"Кыз сүйсө калат, эркек сүйсө алат"-деген макал элибизде бекеринен айтылган эмес да.
Ала качуу салтпы же кылмышпы?
#303 22 October 2011 - 16:25
Кыз ала качуу бул салт дегендерге эч кошулбас элем. Мейли бул салтка айланып калсын бирок туура эмес жорук. Биздин жигиттердин алсыздыгын көрсөтүүчү эң сонун факт. Жарды тандоо бул бүт өмүрүңдү тандоо деген менен барабар сөз. Кантип анан бүтүндөй өмүрүңдү тобокелчиликке саласың деп мен ар бир кыргыз жигитине суроо бергим келет. Май айында Ысыккөл жаштарынын ала качууга каршы күнү деп кабыл алган күнүн кош колдоп колдогум келет. Кырчындай эки өмүрдүн кыйылуусу бул бизге сабак болуусу зарыл.
Кыргызстанды сагындым!!!..
........
#304 23 October 2011 - 11:45
Мен да кошулам бул салт эмес,кылмыш!
2жаш турмуш жолуна аттанып жаткандан кийин бирин бири жакшы билиш керек деп ойлом,азырко коп жаштарды турмушу копко узабагандыгы да ушул себептен болсо керек!
#305 23 October 2011 - 13:34
Мен да кошулам бул салт эмес,кылмыш!
2жаш турмуш жолуна аттанып жаткандан кийин бирин бири жакшы билиш керек деп ойлом,азырко коп жаштарды турмушу копко узабагандыгы да ушул себептен болсо керек!
10 жыл суйлошуп журуп анан уйлонуп, ажырашып кеткендерди уга элексинби??? ?
Бир коруп ала качып анан бактылуу жашагандарды четтен табууга болот!!!
Ошон учун нике кайып дейт.... Суйуу - бул болбогон убактылуу жомок!!! Аа чыныгы суйуу нике кыйылгандан кийин келээри баарыбызга эле маалым!! !
П.С. Бирок ала качканга мен дагы каршымын! !!
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
#306 23 October 2011 - 16:26
10 жыл суйлошуп журуп анан уйлонуп, ажырашып кеткендерди уга элексинби???
?
Бир коруп ала качып анан бактылуу жашагандарды четтен табууга болот!!!
Ошон учун нике кайып дейт.... Суйуу - бул болбогон убактылуу жомок!!! Аа чыныгы суйуу нике кыйылгандан кийин келээри баарыбызга эле маалым!! !
П.С. Бирок ала качканга мен дагы каршымын! !!
Бир коруп ала качып анан бактылуу жашагандарды четтен табууга болот!!!
Ошон учун нике кайып дейт.... Суйуу - бул болбогон убактылуу жомок!!! Аа чыныгы суйуу нике кыйылгандан кийин келээри баарыбызга эле маалым!! !
П.С. Бирок ала качканга мен дагы каршымын! !!
Ооба табууга болот бирок азыр кескин турдо кобойду ажырашуу,барибир суйуп туруп турмуш курган жакшы,суйуу бул убактылу жомок эмес бул бар нерсе.
#307 26 October 2011 - 10:34
Бул болгон окуя.
Бир көчөдө бараткан, тааныбаган кызды ала качып келишиптир. Ал кыз да мени ким таанымак эле деп үйүнө барып алып аябай жинди болуптур. Көлөчтү алып алып жерге машина кылып ойноп улам-улам "Бум-бум" -деп аябай жинди болуптур. Ата-энеси уят болбоюн деген тиги кызды ошол эле күнү кетирип ийиптир.

Ак ийилет, бирок сынбайт.
#308 27 October 2011 - 12:44
Эгер жактырган адамды бербей жатса жана анын ыктыяры (каалоосу) болсо, ала качса болот.
Бирок сыртта тааныбаган эле кызды ала качып, ал каалабаса деле, зордоп кармаган кылмыш, жана бул жазаланышы керек!
Бирок сыртта тааныбаган эле кызды ала качып, ал каалабаса деле, зордоп кармаган кылмыш, жана бул жазаланышы керек!
#309 27 October 2011 - 13:00
Ала качуу салтпы же кылмышпы? Алибетте кылмыш! Жапайы заманда эле салт деп келишпесе,азыр 21-кылым деп коёт.
#312 27 October 2011 - 15:01
Аа Президенттикке талапкер Арстанбек Мырза: Кыз ала качуу салт, - деди......
Хе хе хе.....
Хе хе хе.....
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
#313 09 November 2011 - 10:09
Кыз ала-качуу
Кыз ала качуу салты – ыйык салт. Бул салт махабаттын касиетин жана кыргыз элинин эркиндикке болгон терең урматын даназалаган,
башка миңдеген оор жана зыяндуу салттардан айырмаланган маанилүү салт. Бул салтты түшүнүү үчүн окумуштуу болуп деле кереги жок, болгону кыргыз тилин билип, анан кыргыздын дилине жана салт-санааларын кичине кызыгып карап көрүп эле жетиштүү. Мисалы, Жантай чалга сатылган кыздын арман ырынын контекстин ала турган болсок, анда материалдык байлыкты өздөрү жараткан кызынын тагдырынан артык көргөн ата-эненин жоругу тартылган. Бул поэманын авторунун максаты – окурмандын жандүйнөсүндө Жантайга гана эмес, материализмге,
жакшылыкты муунткан кээ бир салт-санааларга карата сезимдерди ойготуу экенин баамдаса болот. Анткени өткөн кылымдарда кызын сатуу салты күчөп, көп жаштардын көз жашы төгүлгөн. Ошону менен катар эле бул салтка ачык каршы чыгуу кыйын болгон, анткени кыргыздар ата-энени кудайдындай көргөн, бир нерсе айтуудан айбыккан, ал эми салттын баары ыйык эсептелинген.
Анын үстүнө жакырчылык менен авторитаризм муунтуп жаткан коомдо көп эле интеллектуалдар акыйкаттыкты ачык айта алышкан эмес. Ал эми жогоруда аталган поэма ошол доордун караңгыда жагылган шам чырактарынын бири болгон. Ушундай оор жана ырайымсыз салттардан кутулуу үчүн кыргыздар кыз ала качуу салтын жаратышкан.
Бул салттын максаты – сатыкка башы байланган же бешиктейинен кудаланып калынган кыргыздын кырчындай кызын мындай оор тагдырдан куткаруу болгон. Бул салттын маңызы – ачкөздуктөн жана кулчулдуктан сүйүүнү куткаруу болгон.
Кыз ала качууда сүйүшкөн эки жаш, кээде кыздын жеңеси катышкан. Сүйгөн жары үчүн, эркиндик үчүн, ыйык махабат үчүн бардыгын курмандыкка чалууга бел байлаган кыз өз эрки менен түбөлүк өмүрлүк жары экөөлөп бирге болжошкон күнү булактын жанына келет. Ошол жерден жигит кызды ала качат, башкача айтканда кызды кулчулуктан куткарат. Жигит кыздын эрки менен ала качат. Муну эки жаш чогуу ишке ашырышат. Кыз-жигит муну өз ата-энесин жана туугандыктарынан түбөлүк качып кетуу максатында эмес, тескерисинче келечек кыргыз тукуму ак сүйүү бааланган үй-бүлөдө эркиндикте төрөлүүсү үчүн кылышат. Анткени кулчулдук менен эркиндиктин айырмасы асман-жер. Бул салт кыргызга ушуну айтайын дейт. Эгерде кыргыз менин айтып жатканымды түшүнсө, анда заман өзгөрөт, ал эми түшүнбөсө азыркы абалда кала берет. Ал эми азыркы заманда кыргыз эркин эмес.
Кыз уурдоо менен кыз ала качуу салтынын айырмасы асман-жер. Кыз уурдоо – бул кылмыш, кул мүнөз, билимсиз акмактардын иши. Бул макаланы окуганга чейин уурдагандарга айтып жатканым жок, бул макаланы окуп, ыйык салт менен ыплас салтын айырмасын билип туруп, кыздарды уурдагандарга кечирим болбоо керек. Ошондой эле кыргыздын салттарын унутуп, кыргыздын тилин билбеген, дилин түшүнбөгөн, чет элдик гранттар үчүн элинин аброюн саткан боордошторумун намысы ойгонсун деген тилекте жана ыйык салтка жамынган кылмышты айыптоо максатында ушул макаланы жаздым. Анткени мен өзүмдү патриот агартуучулардын биримин деп эсептейм, ошондуктан кыянаттуу идеяларды жараткан билимсиздикке каршы агартуу эмгегин жаратуу менин милдетим, ал эми аны элге кеңири жеткирүү болсо башкалардын жумушу.

#314 09 November 2011 - 10:33
Мм... Жакшы. Буларды ким жазган, авторун да айта кетсениз болмок экен.
#315 16 November 2011 - 17:44
#316 17 November 2011 - 03:14
Кыз ала качууда эмнеге балдар өздөрүн ойлошпойт. Бул кыз кандай чыгып калат, мүнөздөрүбүз туура келеби, келбейби (?)деп эмнеге өздөрүнө суроо берип көрүшпөйт. Мейли ал кыздын тагдырын ойлобосун, өзүнүн түбөлүк жашоосун ойлосо жакшы болот эле, анда эч ким ала качмак эмес. Токтоткула кыргыздын жигиттери жашооңорго кайдыгер кароону.
Кыргызстанды сагындым!!!..
........
#317 17 November 2011 - 13:54
Ала качуу - бул кылмыш. Эгерде кызды вообще эле тааныбаган,
омуру жети атасы корбогон бироо ала качып кеткен болсо, анда милицияга
берсе болот деген закон бар экенин угуп журом.
P.S. 1 28√e 980
#318 18 November 2011 - 16:25
Ала качуу бул салт да, а кыздарды урдоо бул кылмыш.
Ак сөз, асыл ой, адал иш.
#319 24 November 2011 - 19:54
Негизи салт эмес. Бирок андай окуялар болуп келген!!
!!!
азыр деле анда окуялар болуп келип жатат. ала качуу Кылмыш !!!
- Милдет! Намыс! Ата Мекен!
#320 26 November 2011 - 00:58
Бүгүнкү күндө кыргыздын канына сиңген үрп- адаттарды жаңы муун бурмалап, бузуп жатышпайбы.
Илгерки салт менен бүгүнкүнү салыштырууга таптакыр болбойт. Бүгүнкү күндө ала качуунун терс таасири гана же болбосо бул адаттар таптакыр өзгөрүп аты эле калды. Ала качуу салты кыргыз элинин канында илгертеден бери сакталып келет. Себеби, кыргыз эли көчүп-конуп жашагандыктан алар кышындасы кыштоого, же болбосо жазында кайрадан жайлоого чыгып кетип жатканда бөтөнчө курч алган. Себеби, үйлөнүү мүмкүнчүлүк көч учурунда абдан маанилүү эле. Жайлоого отурукташып алгандан кийин бир уруудан экинчи уруу бири-бирине жолугушуусуна бир топ тоскоолдуктар болгон. Анда да кээ бир урууларга баш кошууга тыюу салынган. Кыргыз элинин тарыхында кызды эки гана учурда ала каччу. Биринчи учурда кыз менен баланын ата-энеси калыңдын төлөмүн сүйлөшкөндө,
бала тарап калың төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок, бирок кыз менен бала бири-бири менен жашап кеткенге даяр болуп кыздын макулдугу менен акырын ала качып кетчү. Ошондо да бала өз үйүнө алып барбай, жакын туугандарынын үйүнө алып барып, качан гана кыз жактан адамдар келип кыздын макулдугун алган соң өз үйүнө алып барышчу экен. Экинчиси ата-энеси каршы чыкса, эки жаш тоскоолдуктарга моюн сунбай, бактысы үчүн күрөшкөндө ала качып кетишчү экен. Ал эми ХIХ кылымдын аяк ченинде, өзгөчө ХХ кылымдын башынан бери кыз ала качуу дегенге терс маани берилип, кыз өзүнүн макулдугун бербесе деле ала кача баштады.
Беш жылга эркинен ажыратылат
Эгерде кыздын макулдугусуз уурдап кетишсе, аялды зордуктоодо, мажбурлап ала качууда, алдап талап-тоноодо моралдык доо кетиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Жаза кодексинин 155-беренесине ылайык 10-20 миң сомго чейин айып төлөп, же болбосо 5 жыл эркинен ажыратылат.
Достор, мен муну менен ала качып кетсе отурбаңыз дегенден таптакыр алысмын. 5-6 жыл сүйлөшүп жүрүп бир ай жашап-жашабай ажырашып кеткендер да толтура. Ар бир адам өзүнүн бактысы үчүн күрөшүп, келечектин пайдубалын жан шериги менен бирге тургузуп, бактылуулардын катарын толуктаса…

★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´

Супер-Инфо
super.kg
видео