Экообуз озгочо ынакбыз,Бирок неге огой булакбыз,Конулдор келишип турсада ай,Омурлор арбашкан ыракбыз. деген ырды ким билет?жазып койунуздарчы?
Ким ырдайт ушул ырды?
Айбек Карымов vs Азиза "Экөөбүз"
Экөөбүз өзгөчө ынакпыз,
Бирок неге өгөй булакпыз?
Көңүлдөр келишип турса да,
Өмүрлөр ар башка, ыраакпыз.
Кайырма:
Эй, ээлиге ээрчишпей экөөбүз,
Ой, эзилтет зар дүйнө, эки өйүз.
Улутунуп, кайра умтулуп,
Өмүрдөн биз өксүп өтөрбүз.
Асманга көрк бербейт жалгыз куш,
Биз турмушта неге жалгызбыз?
Билгенге чачылган шурубуз,
Билбеске ачылбас сандыкпыз.
Кайырма:
Жанашып өспөгөн чынарбыз,
Адашып үн салган уларбыз.
Жашоого бүтпөгөн арманбыз,
Жаштыкка канбаган кумарбыз.
Кайырма:

Супер-Инфо
super.kg
видео
















Мобилдүү версия