Суперстан: Пайдалуу кеңештер же элдик медицина. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Пайдалуу кеңештер же элдик медицина.

#81 Пользователь офлайн   ELTYN   25 Февраль 2012 - 11:24

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 389
  • Катталган: 12 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 29 Фев 2012 13:16
  • Жынысы:Эркек

Кыз-келиндерге кеңештер
Чачты кантип туура боёо керек? Чачты көрктүү кылып алып жүрүү бул ар бир аял затынын кыялы. Бирок ошол эле учурда бардык аялзатынын чачы бирдей боло бербейт, табигаттын берген жаратылышына жараша болот. Ошол себептен кээ бирөөлөрү чачын жасалма боёк аркылуу көрктөндүргүсү келет. Бактыга жараша бүгүнкү күндө боёктордун ар кандай түрлөрүн тапсак болот. Ошондой эле боёктор да ар кандай түргө бөлүнөт. Убактылуу боёлуучу боёктор мисалы, буларга бир күндүк эле боёкторду айтсак болот кайра эле жууп салуучу. Ал эми өң жашыруучу делген боёктор негизинен 7-8 жолу жууганга чейин сакталат. Ошондой эле эң көпкө сакталуучу боёк. Чачты боёонун эрежелери 1. Алгач боёо үчүн биринчи - боёкту, боёк арлаштыруу үчүн идиш, кол кап, тарак, катуурак щётка, андан соң 3-4 чач байлагыч камдап алуу керек. 2. Негизинен милдетүү түрдө коробканын сыртындагы көрсөтүлгөн эрежелер менен таанышуу абзел. 3. Эгерде сиз чач боёкту биринчи жолу колдонуп жаткан болсонуз, сөзсүз түрдө аллергия болбойсузбу, ушул нерсени текшерип алыныз. 4. Чачты бир аз суулап алганыңыз жакшы. 5. Боёп баштаарда алгач чачты эки бөлүккө бөлүп алган оң, боёлгон бөлүгүн чач кыпчыткыч менен карматып алыңыз. 6. Боёктун чачка тегиз кириши үчүн, бардык бөлүгүн боёп бүткөн соң 15 мүнөттөй чачты тарак менен жай тароо керек. 7. Боёкту негизинен чачта эрежесинде көрсөтүлгөн убакытка чейин кармоо керек. 8. Эми боёкту жылуу суу менен жууп, артынан сөзсүз түрдө бальзам колдонуу зарыл. 9. Боёлгон чачты кургатууда чач кургаткычты күчтүү кылып кургатуунун кажети жок. Эсиңиздерге салып коючу нерсе чачты тез-тезден боёо чачтын сапатынын жоголушуна алып келет, ошондой эле чачка арналган боёк менен кирпикти, кашты боёгонго болбойт.

Уйкусуздуктан кантип арылууга болот?
Уйкусуздук ар кандай себептерден улам келип чыгышы мүмкүн. Уйкусуздук шалдыроого, ишке болгон жөндөмдүүлүктүн төмөндүгүнө, акыл жагынан да бир топ маселелерди козгоого алып келет. Андай учурда көпчүлүгү уктатуучу дары-дармектерди колдонушат. Ал туура эмес, анткени андай дарылардын курамында организмге тескери таасирин тийгизе турган химикалык уу заттар көп болгондуктан, ден соолуктун кескин түрдө начарлашына алып келет. Эгер түндө жакшы уктагыңыз келсе, жатаарда ачуу тамактарды жегенден, кара чай, кофе сыяктууларды ичкенден алыс болуңуз. Андан сырткары, сиздин тынч эмес уктаганыңызга эмнелер тоскоол болуп жатканын изилдеңиз. Мисалы, төшөгүңүз туура эмес салынып, же жаздык абдан чоң болуп жана башка ушундай себептерден улам, сиз жакшы уктай албай аткан болушуңуз ыктымал. Доктурлардын изилдөөсүнө таяна турган болсок, чөп чайларды ичсеңиз, тынч уктаганга жакшы жардам берет. Апельсиндин гүлү уктатуучу касиетке ээ. Андан сырткары адам жакшы укташ үчүн адам биринчи кезекте жакшы эс алышы керек...
Тырмактагы лакты бат кургаткыңыз келсе…
Учурда бат кургаган тырмакты боёочу лактардын көптүгүнө карабай, лакты тез кургатуу дагы да болсо кыз-келиндердин арасында актуалдуулугун жоготпой келет. Колдогу лакты оңой эле кургатууга болот. Кургак тырмакка лакты сүйкөп, колуңузду муздак сууга салып, беш мүнөт коюп коюп, колуңузду суудан алып чыккандан кийин суу кургагычакты туруп турсаңыз, лак тез кургайт.
Ооздогу жагымсыз жыттан арылыңыз
Ооздогу жагымсыз жыт да ар кандай себептерден улам келип чыгат. Эң биринчи кезекте чылым чеккендердин, арак ичкендердин, ачуу жыты бар азык-түлүктөр (сарымсак, пияз ж.б.) жана ашказан, өпкө ооруларында да ооздон жагымсыз жытты чыгарат. Жагымсыз жыттын чыгуу себептери Эгерде оозуңуздан жагымсыз жыт такай чыгып турса, анда төмөнкү себептерден улам болушу мүмкүн. Жагымсыз жыт оозду туура эмес жууганда пайда болот: Бүйлөлөрдүн оорушу, оозду туура эмес жууганда да жагымсыз жыт чыгат. Эгер тишиңизди таза жуубасаңыз, сиз жеген тамактардын калдыктары калып, жаман жытты чыгарат. Тишти таза жууган күндө да оозуңуздан жагымсыз жыт жыттана бериши мүмкүн. Ошондуктан, тилиңизди да таза жууганга көнүңүз. Гайморит жана ашказан оорулары ооздогу жагымсыз жытты чыгарат Кээ бир учурларда гайморит, кант диабети, кургак учук, ашказан, өпкө оорулары менен ооруган адамдын оозунан да жагымсыз жыт чыгышы мүмкүн. Тамекини дембе-дем тарткан адамдын оозунан жагымсыз жыттын чыгышы толук мүмкүн. Анткени, тамекнинин түтүнү өпкөнү гана жабыркатпастан, ооздун ичин жабыркатып, жагымсыз жытты пайда кылганы аз келгенсип, бүйлөнүн оорушуна алып келет. Ооздогу жагымсыз жыттан арылыңыз Тишти тазалоодо жашыл жемиштерди көп колдонууга аракет кылыңыз. Анткени, жашыл жемиштердин курамында хлорофилл көп болгондуктан, дем алууну жакшыртат. Тиш доктурлар мындай кырдаалда алмадан даярдалган уксусту колдонууну сунушташат. Анткени, кислота тамакты жакшы сиңирүүгө жардам берет. Ооздогу сарымсактын жытын кетириш үчүн петрушканын бир жалбырагын чайнап койгонуңуз жакшы.

Билдирүүнү түзөткөн: ELTYN: 25 Февраль 2012 - 11:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Aydashka   04 Март 2012 - 02:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Негизи, адам баласы генетикалык жактан алып караганда жүз жыйырма жыл өмүр сүрүшү керек, бирок, реалдуужашоодо өмүр кыска. Орто эсеп менен алып караганда япониялыктар 79 жыл өмүр сүрүшсө, австралиялыктар, канадалыктар, жана гректер 78 жыл жашашат. Немистер менен америкалыктар 76, орустардын, түрктөрдүн жана кыргыздардын өмүрүнүн узактыгы 67 жыл. Ал эми нигериялыктардын өмүрүнүн узактыгы бар болгону 47 жашты түзөт. Эл аралык дарыгерлер тобу, психологдор жана диетологдор биргелешип, кантип түбөлүк жаш болуунун он жол-жобосун иштеп чыгышты. Бул он жобону колдонуп, эске тутуу менен бирге биз өмүрүбүздүн узак болушуна жакшы өбөлгө түзө алабыз.
Сүрөт
1-жобо: Ашыкча калориялуу тамактануудан алыс болуңуз! Муну менен бирге сиз клеткаларыңызды ашыкча жүктөн арылтып, алардын активдүүлүгүн сактайсыз. Жаңы клеткалар жаралып, организмге оору менен күрөшкөнгө жакшы шарт түзүлөт да, ал ар кандай оорулардан алыс болот. Тамактанганда орто деңгээлде тамактаныңыз. Көп жеп алып аны сиңире албай же аз тамактанып чала тоют болуп калбаңыз.
2-жобо: Тамактануу рационуңуз өзүңүздүн жаш курагыңызга туура келгени жакшы. 30 жаштагы айымдар боор менен жаңгакты көп колдонушса, бетке түшө турган алгачкы бырыштар бир аз кечирээк пайда болот. 40 жаштан жогору адамдарга бетакаротиндин пайдасы чоң. 50 жаштан өткөн соң сөөктү өз формасында кармоо үчүн кальцийди жана жүрөктүн жакшы иштөөсүнө шарт түзгөн магнийди колдонгон абдан пайдалуу. 40 жаштан өткөн эркектер үчүн селен керектелет. Селенди сырдын жана боордун курамынан табууга болот. Себеби, селен стресстин жоюлушуна жакшы көмөк көрсөтөт. 50 жаштан өткөн соң балык жесеңиз, сиз жүрөгүңүздү жана кан тамырларыңызды коргой аласыз.
3-жобо: Өзүңүз үчүн жакшы жумушту тандап алыңыз! Француздардын айтуусу боюнча, өзүнө жаккан жумуш адамды өз курагынан жаш көргөзөт экен. Социологдордун айтымында, кээ бир кесиптер түбөлүк жаш болууну сактаганга жардам берет. Алар: дирижёр, философ, сүрөтчү.
4-жобо: Өзүңүзгө түгөй табыңыз! Себеби, карылыкка жол бербеген эң негизги нерсе - бул сүйүү менен назиктик болуп эсептелинет.
5-жобо: Ар бир адамдын жеке көз карашы болуусу шарт. Мындай адамдар депрессияга аз кабылышат жана аларда маанайы жок учур аз кездешет.
6-жобо: Ар убак кыймылда болуңуз! Бир күндө жети мүнөт спорт менен машыгуу өмүрүңүздү узартууга жардам берет. Кыймыл учурунда бойдун өсүшүнүн гармондору бөлүнүп чыгат.
7-жобо: Салкын бөлмөдө уктап эс алыңыз! Эгерде кимде-ким 17-18 градус температурада уктаса, көп убакытка чейин жаш бойдон калаары далилденген. Себеби, организмдеги зат алмашуу айлана-чөйрөдөгү температурадан да көз каранды.
8-жобо: Убакыттын өтүшү менен өзүңүздү эркелетип туруңуз. Өзүңүздөн таттуу нерселерди аябаңыз. Эгерде сизге жаңы сумка же жаңы көйнөк жагып калса, аны сатып алуудан баш тартпаңыз.
9-жобо: Ачууңузду ичиңизге катпаңыз! Өзүңүздү жемелей бергенден көрө ал нерсени айланадагылар менен тең бөлүшкөнүңүз туура. Эгерде сиз бугуңуздун баарын ичиңизге катып жүрө берсеңиз, ар кандай ооруларга жана коркунучтуу шишикке чалдыгышыңыз толук мүмкүн. Эл аралык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча рак оорусуна чалдыккандардын 64 пайызы ачуусун ичине катып жүргөндөр болуп чыккан.
10-жобо: Мээңизди машыктырып, иштетиңиз! Кезек-кезеги менен баш катырмаларды таап, оюндарды ойноңуз, жаңы чет тилиндеги сөздөрдү жаттаңыз. Эсептегенде дагы калькуляторду колдонбоңуз! Мээни иштетүү менен биргеликте биз жүрөктүн иштешин активдештире алабыз, кан айлануу жана зат алмашууну жакшыртабыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 04 Март 2012 - 02:21

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   egemberdievagulbara   24 Март 2012 - 10:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 138
  • Катталган: 15 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 18 Сен 2021 02:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:saturn

Ден соолук биринчи байлык андан откон байлык жок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   zhazira   20 Май 2012 - 05:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 881
  • Катталган: 31 Май 11
  • Соңку аракети: 30 Июн 2014 19:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гамбург

ПИЯЗДЫН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ


Биринчиден, пияз тамак синирууго жакшы жардам берет. Анын жагымсыз жыты андагы эн эле баалуу сапаты, бул эфир майлары оору пайда кылуучу жана чиритуучу коптогон бактерияларды жок кылат. Атересклероз, мээ кан тамырларынын склерозунда пияз ширеси жана балдын кошулмасын (1:1) 1 аш кашыктан кунуно 3 маал тамактын астында же тамактан 2-3 саат откондон кийин ичет.Пияздын ширеси жана боткосу - жарада, копко чейин айыкпаган жаратта, дерматит, теридеги кычыштырган тактарда, безетки, куйук, ал гана эмес сепкилде да натыйжалуу.
Эгерде денеге чыйкан же сыздоок чыкса, ал жерге ысытылган пияздын жылуу боткосун же бышкан пияз, майдаланган самындын аралашмасынан даярдалган мааламды (пластырь) тартуу керек. Бинтти кунуно бир нече жолу алмаштыруу талап кылынат.
Пияздын жаны ширеси суук тийгенде алмашкыс каражат. Аны бал менен аралаштырып (1:1) кунуно 1 аш кашыктан 3-4 ирет ичуу керек. Эгерде тамак ооруса кунуно 3-4 ирет 1 чай кашыктан кабыл алат. Сасык тумоодо, гриппте мурундун былжырлуу челин пияздын жаны ширеси менен суртуп же мурун аркылуу 2-3 мунот дем алуу керек (оорунун башталышында ото натыйжалуу). Баланы дарылоо учун ал уктаганда керебетинин жанына пияз салынган тарелканы коюп коёт.
Бири кем арман дүйнө...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   zhazira   17 Июнь 2012 - 02:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 881
  • Катталган: 31 Май 11
  • Соңку аракети: 30 Июн 2014 19:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гамбург

Көздүн алдындагы шишикти кантип кетиребиз?
Көздүн алдындагы "баштыкчалар" , сарыгып турган шишиктер эки жол менен пайда болот. Биринчиси, генге көз каранды. Тукумда ушул нерсе бар болсо муну доктурлар кан тамырлар көзгө өтө жакын жайгашканынан, беттин териси жука болгондуктан ошол кан тамырлар көгөрүп сыртка көрүнүп турат деп түшүндүрүшөт. Үй шартында ал шишиктерден арылуу мүмкүн эмес, лазердин жардамы керек болот. Айрымдар бул учурда кеңири тараган ботокстун жардамы менен көздүн тегерегиндеги бырыштарды да азайтып, шишикти да жоготууга белсенишет. Ботокс эң жөнөкөй эле токсин (уу). Бактыга жараша анын адамга эч кандай зыяны жок. Бирок ботокс убактылуу гана жардам берээрин эскерте кетели. Экинчи себеби, жүрөк жана бөйрөк ооруларынын кесепети. Организмде калган токсиндер, уулуу заттар толугу менен сыртка чыкпаса көздүн алдында шишик пайда кылат. Мындан сырткары, уйку канбагандык, чылымды байма-бай чегүү, ичимдикти көп ичүү негизги себептердин бири. Үй шартында шишиктерди муздак картошканы, чайдын чамасын көзгө басуу менен аз да болсо кетирсе болот.
Бири кем арман дүйнө...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   zhazira   17 Июнь 2012 - 02:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 881
  • Катталган: 31 Май 11
  • Соңку аракети: 30 Июн 2014 19:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гамбург

Келишимдүү буттар үчүн кандай курмандыкка барасыз?
Мыкты кам көрүлгөн келишимдүү буттар аялдын сулуулугунун маанилүү бөлүгү. Бирок ошол сулуулукка ар ким каалаган жолу менен жетет. Өкүнүчтүүсү, мындай сулуулук чоң курмандыкты талап кылат. Айымдардын көбү буттагы түктөн арылуу үчүн сулуулук салондоруна барып түркүн кызматтан пайдаланышат. Анын бири - эпилятор менен воск. Аялзатынын көбү буттун муундары ооруп дарыгерлерге чуркашат. Ак халатчандар мунун себебин аныктоо үчүн атайын изилдөө жүргүзүшкөн. Жыйынтыгы өтө деле кубанычтуу эмес. Эпилятордун жардамы менен буттагы түктөн арылуу учурунда кандын айлануу процесси тездеп, варикоз оорусу күч алат. Түктөрдү эпилятор менен алганда тери кургап, туурулат. Абалыңызды табигый жол менен - чалкан менен бака жалбырактын аралашмасынын жардамы аркылуу жеңилдетсеңиз болот. Кургатылган чөптү 35-40 градустагы сууга демдеп, бутуңузду малып отурасыз. Буттагы түктү түп орду жоготпосо да, саргартып күйгүзүп көп билиндирбейт. Ал эми буттун туурулуп кургаганын токтотуу үчүн алманы майда бөлүккө бөлүп сүткө боткодой эзилгиче кайнатасыз. Жылымык кылып бутка жука жаап 10-15 мүнөттүк маска кыласыз. Качан алма бутка сиңбей калганда теринин кургаганы токтойт. Бутуңузду сулуу көрсөтүүнүн жасалма эмес табигый түрүнө ыктасаңыз варикоз, муун ооруларын алдын алууга жардам берет.
Бири кем арман дүйнө...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   zhazira   17 Июнь 2012 - 02:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 881
  • Катталган: 31 Май 11
  • Соңку аракети: 30 Июн 2014 19:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гамбург

Кыздардын сулуулугун арттыра турган азыктар:
Туздалган капуста. Туздалган капуста организмдеги шлактарды тазалагандан башка, ашказандын иштешин жакшыртат. А аялзатынын келбети эң биринчи эле организминен көз каранды. Организм канчалык жакшы болсо, аялзатынын өң-келбети да ошончо сулуу болот. Туздалган капуста онкологиялык ооруларга да жардамын тийгизет. Кандай болгон күндө да кычкыл азык организмге абдан пайдалуу болот.
Овакадо да аялзатынын сулуулугу үчүн кам көргөн өсүмдүк. Авокадонун курамында A, B, C жана D витаминдери бар. Косметологдордун маалыматына таяна турган болсок, авокадо беттин терисине гана эмес, чачтын кайраттуу болушуна да шарт түзөт.
Биз дайыма эле жеп жүргөн кивиде да ден соолукка пайдалуу витаминдер бар. Кивинин курамында С витамини көп жана бета-каротиндин болгондугуна байланыштуу бул өсүмдүктү жеген аялзатынын териси чоюлчаак болбой, катуу болуп, өзүнүн курагындагылардан беш-алты жыл кеч картаят. Адамдын организминде С витамини аз болсо, ооруга бат эле чалдыгат. Ал эми кивини көп жегендер бир эле убакта сулуулугуна кам көрбөстөн, ден соолугун да чыңдаганга жетишет.
Сулуулукту сактап турган өсүмдүктөрдүн төртүнчү орунунда диетологдор жана косметологдор катуу сырды жегиле деп кеңеш беришет. Катуу сырда кальций, белок жана фосфор көп. Булардын баары аялзатынын бет терисинин жылтырап туруусуна шарт түзөт.
Териге зыян келтирген азыктар
Териге зыян келтирген азыктардын катарында консервалар, көп убак туруп калган азыктар, жарымфабрикаттар, боёктор кошулган азыктар, консерванттар, өтө ачуу жана өтө туздуу азыктар турат. Мындай азыктар жаштыкты жана сулуулукту бузат.

Бири кем арман дүйнө...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   zhazira   17 Июнь 2012 - 02:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 881
  • Катталган: 31 Май 11
  • Соңку аракети: 30 Июн 2014 19:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гамбург

Тамеки тарткан аялзатынын тырмагы да бузулат
Нормалдуу тырмактын өңү күлгүн болот. Тырмактын сыйрылышы, сынышы ички организмдин бузулганы жатканынан кабар берет. Андан сырткары, тырмактын бузулушуна химиялык заттардын да таасири тиет. Колду улам-улам сууга сала бергенде да тырмак бузулат.
Тырмакты бузуучу факторлор:
- Тамеки тартканда тырмактын өңү өзүнөн өзү эле бузулат;
- Тырмактын сары болуп кетиши сапатсыз лактан да болушу мүмкүн;
- Тырмактагы ак тактар анын жаракат алышынан болот. Тырмак жаракат алган жерге аба кирет дагы, ак такты пайда кылат;
Тырмакты үй шартында агартуу
- Лимон жана анын ширеси тырмакты агартуунун эң оңой жолу. Лимондун ширесин тырмакка сүртүп, эки мүнөттөн кийин жууп коёсуз. Лимонду так ортосунан экиге бөлүп алып туруп, эки колуңуздун тырмактарын матырып 5-10 мүнөт коюп, бул процессти 10 күн кайталасаңыз, тырмагыңыз агарат.
- 3 пайыздуу перекистин кошулмасы менен глицеринди аралаштырып, тырмагыңызга сыйпасаңыз агарат

Бири кем арман дүйнө...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   zhazira   17 Июнь 2012 - 02:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 881
  • Катталган: 31 Май 11
  • Соңку аракети: 30 Июн 2014 19:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гамбург

Жыгачтан жасалган тарактар баш териси үчүн пайдалуу
Бийкечтер ар кандай боёктор менен гана боёнбостон, чач жасалгасын да мыкты алып жүргүсү келет. Анткени, чач жасалга да сулуулукка өз салымын кошот. Чач жасоодо тарактын да орду чоң.
Таракты кантип тандоо керек?
Жыгачтан жасалган тарактар энергиясы жок болгондуктан, чачты күнүмдүк алып жүрүүдө колдонууга жакшы. Мындай тарактар баштын терисине кедергисин тийгизбейт жана чачка абдан пайдалуу. Жыгач тарак менен чачыңызды тарап, стресстен да арылсаңыз болот.
Ал эми желим тарак менен тарангандардын чачтары сынып, учтары эки ача болуп кетет.
Темир тарактар жакшы көрүнөт. Бирок, мындай таракты чачты бөлгөнгө гана колдонуу зарыл. Анткени, темир тарак баштын терисине залал келтирет.
Массажга ылайыкталган тарактар чачка кам көрүп, чачтын түбүндөгү кан айланууну жөнгө салып, кайраттуу болуусуна шарт түзөт.
Цилиндрге окшош тарактарды чачты кургатууда, чачтын учтарын түздөө үчүн колдонсо болот. Андан башка убакта колдонуунун зарылчылыгы жок.
Аялзаты эч качан эркектин кичинекей тарагы менен таранбашы керек. Себеби, андай кичинекей тарактар чачка кайра оңдолбой тургандай зыянын тийгизет.

Бири кем арман дүйнө...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   zhazira   17 Июнь 2012 - 02:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 881
  • Катталган: 31 Май 11
  • Соңку аракети: 30 Июн 2014 19:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гамбург

Күмүш жана анын касиети
Күмүштү - жаштыктын жарчысы деп аташат. Себеби, күмүштү көп колдонгон адамдын организминде клеткалардын жаңырып туруусу байкалат дейт, окумуштуулар. Бул боюнча атайын элдик жөрөлгөлөрдү колдонсок, азыркы бырышка каршы кымбат баалуу кремдерди колдонмок эмеспиз. Мисалга, күмүш чөөгүнгө кечинде суу куюп жатып, эртең менен ага бетиңди чайкасаң, беттеги бырыштын алдын алат. Мына ушул сыяктуу күмүштүн асем буюмдары да оорулардын алдын алуу өзгөчөлүгүнө ээ экен. Баарыбыз билгендей, тагынып жүргөн күмүшүбүз кээде карарып кеткен учурлар болот. Демек, организмдеги өзгөрүүлөр болуп жатканынан кабар алдык деп ойлой бергиле. Тамак сиңирүү начарлаганда, ички органдардын иштөө функциялары бузулганда гана күмүш белги берет. Демек, оорунун алдын алуубуз керек.
Күмүш жасалгалары өзгөчө кооздук берүү менен алтындай кымбат эмес, ар бир аялзаты тагынууга мүмкүнчүлүгү бар. Өзгөчө, азыркы оюу түшүрүлгөн күмүш асемдери көз жоосун аларында шек жок. Дагы бир өзгөчөлүгү, мусулман эркектери да күмүш тагынууга болот.

Бири кем арман дүйнө...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   29 Июнь 2012 - 08:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Эгер териниздин жылмакай болушун кааласаныз кадимки эле коондун данегин кайнатып алып ошол суу менен бети колунузду жуусаныз болот !
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   a_i_sh_e   26 Август 2012 - 22:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 137
  • Катталган: 13 Апрель 12
  • Соңку аракети: 24 Апр 2016 21:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Саламатсыздарбы! «Ден соолук кадырын ооруган Жан билет»-дегендей бул жарыктыкта кандай жашап, кандай кун откорбойлу, эч нерсеге тен келгис, баалангыс ден соолук негизги ролду ойнойт. Андыктан, ар бирибиз баарынан бийик, баарынан ыйык ден соолугубузга кам коргонубуз он.

Урматтуу форумчулар! Дартка даба, мээнетке шыпаа болгон озунуздор билген кенешиниздерди кайдыгер калтырбай жаза кетсениздер жакшы болмок.

Анда эмесе озум билгендеримди жаза кетейин…







Сыздаткан сыздоок учун:
Эгер аты жаман оору деп койгон сыздоок чыкса «болду эми тогуз жерге чыкмайын токтобойт» деп коюшат. Ал Тургай сыздаткан сыздоок учун кан да алмаштырышат. Бул учун эл ичинде колдонулуп келген бир ыкма. Ак кайындын жалбырагынан алты-жетини алып, устуно кайнак суу жаба куюп, кадимки кир самын менен суртуп туруп, сыздооктун устуно танып коюш керек. Бул ыкма так калтырбай айыктырат.



Ичеги куртунуз бар болсо…
Ичеги куртунуз бар экени белгилуу болсо майда тууралган (эки баш пияз) пияздын устуно бир стакан кайнак суу куюп, 1-2 саат дымдап коюнуз. Андан сон чыпкалап алып, кунуно эки маал жарым стакандан торт кун катары менен ичсениз жакшы жардам берет.





Чач тушкондо

Чач токтоосуз тушуп, тынчынызды алып жатса чалканды колдонунуз. Чалкан дуркуроп осуп турган убагында кыркып аласыз да, таза сууга 25-30 мунот кайнатасыз. Андан кийин даярдалган суу менен чачынызды жууп, кайнак суудан алынган жалбырактарын кечиндеси чачынызга тегиз ороп, жоолук салынып жатасыз. Мындай ыкманы кунуго узгултуксуз кайталап турсаныз 25-30 кун аралыгында кадимкидей капкара чач тубунон осуп чыгат.








  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   a_i_sh_e   26 Август 2012 - 22:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 137
  • Катталган: 13 Апрель 12
  • Соңку аракети: 24 Апр 2016 21:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары


Жылан, кара курт чакканда…

Баштын канаганы кучоп, териси ириндеп кетсе, жара же денедеги ар кандай кычышчаак темгилдер пайда болсо ага каршы ит уйгак сунуш кылынат. Ал учун ит уйгактын 4 аш кашык майдаланган чобуно 1 литр кайнак сууну куюп 15 мунот демдеп коюнуз. Андан кийин 45 мунот муздатып, таза марли менен сузуп, бир аш кашыктан кунуно 3-4 маал ичуу керек. Ошондой эле ит уйгактын чайын жылан, кара курт чакканда он натыйжа берет.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   Piligrim   26 Август 2012 - 23:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 13 Август 12
  • Соңку аракети: 15 Авг 2018 00:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Билбегеним коп экен. Рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   a_i_sh_e   27 Август 2012 - 00:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 137
  • Катталган: 13 Апрель 12
  • Соңку аракети: 24 Апр 2016 21:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Сарык оорусу санаага салса…
Элдик медицинада бору карагаттын сабагы менен тамырынын кыртышын кызыл жугурукко, отто таш пайда болгондо, сарыкка жана боор оорусуна каршы колдонууга болот. Ал эми момосу он эки эли ичеги оорусуна, геморройго даба боло алат экен.



Унутчаак болуп баратсаныз…
Эгер унутчаак болуп бара жатканынызды байкасаныз, томондогу кенешке конул бурунуз. Бир даана сарымсакты тазалап алып, аябай майдалап, айнек идишке салып, бир стакан кун караманын майын куясыз. Бир кун салкын жерде кармап, эртеси бир чон кашык алынган аралашманын устуно ушундай олчомдогу лимондун согун кошуп, уч маал тамактын алдында ичсениз болот. Сарымсак майы ичкерип кеткен кан тамырларды тазалоочу, кенейтуучу бай касиетке ээ.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   jigit.er   27 Август 2012 - 05:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 101
  • Катталган: 21 Июнь 12
  • Соңку аракети: 24 Июл 2019 15:30
  • Жынысы:Эркек

Paigambarybyzdyn ( Allahtyn salam dubaalary bolsun aga) daarylanuu joldorunan: Ooruunu bergen Allah, shypaasynda kosho beret degendei.
En birinchi: Kaisyl jeriniz oorubasyn oshol jerdi karmap turup, Bismillah (Allanyn ysmy menen) dep 7 jolu aitas.
Ekinchi: Karmagan boidon, Allahtyn Uluulugu jana Kudurettuulugu menen ooruumdun jamandygynan korgonom jana saktanam-dep 7 jolu dagy aitasyz.
Uchunchu: Bilsenin Kuraandagy Aiatul-Kursiy jana Ihlas,Falak ,Naas suroolorun okup koisonuz. Kudai buiursa Allahtyn kaaloosu menen jenildep, jakshy bolup kalas. A al suroolordu bilbeseniz, kygyzcha ele chyn jurogunuzdon-Ei jaratkan Uluu Tenirim, ooruuma shypaa beregor, Sen shypaa beruuchu zatsyn-degen syiaktuu dubaalardy kylasyz.
Egerde andada bolboso anda Aishehandyn keneshterin koldonosuz,aitor ar kandai sebepterdi izdeisiz.......
Antkeni Paigambarybyz(A.S.D.B) " Daarylagyla jana daarylangyla" degen syiaktuu sozdordu aitypketken. Jana " Ooruunardy kaiyr-sadaka menen daarylagyla, Baleelerdin tolkundaryn dubaa menen kaitargyla" degen........ Andyktan ar bir musulmanmyn degen bir tuugandarga aitaar elem. Kaiyr sadakany kop kylyp,daiyma dubaa menen jursok, buiursa arkandai ooruu kyrsyktar bizden alys bolot.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   admin_superstan   27 Август 2012 - 14:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

" Медицина" бөлүмүнө жылдырылды!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   a_i_sh_e   27 Август 2012 - 16:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 137
  • Катталган: 13 Апрель 12
  • Соңку аракети: 24 Апр 2016 21:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

jigit.er (27 Август 2012 - 05:46) жазган:

Paigambarybyzdyn ( Allahtyn salam dubaalary bolsun aga) daarylanuu joldorunan: Ooruunu bergen Allah, shypaasynda kosho beret degendei.
En birinchi: Kaisyl jeriniz oorubasyn oshol jerdi karmap turup, Bismillah (Allanyn ysmy menen) dep 7 jolu aitas.
Ekinchi: Karmagan boidon, Allahtyn Uluulugu jana Kudurettuulugu menen ooruumdun jamandygynan korgonom jana saktanam-dep 7 jolu dagy aitasyz.
Uchunchu: Bilsenin Kuraandagy Aiatul-Kursiy jana Ihlas,Falak ,Naas suroolorun okup koisonuz. Kudai buiursa Allahtyn kaaloosu menen jenildep, jakshy bolup kalas. A al suroolordu bilbeseniz, kygyzcha ele chyn jurogunuzdon-Ei jaratkan Uluu Tenirim, ooruuma shypaa beregor, Sen shypaa beruuchu zatsyn-degen syiaktuu dubaalardy kylasyz.
Egerde andada bolboso anda Aishehandyn keneshterin koldonosuz,aitor ar kandai sebepterdi izdeisiz.......
Antkeni Paigambarybyz(A.S.D.B) " Daarylagyla jana daarylangyla" degen syiaktuu sozdordu aitypketken. Jana " Ooruunardy kaiyr-sadaka menen daarylagyla, Baleelerdin tolkundaryn dubaa menen kaitargyla" degen........ Andyktan ar bir musulmanmyn degen bir tuugandarga aitaar elem. Kaiyr sadakany kop kylyp,daiyma dubaa menen jursok, buiursa arkandai ooruu kyrsyktar bizden alys bolot.


Жакшы сөздөрүңүз, хадистериңиз үчүн рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   aminali   03 Сентябрь 2012 - 06:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

жөтөл, өпкө ооруларына

Чочконун өпкөсүнүн майын сызгырып,ага нукура бал(кошулмасыз) ысытып арлаштырабыз. Жылуу кезинде арактан кошуп аралаштырып 3 күн караңгы жерге коебуз.Эртең менен бир кашыктан,жатаарда бир кашыктан ичебиз.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   admin_superstan   03 Сентябрь 2012 - 11:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

" Дагы бир дары жөтөл,өпкө ооруларына. " темасы менен бириктирилди.





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ден соолук жана сулуулук
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 15 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 15, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 01 Авг 2025 00:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: