Ала качуу салтпы же кылмышпы?
#321 26 November 2011 - 02:13
Ala ka4uuga kobun4osu ele karshi bolush kerek, antkeni al balani taanibasan kantip anan ushul bolsun. Sen al adam menen omur boiu 4oguu jashashin kerek. Azirki u4urda kop bolup atat go bugun alka4ip anan ertesi kunu ajiraship ketkender.... oshol jakshibi !!!! Andan koro jakshilap oilonushup anan bir ish kilishsa deim...
Kirgiz Baldar!!!
#322 16 December 2011 - 20:13
Кечиресинер достор!
Канча кылымды басып, биз эмес, биздин ата-бабалар сыйлап колдонуп келген кыргыздын жакшынакай салтын-кылмыш деп айтканга оозунар барып атат...

Алакачып эмес, суйлошуп деле турмуш куруп, уланта албай канча уй булолор бузулуп, канча балдар тируулор жетим калып, канда деген куда-сооктор бет карашпай калды.
Ага караганда алакачып деле жакшынакай уй було кургандан канча
Учурунда бактылуу жашаган уй булого суктанып карап сурап калдым эле... Ошондо алар айтып атбайбы: Учурунда биз деле бир аз суйлоштук, бирок суйушуп уйлонсон деле, турмуш курганда суйушууго эмес, жашоого туура келет. Туболукко жашоо учун чыдаш керек. Суйуу-бул чыдоо-деп айткан
, ошол созу азырка чейин мээмде сакталуу
Канча деген кыздар оздору суйуусун айта албай, же аларды ала качбай, бойдок эле журушот. Анан жон жургон кыздарды да жон койбой, анда да соз кылышат.
Мени деле айылга алакачып кетсе деле жашамакмын. Но андай болбой калды да...
Бул салт кыргыз да эле эмес башка улуттарда деле бар, алар деле жакшынакай жашап атбайбы...
Бирок алакачуу эмес, ошол сыятуу 1 коруп уйлонуу. Бирок сыртынан байкаганда толук ал адамды билбейсинда. .. анан жашап, адамды тушуно билип, журогунон оорун таап, озуну суйдурото алсан анан, женин сеники.
Баарынарды терен урматтап, баарынарга суйуу жана уй булолук бакыт каалайм

#323 18 December 2011 - 18:57
Илгери салт болсо керек.Кыргыз жигиттери уян болчу да кыздарга азыркыдай батына алышчу эмес.А негизи мага ала качуу деген жага бербейт.
#324 23 December 2011 - 13:10
Кыздын каалоосу жок ала качса бул кылмыш, кыздын макулдугу менен болсо анда мейли да.
#325 12 January 2012 - 20:04
Бул жерде кыз ала качуу тууралуу даректүү тасма тартылыптыр.
Болгондо да биздин форумчу Merischkaнын айылында тартылган экен. Тасманын башында көк бөрүнү кошуп кеткен. Анан башка экен деп албагыла.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#326 13 January 2012 - 18:39
Бул жерде кыз ала качуу тууралуу даректүү тасма тартылыптыр.
Болгондо да биздин форумчу Merischkaнын айылында тартылган экен. Тасманын башында көк бөрүнү кошуп кеткен. Анан башка экен деп албагыла.
Ушул видеону Италианецтер мага көрсөтүп таң калып,эстери ооп жатат,ушинтип үйлөнөсүңөрбү деп.Ушул күнгө чейин ушул тема жөнүндө сөз болсо эле уруша беребиз,кыргызсың да өзүңдүкүн бербейсиң,туура эмес болсо да туура дей берем.
#327 27 January 2012 - 18:40
Бүгүнкү күндө кыргыздын канына сиңген үрп- адаттарды жаңы муун бурмалап, бузуп жатышпайбы.
Илгерки салт менен бүгүнкүнү салыштырууга таптакыр болбойт. Бүгүнкү күндө ала качуунун терс таасири гана же болбосо бул адаттар таптакыр өзгөрүп аты эле калды. Ала качуу салты кыргыз элинин канында илгертеден бери сакталып келет. Себеби, кыргыз эли көчүп-конуп жашагандыктан алар кышындасы кыштоого, же болбосо жазында кайрадан жайлоого чыгып кетип жатканда бөтөнчө курч алган. Себеби, үйлөнүү мүмкүнчүлүк көч учурунда абдан маанилүү эле. Жайлоого отурукташып алгандан кийин бир уруудан экинчи уруу бири-бирине жолугушуусуна бир топ тоскоолдуктар болгон. Анда да кээ бир урууларга баш кошууга тыюу салынган. Кыргыз элинин тарыхында кызды эки гана учурда ала каччу. Биринчи учурда кыз менен баланын ата-энеси калыңдын төлөмүн сүйлөшкөндө,
бала тарап калың төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок, бирок кыз менен бала бири-бири менен жашап кеткенге даяр болуп кыздын макулдугу менен акырын ала качып кетчү. Ошондо да бала өз үйүнө алып барбай, жакын туугандарынын үйүнө алып барып, качан гана кыз жактан адамдар келип кыздын макулдугун алган соң өз үйүнө алып барышчу экен. Экинчиси ата-энеси каршы чыкса, эки жаш тоскоолдуктарга моюн сунбай, бактысы үчүн күрөшкөндө ала качып кетишчү экен. Ал эми ХIХ кылымдын аяк ченинде, өзгөчө ХХ кылымдын башынан бери кыз ала качуу дегенге терс маани берилип, кыз өзүнүн макулдугун бербесе деле ала кача баштады.
Беш жылга эркинен ажыратылат
Эгерде кыздын макулдугусуз уурдап кетишсе, аялды зордуктоодо, мажбурлап ала качууда, алдап талап-тоноодо моралдык доо кетиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Жаза кодексинин 155-беренесине ылайык 10-20 миң сомго чейин айып төлөп, же болбосо 5 жыл эркинен ажыратылат.
Достор, мен муну менен ала качып кетсе отурбаңыз дегенден таптакыр алысмын. 5-6 жыл сүйлөшүп жүрүп бир ай жашап-жашабай ажырашып кеткендер да толтура. Ар бир адам өзүнүн бактысы үчүн күрөшүп, келечектин пайдубалын жан шериги менен бирге тургузуп, бактылуулардын катарын толуктаса…

сөзүңүзгө мен кошулам. Эркек болсом да мага бул салт жакпайт. Ала качууну закондуу түрдө жогоруда жазылгандай кылып өзгөртүш керек. Эгерде кыз макул болсо гана. Же болбосо, салтты өзгөртүш керек. Ала качуунун азыркы 2 себеби бар:
1. Кыздын макулдугун эптеп алуу,
2. Акча жетпегендиктен.
Чынында биринчи себеп экинчи себептен келип чыгат.. Демек салтты минимум каражат жумшала турган кылып өзгөртүш керек. Ошондо эң башкысы кыздын макулдугу болот. Башка каалаган адамдар канча сарптаса сарптай берсин. азыр деле ошондой да, ким канча кааласа тойго ошончо сарптайт, бирок минимум чыгаша калкка жеңил болбой жатат. Келип келип маселе калктын турмушунун экономикалык деңгээлине такалат. Калк байыса калың берип, чоң той кылып, ата бабаыздан бизге келген салтты кыйналбай улап кеткенге шарт түзүлөт, ошондо ала качууга тыйуу салып койсо деле болот.
Армансыз өткүң келсе убакытты туура пайдалан.
#328 28 January 2012 - 12:46
Чтобы добраться до источника, надо плыть против течения.
Станислав Ежи Лец.
#329 28 January 2012 - 12:49
Кыз ала качуу бул кылмыш эч качан кыргызда мындай салт болгон эмес карангылыктан эле салт деп алганбыз,ата-
бабаларыбызга шылтабагыла!
Чтобы добраться до источника, надо плыть против течения.
Станислав Ежи Лец.
#330 29 January 2012 - 16:38
Лапуска туура айтат, жоопко тартыш керек куч менен ала качып кеткендерди.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
#331 05 February 2012 - 13:01
Уйронгон адат калабы,
Уйга жугон салабы?
Ала качуу салт эмес, уйронгон адат, илгери бай-кедейлер маалында байдын уйундо кызмат кылып жургон кедей, байдын кызын созсуз жактырып калат, анан бай каршы болот, тиги алып качуу амалын ойлоп табат, анан ошолордон калган адат...учурда кылмыш. Коп учурда мырзалар озулорунун "проблемасын(ата- энесинин уйлон дегенинен тажашканы)" чечуу учун алып качышат...

Ар бир пенде адашуучу
#332 07 February 2012 - 10:59
Бул салтпы же салт эмеспи билбейт экенмин.Бирок,
Казак боордоштордо да бар,сурап көрүш керек экен,аларда салтпы же жокпу...
#333 23 February 2012 - 10:54
ЭЭЭ силер тартышып эмне кыласынар? Ала качуу кимгедир пайдалуу болсо кимгедир зыян.Себеп суйушуп туруп ата энеси нааразы болсо албетте качып кетишет да.Анан башкага турмушка берсе эмне кылмак эле.Менин досторумдун 90%ти алакачып эле уйлонуп алышты.Деги бизде азыр салт эле болуп калды уйлонуунун оной ыкмасы.Анан тойго даярдык башталат да бир жакшы эле жашап жатышат.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#334 24 February 2012 - 10:46
кыргыз республикасынын кылмыш жаза кодекси.
123 статья.
3 жылдан 15 жылга чейин.
123 статья.
3 жылдан 15 жылга чейин.
#335 02 March 2012 - 14:35
Эки жаштын макулдугу менен болсо мен каршы эмесмин.......
....
Балам бактым-балам базарым!
#336 02 March 2012 - 14:38
Албетте эки жаш макул болуп, эртерээк баш кошууну кааласа эн жакшы жол. Ал эми тааныбаган эле кызды алып качуу жана кыздын макулдугу жок болсо бул ууруулук. Жазага тартыш керек андайларды.
#338 04 March 2012 - 19:57
Туугандар кыз ала качуу мыйзам боюнча кылмыш жана бул азыркы кылымдын туркойлугу!
!! Тиги макул болсо бул макул болсо боло берет деп кыйшандабай мыйзамга моюн сунушубуз керек. Ушундай шалаакылыгыбыздан олкобузго тартип да,бейпилдик да орнобой келет. Качанга чейин ушинтип "отмазка"
кылып жашайбыз? Эмнеге мыйзамга бекем турбайбыз? Эмнеге биз чечкиндуу кадам таштабайбыз?
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#339 13 March 2012 - 10:33
Мыйзам бойунча калмыш
Кыргыз бойунча салт
бирок мен кылмыш дегендердин арасына кошуламын.
#340 13 March 2012 - 11:22
Ой тим эле "салт" деп.. Башка салттарыбызды колдоно берели, ала качуу деген -бул жапайычылык.
Тфу-тфу алып качкандан кудай сактасын....

Супер-Инфо
super.kg
видео