Адашкан бакыт
Бул «Адашкан бакыт» повестинде жаш жубайлар балалуу боло албай кыйналышканы, адашып башка динде жүрүп, акыры намазга жыгылып, уулдуу болуп, бакытка жеткендери жөнүндө жазылган.
Зульфира Асылбекова. “Адашкан бакыт” адабий көркөм китеп. – Б.: Кут Бер, 2012. – 224 б. китебинен алынды

Жаз быйыл демейдегиден эрте чыкты. Көчөлөр жылт-жулт этип жылжып аккан ылай сууларга толуп, эзилген баткактан басыш кыйын. Көпкөк асманда каалгып учкан ак булуттар түйдөктөшүп, чөөт — көлчүктөрдөн чагылышып жатты. Үйлөрдүн чатырынан тамчылар шорголоп, тынымсыз жыбыттап агат. Чымчыктардын тили чыгып, эрте жаздын келишин кубаттап ырдап жатышкандай. Көчөдө элдер да көп. Көлөкөдө эрибей калган карлар да борпоң тартып, жылуулуктан жыбылжый эрип баштаган.
Жол жээгинен жылуу буу көтөрүлүп, аба жер жыттанып турду. Куушкан, байлоодогу иттердин үргөнү да көбөйгөн маал. Матай жазгы жумуштардын кайсынысынан баштаарын ойлонуп, күнөстөп эшик алдындагы тактайда олтурган. Анын жалгыз олтурганын терезеден көргөн эне, айнекти черткилеп өзүнө чакырып алды.
Матайдын энеси акыры ыңгайы келип турганда көңүлүн көптөн бери өйүп жүргөн сөздөрүн айтайын деп чечти. Уулуна астейдил карап, келини Адаштан орой бөлүп, көңүлүн калтырбайын дегендей аяр сөз баштады:
— Кагылайын уулум, сен деп атаң экөөбүз көзүңдү карап жүрсөк, сенин кылганың бул. Адашты жаман адам дебейм, бирок ушинтип төрдөн көрүбүз жакын турганда небере жытын искебей, өзүң артыңа туяк таштабай өтмөк белең? Ушуну жакшылап ойлонсоң. Көрүнбөгөн доктуруңар калган жок. Адаштын төркүндөрүн чакырып, көңүлүн калтырбай узатып коюп, башкага үйлөнүп, балалуу болсоңчу.
Баласы кыртышы сүйбөй, чорт кесе сүйлөндү.
— Апа, менин жашоомо киришпегиле дебедим беле. Башка аял менен балалуу болсом да мен бактылуу боло албайм. Ошол, сиз айткан доктурлардын баары менин үмүтүмдү үздүрбөй «болот, балаңар болот» дегенин угуп туруп, жанымдан жакшы көргөн жарым менен ажыраша албайм.
Мындай жооптон энеси кагынып, итиреңдеп кетти.
— Жаныңдан жакшы көрсөң анда менден да кеч. Мен сага жаман айтып жатамбы?
— Башка неберелериңер бар го, мага тийишпегиле— уулу амалы куруй аста жооп кайтарды.
— Сен кандай олуя болуп кеттиң эле, сага сүйлөбөгөндөй эмне болуптур, мен сүйлөбөгөндө ким сүйлөйт, тапкан экенсиң. Сен кетире албасаң, мен кетирем. «Баламдын башын куу баш өткөрбөй жолуңа түш» дейм. Бүгүн айта албасам...
Сырттан кирген ак жоолук, кызыл халатчан, бакыракай, бото көз, кырдач мурун оймок ооз, акжуумал сулуу Адаш апасы менен Матайды ыйлуу көзү менен тиктеп:
— Апа, далай жолу Матайга айтып келем, Сиздин айтканыңыз туура. Буга чейинкиңизге ыраазымын, мен кетем, кетем...
Энеси минтип оңдой берди болгонуна кым дей түшүп:
— Кете турган болсоң Матайдын башын айлантпай эле изиңди суутуп кете бербейт белең.— деди кектүү.
— Апа, апа токточу, ал кетсе мен да кетем.— уулу сөзгө кыпчылды.
Баласынын мындай кескиндигинен энеси адатынча албууттанып кетти. Анын ушундайы бар эле, бирөө каршы чыкты дегиче бүттү, өзүн кармай албай ачууга алдырып жиберет.
— Кетмектен кет, катынсыз жашай албасаң жогол. Сенин да башыңды айлантып бүткөн го. Бизди таштап кетсең атаң экөөбүз эки дүйнөдө ыраазы болбойбуз.
Матай айтылган сөзгө кулак кагып койбой коңшу бөлмөгө чыгып, кийимдерин шашыла чогултуп, сумкаларга бурдай салыштыра кетти. Артынан кирип көзүнүн жашын көлдөтүп турган Адашты кучактап:
— Жаным, болдучу. Биз балалуу болобуз. Сөзсүз. Кичине кыйынчылыкка чыдайлы.— деди муңкана.
— Мурда эле сезгем, ушундай сөздү бир күнү угаарымды билгем,— деди Адаш солуктап.
— Апамдын мага жини келип кетти окшойт, жай эле сүйлөшүп отурганбыз. ..
— Чындыктын эмнесине чычалайын, апам туура айтты. Эми токтой албайм.
— Экөөбүз чогуу кетебиз. Сен төрөбөй жатканыңа мен да күнөөлүмүн.
— Жаманаттыга калба, аялынын аркасынан кетти дедирбе.
— Дешсе дешсин.
Кийимдерин салыштырып бүткөн Адаш сабыры суз чыгып баратып кайненесине:
— Апа, жакшы туруңуз,— деп шашыла чыгып кетти.
Эт жүрөгү ансыз да эзилип, «келин кирбей турса эмне, жиним менен ачуу сөздөр айтылып кетти, келиниме өзүнчө айтсам болмок экен. Эми биротоло ийигис кылып алдым окшойт, ыйбалуу, жакшы келин эле, ачуу-таттууга бирге чыдап бүлө да болуп калган...»деп, кемпирдин көздөрүнө жаш тегеренди. Келининин жалгыз кеткенин көрүп, баласынын үйүндө калганына кубангандай тура калып терезеден сыртка карады. Ийинине асынган сумкасынын оозунан балбалактап чубалган көйнөктөрүн бурдай салып, келинчегинин артынан шашыла курткасын кийип, бараткан баласын көргөндө жүрөгү болк этип, «неберелүү болом деп, уулуман айрылдым окшойт, аттиң, балама караганда келиним «жакшы тур» деди. Ушунчалык кайрымсыз баланы тарбияладым беле, анын жарасын терең сыйрып салдымбы” деген сыяктуу жообу жок суроолор менен баласынын караанын тиктеген эне бир кылчаяр деген үмүттө карааны үзүлгөнчө күттү. Жок, уулу келинчегинин артынан жете берип кучактап өөп, көзүнүн жашын алаканы менен сүртүп, кете берди. Армандуу эне калыбынан жазбай көпкө отурду. Эми канчага чейин ушу, үмүтү үзүлгөн терезеден кетпей, кылчайбай кетишкен кош караандын кайтып келээрин карап отурат, ким билсин.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 28 Декабрь 2013 - 22:38