Мирбек Атабеков Ырлары, сүрөттөрү...
#201 27 Июнь 2016 - 10:06
Кече Салам Кыргызстан передачасында бир аз интервью берди,сонун,
жагат мага

Всё временно..
#202 03 Июль 2016 - 11:23
Уну кучтуу эмес да. Бирок сын тагышы тага берем бирок озум кыйратпайм го

#205 29 Июль 2016 - 09:58
Жагат мага. Үй-бүлөлүк бакыт каалайм.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#206 11 Август 2016 - 09:20
Бүгүн туулган күнү. 30 жашы кут болсун!

Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#207 18 Август 2016 - 22:13
Мирбек Атабеков тууралуу 10 факт.
Ырчы 1986-жылы 11-августта Талас облусунун Жон-Арык айылында туулган. Атасы Исскувство институтун бүтүрүп комузда, пианинодо ойноп ырдаган чыгармачыл инсан болгон. Бирок Мирбек эки жашка чыгып калганда атасы жол кырсыгынан каза болгон. Болочок ырчы чоң апа, чоң аталарынын колунда тарбияланган.
Экономист ырчы. 9-классынан баштап кафе-ресторандарда ырдай баштаган. Анда ырчыга 50 сомдон, кийинчерээк 1000 сомго чейин төлөп беришчү. Ошентип түнкүсүн иштеп, күндүзү окучу. Бишкектеги №67 гимназияны бүтүргөндөн кийин Улуттук университеттин экономика бөлүмүнө тапшырган. Ошондуктан аны достору эсеп-кысапты жакшы билип, тапканын орду менен пайдаланат деп айтышат.
Алгач өзүн "Поющий город" аталышындагы ири долбоордо сынап, финалга өткөн. Бирок Мирбек чыгармачылыктын даңгыр жолуна түшөм деп эки жыл ар кайсы эшикти сүзгүлөп жүрөт. Ал башкадан үмүт үзсө да өзүнөн баш тартып, ишеничин жоготкон эмес.
2004-жылы Мирбек чоң сахнага кадам таштайт. Анын алагачкы "Жүзүң" деген ыры хит-парадка чыгып, анын жеңүүчүсү аталган. Бирок ул учурда Мирбек жеке ырчы эмес "Санат" деген группанын мүчөсү катары ырдаган. Ал топто Ильяз Абдразаков, Азиз Жетигенов да бар эле.
"Сени гана". 2006-жылдан тарта продюсер Канат Култаев менен иштеше баштаган. Дал ушул жыл Мирбек үчүн жемиштүү болгон. Экинчи ыры "Сени гана" элге кеңири тарап, популярдуу жаш ырчы аталган. Бир жыл ичинде телерадио, журналдар уюштурган сыйлыктардын дээрлик көбүн жеңип алган. Жыл аягында интервью берип жатып "ийгилик менин башымды айлантты, мен продюсер менен иштешкенде ырчылыктын жаңы деңгээлине көтөрүлөм деп ойлогом, бирок мынчалык чоң жыйынтыкты күткөн эмесмин. Кечээ эле ушунун баары жөн гана кыял болчу" деп айтканы бар.
Динара Акулованын айылга каты. Сагыныч, ээн там жана Аң-Өстөнгө жетелеген сезим
"Не моя".Кийинки жылы угармандарына "Не моя" аттуу ырын сунуштап, ал болуп көрбөгөндөй популярдуулук алып келген. Жаздын этегинде үч күндүк "Не моя" аталышындагы жеке концерти эбегейсиз көрүүчүнү топтоп, билеттер эки эсе кымбат сатылган. Таланттуу ырчы ушуну менен эле токтоп калбастан хит ырларды биринин аркасынан экинчисин элге тартуулап жатты.
Өзүн актер катары да сынап комедиялык жанрдагы "Талисман" тасмасына тартылган. Актердук чеберчилиги өзүнчө кеп кылынчу сөз, антсе да "Тасма кыйноо дегенге кошулам, сырттан оңой көрүнгөнү менен роль жаратуу кыйын экен" дегени бар.
Мирбектин алсыздыгы апасында.
"Оюма келген нерсени бербей, эч кимди укпай коюшум мүмкүн, бирок апакемди бир да сөзүн кыя албайм. Анан албетте, сүйүүдө улуу-кичүү дебей бардыгыбыз бирдейбиз" дегени бар.
2014-жылы сүйүктүүсү Мээрим Толепбергенге баш кошуп, уулдуу болушкан.
2014-жылы сүйүктүүсү Мээрим Толепбергенге баш кошуп, уулдуу болгон. Уулунун атын Адам деп чоң апасы койгон. Сейрек кездешүүчү ысымды адамзат үчүн кызмат кылсын, адам болсун деген тилекте ыйгардык деп айтышат.
"Маданияттын мыкты кызматкери" сыйлыгы 2010-жылы ыйгарылган. Азырынча эл аралык сынактардын бирине да катыша элек. Айрым билермандар ырчынын үнү эл аралык талаптарга туура келбейт деп айтып келишет.Бирок, бул болбогон кеп. Сынакка катышсам жеңишиме ишенем,бирок, жаш таланттарга жол бериш керек дейт. Ал эми ырчы учурда "он жыл мурун тилеген максаттарыма жеттим" деп айтып калат. Жакында эле "Москва" шаарында концертин берип кайтты.

#208 18 Август 2016 - 22:29
Ашка баласынын аты ким? Адам же Баатыр?
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#210 18 Август 2016 - 23:00
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
#211 19 Август 2016 - 00:49
МИРБЕК АТАБЕКОВ МЕНЕН БОЛГОН МАЕК.
Борбор калаанын атка минер айымдарынын телефонуна чалсаң, дайыма: "You are the only one/ You must believe me/ You are my destiny/ That gives the sense to me!" деген ыр угулар эле. Ал мага жагып калгандыктан (айым эмес, ыр) Гуглдан издей баштадым. Көрсө, аны чет элдик жылдыз эмес эле, өзүбүздүн Мирбек Атабеков ырдайт экен.
Мына, эми ал менин маңдайымда мейманда отурат. Кызмат абалымдан пайдаланып, баягы ырды ырдап берчи деп ушунча айткым келди дейсиз! Азамат экем, өзүмдү кармап калдым.
— Чынында биздин сүйүктүү Мирбек Атабековго караганда, россиялык ырчы Нюшаны табыш бизге оңоюраак болду. Журналисттер менен сүйлөшкөндөн тажасаңыз керек?
— Баары менин иш тартибимдин айынан! Ушул гана себептен биз көпкө чейин жолугуша албай жаттык. Журналисттер жөнүндө айтсам, сиз айткандай эмес, тескерисинче, ыраазымын. Мени менен угуучулардын ортосунда көпүрө жараткан силерсиңер да. Жөн гана кээде адамдарды тажаткандан корком.
— Маек учурунда сизди ырдап бер деп көп суранышат. Кыжырыңызды келтирсе керек?
— Жок, кыжырлантпайт. Кечинде же түштөн кийин эч оорчулук жаратпайт. Жан дилим менен ырдап берем. Ал эми эртең менен ырдоо татаалыраак — үнүңдүн ойгонушу убакытты талап кылат. Бирок баары бир баш тартпаганга аракет кылам.
— Өзүңүздүн райдериңиз барбы? Бөтөнчө бир нерсе талап кыла аласызбы?
— Бизде Кыргызстанда андай мүмкүн эмес. Бишкекте го макул, бирок аймактарда өзгөчө бир нерсе талап кылуу — деги эле акылсыздык! Биз анчалык эрке же кежир эмеспиз, тарбиябыз ошондой.
— Сиз дүкөндө картошканын же байпактын баасын карап жатканыңызды көргөндө эл эмне кылат?
— Мени ар ким эле тааный бербейт, биздин өлкөдө музыкага баары кызыкпайт. Көбүнчө Мирбек Атабековдун инисиндей карашат, телеэкранда улуураак, толугураак көрүнөм да. Камералардын иштегени ошондой — салмагыңды көбөйтүп коюшат.
— Фанат кыздар сизди белек-бечкекке бөлүп-жыртып кеткенге аракет жасаган учурлар көппү?
— Мен үйлөнгөндөн кийин андайлар токтойт деп ойлогом. Бирок кыздар баары бир мени кучактаганга, өпкөнгө аракет кылышат, ыйлагандары көп.
— Аларга мунун кереги канча? Сизден аларга эмне керек: сүйүүбү, "жалындуу" түнбү, достукпу же эмне?
— Өзүм да билбейм. Бирок мен алардын ар бирин баалайм. Албетте, айрымдары кумирлерин алмаштырышат, бирок бүтүндөй чыгармачылык жолуңда сага берилгендер да болот. Андыктан, алардын бар экенине рахмат.
— Күйөрманыңыз менен, кур дегенде, бир жолу мамиле түзүп көргөнсүзбү? Жок дегенде, үйлөнгөнгө чейин?
— Жок. Мамиле түзөрдөн мурун, бири-бириңди жакшы билишиң керек. Кыздарды өзүмө тартыш үчүн өз атымды пайдалангым келбейт. Бул наадандык.
— Сизди жактырган айым-кыздар толтура. Эмне үчүн жубайлыкка Мээримди тандадыңыз?
— Ал мени дайыма колдойт, меники туура эмес болсо да анысынан жазбайт. Аял күйөөсүнө ишенип жана ага таянышы керек деп эсептейм. Менин жубайымдын да түшүнүгү ушундай. Ал мени менен атаандашканга аракет жасабайт.
Андан дагы анын таарынычы бат жазылат. Аял кишиде мындай сапат өтө маанилүү.
— Сиздин көз карашыңызча, кыргызстандык аткаруучуларга эмне жетпейт?
— Жетпеген нерсе көп. Менде да кемчиликер бар. Мисалы, биз жалкоо элбиз. Дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздарга салыштырганда, мен таптакыр эле жалкоомун. Аларда ар бир секунд бош эмес. Мен аларга көз артып да кетем, ушунчалык катуу атаандашып турушат дейсиз.
— Иш күнүңүз канчага созулат?
— Күндүзгү саат 12ден түн ортосуна чейин. Дегинкиси мен таңкы саат алтыда деле тура алам, анда көбүрөөк ишке убактым жетмек. Бирок артист жок дегенде 8-9 саат укташы кереk.
- Кыргызстанда мыкты ырдаган жаш жигиттер көп турса, эмнеге сизди баарынан жакшы көрүшөт? Сырыңыз эмнеде?
— Менин сырым — репертуарымда. Бир ырды айлап, жылдап жазган учурлар болот. Композиция кынтыксыз болуп, бардык жагынан көңүлүмө толмоюн, аткарбайм!
Анан албетте, окуш да керек. Эч билими жок эле көчөдөн келген киши банкты ийгиликтүү башкара алат деп күтпөйсүз да, туурабы? Эстрадалык иште деле өз бөтөнчөлүктөрү бар: музыкалык терминдерди билиш керек, машыгыш керек.
Атайын билими болбосо эң шыктуу адам да туура-так ырдай албайт. Мен башында обондун ыргагын да туура келтире албай койгом.
— Кайсы бир аткаруучу укмуштай сонун ыр ырдап чыкса, көңүлүңүздүн тереңинде ич тардык кыласызбы?
— Негизи биз ынтымактуубуз. Бирге футбол ойнойбуз, ал тургай өзүбүздүн командабыз бар. Бирок канчалык танбайлы, аз да болсо бири-бирибизге көрө албастык болушу мүмкүн. Дегинкиси ошондой эле болушу керек, бул өнүгүп-өрчүшүңө жакшы түрткү берет.
— Ийгиликтин чокусунда турганыңызды, турмушуңуз оңунан чыкканын кайсы учурда сездиңиз?
— Жашоомдо калыптанып бүттүм, баралыма толук жеттим деп айта албайм. Биз, пенделер, эмнени кааларыбызды жакшы түшүнбөйбүз. Дайыма издөөнүн үстүндөбүз. Бирок мен популярдуу болгонумду биринчи жолу сезгенимди эстей алам.
Анда Ошто Темир Назаровдун концертинде ырдап жаткам. Менин ырларым радиодон жаңы эле бериле баштаган болчу. Клип, эч нерсем жок эле. Алып баруучу мени жарыялаганда көрүүчүлөр катуу кол чаба башташты. Бул менин кичинекей даңкка жеткеним болчу.
— "Жылдыз" оорусунун кандай белгилерин сездиңиз?
— Андай оорунун терс таасирлерин сезерим менен, "ден соолукка" сак болуш керектигин түшүндүм. Мен ал оорунун ашыкча текеберлик жана өзүмчүлдүк сыяктуу белгилерин айта алам. Адам дароо эле көп нерсени талап кыла баштайт.
— KG Club деген ырда: "Москвада Билан, бизде Атабеков, аларда "Спартак" , бизде Атабеков, ал жакта Кремль турса, бизде Атабеков, кыскасы, укмуш сонун Мирбек!" деген сөздөр бар. Муну укканда оюңузга эмне келди?
Менин көрүүчүлөрүм мага бөлөк-бөтөн эмес, ошон үчүн аларды жер-жерлеп бөлгүм келбейт. Бишкекте, Ошто, Нарында — деги эле бардык жерде — менин чыгармачылыгымды сыйлаган адамдар бар.
— Сиз өлкөнүн бардык жерине гастролго барасыз. Бишкектин көрүүчүлөрү, мисалы, Нарындыкынан же Оштукунан айырмаланабы?
— Менин көрүүчүлөрүм мага бөлөк-бөтөн эмес, ошон үчүн аларды жер-жерлеп бөлгүм келбейт. Бишкекте, Ошто, Нарында — деги эле бардык жерде — менин чыгармачылыгымды сыйлаган адамдар бар. Болгону, менин байкаганым, ар кайсы облуста ар башка ырды көбүрөөк жактырышат: Баткенде бирөөнү болсо, Бишкекте экинчисин сурашат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сүйүктүү угуучуларыма рахмат айткым келет!
— Сиз той-үлпөттөрдө да ырдайсыз да. Бөтөнчө бир нерсе жасап бер деп сураган учурлар болгонбу?
— Биздин элде өтө аша чапкандык деле болбойт. Бир жолу менден айымдар аткаруучу "Жар-жар" деген ырды ырдап бер деп сурашты. Аны кыз-келиндер гана аткара турганын түшүндүргөм.
Дагы бир жолу бизди бир кыздын туулган күнүнө чакырышты. Келсем, ошол кичине кыз менен эле анын жалгыз досунун алдында ырдаш керек экен. Ата-энеси гонорар төлөп бергенине карабай, мен үчүн ырдаш ыңгайсыз болгон. Ошондон кийин жок дегенде 50-60 киши болсо гана ырдап чыкканга аракет кылабыз.
— Дүйнөлүк жылдыздардын кимиси менен бир сахнага чыгып ырдайт элеңиз?
— Бейонсе менен. Ал азыр дүйнөдө биринчи турат.
— 20 жылдан кийин сиз кандай болосуз?
— Сырткы келбетим сакталып каларбы же калбайбы, билбейм, бирок жүрөгүмдө жаш бойдон каларым анык! Аябай жакшы үн жазуучу студия ачсам дейм. Жаш аткаруучуларга жардам бергим келет. Дагы эмне? Пландарым, тилек-ойлорум көп!

#213 27 Август 2016 - 09:28
Унуталбайм деген ырын суйомда
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#215 30 Август 2016 - 23:21
#216 30 Август 2016 - 23:24
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамын алыптыр. Куттуктайм!
Азамат!

Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#219 05 Сентябрь 2016 - 19:44