Сема бир ыры бар болчу аталышын билбей мындай создору бар болчу жаным эх мега денс жазат мага смс билгендер болсо шилтеме берип койгулачы
Суроо-талап китепчеси Кайсы ырлардын тексти керек? Суроо-талабыңарды бул жакка жазгыла
#222 13 Май 2012 - 12:34
70-80 жж чыккан Назгүлүм аттуу ырды жүктөп коё аласыңарбы?
Анан алтын фондко кирген ырлардан көбүрөөк жүктөгүлөчү
"Ийилгенге ийилгин башын жерге тийгиче
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
#223 13 Май 2012 - 19:57
Токтобүбү Черикчиеванын "Карап-карап"
деген ырын жүктөп койгулачы!
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#224 14 Май 2012 - 11:50
Sov,
Берген оозеки эскертүүлөргө көңүл бурбастан ар бир издеген ыры үчүн улам жаңы тема ача бергендиги үчүн 5 күнгө банга.
Берген оозеки эскертүүлөргө көңүл бурбастан ар бир издеген ыры үчүн улам жаңы тема ача бергендиги үчүн 5 күнгө банга.
#225 16 Май 2012 - 17:36
Токтобүбү Черикчиеванын "Карап-карап"
деген ырын жүктөп койгулачы!
Ушул ыр мага да керек болуп атат.
Ак сөз, асыл ой, адал иш.
#227 26 Май 2012 - 05:06
Joldo degen kyska metrajduu tasmanyn aiagynda yrdalgan yrdy kim yrdait.... Owonu taap bergile4i surany4 ...tapsanar maga jiberip koigula4y ... romantic-kg@mail.ru
aldyn ala rahmat....
#228 29 Май 2012 - 14:19
Рахман Разыковдун "торолбой калган арман"беле аталышын так билбейт экенмин,ошону жазып коюнздарчы,
алдын ала РАХМАТ
#229 29 Май 2012 - 14:25
Рахман Разыковдун "торолбой калган арман"беле аталышын так билбейт экенмин,ошону жазып коюнздарчы,
алдын ала РАХМАТ
Төрөлбөй калган арман (автору Рахман Разыков)
"Билемин үйдөн чыктың,
Врачка баратасың.
Эстээрсиң мени бир күн,
Агарган кезде чачың.
Эркекмин уксаң, апа,
Мен сага керек болом.
Намыска туруп берчү,
Карысаң медет болом
Ырыскым Кудай берген,
Бар чыгаар, кыйнабаймын.
Алдырбай төрөп алчы,
Апаке, ыйлабаймын.
Агам бар бешке чыккан,
Мен ага ини болом.
Атабыз башка, билем,
Балаңдын бири болом.
Жүрөгүң менен сүйлөш,
Ал деле кыйбай турат.
Атасыз төрөбөйм деп,
Абийриң кыйнап турат.
Жашоого беш ай мени,
Эмнеге жараттыңар?
Тирүүлүк ыраа көрбөй
Жүрөктү канаттыңар
Апаке, суранамын,
Кеч болуп кете электе,
Бычактын муздак мизи,
Жүрөккө жете электе,
Орунсуз жаңылышкан,
Оюңдан кайтып кетчи?!
Колуна шум ажалдын,
Таптырбай тартып кетчи?!"
Жараткан бере албаган,
Жардамды кимден күтөт?
Чымындай чыркырап жан,
Каңырык турат түтөп.
Бычактын курчутулган,
Үндөрүн угуп жатты.
Жатында жаткан бала
Ажалды туюп жатты.
"Буюрган мени өлүмгө,
Апамды көргүм келет.
Бир жолу кош эмчегин,
Эркелеп соргум келет.
Мен деле балага окшоп,
Төрөлүп көрсөм эмне?!
Оролуп ак кепинге
Адамча өлсөм эмне?!"
Жан алчу бычак келди,
Түйүлдү бала жаткан.
Туш келди кесип кирди,
Байкушту аябастан.
Күрөшүп жашоо үчүн,
Кесилген тартып ичин.
Кичине колу менен,
Кармады бычак мизин.
Кыпкызыл гүлдөй болуп,
Боёлду бала канга.
Жүрөктүн кагылышы,
Угулуп анда-санда.
Жатса да түйүлдүктө,
Ажалга тик караган.
Абийрин сатпай турган,
Айрылдык бир баладан.
Ажалдын каткырыгы,
Жүрөктү тилип кетти.
Жашоонун ааламында,
Бир жарык жылдыз өчтү.
Күнөөсүз периштеге,
Айланган бала кетти.
Апага таарынычын,
Айталбай ала кетти.
"Кош, апа, төрөлө элек,
Балаңды көрбөй калдың.
Жаралып жарык көрбөй,
Жок болуп өлгөн жанмын.
Бейиште, чын жашоодон,
Буюрса жолугарбыз.
Баары бир сиз апамсыз,
Бар болуп оорубаңыз" .
Төрөлбөй канча балдар,
Бейкүнөө шейит кетет.
Эненин таман алдын,
Эмнеге бейиш дешет?
Айласыз бул кадамга,
Аялды эркек түрткөн.
"Балаңдын кереги жок!"
Дегенде жашоо бүткөн.
Атанын сөзү ок деп,
Айтылган бир макал бар.
Баланы Кудай берген,
Сактайлы биз адамдар!
#230 04 Июнь 2012 - 01:23
Асылбек Өзүбековдун ырлары медиа-порталда бар экен. Бирок, анын ырлары көп эле. Мүмкүн болсо, бардык ырларын, айрыкча, эски ырларын жүктөп коюсуздарбы?
Mende uwul yry bar eken.
АСЫЛБЕК ӨЗҮБЕКОВ - "ГҮЛДӨЙ ЖАН"
Аксаткындын селкинчек,
Андай теппей мындай теп.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай теппей мындай теп.
Ойноп,ойноп алгыла,
Ойрон калаар бул дүйнө.
Күлүп,күлүп алгыла,
Күмүрөң калаар бул дүйнө.
Кайырма:
Жашыл жоолук дүрдөй жан,
Жаңы ачылган гүлдөй жан.
Кызыл жоолук дүрдөй жан,
Кыз-келиндер гүлдөй жан.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай тепчи келинчек.
Сүйүмкандын селкинчек,
Сүйлөп тепчи келинчек.
Биз болбосок өмүрдө,
Кызыгы жок кыздар ай.
Тамылжыган жүзүңдүн,
Кызылы жок кыздар ай.
Кайырма:
#231 13 Июнь 2012 - 10:46
тамашоунун трейлериндеги ырды ким ырдайт? абдан жакты кимде маалымат же ыры бар болсо жазып жибергилечи.
#232 13 Июнь 2012 - 11:30
тамашоунун трейлериндеги ырды ким ырдайт? абдан жакты кимде маалымат же ыры бар болсо жазып жибергилечи.
Фатима Султанова "Күн балдары"
#233 14 Июнь 2012 - 04:05
"Бишкегим Бишкегим борборум сен,бутундой журокко орнодун сен" атту ырдын текстин менин купуя катка жиберип койгулачы суранам. Мен Россияда окуйм, 1,5 айдан кийин выпуск молодых офицеров,ошого карата ушул Бишкегимди строевая песня катары ырдап отуш керек. Эч жерден таппай койдук бул ырды.
#234 14 Июнь 2012 - 10:46
"Бишкегим Бишкегим борборум сен,бутундой журокко орнодун сен" атту ырдын текстин менин купуя катка жиберип койгулачы суранам. Мен Россияда окуйм, 1,5 айдан кийин выпуск молодых офицеров,ошого карата ушул Бишкегимди строевая песня катары ырдап отуш керек. Эч жерден таппай койдук бул ырды.
Керим Турапов "Бишкегим"
муз. С.Жумалиев; сл. К.Урманбетова
Ала-Тоого кыргыз коңгондо,
Айланып сен жылдыз борборго.
Ак жолтойлуу үйдөй ачылдын,
Арга барбы сүйбөй койгонго.
Кайырма:
Бишкегим, Бишкегим борборум сен,
От болуп жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин түшкө кирсең,
Бар болгун, бар болгун Бишкегим сен.
Көргөндөрдүн көзү күйгөн жер,
Көкөлөтүп көбү сүйгөн жер.
Келип сенден бакыт табышат,
Кең дүйнөгө батпай жүргөндөр.
Кайырма:
Тагдыр күтүп достук шаарындай,
Жагыласың билим шамындай.
Жүрөгүмдүн деми барында,
Жүрө албаймын сени сагынбай.
Кайырма:
Баатыр эне окшоп элесиң,
Баарыбызга мээрим бересиң.
“Эң кымбатың эмне”?- дегенде,
Эң биринчи эске келесиң.
Кайырма:
#236 15 Июнь 2012 - 03:30
#237 16 Июнь 2012 - 10:12
Арзыбек Бедияровдун Тушумо кирдин тундо сен деген ырын жуктоп коюнуздарчы,
рахмат
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#238 24 Июнь 2012 - 10:24
Томсортуп мени таштап кетип калдын. Озундон мен алыстап жалгыз калдым. Эми биз жолукпайбыз.
Ак суйуу кайталангыз,
тандагы жанып турган-чолпондой ачылабы. БУЛ ырды менимче Кенже Дуйшеева же Нурзада Жолдошева ырдайт болуш керек. Сураныч ушул ырды мрз вариантында таап бересинерби?
Мен порталдан карадым, бирок тапкан жокмун. Larisaalmazbekovna @ Mail.ru
Жашоо керемет!!!
#239 26 Июнь 2012 - 14:19
Клара Алибекованын - "Кыргызымдын жигиттери"
деген ырын медиа-порталга жүктөп кое аласыңарбы.
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
#240 28 Июнь 2012 - 19:58
Клара Алибекованын - "Кыргызымдын жигиттери"
деген ырын медиа-порталга жүктөп кое аласыңарбы.
Рахмат!
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим

Супер-Инфо
super.kg
видео






















Мобилдүү версия