sestra (13 Январь 2012 - 15:43) жазган:
бул маселени карапайым эл эмес, энергетиктер,
министрлер,
президент баш болуп чече албайбыз, анткени биз БУУнун (ООН) мучосубуз. биздин электр энергиябыз,
суубуз, деги эле эмне экспорт кылсак, анын баасы, кимге сатылышы, кайсыл олчомдо сатылышы Нью-Йоркто чечилет, биз газды озбектерден канчадан сатып алабыз, орусча айтканда, все под диктовку ООН. бирок бир аз болсо да салым кошуп койсок болот. ал учун электроэнергияны уномдуу колдонуш керек. ар бир болмодо светти баккыйтып жандырып койбой, айылдагылар короо - жайын жаркыратпай сарпташ керек. эл канчалык электроэнергияны коп колдонсо, ошончолук кымбаттай берет, анткени ГЭСтеги агрегаттар ошончолук иштоого мажбур болот. азыр ар бир эле курулуш маркеттерде электр уномдоочу каражаттар бар. мисалы, даараткана,
жуучу канага адам киргенде жарык болуп, чыгып кетсе очуп калган системаны орнотсо болот. бир азда болсо Европага жакындайбыз.
Бир аз туура эмес маалымат берип коюптурсуз го. Биз канчалык өлчөмдө эл. энергиясын экспорт кылабыз же такыр эле кылбайбызбы буга ООН дун тиешеси жок. Бул коңушу өлкөлөр менен болгон келишимдин негизинде болушу мүмкүн. Ал эми эл. энергиясына болгон бааны түзүүдо албетте Дүйнөлук банк ж. б. ушуга окшогон биздин кредиторлордун, донорлордун кеңешин угушубуз керек экен.
эл канчалык электроэнергияны коп колдонсо, ошончолук кымбаттай берет, анткени ГЭСтеги агрегаттар ошончолук иштоого мажбур болот. Минтип айткан такыр эле туура эмес.
Электр энергиясы - товар. Демек товар өндүрүүчүгө канчалык көп товар сатылса ошончолук жакшы. Болгону азыркы убакта абал, негизинен Бишкекте оор болуп жатат. Себебин мурда айтып өттүм эле.
Башка областарда абал бир аз башка. Акчаң бар болсо каалагандай колдоно берсең болот. Албетте урдабай жана эл. энергиясы менен жылынууга уруксат бар болсо.