берет. Ал эми жүрөк оорулуу жана муун оорулары менен жабыркагандарга кофе ичүүгө тыюу салынат.

5- Ширелер
Кагаздан жасалган идиштерде сатылган ширелерде витамин көп, андыктан пайдалуу деп билебиз. Бирок, анын курамында көп өлчөмдө шекер бар. Ал эми ширелер жогорку деңгээлдеги кислаталуу болгондуктан ашказаны ооруган адамдарга зыянын тийгизет. Эң эле жакшысы жаңы сыгылып даярдалган шире ичиңиздер.

7- Минералдык суулар
Минареалдык сууларды дарыгердин көрсөтмөсү менен гана ичүү сунушталат. Анткени анын курамындагы туздар кээ бир адамдардын зат алмашуусуна терс таасирин тийгиши ыктымал. Эгер аябай эле ичкиңиз келип жатса аз өлчөмдө гана ичиңиз.

8- Таттуу газдалган суусундуктар
Газдалган таттуу суусундуктардын курамында шекер, лимон кислотасы болгондуктан, алар тиштин эмалына доо кетирет. Ал эми ароматизаторлор жана түстүү кошулмалар бөйрөктү жабыркоого алып келет.

9- Алкоголдук ичимдиктер
Алкоголдук ичимдик ичкен адамдар жүрөк- кан- тамыр ооруларына, боор патологиясына мээнин жабыркашына кабылышат. В группасындагы витаминдердин метаболизмасы бузулат.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 21:40
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#316 09 Июнь 2015 - 21:52
100 жашка чыккыңыз келеби? Анда, өзүңүзгө туура кам көрүңүз
Узак жашоонун сыры чындыгында эң эле жөнөкөй. Бирок, акыркы учурларда адамдар абдан эле эринчээк болгондуктан, оңой эле нерселерди аткарып коюуга моюндары жар бербейт.
1- Гезитти бутуңузду шыпка карай асып окуңуз
Ооба. Дал ушундай ыкмада гезит окуңуз. Бул тамаша эмес. Анткени, бутуңузду жогору көтөрүп гезит окуган маалда мээңизди бир аз стресске кабылтатыз. Ал эми бул учурда мээ бузуган нерв торчолорун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Мындан сырткары, анча- мынча өзүңүзгө жакпаган музыка да угуп коюңуз. Мунун жыйынтыгы да жогорудагыдай эле болот.
2- Кызыл түстөгү жер- жемиштерди көбүрөөк жеңиз
Маселен, апельсинге караганда таттуу калемпирде С витамини көбүрөөк. Кызылча нитраттарга бай, ал кан тамырларды кеңейтип жакшы иштешине өбөлгө түзөт. Помидор болсо ликопендин булагы, ал рак ооруларынын жана жүрөк- кан- тамыр ооруларынын алдын алат.

3- Ар дайым кыймылда болуңуз
Күн сайын 10 мүнөт чуркап же 30 мүнөт жөө басыңыз. Мында, жүрөк ооруларынан алыс болосуз. Велосипед тепсеңиз деле жарай берет.

4- Жалпы колдонгон даараткана колдонууда этиет болуңуз
Көчөдөн колдонгон дааратканадан чыгаар замат, колуңузду сөзсүз түрдө самындап жакшылап жууп алыңыз. Олуттуу ооруларды чакырган бактреяларды жугузуп алуудан сактайт. Ошондой эле иммунитет төмөндөйт.

5- Банан жеңиз
Бул жемиш кан басымын ар дайым бир калыпта жүрүүсүнө түрткү берет. Анын курамында калий бар. Ал, күнүмдүк колдонгон тамак- ашыңыздан пайда болгон ашыкча туздарды ээритип турат.

6- Отуруп- туруңуз
Абдан оңой жана кайда болсоңуз да жасоого мүмкүн болгон бул көнүгүү булчундарыңызды жана сөөктөрүңүздү бекемдейт. Жашкезиңизде ушундай кам көрүп койсоңуз, кийин картайганда көп жыгылбай чыйрак жүрөсүз.

7- Чай ичиңиз
Стресс гормондорунун деңгээлин түшүрөт, талма ооруларынын 28 пайыз алдын алат. Анткени курамында антиоксиданттар бар. Алар кан тамырларды бекемдейт.

8- 1 саат эрте уктаңыз
Калыпка салынган режимди бузуп, бир саатка эрте уктоого камыныңыз. Мунун менен сиз, кан басымын бир калыпта кармаган болосуз. Ал эми жакшы жана тынч уйку стресске кабылууга жол бербейт.

9- Йогурт жеңиз
Тамак- сиңирүү органдарына жакшы таасирин тийгизет. Күн сайын бир стакан йогурт жеп жүрүңүз.

10- Тиш тазалоочу жип колдонуп жүрүңүз
Кариести чакырган бактерияларды жок кылат. Диабет, жүрөк- кан- тамыр ооруларына чалдыгууга жол бербейт.

11- Соломка менен дем алыңыз
Күн сайын бир жолу соломка аркылуу демалып туруңуз. Өпкөнүн иштешин жакшыртат. Кан басымын көтөрбөй бир калыпта кармайт. Мурдуңуз менен дем алып, соломка аркылуу демиңизди чыгарыңыз.

12- Үйүңүздү таза кармаңыз
Үйүн таптаза кармаган адамдын организминде серототиндин деңгээли өтө жогору болот. Ал бактылуулуктун гормону деп аталат. Ар дайым бактылуу сезимдер менен жүрсөңүз, албетте узакка жашайсыз.

13- Таза абада сейилдеңиз
Мээнин иштешин жакшыртат. Маанайды көтөрөт. Андыктан аптасына 2-3 жолу жөн гана жарым саатка сейилдеңиз.

14- Өзүңуздүн эмес көзүңуздүн курсагын тойгузуңуз
Оорулардын дээрлик басымдуу бөлүгу ашыкча тамактануудан келип чыгаарын эсиңизден чыгарбаңыз. Андыктан табакка аз өлчөмдө тамак салып жеңиз. Көзүңүздү ошого көндүрүңүз.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#317 09 Июнь 2015 - 22:07
Организмди тазалап турбаса "таштандыга" толуп кетет
Калория тууралуу ар дайым эле угуп жүргөнүңүз менен аны кандай болоорун көргөн эмес чыгаарсыз. Ашыкча калориялуу тамактануу менен көптөгөн ооруларга кабылат эмеспизби. Андыктан бардык нерсени чеги менен кабыл алуу талапка ылайык. Ал эми диетолог адистери күнүнө 2000-2500 килокалориядан ашып кетпей тамактанууну сунуш кылат. Сүрөттө кайсы азык, канча өлчөмдө 200 килокалорияны түзөөрү көрсөтүлгөн. Кока-кола - 496 мл, сосиска - 66 грамм, паста - 145 грамм, картошка фри - 73 грамм, желе - 51 грамм, M&M"s - 40 грамм, чипсы - 37 грамм, сабиз - 570 грамм, калемпир- 740 грамм, брокколи - 588 грамм, консерваланган буурчак- 357 грамм, консерваланган жүгөрү - 308 грамм, авокадо - 125 грамм, сельдерей - 1 кг 425 грамм, жүзүм- 290 грамм, алма - 385 грамм, киви - 328 грамм, туздалган жаңгак- 33 грамм, чизбургер - 75 грамм, нан - 90 грамм, сыр- 51 грамм, каймак май - 28 грамм, сууга бышырылган жумуртка- 150 грамм, курага - 83 грамм, йогурт- 196 грамм, сүт- 333 мл, Snickers шоколады - 41 грамм.
Мындан сырткары, окумуштуулар орто эсеп менен божомолдоп 70 жаштагы адамдын 70 жашка чейин канча тамак кабыл алганын эсептеп чыгышкан. Анда, 70теги адам 50 тонна азык, 42 тонна суу кабыл алат экен. Анан албетте, ушунча тамакты кабыл алган организм тазалоого муктаж болот. Анткени, организмге ар кандай шлактар, туздар пайдасыз майлар топтолуп адамды эрте картаюсуна жана ар түрдүү оорулардын пайда болушуна себеп болот. Андыктан жок дегенде бир жылда 3-4 жолу организмди тазалап туруу маанилүү.

Ичеги- карындарды тазалоо
Ичегилерге шлактар толгондо ар кандай оорулар, ашыкча салмактуулук пайда болот жана чач түшө баштайт. Ичегилер тазалангандан кийин адамдын иммунитети көтөрүлүп, чачтын түшүүсү азайып, салмак азаят. Ал эми ашыкча салмактан арылган адам өзүн жеңил алып жүрөт.
Бал менен тазалоо
1 стакан сууга 1 аш кашык таза балды аралаштырып тамакка чейин 30 мүнөт мурун бир күндө 3 маал ичүү керек. 1,5-2 айдан жылына 3-4 жолудан колдонуп туруу сунушталат. Мында, балдын жардамы менен ичегилердеги оорунун козголушуна себеп болгон кичи флоралар тазаланып, анын иштешин жөнгө салат. Витаминдер жетпкй жаткан жолдор тазаланып, фитамин кабыл алууда андан кийин тоскоолдуксуз жетип организмге пайдасын тийгизе баштайт.

Сүт менен тазалоо
1 стакан сүттү бышырган соң аны бир сутка коюп коюңуз. Андан кийин ага 1 аш кашык зайтун майын аралаштырып уктаар алдында ичиңиз. Ал эми эртең менен ач карын 1-2 даана алма же кызыл кызылчанын ширесин ичүү керек.
b]Кефир менен тазалоо[/b]
3 күн жалаң гана кефир ичүү менен ичегилерди тазаласа болот. Күнүгө эртең менен ач карын клизма жасап, андан соң эртеден кечке жарым литрден 3 литрге чейин кефир гана ичүү керек. Курсак аябай ачып чыдабай баратсаңыз, 1-2 кесим кара нан жеп койсоңуз болот.

Боорду тазалоо
Боорго туз уюп, шлактар толуп калган учурда тамакка болгон табити жоголуп, баш ооруп, уйкусуздукка кабылып, көздүн алдына кара тактар пайда боло баштайт. Боор тазалангандан кийин жүздөгү кара тактар кетип, калгандары акырындык менен калыбына келе баштайт.
Сабиздин, кызыл кызылчанын жана алманын ширелерин бир күндө 5-6 маал бир стакандан эки жума ичип туруу керек. Алгаякы аптада эле ал өз натыйжасын бере баштайт. Ширени ичип жатканда ичиңиз өтсө, анда таасирин берип жатат деп түшүнүңүз. Мындай ыкманы бир жылда 3-4 жолу эки жумадан жасап туруу сунушталат. Боорду тазалап жаткан маалда муздак суу жана муздак тамак-аштарды ичүүгө таюу салынат. Ошондой эле, майларын, сүт азыктарын, куурулган тамактарды, туздалган, маринаддалган азыктарды жана дары-дармектерди ичпей туруу керек.

Ашказанды тазалоо
Кара түрп менен тазалоо
Бир жолку тазалоого 10 килограмм кара түрп керектелет. Түрптү эт туурагычтан өткөрүп аласыз. Даяр болгон ширени муздаткычта салып сактйсыз. Ал эми ширесинен калган бөлүгүн 1 килограммына 300 грамм бал же 500 грамм кумшекерди аралаштырып бир күндө 3-4 маал тамактангандан кийин 1 аш кашыктан жеп турсасыз. Ширесин бир күндө тамактангандан жарым сааттан кийин 1 чай кашыктан 3-4 маал ичесиз.. Эгер бооруңуздун ооруксунтуусун сезбесеңиз, анда анын кабыл алуу өлчөмүн күндөн-күнгө көбөйтүп олтуруп 1 стаканга жеткириңиз. Ширени ичкен күнү бооруңуз ооруса, анда боорго туздардын уюп калышынан кабар берет. Бирок ооруганына карабай иче берсеңиз, бооруңузду тазалап аласыз. Бул ыкманы 10 литр шире түгөнгөнчө жасайсыз.

Бөйрөктү тазалоо
Бөйрөккө туз толуп, шлактар менен бүтөлүп калган учурда кан басым тез-тез көтөрүлүп, колу-буттун жана көзүнүн алды шишиши байкалат, тери кургап түлөй баштайт. Бөйрөк тазалангандан кийин кан айлануу жакшы жүрүп, кан басымы нормалдашат да, баш оору жоголот, көздүн алдындагы шишиктер кетет, тери жумшарып жылмакай болуп калат. Бадыраң менен тазалоо
Организмди бадыраң менен тазалап жатканда бадыраңдан башка эч нерсе жебеш керек. Бир күндө 1,5-2 килограмм бадыраңды тузга малбай, өзүн гана таңкы 7ден түнкү 11ге чейин жеш керек. Эгер курсагыңыз ачып чыдабай баратсаңыз, сууга бышкан картошкадан 2 даана туз салбай, өзүн эле жеп койсоңуз болот. Бул ыкманы бир айда 4 жолу 3 күндөн жасалат.

Ит мурун менен тазалоо
Бир түп ит мурундун тамырын майдалап кесип аласыз. 1 стакан майдаланган ит мурундун тамырына 6 стакан суу куюп, анын 2/3 бөлүгү калгыча жай отко кайнатуу керек. Даяр болгон соң тундуруп алып бир күндө 1 стакандан 4 маал тамактанар алдында ач карын ичесиз. Бул ыкманы бир жылда бир жолу бир айдан ичип туруу сунушталат. Эгер ит мурундун тамырын таппасаңыз, анда анын мөмөсүн колдонуңуз болот. Ал үчүн 1 стакан кургатылган же жаңы үзүлгөн мөмөсүн жууп бир литрлик банкага салып, үстүнө кайнаган суу куюп оозун жаап демдеп коёсуз. Жарым сааттан кийин иче берсе болот. Бул ыкма бөйрөктү майда таштардан тазалайт.
Петрушка, сельдерейдин ширелерин бөйрөктөгү ташты тазалоодо жана заара чыгаруучу жерге кум сыяктуу таштар туруп калганда ичүү жакшы найжасын берет. Бул ширелерди өзүн ичүү кыйынчылык жаратса, анда, ага бир аз алманын ширесин же газдалбаган таза сууну аралаштырып бир күндө 4-5 маал тамактанаарга жарым саат калганда ичип туруу керек. Бир жума боюу колдоносуз.
Муундарды тазалоо
Муундардын буулуп, калдыктарга толуп калышы адамды инфаркт, инсульт баш болгон бир топ ооруларга алып келет жана териге да бат бырыш түшүрө баштайт. Ал эми муундар тазалангандан кийин чачтын түшүүсү азайып, теринин абалы жакшырат. Анткени, муундардын ар кайсы бурчунда топтолуп турган майлар ээрип жок болот да, кан жакшы айланып организм кан менен толук камсыздала баштайт.

Сарымсак менен тазалоо
150 грамм сарымсакты майдалап банкага саласыз да, үстүнө 150 мл спирт же арак куюп оозун жакшылап жаап, күн тийбеген салкын жерге 10 күн коюп коюёсуз. 10 күндөн кийин анын ширесин дакиден өткөрүп алып дагы 3 күн оозун жабык абалда муздаткычка же салкын жерге сактаңыз. Даяр болгон соң 50 грамм сүткө же сууга 20 тамчы тамчылатып күнүгө тамактанарга жарым саат калганда 3 маалдан бир ай ичиңиз. Эгер сарымсактын жыты жакпаса, анда анын ордуна грек жаңгагынын ичиндеги чел кабыгын колдонсо болот.
Лимон жана апельсин менен тазалоо
2 даана лимон менен 2 даана апельсинди майдалап туурап, ал эми кабыгын эт туурагычтан өткөрүп аласыз. Ага 2 аш кашык таза балды аралаштырып бир күндө 3 ирет тамактанаарга жарым саат калганда 2-3 аш кашыктан бир ай жеп туруу сунушталат.
Эске алчу маанилүү жагдай:
Организмди тазалоо учурунда газдалган суусундуктардан, таттуулардан, курчутмалардан, ун азыктарынан жасалган тамактардан баш тартыңыз.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#318 09 Июнь 2015 - 22:29
Күрүч менен организмди тазалайбыз

Туздардан арылуу
Күрүчтүн жардамы менен организмдин ар кайсы жеринде топтолуп калган зыяндуу заттарды жана туздарды кетире алассыз. Айрыкча, муундар, кан тамырлар жана дене торчолору абдан жакшы талазанат. Тазалоого эки ай убакыт сарпталат жана жылына бир эле жолу колдонулат.
3 килограмм күрүчтү тазалап, жууп 8-10 литрлик мискейге саласыз. Аны 7 күн муздак сууну агызып 25 мүнөткө жууп турасыз. Андан кийин күн сайын эртең менен ачкарын эки аш кашык күрүчтү сууга бышырып (тузсуз), жылуу кезинде жейсиз. Андан кийин 4 саат эч кандай тамак кабыл албайсыз. Суу да ичилбейт. Жыйынтык жакшы болуш үчүн эртең менен күрүчтү бышырып жээрдин алдында бир саат мурун эки даана көк алма жеп койсоңуз да болот. Албетте, күрүч менен тамактанган соң, ачкалык пайда болот. Чыдамдуу болуңуз. Ачкачылыкты ээрип жаткан туздар, зыяндуу заттар чакырат.

Бул диетаны кармап жаткан учурда туздуу тамактардын бардыгынан баш тартуу керек. Ышталган эттер, туздалган бадырың, ачуу татымал кошулган тамактар, майлуу тамактар, спирт ичимдиги жана туздун өзүнөн. Диета кармагандан кийин 25-30 күндөн кийин зыяндуу заттардын, туздардын ээрип, заара аркылуу чыга баштаганын сезесиз. Заара күңүрт түстө болот.
Диетаны кармаган күндөн баштап 3 апта өткөндө, кыйынчылыктар жаралат. Алсыздык, баш айлануу болот. Анткени, туздардан тазаланып жаткан организмден калий заты да кошо тазаланат. Андыктан курамында калий заты бар азыктарды көбүрөөк пайдаланыңыз. Таруу боткосунда, картошкада, курагада, мейизде болот. Ошондой эле, калина менен бал кошуп чай ичиңиз.

Жаш куракка жараша профилактикалык тазалоо
Күрүч менен кармалган диетанын профилактикасы ден- соолуктун абалына жана жаш куракка карата кармалат. Эртең менен күрүч бышырып жегенде жашыңыз канча болсо, ошончо аш кашык күрүч саласыз. Күрүчтү даярдоодо жогоруда туздардан арылууга колдонуу үчүн даярдалган ыкманы колдонсоңуз болот. Ден- соолук мыкты болсо бул профилактиканы 2 апта кармап койсо болот.

Арыктоо үчүн
Бул ыкма натыйжалуулугу менен атактуу, анткени көптөгөн шоу дүйнөсүндөгү жылдыздардын колдонгон диетасы. Колдонуу ыкмасы да абдан жөнөкөй, болгону сабырдуу болуш керек. Таза жуулган чийки күрүчтүн данынан канча жашта болсоңуз ошончо алып жейсиз. Суу ичилбейт. 3 сааттан кийин гана жеңил тамактанууга болот. Андан кийин кечки алтыга чейин дагы ошончо даана алып жеп аласыз. 10 күн колдонсо болот. 3- күндөн кийин жеңил эле жутуп каласыз. Бул учурда жогорудагыдай эле, майлуу, куурулган, ачуу тамак- аштан баш тартуу керек. Кечки алтыдан кийин кум шекерсиз чай жана жер- жемиштерди жей берсеңиз болот. Ошондой эле, камыр тамактардан да баш тартсаңыз, жыйынтык жакшы болот.

Живу и радуюсь каждому дню!!!
#319 12 Июнь 2015 - 16:04
Адамдын саламаттыгы туулган айына байланыштуу
Окмуштуулар май айында төрөлгөндөр эң аз, ал эми октябрь айындагылар тескеринче көп ооруй тургандыгын аныкташкан
Колумбия университетинин окумуштуулары адамдын туулган айы менен анын кандайдыр бир оорусунун байланышы бар экендигин аныктап чыгышты. Бул изилдөөгө 1,7 миллион кардардын маалыматтарынын анализдери алынган. Бул бейтаптар Нью-Йорк ооруканасында 1985-2013-жылдар арасында дарыланып чыгышкан. Окмуштуулар 1688 бейтаптын туулган күндөрү менен оору тарыхтарын салыштырып чыгышкан. Анын жыйынтыгында 55 бейтаптын оорусу менен туулган күндөрүнүн байланышы болгон.

Тагыраак айтканда астма оорусунун тоболкелчилиги июль жана октябрь айында төрөлгөн адамдардыкы жогорку болот. Эгерде көңүл буруу танкыстык синдрому жана гиперактивтүүлүк боюнча ноябрь айындагылар болууда. Ал эми март айында төрөлгөндөр болсо талма жана калтырак басуу ,жүрөктүн кысталышы сыяктуу ооруларына көп учурайт. Окмуштуулар май айында төрөлгөндөр эң аз ооруй тургандыгын, ал эми октябрь айындагылар тескеринче көп ооруй тургандыгын аныкташкан.

Окумуштуулар эң башкысы бул изилдөөлөр эч кимди коркутпастыгын жана кээ бир окшоштуктар болгондугун, оорулардын жалпы көлөмү төмөн экендигин белгилешкен. Алардын айтуусу боюнча туулган айлары боюнча тобокелчиликтер салыштырмалуу түрдө жогору эмес. Ал кээ бир факторлорго байланыштуу болот. Алар тамактануу түрү жана физикалык активтүүлүгү жагынан өзгөрүп турат.
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#320 13 Июнь 2015 - 16:04
Көрсө, капуста, шпинат сыяктуу чоң жалбырактуу жашылча жемиштер алда-канча пайдалуурак экен. Муну окумуштуулар алардын курамындагы Е витаминин жана жогорку антиоксиданттын камтылышы менен байланыштырат.
Изилдөөнүн жетекчиси Марта Клэр Моррис Е витаминин жана башка антиоксиданттарды адамдын организминде сиңдирүү үчүн жемиштер адатта тамакта өсүмдүк майы менен колдонулгандыгын айтат.
6 жыл бою жүргүзүлгөн изилдөөгө 1946 адам катышкан. Изилдөө мөөнөтүндө алардын кыска жана узак убакытты эске тутуулары атайын текшерүүдөн жана сынактан өтүп турган.
Изилдөө көрсөткөндөй, күндө 2 порция жашылча жегендердин акылынын курчтугунун азаюусу жана эске тутуусунун начарлашы жашылча жебеген теңтуштарына караганда 40 эсе жай болгон. Ошондой эле, жашылча колдонгондордун физикалык активдүүлүгү да жогору болгон.
Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 16:06