Суперстан: Иш кагаздары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Юристтин кенеши
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Иш кагаздары кереги тийип калаар

#1 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 16:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Сүрөт
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ БОЮНЧА УЛУТТУК КОМИССИЯ

Жапарова Б.Б.
Калыева Ө.А.

ИШ КАГАЗДАРЫН МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА РАСМИЙ ТИЛДЕ ЖҮРГҮЗҮҮ

ДЕЛОПРОИЗВОДСТВО НА ГОСУДАРСТВЕННОМ И ОФИЦИАЛЬНОМ ЯЗЫКАХ

БИШКЕК 2005

Мен бул китептин электрондук вариантын интернеттен көчүрүп алдым. Өзүм эле колдоно бербей силер менен да бөлүшө кетейин. Бул жакка китептин баарын көчүрүп келбейм, бирок, жашоодо көп колдонулуп келаткан иш кагаздарын гана тандап келип жабыштыра берейин.

PS: Бул китеп 2005-жылы жарык көрүптүр. Эгерде, андан бери иш кагаздары тууралуу өзгөрүүлөр болгон болсо, билгендер оңдой кетсин.

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 04 Декабрь 2011 - 17:20

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 16:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

A) ЖЕКЕ-УЮШТУРУУ ИШ КАГАЗДАРЫ
Жеке-уюштуруу иш кагаздары жарандардын өзүлөрү тарабынан даярдалат жана алардын башка жарандар менен же уюмдар менен укуктук байланышы жөнгө салынат. Ага өмүр баян, арыз, түшүнүк кат, тилкат, чакыруу, кулактандыруу, эмгек келишими, мүнөздөмө
кирет.

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 04 Декабрь 2011 - 21:01

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 16:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Өмүрбаян
Өмүрбаян – бул адамдын өз колу менен эркин формада белгилүү убакыттын аралыгында басып өткөн жолу жөнүндө жазылгын иш кагазы. Өмүр баянды жазууда кандайдыр-бир тартипке салган түрү болбойт жана жазуучунун чеберчилигине жараша болот. Бирок өмүр баянда сөзсүз аныкталган маалымдаректер жана курам бөлүктөр катышуусу керек. Ал маалымдаректер төмөнкүлөр:
1. Иш кагаздын аты (өмүрбаян).
2. Иш кагазынын тексти:
а) автордун аты-жөнү (ал «Мен» деген жактама ат атооч форма-
сында берилет);
б) туулган жылы, айы, күнү жана жери;
в) ата-энеси (ата-энесинин аты-жөнү, иштеген жери);
г) билими (орто мектеп, атайын окуу жайы, жогорку окуу жайы);
кесиби, жана ишкердүүлүк түрү;
д) аскерге кызмат өтөгөндүгү тууралуу маалымат;
е) акыркы иштеген жери жана кызматы;
ж) эмгек сыйлыктары;
з) коомдук ишке катышуусу;
и) үйбүлөлүк абалы жана үйбүлө курамы;
к) үйүнүн дареги, телефон номуру.
3. Аты-жөнү.
4. Өзүнүн колу.
5. Өмүрбаян жазылган жылы, айы, күнү.
Өмүрбаян А-4 форматындагы таза кагазга окууга өтүүдө же ишке орношууда өз колу менен жазылат. Өмүрбаянда бардык маалыматтар хронологиялык тартипте жазылат. Өмүрбаянды жазууда адабий тилди пайдалануу керек. Анда дилаектилер жана одоно сүрөттөөлөр болбошу керек. Бул иш кагазында адамдын турмушундагы терс учурлар жашырылбашы керек, бирок өзүн өзү мактоого да жол берилбейт. Өмүрбаяндын бул бөлүгү кыска жана так болуусу керек. Өмүрбаяндын дагы бир түрү – бул коомдук түзүлүш жана анын адам турмушуна таасирин жазуу. Мындай өмүрбаяндарда белгилүү жазуучу, акындардын, илимдин, маданияттын таанымал өкүлдөрүнүн, мамлекеттик, коомдук ишмерлердин, согуштун жана эмгектин баатырларынын жана башкалардын өмүрү жана чыгармачылык жолдору үчүнчү жак менен жазылат. Мындай өмүрбаянды жазууда таланттуу, улуу, залкар ж.б.у.с. эпитеттер колдонулушу мүмкүн, мындай өмүрбаяндарда «Аты-жөнү», «Колу», «Датасы» деген маалымдаректер пайдаланылбайт. «Өмүрбаян» маалымдарегинин ордуна адамдын аты-жөнү жазылат. Өмүрбаянды жазууда белгилүү чеберчилик талап кылынат. Көпчүлүк учурда биринчи жактын жазган өмүрбаяны колдонулат.

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 04 Декабрь 2011 - 16:53

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 16:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Өмүрбаян
Мен, Касымов Мурат 1964-жылы 11-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районунун Шамшы айылында жумушчунун үйбүлөсүндө туулгам.
Атам – Касымов Токон, апам – Касымова Шайыр. Алар азыркы учурда Шамшы айылында иштешет, «Береке» дыйкан чарбасынын
мүчөлөрү.Мен 1971-жылы Шамшы орто мектебинин биринчи классына кирип мектепти 1981-жылы аяктагам. Ошол эле жылы билим алууну улантуу максатында Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине тапшырдым. 1983–1985-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөдүм. 1985-жылдан университетте окуумду улантып, аны 1988-жылы ийгиликтүү аяктап тарыхчы кесибин алдым. 1988-жылдан өзүмдүн эмгек ишмердигимди Ысыккөл облусунун Жетөгүз районунун Дархан айылындагы Дархан орто мектебинде тарых жана коом таануу мугалими болуп иштөөдөн баштадым.1991- жылы мектепте деректирдин тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштедим.1999-жылдан Кыргыз билим берүү институтуна илимий кызматкер жумушуна которулуп, ошол эле жылы аталган институттун аспирантурасынын сырттан окуу бөлүмүнө документтеримди тапшырдым. 2002-жылдан бери Бишкек шаарындагы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде тарых факультетинин тарых кафедрасында иштеп келе жатам. 1998-жылы Элге билим берүүнүн отличниги, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлангам. Үйбүлөлүүмүн. Аялым – Суранова Бактыгүл 1966-жылы туулган. Бишкек шаарындагы Мамкаттоодо эсепчи болуп иштейт. Кызым – Гүлжан, уулум – Азат Б.Алымов атындагы №39 орто мек-
тепте окушат.
Үй дарегим: Бишкек ш., 6-кичирайон. , 42-үй, 18-кв. Телефон
474158

(колу) Касымов Мурат
20.09.2004

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 04 Декабрь 2011 - 17:08

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 17:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Төмөндө 3-жактан жазылган өмүрбаяндын үлгүсүн келтиребиз.



Алыкул Осмонов
Кыргыз адабиятынын залкар өкүлү Алыкул Осмонов 1915-жылы Чүй облусунун Панфилов районунун Капталарык айылында кедей
дыйкандын үйбүлөсүндө туулган. Ал бир жашарында тоголок жетим калып беш жашка чыкканда Токмок интернатына кабыл алын-
ган. Ал жерде тогуз жыл тарбияланып 1929-жылы Фрунзедеги педагогикалык техникумга өткөн. Алыкул техникумда көркөм адабиятка дитин коюп, орус тилин үйрөнүп алгандыктан орус адабиятынын классиктери Пушкин, Лермонтов, Толстой, Тургенев, Некрасов, Гоголь ж.б.у.с. чыгармаларын окуган. Ал ар түрдүү ийримдерге жана кечелерге дыкаттык менен катышып, акырындап өзүн поэзияда сынай баштаган. 1932-жылы Алыкул Осмонов залал ооруну жуктуруп алып, техникумдагы окуусун таштап, ар түрдүү редакцияларда адабий кызматкер болуп иштөөгө мажбур болгон. Бирок оорусуна байланыштуу ал редакцияларда дайыма иштөөгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес, ошондуктан, ал үйүндө өмүрүнүн аягына чейин чыгармачылык менен алектенген.
Ал ошол 1932-жылы эле ыр жазып баштаган. Анын китептери 1935-жылы – «Таңдагы ырлар», 1937-жылы – «Чолпонстан», «Жыл-
дыздуу жаштык» биринин артынан бири чыга баштаган. 1939-жылы Шота Рутавелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр»
поэмасын кыргыз тилине эркин которууну мыкты ишке ашырган. 1939-жылы Москвадагы кыргыз адабиятынын жана искусствосу-
нун декадасына катышып «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. А.Осмоновдун Улуу Атамекендик согуш мезгилинде жазган поэтикалык чыгармалары «Махабат» аттуу китебине чогултулган. Акындын «Новые стихи» (1946-ж.), « Моя земля – земля песен»
(1947-ж.), «Новые стихи» (1949-ж.) чыгармалары орус тилинде жарык көргөн. Алыкул Осмонов поэтикалык котормонун чебери. Анын кыргызчага которгон Пушкиндин, Шекспирдин, Лермонтовдун, Крыловдун, Маршактын чыгармалары адабий котормонун үлгүсү болуп калды. Таланттуу акын 1950-жылы 12-декабрда чыгармачылыгы гүлдөп турган чакта айыкпас оорудан дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Бишкек шаарынын Аларча көрүстөнүнө коюлган.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 17:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Арыз
Арыз – бул уюмдун жетекчисинин дарегине ар түрдүү даттануу же өтүнүч маселелери менен жазылган иш кагазынын түрү. Бул иш
кагазы иш кагазын жүргүзүүдө кеңири колдонулат. Арызда билдирүүчүнүн өтүнүчү же даттануусу кыска жана түшүнүктүү жазылышы керек. Эгерде арыз жазуучу алыста болуп жана арыз көп маселелерди камтыса, анда ал көлөмдүү жазылышы
мүмкүн. Мунун себеби арыз ээсинин алыста болуусу, түз байланыштын жоктугу ж.б.у.с. Адам ишмердигинде арыздардын көптөгөн түрлөрү кездешет. Бирок арыздардын айрым түрлөрүн кошпогондо, алардын бардыгынын маалымдаректери бар. Арыздардын негизги маалымдаректерине төмөнкүлөр кирет:
1. Арыз кайсы мекемеге багытталды, жетекчинин кызматы. Жетекчинин аты-жөнү.
2. Арыздануучунун жашаган жери, ким болуп иштейт, анын аты-жөнү толугу менен.
3. Иш кагаздын аты. Бул маалымдарек салттуу түрдө баш тамга менен жазылат.
4. Арыздын тексти. Ал абзацтан башталат. Анда кайрылуунун мазмуну жана себеби көрсөтүлөт. Текстти мүмкүн болушунча кыска
жана түшүнүктүү жазуу зарыл.
5. Арызга зарыл иш кагаздары кошо тиркелет. Тиркемеге зарылчылыгына жараша иш кагаздарынын көчүрмөлөрү киргизилет. Эгер тиркеме бирөө гана болсо, анда ал абзац менен жазылат.
6. Арыздануучунун аты-жөнү.
7. Арыздануучунун колу.
8. Арыз жазылган күн, ай, жыл.
9. Арызда арыздын мазмунуна ылайык айрым кызматкерлердин тиешелүү визасы болушу керек.
10. Арыздын индекси. Ал атайын журналда катталат жана аткаруу контролуна коюлат.
Маалымдаректердин аралары так ажыратылышы керек. Жетекчинин резолюциясы беттин сол жактагы үстүңкү бурчтун актай жерине коюлат.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 17:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

«Бишкексүт» АКынын деректири А.А.Короткихке Аламүдүн –1 кичирайонунун жашоочусу Ш.М.Исаевден Арыз Мени айдоочулук кызматка алууңузду суранам. Зарыл документтер тиркелет.
(колу)

Исаев Ш.М.
15.05.2004-ж.

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 04 Декабрь 2011 - 17:17

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 17:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Бишкек шаарынын №76 орто мектебинин деректири И.М.Запашнаяга Бишкек шаарынын Свердлов районунун Жибекжолу көчөсүнүн 15-үйүнүн жашоочусу Б.К.Жумаевден Арыз Менин кызым Болот кызы Айзаданын мектеп жашына жеткендигине байланыштуу Сиз жетектеген мектепке биринчи класска кабыл алууңуздарды суранам.
(колу) Жумаев Б.К.

28.08.2004-ж.

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 04 Декабрь 2011 - 17:16

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 17:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Бишкек гуманитардык университетинин ректору профессор Асан уулу Уланга Башкаруу жана социология факультетинин окутуучусу Бакыев Нурдинден Арыз Башка ишке которулганыма байланыштуу мени кафедранын улук окутуучулук кызматынан бошотуп коюуңузду суранам.

(колу) Н.Бакыев


28.08.2004-ж.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 17:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Бишкек шаарынын №5ооруканасынын башкы врачы Г.Курман кызы Назирага оорукананын тиш догдуру Ашымов Азизден Арыз Үйбүлөлүк шартыма байланыштуу 2004-жылдын 10-июлунан 13-июлуна чейин кыска мөөнөттүү төлөбөгөн өргүү берүүңүздү сурайм.

(колу) А.Ашымов

9-июль, 2004-ж.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 17:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Түшүнүк кат
Бул кызматтык ишмердик менен байланышкан ар кандай кырдаалдарды түшүндүрүү үчүн кызматкерлер тарабынан мекеменин,
уюмдун же ишкананын жетекчисине жазылган расмий иш кагазы. Түшүнүк кат ошондой эле кызматкер кызматтык милдетин ишке ашырып жатканда туш болгон кайсы бир кырдаалда жумушта эмне болуп өткөнүн сыпаттоо болуп саналат. Кызматтык кат өзүнүн жазылышы боюнча билдирүү жана сыпаттоого окшош болушу мүмкүн. Түшүнүк катта негизинен эмне себептен эмгек тартиби сакталган жок, ошол жөнүндө айтылат. А билдирүү менен сыпаттоодо жетишкендиктер, кемчиликтер, ийгиликтер, каржылык абал жана чарбалык ишкердик ж.б.у. сыяктуулар жазылышы мүмкүн. Түшүнүк кат жетекчинин талабы боюнча жазылат жана анын не-
гизинде кызматкерге жазанын ар түрдүү чаралары көрүлөт. Түшүнүк кат эки түргө бөлүнөт:
1. Ички түшүнүк кат.
2. Тышкы түшүнүк кат.
Ички түшүнүк кат жаран (кызматкер, бөлүм башчы, жумушчу, студент, окутуучу ж.б.у.с.) тарабынан жазылып, мекеменин жетек-
чисине даректелет. Бул иш кагазда эмгек тартибинин бузулушунун себептери, жеке кемчиликтер, өзүнүн кызматтык милдетине жоопкерсиздик мамиле (ишке кечигип келүү, себепсиз жумушка келбей калуу, тапшырманы өз убагында аткарбоо, баш ийбөө ж.б.у.с.) жана ушундай абалдын себептери түшүндүрүлөт. Зарыл учурларда бекемдөө үчүн түшүнүк катка зарыл иш кагаздары тир-
келет. Мындай түшүнүк кат жөнөкөй кагазга кол менен бир нускада жазылат.
Ички түшүнүк каттын маалымдаректери:
1. Түшүнүк кат кимге багытталса ошол мекеменин аталышы, же-
текчинин кызматы, анын аты-жөнү.
2. Иш кагазынын авторунун аты-жөнү, кызматы.
3. Иш кагаздын аты (түшүнүк кат).
4. Текст.

5. Тиркеме (зарыл учурда);
6. Колу;
7. Түшүнүк кат жазуучунун аты-жөнү;
8. Жазган күн, ай, жыл болуп саналат.
Тышкы түшүнүк кат мекеменин атайын бланкына жол-жоболоштурулат. Бул катта уюмдар ортосундагы ишмердикке байланышкан
ар түрдүү маалыматтар берилет. Тышкы түшүнүк каттын өзгөчөлүгү мына ушунда.Тышкы түшүнүк каттын маалымдаректерин төмөнкүлөр түзөт:
1. Мекеменин бланкынын маалыматтары (мекеменин толук аталышы, герб, эмблема ж.б.у.с.).
2. Бул түшүнүк кат кимге жазылса ошол мекеменин аталышы, жетекчисинин аты-жөнү.
3. Текст.
4. Тиркеме (зарыл болсо).
5. Түшүнүк каттын авторунун аты-жөнү, кызматы.
6. Жетекчинин колу.
Бланк басмаканадан басылган болсо, каттын жазылган күнү көрсөтүлбөйт. Тышкы түшүнүк кат мекеменин айрым бөлүмдөрү жумушта ар түрдүү кырдаал, кырсык болуудан пландык иш чаралар аткарылбаган учурларда жазылат. Мындай иш кагаз машинкада же компьютерде даярдалат.

№85 орто мектептин деректири Карамолдоев Нурланга физкультура мугалими Бейшекеев Нурландан Түшүнүк кат Мен шаардан алыс жашаганыма байланыштуу транспорт өз убагында каттабагандыктан, 2004-жылдын 29-сентябрында өзүмдүн үчүнчү сабагыма 15 мүнөт кечигип келдим. Мындай иш мындан ары кайталанбайт деп ишендирем.

(колу) Н.Бейшекеев

күн, ай, жыл.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 17:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

«Азат» коммерциялык банкынын башкы деректири Айдаралиев Назаркулга банктын бугалтери Темиров Илимбектен Түшүнүк кат
Үйбүлөлүк шартыма байланыштуу жакын тууганымдын жылдыгында болуп өзүмдүн кыска мөөнөттүү өргүүмдөн 1 күн ашыкча кечигүүгө аргасыз болгонумду Сизге билдирем.
Зарыл иш кагаздарын тиркейм.


(колу) И.Темиров


күнү
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 17:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Тилкат
Тилкат уюмдардан, мекемелерден же жеке жактардан акча каражаттарын же материалдык баалуулуктарын алууда, ошондой эле кандайдыр бир-аракеттер болуп өткөндө кеңири колдонулган иш кагазы. Тилкат кол менен жазылат, же компьютерде же машинкада басылат. Тилкатта акчанын суммасы цифра менен жана кашаанын ичине сөз менен көрсөтүлөт. Бул жерде оңдоого, өчүрүүгө жол берилбейт. Мындай учурда ал өзүнүн расмийлүүлүгүн жоготот. Тексти жазууда бардык бош жерлер сызык менен толтурулат. Айрым учурларда тилкат жазууда буга катышкан күбөлөр көрсөтүлөт. Күбөлөр бул иш кагазын өздөрүнүн жеке кол коюулары менен тастыкташат. Тилкат эркин формада жазылат. Тилкат төмөндөгүдөй маалымдаректерден турат:

1. Иш кагаздын аты (тилкат).
2. Текст:
- тилкат берүүчүнүн аты-жөнү;
- акча, мүлк, материалдык баалуулуктарды (кээде мекеменин аталышы көрсөтүлөт) берген кишинин аты-жөнү;
- мүлктүн азыркы абалы.
3. Тилкат берген күн.
4. Тилкат берүүчүнүн аты-жөнү.
5. Өз колу.
Тилкатта күбөлөрдүн аты-жөнү болушу мүмкүн. Эгер тилкат акча каражатынын өтө чоң суммасына же чоң баалуу материалдык баалуулуктарына берилсе, анда сөзсүз түрдө нотариалдык кеңседен же расмий жак тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек. Бул жерде биз тилкатты жазуунун айрым формаларын келтиребиз:

Тилкат
Мен, Турсуналиев Нурбек, «Көкжар» кичирайонунун 11-үйүнүн 2-квартирасында жашоочу «Тулпар» кичи ишканасынын деректи-
ри Кыязов Назардан менчик бизнесимди өнүктүрүү үчүн 15000 (он беш миң) доллар 10 айлык мөөнөткө алдым. Бул сумманы 2005- жылдын 10-июлунда толугу менен төлөп берүүгө милдеттенем. Эгер бул сумманы өз убагында төлөй албай калсам күрөөгө
коюлган Кыязов Назардын атындагы менин квартирамдын документтерин берүүгө макулмун.


(колу) Турсуналиев Нурбек
күн, ай, жыл


Тилкатты күбөлөндүрөм:
Нотариалдык конторанын катчысы _____________________


Мөөр, колу, датасы
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 17:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Чакыруу
Бул иш кагазы коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин, илимдин, искусствонун, маданияттын жана адабияттын көрүнүктүү
өкүлдөрүнүн ар түрдүү салтанаттарына, мааракелерине чакыруу үчүн жана ар түрдүү чогулуштарга, илимий-практикалык конференцияларга катышуучуларды чакыруу жазылат. Анда иш-чаранын мазмуну (аталышы), өткөрүүнүн максаты, күнү, убактысы, орду көрсөтүлөт. Зарыл учурда чакырууга иш чаранын программасы тиркелет. Чакыруу чакырылуучулардын ошол иш чарага катышуусун камсыз кылуучу иш кагаз болуп саналат.

Чакыруунун маалымдаректери:
1. Иш кагаздын аты (чакыруу).
2. Чакырылуучунун аты-жөнү.
3. Текст:
- анда бул иш-чаранын, эмнеге арналганы, тармагы, көрсөтүлөт;
- өткөрүлүп жаткан иш чаранын аты
-чакыруучу мекеменин, ишкананын аталышы.
4. Иш чараны өткөрүү убактысы, күнү.
5. Иш чараны өткөрүү орду.
6. Бул иш чараны өткөрүүчү мекеменин, уюмдун аталышы (уюштуруучулар).
Эгер бул иш чараны бир нече мекеме, уюм өткөрүп жатса, анда аталыштар алфавиттик тартипте көрсөтүлөт. Чакырууда иш чаранын күн тартиби көрсөтүлүшү мүмкүн. Эгер бул илимий-практикалык конференция болсо, анда өткөрүүнүн жүрүшү, кандай билдирүү болот (ар бир билдирүүнүн темасы, билдирүү жасаган автордун кызматы, илимий наамы, даражасы) көрсөтүлөт.
Чакыруу машинкада (компьютерде же басмаканалык жол менен даярдалат) басылат. Чакырылуучунун аты-жөнү, мекеменин аталышы чакыруунун мүнөзүнө ылайыкталат. Чакыруунун тексти үчүнчү жак менен жазылат. Эгер чакыруу конкреттүү адам же мекеме тарабынан берилсе, анда биринчи жак менен «Сиз» ат атоочун колдонуу менен жазылат.


ЧАКЫРУУ Урматтуу Самат Бейшенович, Сайра Керимовна!
Сиздерди, 2004-жылдын 5-октябрында саат 17.00дө «Достук» ресторанында өтүүчү биздин «Күмүш тоюбузга» жана Эрболоттун туулган күнүнө чакырабыз.
Урматтоо менен Адыл, Майрам.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 17:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Кулактандыруу
Кулактандыруу – бул мекеменин жана уюмдун жамаат мүчөлөрүнүн кандайдыр бир иш чараны өткөрүү жөнүндө жарыя кылуусу. Ал оозеки жана жазуу жүзүндө болот. Кулактандырууда бул иш чаранын (жолугушуунун, чогулуштун, башка жалпы иш чаранын) өткөрүлгөн күнү, орду жана убактысы көрсөтүлөт. Анда кароого кандай маселелер коюлат, чыгып сүйлөөчүнүн аты-жөнү же карала турган маселелердин кыскача мазмуну көрсөтүлүшү керек.
Кулактандыруунун маалымдаректерине:
1. Иш кагаздын аты (кулактандыруу)
2.Текст.
3. Өткөрүү убактысы.
4. Кошумча маалыматтар.
5. Өткөрүү орду.
6. Бул иш чараны өткөрүүчү мекеменин аталышы болуп саналат.
Кулактандыруунун көлөмү ар түрдүү болушу мүмкүн. Бизде чындыгында көбүнчө чоң эмес, кыска кулактандыруулар кездешет.

Кээде «Кулактандыруу» деген сөздүн ордуна «Көңүл бургула», «Угуучуларга маалымат», «Студенттерге маалымат» ж.б.у.с. колдо-
нулат. Алар чакыруу мүнөзүнө ээ. Кулактандыруу болжолдуу иш чараны өткөрүүгө бир жума калганда берилет.

Кулактандыруу 2004- жылдын 28-майында саат 14.00дө Бишкек гуманитардык университетинин конференция залында окутуу-методикалык кеңешме өтөт. Күн тартиби: 1. Окуу бөлүмүнүн жылдык отчету (баяндамачы окуу бөлүмүнүн башчысы Өзүбекова Ж.)2.Жайкы экзаменге даярдык (баяндамачы окуу бөлүмүнүн башчысы Өзүбекова Ж.).
Кулактандыруу
Англис жана түрк тилдерин үйрөтүү боюнча курс өзүнүн ишин 2004-жылдын 15-сентябрынан баштайт. Сабак бейшемби, жума күндөрү саат 15.00дө өтүлөт. Каалоочулар түркология факультетинин деканатына кайрылса болот.

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Таллас   04 Декабрь 2011 - 17:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Эң жакшы!
Бали!

Мына сага пайдалуу тема. Сандырактап ар нерсени жазымыш этип ошого ооз көптүргөндөн көрө ушундай пайдалуу тема ачсак кандай ээ? Мисалы, мага бул жазылгандар аябай керек эле. Мен көбүнчө ушундай иш кагаздарын жазганда орусча вариантын карап анан ага маанилештирип жазып коёр элем. Эми жакшы болбодубу кыргызчасы мисалдары менен жазылып бул жакка.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Aydashka   04 Декабрь 2011 - 17:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Balamir рахмат,жакшы тема экен!Мен мектепте окуп жургондо окудук эле ушу эрежесинин баарын,дагы бир жолу эсиме салдын.
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 18:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Эмгек келишими
Эмгек келишими – бул кызматкер менен администрациянын эмгек боюнча өз ара байланышын чагылдыруучу иш кагазынын бири.
Кыргызстан үчүн келишим – базар мамилесинин өнүгүшү менен келип чыккан жаңы көрүнүш. Келишимдик эмгек акы төлөө формасы
– бул убакыттын буйрушу, ал бардык жерде тарифтик тутумдун ордуна келүүгө тийиш. Келишим мыйзамда аныкталган эмгек акысына
салыштырмалуу бир кыйла жогору коюу каражаты катары жана келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде башка бир кыйла ыңгайлуу эмгек шартын түзүү үчүн пайда болгон.


ЭМГЕК КЕЛИШИМИ 00.00.00 №Бишкек
___________________________________________________________________________________________________
________________________________________ ачык акционердик коому (уюму)
аталышы
____________________________________________________________________________________________ аркылуу аты-жөнү, кызматы
мындан ары ААК жана ________________________________________________________________________________ аты-жөнү
мындан ары «Кызматкер», төмөндөгүлөр жөнүндө ушул келишимди түздүк:
1.Кызматкер ________________________________________________________________________________________ аты-жөнү
___________________________________________________________________________________________________ түзүмдүк бөлүмчөнүн аталышы
кызматы, кесиби _______________________________________________________________________ жумушка алынат кесиптин, кызматтын толук аталышы
дасыгы _____________________________________________________________________________________________ дасык категориясынын баскычы
2.Келишим: негизги иш боюнча келишим
бир топ жерде иштөө боюнча келишим болуп саналат.
3.Келишимдин түрлөрү:
- белгиленбеген мөөнөткө (мөөнөтсүз)
- белгиленген мөөнөткө ____________________________________________________________ мөөнөттүү келишимди түзүүнүн себептерин көрсөтүү
- белгиленген ишти _____________________________________________________________________ убакытта аткаруу.
кайсы көрсөтүү
4. Келишимдин мөөнөтү:
-иштин башталышы __________________________________
-иштин аякташы ____________________________________


5.Сыноо мөөнөтү:
а) сыноосуз
б) __________________________________
сыноо мөөнөтүнүн узактыгы


6.Кызматкер төмөндөгү милдеттерди аткаруу керек:
_________________________ Иштердин негизги мүнөздөмөлөрү көрсөтүлөт
_________________________ жана аны аткаруу деңгээлинин талаптары:
_________________________ өндүрүштүн (иштин) көлөмү боюнча, чыга-
_________________________ рылганпродукциянын сапаты (кызмат
_________________________ көрсөтүүнүн сапаты), эмгекти коргоо боюн-
_________________________ ча эрежени сактоо, бирин-бири
_________________________алмаштырууну камсыз кылуу максатында ту-
_________________________ таш иштерди аткаруу же кызмат нускамасына
_________________________ ылайык туу шилтеме жасалат. Кесиптерди (иш-
_________________________ терди) ара лаштырууда туташ операцияларды
_________________________ аткаруу бул иштердин тизмесин жана алар-
_________________________ дын көлөмүн берет.
7. ААК кызматкердин эмгегин уюштурууга, натыйжалуу жана коопсуз эмгек үчүн шарт түзүүгө, жумушчу орунун эмгектик жана
техникалык коопсуздукту сактоо эрежелерине ылайык жабдуу, өз убагында келишимде шартталган эмгек акысын төлөп турууга милдеттүү.
_________________________ Өндүрүштүк процессти уюштуруу боюнча
_________________________ конкреттүү чаралар, жумушчу ордун
_________________________ жабдуу жана кызматкердин дасыгын
_________________________ жогорулатуу жана башка эмгек шарттарын
_________________________ түзүү көрсөтүлөт.
8.ААКнын оор, өзгөчө оор иштер жана зыяндуу, өзгөчө зыяндуу жумуштар же кооптуу эмгек шарттары үчүн кызматкерге акы төлөө жана жеңилдиктерди көрсөтүү менен ордун жана иш шарттарын камсыз кылуу боюнча милдеттери
_______________________________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________________________


9. Жумуш убактысынын тартибинин өзгөчөлүктөрү:
- толук эмес эмгек күн ______________________________________________
- толук эмес эмгек жумалыгы ________________________________________
- сааттап иштөө ___________________________________________________
10. Кызматкерге :
- кызмат акы (тарифтик чен) айына __________________ сом же 1 саатына ____________________ сом белгиленет;
- үстөк (кошумча төлөм жана башка төлөөлөр) _________________________ кошумча
____________________________________________________сом (ченге, айлык өлчөмгө % ) белгиленет.
төлөмдүн, үстөктүн түрү көрсөтүлөт
11. Кызматкерге узактыгы:
- негизги __________________ жумуш күн
- кошумча _________________ жылдык жумуш күн эмгек өргүү белгиленет.
12. Иштин өзгөчөлүгүнө байланышкан келишимдин башка шарттары _______________________________________________
_____________________________________________________________________
13. Жактардын юридикалык даректери жана колдору


ААК
Кызматкер
_______________________
_______________________
Кызматы, Колу, Аты-жөнү
МО
_______________________
_______________________
паспорттук маалымат


Телефон______________
Колу, Аты-жөнү
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 18:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Мүнөздөмө
Мүнөздөмө – бул мекеме жетекчисинин же коомдук уюмдун атынан кызматкерге берилет жана анын билими, жөндөмдүүлүгү, жалпы тартиптүүлүк, жүрүш-турушу, ишке мамилеси, чеберчилиги мүнөздөлөт. Мүнөздөмө кызматкердин өтүнүчү боюнча же башка
мекеме, уюмдун өтүнүчү боюнча берилет. Мүнөздөмө көпчүлүк учурда окуу жайына тапшырууда, кызматка бекитүүдө же чет өлкөлөргө жөнөгөндө кызматкердин абалы менен таанышуу максатында берилет. Мүнөздөмөдө ишмердүүлүк, коомдук милдеттер, кызматкердин жүрүш-турушу, анын жеке кадыр баркы жана кемчиликтери чагылдырылышы керек. Мүнөздөмөнүн мазмуну 3 өз ара байланыштагы бөлүктөрдөн турат. Биринчи бөлүктө эмгек ишмердигинин башталышы, иштеги өзгөрүүлөр жөнүндө баяндалат. Экинчи бөлүктө кызматкердин ишке болгон мамилеси, адис катары чеберчилиги жана жөндөмдүүлүгү, дасыгын жогорулатуусу, анын коомдук иштерге катышуусу, анын кызматташтары, жакын адамдар жана эмгек жамааты менен мамилеси, анын сыйлыктары тартип жана административдик жазалары айтылат. Үчүнчү бөлүктө мурунку эки бөлүктөн келип чыккандардан жыйынтык чыгарылат жана мүнөздөмө кандай максат менен берилгени көрсөтүлөт. Бул иш кагазынын аягына уюмдун жетекчиси кол коет, өзүнүн мөөрү менен ырастайт жана өтүнүчү боюнча мүнөздөмө жол-жоболоштурулуп жаткан уюмдун же адамдын дареги көрсөтүлөт. Мүнөздөмө адамдын колуна берилет же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул иш кагазы «Өндүрүштүк мүнөздөмө» жана «Мүнөздөмө – жолдомо» болуп эки түргө бөлүнөт. Өндүрүштүк мүнөздөмө – ал жетекчинин атынан жазылат жана анда кызматкердин ишке мамилеси, адамдын мүнөзү жана адамдык, адистик сапаттары көрсөтүлөт. Мүнөздөмө-жолдомо – бул уюм же мекеме тарабынан берилип жамааттын чогулушунда бекитилет. Бул мүнөздөмө башка ишке өткөндө же кызматы жогорулаганда берилет. Бул иш кагазынын аягында чогулуштун болгон убактысы, протоколдун номуру көрсөтүлөт жана жетекчинин колу, мүнөздөмө берилген күн жана гербдүү мөөр коюлат.
Мүнөздөмө А-4 форматындагы бланкка жол-жоболоштурулат.
Мүнөздөмөнүн маалымдаректери төмөнкүлөр:
1. Мүнөздөмө алуучу жөнүндө маалымат:
а) мүнөздөмө алуучунун иш орду (окуу орду);
б) туулган жылы;
в) улуту;
г) билими;
д) аты-жөнү
2. Мүнөздөмөнүн аты.
3. Иш кагазынын тексти.
4. Мекеме жетекчисинин аты-жөнү, кызматы.
5. Мекеме жетекчисинин колу.
6. Берилген күнү.
7. Мөөр.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин 4-курсунун студенти Дүйшеев Туратбек 1980-жылы туулган, улуту – кыргыз Мүнөздөмө
Дүйшеев Туратбек филология факультетинде 2000-жылдан бери окуйт. Ал алдына билим алуу максатын коюп өзүн жакшы жагынан көргөзө алды. Ал атайын курстарга, дарстарга, семинардык сабактарга дайыма катышып, өзүнүн теоретикалык билимин тереңдетүү үчүн зор аракет жасап жатат. Студент 2002-жылы Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн илимий конференцияда «Кыргыз элинин жазмасынын тарыхы» темасында атайын билдирүү жасады. Бул билдирүү жогорку деңгээлде жазылып, факультеттин деканы Т.Дүйшеевге алкыш жарыялады. Студент Т.Дүйшеев факультеттин коомдук иштерине жигердүү катышат. Мындан сырткары ЖОЖдор арасындагы «Эне тилим – эне сүтүм» конкурсунунун жигердүү катышуучусу болуп, факультеттин аброюн көтөрүүдө өзүнүн салмактуу салымын кошту. Ал факультеттин Студенттик кеңешинин төрагасы жана топтун старостасы. Студенттер арасында кадыр-баркка ээ жана башкаларга жардам көрсөтүүгө аракет кылат, аларга камкордук көрөт. Окутуучу лар менен сылык, мүнөзү токтоо, тырышчаак жүрүш-турушу менен айырмаланып турат. Бул мүнөздөмө Т.Дүйшеевге Президенттик стипендия алуу үчүн конкурска катышуу үчүн берилди.

Факультеттин деканы
педагогика илимдеринин
доктору, профессор (колу) Н.Ишекеев
Катчы (колу) Н.Бакирова 19.10.2004-ж.
М.О.

Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 04 Декабрь 2011 - 18:36

Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Balamir   04 Декабрь 2011 - 18:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 950
  • Катталган: 23 Май 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2024 03:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Earth

Бишкек шаарынын № 43 мектебинин биология мугалими Аскалиева Гүлзат 1967-жылы туулган, жогорку билимдүү, улуту кыргыз Мүнөздөмө- жолдомо
Аскалиева Гүлзат 1992-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн, ошол эле жылы өзүнүн эмгек жолун Бишкек шаарындагы № 43 мектепте биология мугалими болуп баштаган жана ушул күнгө чейин ушул
мектепте өзүнүн ишин улантып келе жатат. Г.Аскалиева өзүнүн предметине жогорку жоопкерчилик менен мамиле жасайт, окутууга чыгармачылык менен мамиле кылат. Анын ишмердиги учурдагы талаптарга толугу менен жооп берет, өзүнүн сабак өтүүлөрүндө предметти окутуунун жаңы ыкмаларын колдонот. Ал мектептер арасында биологияны мектептерде окутууга арналган конференцияларга, семинарларга дайыма катышат, өзүнүн дасыгын үзгүлтүксүз жогорулатып келет. Ал мектепте биология ийримин уюштуруп, биология участогун өздөштүрүп ошол участокко контролдук жүргүзөт жана жетектейт. Мугалим окуучуларга терең билим берет, ошол эле убакта мектепте тарбиялык ишти жогорку деңгээлде өткөрөт. Ал «1998-жылдын мыкты мугалими» конкурсуна катышып 3-орунду жеңип алды. Ал жогорку категориядагы мугалим жамааттын коомдук турмушуна жигердүү катышат. Чогуу иштешкендери менен өзүнүн адистик тажрыйбаларынан чын көңүлүнөн бөлүшөт, жаш мугалимдердин насаатчысы. Ак ниеттүүлүк эмгеги үчүн Г.Аскалиева республиканын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы менен, ошондой эле шаардык Билим берүү департаментинин, Свердлов районунун билим берүү бөлүмүнүн грамоталары менен сыйланган. Г.Аскалиева токтоо жүрүш-турушу, сылыктыгы, мыкты адистиги менен айырмаланып турат. Ал өзүнө карата айтылган сынпикирлерди туура кабыл алат. Мектепте жана үйдө ал сыйга жана кадыр-баркка ээ.
Ал үйбүлөлүү, эки баланы тарбиялап жатат. Жетекчилик жана № 43 мектептин педагогикалык жамааты Г.Аскалиеваны «Себат» Бишкек шаардык билим берүү мекемесине үч айлык такшалмадан өтүп келүүгө жөнөтөт.
Мүнөздөмө- багыттама (жолдомо) Бишкек шаарынын № 43 мектебинин эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда (№ 2 протокол
28.09.2004-ж.) бекитилди.


Мектептин деректири: (колу) А.Каратаева
Катчы: (колу) Ш.Токонова 29.09.2004- ж.
М.О.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Юристтин кенеши
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:30

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: